“БӨРҮЛӨР ӨРӨӨ­НҮ» Режиссёрлору – Сердар Акар, Садулла Сентүрк Сценарийин жазгандар – Йүмер Лүфти Мете, Бахадир Өзденер, Ражи Шашмаз Продюсери – Ражи Шашмаз Башкы ролдордо: Некати Шашмаз, Билли Зейн, Гасан Масуд. Ролдордо: Гүркан Уйгун, Бергүзар Корел, Гари Бьюзи. Дүйнөлүк прокатка “Бөрүлөр өрөө­нү – Ирак” деп аталган жаңы тасма чыга баштады. Түркия мамлекетинин мыкты кинематографтары тарабынан тартылган (жа­на Түркия киносунун тарыхында эң кымбат долбоор болуп эсептелген) бул фильм бүткүл дүйнө жүзү боюнча саясий талаш-тартыштарды, чыр-чатактарды, жаңжалдарды жаратууда. Себеби, тасмада канча жылдан бери жер шарынын жарасы болуп келген Ирактагы кандуу согуш сүрөттөлөт. «Фильмде чагылдырылган ар бир көрүнүш – чындык. Мындай окуяларды биз мурда деле жаңылыктардан көрчү­бүз” деп айтышат бул кинону көргөн адамдар. Кыскача мазмуну Мындан бир нече жыл мурун америкалык аскерлер тобу Ирактагы түрктөрдүн кайтаруу пунктуна кол салат. Америкалык аскерлер террористтер менен күрөшүп жатабыз деген жалган шылтоо менен түрк аскерлеринин колдоруна кишен салып, баштарына кагаз мүшөк кийгизип, жергиликтүү калктын көзүнчө колго түшүрүп кетишет (чыныгы жашоодо болгон, тастыкталган факт). Түрк офицерлеринин бири бул кордукка чыдабай, өзүн атып өлтүрөт. Анын жакын досу, тыңчы Полат Алемдар досу үчүн өч алмак болуп, дагы эки жолдошу менен чогуу согуш оту жалындап турган Иракты көздөй жөнөп кетишет. Үчөө ири ресторандардын бирине миналарды жайгаштырышат да, америкалык аскер тобунун башчысы Сэм Маршаллдын келүү­сүн талап кылышат. Талап аткарылбаса ресторанды кардарлары менен кошо жардырып салабыз деп коркутушат. Аскер башчысы келет. Бирок, түрк аскерлери пландарын өзгөртүүгө мажбур болушат. Анткени, Сэм Маршалл куулук кылып, өзүн коргоо максаты менен жанына кичине балдарды ала келген эле. Жогорудагы окуя менен бирге эле тасмада дагы бир сюжеттик линия бар. Жергиликтүү айылдардын биринде кадимки эле чыгыш салты менен коштолгон үйлөнүү тоюу өт­көрүлүп жатат. Шаан-шөкөткө берилген топту атайы багыттагы америкалык аскерлер аңдып турушат. Качан гана тойдун салты боюнча асманга мылтык менен куру ок атылганда, аскерлер учурдан пайдаланып карапайым калкты жаш-карысы дебей, энесинин көзүнчө ымыркайын, уулунун көзүнчө атасын атып ташташат. Тойдун күнөөкөрү, күйөө бала, ок тийип келинчегинин колунда жан берет. Күйөөсүнүн өлүмү үчүн өч алуу үчүн жаш келин Пулат баштаган үч доско кезигип, алар менен бирге америкалык аскерлерге каршы жөнөйт. Акыры түрк аскерлери максаттарына жетишишет. Түркиянын Голливудга берген жообу Албетте, Ирактагы аягы жок согушту чагылдырган тасманы Америкада көрсөтүүгө тыюу салынган. Анткени, фильмде америкалык аскерлер момун мусулмандарды өлтүрүү максатын гана көздөгөн зөөкүрлөр катары көрсөтүлгөн.Тасма көркө­м­дөлүп тартылса да, фильмдеги көптөгөн эпизоддор, жадакалса ирактыктардын үйлөнүү тоюндагы тынч калктын атылып салынышы тууралуу болгон окуя. “Антиамерикалык” фильмде Билли Зейн жана Гари Бьюзи сыяктуу америкалык актёрлордун ойношу да кызыктуу нерсе. Демек, аларга фильмдин уюштуруучулары жетишээрлик гонорар төлөп беришкен. “Бөрүлөр өрөөнү” Европа, КМШ жана албетте, Түркияда популярдуулукка жетишип, билеттердин сатылышы боюнча көптөгөн тасмаларды артка калтырды. Фильмдин бюджети 10 миллион доллардан ашык. Продюсердин айтымында тасмага кеткен чыгымды бет ачардан кийин 4 күндүн ичинде эле түшкөн 20 миллион доллар көлөмүндөгү киреше жаап, ал тургай ашыгы менен актап койгон. Фильмдин режиссёру Сердар Акар: “Тасманын кандайдыр бир эл аралык сынактарга катышууга мүмкүнчүлүгү жоктугу, “Оскар” же башка сыйлыктарга ээ боло албагандыгы анык. Анткени, анда Американын эч ким билбеген тарабы көрсөтүлгөн. Биз бирөөнү бирөөгө жамандап, башкасына каршы бурганыбыз жок. Жөн гана жашоодон алынган чыныгы окуяны көр­көмдөп тартып, элге сундук. Анткени, жер шарынын ар бир жашоочусу болуп жаткан саясий окуялардын жана саясатчылардын чыныгы жүзүн көрүп-билүүгө толук акысы бар,”- дейт. Даярдаган Бегайым Мусакеева http://www.super.kg/kg/archive/?article=542
Hosted by uCoz