Чолпонбек Абыке уулу Бриллиант жылан (Чыгыш детективи) Узундугу 37 см, жоондугу 7 см келген жыланды өтө баалуу изумруд, бриллиант таштарды алтынга чөгөрүп, өзөгүн түзгөн алтын чынжырга байлаштырып, бир эле ташына колуң тийсе тирүүчө койкоңдой баш көтөрө калып оозу ачылып, алтын тили соймоңдосо мунун өлүү экенине ишенген адамдын да жүрөгүн солк дедиргендей чеберчилик менен кайсыл кылымда кандай уста жасаганы эч кимге белгисиз. Үстү көгүш каралжын, оозунун тегереги саргыч, көзү кызыл бриллианттан, төбөсүндө көк бриллиант алтын таажы, боору ак түстөгү изумруд, акак таштардан, куйругунун учу чулу келип тоголок бармак сымал кара бриллианттан турат. Бир оролуп келип башын куйругуна жаздап жатса кадимки тирүү жыландын өзү. Мунун баалуу экенин мындан бил, чакан караңгы бөлмөнү өзү шамча жарык кылууга жарайт. Бриллиант жыландын чыныгы баасын эч ким билбейт. Балким бир эле ташы бир нече миллион доллар турушу мүмкүн. Оозунан алтын тили чыкканда кармап тартса ичинен алтын чынжырга байланган узундугу 7 см. алтын ачкыч чыгат. Бул эмненин ачкычы? Татаал түйүн ушул жерде жатат. Кылымдан кылым карытып колдон колго өтүп келатса да жылан эч убакта анын бир асыл ташын чыгарып алып, сатып акчага айландыргысы келгендердин колуна тийген эмес. Жыланды кармагандар жалаң акча, байлык тартыштыгы эмне экенин билбеген дүйнөсү эсепсиз байлар болгон. Ошондуктан жыландын кыпындай түсү өзгөрбөй, кемибей мамыкка оролуп катылып келатат. Жыланга ээ болгондордун баары анын ичине каткан ачкычтын сырын чечкиси келишет. Ушунчалык баасы эсепсиз "кынга" салынган ачкыч ачуучу кулпу кимди кызыктырбайт дейсиң. Жылан канчалаган өмүрлөрдү сорду. Канчалаган баштар учуп, бей күнөө кандар төгүлдү, эч ким эсебин чыгарып айтып бере албайт. Жыланды колуна кармап көрүп катып алып жүргөн адамдар саналуу гана болгону менен өмүрү жыланды көрбөй, кандай экенин билбей туруп сыртынан тон бычып, жыланга жетиш үчүн кан төгүшкөндөр канча. Бул канкор качанка чейин дагы жан сормолугун уланта бермекчи. Жогоруда айткандай жыланды колуна кармагандар байлыгынын эсебин так билбегендер болсо жыландын оозундагы ачкычтын сырын билгендер күнүмдүк курсак тойгузаар токоч тапса кубанган кембагалдар болушту. Канча бир кылымдан бери жыландын сырын билгендер жыланды издесе жыланды кармап жүргөндөр анын сырын чечип берүүчүлөрдү издешет. Эки тарап ушунча болуп кезигише албай келет. Кан төгүү, бири-биринин астын бөгөп жолдон адаштыруу жыланды кармап жүргөндөр тарабында эле эмес. А анын сырын билгендер да тарапта күчтүү. Жыландын сырын билгендер Улуу Сырдын жалгыз ээси болуп калыш үчүн, жыланды издөөдөн мурда атаандаш адамдарын издеп дербиш болуп келишкен. Жолугушкан жерде аөосуз кармаш болуп өлүм же жеңиш деген гана максат болгон. Жыландын оозундагы ачкыч ачуучу кулпунун сырын жазып туруп, 1-2 беттен кийин 5-6 бет кылып өзүнчө, ортосундагы 3-4 беттен кийин 7-8 бет кылып өзүнчө жүз баракты тепе-тең экиге 50дөн бөлүп таштаган эки кийиз китеп канча кылым өтсө да бириге албады. Качан биригери али да белгисиз. Кийиз китепте жазылган дейт, "Дүйнөдөгү жашаган адам баласынын жок эле дегенде ондон бири чыныгы адамдык касиетке ээ болуп, тазаланганда эки бөлүнгөн китеп биригип жылан менен табышат", - деп, китептин биринин сыртына жыландын баш жагы экинчисине куйрук жагы түшүрүлгөн. Китептин маанисин эч ким ушул кезге чейин толук окуган эмес. Жарымысын бөлөк-бөлөк жаттап окугандар укумдан-тукумга же жалгыздан-жалгызга мураска өткөргөн бирден гана адамдар болгондуктан дүйнөдө эгер болсо экөө. Жок болуп кетүү коркунучу да бар. Күнөөсүз жерден жыландын сырын билет имишсиң, айт деп нечендер зынданда, үңкүрдө чирип өлүп, кынйоонун адам укпаган түрлөрүн көрүшкөн. Жылан жөнүндө каңырыш угуп калып "Мен билем" деп мактана коем деп тилинин азабынан өмүрү менен коштошкондор ушул кезге чейин канча болгонун бир жараткандан башка эч ким билбес. х х х СССР деген империя тирүү мезгилинде, КПСС бүт бийликти уучунда мыкчып, өлкөдө темирдей тартип бардай туюлчу. Бул сырткы көрүнүшү эле. Чындыгында темирдей тартип карапайым эл үчүн болгону менен бийлик башындагылардын жана жашыруун түрдө болсо да эбегейсиз байлыкка ээлердин уюшкан кылмыштуу иштери чегинен ашып бир учурда бийик идеяга фонотикалык түрдө берилгендер түзүшкөн коммунисттик коом ичинен чирий баштаган болчу. Ракка айланган бул коомдук чирүүнү эч ким токтото алмак эмес. СССР менен тирешип келаткан капиталисттик системадагы мамлекеттер коммунисттик коомдун ичинен чиришине ого бетер көмөктөшүп каражат дегенди аяшпай түрлүү жолдор менен "оорунун микробдорунун" көбөйүшүнө шарт түзүү үчүн жан үрөп иштешкен. Мындай кыйраткыч күчтүн башында ЦРУ турганы СССР таш-талканы чыгып, кыйрагандан кийин гана белгилүү боло баштады. СССР кыйрады. Тилекке каршы капиталисттик ири державалар күткөндөй болбой экономикалык өнүгүүдө атаандашуу жоголуп, саны көп сапатсыз товар чыгаруу кризиси башталып кетти. СССРдин чек аралары ачылаары менен сырье түрүндөгү эбегейсиз зор байлык болгон товарлар сыртка ташылып, кайра ичкериге арзан баа менен өндүрүлгөн сапатсыз товарлар ага баштады. Кылмыштуулук дүйнөлүк деңгээлде күч алып, коомдук түзүлүштөгү бийликтин башында отургандардан бери чырмап мыйзамдуулукту сактоо "демократиянын үлгүсү" деген мамлекеттерде да одоно бузулушу көнүмүшкө айлана баштады. СССРди ичинен чириткен "рак" оорусунун микробдору дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге чачылып жайылып кеткени жана мунун түбү кайда алпараары айрым бир коомдук өнүгүштү изилдеген окумуштууларга гана белгилүү болбосо; бийликтегилердин мындай "ооруга" көңүл бөлүүгө "убактылары" да жок эле. СССРдин кыйрашы менен, эл жер үчүн патриоттуулук, Ата Мекенди сүйүү, атуулдук ыйман деген адамзатындагы буга чейин эч жерде жазылбаса да, ар бир адамдын ички дүйнөсүндө жашаган рух өлүп, жеке баюууга жулууну, дүйнөгө тойбоо оорусу күч алды. Бул өзгөчө бийлик башындагыларды катуу чырмады. Балким чын эле адамзат үчүн акыр заман жакындап келаткандыр. Адам баласы ушул кезге чейин түзүп жана жашап келаткан коомдук түзүлүш дүйнөлүк деңгээлде башынан чирүүгө туш болду. "Балык башынан чирисе, куйругунан тазалайт" дейт. Коом кандай жол менен өзүн-өзү дарылап бүткүл дүйнөлүк адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдүү оорудан айыгып кетет азырынча табышмак. Мыйзам карапайым калк үчүн гана мыйзам, ал эми бийлик башындагылар үчүн же эбегейсиз байлыкка ээлер үчүн "жетелеген төө" экени улам ачык белгилүү болгон сайын коомдун ичиндеги психологиялык абал курчуп ачып-кычый баштайт. Мындай кубулуш эртедир-кечтир дүйнөлүк жарылууга алып келет. "Адамзаттын башына түшкөн мүшкүл" деп жатканыбыз ушул. Дүйнөлүк эки карама-каршы (коммунисттик жана империалисттик) системанын жашап турушу коомду өзүн-өзү дарылоого чоң таасир берип, жалпы адамзаттын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып, мыйзамдуулуктун сакталышына өбөлгө түзгөнү СССР кыйрагандан кийин гана белгилүү болуп отурат. Жашоо-тиричиликтин карама-каршылыгы күчөгөн менен иши жок жер өз угу менен айланып мезгил жылып ХХ кылым аяктап келатты. ХХI кылым адам баласына эмне тартуулайт али астыдагы табышмак. Балким бүткүл адамзаттын келечек тагдырынын сырын жыландын ичине катылган ачкыч ачуучу кулпунун ачылышы чечээр. х х х Бир үй-бүлөөнү бүтүндөй кырып кетишти. Кылмышкерлер түн катып келишкен да дарбазаны ачканда эле торпоктой болгон эки ажаан итти торойто атышкан. Кейпи дарбаза менен деле киришпесе керек. Чыкканда гана эч шашпай өз үйүнөн чыккансып эшиктен чыгып кетишкен окшойт. Эки жарым метирче келген дубалдан мышыктай гана секирип өтүшкөн окшойт. Дабышты илгиртпей сезген ажаан иттердин бири уясынан белчесине чейин чыгып жан берген. Ок так эки көздүн ортосуна кадала түшкөн. Экинчиси үйдүн эшик алдынан үч кадамча алысыраакта көмөлөнгөн. Бир ок кулак түбүнө, экинчиси туура жүрөгүнө кадалган. Бул байкуш деле иттик милдетин аткарып катуу добуш чыгара үрүп ээсин ойготууга үлгүрбөсө керек. Үйдүн эшигин кантип ачкандары табышмак. Ачкыч менен ачкансып үйгө дабышсыз кирген. Анткени үйдүн ээси эртедир кечтир ушундай мыкаачы "коноктордун" келээрин күткөн болсо керек. Көмкөрөсүнөн жаткан боюнча кежигесин ок жарып өлгөн. Жаздыгынын астындагы дайыма колунан чыгарбай мыжып жатчу "Макаров" маркасындагы пистолетин кыймылдатканга да жарабаган. Жаткан төшөгүнүн астындагы затвору тартылып машаны атууга даярдап койгон Калашников автоматы да да ушул ойду ырастап турат. Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келип, үйлөнгөн уулунун төшөгүнүн астынан да октолуу Калашников табылган. Кылмышкерлер адамды чымчык аткандай да көрбөгөн, машыккан кара мүртөздөр экен махабатка батып жаткан эки жаштын ордунан козголууга да үлгүртпөгөн. Жаш келинди чекеге, жигитти кежигеге баскан. Ошентип экөө ысык жыргаалга баткан боюнча кучакташып гана тиги дүйнөгө кете беришкен. Бүтүрүүчү класста окуп жүргөн кызы гана өз бөлмөсүнүн эшигинин алдында жүрөгүн мыкчып кулаган. Канжар урулган экен. Кейпи дабыш угуп эшикке чыгууга бет алса керек. Үйдүн ээсинин небереси болгон үч жашар баланы да аяшпаган. Наристе түшүндө мылжыйып күлгөн боюнча үзүлгөн. Ок так кекиртегине тийип моюн омурткасын талкалап кеткен. Кыйнагандан жалгыз гана үйдүн ээсинин аялын кыйнашкан. Эки кабат үйдүн ичи, үчүнчү кабат болгон үйдүн астынкы подвалы бүт тозоңу чыга чачылган. Элүүгө жашы таяп калса да бой келбети келишкен сулуу аялдын алгач бир эмчегин кескен. Жан жеринин эки жагын балтырына чейин тилип ташташкан. Кыйноого чыдабай жанталашкан аял жанталашып үйдүн ар жерине катылган бүт байлыкты кылмышкерлердин астына чачкан. СССР али кулай элек рубльдин күчү кете элек, бир рубль бир долларга барабар кез эле. Үйдүн ичинде толтура чачылган акчалар. Үйдү текшерүүгө келген милициялар чөнтөктөрүнө батышынча солоп алгандан кийинкиси жарым миллион болгон же ошол кездеги эң мыкты деген ГАЗ-24 "Волга" машинасынан 50 даананы сатып алуучу акча эле. Үйүлгөн алтын шакек, сөйкө, эски алтын тыйындардын, кымбат таштардын баасы бир миллион рублга чукулдаган. Кылмышкерлер ушунча байлыкты буттары менен тебелеп чачып кеткендигине караганда алар тоноочулар эмес. Үйдөгү аялзатынын бирөө да зордукталбаган демек зордоп, кордоочулар да эмес. Запкы тарткан үйдүн шаарда окуп жүрүп аман калган уулун алып келип атасынын дүйнөсүн чачып көрсөтүп, эмне жоголгонун айтып бере аласыңбы дегенде, кайгынын уусуна чөккөн жаш жигит атасынын эмне дүйнөсүн, канча акчасы бар экенин так билбегенин жана атасы эч убакта уулуна дүйнөсүн көрсөтпөгөнүн мойнуна алуу менен бир гана эстегени кичине чагында, караңгыда күйүп турган тирүү жыландай болгон кымбат асыл таштан жасалган укмуштуу жылан көргөнүн жана ошол жылан эсепсиз чачылган дүйнөнүн ичинде жок экенин айтканы болду. Кылмыш райондун анча алыс эмес жайгашкан чакан айылда болуп өттү. Республика дүңгүрөй түшкөнү менен кылмышкерлер кумга сиңген суудай дайынсыз болушту. Ээлеген ордунан корккон бийлик башындагылар ишти жап-жап кылып унуткаргыча шашышса, колдорунан эч нерсе келбесин билишкен ички иштер органы менен прокуратуранын кызматкерлери ийин куушуруп гана отуруп калышты. Эксперттердин жыйынтыгына караганда кылмыш түнкү саат 12-1лерде болуп өткөн. Ички иштер бөлүмү менен прокуратура эртең мененки саат 10дордо араң кылмыш болгон жерге келишкен. 9 сааттын ичинде кылмышкерлер туура Ташкентте же Алматыда жүрүшмөк. Эгер ошончолук алыс кетүүнү кааласа. Кылмыш болуп өткөн айылдын эли асты кийин мындай укмушту угушпагандыктан жүрөктөрү түшүп үрпөйүшүп болгон окуя жөнүндө бирөөгө укканын айткандан качып калышты. Анткени болгон кылмыш иши жөнүндө ким түрлүү кеп таратса атылат экен же муунтуп өлтүрүлөт экен деген ушак айылга тарап кетти. Көп өтпөй айылдан бир жигит мас болуп муунуп өлдү эле анын өлүмүнүн себебин да айылдыктар ушул окуяга байланыштырышып ооздоруна кум куйгандай сүйлөгүс болушту. Ал түгүл участкалык милиционер да ден-соолугун шылтоолоп жумушун таштап келген жагына көчө качты. Кылмыштын өзөгү болсо тээ алыскы-алыскы жылдарда үйдүн ээси отузга чыгып оттой күйүп турган 30 жыл мурдата жаткан. х х х Кемел аскерде Балтика флотундагы деңиз десанттык бөлүгүндө кызмат өтөдү. Ал кезде аскердегилер үч жыл кызмат өтөөчү. Кызмат өтөп жүрүп бүткүл деңиз флотунун бокс боюнча өткөрүлгөн чемпионатында атаандаштарын жалаң нокауд менен жеңип чемпион болду. Кемелдин күч-кубатына дене түзүлүшүнө кызыгып калышкан машыктыруучулар аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин Москвада калып машыгуусун улантуусун сунуш кылышты. Кемел буга макул болду, болгону төрөлгөн жерине сагынган айылына эки айча барып ата-энеси менен учурашып келүүнү өтүндү. Тагдыр аны айылда эмне кызыгы менен күтүп турганын кайдан билди. Армиядан келип, болгондо да "морская десантная" бөлүгүндө кызмат өтөп, анысы аз келгенсип чемпион болуп жердештерине жетишкен ийгиликтерин кантип далилдөөнү билбей, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган жигиттин "бактысына" бир күнү айылга артисттер келгенде коңшу айылдын жигиттери менен мушташа кетишпейби, мына ошондо Кемелдин көргөзгөн оюнун жердештери ондогон жылдар айтып жүрүштү го. Бир бирден гана муштап айылдын менмин деген зөөкүрлөрүн торойто берген. Үчөөнүн ээги сынып, бешөөнүн кабыргасы сынган. Каргаша болуп бирөөсүнүн боору катуу соккудан эзилип кетип ордунда жан берген. Ичиндеги арак ого бетер жээликтирген Кекең ошо түнү отузга жакын жигитти эч кимге баш бербей өзү жалгыз сабаган. Турмуш босогосун жаңы аттайм деп турган жигит ушинтип 14 жылга катуу режимге кесилип, Сибирге кете берди. Кийин Москвадан машыктыруучусу артынан издеп келип, Кемел менен кошо келип жанында жүрүп алып кетпегенин арман кылып дүйнө бокстун укмуштай бир чемпионунан айрылды деп ыйлаган дешет. Кемелдин өмүрү өз айылынан күнчөлүк алыс чыгып көрбөгөн карапайым ата-энеси ыйлап-сыктап кат күткөндөн башка аргалары калбай кала беришкен. Арадан жылга жакын убакыт өтсө да дайны билинбеген Кемелден бир күнү кат келди. Кыскача гана түрмөдө жатат деген эле аты болбосо жашоосу аябай жакшы экенин; анткени бүткүл Сибир боюнча түрмөлөрдүн ички кожоюну болгон адамга биринчи коргоочу (телохронитель) экенин жазыптыр. Андан кийин бир жылда бир же эки амандыгын билгизген каттар келип турду. Күндөрдүн бир күнүндө он төрт жылга кесилген жигит шып этип үйгө кирип келди. Болгону арадан беш жылча өткөн. Чиштей кийинген. Мингени "Победа" машинасы. Анда райкомдор да мындай машинага жете элек болчу. Келери менен баягы өлгөн баланын үйүнө барып куран окутту да атасы-энеси менен жеке өзүнчө сүйлөштү. Эмне сөз болгонун эч ким билбейт. Болгону начар турмушта турушкан немелер кийин үй салып мал-жан күтүп оңолуп кетишти. Эл арасында балаңардын куну деп Кемел көп акча бериптир, ошондон булар байып кетишти. Кейпи киши өлтүргөн кылмышкер өз мөөнөтүнөн мурда бошону келип калды деп арызданбасын десе керек деген күбүр-шыбыр ушак жүргөнү болбосо ачык сөз болгон жок. Кемелдин табышмактуу жүргөн турганы алыскы Сибирдин түрмөсүндө отуруп келиши карапайым айылдыктар үчүн жүрөк үшүткөн иш эле. Анда Кыргызстандын аймагында апийим айдалып, аты дүңгүрөп турган кези. Көп өтпөй Кемел областын даярдоо конторасына райондордон апийим кабыл алуучу контролер болуп орношуптур деп угуп калышты. Ошол боюнча Кемелди айылдаштары анда-санда айыл ичинде жамандык-жакшылык болгондо бир көрүп калышпаса көрбөй да калышты. Кийин гана 70-жылдардын этегинде айылга эки кабат келишкен үй салдырып көчүп келди. Жалаң даярдоо тармагында иштеп жүрүп ден-соолугум болбой калды деп 60га чыкканда айылга келген экен. Колхоздун башкармасы байлык десе байлыгы, байланыш десе байланышы бар Кемел ордумду алып коер бекен деп чоочулады эле андай болбоду. Өзү пенсияга чыккыча эрмек кылып иштеп турайын деп колхоздун кампасын алды да мурдагы кампачыны өзүнө жардамчы кылып штат ачтырып койду. "Шеф өмүрү айлык маянасын албайт. Мен алам. Шабашкадан түшкөндүн гана өзүнө тийиштүү "кусогун" алат", - деп жүрдү жардамчысы. Колхозчулар эки-үч айлап айлык ала албай кыйналып баратканда Кемел айлыктын акчасын берип койчу да кийин банктан акча келгенде бергенин кайра алчу. Муну башкарма, кассир үчөө гана билчү. Башка жан адамга ооздорунан чыгарбоого шерттешиптир. Ал да жогорудагы кандуу окуя болуп өткөндөн кийин чыгып отурат. Айылда Кемелге 10 сомдон 1000-2000 сомго чейин карыз болбогон адам калбаса керек. Өздөрү мүмкүнчүлүгү болуп бергенге чейин өмүрү басып барып биринен да "баягы карызымды" деп сурабаптыр. Кемелди айылдаштары астынан кыя өтпөй сыйлап турушунун башкы дагы бир себеби "Акты-ак, караны-кара" деген калыстыгы. Кырсыктап, башына кыйынчылык келип тургандарга кылчактабай жардам бергендиги болгон экен. Өткөн кырсыкка айлык эли тикесинен-тике туруп чын дилден кайгырышты. Ал эми Кемелдин айылдан сырткаркы жүргөндөгү 40 жылга жакынкы өмүрү алар үчүн табышмак боюнча кала берди. х х х Адам баласы жаралганда алгач өзүнө тамак табыш үчүн жана өзүн-өзү коргош үчүн түрлүү куралдарды ойлоп таба башташкан. Бара-бара акыл эси өнүккөн сайын адамдар жаратылыштын жырткыч жан-жаныбарларынан коргонуш үчүн эмес, адам адамдан коргонуш үчүн жана адам адамды коркутуш үчүн, түрлүү куралдарды ойлоп чыгара башташты. Ошентип жүрүп отуруп адамдар өздөрү жашап турган жерди да быт-чытын чыгара жарып жиберүүчү кудурети бар атомдук куралдарды чыгарууга жетишишти. Адамдын акыл-эсинин өсүшү менен адам адамды башкаруунун мыйзамы болгон мамлекет жана аны башкаруу тартиби дегенди ойлоп табышты. Мамлекет жана мамлекетти башкаруу ыкмалары доорлор өткөн сайын өнүгүп отуруп адамды өзүн-өзүнө каршы кое алган коркунучтуу куралга айландырды. Жер бетиндеги эң коркунучтуу курал бул "адам курал" болуп калды. Адамдардын бири-бирин баш ийдирүүгө, бири-бирин дың дедиртпей өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө карата жүргүзүлгөн зордук мурда кан төгүүчү аламан согуштар аркылуу болсо, бара-бара опузалап коркутууга өтүп, жүрүп отуруп "акча согушуна" айланды. Маселен доллардын дүйнөлүк рынокту ээлеп алышы нечендеген мамлекеттердин экономикасын талкалады. Ошол эле учурда эбегейсиз ээликке умтулуп, дүйнөнүн жармысын ээлеп алган менен Монголияны гүлдөтө албаган Чынгызхандын жүрүшүндөгүдөй Американын өзүнүн айласын кетирип азыр дүйнө жүзүндө канча миллиард доллар бар жана анын канчасы жасалма экенин биле алгыс абалга жеткизип, экономикасынын түбүнүн бошой баштаганынан белги бере баштады. Улам алдыга жутунган адамдын акыл-эси "компьютер согушуна" кирип келди. Эң кызыктуусу: түгөнгүс көч сымал акыл-эстин асты "компьютер согушуна" жеткен менен арты баягы алгачкы "Жаа менен найза согушунан" үзүлө албай созулду. Адам жаралгандан берки эки күрөш айыгышып тытышкан кармашын улай берди. Бул кармаш бир жагы адам адамдын акыл-эсинин жетишкендиги менен бири-бирине зыян келтирбей жыргал жашоого умтулуу болсо, экинчиси айрым адамдардын күчтүү акыл-эсин пайдалануу менен экинчи бир адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, өзүнүн жыргалчылыгы үчүн иштетип, жыргап жашоого умтулуу болду. Биринчилери адам жыргалчылыгы деп ойлоп чыгаргандарын дайыма экинчи топтогуларга уурдатып жиберип жатышкандыктарын билбей келишүүдө. Гитлердин тилин алып Россияга келип, сазына чөгүп, суугуна тоңгон карапайым дыйкан Ганска эмне жок. Урдум сени Сталин менен өзүң жекеге чыгып мушташа бер. Мен 10 теше жеримди айдасам жанымды багам деп айта алган жок. Россияны Гитлер басып алган күндө да Ганска эч нерсе артмак эмес. Бары бир баягы 10 теше жерин айдамак. Ошондой эле Чынгызханды ээрчип көчүгү жооруп Балтика жээгине чейин барган койчу Монголго эч нерсе арткан эмес. Жаман атын жоор кылып, сөөгүн сүйрөп баягы эле кароосуз калган боз үйүнө барган. Жер үстүндөгү эң акыл-эстүү жанмын деген адам баласы ушул кезге чейин жеке өз алдынча ушундай жөнөкөй суроолордун да жообун бере албайт. Адамдын өз башына өзү ээ боло албай аргасыз мезгилдин талабына көнүп кор болгон учурлары сансыз. х х х Азият ордунан туруп шашпай күндөлүк көнүгүүлөрүн жазып бүткөндөн кийин, эки жаш кызга бүт денесине жеңил массаж жасатты да ошол эле кыздардын жардамы менен рахаттана сүт кошулган жылуу ваннага жуунду. Жеңил кийим кийип кабыл алуучу бөлмөгө чыкканында биринчи жардамчысы "Кызыл көз" чыдамсыздык менен күтүп туруптур. - Жигиттер Сиздин тапшырманы так аткарып келишти, - деди кичине ийиле. Азият шашпай креслосуна барып отуруп жатып "Так аткарбай көрүшсүнчү эгер эле жандан аша кечишпесе", - деп ойлоп койду да - Кана апкелчи, ал эмне деген шедевр экен. Шыпылдай баскан "Кызыл көз" эшик ачып башын ийкегенде чачын кыска алдырган, бели кындырдай далысы кучак спорттук дене түзүлүшүндөгү жигит кирип келди да колундагы кара дипломатты Азияттын астындагы столдун үстүнө коюп туруп оозун ачты. Азияттын денеси дүр деп ордунан секирип кете сактады. Көздөрү алайып, тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Өңү купкуу болуп чекесинен муздак тер чыга түштү. 3-4 секундада барып араң өзүнө келди. Дипломаттын ичинде көздөрү кыпкызыл денесинен тири укмуштуу миңдеген түрлүү нурларды бөлүп чыгарган, типтирүү жылан, оозун ачып, алтын тилин соймоңдотуп тикчие тиктеп турган эле. Азият эсине келгендеги биринчи кыймылы "Кызыл көз" менен берки жигитке чыгып кеткиле деп жаңсаган белгиси болду. Өмүрүндө бирөөнүн алдында коркконун же апкарыганын билгизбеген жаны азыркы абалын тигилердин көрүп турганына намыстана түшкөн. Жылан экөө тиктешип турушту. Жылан менен тиктешип туруп Азият өзүнүн кыбырап жүргөн бир пенде экенине, жыландын андан алда канча күчтүү экенине, ал аны бир тиктегенде эле арбап койгонуна түшүндү. Карышкыр менен сайгакка вертолет менен аңчылык кылгандан тажап эриккенде ООганстанга барып адамдарга аңчылык кылып бугун чыгарчу Азият жыландын астында бүжүрөй түштү. Өзүн эсине келтириш үчүн дипломатты жабайын деп сунган колдору көтөрүлбөй калтырап ордунан кыймылдаганга даремети жетпегенде буту менен сырттагы телохронителдерин чакырчу кнопканы басты. Шып этип кирип келген "Кызылкөзгө" дипломатты жап деген белги берди. Дипломат жабылгандан кийин чыгып кете бер деп колун шилтеп койду. Канча шалдырап отурду ким билет. Биртопто барып ордунан козголуп укмуш бир кымбат дүйнөсүн тапкансып дипломаттын сыртынан аяр сылады. х х х "Азият" кличкасы. Чыныгы аты ким, ал түгүл улуту ким эч ким так билбейт. СССР күчтүү кезинде коммунисттик партиянын идеологиясын бүткүл Азияга КГБнын күчү менен тымызын жайылтуучулардан башка көзүрү болгондуктан "Азият" аттуу жашыруун атка ээ болгон. Учурунда Москвадагы ээги түшкөн абышка менен да МВДнын, КГБнын көзүрлөрү менен да каалаган учурунда көзмө-көз сүйлөшчү. Бүткүл Азия боюнча тордой жайылган атайын окуу жайларынан даярдыктан өткөн КГБнын тыңчыларынын башында турчу. Туюу сезими күчтүүсүнөн жана тыңчылары аркылуу дүйнөлүк кабарлар менен дайыма тааныш болгондуктан СССР эртедир кечтир кыйраарын аны сактап калууга мүмкүн болбой калганын, он беш жыл мурда билди да колундагы тармакты жеке кызыкчылыгынын багытына колдоно баштады. Өзү менен дайыма Москвадагы атайын мектептен даярдыктан өткөн 30 жигитти ала жүрчү. Бул жигиттер шефтин айтканын эч ойлонбой аткарууга жана туура же туура эмес деп талкууга албоого үйрөнгөн чыныгы жандуу роботтор болчу. Бул жигиттер эч убакта байлык, дүйнө, өзүнүн жеке кызыкчылыгы, келечеги жөнүндө ойлонушчу эмес. Алар үчүн шефтин сөзү ыйык, дың дебей так аткарыш парз, керек болсо жанды бериш керек деген гана принцип жашоочу. Мына ушундай жигиттердин төртөө барып "Бриллиант жыланды" алып келишти. Алып келген төртөө жана Азияттын канча бир жылдан бери жанынан чыкпай керек десе жүрөгүн окко тосууга даяр жигити "Кызылкөз" да көрүп коюшкандыктары үчүн эле "бриллиант жылан" жандарын соруп койгонун билишпеди. Болгону бир гана түндө жок болуп кислотага ээрип кетишти. Алардын орундарын башкалар ээледи. х х х Жети миң доллар... 7 миң... Муну күткөн эмес. Мынчалык байлыкка "Сокур ит бок жалагыча" ээ боло калам деп ойлобогон. Эски одеял жабылган кроваттын үстүндө сулк жатты. Баш жагындагы төрт бурч жыгач отургучтун үстүндө жалаң 50-100 долларлык жашыл купюрлар чачылып жаттат. Эсин жоготуп койду. Эмне кылаар айласын таппай алактап башы иштебей калгандай болду. Ошондо окутуучусу Кадыр атанын насааттары эсине түштү. Кадыр ата көп айтуучу күтүүсүз колуна тийген дүйнөдөн адамды ач көздүк сезими башкарып, эс-акылын жоготуп адамкерчиликтен кетет. Эмоцияга алдырган маалда жасалган иштин баары айланып келип өз башыңа муш болот. Туура жасап жатам деп ойлойсуң, бирок аягы туура болбой чыгат. Ошондуктан мындай учурда өз акыл-эсиңди, кан айланууңду калыбына келтириш үчүн көздү жуумп эч нерсе ойлобогонго аракет кылып сулк жатыш керек. Ойлосоң балалык кездериңдеги кызыктуу күндөрүңдү гана ойло. Мындай мээдеги "жарылууну" (эмоцияны) калыбына келтириш үчүн сулк жатуу "мээдеги жарылуунун" күчүнө жараша 2 саат тан 8 саат ка чейин созулат. Андан соң туруп алып күндөлүк турмушуң менен алаксып баягы "байлыгыңды" такыр унутуп койгонсуп көңүл да бөлбөй 2 күндөн 5 күнгө чейин жөн гана жүрүшүң керек. Мына ушул өзүңдү калыптандыруу ыкмаларынан өткөн соң күтүүсүз табылган чоң дүйнө ал канчалык баалуу болбосун акылдан адаштыруу касиетинен айрылып күнүмдүк тиричиликке керектөөчү каражатка айланат. Дагы бир эстен эч убакта чыгарбоочу нуска, ашказанга таттуу тамактарды шыкай берсе иштебей, ич өтүп, күптү болуп, кусуп калган өңдүү керектөөнү да кичинеден ченем менен баштап урунбасаң күптү кылып кустурат, - деп кулагына кумдай куйчу. Окутуучусунун ар бир насаатын дайыма эсинен чыгарбай айтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарып көнгөн Мыкын сулк жатып калганы ошол. Сулк жаткан калыбында уктап кеткен экен ойгонуп саатын караса эртең мененки тогуз болуп калыптыр. Ордунан туруп эшикке чыгып келди да тар бөлмөдө адаттагы денесин машыктырган көнүгүүлөрүн шашпай дыкат жасады. Анан барып отургучтун үстүндөгү жашыл купюрларды чогултуп, кроваттын астында жаткан эски сумкасынын ичине жүз аарчыга ороп салып койду, бирөөнү да алган жок. Алуу жөнүндө ойлобошко аракет кылды. Үйгө эски спортивкаларын чечип, жынсы шымы менен курткасын кийди да көчөгө жөнөдү. Эшигин кулпулап дарбазадан чыгайын деп жатса квартирасынын кожоюну чыга калып кыйкырып калды. - Мики квартира акысын качан төлөйсүң? (Мыкы дегенге тили келбей Мики дечү). - Саламатсызбы атаке! - Атаке дегениң го жакшы. Квартира акысын да төлөшүң керек, уулум. Болбосо бошот. Убактың болсо өтүп баратат. Бир күнү төлөй албайм деп койсоң, мен сенин штаныңды чечип аламбы. - Көзүн үлүрөйтө Мыкынын бутундагы эски ботос менен өңү өчкөн жынсысын карап, - штаныңдын кимге кереги бар. Бекер берсең да албайт. - Эки күн чыда атаке бүгүнкү күнгө ишемби, шейшемби күнгө чейин акча колуңузда болот. - Эгер болбой калсачы? - Жаман сумкамды көтөрүп чыга берем. - Болду, эркектик акыркы сөзүң Мики. Башка узарта албайм. Ансыз да айдын он күнү өтүп кете турган болду. Кожоюн чал жер төлөсүнүн квартира акысын дайыма ай сайын астына-ала алып турчу. Антпесе болобу. Өзү айткандай жаман сумкасында болсо бир же эки сыйра кийиминен башка эч нерсеси жок. Мыкыга окшогондор эртең төлөй албайм деп баса берсе чын эле штанын чечип алабы. Мыкы чөнтөгүн сыйпаласа кече кечте тамактангандан арткан он беш сомдон ашык акчасы бар экен. Демек курсагын тойгузса болот. Автобуска түшүп түз Ош базарына келди да тамактанып алгандан кийин оптом товар саткан кырканы аралай Салкынды издеп жөнөдү. Салкын экөө айылдаш. Өзүнөн беш жашча улуу келин, жолдошу экөө ажырашып кеткен. Ушул базарда эки жылдан бери оптом товар сатып оокат кылат. Мына Салкынга жардамдашып иштейт. Товарды Салкын жоопкер болуп алат да кечке экөөлөп сатышат. Түшкөн пайызынын 60 проценти Салкындыкы 40 пайызы - Мыкыныкы. Мындайда көмөктөшөт бири-бирине ишениши, алдашпашы керек. Мыкынын чынчыл экенине ишенип калган Салкын көмөктөшүп иштөөгө макул болгон. Канткен менен экөөлөп иштеген жакшы экен. Товарды да сатыкка түрлөп көбүрөөк алсаң болот. Уурдатпай карап турганыңа да жакшы. Бириң соодага алаксыганда, экинчиң карап турасың. х х х Мыкы таң атпай кыжы-кыйма болгон элден түртүшүп отуруп Салкын отурган жерге келди. Салкындын кабагы суз экен. Алган товары да аз. - Саламатсызбы эже. Кабагыңыз суз го. - Бүгүн иш жакшы эмес. - Эмне болду? - Көз ымдап өзүнө жакын чакырды да үнүн пас чыгарып: - "Шефти" тоноп кетиптир. (Оптом сатууга товар берип турчу фирманын кожоюнун "шеф" деп коюшчу). Бул товарларды башка фирмадан алып келдим. Мени көп жакшы таанышпайт да. Аз беришти. Бир жолдош келиним ортого түшпөсө такыр беришмек эмес. - Шефиңизди кимдер тоноптур? Телохранителдери бар дечү эмес белеңиз? - Килейген үч телеохронителдерин жаткыра чаап 10 миң доллардан ашык акчасын алып кетиптир деп жатышат. Кейпи беш алты киши кол салса керек. Толтура милиция. Фирманы жаап коюптур. - Шефиңиз тирүү бекен? - Тирүү. Эч кимиси эч нерсе болбоптур. Эстерин оодара чаап туруп алып кетсе керек. Балким дары чачкандыр. Деги белгисиз. - Товар аз болсо мен башка жумуш караштырбаймбы? - Жок. Тура бер. Кудайдын буюрганын көрөбүз. Жумуш эле табыла калат дейсиңби. Бир жумача честный иштесек бул фирма деле товарын көбөйтүп бере баштайт. х х х Азим жумушка келери менен коңшулаш райондун кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальниги телефон чалды. - Старик жардамыңыз керек болуп жатат. Түндө үйүңө телефон чалсам жок экенсиң. - Анчалык эмне болуп кетти. - Жакшы иш эмес. Таң аткыча уйку бетин көргөн жокмун. Биздин аймакта өзүң деле билсең керек "Жанар" деген белгилүү коммерциялык фирма бар эмеспи. Ошол фирманын кожоюнун тоноп кетиптир. Өзү 15 миң доллар деп жатат чындыгы 10 миңдин тегерегинде болсо керек. - Тоносо тоноптур да. Суунуку сууга. Ага эмне мынча кайгырдың. - Кеп анын кылмышкерлер дүйнөсү менен да бийликтегилердин жогор жактагылары менен да байланышы күчтүү экендигинде болуп жатат. Таң атпай министрликтен бири телефон чалып ийди. - Ошондой де? - Катардагы фирмач болсо баш оорутуп эмне кылам. - Кылмышкерлер жөнүндө жыт барбы? - Чынымды айтсам колго илинерлик эч нерсе жок. - Кандай мотивде болуптур? - Эки телохранители менен үйүнө кирип баратканда эстерин оодара уруп долларды чөнтөгүнөн сууруп кеткен. Кылмышкер кожоюндун гана чөнтөгүн оодарган. Калгандарына тийген эмес. Балким шашкандыр. Акчаны гана алган. Колундагы шакегин, саатын алган эмес. Үчөөнө тең бир-эки гана удардан жасалган. Үчөөнүн тең эстери ооп жыгылап калган. Эстерине келгенде кылмышкердин изи да жок болгон. Кылмыш 11-12нин ортосунда жасалган. Телохранителдердин айтымында ыкмаларды мыкты билген үч спортсмен бир учурда кол салгандай. Сага кайрылганым да ошол. Спортсмендер менен байланышың жакшы эмеспи. Өз каналдарың менен сураштырып көрсөң. Эгер кылмышкер табылып калса өндүрүп алуу разборун өзүмө койгула дейт жабырлануучу. Күнөкөр табылбаса кылмыш дүйнөсүндө тымызын тирешүү башталып "авторитеттердин" бири-бирин аңдышмайы күчөп тономой, өрттөмөй, зордомой көбөйө турган. Жаңы эле ар ким өз аймагына ээ болуп тынчып келатышты эле... - Макул, түшүндүм коллега издөө салып, стукачтардын кулактарын бурайын. Эгер сырттан келген эле "летундар" болбосо шаар кичине эмеспи табылып калаар. Телефонду койду да колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырып креслого чалкалай ойлонуп олтуруп калды. Көз алдынан өзү билген спортсмендерди чууртуп жатты. Аңгыча эшик ачылып эки кызматкери күндөлүк жумуштары менен кирип келишти. Алар менен сүйлөшүп бүтө электе орто бойлуу толук адам кирип келди. Уруксаатпы деген да жок. Өз төрүнө өткөнсүп түз өтүп келип кол алышып учурушты да "Жанар" фирмасынын директорумун деди. Эмне мынча нахалданат деп тырчый түшкөн Азим "Жанар" дегенди укканда тиге көңүл бура тиктей. - Олтуруңуз. Сиз жөнүндө уктум. Түндөгү болгон окуя боюнча келсеңиз керек деди. Тигил директордун оозу ачыла түштү. - Байланышыңыз укмуш го. Кайдан уктуңуз? - Биз шаардагы болгон кылмыштын барып угуп турабыз. Ал өзүнчө сөз. Ишке өтөлү деди кичине барктана. - Азим мырза кылмыш сенин районуңа тиешеси жок аймакта болсо да сага келип отурам. Себеби мага кол салгандар мыкты спортсмендер. Машыккан спортсмендер болбосо, экинчиден өздөрүнө ишенбес мага кол сала алышмак эмес. Сизден суранарым мага кимдер экенин гана тымызын билип берсеңиз. Калган разборду өзүм жасайм. Хоть кайдан келген немелер болсун Россиябы, Өзбекстанбы, Казакстанбы өзүм чечишем. Бул жерде алдырган акчамдан мурда намысым күйүп жатат. - Балким спортсмендер эместир. Баса сиздин телохранителдериңиз кимдер? - Чынымды айтайын жомоктогудай болду. Өзүм ударды сезген деле жокмун, кулак түбүмдүн артындагы кежиге тарабым тыс дей түшкөндөй болду да эсиме келсем подьезддин кире беришинде жатыпмын. Телохранителдерим деле жөн балдар эмес. Бирөөсү уксаң керек "Курбалды" деп коет. Экинчиси түрмөдөн келгенине жарым жыл боло элек "Кобра" деген неме. Азим унчукпай ойлонуп турду да. - Макул байке колдон келишинче издөө салайын, - деди ордунан козголо. Бул сөз бүттү деген белгиси эле. - Мына беш жүз доллар. Эгер так маалымат таап берсең миң доллар берем. Кош бол деди да. Азим сөз сүйлөгүчө тигил бүктөлгөн жүз долларлыктарды Азимдин столунун суурмасына салып шартылдай басып чыгып кетти. Кайрадан креслосуна денесин шалк таштай отурган Азим "Кубалды" менен "Кобра" телохранители болсо бул семизге ким даап кол салды экен деп ойго чөктү. Азим өзү да бир учурда республикага аты дүңгүрөгөн спортсмен болчу. Шаардагы жалгыз спорт мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын спортсмкен экенин тышкы келбети, чымыр дене түзүлүшү, бырышып-тырышып сынган кулактары деле айтып турат. Органга келгенден кийин спортту таштаганы менен спортсмендерден байланышын үзө элек. Спортссмендер жасаган кылмыштын дээрлик баардыгы менен кабары бар болуп кимдер аркылуу жасалганын билип турчу. Алардан алып турган өзүнө тиешелүү ставкасы да бар эле. Ашынып тартиптен чыккандардын, өзүм билемдикке салып өз бет алдынча аракеттенгендерин, же башка чөйрөгө кошулуп кылмышка илешкендерин "светит" этпесе ич ара сүйлөшүп өз "кусогун" алгандан кийин унчукпай калуучу. Ал түгүл айрым учурда тымызын аларга кабар жиберип жашынуусуна, качып кетишине жардам берүүчү. Ошентип" соода" эки жактан тең честный жүргөндүктөн спорт чөйрөсүндөгүлөр да Азимди сыйлашчу. Өзүнүн төрт ишенимдүү кызматкерин чакырды да калган ишиңерди жыйыштырып кое туруп бобул ишти беш сааттын ичинде бүтүрүп мага кабар кылгыла деп кимдерге жолугуп эмне жөнүндө сүйлөшүү керектиги тууралуу ар кимисине так тапшырмаларды берип жөнөттү. х х х Мыкы күн сайын эрте туруп Салкын менен иштешкен жерине келет. Өзүнө күнүмдүк тамака деп гана акча алып келген акчасын Салкынга каттарып квартирага төлөйүн деп чогултуп жүргөн. Дүйшөмбүдө Салкынды түшкө жакын милицияга чакырып кетишти. Буга чейин эле угушкан "Жанар" фирмасынан товар алып соода жүргүзгөн коммерсанттардын баарын милицияда суракка алып жатыптыр деп! Арадан төрт саатча убакыт өткөндөн кийин келди. - Эже эмнелерди сурады? - Ушу милициянын өлүкканасын көрөйүн. Спортсмен тааныш жигиттериң барбы? Шефиңер жөнүндө кызыгып сурап жүргөндөр бар беле? деген суроолорду беришет. - Эмне дедиңиз? - Эмне демек элем. Спортсмен таанышым жок болсо. Спортсмен эмес дене түзүлүшү түзүгүрөөк да таанышым жок десем. Жигит таап берелиби деп жалжакташат. Ким менен ишетейсиң дегенинен сени айттым. Эмнесин жашырайын. Эртең саат онго чакырды. Сени да, ме повескеси. Барып кой. Иним деп койдум. Эжем менен чогуу иштеп жан багып жүрөм, - деп кой да барып. Фирмага барган эмесмин ал түгүл атын да билбейм де. Мен ошентип айттым. Билбейм деген бир сөз. Экөө кечке иштешти. Кечинде Салкындагы чогулган акчасын алса квартирага төлөгөндөн кийин жүз сом ашчудай чогулуптур. Үйгө жетери менен убада боюнча абышкага квартира акысын карматты. Эртеси саат ондо милициянын Салкын айткан бөлүмүнө барса повесткасын бир тергөөчү түшүнбөгөнсүп көпкө карап турду да: - Айылдан келгениңе канча болду? - деди. - Жети айча. - Кайда турасың? - Квартирада. - Кимдер менен? - Өзүм жалгыз. - Эжекең менен чогуу турбайсыңбы? - Жок. Эжекең деп Салкынды айтып жатканын түшүндү. Дагы бир сыйра беркинин жүдөө кебетесине көз жүгүрттү да. - Бар кете бер, - деди. Кечинде жумуш бүткөндөн кийин Мыкы Салкынга - Эже мен эртең келбейм го, - деди. - Эмне болду. Салкын чоочуп кетти. - Казарманда бир туугандарыбыз иштейт экен. Ошол жактан барып жумуш карайын деп жатам. Бул жерде жүрсөм жыргабайм го. Кыш келатат. Үстүмдө киймим жок. Тапканым кварплат менен тамагымдан ашчудай эмес. - Казарманда эле жумуш даяр турат дейсиңби. Аякта жумушка орношуш үчүн эле беш миң бериш керек дейт. Балким процентиңди көбөйтөйүн, мен 55ин, сен 45ин, товарды көбүрөөк алып кышка чейин иштебейлиби. Салкын чындап Мыкыны кетиргиси келген жок. Оор каробкаларды көтөрүү түйшүгүнөн кутулган. Чынчыл, ак ниет. Ашык бир тыйын да алдабайт. Мындай көмөктөштү издеп таппайсың. - Эже барып көрөйүн. Болбосо кайра Сизге келейин. Салкын Мыкынын бир тууган эжесинен уруксат сурагансып ийбагып турганына ичи жылый, жадырай карап: - Мейлиң Мыкын бактыңды бир сынап көр. Эгер болбосо кайра кел. Ордуң даяр. Экөө жылуу коштошушту. х х х Квартирасына келгенден кийин эшикти ичинен илип бекитип коюп кроваттын астындагы эски сумкасын сууруп чыгып андагы мындан төрт күн мурда салган долларларды сууруп чыкты. Оромолду чечип жашыл купюрларды дагы бир жолу санады. Жети миң эки жүз. Учтай кармай ойлуу отурду. Биринчи күндөгү санагандай толкундануу жок калыптыр. Кадимки керектөөлөрүнө жумшаш үчүн чогултуп жүргөн өз каражатынча беймарал эмне керек жана эмнеден баштап биринчи сатып алуу керек ичинен тизмелей баштады. Бөлүштүрө келсе жети миң долларың көп деле акча эмес экен. Ушул түнү түшүнө Кадыр ата кирди. - Тоноо, каракчылык кылуу жакшы иш эмес. Сага өнөрдү тоносун, каракчылык кылсын деп үйрөткөн жок элем уулум, - деди. - Билем атаке (окутуучусун көзүнүн тирүүсүндө эле атаке дечү). Бирок сиз мага сөзсүз аткарышың керек деп тапшырып кеткен иштерге жетиш үчүн ушул жолго басууга аргасыз болдум. Экинчиден элге бекер гумманитардык жардам деп келген товарларды саттырып арам жол менен байыган адамды тонодум. Мунумду Сиз кечиресиз го деп ойлодум. - Билем уулум. Барыбир тоноо, тартып алуу жакшы иш эмес. Эми сен бул иштин даамын татып калдың. Токтотушуң кыйын. Дайыма өзүңдү актоонун шылтоосун табасың. - Жок, Сиз тапшырган ишти аткарууга өзүмө шарт түзгөнүмдөн кийин мындай жорукту токтотом, ата! - Ишенейин. Калганын турмуш көрсөтөт. Түштөн чоочуп ойгонуп кетип чалкасынан жатып алып өткөн түндү жана ал түнгө чейинки даярдыктарын кайра баштан тизмектей эстеп кайсыл жеринен жаңылыштык кетириши мүмкүн. Кайсыл жерден милициялар илинчек таап алышы мүмкүн деп ойлонуп жатты. Бүткүл керектүү маалыматты Салкындан жана анын жолдош кызы Гулядан чогултту. Кеминде бир жарым ай даярданды. Атайлап сураштырып чогулткан жок. Кыздар өз ара сүйлөшкөндөрүн көңүл бурмамыш болгону менен ар бир сөзүнөн бери эсине тутуп жүрдү. "Шеф жаңы машина алганы жатыптыр", - дейт. Кейпи "Джип" алат окшойт, - деген каңшаарды угары менен даярдыкты чындап баштады. Эки жума бою Шефтин кайсыл маалда үйүнө келет. Телохронителдери кандай абалда ээрчип жүрөт үйрөндү. Эң ыңгайлуусу үйүнүн подьездине кирип бараткан жер экен. Фирманын өзүндө кол салууга такыр мүмкүн эмес. Куралчан милиция отурат. Анысы аз келгенсип дайыма бештен кем эмес телохронителдери болот. Күн-түн дебей киши өксү болбойт. Дагы бир байкаганы кээде гана үйүнө баратканда экиден телохранителин ээрчитип үйүнө киргиче коштотпосо көпчүлүгү шофер телохранители менен барып түшүп калып, өзү кирип кетет экен. Демек, коштошкон күндөрү жанында ири суммадагы акча болушу мүмкүн. Үйүнө кирүүнгө мүмкүн эмес. Биринчиден үй-ичинин кандай жайгашканын билбейт. Эшиги брон. Терезелери тор. Бешинчи кабаттан секирүү да коркунучтуу. Акыры күткөн күнү да келди. Күн сайын ичинен капкара трико кийип, сыртынан жынсы шым кийип алып мерчемдүү жерге барганда сырткы кийимдерин чечип катып коюп подьездден он кадамча алыс эмес калың бактын ичинде күтчү. Алгач эки күнү Шеф подьездге жалгыз кирип кетип жүрдү. Демек кол салуу пайдасыз. Үчүнчү күнү эки жандоочусу менен келди. Болгондо да менмин деген эң ишенимдүү жигиттерин ээрчитиптир. Мындай учурду колдон чыгарбаш керек. Машинадан түшкөндөн кийин астыда Шеф аны он жагынан жандай "Кобра", үч кадамча артыраак "Кубалды" баратты. "Ыш-шы" деген жыландын ышкырыгындай акырын добуш чыкты да "Кубалды" тамтаңдап барып күп кулады. Бул маалда кара көлөкө "Кобранын" жанынан ышкырып өтүп кеткенде "Кобра" бурула берип кулап түштү. Эч нерсе менен иши жок кетип бараткан Шеф арттагы жигиттеринин кулап калганын да билген жок. Кара көлөкө ага жетип коркунучтуу ышкырып, тийип өткөндө бет маңдайы менен кулап түшө сактады. Кара көлөкө аны кулатпай кармап калды да кичине колтуктап туруп кырданта жаткырып коюп караңгы түнгө сиңип кетти. Бул окуя кылмышкерлер дүйнөсүн да спортсмендердин арасын да бир ду түшүрдү.Тоноочу дайынсыз жок болду. Кийин "Жанардын" директору өзү эле Мени тоноп кетти деген шылтоо менен гум.жардамды саткандан түшкөн акчаны жогоружакта отурган табакташтары менен бөлүшкүсү келбей сөз чыгарыптыр деген имиш тарап кетти. Ошентип баары тынчып калды. Арадан үч ай өтүп иш унут болуп баратканда дагы бир фирма тонолду. Кол салуу ыкмасы "Жанардын" жабырлануучулары көрсөткөнгө дал келет. Тоноткондор чыгымды ири суммада деп гана көрсөтүшүп канча экенин жашырышты. Кылмышкер жөнүндө капкара кийинген көздөрү гана ачык, орто бойлуу, арык чырай шайтандан да ылдам кыймылдаган неме тоногон деген гана маалымат түштү. Бул жолу кылмыш Азим иштеген райондун аймагына туш келди. Таң аткыча уйку бетин көрбөгөн Азим эртең менен кабинетинде капкара кофеден кайта-кайта ичип коюп дагы кайдагы "Ниндзясы" чыга калды деп башы катып отурду. Фирманын кайтаруучулары эң мыкты деген спортсмендер менен киши өлтүрүүнү чымын чапкандай да көрбөгөн баш кесерлер экен. Беш кайтаруучудан өткөн. Тытышып кармашуу болбогон. Көлөкө сыяктуу эч дабышсыз пайда болуп, кайра эч дабышсыз жок болгон. Дардайган спортсмендер анын кайдан чыга калганын байкабай калышкан. Соккунун тийген жерлеринде бармак басымдай кичине гана көгүш тактар калган. Дээрлик бардыгы уктап кеткенсип эстери оогон да, бир жарым, эки саатта барып араң ойгонушкан. "Жанарда" да так ушундай болгонун айтышкан. Экспертизанын жыйынтыктары окшош. Азим кылмыш иши козголгон делону алды да айыпкердин аты-жөнү деген жерге карандаш менен кличкасы "Көлөкө" деп бадырайтып жазып койду. Мына ушинтип кылмышкерлердин дүйнөсүндө жаңы ысым, жаңы кличка пайда болду. Бул кличканы чөнтөгү калыңдар үрөйлөрү уча үрпөйүп кеп кылып жүрүштү. Азим иш кызыкчылыгы катары тонолгон фирманын коммерциялык жүргүзгөн иштерине кызыгып көрдү эле жетекчилери буйтакташып оңдуу маалымат беришпей "Сенин милдетиң кылмышкерлерди табуу. Фирманын коммерциялык иштерин текшерүү эмес" дешип жолотушпады. Тымызын сураштырса мамлекеттер аралык келишим боюнча келген спиртти оптом сатып иштейт экен. Ошондой эле гумманитардык жардамга деп келген кумшекер менен унду сатып бүтүп калыптыр. Убактылуу махинация кылуу үчүн түзүлө калган бул фирма имиштин ыплас иштерин билгенден кийин "Ырас эле тоноптур" деп ичтен табалаганы менен өзүнүн шаар боюнча кылмышкерлерди издөөдөгү авторитетине доо кетип ызаланып турду. Бүткүл шаардын аймагында наркомандардан баштап кандай гана топ болбосун өзүнүн стукачтарына кайрылып кичине үмүт кылгыдай да маалымат ала албады. Атайын түзүлгөн группанын он эки мүчөсү күн-түнү бир жума чуркашып суй жыгылышты. Фирма да өз байланыштары аркылуу издөө салууда. Министрге чейин чакырылып иштин жүрүшү боюнча суракка алынды. Райначальниги жумушка келери менен ишти ушул кылмыш тууралуу кабар алуудан баштайт. Киши өлтүрүүлөр да бул иштин астында унутта калчу болду. Тоночу жогорку бийликте отурган көзүрлөрдүн биринин чөнтөгүнө тийгени айкын билинип турду. Эгер иш боюнча эч нерсе табылбаса келечектеги карьерасына да салакасы тиери байкалып калды. Министрде болгонунда "Сени чоң райондордун бирине начальник кылалы дедик эле. Эгер иш ачылбай калса кызматка көтөрүлүшүңдү ойлонууга туура келет", - деп ачык айтты. Астына чоң максаттарды коюп жүргөн Азим үчүн бул сөз өзөөртө ургандай сокку болду. Эсепте жүргөн кылмышкерлердин бир экөөсүн кармап келип ишти жармаштыра салууга да мүмкүн эмес. Эртең эле иш жалган түзүлгөнү ачылып калчудай. Тонолгон чыгым өтө ири. Чыгыш күрөштөрүнүн түрлөрү боюнча бир катар адистерге, чеберлерге экспертизанын жыйынтыгы боюнча кайрылып мындай ыкмалар менен кимдер машыктырат, бул чыгыш күрөшүнүн кайсыл түрүнө жатат деп сураштырса баары ийиндерин куушуруп, баштарын чайкашат. Бир гана чебер экспертизадагы сүрөттөрдөгү кара тактарды көпкө тигилип карап туруп "Бул адамды бир нече убакытка уктатып коюу ыкмасын мыкты өздөштүргөн чебер экен. Мындай ыкмада машыктыруучулар Тибетте же Кытайда болушу мүмкүн. Бул ыкма менен массалык машыгуу жок. Мындай машыгуулар өтө сейрек кездешет. Укумдан-тукумга берилүүчү мурас. Чебер ыкманы өз канынан жаралган тукумга гана калтырат. Эгер ылайыктуу адам чыкпаса өз баштары менен тигил дүйнөгө да ала кетишет. Мына ушундай өтө сейрек кездешүүчү ыкмада машыккан чебердин Кыргызстандагы бир экенине ишенбей турам. Өтө таң калыштуу. Бул миң сырлуу чыгыш күрөшүндөгү ыкмалардын өтө татаалына кирет. Булар манжалардын учтары менен гана иштешет. Адамдын денесиндеги кан тамыр түйүндөрүн, без түйүндөрүн мыкты өздөштүрүшкөндүктөн чыпалагы менен акырын сайып койсо адам уктап калат же өлүп да калышы мүмкүн. Эгер бары мен ойлогондой болсо бул өтө коркунучтуу кылмышкер. Мындай ыкманын чеберине туруштук берүүчү телохранитель табылбайт. Табылган күндө да куну баштан ашат. Өтө кымбатка иштейт дегеним. Булардын артыкчылыгы өтө шамдангайлыгында. Кол илинбей келип өздөрү сокку уруп кеткендигинде. Ниндзялар да булардын астында алсыз деп уккам. Мен бул ыкмада машыккандардын тукуму үзүлгөн го деп жүргөм. Азыр да бар экенине ишенбей турам. Булар чыныгы жан алгычтар. Болжолум ушул. Башка эч нерсе айта албайм. Муну да экөөбүз жакшы тааныш болгондуктан айттым. Болбосо бизде өзүң билесиң тилди дайыма тишке кыпчып жүрүш керек. Болбосо тилиңе кошулуп башың ыргып кетиши кыйын деле эмес. Деги эле чыгыш күрөшүнүн чеберлеринин канга сиңген мыйзамында бир чебер экинчи чебердин ыкмалары тууралуу башкаларга кабар бербеши керек", - деди. Муну уккандан кийин Азимдин башы анык катты. Балким, Кытайдан келген граждандардан бирөөлөр болбосун дейин десе, кийинки фирманы тоногондо кыргызча, орусча такылдап сүйлөптүр. Кытайдан келгендер кыргызча билгенде да, орусча сүйлөй алышпайт. Сүйлөгөндөрү кытай акценти менен сүйлөгөндүктөн сөзсүз билинип калмак. Тигил тескерисинче кыргызча-орусча аралаштырып сүйлөгөн. Ошондой болсо да териштирсем артык баш болбос деп сырттан келген граждандарды иликтөөгө киришти. х х х Азият "Бриллиант жылан" жөнүндө алгач кытайда иштеп жүргөн жылдарында уккан. Кытайдан Монголияга, андан Сибирди аралап жүрүп Казакстан, Өзбекстан жакка оогонун иликтеген. Ошол боюгча жылан жөнүндөгң дарек дым болуп угулбай калган. Жыландын сырын каткан китептердин бири ички Кытайда, экинчиси Тибетте деп каңшаар укканы бар. Күндөрдүн биринде Сибирдин түрмөсүнөн кабар келип отурбайбы: "Эгер менин түрмөдөн чыгышыма жардам берсе жана дагы бир талабым бар ошону аткарса укмуштуу сырды ачып берем" деген. Чындыгында буга маани да берген жок. Сибирдин түрмөлөрүндө нечендерди "сокур ит бок жалагыча" алдаган аферистер толтура экенин ансыз да жакшы билчү. Өзүнүн бизнестик иштери менен Сибирге барып калып баягы сөздү эстеди да түрмөгө кайрылды. Өмүр бою түрмөдөн чыкпаганы жүзүнөн билинип турган, оозуна жасалма тиш кийген кличкачы "Протез" аттуу чал көздөрүн кыбыңдатып Азиятты бир топко тиктеп турду да "Да сынок, балким чын эле "бриллиант жыланга" ээ болууга сенин гана акың бардыр" деп койду да кайра бурулуп кетип калды. Укмуштай эске тутуу жөндөмү жана эмнени болбосун илгиртпей бат туюп жыйынтык чыгара алгандыгы менен айырмаланган Азият иштин төркүнүн шак түшүндү. "Протезди" түрмөдөн чыгарып коюш Азият үчүн чоң эмгекке деле турган жок. "Протез" эркиндикке чыккандан кийин Бишкектеги дарегин билдирип кабар жиберди. Жолугушууга Азият өзү келди. Жолугушуу он минутага да созулган жок. "Протез" Азиятка жылан кимдин колунда экендигин жана кандайча ага тийгендигин. Эгер "разбор" жүрүп кетсе жыландын чыныгы ээси болууга анын акысы жок экендигин, эгер толук ээси болуу укугун алгысы келсе кимге канча карызы барын жана ошондон кутулушу керек экендигин гана айтып берди. Унчукпай угуп, унчукпай чыгып бараткан Азияттын артынан "Сынок, экөөбүз сүйлөшкөн жокпуз. Ошондой болсо да менин дагы бир талабым калды. Аны иштин бүтүшү менен куда кааласа айтармын" деди. Азият креслодо чалкалай термелип отуруп "Оңбогон чал эмне айтаар экен" деп ойлоду жа кнопканы басып жигитин чакырды. "Кызыл көздүн" ордун ээлеп андан ашпаса кем эмес кызмат өтөй баштаган "Куюн" шып этип кирип келди. "Бишкекке жөнөйбүз. Эки машина, өзүңдү кошкондо жети мыкты жигит ал" деди да бара бер дегенсип колун көтөрүп коюп өзү да ордунан козголду. Азият өз бөлмөсүндө шашпай кийинип жатканда өзүн "эркемин менин айтканымды аткарат", - деп сезе баштаган он жетиге жашы жаңы толгон, өң десе өң, бой десе бой келишкен Фаризат кирип келди да кылыктана "Сиз каяка, мени да ала кетиңизчи, Сизсиз мен эригем" деп Азияттын мойнуна колдорун орой асыла кетти. Азият тигини эки каруусунан катуураак кармай өзүнөн окчундата түрттү да ээгинен өйдө көтөрө капкара мөлтүрөгөн көздөрүнө тикчийе карап туруп "Экинчи эч убакта менден кайда барасың, эмне кыласың деп сурабай жүр. Эгер керек болсоң сураттырбай ала кетем. Сулуу башыңдын ийниңден түшпөй жүрүшүн кааласаң. Мен бар боломбу жок боломбу дайым өз ордуңду бил. Ар бир бурчта менин көзүм сени тиктеп, кулагым угуп турат. Түшүндүңбү", - деди да секин түртүп койду. Фаризанын өңү купкуу болуп, тизелери калчылдап кетти. Азияттын көзүнөн адамдын көзү эмес кыпкызыл жыландын көзү жанып турган эле. Азият менен "Протездин" жолугушуусу бул жолу деле отуз минутанын тегерегинде болду. Учураша элек жатып Протез "Сынок, товарга ыраазысыңбы" деди Азиятты адатынча көздөрүн кыбыңдата тиктеп туруп анын жообун күтпөстөн "Билем ыраазысың, ыраазысың. Дүйнөдө мындай укмуш жок. Мындай байлык жок. Өзүм көргөн эмесмин. Уккам. Көрбөгөнүм жакшы. Эми менин бир талабым бар..." деди да дагы көздөрүн кыбыңдата Азиятты тиктеп калды. - Убада, убада. Талабыңызды айта бериңиз деди Азият. Ичинен жанаты болоор адамдын акыркы сөзүн угуп коюш чыгышта парз деп ойлоду. - Сынок, менин ичээр суум деле түгөнүп баратат - деп баштады "Протез" сөзүн. Азияттын оюн билип тургансып. - Жакшы жашадымбы жаман жашадымбы өз өмүрүм өзүмдүкү. Бир билгеним кимдир бирөөнүн алдында каргыш алып убада берсем дайыма аткарып келдим... - Кыскараак сүйлөсөңүз... - Сен да карыйсың, Сынок. Ошондо мендей калжырак болуп каласың. Чыдап угуп кой. - Айта бериңиз. Азият баш ийкеп койду. - Мен акыркы жолу он төрт жылга кетип жатканымда бир менттин астында карганганым бар. Ал мындайча болду. Товарым менен мына көздөн кайым болуп бул шаардан жоголоюн деп турганда оңбогур кармап алды. Болгондо да жалгыз өзү. Сары изиме чөп салып машкедей издеп жүргөнүн билчүмүн. Күтүүсүз колго түшүрдү. Жалынып кирдим. Өмүрүнүн акырына жеткидей акча сунуш кылдым. Күбө жок. Экөөбүз элебиз. Эгер кое берсең бул жер бетинен жок болуп кетейин. Экинчи кылмышка барбайын дедим. Өмүр бою көксөгөнүмө жаңы жеткем. Буюрса баарын токтотуп жаңыча турмуш баштайм деп кыялданып да бүтө элегимде оңбогон машке кармап жатпайбы. Өмүрүмдө бирөөнүн астында ошончо кор болуп жалдырап көрбөгөндүрмүн. Деги эмнени гана айтпадым. Бутун кучактап буркурап боздоп ыйладым. Жок. Мерез экен. Колумду кайрып көчүкө тээп айдап кетти. 50 кило нак апийим менен 70 миң рублди өкмөткө төгүп салды. Тобо өзү бир тыйынын да алган жок. Товарды төксөң төк. Жок дегенде акчаны өзүң алчы. Мен эч нерсе айтпайм десем да болбоду. Даана көңдөй экен. Кантейин күйдүм. Мени он төрт жылга айдашты. Тигил жактан дагы эки жолу кошулду ошентип отуруп минтип 26 жылдан кийин араң эркиндикке чыгып отурам. Сот бүтүп кетип жатканымда чакырттым. Келиптир. Келбей эле койсо экен деп тилегем. Шордуу келиптир. Кыйратып койгонсуп күлүп коет мылжыйып. Аялың барбы десем "Үйлөнө элекмин" дейт. Эмесе угуп ал дедим. Акыры мен тигил жактан чыгып келем. Сенчелик эч кимге өчөшкөн эмес элем. Сага көгөрдүм. Так өз аялыңа башыңды кестиртип туруп бутумдун астына тоголоттуртам. Оң кулагың менен да сол кулагың менен да ук дедим. Шылдыңдап күлдү. Бирок өңү бозоруп көзүнүн жалыны өчүп жалтаңдап кетти. Ичимден "а-а убадама жетет экемин" деп жоруп койдум. Ошол жигит иликтесем дагы деле органда экен. Баарын уктуң. Калганы сеники. Ушул убадам аткарылса көрүмө тынч жатаар элем деди жүдөгөн кейипте бүжүрөй басып күрсүлдөй жөтөлө жатуучу бөлмөсүнө кирип баратып кылчая карады да - Так ушул жерде башын аялы бут астыма тоголотсо көксөөм сууйт, Сынок. Сени угуп жүрөм... угуп жүрөм, анык көк жал деп. Калганын өзүң билесиң. Менин башка сөзүм жок деди да ары кирип кетти. Кош бол деген да жок. Алжыган абышканын мээсин жайната атсамбы деп нечен ирээт койнуңдагы пистолетке колун эптеген менен Азият анте албады. Абышка кантсе да убадасын аткарды Азиятка "Бриллиант жыландын" так дарегин берди. Эми Азият да абышканын айткан талабын аткарышы керек. Убада аткарылгандан кийин абышка ыраазымын убадаңды аткардың дегенден кийин абышканы эмне кылса өзү билет. Өмүрүн сактоо бири-бирине тийбөө жөнүндө сөз болгон жок. Азият абышка акча, анан өмүрүн сурайт го деп ойлогон. Андай болбоду. Иш бир топ татаалдашып кетти. х х х Күйөөсүнүн башын кесип алып кол сумкага салып келаткан аял автобустан кармалды. "Сумкаңды ач" десе "Ачпайм" дептир. "Эмне бар" деп ачып жиберген милиционер "апа" деп бакырып эси ооп жыгылган экен. Көрсө сумкада көздөрү чакчайып, тили аз-маз бултуюп чыгып калган эркектин башы карап турган экен. Чаң будуңу түшкөн автобустан эл түртүшүп түшө качкыча шаша төрт милиция жулунуп кирип барышып эч кандай деле каршылык көрсөтпөй купкуу болуп отурган аялды сүйрөп чыгышты. Аңгыча кайдан-жайдан экенин белгисиз кара "волга" пайда болду да ичинен үч шоодой болгон жигиттер чыга келишип "КГБнын өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери" деген күбөлүктөрүн көрсөтүп, аялды сумкасы менен кошо машиналарына отургузушту да "шуу" деп жүрүп кете беришти. х х х Аялга сумкасын көтөртүп жетелетип алып Азият Протездин эшигин түрткөндө эшик ачык экен. Азияттын жүрөгү бир нерсе шекшип ичкери жулуна кирди. Үч бөлмөлүү үйдө өлүк тынчтык. Протездин жыты да калбаптыр. Стол үстүндө тил кат жатыптыр. "Сынок, сенин убадаңа тураарыңа ишенгем. Рахмат! Көксөм сууду! Эми чындап жашагым келет. Мени издеп убакыт коротпо. Жакшысы, мен сен жөнүндө эч нерсе билбейм, сен мен жөнүндө эч нерсе билбейсиң. Сени терең урматтаган "Протез" - деген. Катты окуп чыгып мыжый кармаган Азият өлө-сөлү чалга алдатып жибергенине ызалана ичинен онтоп алды. Эң башкысы "Бриллиант жылан" Азиятта экенин так билген жалгыз бир күбөө тирүү колдон чыгып кеткени күйбөгөн жерин күйгүздү. Босогого туруп калган аялдын каруусунан мыжый кармап турган "Куюн" "Муну эмне кылалы" деп аялды көрсөттү. "Милицияга өткөрүп таштагыла. Калганы ошолордун иши. Болгону укол сайып коюуну унутпа" деди да кыжырлана ордунан турду. Абышканы сыртынан бирөөгө кайтартып койсомбу деп ойлоп өлө-сөлү неме кайда бармак эле деп койгон. Көрсө оңбогон "Протез" артист болуп жаткан тура. Он жети жыл чогуу жашаган күйөөсүн өлтүрүп, башын кесип сумкасына салып көтөрүп жүргөн аялды суракка алган милициялар эч нерсе деле чыгара алышкан жок. "Акыл-эсинен айнып калган" деген жыйынтык менен акыл-эси кемдердин ооруканасына жиберишти да ишти жаап коюшту. х х х Мыкы бир жума квартирасынан эч жакка чыккан жок. Кожоюну "Эмне ишке чыкпай калдың, күндө үйүңдөн көрөм", - деди эле. Грипп болуп ооруп атам деп койду. Чыкса үйдөн көп алыс эмес жердеги кичине базарга барат да тамак-аш сатып келет. Кечке эрмеги детектив романдар. Анан түрлөп тамак жасап ичет. Тамакты бапестеп жасап ичкенди жакшы көрөт. Бу да Кадыр атасынан алган нускасы. "Өзүңдү-өзүң сыйла. Өзүңдү сыйлоону тамакты бапестеп ичкенден башта. Санына эмес, сапатына кара. Дайыма чүйгүндөп сапаттуу тамак ичсең ден-соолугуң чың болот. Ашыкча семирбейсиң. Алсырап арыктабайсың. Жаратылыш менен тең салмакта жүрөсүң. Жаратылыш менен тең салмакта жүрсөң жаратылыштан каалаган учурунда энергия топтоп ала аласың жана аны кайра өзүң каалаган күчкө айландырып чыгара аласың" дечү. Окуучусуна далилдеш үчүн ширенкени бир метрче аралыкка тике коюп туруп алаканы менен аба аркылуу түртүп кулатчу. Алаканы бир метрче жетпече да ширенкенин кабы бирөө чертип ийгенсип 5-10 см учуп кетчү эле. Кадыр атанын укмуштуу өнөрлөрүнөн толук үйрөнө алган жокмун го деп калат өзүнчө ойго батканда. Кадыр атасынын өлөөр алдында акыркы айтканын эстеген сайын, атамдын айтканын аткара аламбы, өмүрүм жетээр бекен деп жанын коерго жер таппай тыбырчылап кетет. Мыкынын өз аты Марат болгон экен. Кийин эле чоңоюп калганында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоголуп кетип жаңысын алганы барганда өгөй атасы Мыкын деп жаздырып коюптур. Ошентип Марат аты өчүп айтылганда "н" түшүп Мыкы болгон да калган. Раматылыгы болгон өгөй атасы Мыкыга эмнелерди гана кылбады. Өгөй атасынын машинасынын үнү алыстан угулганда, кайда жашынарын билбей эки бөлмөлүү үйдүн эч жерине батпай бүжүрөп калаар эле. Өгөй атасы колхоздун эскилиги жеткен калдырап-шалдырап тарпы тышына чыккан машинасын айдачу. Соо келеби, мас келеби жумуштан келээри менен колхоздун жетекчилерине, эски машинасына, тилин укпай айтышса айтышып, мушташса мушташып кеткен долу аялына (Мыкынын апасына) келген бүт жинин Мыкыдан чыгарчу. Бир жолу дубалдын кырында китеп окуп отуруп, өгөй атасынын келгенин көрбөй калган экен (көрсө машинасы бузулуп, талаада калып жөө келиптир). "Эмне дубалдын кырында отурасың. Чыга берип бүт дубалды уратып бүттүң. Сенин дубалга чыганагыңды көрөйүн", - деди да качпасын деп белине жип менен байлап алып, ичке-жон болуп тосулган дубалды кырлата чыбык менен шыйрака чапкылап, чарчап кулап түшкүчө чуркаткан. Дубалдын жонунун алакандын кырындай ичкелигинен чуркамак түгүл, басууга оор эле. Бир жолу балдар менен сууга түшкөнү барып кечирээк келсе өгөй атасы келип калган экен. "Баланы ыйлатып карабай таштап коюп, кайда жүрөсүң?" - дегенде "Сууга түшкөнү баргам" - деди үлдүрөп. Эч убакта калп айтырчу эмес. Эгер калп айтса текшерип, билип калса "Сен мени алдайсың" - деп эки-үч эсе ашыгы менен жаза алчу. Туруп-туруп эле "Сууга түшкөндү жакшы көрсөң, жүрү мен сени түшүрөйүн", - деди да, ай чыкканда айылдын четиндеги көлмөгө ээрчитип жөнөдү. Түн ичинде көлмөнүн ары жагынан, бери жагына сүзүп өтөсүң деп зордоп кирди. Таяктан корккон Мыкы сууда чала-була сүзсө ушул күнү сууга сүзгөндү чындап үйрөндү. Ары-бери жанталашып сүзө берип, бир учурда колу-буту иштебей калып чөгүп баратканын бир билет. Көзүн ачса жээкте жатыптыр. Кейпи өгөй атасы тартып чыкса керек. Машинасынын камерасын үйлөтүп, минип алып жээкте отурган болучу. Деги кайсы бир жоругун айтасың. Эстегиси да келбейт. Өгөй атасы машинадан авария болуп өлгөндө кудайдын бар экенине ишенип, кубанганынан өңгүрөп ыйлаган. Өгөй атасы баласын эзип атса, апасы болуша да алабй, кээде тескери карап ыйлап, же көзүм көрбөсүн деп басып кетчү. Кейпи тытышып уруша бергенден тажачу окшойт. Ансыз да эки күндүн биринде "Ээрчитип келген күчүгүңдү менин балдарымдан жакшы көрүп, тамактын таттуусун катып бересиң. Кесме куйсаң этин көп саласың", - деген кайым айтышуудан уруш чыкчу. Өз апасы менен атасы бир жарым жашында ажырашыптыр.Атасынын кандай экенин да элестете албайт. Россиядагы бир кендин курулушуна кетип дайынсыз болуптур. Өгөй атасы өлгөндөн кийин, апасы алкаш болуп кетти. Өгөй атасынан бир бала, бир кыз калды эле. Баласы кичинесинен ууру, тентек болуп өсүп, кийин кыз зордуктап кесилип кетти. Карындашы эстүүрөөк чыгып, турмушка чыгып, өзүнчө эл катары, оокат кылып жүрөт. Апасы Мыкы армияда жүргөндө мас болуп келип уктап калып, газга уугуп өлүп калган. Кадыр атага жолукпаса өзү ким болмок, кандай тарбияда өсмөк. Азыр элестете албайт. Кадыр атаны айылдаштары Кытай чал дешчү. Себеби 1960-жылдардын этегинде чек ара ачылып Кытайдан кыргыздар келе баштаганда айылга келиптир. Чокчо сакал эки бетинин ортосунан оту жанган, чыкыйган орто бойлуу, баскан-турганы шамалдай тың чалдын турпаты Мыкы үчүн эс тартканда кандай болсо, көзү өткүчө өзгөрбөдү.Мыкыдан бөлөк айылдаштары Кытай чалдын аты Кадыр экенин билишпей да калышты. Болгону Үркүндө Кытайга качып барып ата-энесинен айрылып, ошоякта калып чоңоюп, минтип карыганда жерин издеп келген кыргыздын бир чалы катары өтүп кете берди. Кадыр ата колхоздун кампасын кайтарчу. "Кытай чалда уйку жок. Чычканга кебек алдырбайт", - дешип айылдаштары кампага буудай, жем уурдаганы барышчу да эмес. Кытай чал ичкилик ичпегендиктен мурдагы кароолчулардай бир бөтөлкөгө бир каптан жем алуу да токтогон. Өзү кампанын жанындагы үч бөлмө үйдө турчу. Жаткан кроваты, тамак бышырган газы анан өзүнө жеткендей идиш-аягынан башка ныпым оокаты жок эле. Чал ушул айылда жашаган бир урууга аты-жыты тууган экен. Жаңы келгенде кемпир алып берели десе болбой койгон экен, ошентип жалгыз өзү турчу. Кытай чалдын жашы канчада экенин эч ким билчү эмес. Өзү да так жашын айтчу эмес. Үркүндө 1916-жылы тестиер бала экенмин деп койчу. Короосунда тоок, индук бакчу. 10-12 сотке келген ээн жаткан жерди колхоздон уруксат сурап тосуп алып түрлүү жер-жемиш тикчү. Кытай чалдын огородунда эмнелер гана өспөчү. Бышпайт деген же жөн эле көңүл буруп айдабай жүргөн көптөгөн түрлүү жемиштерди Кытай чал огородуна айдап өстүрө баштагандан кийин, айылдыктар да айдай башташчу. Ким менен болсо да бакылдашып сүйлөшүп кетчү. Шайыр чал бир гана өзү жөнүндө эч кимге, эч нерсе айтчу эмес. Кытай чал менен Мыкы 6-класста окуп жүргөндө эгин сапырганы барып жүрүп, жакын болуп кетти. Эгин сапырганы барган балдардын баары кырманга өздөрү менен кошо тамак ала барышчу. Мыкы гана эч нерсе алып барчу эмес. Алпарайын десе үйдө жарытылуу эч нерсе болчу эмес. Арактан башы чыкпаган апасы нана жасаса да чийки кылып же күйгүзүп таштачу. Бир күнү балдар тамакка отурганда Кытай чал Мыкыны өзүнө чакырды да үйүнө ээрчитип барып чогуу тамактанышты. Мыкы өмүрүндө мынчалык таттуу тамак ичип көрө элек болчу. Чоң табака куюлган тамакты кандай түгөтүп таштаганын өзү да билбей калды. Анда эмне деген тамак экенин да билген эмес. Лагман ичкенин кийин билди. Нанынын даамы да бир башка. Дасторкон толо түрлүү ждемиш, жөн эле көздү алаңдатат. Каалаган тамагын ичи ооругуча ичти. Кытай чал да тим эркине койду. Тамакка тойгондон кийин экөө сүйлөшүп отурушту. Көрсө Кытай чал Мыкы жөнүндө көптү билет экен. Жа дегенде өгөй атасы көлгө чөктүргөнүнөн, селкинчек тебесиң деп күздүн суугунда сыртка селкинчекке таңып, таң аткыча калтырганынан бери билерин айтса Мыкынын оозу ачыла түшпөспү. Көрсө бүт эле айылдаштары билишет экен. Апасы ыйлап-сыктап ар кимге айтчу окшойт. Чогуу тамактанып жүрөлү, келип тур деди Кытай чал кетеринде. Эртеси дагы өзү ээрчитип кетти. Корунуп жүрүп жалтак, тартынчаак өскөн Мыкы өзү баргысы келип турса да, эгер чакырбаса баралмак эмес. Бара-бара Мыкы Кытай чалдын үйүнө конуп да калчу болду. Экөө аябай ынак боло башташты. Эч ким менен чечилип сырдашпаган Мыкы Кытай чалдан эч нерсе жашырчу эмес. Кытай чалга жолукканга чейин жашоо Мыкы үчүн жалаң уруш-талаш, бирин-бири басынтып кордоо, жектешүүдөн тургандай туюлчу. Жашап жүргөнүнө да маани берчү эмес. Жашоо - өмүр деген таттуу экенин, адамдын келечекке койгон максаты болорун, ага жетиш үчүн тынымсыз аракет керек экенин Мыкы Кытай чалдын үйүнө бара баштагандан кийин билди. Кытай чалды Мыкы "ата" деп калды. Ошол боюнча кийин да чын-дилинен өз атасындай көрүп жүрдү. Муну Кытай чал да туйчу. Ата мээримин билбей, атага эркелебей чоңойгон бала ичики сезиминде атасын жоктоорун билип, анын ордун аз да болсо толтурууга аракет кылчу. Арадан жарым жылча өткөндө Кытай чал Мыкыны маңдайына отургузуп алып олуттуу сүйлөп "Менде бир өнөр бар. Ал өнөрдү эч кимге үйрөтпөсөм, өзүмдүн башым менен кетет. Ошол өнөрдү сага үйрөткүм келип жүрөт. Ал үчүн сен менден өнөр окуй баштаганыңды жан адамга айтпашың керек. Өмүр бою сыр сактоо колуңдан келеби", - деди тикирейе тиктеп. Мыкы эч нерсеге терең маани бербей туруп эле "Сиз жан адамга айтпа десеңиз айтпайм", - деди. Анда касам ичели деди да Кытайча дуба окуп эски баштыктан күрөң булгары менен сыртталган кытайча жазылган китепти сууруп чыкты да, эч кимге сыр айтпоо жөнүндө Мыкыдан ант алды. Мыкы күрөң китепти чекесине үч жолу тийгизип ант берди. Ким антты бузса китептин сыйкырлуу күчү өрттөп өлтүрсүн деп туруп Кытай чал колдорун бийчилердикиндей ийрелеңдете булгалап келип алакандарын китептин үстүнө коюп туруп "Фуу-у" деп үйлөгөндө оозунан кадимкидей кызыл жалын алоолоп жомоктогу ажыдаардын оозунан чыккандай ышкырык чыкты. Мындай ды күтпөгөн Мыкынын жүрөгү түшүп калды. Мына ушинтип Кытай чал жумасына үч жолу эки сааттан Мыкыны өнөргө үйрөтүп да, окутуп да баштады. Экөө үчүн бир бөлмөнүн терезелерин сырттан ичкери көрүнбөсүн дешип, ак сыр менен сырдап ташташты. Кытай чалдын үйүнүн тегерегинде башка киши жашаган үй жок болгондуктан, булардын терезени сырдап салганына эч ким да маани берген жок. Ансыз да бош бөлмөнүн полун таза жууп коюшуп, жалаң такта полдун үстүндө чыгыш көнүгүүлөрүнүн ыкмаларын, бийлерин үйрөтүүчү болду. Мурда чыгыш бийлери, чыгыш күрөшүүнүн ыкмалары тууралуу эч нерсе билбеген, анда-санда индия кинолорунан "каратэ", "ушу" деген уруштун ыкмалары болорун көрүп калып жүргөнү болбосо такыр тааныш эмес ыкмалар Мыкынын балалык сезимине дүрбөлөң салып окууга баш-оту менен кирди. Чарчаганын, кыйналганын, денесинин ооруксунганын Кытай чалга билгизбегенге аракеттенүүчү. Окуу учурунда Кытай чал аябай сүрдүү талапкер болуп кетчү. Ар бир туура эмес жасалган кыймыл үчүн жаза алчу. Окуу жеке эле көнүгүүлөрдөн эмес чыгыш элдеринин маданияты, улууну сыйлоо, кичүүнү ызаттоо,окутуучусуна кың дебей баш ийип окуу учурунда талапты так аткаруу, өнөрдү жаман иштерге колдонбоо, алсыздарды коргоо, ырайымсыздыкка каршы туруу, чындыкты дайым баалап, өзүң да чындыкта жашоо өңдүү эрежелер боюнча тарбиялык насааттарды кулагына кумдай куюп, муну турмушта сөзсүз колдонуу керектигин айтчу. Окуунун экинчи жылында Кытай чал Мыкыга кытай иероглифтерин үйрөтө баштады. Баягы ант алганда алып чыккан күрөң китепти кээде баштыгынан алып чыгып окуп калчу. Мыкы кийинчерээк байкады, атасы китептин баштан аяк түшүнбөй жаткансып кайта-кайта окуй берээрин. Китептин сырты булгарыдан, ички барактары болсо кандайдыр бир клей сыяктуу нерсеге катырылган жибек чүпүрөктөй туюлчу. Сыртында жыландын жармысынын тилин соймоңдотуп турган сүрөтү бар болчу. Ар бир тамга кашкая ак сыр сыяктуу боек менен жазылган эле. Айрым барактарында адамдын жылаңач дене түзүлүшү жана миң сандаган чекиттер, айрым барактарында жердин, үңкүрдүн жарымысы жок түшүнүксүз картасы, акыркы барагында жарым каалганын сүрөтү боло турган. Мыкыга кытай тамгасын иероглифти үйрөнүү өтө оорго турчу болду. Тамга окуугуча кандай оор көнүгүү болсо да үйрөнүүгө макул эле. Муну сезген окутуучусу кыжалаттанып көңүл коюусун талап кылчу. Кээде "Сен али мен сага үйрөтөйүн деген өнөрдүн биринчи барагын да үйрөнө элексиң. Бул окуу учу-кыйырсыз окуу. Менин өмүрүм жетпеди. Бир бөлүгүн да толук үйрөнө албадым. Сен тырышчааксың. Эрте да баштадың. Жок дегенде жарымысын окуп үйрөнөр бекенсиң" деп калчу. Секирсе чимирилип барып үйдүн төбөсүн тебе алган, ажыдаарча оозунан жалын чыгарып бир метр алыстан туруп ширеңкенин кабын учура урган окутуучусу ушинтип айтса Мыкынын башы кеңгирей түшчү. "Ата эмне үчүн өнөрүңүздү элге көрсөтпөй жашырасыз", - деди Мыкы бир жолу. Окутуучусу бир топко үнсүз ойлуу отурду да мунун жообун угууга сен али даяр эмессиң. Дагы билимиңди тереңдетишиң керек. Акылыңды да өстүрүшүң керек. Учуру келгенде өзүм айтам деп койду. Кийин чындыгында өзү айтты, бирок толук айтууга жетишпей, сырдын жарымын өзү менен алып кете берди. Мына эми, ошол окутуучусу Кадыр ата айтууга үлгүрбөй калган табышмактуу сырдын түйүнүн чечүүгө белсене киришип, керек болсо бүт өмүрүн жумшаганы турат. Ойлогон ишти баштоого 7200 доллар өтө аз болоорун эсептеп эки жүзүн майда керектөөлөрүнө деп чөнтөгүнө салып 7 миңин катып койду. Спирт, кумшекер саткан балдарды айланчыктап бирөөлөрү менен тил табышып иштешип кетемби деп жүрүп "обүягы" менен таанышып калды. "Обүяк" жалпы спирт саткан топту жөнгө салып башкарып, тиешелүү "кушун" алып тургандан башка да Мыкыга окшогон он чактысына өзүнүн спиртин саттырып, түшкөн акчанын 20 процентин сатуучуларга берип калганын өзү алып турат экен. "Обүяк" жеткен дардаңпоз, кулагы угуп көзү көргөнү ичине жаткырбаган ачык ооз, мактаганды жакшы көргөн өпкөсүн колуна көтөрүп жүргөндөргө кирээрин Мыкы көп өтпөй жакшы билип алды. Шыпылдап ийкем кыймылдаган, айтканды айткандай, дегенди дегендей так аткарган, берсең алган, бербесең сурабаган Мыкы да "Обүякка" жагып калды. Спиртинин көбүн Мыкыга саттырчу болду. Бара-бара спирттин акчасын төккөнү "Борборго" да ээрчитип бара баштады. "Борбор" деп коюшчу башында турган фирманы. Мыкыга машинасын айдатып кийинки кездерде шоферундай уруна баштады. "Мени менен жүрсөң кор болбойсуң. Кыз десең кыз, акча десең акча болот", -деп күпүлдөп калуучу. Тирешкен жерде бир нерсеге жарасаң болду. Бирөө катураак бир муштап койсо чимкиригиң акпайбы? Дене түзүлүшүң түзүк эле, коркок болбосоң болду деп калчу. Күндөрдүн биринде "Обүяк" таноолорун дердеңдете "Кожоюндун сейфинен бир мүшөккө толчудай жалаң доллар көрдүм. Аз жерден эсимди жогото сактапмын. Өмүрүмдө мычалык көп акча көрбөгөм" деп калды. Мыкы ошол замат ишти жыйнаштыруу керек экенин сезди. Узартса кеч болуп калышы мүмкүн. Кечинде адаттагыдай "Шефи" экөө түнкү барга барганда башка бир топтун жигитине "Чалыр көз" деп тийише кетти. Тигил көзү чалыр күрсүйгөн неме экен ооздон ары берип калды эле Мыкы топудай учту. Кежигесинен кармап тургузуп туруп курсакка бир муштап "Кана кайталап койчу эмне дедиң" -дегенде "Байкабай... кечире көр. Мындан кийин сизди дайым байке деп жүрөйүнчү", - деп жалынып жиберди. Топтошуп карап тургандар кыраан-катка каткырып жиберишти. Тигил топтун башчысы Мыкынын "Обүягына" тийишип, "Тили менен көчүк жалагандан башкага жарабаган шофердон бөлөгүн таппай калдыңбы. Мага жакшы төлөсң мыкты жигиттеримден кайрылышам дегенде" кыпкызыл болуп чыңала түшкөн "Обүяк" чалырдын колунда шүмүрөйүп турган Мыкыны жеп ийчүдөй карап басып барып көчүктөн ары бир тепти да экинчи көзүмө көрүнбө. Эркек имиш. Тепкен буттан айлангыр чурку" деп бутун жерге сүрүп сүрүп койду. Ушуну гана күткөн Мыкы көздөн кайым болду. Менмин деп дардаңдап турган жыйырмасын беш минутага жеткирбей таш-талканын чыгара сулатып салуучу жигит атайлап анткорсуганын бири да сезген жок. х х х Кандайча кол салуунун жолдорун мурда эле бир нече жолу караштырып чыгып пландап койгон. Коңшу көчөгө такси менен келди да болжолду жерине токтотуп туруп эгер жарым саатка чейин чыкпасам күтпөй кете бергин" деп эскертип, сураган акчасын алдын ала төлөп коюп караңгыга сиңип кетти. "Операция" ушунча жеңил өтөт деп Мыкы ойлогон эмес. Бийик дубалдан дабышсыз секирип түшүп эшик алдындагы кайтаруучу отурган кичинекей будканын жарымы ачылган эшигинен караса колго көтөргөн кичинекей телевизорду маңдайына коюп алып жыргап секс кино көрүп отурган экен. Артынан дабышсыз келип эки кулактын алдына манжалары менен сайганда башы шылк дей түшүп, коңурук тартып кирди. Аңгыча офистин эшиги ачылып ичтеги кайтаруучулардын бири "Коля" деп кыйкырды да дабыш болбогон соң сөгүнө бери жөнөдү. Кирип келип уктап жаткан Колясын көрүп бир кадам аттай электе өзү полго сулады. Кара көлөкө жылт коюп офистин ичине кирди. Туалеттен чыгып келаткан бирөөсү менен бетме-бет келе түштү. Ал "Эй сен кимсиң" дегенге үлгүргөн жок. Жүрөк тушуна урулган, удаа эле эки кулакка эки колдун алаканы менен урулган соккудан чалкасынан түшүп калды. "Телохранителдер" отурган бөлмөгө киргенде, экөө жанаша отуруп алып видеофильм көрүп отурушкан экен орундарынан жылбаган боюнча уйкуга кете беришти. Биринин мойнуна илинген автоматты алды да "Шеф" отурган бөлмөгө кирип барды. "Шеф" компьютер менен бир нерселерди аябай эсептеп жаткан экен берки маңдайына келгенде араң байкады. Ордунан атып туруп, "Сен кимсиң" деди. - Жан керек десең үнүңдү чыгарбай сейфти ач, - деди үнүн атайлап бузуп киркирей сүрдүү чыгарып. Көздөрү алая түшкөн "Шеф" коркконун билгизбөөгө аракеттенип; - Ушул жерден тирүү чыгам деп турасыңбы? - деди кайраттуу сүйлөй. Кара кийимчен автоматтын оозун чекесине такады да: - Кош бол келесоом - деди. Иштин тамаша эмес экенин сезген Шеф: - Токтой тур, сейфти өзүм ачып бербесем сен шрифтерин билбейсиң. Каалаганыңды бүт ал болгону тирүү калтыр - деди үнү калтырай. - Мунуң акылдуу сөз. Бол кыймылда! - деди Кара көлөкө автоматты тигинин чекесинен алып. Шеф колдору калчылдап атып сейфти араң ачты. Андан аркысын билбейт. Эки кулагынын түбү "тыс" дей түштү да эсинен ажырады. Эсине келсе ак халатчандар тегеректеп туруптур. - Мен кайдамын? - деди эрдин араң кыбыратып. - Ооруканадасыз - дегенди укканда кайра уйкуга кетти. Кара көлөкө тыкан кыймылдап сейфтеги тиреле жыйылган долларлар менен сомдорду ийиндегичи бар сумкасына шыкай салды да ордунан туруп автоматты Шефтин столунун үстүнө таштап шыпылдай басып эшикке бет алды. Темир дарбазаны ичинен ачып шашылбай чыкты да караңгылыкка сиңди. Күтүп турган таксиге келгенде саатын караса туптуура 15 минута убакыт өткөн экен. Таксист да саатын карап алып жылмая жигитке, "Убадага так экенсиң" деди. Жигит үндөгөн жок. Болгону барар жерин айтты. Мыкы эки күндөн кийин гана сумканын ичиндегини санады. 320 миң доллар, 270 миң сом жатты. Мынчалык ири сумманы күткөн эмес. Чындап жүрөгү опкоолжуй түштү. Операциянын ойдогудай жеңил өтүшүнүн себебин Мыкынын так эсебинен мурда да фирмадагылардын бизге "тиш салчулар" бул шаарда төрөлө элек дешип кам санабагандыгынан болду. х х х Республиканын кылмышкерлер дүйнөсүндө чаң тополоң болуп, "Авторитет" атыккандар кайта-кайита чогулушуп, талашып-тартышып алар болсо өздөрүнүн аймагындагы "Обүяктарды" чогултуп кылмышты ким жасаганын издеп жатышты. Эч шыбыш жок. Ал түгүл шектене турган бирөө жарымы да табылбады. Чыр күчөп отуруп "авторитеттердин" атышуусуна айланды. Жарым жылдын ичиндже республика боюнча сегиз "авторитет" атылды. Подвалдарга камалып кыйноо көргөн, дайынсыз жоголгон "Обүяктар" болду. Республикада таасирлүүмүн деген эки "авторитет" аттарын өзгөртүп коңшу республикага качышты. Ички иштер органында иштегендер да жөн калбай, а түгүл түрлүү шылтоолор менен кысым көргөн министр да отставкага кетти. Мына-мына кызматтан көтөрүлөм деп турган Азим тескерисинче бөлүмдүн начальнигинен кылмышкерлерди издөө группасынын тергөөчүсү болуп калды. Жарым жыл изилдеп бир жигит таппаганына ызаланган Азим. "Бул ишти өмүрүмдүн аягына чейин изилдей берем" -деп өжөрлөнүп жүрдү. х х х Мыкы көпкө ойлонду. Астын элестетүү мүмкүн эмес эле. Кандай да болсо Кадыр атанын айтканын, окутуучусунун астындагы шертин аткаруу турду. Ан үчүн Кытай ирреглифин окуганга жетишишип тилин суудай билиш керек. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары чыгыш илимин үйрөтүүнү жаңы баштагандыктан түзүк базалары жок. Жөн эле мезгилин жоготот. Москва, Ленинград, Владивосток мына ушул үч шаардын биринде билим алсам анан кандай да болсо Кытайга өтсөм, калганын турмуш өзү көрсөтөр деп чечти. Чоң жолго чыгардын астында атын өзгөртүп жаңы паспорт алды. Талаа түздө жүргөндө улутумдун аты өчпөсүн деп Кыргыз-Шаа деген атты өзүнө өзү койду. Шаа - деген жыландын пири дегенди кичине кезинде укканы бар. Издегени "Бриллиант жылан" жана анын сыры болгондуктан эмнегедир ушул атты өзүнө ылайык көрдү. Шаанын (Мыкы мындан ары паспортко ылайык ушундай аталат) жүктөрүн текшерген таможнянын өкүлү эки чемоданга салынып, ирээттүү тизилген роза гүлдөрүн көрүп "Бизнестин маданияттуу түрүнө өткөнүң жакшы, бирок үч күндө поезд менен жеткиче соолбой чыдайбы", - деди таң кала тиктеп. - Чыдайт дарылап койдум - деди Шаа шакылдай. Тигил ийнин куушуруп койду да басып кетти. Шаанын максаты гүл сатуу деле эмес болчу. Долларын билгизбей алып жүрүүнүн жолун ушинтип тапкан. Вагондор ордунан козголуп улам күчөп, улам күүлөнүп астыга зымырап жөнөдү. "Кайыр кош тууган жер мекеним" деди Шаа ичинен. Кайрылып качан келери белгисиз. Деги аман кайрылабы же сөөгү белгисиз жерде калабы десең. х х х Кемелдин тергөөсү көпкө созулган жок. Ишти чойгудай ортого түшкөн киши болбоду. "Жеңилдетип кой, кыскартып кой" деп Кемел өзү да бүт күнөөнү жалгыз мойнуна алды. Кошо мушташкандарды "алар мени ажыратам" дешкен деп актап койду. Ошентип эк айдын аралыгында соту бүтүп эркиндиктен он төрт жылга айрылып кете берди. Алгач Молдовановканын түрмөсүнө келди. Анда бир айча отурбай Карагандага айдады. Баш аягы жүздөн ашык киши этап болуп барышты. Бишкектен (Анда Фрунзе деп аталчу) Карагандага жеткиче көрбөгөндү көрүштү. Бир кишилик орунга үчтөн кылып тыгып таштаганы аз келгенсип ар бир станцияга токтошот. Улам эле алардын вагонун үзүп таштап кетет. "Эң баасыз товар биз экенбиз да" дешип түрмөчүлөр үшкүрө күлүп калышат. Ошентип бир күндө жетчү Карагандага төрт күн дегенде араң жетишти. Чилденин чыкылдап турган учуру суук вагондордо бири-бирине ыктап тыгылышкан буларды "суук тийип ооруп калат экен ай, ден-соолуктары бузулат экен ай" дешкен да жок. Түрмөгө түштүң сени адам катары эсептебей калаарын Кемел ошондо билди. Карагандага түн ичинде келишти. Жолдо ит көрбөгөн азапты көрүп араң келишкен эмелер жатаканаларына бөлүнүшөөрү менен эле уйкуга кетишкен. Кемел канча уктаганын билбейт бир учурда "Тургула пахан келатат" деген жоон үндөн ойгонуп кетти да "Пахан эмес нак кудайдын өзү болсо да урдум" деп башын жаздык менен чүмкөп кайра уйкуга кетти. Аңгыча карылуу кол кежигесинен катуу силке тартып туруп "Эмне кулагың каңырышпы" деп кирилдей кайрылды да али көзүн ачып ойгонуп өзүнө келе элек Кемелди беттен аары былч дедире берип калды. Катуу тийген муштумдан ызасы кайнай түшкөн Кемел ордунан илбирстей ыргып туруп, жаткан нарынан жерге секирип түштү. Маңдайында далдайган кавказдык жалжайып күлүп туруптур. "Уйкуң ачылдыбы" деди бейкапар. "Ачылганда да кандай ачылды дейсиң. Менин уйкумду ачкандыгың үчүн, кейпи сен түбөлүк уктайт окшойсуң" деди Кемел оозунун канын аарчып жатып. "Эмне дедиң эси жогум" деп тигил колун созо Кемелдин ээгинен көтөрүп келекелейин деди эле "шак" этип ээгине тийген муштумдан буттары жерден жарым метрче көтөрүлө түшүп барып килейген денеси топтой тоголоно кардын астына тыгыла түштү. "Кемел" деген үндөн артына кайрыла калса дагы бир күрсүйгөн неме бычак шилтеп келаткан экен. Колу менен бычакты катуу кагып жиберип, табарсыкка тепти эле тигинин колунан бычагы ыргып, жан жерин бүрүшүп кармаган боюнча ордунда чимирилип-чимирилип кетти. Так чыкыйга бир урду эле башы менен жер сүзө жыгылды. - Токтоткула! - деген каардуу үн чыкты. Кемелди көздөй жулунуп келаткан дагы эки жигит орундарында туруп калышты. Кемел светтин жарыгынан бою ортодон жогорураак, чымыр денелүү кашка баш кишини эми көрдү. Экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Көздөрү тим эле жыландыкындай заардуу экен. Бөрү тиктешке салып Кемел да жалтанган жок. "Пахан" ушул экенин түшүндү. - Болуптур, - деди тигил өзүнөн-өзү боксерлордун рингасындай болуп ачылып калган ортого кадам таштап. - Биз сиздерге братвалар жаман ой менен келген жок элек. Жөн гана таанышып учурашалы дегенбиз. Бул жактын мыйзамы ушундай. Кемелге жакындап басты. Күтүүсүз кол салып жүрбөсүн деп Кемел боюн жыйрып секирүүчү илбирстей түйүлө түштү да: - Чырды биз баштаган жокпуз. Сиздер баштадыңыздар. Ал эми учурашууга эртең да убакыт табылмак. Ансыз да суук "Столыпинде" (түрмөчүлөрдү ташыган вагонду ушинтип атап коюшат) төрт күн жол жүрүп араң келгенбиз. - Туура, - деди тигил. Экөөнүн көздөрү дагы чагылыша түштү. "Пахан эмес нак кудайдын өзү болсоң да аянышаар жерим калган жок" деген жан кечтиликти окуду тигил Кемелдин көзүнөн. - Сиздер эс ала бериңиздер калган сөздү эртең мененки тамактан кийин сүйлөшөбүз, деди да шарт бурула эшикке бет алды. Чыгып баратып жанында жүргөн жигиттерине тигилерди да сүйрөй чыккыла деди катуу соккудан али толук эстерине келе албай тоңкочуктап жаткан берки экөө жакка башын жаңсай. Алар чыгып кетээри менен чогуу жаткандар Кемелди тегеректей калышты. Бирдарлары "Азамат! Даана жигит экенсиң" десе, бирлери "Бекер кылдың тымызын киши жиберип эми өлтүрүп коюшу мүмкүн" деп чыгышты. Болору болду дешип эшикти ичинен бекем бекитип туруп, жарым сааттан кезек менен эртең мененки подемго чейин күзөтүп чыгышмай болушту. Чогуу келишкен тың жигиттер биригишип эмне болсо да Кемелге арка-жөлөк болуп берүүгө убадалашышты. "Мынча болду эми жок дегенде Пахан болбосоң да экинин бири болууга күрөш. Атың аткыча бүт лагерге бир ай өтпөй союздагы түрмөгө дүңк дей турган иш жасадың. Бул Пахан атактуулардын атактуусу. Кличкасы "Кара жылан" биз болсо сага арка-жөлөк болууга даярбыз", - дешти мурдатан жаткандар. Молдовановкадагы түрмөдөн, түрмө тартиби пахан жөнүндө уккан. Тигил жактын Паханы бир жолу келип Кемелдер менен учурашып "Силер Карагандага, андан Сибирге кетесиңер. Сибир бүт эле түрмө, кайсыл жерине түшөсүңөр, буйруктан. Жылуу кийим алгыла. Ден-соолугуңарга сак болгула" деген өңдүү кеп-кеңештерин айтып кеткен. Бары бир этап болуп кетишчү катуу режимдегилерге, өзгөчө киши өлтүрүп түшкөндөргө ал жерде сый гана мамиле болоорун Кемел билген эмес. Болгону "Паханың" деле катардагы "селсаяк" турбайбы деп койгон. Минтип түн ортосунда келип тургузарын, анысы аз келгенсип бетке муштаттыраарын күтпөгөн. "Мен киши өлтүрүп түштүм. Болгондо да 14 жылга, катуу режим менен. Менин аянар жерим жок. Демек, мени баары сыйлап турушат" деп ойлогон. Түн тынч өттү. Булардын тынчын эч ким бузган жок. Эртең мененки тамак ичилип бүткөндөн кийин шыпылдаган бирөө келди да Кемелди "борборго" чакырып жатканын айтып кетти. Жалгыз жибербейли эмне болсо да чогуу көрөлү дешип тандалган он жигит кошо жөнөштү. Бир этап болуп келген жүздөн ашык кишиге тымызын кабар жиберилди. Сак тургула. Эмне болсо чогуу көрөлү. Жалгыз Кемелди талоонго калтырбайлы деген. Пахан Кемелди отузга чукул жигити менен күтүп туруптур. Экитарап бетме-бет келгенде бирин-бири көздөрү менен ата тиктешип калышты. Сөздү Пахан баштады: - Кемел кел мындай, мага баш ийип, айтканыма көнө турган болсоң тынч калабыз. Анда мен сени жакын жигиттеримдин бири катары кабыл алам. Жок көнбөйт экенсиң күч сынашууга туура келет. Кандай дейсиң сөз сенде деди. - Кемел катарында турган Игорго көз кыйыгы менен карады. Түрмөдөн башы чыкпай келаткан өгүздү да жыга урчудай кейиптенген Игордун кличкасы "Звер" болчу. Оң колун койнуна катып араадан жасалган билектей канжарын мыжып турган эле. - Убада, убада. Коркпо. Биз сени мененбиз. Айткан сөзгө тур деген белги берди "Звер". Бир кдам астыга чыгып, - Менин бир гана талабым бар. Мен экинин бири, так айтканда "Кара жыландын" биринчи телохранители, эгер жаза тайып "Кара жыландын" орду бошосо, ордун ээлеп калуучу адамы болууга гана макулмун. Эгер менин бул талабыма макул болбосоңор күч сынашууга даярмын деди чечкиндүү. Кара жылан кичине ойлонуп үнсүз туруп калды да. - Бул өтө оор талап. Биз акылдашалы. Туура бир сааттан кийин так ушул жерден жолугушалы - деди да артына бурулду. Кемелдердин катарына "тигил тараптагылар отуз беш экен" деп эсептей коюшуп дагы он беш тандалма жигит кошулду. "Кыргызстандан келген бирөө Пахан менен тирешип жатыптыр" деген жаңылык бүт лагерге "дүң" дей түшкөн эле. Жалпы лагердеги абал бир нерсе күткөндөй тынч. Кемел менен мушташса Пахандын оң колу болгон кавказдык жигит мушташат. Жеткен баш кесер. Киши өлтүрүп экинчи жолу түшүшү. Бычак менен мыкты сайышат. Дзюдо күрөшүнүн чебери деген кабар беришти. Эрдин тиштей көгөргөн Кемел муштумдарын кычырата түйүп "Ушул муштумдун кесепетинен түрмөнүн тузун таттым. Эми кор болуп тебелендиде жүргүчө муштумдун кесепети менен өлөйүн же адамча өз ар-намысымды сактап өтөйүн" ичтен өзүнө-өзү шерт берди. Бет алган жагынан кайтпаган албуут долулугу, өжөрлүгү кармап күчү ташкындап чыкты. Туура болжошкон учурда кайра жанагы жерден жолугушушту. Дагы сөздү Пахан баштады. - Кемел эс акылга кел. Менин биринчи адамым болуш үчүн эмгек өтөш керек. Тирешүүдөн өмүрүңдөн айрылып калышың мүмкүн... Кемел тигинин сөзүн бөлө: - Көп акыйнек айтышуунун кереги жок ишке өтөлү. Пахан эми үнүн өзгөртө кыжырлуу чыгарып: - БОлуптур, менин биринчи адамым "Башкесер" менен чыгасың. Бул жерде эреже жок. Максат жеңиш. Өмүрүңөргө эч ким кепил болбойт. Өлсөңөр өз ажалы менен өлдү деп ушул жерде тургандын баары күбө өтүп коебуз. Кана эмесе ортого чыккыла да баштай бергиле. Эскертип коеюн эки тараптан тең ортого түшүп эч кимдин болушууга акысы жок. Ким болушууга аракет кылса мына бул канжар жүрөгүнө кадалат деди да узундугу карышча келген канжарды жанындагы столбага сайып койду. Кемел күрмөсүн чечип свитерчен болду. Баш кесер белине чейин жылаңачтанып жиберип "Хаа-а" деп кыйкыра ортого секирип чыкты. Бою Кемелдикинен пасыраак, кейпи 1,84-1,85 болсо керек, көкүрөгүндө бычактын тырыгы бар. Чымыр денелүү неме экен. Кемелдин бою 1,90 эле, салмагы 90 кг. мушташчу. Кантсе да түрмө менен санаа бир аз аздырып койгону болбосо формасын жогото деле элек болчу. Жакын келген Игорь унчукпай туруп Кемелдин светерин чечип белине чейин жылаңачтады да "Тигинин дзюдис экенин унутуп койдуңбу. Колуна илинбегенге аракет кыл ме муну белиңе илип ал" деп шыбырай белиндеги шап бычакты куру менен кошо чечип Кемелдин белине байлады. Тигинин да белинде чоңдугу ушунча бар бычак салпактап жүргөн эле. "Дагы эскертейин колуңдан келсе жайлап сал. Тирүү калтырсаң акыры түбүңө жетет. Булар өжөр эл болот" деп шыбырай далыга таптап ортого чыгарды. "Муштумга бир кептелсең жаның калбайт го" деди Кемел да ичинен. Экөө ортодо бука тооруш кылып бир айланып чыгышты да бирин-бири качырып сала беришти. Тигил илбирстей секирип келип Кемелди муштум шилтетпей дзюдонун ыкмасына салып көтөрүп урсам деди эле. Кемел шарт буйтап баратып көкүрөккө, карууга, кулактын астына, удаа үч жолу муштап өткөнгө үлгүрдү. Муштумдар көздөгөн жерге жетпесе да тигинин көзүнөн чаар чымын учуп, муштум эмес темир тийгендей боло түштү. Өжөрлөнө түшүп канжарын сууруп алды. Кантсе да биринчи чапчышууда үстөмдүк алып эрдемсий түшкөн Кемел белиндеги канжарды куру менен чечип алып "Игорь тос" деп ыргытып жиберди да тигини жалаң муштум менен качырып сала берди. Аскерде "атайын бөлүктө" кызмат өтөп жүргөн кездеги машыгуу учурунда Кемелге бир эмес экөөлөп канжар менен качыргандар да көздөгөнүнө жетчү эмес. Атайын бөлүк деген атайын бөлүк, жанды коргоого жана душманыңды жок кылууга үч жыл ичинде мыкты эле каныктырган. Экинчи качырышууда бычак шилтеген тигинин колу аркасына кайрыла түштү да боор тушка муштум менен кыска сокку жеди. Эси эңгирей түшүп өзүнө келгиче экинчи сокку табарсыкка удаа эле ээке тийди. Колунан бычагы ыргып көмөлөнүп түштү да кандайдыр бир айбаттуу үн чыгара дагы "Ха-а" деп ыргып тура калды. Болду окшойт деп турган Кемел тигинин ачуу үнүн укканда өзүн кармай албай калды. Кайрат кылганы менен коргонууга жарабай калган неменин чыкыйына оң муштуму ошол эле маалда бооруна сол муштуму кадала түштү. Тигил ыргып барып башы карга сайыла түштү да оозунан кан атып кетти. Кемел дагы турабы деп күтүп калды эле тигил тараптан чыккан бирөө тамырын кармап көрүп колун кайчылаштыра "Жан таслим" болуптур деген белги берди. Тегеректегендер Кемелди үрпөйө карап калышты. Адамды муштап өлтүрүп койгонду көрүшө электер бар эле. "Дьявол" деди бирөө күбүрөй. Кемел ошентип ошол жерден "Дьявол" деген кличкага ээ болду. Күтүүсүздөн эле Пахан чечинип кирди. - "Дьявол" иш тескери айланып калды экөөбүз да күч сынашпасак болбойт". Ар бирибиздин ордубузду так ажыратып алалы. Болбосо сенин даңкың менин кадыр-баркымды да басып салат деди да, ортого чыга келип, кандайдыр бир бийди бийлеп кирди. Карда жылаңайлакчан болуп бут кийимин чечип койду. (Анда чыгыш күрөшүнүн түрлөрү болгон, ушу, каратэ өңдүүлөр союздун аймагында тыюу салынып элдин бул ыкмалар жөнүндө түшүнүгү жок болчу). Кемел чыгыш күрөшү тууралуу "атайын бөлүмдө" кызмат өтөп жүргөндө бир топ уккан. Өзү да жашыруун тренери менен машыгып калчу. Чыгыш күрөшүнүн чеберлерине өздөрүндөй гана чеберлер туруштук бербесе өтө коркунучтуу болоорун далай эшиткен. Чыгыш күрөшүнүн бийин бийлеп жатканын шак түшүндү да илбирстей ийилип сак болуп калды. Экөөнүн кармашы көпкө созулду. Муштумдар да буттар да мерчемдүү жерге даана тийбей аба жарып ышкырып өтүп жатты. Кемел чарчай баштады. Кантсе да үч айдан берки көк шорпо алын соруп койгон эле. Тигинин бою 1.80че келип Кемелден бир топ пасыраактай көрүнөт. Жашы кыркка таяп калса да жап-жаш жигиттей чапчаң. Кар үстүндө мышыктай секирип, жыландай туйлап жүрөт. Оңтой келгенде Кемелдин муштуму чыкыйга шак дей түшкөндө эки метрче учуп кетти да кайра түйүлө секирип тура калды. "Кантсе да кеңгирей түштүң болуш керек" деп тынчтана түшкөн Кемелдин кежигеси не тигинин согончогу шак дей түштү. Эсине толук келгиче экинчи согончогу чыкыйына тийгенде бети менен кар сугуна кулады. Ордунан тамтаңдап турганы менен эсине толук келалбай жер айланкөчөк атып жүрөгү айланып кускусу келип чыкты. Каражылан түз тура албай темтеңдеген Кемелди кичинеге тиктеп турду да шыпылдай басып келип "Дарман кандай!" - деп көкүрөгүнөн алаканы менен түртүп койду эле Кемел көчүгү менен шалак деп карга отуруп калды. Каражылан Игорду чакырды да Кемелди кайра алпарып жайгаштырышты, жанына беш жигит алып күнү-түнү жанынан чыкпай кайтарышты. Кыскача түшүндүрүп тапшырды да Кемелди колунан тарта кайра өзү тургузуп туруп "Менин биринчи ишенген жигитим болушуң менен куттуктайм. Өз ордуңду нак эмгегиң менен татыктуу жеңип алдың. Селсаяктар уктуңарбы. Дьяволду эсиңерден чыгарбагыла. Баарына кулактар кылып койгула!" - деди да басып кетти. Игорь Кемелди кучактай "Жеңиш биз жакта. Эми адамча жашайбыз. Түрмө азабын тартпайбыз" деп шыбырай сүйлөдү. Кемелди Игорь баш болгон жигиттер мындан ары жашай турган жайына алпарды. Төркү бөлмөдө Пахан өзү жалгыз жатат экен андан кийинки бөлмөдө Кемел менен Игорь жайгашты. Атайын тамак иче турган, эс алып отура турган бөлмөлөрү өзүнчө лагердегидей нар эмес диван кроваттар коюлган. Диван креслолор коюлган. Таптаза акталган жайды көргөндө Кемел түрмөдөн чыгып үйгө келгендей боло түштү. Бир жумача Пахан Кемелди эс ал өзүңө кел деп эч ишине аралаштырган жок. Эртеси эле түрмөнүн склад башчысы келип Кемел менен Игордун размерлерин алып кетти да эки сыйра жапжаңы кийим өтүгүнөн бери апкелип берип, эскисин алып кетти. Тамакка жалпы түрмөчүлөр ичкен ашканага барышпайт экен. Турган үйлөрүнүн бир бөлмөсүндө даярдап берет. Эми тамактын түрүн айтпа. Эмне кааласаң турат. Эркиндикте жүрүп да Кемел мындай түрлөп тамактанчу эмес. х х х Арадан эки жумача өткөндөн кийин Пахан Кемел менен жай отуруп сыр бөлүштү. "Эки айдан кийин Сибирге которулабыз. Эчак которулуш керек эле мен үч айга ушул жерде болууну сурангам. Ал жактагы зоналар бири-бири менен бекем байланышта. Ар бир зонанын өз Паханы болгону менен жалпы баары биригип келип баш ийген бирөө бар. Ал жеке эле бүткүл Сибирдеги түрмөлөрдү эмес кылмышкерлер дүйнөсүн да башкарат. Биз бул жактан этап болуп барганда мына ошол адам менен беттешебиз. Анын ордун алыш үчүн мен түрмөгө түштүм. Ортодо сен чыга калып ишти татаалдаштырып жибердиң. Мен өзүмдүн жанымда дайыма жүрө турган жана мен үчүн өмүрүн кыйууга даяр жигиттерди топтодум эле. Эми минтип бузулуп отурат. Сен эми мени менен ысык-суукта дайым чогуу болгон, эч убакта сатып кетпей турган ишенимдүү жигитим боло аласыңбы маселе ушунда турат" деп ойлонуп отуруп калды. Кемел кичинеге үнсүз турду да "Мен сизге азыр мен сизди өмүр бою сатпайм, ишенимдүү адамың болом" деген күнүмдө да Сиз ишене койбойсуз. Ал түгүл өз сөзүмө өзүм да ишене албайм. Анткени мен сиз жөнүндө эч нерсе билбейм. Сиз мен жөнүндө толук билбейсиз. Таанышканыбызга эки жумадан аша элек. Бир гана ишенимдүү айтарым тигил зонага которулуп барганыбызда мен сиз тарапта болом жана сатып кетпейм, бул менин эркектик сөзүм. Калганын турмуш көрсөтөт" - деди. Пахан экөө тиктеше түштү. "Рахмат. Чындыкты айттың. Менин бир билгеним буйтактатпай чындыкты бетке айта алгандар сатып кетпейт" - деп Кемелди далыга таптай ыраазычылыгын билдирди. Ошол күндөн баштап тандалган отуз жигит күн сайын 4-5 сааттан машыга башташты. Машыгууну Пахан өзү өткөрчү болду. Кемел менен элден бөлөк өзүнчө да 2-3 сааттан машыгат. Кемелге чыгыш күрөшүнүн ыктарын үйрөтөт. Кемелдин өзгөчө бөлүктө кызмат өтөп жүргөндөгү үйрөнгөн ыктарына шамдагайлыгына, тубаса кара күчүнө ыраазы болуп жүрдү. Эки ай бүтүп этап болордун акыркы күнү машыгуудан кийин Кемелдин далысынан таптай "Сени мага кудай жиберген окшойт балким тигини өзүң эле сулатып бүт ишти чечип коерсуң" - деди жылмая. Бара көрөлү деди Кемел тартынбай. Эки айдын ичинде эле мыкты тамактануулардан жана тынымсыз машыгуудан жаш организми баягы чемпионаттарга катышып жүргөндөгүдөй формасына келип өзүн толук кайраттуу сезип калган эле. - Күрөш оңойго турбайт. Сөзсүз кан төгүлөт болуш керек. Мени менен беттешээрин билип ал да үч айдан бери тынымсыз даярданып жатат. Анын биринчи телохранители алтымыштарга чыгып калган калмак чал "Чагылган" деген атына жараша чыныгы кан ичээр. Чыгыш күрөштөрүнүн жеткен чебери. Ошол чалды жеңсек калганы жеңилге турчудай. - Алтымыштагы чалды кантип жеңбейли. - Эч убакта антпе, чыгыш күрөшүндө жетимиштеги чалдар жыйырма бештеги менменсинген жигиттердин жилигин үзүп койгон учурлары өтө көп. Эмитен эскертейин ал чал менен сен беттешесиң. Өзгөчө аяр болбосоң сенин жаштыгыңды, аңкоолугуңду пайдаланып, өлөсөлү чал болумуш болуп туруп сенин жүрөгүңдү үзө урушу толук мүмкүн. Бир эле мисал: өткөндө экөөбүз мушташып жатканда мен атайлап сенин муштумуңду чыкыйыма кое бердим. Чындыгында муштум чала тийди. Эсим оой түшкөн кейипте сендиректемиш болуп калсам сен түйүлгөн боюңду жайып жибердиң да менин соккуларымдан коргоно албай калдың. Чыгыш күрөшүндө мындай куулук өтө көп. "Ушул чалды деп теңсинбеген мамиле жасасаң эле жеңилдим деп эсептей бер" деген өңдүү көптөгөн насааттарын айтты. х х х Кудай пендесине чексиз акыл-эс берип жаратып жатканда эртеңкисин, келечегин болжоп билбесе, так билгизбей биринен кем кылып койгону менен адамдын жашоого болгон кызыкчылыгын арттырган тура. Болбосо эртең, бир жылдан кийин, он жылдан кийин эмне болоорубузду так билип, өз тагдырыбызды өзүбүз көрө билгенде жашоонун кызыкчылыгы болмок эмес экен. Тагдырыбызга эмне жазылганын билбей астыга максат коюп, ага жетем деп жулунганыбыз менен биздин күнүмдүк жашообуз кызык экен го. Кудай пендесинин жүрөгүнө улуу үмүттүн отун салып аны жакшылык менен байланыштырып койгондуктан башына кандай гана кыйынчылыктар түшпөсүн, жана ооруп кандай гана кыйналбасын тириликке умтулат тура. Мына ушул улуу үмүт отунун жакшылык менен байланышы үзүлүп өчкөндө жан денеден оңой чыгып кетет окшобойбу. Ошондон улам элде "үмүтүңдү үзбө" деген кеп айтылат экен да. Муну Кемел түрмөнүн даамын татып жүрүп көп ойлонду. Кече эле эркиндикте жүргөндө өзүнүн келечегин миңдеген көрүүчүлөр толгон залдарда булгары мээлейчен даңкка бөлөнүп жүргөнүн элестетчү. Машыктыруучусу да делебесин козгоп "Сенден дүйнөнү дүңгүрөткөн боксер чыгат. Сенин келечегиң укмуш" деп калчу. Кана эми ошонун бири жок бытчыт болуп кетти. Үмүт болсо дагы деле алдыга сүйрөп астыдагы түпсүз караңгылыктан жарык изде дейт. Аракет кылып жанталашсаң бир жолун табасың дейт. Эх дүйнө ай табышмагың түгөнбөс. х х х Катачылык кетирсе өзүн-өзү кечире албай бир топко кыжалат болмой адаты бар Азият Протезге алданганы үчүн жанын коерго жер таппай күчүн жигиттеринен чыгарып кууруп-ууруп айлап тинтип издетсе да эч жигин таппады. Ошондо да тымызын издеттирүүнү токтоттурган жок. Протез тирүү турган кезинде Азияттын өзү менен соодалашкандай эгер ылайыктуу адам чыгып калса "Бриллиант жыланды" Азияттын үстүнөн соодалап жиберишин толук күтүүгө болот. Азияттын билишинче "Бриллиант жыландын" сары изине түшүп издегендердин бири жыландын сыры жазылып эки бөлүнгөн китептин ээлери. Демек астыда эки максат. Бири жыландын сыры жазылган эки китепти тең табыш, экинчиси Протезди колдон келишинче эртерээк таап көзүн тазалаш. "Бриллиант жыланды" көрөрү менен өмүрү жыланга байланганын туйду. Жылан колунда турса жашайт. Эгер колдон чыкса өмүрдөн да, байлыктан да, баарынан айрылат. "Бриллиант жылан" Азиятка чейин да нечен менменсинип чиренгендердин бүт байлыгын, өмүрүн, укум тукуму менен оп тартып тыптыйпыл соруп кете берген. Азияттын буга акылы жетип турду. х х х Азият кытайда иштеп жүргөн жылдарындагы "Бриллиант жылан" жөнүндөгү уккандарынын баарын майда-мүчдөсүнөн бери эстөөгө аракеттене баштады. Жылан ошондо эле Казакстанда же Өзбекстанда экенин уккан. Ал эми китептер жөнүндө жарытылуу эч нерсе укпаптыр. Анда терең маани берип кызыккан да эмес. Кытайда легендалар көп айтылат. Ошолордун бири катары гана кабыл алып койгон. Эми эски байланыштарына чыгып тымызын иликтетүүнү кайрадан башташы керек. Ал үчүн ишенимдүү жигиттеринин бирин Кытайга жибергени оң болгон турат. Сейфтен калың папканы алып чыкты да өзү гана түшүнө турган кличкалар жана шрифтер менен толтурулган жигиттеринин "жеке өмүрүнүн баракчаларын" шашпай окуй баштады. х х х Тагдырдын тамашасын кара Азияттын жигит Хэ-Чан аттуу кытай бардык жагынан кынтыксыз дайындалган документи менен Кытайга өткөндө Хун-Ли аттуу кытай гражданинин Кыргызстанга өттү. Экөөнүн тең издегени бир гана нерсе. Жыландын сыры катылган китеп. х х х Хун-Ли атымыштан өтүп калганы менен баскан турганы жаш жигиттердей тың шыпылдаган, орто бойлуу чымыр денелүү кытай. Алтындын буусуна карматылган алкактуу тегерек көз айнек тагынып алган. Чыныгы жашын билгендер Лиге элүүнү араң бергидей. Кырк жылдан ашык өмүрүн жалаң Бриллиант жылан менен анын сыры жазылган китепти издөөгө жумшады. Жанына тынчтык бербеген бул түйшүккө түшүнүүнүн себеби китептин экинчи бөлүгү Лиде. Билишинче жетинчи атасынан бери колдон колго өтүп келатат. Китеп бир нече жолу бириге турган болуп, бирок адамдагы эң кымбат нерсени бири-бирине ыраа көрбөө кызганычынан экиге бөлүнүп ортодо кан төгүлгөн салгылашуулар жүргөн. Кийинки жүз жылда таптакыр дайны чыкпай кеткен китептин бөлүгүн издөөдө, сары изине чөп салып тынымсыз аракеттенип жүрүп Ли акыры анын Кадыр аттуу кыргыздын колунда экенин, Кадыр болсо эртедир-кечтир китепти издөөчүлөр аны табышаарын билип жашы картайганда Кыргызстанга өтө качканын так билгендиктен Кыргызстанга келип отурат. Ли үчүн Кыргызстанга келүү анчалык деле оорго турган жок. Кытайдын жеке ишканалары чыгарган майда товарларды соодалаган бизнесмендерге кошулду да катардагы коммерсант болуп келе берди. Кыргызстанга келери менен айылдардан жүн, тери чогулткандарга кошулуп кыдырып кетти. Ли кыргыздар уруу-урууга бөлүнөөрүн, уруулар өз-өзүнчө аймактарды ээлеп чогуу жашаарын, бири-бири менен байланышта болушаарын окуп үйрөнгөн. Жыл айланбай Кадыр чал жашаган айылда да тапты. Тилекке каршы Кадыр чалдын өлгөнүнө беш жылдын жүзү болуп кеткен экен. Кадыр чал турган мурдагы үй азыр май чыгаруучу чакан завод болуп калыптыр. Ли айылдан кетпей көпкө байырлады. Өзүн Кадыр чалдын Кытайда жүргөндөгү жакын досу элем деп койду. Канчалык астыртан сурамжыласа да китеп жөнүндө эч нерсе уга албады. Кадыр акыркы жылдары Мыкы деген жетим баланы өзүнө үйүр кылып көп жардам берип жүргөнүн уккандан кийин иштин жайын түшүндү. Кылымдардан бери өчпөй келаткан сырды Кадыр өзү менен ала кетиши мүмкүн эмес. Демек китеп Мыкынын колунда. Мына жетем мына жетем деген сайын жаны жай таппаган Ли Мыкыны Бишкектен табам го деген тилеги таш капты. Кумга сиңген суудай дайынсыз. Кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүн ондогон жылдар бою окуп үйрөнгөн Ли Мыкынын айылдаштары, классташ теңтуштары, акыры жок дегенде бир тууган карындашы аркылуу болсо да табам деп ойлогон. Акыркы үч жылдын ичинде Мыкы тууралуу эч кимиси эч нерсе билбейт экен. Бир тууган карындашы болсо буркурап ыйлап тирүүлөй айрылдым, милицияга издөө салдырсам да дайынсыз дейт. Эч арамдык ойлобогон, эмнени болсо ачык айткан кыргыз улутунун өкүлдөрү таза чындыкты айтып жатышканын Ли туюп турду. Кадыр чал бекер чал болбогонун, Мыкыга көп нерсе үйрөткөнүн, китептин баасы өмүрүнө тете экенин Мыкы жакшы билерин Ли түшүндү. Жүрөгү сыздап ооруп жумалап өзүнө келе албай жүрдү. Лини ооруткан бир гана нерсе Мыкынын жаштыгы, өзүнүн болсо жетимишке жашы таяп картайып бараткандыгы болчу. Мыкыны издөөнүн кереги жок экенине да түшүндү. Тескерисинче эми Мыкы Лини өзү издеп келмек. Шашылыш кайра Кытайга барып Мыкыны тосуп алуу үчүн даярдануу керек. Күнбү-түнбү пайда болушун күтүү керек. Балким Мыкы мунун сыртынан аңдып таптакыр алсырап картайышын күтүшү да мүмкүн. Ушул кезге чейин өзүндөгү китепти кимге калтырарын, мураскорун таба элек. Өзүнүн уулдарынын ичинен татыктуусу жок. Күнүмдүк жеңил акчанын артынан кубалап кетишти. Эмне кылар айласын таппай келатты. Жалгыз ишенери кызы. Кызына калтырайын десе мурас боюнча кызы үй-бүлөөлүк кызыкчылыктан мурастын кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Аял кишинин бактысы үй-бүлөөдө. Эне болушта. Кызынын бүт өмүрүн түйшүккө салып бактысын бузабы. Эгер эркек болгондо иш башка эле. Татыксыз уулдарына калтырса көзү өтсө ким биринчи акчанын же алтындын четин кылтыйтса ойлонбой туруп сатып жиберишет. Эгер өмүрлөрүнө коркунуч келсе "Китебиди ал. Жанымды калтыр" дешет да кармата беришет. Эң башыкысы ооздору ачык. Көрүнгөн жерде келжирей беришип өздөрүн-өздөрү салып беришет. Кытайга кайтып бараткан жолдо Ли так ушундай татаал суроолорго баш катырып баратты. х х х Экиге бөлүнгөн китептин ээлери Бриллиант жыланды эмес бири-бирин издегенинде сыр бар эле. Эки китептин тең биринчи барагында "Экиге бөлүнгөн ушул китепти бириктирген адам бүткүл адам затындагы, жер алкагындагы, улуу сырдын гана эмес биздин ыйык күндүн нуру астында ааламды байланыштырган укмуштуу сырынын ээси болот. Ааламдын биз жер деп атап жүргөн бир жылдызынан бүткүл жаратылышына өзгөртүү киргизет. Ал адамдын жана анын укум тукумунун аты 18 миң ааламга белгилүү болот. Китеп бириккен күндөн баштап буга чейинки эч бир илим-билимге белгисиз, адам баласынын акылы жете элек жети сыр ачылат. Китеп бириккен күндөн баштап өзүндөгү сырдын ачылышы менен калган II сырды ачуучу ачкыч катылган бриллиант жыланды өзүнө кудуреттүү күчү менен тарта баштайт. Үч жыл аралыгында бриллиант жылан китептин ээсинин колуна келет. Андан эч ким тартып алалбайт, эч ким тоскоолдук да кыла албайт. Калганын өзүң окуп күбөө болосуң", - деп жазылган. Балким бул кытай тилинде мындан да окумдуу, мындан да сырдуу туюлар. Кыскасы китептин ээлеринин бриллиант жыландан мурда бирин-бири издеп жүрүшүнүн түйүнү ушунда болсо керек. х х х Белгиленген күн келип Кемелдер Сибирге этап болушту. Пахан баш болгон алтымыштан ашык жигит кадимки эле жүргүнчүлөр түшүүчү вагон менен барышты. Кайрадан "Столыпинге" түшөбүз го", - деп жүргөн Кемел Пахандын кадыр-баркына мына ошондо баа берди. Барышкандан кийин эки жумадан ашык орун талашкан эки Пахандар жалаң гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты. Экиден гана телохранителдери менен келишет да терезелери жок бир гана эшиги бар эки орунтук бир столдон башка эч нерсе коюлбаган дубалдарына да эч нерсе илинбеген атайын даярдалган бөлмөдө эч кимди катыштырбай көзмө-көз сүйлөшүшөт. Эч кандай кагаз-калем да жок жалаң сөз гана. Экөө тең тамеки чекпейт, нашаа тартышпайт. Үч-төрт саат бою эмне сүйлөшүшөт сыртта турган төртөөнө ичинен да сыртына да калың каптама урулган эшиктен эч нерсе угулбайт. Отураар орунтук да жок тикеден тик турган төртөө ооздогу бөлмөдө канча болсо да күтүшөт. Күткөндө да ар бир секунданын өтмөгү тозок болуп бири-биринен көздөрүн алышпай аңдышып, кулактарын ич тараптан албай тыңшап, кандай кабар угулуп калат деп күтүшөт. Бири-бири менен да сүйлөшүшпөйт. Сөзгө алаксыса ичтен чыккан буйрукту укпай калуулары мүмкүн. Бул өмүрдөн айрылганга тете. Ар бири жакшы билет ажал кылычын жалаңдатып "Кимиң колума илинер экенсиң" деп айланып кетпей жүргөнүн. Тамашалашчу чак эмес. Кемел мурда уккандай тигил Пахандын биринчи телохранители калмак экен. Алтымыштарга чыгып калган деп айтууга мүмкүн эмес. Шыңга бойлуу какчыйган адам экен. Чачын жалтырата кырдырып койгон. Чекесиндеги кабат-кабат бырыш гана жашы өтүп калганын билгизбесе сурмалуу көздөрүнүн тереңинде кареги илбирстикиндей жылтылдайт, ичке кара муруту ээгине жете салаңдап турат. Денесинде бир да ашык эт жок сөөктөн жана тарамыштан тургандай. Басканы жепжеңил буту жерге тийбей эле каалгып бараткансыйт. Бою 1,75тин тегерегинде болгону менен салмагы көп болсо 70 килограммча болсо керек. Колдорунун сөөктөрү шадылуу келип муундарынын сырты чор болуп чокмороктошуп турганы бетон дубалды же ташты жалаң муштуму менен муштагылап машыгарын айгенелеп тургансыйт. Мистейген дайыма бир калыпта өзгөрүүсүз турган өңү сүрүнө сүр кошот. "Ак аюу" аталган тигил Пахандын өмүр бою жандап жүргөн жигити болуп келатыптыр. Түрмөгө да дайым чогуу түшүп чогуу чыгышат экен. "Ак аюу" кличкасына жараша күрсүйгөн адам экен. Бою эки метрче бар. Далылары көмкөргөн эки казандай, ар бир колу өзүнчө эле күрөк. Моюну буканыкындай болуп билинбейт. Болгону жашы өтүп калыптыр. Алтымыштан ашканы билинип, эти оор тартып семирип кеткен. Салмагы 130-150 килону жөн эле басчудай. ошондой да кыймылдаганы тың. Көздөрүн жүлжүйтүп тиктеген адаты бар экен. Биринчи жолукканда Кемел менен "Каражыланды" алмак-салмак тиктеп турду да акырын күрсүнүп койду. "Аттиң, жаш кезим болгондо экөөңдү тең өзүм эле жайламак экенмин" деп арман кылды көрүнөт. Акыры эки Пахан бир чечимге келишти. Ишти тынчтык менен бүтүрүүгө болбой каллды. "Чагылган" аталган калмак телохранители менен Кемел мушташа турган болду. Мушташ бир жагы жеңилдим деп багынмайын, же өлмөйүн улантылат. Эгер кимиси жеңсе Пахан жеңген телохранитель менен мушташууну же жеңген тараптын талаптарына көнүүнү өзү чечет. Телохранителдердин экөө тең иштен чыкса Пахандар чыгат же өз ара келишимге келишет. Көпчүлүктү аралаштырып ашыкча кан төгүүнү эки тарап тең каалабады. Эрөөл үч күндөн кийин атайын даярдалган жайда өтө турган болду. Куралдан экиден бычак гана алууга шартташышты. Беттешүү учурунда эрөөлчүлөргө эки тараптан тең эч ким болушпайт. Кошумча курал бергенге же өзү менен ала чыкканга да болбойт. Аталган шарттарды бузган тарап катуу жаза алат. Кыскасы жеңилгенге тете. Пахандар жетиден гана жигит ээрчитип барышмай болушту. "Каражылан" Кемелди кайрадан дайындай баштады. Дайыма өзү менен ала жүргөн догдурун чакырып Кемел мурда өмүрүндө укпаган да билбеген иш жасатты. Жука үлбүрөгөн түзсүз пластинканы Кемелдин көзүнүн ички айланасын ченеп чыгышып тууралап салышты. Кемел көзүн ачып жуумп көрүп кичине-кичине кирпиктери кычыштыргансыганды сезбесе эч нерсе сезген жок. "Эмнеге" деген суроосуна "Чагылган" өзү менен бел куруна катып түзсүз дары ала чыгат дейт. Эгер жеңилип баратса ошол дарыны каршылашынын көзүнө чачып жиберет экен тигинин көзү көрбөй калганда оп оңой гана өлтүрүп кете берет - дейт. Дары өтө түзсүз жана чаң сыяктуу майда болгондуктан алысырактан карап тургандарга көрүнбөйт дагы экен. Мына ошондуктан астына ала дайындандым эле. Пластинка сенин карегиңе дары өткөзбөй сактайт. Калганын өзүң да аарчып алууга үлгүрөсүң. Эң башкысы эгер дары чачса көзүң көрбөй калгансып кууланып кал да жакын келгенде мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Үч күнгө чейин көзүң пластинкага кадимкидей көнүп калат - деди. Куулукту-арамчылыкты жининдей көргөн Кемел турмуш-жашоо жалаң карандай чындыктан турбасын түрмөгө түшкөндөн бери түшүнө баштаган. "Каражыландын" айтканыны үнсүз макул болду. Убакыт келип беттешүүгө чыгарына үч саатча калганда догдур дагы келип көзүндөгү пластинканы дагы бир сыйра кылдат текшерди. Кемел чын эле көзүндө эч нерсе жоктой болуп көнүп калган эле. Анан канына "Каражыландын" көзөмөлдөсү менен бир дары куйду. Мындай дары күчүнө эки эсе күч кошуп, чарчатып-чаалыктырбасын уккан. Беттешүү түбүн бетондоп туруп сырдап койгондон башка эч нерсе жок спорт залда өтө турган болду. Көрүүчүлөр экинчи кабаттагы балкондо турушмакчы. Экөө ичкери кирери менен эшик бекитилет да эки тараптан экиден төрт жигит кайтарып турат. Пахандар эки карама-каршы балкондо жетиден жигиттери менен отурат. Түрмөлөрдүн начальниктери баш болгон отузга чукул адам өзүнчө балкондо. Беттешүү жөнүндө эчак угулгандыктан өтө жогорку даражадагы аскер кызматындагы кызыктар көрүүчүлөр да . Белине чейин чечинип жазы кайыш курга узундугу билектей болгон бычактарды байлап жатканда Кемелдин каны дүргүп жүрөк опкоолжусу жок болуп кыжырлануусу күчөп тезирээк беттешүүнү самай баштаганын туйду. Кейпи дары боюна тарап өз таасирин бере баштады көрүнөт. Каражылан Кемелди машыктырып жүргөнүндө көп айтчу: "Чагылган" канткен менен да картайып калды. Эң башкысы коргоно бил. Алгачкы соккуларына туш болбой буйта. Чарчатып алын кетир. Ал беш кышты катарынан коюп туруп бир уруп сындырган желмогуз. Таамай соккусу тийсе башың бычырап кетет. Эң башкысы өзүңдү-өзүң алдап мен кыйыныраак көрүнөм деген жаман делөөрүгө алдырба. Душманыңдын жаны үзүлмөйүн же колун көтөрүүгө дарманы келбей жеңилдим демейин ар кыймылына сак бол, - деп какшачу. Бүгүн да адатынча беттешүүгө чыгарып жатып болгон акылын үйрөтүп жатты: "Чагылган" беттешкен адамдарынын колдорун каруусунан, буттарын томугунан сындыра уруп кыймылсыз кылып туруп, эки көзүнө манжаларын батыра уруп оюп алып же кежигеги коюп, оозу ачыла түшкөндө колун оозуна тыгып туруп тилин бурап жулуп алып өлтүрмөй адаты бар. Сенин көзүңө дары чачканда көзүң көрбөгөн кишиче сендиректей түш да оңтоюн келтирип туруп бычакты жүрөгүнө ур. Муштумуңа ишенбе. Муштумуңдун соккусу буканы өлтүрө урганга жараган күндө да "Чагылган" эч жапа чекпей топчо ыргып кетип гана кутулушу мүмкүн, ушуну эсиңен чыгарба - деди. Белдерине чейин жылаңач, курларына экиден бычак байланышып, жука трико кийген экөө ортого чыгышты. Алгач тооруша бири-бирине үч метрчелик алыстыкта айланып чыгышты. Чагылгандын бүткөн бою бүт тарамыш экен. Бийчилерче бутунун учу менен басып жүрдү. Чабуулду "Чагылган" баштады. Кии-иаа! - деген ачуу үн менен үч метрче алыстыктан бүргөдөй секирген тигинин буттары шуу деп Кемелдин башынан өттү. Эңкейгенге араң үлгүрдү. Жерге буту тиелекте экинчи-үчүнүчү соккулар башталды.Колдору кылычтай зып-зып десе, буттары көзгө илешпейт. Кемел апкарый түшүп барып өзүнө келди. "Каражыландын" айткандары чындык экенин, өтө сак болбосо өмүрү кылдын учунда турганын туйду. Кармаш күчөгөн сайын денеси пружинадай түйүлө баштады. Коргоно бербестен сокку да урганга өттү. Муштумдар аба жарып өткөн сайын "Чагылган" да оңой-олтоң адам менен беттешпегенин түшүнө баштады. Кармаш эки саатка жакын созулса да эч кимиси белдериндеги бычактарды кынынан суурушпады. Муштумдар, же буттар чала тийип сүрүп кеткен денелер канталап экөө тең нымшып тердеп чыгышты. "Чагылган" секирип тепкенде жата калган Кемел чатка муштайм деп тигил буйтай бергенде оң буттун томугунун ички бетине катуу сокту. Чагылган эки-үч ала салып барып тура калып оң буту менен жакшы таканчыктай албай жатканын билгизбөөгө аракеттенгени менен адатынча кайра удаа-удаа чабуулга өтө алган жок. Кемел муштумунун сөөкөтөрү зыркырай түшкөнүнөн улам тигинин томугу оңбой калганын түшүндү. "Чагылгандын" ордунда башка неме болгондо бутун тарта албай жыгылып калмак. Кемел "Чагылгандын" курунун ички бетинен бир нерсени оң уучуна алганын байкап калды. Чагылган кайра чабуулга өттү. Оң колу көздөрүнүн түбүнөн шуу өткөндө бетине түзсүз чаң чачылганын Кемел даана сезди. Көздөрү кадимкидей көрүп турса да бир нерсени түшүнбөй калган кишиче эки жагын карап көздөрүн ушалап туруп калды. Белиндеги курга байланган эки бычакты тең кынынан сууруп алды да жан далбастай түшкөнсүп асты жагын карай максатсыз аба жара шилтегилеп жиберди. Анан дабыш тыңшагансып делдейип буттарын талтайта кыймылсыз туруп калды. Эмне болуп кеткенине түшүнө бербеген "Каражылан" тарапта отургандар дуу деп дүргүй түшүп кайра "Каражылан" колун көтөрө "Шартташкан тартипти сактайлы" деген талабынан кийин демдерин ичине ала отуруп калышты. "Ак аюу" тараптагылар "Чагылган" оң бутунун томугун кокустатып алганда коопсуна түшүштү эле эми Кемелдин абалын көрүп "Дьявол" ишиң бүткөн экен" дешип кымылдап калышты. Ал түгүл "Ак аюу" чекесинен чыккан терди алаканы менен шыпыра аарчып күрсүнө жылмая эки жагындагыларды карап койду. Кемелдин артист болуп жатканын эч кимиси сезген жок. Бутунун учу менен дабыш чыгарбай баскан "Чагылган" Кемелдин арт жагына чыкты. Нечен жолу өзүн өлүмдөн алып калып далайдын жанын алууга жардам берген ыкмасы бул жолу да так иштедиби, жокпу аярлай Кемелдин кыймылын баамдай кичинеге туруп калды. Беттешкен адамдарынын көзүн чукуп, тилин сууруп өлтүргөнүнүн сыры шартта жок ыкма колдонгону эч кимге билинбесин дегени эле. Оң бутунун томугун оңдурбай муштаган "Дьяволго" жини кашайып калгандыктан, экинчиден көзгө чачкан дарыдан бир да жолу жаңылбагандыктан Кемелдин кууланганын байкабай калды. Анын үстүнө көздүн карегине пластинка салуу анда чет элде урунула баштаганы менен СССРде аты да угула элек болчу. Алгач оң колун мүрүсүнөн сындыра уруп, анан сол бутун тизеден сындырып туруп жанын алайын деп чечти да артынан мерчемдүү жерге жакындап келип түйүлө секирди. Кыйгач далысын салганы менен көз кыйыгында ар бир кыймылын жаземдебей байкап турган Кемел шарт буйтай берип коргонууга камы жок аба жара секирип келаткан "Чагылгандын" кекиртегин туштап канжарды ылдам шилтеди. "Чагылган" абада каалгый түшүп жерге күп түштү. Кекиртегине унгусуна чейин батып, кежигесинен карышча чыгып калган канжардын сабын кош колдоп мыжыга сууруп алууга аракеттенип бир бут серпти да денеси какыйып түптүз боло чиренген абалында көздөрүн чекчейтип жатып калды. Кемелдин "Чагылган" тарапты карагысы келген жок. "Чагылган" эмес нак шайтандын өзү болсо да ичээр суусу бүткөнүн билгендиктен өзүнүн паханы "Каражыландар" отурган тарапка төрт-беш кадам аттай "Биз жеңдик" деген белги берип эки колун көтөрдү. "Ак аюу" тараптагылар эмне болуп кеткенине түшүнбөй орундарынан дуу тура калышты. "Каражылан" ордунан атып туруп; - "Ак аюу" шартты туура сактоону унутпайлы. Тартип бузган тарапты аео жок, - деди үнүн катуу чыгара залды жаңыртып. Аңгыча эшик шарт ачылып автоматчан он солдат кирип келди. Түрмөнүн начальниги өзү отурган балкондон туруп; - Биз силердин ички тартибиңерге кийлигишпей шартыңарды аткардык. Эгер өзүңөр ич ара макулдашкан шартыңарды бузсаңар шартты бузган тарапты жазалоого биз жардам беребиз. Болбосо өзүңөр билесиңер жалпы лагерде тартип болбойт. Ошондуктан ушул жерден мындан аркы чечимиңерди кабыл алгыла. Ага чейин солдаттар кетпейт, - деди өкүм сүйлөй. Сырттан келгендер "кызыктуусу бүттү" дешкенсип чыгып кетишти. Түрмөнүн начальниги "Жыйынтыгыңарды мага билгизесиңер анан силерди эшке чыгарууга уруксат берем", - деди да өзү да кетти. "Ак аюу" менен "Каражылан" түрмөнүн начальниктери отурган балкондо сүйлөшүүгө отурушту. Бул жолу "Каражылан" маселени кабыргасынан койду: - "Дьявол" менен же мени менен беттешүүгө чык. Эгер бирибиз менен беттешүүгө чыга турган болсоң экөөбүз билген жашыруун сыр жазылган пакетти жакын деген жигитиңе калтыр, ошондо сенин артындагы уулуңа, кызыңа жана алардын балдар-кыздарына зыяның тийбейт. Беттешүүгө чыксаң сени сөзсүз соо коет деп эч ким кепил боло албайт. Болбосо менин шартыма көн. Мен жаныңды аман калтырууга убада берем - деди. "Ак аюу" эмнеси болсо да экинчи сунушка макул болууну туура көрдү. Эрөөлгө чыкканы түз өлүм экенин көрүп турду. "Каражыланбы", "Дьяволбу" кимиси болсо да он минутага жеткирбей жайлашчудай. Ишенгени "Чагылган" эле - ал тигинтип өлдү. Демек кезеги келген экен ордун бериши керек. Жанынын аман калаарына деле ишенген жок. Болгону артындагы тукумуна баласы менен кызына, алардын тукумдарына зыяным тийбесе экен деди. "Каражыланды" жекире тиктеди да; - Мен экинчи сунушуңа макулмун. Бир суроом бар "Бриллиант жылан" менде экенин билген жандын баарын жайладым, деп ойлодум эле. Кандайча сага угулуп калды. Ушуну айтып берчи? Жан адам билбейт. Эгер сырын ача албасам өз башым менен кете берсин деп ойлочу элем. - Анда эч кандай деле татаал сыр жок. Сенин жигитиң "Чагылган" Кытайда канча жыл жүрдү жыландын сыры жазылган китепти издеп. Экөөбүз Хун аттуу кытай чалдын колунда чогуу чыгыш күрөшүнө үч жылга жакын машыктык. Сөздүн маңызына түшүнгөн кишиге түшүнүктүү го дейм. - Жыланды жанга билгизбей ката алам деген мен да акмакмын, -деди. "Ак аюу" өз чекесин өзү муштай. Жаңжал ушу менен бүтүп Пахандыкты "Ак аюу" өз эрки менен бергенин жарыя кылды. х х х Көп өтпөй "Ак аюу" түрмөдөн бошонду. "Каражылан", Кемел, "Каражыландын дагы бир жанынан чыкпаган "Протез" аттуу кличкасы бар жигити болуп "Ак аюуну" Челябинскиге узатып барышты. "Кара" жылан "Ак аюу" менен акыркы соодасын ошол жерден бүттү. Эмне соода экенин Кемел менен "Протез" билишпеди. Түндөп "Кара жылан" жалгыз башка жакка учуп кетти. Экөө кайра лагерге келишти. "Ак аюу" эртеси асылып өлүптүр деп угушту. Аз күн өтпөй "Кара жылан" келди. Бүт лагердин ички тартибин "Кара жылан", Кемел менен "Протезге" башкартып койду да өзү болсо эки-үч жумалап жоголуп кетип кайра келип жүрдү. х х х Ысык-Көлдүн апийиминин даңкы көлгө апийим айдала баштаганынан бир жыл өтпөй дүйнөгө угулду. Кылмышкерлер дүйнөсүндө өзгөчө баркка ээ боло баштады. "Каражылан" өзү түрмөдөн бошонгондо ордуна Пахан кылып Кемелди калтырып кеткен эле. Күндөрдүн биринде күтүүсүз пайда болду да сен түрмөдөн чыгышың керек. Бүт сүйлөшүлдү - деген жаңылык айтты. Кемел "Каражыландын" жоруктарына таңданбай да калган. Экөө түнү менен сүйлөшүп отурушту. Түрмө Кемелди таптакыр өзгөрткөнүн, баягы эмне десе көнүп, жумшаган жагына барып, шилтегенин аткарчу Кемел эмес маңдайында ар бир сөзүн салмактаган, өз талабын кое билген адамдын көзүн тикчийип тике карап ички сырын окуган, машыккан кылмышкер отурду. "Каражыландын" таң калганы беш жыл түрмөнүн даамын татып жүрүп нашага да ичкиликке да оободу. Бүткүл Сибирдеги түрмөлөрдө Кемелдин баркы дүңгүрөп турду. Өзүнүн формасын сактай билгендиги, кара кылды как жарган калыстыгы, өлүмдөн кайра тартпаган тайманбастыгы ага атак-даңк алып келди. Муну "Каражылан" да жакшы билет. Бул жолугушууда Кемел бирок, "Кара жыланга": "Мен баягы эмесмин, керек болсо кылмышкерлер дүйнөсүндө атым сенден кем эмес" деп кербезденген да жок. Жөн гана иштин жайын сурады да өзү аткара турган милдетин ийне-жибине чейин тактады. Акырында, "Ар бирибиз өз сөзүбүздү так аткаралы. Мен сизди окутуучум катары катуу сыйлайм". Сиз менен келише албай калып "разборго" түшкөндөн оор мен үчүн эч нерсе жок" деген сөзү "Каражыландын" жүрөгүндө өмүр бою калды. Чындыгында эле бул эки эркек өмүр бою бири-бирине болгон убадаларын бузган жок. Ар бири өз сөзүнө так турушту. х х х Айрымдар "Бриллиант жыландын" артынан сая түшүп жетпей жүрсө жеткендер өз өмүрлөрүн сайып араң жетишкен. Кемел болсо "Бриллиант жылан" улам ага жемин аңдыган ажыдаарча акырын жылып келатканын билген жок. "Чагылган" экөө жандарын ооздоруна тиштеп чапчышканда эле жылан Кемел жака оогон. Чындыгында Кемел "Бриллиант жыландын" ээси болуп калууну каалаган да эмес. Окутуучусу "Каражыландын" тилинен чыга албагандыктан гана макул болду. х х х Азияттын кытай тараптан биринчи алган жаңылыгы китептин бир бөлүгү Кыргызстанда экен. Болгондо да кытайдын эң байыркы, азыр дээрлик жок болуп бараткан чыгыш күрөшүнүн бир түрү болгон "ок жыландын" эң мыкты чебери өтө коркунучтуу Кадыр аттуу чалда экендигин укканда оозу ачыла таң калды. Жыландын да жыландын сыры жазылган китептин да Кыргызстанда айланып калышында кандайдыр бир сыр жаткан жокпу деп ойлонуп калды. Жыландын жасалышындагы чеберчиликке нечен жолу лупа менен карап отуруп таңданчу. Өзгөчө ачкычтын жасалыш татаалдыгы укмуш эле. Ачкыч эки сайдан турчу. Сырты түтүкчө келип, капталдарында түрлүү татаал тешикчелер боло турган. Ачкычты кулпуга салгандан кийин гана ички сайы буралып, татаал тешикчелерден кулпуну ачуучу түрткүчтөр чыгат болсо керек. Ачкычты кармалганда "Бриллиант жылан" тирилип келаткансып денесиндеги бриллианттарын кычыратып кыймылдап турчу. Көздөрүнөн кадимкидей нур чачырап кетчү. Неченди башынан өткөзүп өлүм жанында турса да селт этпеген Азият апкаарып кетээр эле. Мына ушундай татаал чеберчилик мындан нечендеген кылым илгери жерде жашаган устанын колунан келе коеруна ишенбей кетчү. Мунун сырткы дүйнө менен так айтканда "инопланетяндар" менен сөзсүз байланышы барына өзүнчө ынанчу. Ал түгүл асыл таш жана алтынды айрып таануу боюнча дүйнөгө аты чыккан адамды апкелип көрсөткөндө мынчалык таза изумрудду да, бриллиантты да көрө электигин айтып таңдана, ал түгүл жыландын денесиндеги асыл таштардын айрымдары жер бетинде али ачыла электигин, ал эми алтын чынжыры менен алтын өзөгү укмуштуудай тазартылган алтындан тураарын балким алтын эмес алтындан да кымбат өзгөчө металлдын түрүдүр деген жыйынтык айтты. Мына ушулардын баары Азият Тибетте жүргөндө уккан легенда менен кандайдыр байланышы бардай туюлчу. Легендада минтип айтылчу;Күндөрдүн бир күнүндө асмандан жалбырттап күйгөн бир нече өтө чоң тоодой-тоодой болгон шарлар келип чытырман токой баскан Тянь-Шань тоолоруна келип түшөт. Алар жерге келип түшкөндө жер силкинип титиреп, аска тоолор жарылып, түз болуп түз жерден тоолор жаралып алай-дүлөй түшөт да айлап көнөктөгөн жамгыр төгөт. Мына ошол жамгырдын күчү менен өрөөндөрдү каптаган өрт өчүп, жер сууйт. Анан баягы шардай болгон кемелердин ичинен бойлору узун, чачтары кызыл, көздөрү көгүш түстүү өздөрү сары адамдар чыгып келишет. Алар жер бетиндеги жашоого көнө алышпай аябай кыйналышат. Жергиликтүү тоолуктар аларды "Асмандан түшкөн адамдар" деп атап алышат. Алгач аларга ыйык адамдар катары сыйынып жүрүшсө кийин жылдар өтүп аларга көнө баштаган сайын "Шайтандар" дешип ар түрлүү жолдор менен көптөп өлтүрө башташат. Кийин алар өздөрү келген асмандагы планеталары менен байланыш түзүшүп баары кайра учуп кетишкен" деп айтылат. Адамдардын илимге умтулуусу, тамгага үйрөнүү, дарыгерлик, биринин башына иш түшсө экинчиси жардам берген боорукерлик ошолордон калган дешет. Болбосо ага чейин адамдар карышкырларча жашоо өткөрүп бири-бирине боор ооруну, жардамдашууну билчү эмес экен. "Асман адамдары" өзгөчө Тибет чөлкөмүнө көп байыр алып нечен сырлуу үңкүрлөрдү казышып анын ичине табышмактуу курулуштарды курушкан экен. Нечендеген жер титирөөлөр болсо да ал үңкүрлөрдүн бири да кулабай курулуштары да кылым кечип сакталып турушу адамдарды таңдандырат. Кийин "Асман адамдарына" окшогон балдар Азиянын тоосун да түзүн да кыдырып көчүп жүргөн кыргыздардын арасында көп төрөлчү экен. Жергиликтүүлөрдүн каны жеңип, акыры алар да жок болушуптур. Чачтары кызыл, өздөрү сары, көздөрү көгүлжүм асмандай өтө акылман, боорукер алп адамдар ал мезгилде жерге эмне максат менен келишкен, же күтүүсүз учуп жүргөн корабльдери кырсыкка учурап конууга аргасыз болушканбы. Кайра качандыр бир учурда келеби чыныгы сыры балким "Бриллиант жылан" каткан ачкыч ачуучу кулпунун ичинде жаткандыр. Бул да белгисиз табышмак. Азият Кадыр чалды издетүүгө өзү баш болуп киришти. Тишине чейин автомат, пистолеттер менен куралданган жигиттерди ээрчитип жолго чыкты. "Ок жыландын" чебери эмес ракета болуп уча алса да көрөйүн деп койду. Азият өзү Кытайды нечен жыл иштегендиктен чыгыш күрөшүнүн чеберлери деген кимдер экенин мыкты билет. Анын ичинде "Ок жыландын" чеберлери тууралуу да окуган. Булар колдорунун манжалары менен адамды өлтүрө же эсин оодарып уктата ура алуучу адамдын денесиндеги точкалары өтө мыкты өздөштүргөндөр. Алардын көпчүлүгү колунун бир манжасынын тырмагын жыландын тилиндей учтуу өстүрүп туруп, учун жыландын уусу менен уулап коет. Душманы менен беттешкенде кан тамырга мына ошол учтуу тырмагы менен сайып кетет. Кан тамырлардын жайгашышын алардан мыкты билген эч ким болбос. Уу канга жетээри менен кандай адам болсоң да сенин жаныңды эч ким сактап кала албайт. Мына ушундай өтө коркунучтуу чеберчиликке ээ болушкандыктан "Ок жылан" атка конушкан. Чыгыш күрөшүнүн кандай гана чебери болбо ок деген ок. Чыгыш күрөшүнүн мыкты бир чебери отуз "десантникмин" деген далдайган жигитке карматпай курчоодон чыгып кетиши мүмкүн. Бирок, бир автоматтан кутула албайт. Муну Азият жакшы билет. "Баатырдын жаны бир октук" деген ошо да. Кадыр кытайдан келген гражданин болгондон кийин КГБнын архибин көтөртүп, Кадыр чалдын кайсыл айылда экенин оңой эле таап алды. Капкара "Мерседес" минген жигиттер Кадыр чалды издеп келгенде раматылыгы болгурдун өлгөнүнө беш жыл болгон экен. Эч ким менен жакын байланыш түзбөптүр. Үйлөнбөптүр. Жалгыз жашап өтүптүр. Мыкы аттуу жетим бала гана үйүнө барып суу-пуу алышып калчу экен. Кыскасы Кадырды айылдагылар эчак унутушуптур. Жарым жылча мурда кытайдан келген бир досу да издеп келгенин жаңылык кылып айтып беришти. Өлгөндө өлүгүн койгондор эч кандай кытайча жазылган китеп көрбөгөнүн айтышты. Эмнеси болсо да деп Азият Мыкыны издетти эле анысы сууга чөгүп кеткендей дайынсыз. Айылдан кеткен боюнча эч жерге учетко турбаган. Тааныш-туунуштарынан Россияда коммерция кылып жүрөт дейт беш-алты жылдан бери дайнын билбейбиз дегенден башканы уга албады. Россия болсо кенен. Кайсыл тешигинен издейсиң. Бир учурдагы СССР аттуу улуу империянын аймагындагы баш аламандыкка Азияттын кыжыры келди. Анда ар бир адам кайда басса паспортун колдон түшүрбөй барган жеринде каттоодон өтүп турчу эмес беле. Азыр паспорт сураган жан жок. Коммерсантмын деп кой да каалаган кылмышыңды жасап коюп башың оогон жакта жашынып жүрө бер. Сени менен эч кимдин да иши жок. Чиркин СССРдин учурунда КГБ бирөөнү издетип калса көрдө жаткандан бери казып ийишчү эмес беле. Башка-башка өмүр бою КГБнын тармагында иштеп КГБ айтты десе башкалар себебин, жалган-чынын сурабай аткара беришерин мыкты өздөштүргөн Азият колдон келишинче пайдаланды го. Ал түгүл өзүнүн эң жакын деген жигиттери да катардагы эң оор кылмыш иштерин жасап жатканда "Кылмыш жасаган жокпуз. КГБнын кезектеги тапшырмасын аткарып жатабыз", - деп ойлошчу да өздөрүн мамлекеттин кызыкчылыгы деп башын сайып жүргөн эр көкүрөк жигиттердей көрүшчү. Азият да эч шек билгизбей ар бир тапшырма аткарылгандан кийин мамлекеттин атынан түрлүү сыйлыктарды тапшырып ого бетер жээликтирип коер эле. "Бриллиант жыланды" Азиятка алып келип бергендер да так ошондой эле мамлекеттик тапшырманы тап-так аткардык дегендердин бирлери болчу. Мамлекеттик сыр өтө жашыруун калышы үчүн алар таптаза иштешкен болчу. Болгону кезектеги сыйлыктын ордуна баштарынан айрылышты. х х х Күн сайын көлгө келип 2-3 саат шашпай түшүп кетиш Кемелдин адаты эле. Бул күнү да көлгө келип чарчагыча сүзүп жүрүп жээктеги кумга келип жатканына кичине эле болгон. Анчалык катуу шамаал жок болсо да көл өзүнчө эле күрпүлдөп толкуп турган. Кейпи каршы жактагы жээгинде катуу шамаал болуп жатса керек. Аңгыча "Чөгүп баратат. Жардамга" деп чайылдаган кыздардын үнү чыгып калды. Жээктеги эл дүргүп тура калышты. Анчалык деле алыс эместе кыйынсынып толкун менен ойноп сүзүп жүргөн үч кыздын экөөсү калып бири жок. Сууда мыкты сүзөм деп өзүнө ишенген үч-төрт жигит менен кошулуп Кемел да көлгө секирди. Кенедейинен көлдүн жээгинде өсүп балыктай сүзгөн Кемел бат эле кыздар жүргөн жерге жетти. Толкун кайта-кайта биринин артынан бири түрүлүп келип күчөй баштады. "Силер тез жээкке кеткиле" деп кыйкырды Кемел. Тигил кыздар да корккондорунан өздөрүн жоготуп жакшы сүзө албай, толкунга туруштук бере албай калышкан экен. Аңгыча чөгүп жаткан кыздын башы суудан көрүнө түштү да "Жар-даам" деп кыйкырууга үлгүрбөй толкундун астында калды. Кемел кыз жоголгон ирим жакка кулач урду биринчи чумкуганда таппай чыкты. Өпкөсүн толтура кере аба жутуп жатып "Эгер азыр таппай чыксам өлдү" деди да жанагыдан да тереңге сүңгүдү. Бул жолу кыздын көл түбүндө балырдай жайылган чачынан тапты. Узун чачы көлдүн үстүн көздөй жайылып өзү болсо көлдүн түбүндө буту колун араң эле кыймылдатканга жарап калган экен. Чачынан орой кармады да өйдө сүйрөп жөнөдү. Жаңы эле суу үстүнө көтөрүлгөндө кезектеги толкун келип урду. Кыз түгүл Кемелдин өзү да дем алууга үлгүрбөй калды. Суу жутпашка аракет кылып чымырканган Кемел кызды өйдө тартыш үчүн жанталаша аракеттенип жатканда колуна кыздын көкүрөгүнө тарткан купалниги илинди. Катуу силкип суу үстүнө көтөрөм дегенде купалниктин ичке боосу тырс үзүлүп кыз кайра суу түбүнө жөнөдү. Кемел эки колдоп кыздын чачын жыйа кармоого аракеттенип жатты. Чач колго чогуу илинбей сууда жайылат. Көздөрү аңтарылган кыз Кемелди карай колун алсыз созду. Мына ушул жетиштүү эле, шап билектен кармаган Кемел суунун үстүн көздөй секирди. Кыздын колунан сүйрөгөн Кемел көл үстүнө чыгып аптыга дем алды да күчүн жыйып кызды өзүнө тартып суу үстүнө чыгарды. Суудан көп жутуп алган кыз чакап-какап дем алууга жараган жок. Аңгыча кезектеги толкун келип экөөнү тең жапшыра урду. Бул жолу Кемел кызды кое берген жок. Толкундун астына чумкуп кирди да өтүп кетээри менен кайра суу үстүнө чыкты. Эсин жыйып кызды сүйрөгөн боюнча жээкке сүзүп жөнөдү. Кемел менен кошулуп кызды куткарууга бой урган жигиттер толкундун күчүнө чыдабай кайра жээкке качышкан эле. Жээктегилер кымкуут түшө үйлөтмө камера кайык табышып, эки мыкты сүзгөн жигит жардамга жөнөөгөн. Алар Кемелди тосо чыгышты. Кайыктагылар алгач кызды тартып кайыкка чыгарышты. Анан Кемел отурду. Бир чети толкун айдап жардамдашкан кайык жээкке бат эле жетти. Кызды жаш баладай жеп жеңил көтөргөн Кемел жээктеги кумга жетери менен кызды жасалма дем алдырып кирди. Өпкөсүн толтура кере аба жутуп кыздын оозуна үйлөй баштады. Көздөрү жумулуп сулк жаткан кыздын денеси Кемел беш жолу аба үйлөгөндө барып дирт дей түштү да алгач чакады. Кыздын башын ылдый каратып бутунан өйдө көтөрө салышты эле оозунан мурдунан суу агып кетти. Кемел кыздын оозуна дагы үч жолу аба үйлөдү да жүрөк тушун алаканы менен ныгыра басты. Кемелдин алакандары жүрөктүн акырын кага баштаганын туйду. Дагы эки бутунан жаш балача өйдө көтөрүп туруп силкилдеткенде кыздын оозу мурдунан суу дагы куюлду. Тегерете курчап алган эл Кемелге кийлигишпей дым боло карап турушту. Оозуна дагы аба үйлөгөндөн кийин кыз кадимкидей чакап дем алуусу калыбына келе баштады, жүрөк согуусу да ылдамдап калды. Жанатан ооздорун басып алып үнсүз ыйлап турган эки дос кызы эми эстерине келгенсип "Гүлсара, Гүлсара, көзүңдү аччы" дешип жанына отура калышты. Дагы бирөө чоң сүлгү менен кыздын жылаңач көкүрөгүн жаба салды. Кыз көзүн алсыз ачты да бир нерсе деп алсыз булдуруктады. Эми кыздын аман калганына даана ишенген Кемел шалак деп кыздын жанындагы кумга отура кетти. Кыздардын бири чуркап барып Гүлсаранын кийимдерин алып келе калды. Аялдар тегеректей калышып бат эле кийинтип жиберишти. Гүлсара көздөрүн ачып айланасындагыларды уйку-соонун ортосундагы кишиче карап коет да кайра көздөрүн жумуп алсыз "Жардам... жардам бергилечи... чөгүп баратам" дейт. Кыздардын бирөө машина болсо тез догдурга алып барсак болот эле деп калды. Жанатан шалдырап отурган Кемел "менин машинам менен алып баралы", - деди да ордунан туруп кызды унчукпастан жаш балача көтөрүп машинасы турган жакка жөнөдү. Кыздын курбулары шаша-буша кийинише Кемелдин артынан жөнөштү. Кызды машинанын артына отургузуп, эки жагына эки дос кызы кармап отурушту. Кемел машинанын ичиндеги кийимдерин алып кийди да машинаны ылдам айдай шаарды көздөй багыт алды. Шылкылдап өзүн кармай албаган кыз машинада кичине чайпалгандан кийин эле шаркыратып кусуп кирди. Кыздар жапжаңы машинанын килем жабылган отургучтарына жаба кускан жолдошуна уялышып эмне кыларын билбей калышты эле. Кемел "Тим койгула кайра кусканы жакшы. Машина булганса жууп алабыз. Ал эми өмүр деген табылбайт", - деп жылмайып карап койду. Кыздар ыраазы боло Кемелди жалжылдай карашып, бири "Байке, сиз биздин бактыбызга жолугуптурсуз. Сиз болбосоңуз Гүлсараны эч ким суудан алып чыга албайт болчу" деди. Эч нерсе калбай калгыча кускан Гүлсара бир учурда эсине келип көздөрүн ача эки жагын карап "Мен кайдамын кыздар?", деди. Кыздардын каратору келген чачын кырктырып койгону тамашөкөй көрүнөт", - "Сен бейиштин төрүндөсүң. Кам санабай отура бер. Учуучу килемди минип алып зымырап баратабыз. Жаман жери сенин килемге кусуп салганың кыйын болду" дегенде; Берки кыз "бырс" күлүп жиберди да; "Койчу Сайра, деги кайда болсо тамашаң калбайт" деп тескери карай ыкшып калды. Мындай тамашага Кемел да күлүп ийди. Гүлсара тамашалаган кызга башын жөлөй, "Койчу Сайра чын эле мен кайдамын. Эмне болду?" деди алсыз. Сайра тамашасын күчөттү, -"Ишенбей турасыңбы. Үчөөбүз тең көлгө чөгүп тигил дүйнөгө сапар тартканбыз. Бизди Кудайым жиберген байкебиз тосуп алды да бейиштеги жайыбызга алып баратат. Ушу сен бейишке чыгарыңа ишенбейсиң го дейм. Күнөө кылган жайың бар го, я" дегенде берки кыз күлкүчү неме көрүнөт "Сайраш болду дейм" деп ого бетер күчөй ыкшыды. Гүлсаа башын көтөрүп жол жээктерин карап алып тирүү экенине чындап ишенди көрүнөт; "Деги кайда болсо да тезирээк алып баргылачы жаным жер тартып турат", - деди да дагы окшуп кусуп кирди. - Болду ай. Деги канча кусасың. Байке сени көлдөн сууруп чыкпаганда Ысык-Көлдү бүт соруп алмак окшойсуң - деди Сайра башын жөлөп жатып. - Балык-салык, чабак-чубагынан бери жута берген турбайсыңбы", - дегенде Кемел көзүнөн жаш аккыча ыкшыды. Ооруканага жеткиче үчөө таанышып алышты. Көп сүйлөбөгөнү менен тынбай күлө берген сары кыздын аты Майрам экен. Гүлсара ооруканага келгенде кадимкидей өзү ордунан туруп жөлөттүрүп басканга жарап калды. Догдур бир сыйра карап чыккандан кийин "Баары жайында. Болгону катуу тумчугуптур. Алы жок болуп жатканы ошондон. Көп кускандыктан тамагынан кичине айрылуулар болгон. Ал деле коркунучсуз. Ооруканага деле жаткыруунун кажети жок. Кааласаңар эки-үч күн жаткыралы. Болбосо үйдө эки-үч күн тынч жатып күчтүү тамак ичсе эле оюн салып кетет", - деди. Шыпылдаган Сайра "Үйдөн эле оюн салдырабыз. Муну бул жакка жаткырып коюп ким тамак ташып жүрмөк эле", - деди. Укол алгандан кийин Гүлсаранын кубарган өңүнө кызыл жүгүрүп Сайранын тамашасына жылмаюуга жарап калды. Ооруканадан чыккандан кийин Сайра Кемелге кайрылып: - Эрдик кылсаң сүрө кыл дейт Кемел байке. Эми бизди мынча болду үйгө чейин жеткирип таштаңыз. Бирибиз саксаңдап, бирибиз мас кишидей шылкылдап такси тосуп жүргөнүбүз болбойт го - дегенде - Макул... макул өзүм деле үйүңөргө чейин жеткирип коеюн деп жаткам, - деди каткырып күлүп. Кыздар шаардын четиндеги айылда турушат экен. Аныгы Сайра менен Майрам көлдүк. Гүлсара болсо кыздарга конокко келген Фрунзелик (Бишкектик) экен. Үчөө мединститутта чогуу окушат экен. Кыздар ата-энелерибизди ашыкча коркутуп Гүлсараны чөгүп кете сактаганын эч кимге айтпайбыз деп чечишти. Сайранын айтуусу боюнча Кемел шаардын чыгыш четиндеги шар аккан чоң суунун жээгине буйткалуу жерге айдап барды. Гүлсаранын кусунду болгон кийимдерин өздөрүнүкүн, жууп тазаланышып, машинанын ичин сыртынан бери Кемел "Тим эле койгула өзүм жууп алам" дегенине болбой жаркыратып Сайра менен Майрам жууп салды. - Эми байке кийимдлерибиздин суусу кургагыча күнөстөй турабыз го. Эгер сиз шашсаңыз кармабайлы. Мындан ары өзүбүз да жетип алабыз, - деди Сайра. - Жок кыздар мен шашкан деле жокмун. Өзүң айткандай "Эрдик кылсаң сүрө кылайын". Андан көрө силер киймиңерди жайып коюп күнгө жата тургула. Мен болсо шаардын базарына барып шам-шум эткидей бир нерсе алып келейин. Тамактанганды унутуп коюппуз го - деди. - Андай болсо кана байке. Тамакты эстетсеңиз ичегибиз кабыргабызга жабышып калды - деди Сайра. - Койсоңчу, - деди Майрам Сайраны укуй. - Байке ансыз да эртеден бери биз менен жакшы эле алек болду. - Азыр Кемел байке тамак апкелсе жебей тымпыйып калганыңды көрөм. Эмне кереги бар ашыкча кылыктанып - деди Сайра жөн калбай. Али да толук дарманына келе элек Гүлсара сөзгө кошула алган жок. Өзүнчө эле толкунданып шашкалактап алган Кемел базарды бүт көчүрчүдөй көзүнө жакшы көрүнгөндүн баарын баасына карабай ала берди. Коон, дарбыз, баш болгон жер жемиштин түрлөрүн, тооктун бышырылган этин, колбаса алды Гүлсара аман калганын куттуктаганым болсун деп үч шише шампан алды да башка ичкилик алсам ичпей коюшабы деп ойлонуп туруп бир коньяк алып машинага салып коюп, эгер ылайыгы келсе ачармын деп чечти. Кемел базарлап келгиче кыздардын жууган кийимдери жайкы аптапга эчак кургаптыр. - Көпкө күттүрдүмбү кыздар - деди Кемел машинадан түшүп жатып. - Сизди жөн эле шылтоо айтып качып кеткен го деп ойлой баштадык эле - деди дагы деле Сайра. - Кечирип коесуздар. Күнөөмдү актайм - деп Кемел сатып келген тамак-ашты түшүрө баштаганда кыздар жардамдаша кетишти. - Омий байке мынча тамакты биз эки күн жеп түгөтө албайбыз го -Майрам Сайрага карады. - Сиз жөн эле миллионерсиз го байке. Көбүрөөк чыгым болуп коюпсуз. Биздей студенттерге бир коон менен бир бөлкө нан да жетмек. Эми колуктуңуз акча кана десе эмне дейсиз - деп какшык жылдыра Сайра Гүлсараны укуп койду. - Отчет бергидей колуктум жок. Кабатыр болбогула. Гүлсаранын аман калгандыгы үчүн бүгүн бир майрамдап коелучу дедим. - Ажырашып кеттиңиз беле? - Жок. Үйлөнө элекмин - деди шаша Кемел. - Койсоңчу Сайраш жөн эле прокурор болуп кетсең да - деп Майрам аралаша кетти. - Кечиресиз абйке. Сиздей "Волгасы" бар, бой десе бою, келбет десе келбети бар жигиттерди кантип эле кыздар бойдок койсун деп ойлоп атпаймбы - деди Сайраш. Кыздар бат эле дасторкон жазып жиберишти. Тооктун этин нан менен жеп өзөк жалгашкандан кийин Кемел шампанды ачты. Сөздү мен сүйлөйүнчү - деп Гүлсара колуна шампанды алып. Баары унчукпай Гүлсараны карап калышты. Бакырайган капкара көздөрү менен Кемелди бир карап алды да - Кемел байке, сиз менин өмүрүмдү сактап калдыңыз. Өз жаныңыздын кылдын учунда экенине карабай, эч ким батынып чыкпаганда сиз тобокел кылып мени сактап калыш үчүн чыгыпсыз. Жанатан бери кыздар баарын айтып берди. Ата-энем жарык дүйнөгө апкелип бир жашоо берсе, ажалдын оозунан сууруп алып сиз экинчи жашоо бердиңиз. Мен сизге кандай рахат айтсам да арзыбайт. Мен сиздин астыңызда өмүр бою карызмын. Мен сиздин ким экениңизди да билбейм. Ошондой болсо да мындан ары бир тууган болуп жүрөлү дейт элем. Макул десеңиз бир тууган карындашыңыздай болоюн - деп дагы бир жолу Кемелди караганда экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Мына ушул көздөрдүн чагылыш түшүшү экөөнүн тең жүрөгүнө өмүр бою өчпөй турган чок таштаганын экөө тең анда билген эмес. Гүлсара сүйлөп атканда Кемел көз албай карап отурду. Музоонукундай узун капкара кирпмиктери, кырдач мурду, чийме кашы, ак жуумал жүзү бөрсөйгөн эриндери, астында кыз эмес периште олтургансып тойбой, тойбой карап жатты. Көздөрү чагылыша түшкөндө уйкудан ойгонгонсуп селт дей түштү. Жүрөгү селт этти. Нечен кан чеңгелдеген кармаштарда, канжардын мизи көз алдынан шуу-шуу өтүп жатканда селт этпеген баатырдын жүрөгү сулуунун бакырайа кадалып бир карашынан селт этти. Өмүрү бирөөдөн көзүн тартып албаган дайыма тикчие тике караган Кемел биринчи жолу сулуунун карегин тиктеп тура албай көзүн тартып алды. Беттери дуулдап ысып эмнегедир өзүнчө эле уялып кетти: - Ашыра көтөрмөлөп ийдиң окшойт Гүлсара. Менин ордумда ким деле болбосун жардамга чыкмак. Болгону мен сени алып чыга турган болуп калганымды көрүп калгандар келген жок болуш керек - деп сөзүн бүтө электе Сайраш кийлигише кетти. - Кемел байке Сиз болбосоңуз эч ким Гүлсараны алып чыкмак эмес. Мына досторубуз деген биз жанталашып жаныбызды ала качтык. Жанагыдай чоң толкунда эч ким көлгө киргенге батынбайт экен. Жөн киргенди кой кайык менен сизге жардамга барганга эч ким чыкпай, эркексиңерби, эркегиңер жок болсо келе мен барайын денгенде араң экөө чыгышпадыбы. Суу деген тамаша эмес тура. Кимдин эле өлө калгысы келсин. Өзүнүн жакшы сүзөөрүнө ишенбесе. Мына Майрам экөөбүз тең кенедейибизден көлдөн чыкпай жүрүп чоңойгонбуз. Гүлсара чөгүп атам дегенде жардам берүүгө жарабай, жардам бергенди кой коркконубуздан өзүбүз, өз жаныбызды араң арачалап калбадыкпы. - Майрам да коштой кетти. - Ой байке сизди кудай биздин бактыбызга айдап келиптир да. Болбосо уу ойлогум да келбейт... - Кой эми, жаманчылык ушу менен кетсин келгиле эмесе алып жибереличи - деди да Кемел өзү биринчи тартып жиберди. Бул кечте түн жарамына чейин суу жээгинде от жагып коюп ырдап отурушту. "Кой эми үйгө барбасак болбойт. Анткени ата-энебиз издөө салып айылды үч көтөрүшөт" деп Сайраш менен Майрам тынчсыздана баштаганда кыздарды үйлөрүнө жеткизип койду. х х х Азият башын дайыма эки суроого катырчу. "Эмне үчүн экиге бөлүнгөн китептин ээлери кылымдан кылым карытып бирин-бири издеп келатса да бириге алышпаган? Эмне үчүн байлык да бийлик да колунда турган нечендер "Бриллиант жыланга" ээ болушканы менен анын сырын чечкен китепке жетишпеген. Дээрлик баарынын тагдыры оор трагедия менен аяктаган?" Азият өзүн буга чейин кандай кыйынчылыктан болсо да жол таап чыгып кете ала турган айлакер, нечендер мурду менен бир тиймейин сезбегенди астына ала сезген сезгич катары көрүп жүрсө "Бриллиант жыландын" түйүнүнүн астында алиппени биринчи колуна кармаган окуучудай дал болуп калчу. х х х Кемел түнү менен чабалактап уктабай чыгуучу болду. Күндүзү ишке алаксып убакыт көп билинбейт өтөт. Түнкүсүн же таң атпай, же уйкуң келбей кыйналгандан азабы жок экенин буга чейин билген эмес. Көз алдынан Гүлсаранын элеси кетпейт. Кичине уктаса эле чачтары балырдай жайылган Гүлсараны суудан тартип чыгара албай, кыздын аппак денеси колуна илинбей кыйналып аткан болот. Дайыма сергек, шайыр эч нерседен бейкапар жүргөн Кемел кийинки күндөрү кадимкидей өңдөн азып кетти. Баягы окуядан кийин Кемел кыздар менен аябай жакын болуп кетти. Күн ара жолугушушат. Көлгө чогуу барып түшүшөт. Жээктен алысыраак сүзгөндөн коркуп калган Гүлсара Кемелге кошулуп түшүп жүрүп коркуу сезиминен да кутулду. Ал түгүл өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган күнүн тап-такыр унтуп калгансып мурдагысындай эле шайыр-шаң болуп чыга келди. Болгону көлгө түшөөрдө узун чачын тыкыс өрүп туруп төбөсүнө түйүп алып үстүнөн суучулдар кийүүчү резина шапкени кийип алчу болду. Өткөндө көлгө чөккөнүнүн бирден-бир себеби чачы болгон эле. Өрбөй толгоп туруп төбөсүнө түйүп койгон чачынын түйүнү жазылып кетип толкун урганда уюлгуп келип башын ороп калган. Өз чачына өзү тумчугуп чачын оңдогуча кайта-кайта толкун уруп анын үстүнө коркуп кетип өзүн да жоготуп коюп чөккөн. Болбосо жети жашынан шаардын бассейнде атайын машыктыруучулардын колунда сүзгөндү үйрөнүп жыл сайын көлгө келип жүргөндүктөн Сайраш менен Майрамдан мыкты сүзбөсө кем сүзчү эмес. Акыры кыздардын эс алуу күндөрү аяктап шаарга кете турган болгондо Кемел жеткирип келди. Кыздарды жеткирип баратып Кемел кымбат нерсесинен айрылып жаткансып тамаша айтып күлдүрүп сүйлөмөйү калып көңүлү суз жүрүп отурду. Бул күнү кыздар да анчалык шайырлана алышпады. Сайраш менен Майрамды жатаканаларына түшүргөндөн кийин Гүлсараны үйүнө жеткирип баратып улам көз кыйыгынан карап эми мындан ары кантип жолугушуп турабыз деген ойго санаркаган Кемел: - Гүлсара шаарга келген сайын кабарлашып жолугушуп туралыбы -деди. - Сөзсүз. Телефонду, дарегимди билесиз. Келген сайын сөзсүз кабарлашып туруңуз - деп кыйгач карап жылмайып койду. Кыз жүрөгү сезип турду жигитти эмне айткысы келип, көкүрөгүн эмне өрттөп жатканын. Качан төгүлүп айтаар экен деп ички сезиминде күттү. Түз эле үйгө жеткирип койбой балким бир жерден токтоп сөзгө келээр деди. Жигит миң-миң жолу ойлоду: балким шаардын четине чыгып сүйлөшүп отурбайлыбы деп айтсамбы, же ресторандан тамак ичели десемби -деп. Канчалык айтайын десе да тили күрмөөгө келбеди. "Үйдү сагынып келатам. Башка күнү" десе шагым сынып калат го деди. "Сени сүйүп калдым. Сенчелик эч кимди сүйө элек болчумун. Жүрөгүмдү бүт ээлеп алдың. Менин таза сүйүүмө сен да таптаза тунук сүйүүң менен жооп берчи" - деген беш ооз сөздү айтыш тозокко турду. Ушул беш ооз сөздү айтышка Кемел үчүн кылымдай убакыт керекче буйдалды. Экөө коштошуп жатканды Гүлсара мындан ары кантип жолугуп турабыз. Деги бизди астыда эмнелер күтүп турат деп санаркады. Көлдө жүргөндө кыздар - Кемел сени акыл-эсин жоготуп сүйүп калды. Мындай баатыр жигиттердин сүйүүсү жанар тоодой жалындуу, кылычтай курч болот - дей беришип кулагын бышырып койгон. Алгачкы күндөн баштап Гүлсара өзү да Кемелди өзүнө жакын тутуп, дайыма Кемелдин өзүнө көңүл буруп айланчыктап турушун кааларын, берки кыздар Кемелге асылып көбүрөөк ойносо кызганып кетээрин туюп жүрдү. "Кыздар Кемелге айткыла. Менин ата-энем кичинемден кудалап жүргөн жери бар. Ал жигит мага жагат. Быйыл окууну бүтсөк баш кошолу деп жигитим экөөбүз сүйлөшүп койгонбуз. Андан көрө иш тереңдеп кетелекте баарын ачык айтып коелу. Силер деле татынакай кыздарсыңар. Балким бирөөңөр менен мамиле табышып кетээр" дегенге жарабады. Антип айтмак түгүл бир жолу Майрам, "Гүлсара ата-энемдин кудалашып жүргөн жери бар деп калчу элең го. Кемелге четин чыгарып айтып койсоңчу. Бекер түйшүккө салбай. Сенден чындап үмүттөнүп алса жаман болот го" дегенде. "Анын эмнесин айтып мактанайын. Кудайдын буюрганы болот да. Балким ал жигитим эртең башкага үйлөнүп алсачы", - деп тамашага жооткотуп койгон. Ичинен "эптеп менден тартып ала-албай жатасың ээ" деген. Чындыгында Майрам Кемелге катуу ашык болуп калганын ачык айтып, "Ошондо сенин ордуңа мен чөксөм эмне" балким Кемел мени жактырып калмак беле десе, Сайраш Майрамча ачык айтпай Гүлсарадай сулуу турганда Кемелдей жигиттер бизди карабайт. Кой ордубузду билели. Илгертен баатырлар сулууларды тандап сүйгөн - деп тамашага чаптыра үшкүрүп койчу. Чындыгында Гүлсаранын өзү да эки оттун ортосунда калып отурат. Кудалап койгон жигити өңү татынакай, өзүнүн ата-энесине барабар кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн чыныгы интеллигент жигит. Окууну Москвадан бүтүрүп келип, азыр илим изилдөө институтунда иштей баштады. Келечегинде жок эле дегенде чоң окумуштуу болот. Ата-энелеринин алыш-бериши күчтүү. Эки бала да бири-бирин жактыраарына ого бетер кубанышып жүрүшөт. Мынтип күтүүсүз Кемелдин пайда боло калганын кара. Кемел ким? Кандай үй-бүлөдөн? Өмүр бою чоң кызматтарда иштеп чөйрөсү бөлөк болуп калган Гүлсаранын ата-энесине тең келе алуучу немелерби. Деги эле Кемел өзү билимдүүбү. Даярдоо тармагында иштеп акча дегенди уучтап жүргөнүнө, эл мине элек "Волга" минип жүргөнүнө караса балким чоң жерден көтөрмөлөгөн бирөөлөрү бардай. Өзүнө караганда карапайым үй-бүлөдө өскөнү көрүнүп турат. Жүргөн-турганы, келбети, чапчаңдыгы чыныгы жигит экенин көрсөтүп турат. Мен да Кемелди сүйүп калдымбы? Анда Афтандилди (Гүлсаранын ата-энеси кудалаган жигити) жөн эле жактырчумунбу? Афтандил Москвада окуп жүргөндө нечен сагынышкан сүйүүгө толгон каттарды жазышчу эмес беле. Чөйрөсүнүн, ата-энесинин шартына карап өзүн-өзү жасалма сүйүү менен алдап жүрчү беле. Болбосо эмнеге кызганат. Көлгө түшүп жатканда мыкты спортсмендердикиндей болуп келишкен Кемелдин турпатынан көз алалбаган аялдардан кызганчу. Ал түгүл жандай көргөн Майрам, Сайраш досторунан кызганат. Деги Афтандилди кызганып санаа чеккен күнү болду беле. Эстей албады. Көлдөн кетип жатып жолдо карата "Буга эмне - мингени "Волга", чөнтөгү толо акча. Бизди шаарга жеткизет да, эртеси эле жээкке келип биздей сулуу кыздарды таап алат. Аны менин тиги досторум түшүнбөй ашык болуп жатышпайбы" деген ойлор жанын жеп ал түгүл: "Бизди жеткизип коюп эртең башка кыздарды табарсың", - деп нечен ирет айта сактап барып токтоду. Машинанын мыктысын минип акчаны уучтап жүргөнү менен Кемелдин мүнөзү өтө токтоо экен. Бир да жолу ашыкча ичкилик ичкенин же ашыкча сүйлөгөнүн байкабады. Кишини тикчие тике караса көздөрү жанып турат. Башкаларды тамашалап, ал түгүл айрым учурда келекелеп сүйлөй берүүчү кыздар Кемелге келгенде тамашаны да чеги менен айтып калышчу. Бир жолу көлдү айландырып кыздарды ойнотуп келатып Чолпон-Атадагы мейманканага конуп калышты. Эркектик кылып бүгүн өзүбүзчө отуруп сүйлөшөлү дейт го деп ойлогон. Жок. Унчукпады. Өз бөлмөсүнө барып жатып алды. Бир да жолу өзүбүзчө бөлүнүп чыгып сүйлөшөлүчү - деген жок. Достор катары гана төртөө дайым чогуу жүрө беришти. Болгону көздөрү менен эзилип-эзилип карайт. Анан берки кыздарга айтат экен: "Гүлсарага жолуккандан бери дүйнөдө аялзаты деген да болоорун, аялзатына назик мамиле жасап сыйлап, эркелетип туруш керектигин туйдум. Буга чейин сезимимде аялзатына деген мынчалык назик мамиле жок болчу. Өтө олодоксон, орой мамиле жасачу экенмин. Сыйлаганды билчү эмес экенмин. Гүлсара менин жан дүйнөмдү ачты. Ага рахмат - деп. Экөө коштошоордо кичине үнсүз буйдала түшүп анан "Болуптур анда жакында кайра жолугушабыз да. Мен шаарга бат-бат каттайм" деп колун коомай кармап жалооруй тиктеп койду да кете берди. Кемелдин машинасы жүрүп кетээри мпнен Гүлсапра ээнсирей түштү. Жөн эле ээн талаа- эрме чөлдө калгандай болуп кетти. Аз эле жерден - Кемел токточу - деп аркасынан чуркай сактады. х х х Азият Кытайдан жаңы кабарды күтчү болду. Дым. Эч кабар келбейт. Россиянын бардык чоң шаарларын тинтип кыргыз, казак атуулдарды бүт териштирип жүргөн тыңчылары да Мыкы аттуу кыргызды табышпады. Азият кийинки күндөрү табышмактуу жылан жана анын сыры жазылган китепти кошуш үчүн башкача бир ыкмасын, жолун, системасын ойлоп чыгыш керектир - деп баш катыра баштады. Анткени бир нече кылымдан бери бирин-бири издешип келатат. Так айтканда бул үч сырдуу дүйнөгө ээ болгондор издеп келатат. Ал эми үч сырлуу дүйнө тескерисинче бири-биринен түртүлүп кошулгандан качып келаткандай. Демек эгер Азият мурдакылоардын жолуна түшүп издөө, табатам да үчөөнү кошом деген аракет менен гана чектелип калса кылымдардан берки тапталган жолго түшүп чытырман токойду аралап, талаа кезип, чөл кезип акыры бир күн өзүнөн мурдакылар сыяктуу жыланга сорулуп кете бериши толук мүмкүн. Кытайдын, тибеттин легендаларын, фольклорлорун казып окуй баштады. Кытай, тибет, япон, деги эле чыгыш акылмандарынын жазып калтыргандарын окучу болду. Анан күн сайын бир-эки саатка жакын "Бриллиант жыланды" лупа менен да өтө ири кылып көрсөтүүчү микроскоп менен да текшерип карап отурат. Бизнестеги иштерин бүт иш башкаруучусуна берип койду. Ар кайсы өлкөлөрдөгү, соода түйүндөрүнөн ресторан, казинолорунан, фирмаларынан келип түшүүчү финансы эсеп-кысабын дайыма өзү текшерип чыкчу. Кийин аны да сырткы иштер боюнча экономист деген жардамчы алып ошого текшертип өзү жыйынтыгын гана угуп коюучу болду. Жумасына бир жолу түрлүү улуттагы тандамал сулуу кыздарды алдырып келип энеден тума жылаңач бийлетип коюп саунага түшүп сайран курмайы да калды. Айына бир жолу вертолет менен аң ууламайы да калды. Бир илимий ачылышты ача албай жаткан окумуштууча кабинетинен чыкпайт. Кабинетине эч кимдин киришине уруксат бербейт. Телохранителдери өзү чакырса гана кирет. Болбосо эч ким даап эшиктин да туткасын кармабайт. Өзү да кийинки эки жылдын ичинде картайа түшкөнсүдү. Элүүдөн жашы өтсө да кырктагы жигиттей кычырап турчу баягы Азият болбой калды. Жаштык кумары күчүндө, ойносо оюнга тойбой турган жаш аялы Фаризат Азияттын мындай кылыгына кыйналып жүрдү. Азияттын Фаризаттан башка да эки аялы бар болчу. Элүүгө жашы таяп калган биринчи аялы өз турмушу менен алек болуп Азиятты унутуп да койгондой. Экинчи аялы күнөөнүн баарын Фаризаттан көрүп " _ Ушул шуркуяны алгандан бери Азият өзгөрдү. Бул сойку баш айлантма берди окшойт" деп келет. "Бриллиант жылан" жөнүндө үч аялынын бири да билген жок. Мурда Азияттын кабинетине каалаган учурунда кирип эркелеп жанында отуруп жүрчү Фаризатга да "Бриллиант жылан" келгенден бери эшик жабылган. Күйөөсүнүн эмне ишке мынчалык кыйналып жүргөнүнө кызыккан Фаризат нечен жолу чегип сураса да жооп ала албады. Мурда Азият Фаризаттын келишкен сулуу келбет-турпатына кызыгып, көгүш махровый шейшептин үстүнө жып-жылаңач жаткырып койчу да сени эне төрөбөй эле мыкты скульптор ак мрамордон чегип жасагандайсың - дечү. Түрлүү түстөгү светтерди жандырып коюп ары оонатып бери оонатып түстүү фото сүрөткө тартчу. Фото сүрөт тартуу жагынан Азият чыныгы чебер болчу. Азмият тарткан сүрөттөрдү карап отуруп Фаризат өзүнүн чын эле сүрөттөгүдөй сулуу экендигине ишенбей да кетчү. Сүрөт тартып атканда Азияттын каардуулугу жоголуп жумшак адам болуп калчу. Чыныгы искусство жөнүндө кыялданып кетчү. Азыр анын бири жок. Азиятты түйшүккө салган сырды сөзсүз билүүгө Фаризат чындап киришти. Бир эки жолу күтүүсүз үстүнө кирип барууга аракет кылды эле эшикти ичинен бекитип коет экен; атайын микрофон аркылуу уруксат сурамайын эшиги ачылбады. Азияттын кабинетинин эшиги өзгөчө эшик эле. Кармагычын бурап койсоң дубалга өзү үнсүз жылып кирип кетип ачылчу да кайра өзү жылып келип жабылып калчу. Ал эми отурган орунтугундагы кнопканы басып койсо ичинен бекип калчу. Кайра өзү кнопканы басмайын ачылчу эмес. Фаризат бир күнү Азият менен чогуу кабинетине келип кайра чыгып баратканда шабдалынын данегин босогонун кычыгына билгизбей таштап койду. Эшик жабылып келатып данекке келгенде кичинекей жылчык кала берди. Эшиктин дайыма так иштээрине ишенген Азият муну байкабады. Фаризат телохранителдерге Азият иштеп жатканын анын тынчын эч ким албашын катуу эскертти да өзү кычыктан шыкааламайга өттү. Үйүлгөн китептерден бир сөздөрдү көчүрүп компьютерге түшүрүп иштеп жаткан Азиятты тиктеп туруп тажап кеткен Фаризат жаңы эле кетейин деп жатканда Азият китептерди жыйыштырып коюп ордунан туруп керилип чоюлуп койду да бурчта илинип турган Айвазовскийдин "9-балл" деген картинасын алып жерге коюп аркасындагы дубалдын бетине сырты кафелденип билгизбей орнотулган сейфти ачты да ичинен жалтылдаган жылан сууруп чыкты. Жылан Азияттын колунда ойноп башын койкойто калып оозун ачканда Фаризат аз жерден өзүн жоготуп бакырып жибере сактады. Оозун колу менен басып көздөрү чекчейип кетти. Азият жылангдын оозунан ачкыч сууруп алганда ого бетер өзүн жогото таңданды. Чынында Фаризат жыланды тирүү экен деп ойлоп жаткан. Көрсө кымбат буюм тура! Ачкыч менен эми эмнени ачаар экен - деп ого бетер кызыгы аша көзүн албай демин ичине катып күтүп турду. Азият эч нерсе ачпады ачкычты колунда айлантып карап көпкө отурду да кайра жыландын оозуна салып койду. Жанатан оозу ачылган калыбында башын көтөрүп койкоюп турган жылан ачкычты жутары менен шылк кулап ийриле жатып калды. Азият ордунан туруп жыланды кымкап менен ичтелген коробкасына салып ордуна койду да кайра баарын жымыйтып жаап койду. Кагаздарын жыйнап бүтүп орунтугундагы эшикти ачуучу кнопканы басканда эшик үнсүз ачыла баштады. Беш-алты кадам артка баскан Фаризат жөн-жай келаткан кишиче кирип келатып бутунун учу менен шабдалынын кычыктагы данегин акырын тээп кетти да; - Ого, эшикти ачып коюп иштеп жатасызбы. Биринчи көрүшүм. Эшигиңиздин ачык турушун. - Азият жактырбагансып сөзүн буза; - Эмнеге келаттың эле? Мен жаңы чыгайын деп жаткам. - А мен жана Сиздин кабинетке очкимди унутуп коюптурмун. Чайпала басып кирип барды да үстөл үстүндөгү очкисин алды. Азият Фаризатты тикирейе бир карап алды. Көз карашында "Атайлап унуткан жоксуңбу? Бул шуркуя эмне эле мынча кылыктанып жатат?" - деген шектенүү турду. Кантсе да бир канча жылдар бою тыңчылык кесипте иштөө анын ички туюу сезимин күчтүү өнүктүрүп койгон эле. "Эмне болду" дегенсип моймолжуй караган Фаризат: - Чарчадыңыз го. Балким биздин бөлмөгө кирсеңиз кичине массаж жасап бербеймби. Жарым саат, бир саатча эс алып алсаңыз кантет? -деди ого бетер кылыктана. Азият ичинен "Мунун эс дартынын баары бир гана нерседе. Эптеп эле эркек менен жатса" - деп ойлой Фаризаттын келишкен сулуу фигурасын бир карап алып "Кантсин. Жаштыгы деле ошону талап кылып турбайбы. Эки жумадан бери көңүл да бура элекмин. Минткеним болбос. Жок дегенде күйөөлүк милдетимди аткарып коеюнчу" - деген жыйынтыкка келип: - Болуптур. Чын эле чарчагансып турам. Массаж жасасаң жасап берчи - дегенди укканда кубанганын жашыра албай кеткен Фаризат Азияттын мойнунан кучактап өөп жиберди. Жанаша баскан экөө кабинеттен чыкканджа "Куюн" күтүп турган экен. Кожоюнуна ийилип учурашты. - Эмне болду? Азият аярлап токтой калды. Куюн шыпылдап басып келди да Азияттын кулагына бир нерсе айтты. Өңү өзгөрүлө түшкөн Азият Фаризатга кайрылып: - Сен бөлмөңө бара бер. Мен аркаңдан кичинеден кийин барып калам деди да жооп күтпөстөн "Куюн" экөө шашыла басып чыгып кетишти. Мына эми келет деп күткөн Фаризат бул түндү жалгыз өткөздү. Азият келген жок. Күтүүдөн, кусалыктан, эңсөөдөн, жалгыздыктан, бук болуудан жарыла жаздаган Фаризат ары оонап, бери оонап бирде терезеге барып түнкү гүл бакты карап, бирде жылдыздарды тиктеп, бирде көзүнөн жаш кылгыртып, бирде кичинекей назик муштумдарын түйө кыжырланып, бирде телевизорду коюп кайра өчүрүп өзүн коерго жер таппай уйку бетин көрбөй таң атырды. Миң сан ой санаа менен аралашып баш-аягы жок суроолор жанын жеди. Азияттын колунан көргөн эмне жылан? Азиятты өзгөртүп түйшүккө салганына караганда бир сыры бар го... Кейпи дүйнөдөгү эң кымбат буюмдардан го. Азият баасын чыгарып сата албай жүргөн го. Балким башка да сыры бардыр. Кантип билсе болот? Фаризат жөн эле сулуулугунун аркасы менен Азияттай байга тийип алып жан багып жүрө берүүчү катардагы төшөк катындардан эмес эле. Университеттин чет тилдер факультетин бүтүргөн англис, немец, фарс тилинде эркин сүйлөгөн дүйнөлүк адабият, искусство, маданият менен тааныш. Энергиясы денесине батпай турган аялдардан эле. Азияттын чыныгы жүзү ким экенин толук билбесе да божомолдоп акыл жорто түшүнүп, Азиятка жолуктурган тагдырына таарынчу. Азияттан кетем десе тирүү кубултасын да билчү. Азият өзү айткандай "анын көзү" бардык жерден карап тураарын туйчу. Чындыгында Азият тиешелүү бөлмөлөргө микро- микрофондорду койдуруп койгон эле. Аларды күн ара текшерип угуп коюп турчу. Эгер Азият өзгөрүп кетпей мурдагысындай чет өлкөлөргө өзү менен дайыма ээрчитип, күн ара конокторго кошо алпарып, көңүл бөлүп эркелетип турса эч убакта Азият жөнүндө жаман ойго бармак эмес. Анткени Азиятты өзү билген эркектердин ичинен чыныгы эркеги деп эсептечү. Жашынын өтүп калганынан карабай Азият кайда болбосун өзүн "чөйрөнүн борборунда" аялдардын кызыгып суктанган көзүндө алып жүрө алчу. Фаризат Азияттын жанында мына ушул силер суктанган адамдын колуктусу менмин деп сыймыктанчу. Акыркы жылдарда эмне болуп кетти. Чын эле баарына жанагы жылан күнөөлүбү. Эгер ошол жылан күнөөлү болсо Фаризат жыланга кошуп ушул ак сарайды бүт өрттөп ийүүгө даяр эле. Чиркин дүйнө жыланды жылчыктан көрүп койгондугу үчүн Фаризат ушул каргашалуу күнү өзүн азаптуу тагдырдын жолуна салганын билбеди. Өзүн кармап эле эмес көрүп койгондордун тагдырын, жанын оп тартып соруп коючу жылан анын жаратылыш бир берген укмуштуу сулуулугуна карабай тымызын соруп баратканын сезген да жок. х х х Азият Кытайдан кабар алды. Кытайдагы тыңчысы Хэ-Чан белгисиз себеп менен өлүптүр. Фаризатты күттүрүп койгонун унутканы ушунда жаткан. Хэ-Чан Азияттын өзүнүн ишин жакшы билген эң мыкты жигиттеринен болчу. Анын ордун басуучуну табыш эми кыйынга турат. Хэ-Чан бир топ изилдөө иштерин жүргүзүп, "жиптин учугун" таап китепке жакындай баштаган. Анын ордун басуучу ал билген сырларды изилдеп чыккыча көптөгөн убакыт өтөт. Балким Хэ-Чан өзү менен ала кеткен сырды эми эч кими да ачалбас. Азият жанын коерго жер таппай каарданып турду. х х х Шаа (Мыкы) Бишкекке асмандан түшкөнсүп пайда болду. Алуучудан сатуучусу көп болуп кеткен Ош базарын кыдырып жүрүп Салкын эжесин араң тапты. Салкын төрт жылдын аралыгында он жылга картая түшкөндөй көрүндү. Баягы ак жуумалынан келген жайдары келин карарып, бети-башына бырыш кирип, жүдөгөнсүп калыптыр. Өзү байкаар бекен дегенсип маңдайына кичине турду эле байкабады. Базарда көп жыл отуруп көнгөн сатуучулардын адаты менен Шаанын товар кармаган колдорун гана карап көзүнө ким экен дегенсип бир да жолу тигилип койгон жок. Чындыгында Салкын үчүн колдорду кароо жетиштүү. Колдор чөнтөктөн капчык сууруп чыгып акча санай баштаса иштин оңуна айланганы, жөн эле товарды кармалай берсе катардагы бирөө. Алса да албаса да кармалай бермей адаты бар алуучулар саман. Кайсыл биринин жүзүнө карап үлгүрмөк. - Саламатсызбы эже. Шаа үнүн көтөрө чыгарды. Кантсе да чогуу иштеп жүрүп кулакка жат болуп калган тааныш үндү укканда жалт карады: - Мыкы.. Мыкысыңбы?.. Ой тирүү барсыңбы деги? - Эмне дээрин билбей карбаластай түштү. - Тирүүмүн эже, көрүп турбайсызбы. Көздөрүн жалжылдата Шаанын башынан аягына сынай карады да: - Такыр өзгөрүпсүң. Зыңкыйган жигит болупсуң. Деги кайда жүрдүң төрт жылдан бери? - Россияда эже. - Коммерция кылып жүрдүңбү? - Анан эмне кылмак элем. Сөздү көп узартпаш үчүн өзүнүн Москвадагы Эл аралык университетин чыгыш таануу факультетинин кытай тилинде окуганын жашырып койду. Деги эле кайда эмне кылып жүргөнүн, так дарегин эч убакта эч кимге айтпашы керектигин Кадыр атасы тээ кичине чагында эле үйрөткөн. - Ишиң жакшы го... - Түзүк. Россия кенен эмеспи. Андан көрөк өзүңүздөр кандайсыздар? Жезделүү болдукпу? - Өзүбүздүн кандайын сурайсың. Жаман жагына ообосок оңолуу жагына кете элекпиз. Алуучудан сатуучу көп болуп кетти. Баягы экөөбүз чогуу иштеп жүргөндө бекер эле товар өтпөйт деп наалучу экенбиз. Анда элдин чөнтөгүндө акча бар экен. Азыркы абалыбызды айт... Кыскасы жыргаган жокпуз. Жезде жагына келсек сага жезде болууга жарачусу жок окшойт... Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы? - Өзүм эмнени айтайын эже. Базар кайда болсо базар да. - Туура айтасың. Базар кайда болсо базар. Баса, жарым жыл мурдараак бир кытай келип сени аябай сурады. "Ой дайнын да билбейм" десем ишенбегенсип үйүмдү да таап барып калыптыр мен сени үйүмө катып койгонсуп. Кантип таап барды билбейм. Балдырап кыргызча-уйгурча аралаштырып сүйлөгөн неме экен. Ошондон улам сени Кытайга каттап жүргөн го деп ойлодум эле. Шаа каштарын жыйра ойлоно калды да: - Эже товарыңызды өнөгүңүзгө карата турсаңыз мындай чыгып бир жай жерге отуруп сүйлөшпөйлүбү. Салкынды Шаа такси менен "Мина" ресторанына алып барды. Экөө өзүнчө кабинага кирип отурганда Салкын Шаарга чындап ыраазы боло: - Мыкы сен чындап "крутой" болуп кетсең керек. "Мина", "Мина" деп угуп жүрчү элем бирок биринчи киришим. - Эже "жакырдын бир тойгону орто байыганы" деп бир жакшы тамактанып коелу. Кантсе да көп жылдан бери жолугушпай калдык. Бир тууган эжемдей болуп калдыңыз эле. - Рахмат Мыкы. Жөн эле төбөм көккө жетип отурам... - Заказ бересизби? - "Менюну" Салкын жака жылдырды. - Жок, мунуңа түшүнбөйм. Өзүң заказ кыла бер. Мен келип киргенибизге эле тоюп калдым. Экөө шашпай тамактанып көпкө сүйлөшүп отуршту. Шаа Салкындан өзүн издеген кытай жөнүндө ийне-жибине чейин иликтеп сурап жатты. Салкын да колунан келишинче өң-түсүнөн бери сүрөттөп айтып берди. Ал түгүл шаардагы бир фирмага кытай товарын алганы барса ошол кытай ошол жерде жүргөнүн көргөнүнөн бери эстеп айтты. Акырында: - Анда билбепмин да ал кытай сени кызыктыраарын билгенимде аты жөнүнөн бери билип, ал түгүл сыртынан сүрөткө да тарттырып калат элем - деди. - Шаа Салкынды жайгарып - Мени издеген кандай кытай болду экен, - деп эле жайынча сурап атам - демиш болуп койду. Кайра базарга такси менен жеткирип келди да коштошоордо: - Мени тааныбаган бирөөлөр сурап калса жолуктум деп да айтпаңыз. Аман болсок дагы көрүшөбүз. Муну базарда жүгүртүүңүзгө пайдаланыңыз деп 1000 доллар берди да кандай күтүүсүз пайда болсо так ошондой жылт деп жок болду. Салкын колуна уучтаган доллардан апкарый түшүп жакшылыктуу кош бол деп да айтууга үлгүрбөдү. "Курган жаным кечинде үйдөн барып даам ооз тийип тамак ич дегенге да жарабаптырмын го" - деп калың элдин арасынан караанын таппай кала берди. Аялдык сезими менен Шаанын чоң ишке кириптер экенин туйду. "Деги эмне болсо да аман жүрчү" деп койду. х х х Реклама аркылуу таап алган өзүнчө бир бөлмөлүү мейманканага убактылуу берилүүчү үйдүн балконунан кечки Бишкекти карап отуруп ойго батты. Төрт жыл билинбей өткөн экен. Бишкектин көчөлөрүндө иномарка машина батпай кетиптир. Англис тилинде жазылган, латын ариби менен түрк тилинде жазылган жарнамалар көбөйүптүр. Бишкектиктер жөн эле чет элдиктердей кийинип калышыптыр. Көчөдөгүлөрдүн кийингендерин карасаң москвалыктардан деле айырмасы жок. Ал эми базарды араласаң жалпы элдин турмушу жакырланганы көрүнүп турат. Кайырчы жокко эсе болоор эле. Толуп кетиптир. Шаардын элинин саны да көбөйгөнү байкалып турат. Уйкусу качып оо көпкө отурду. Шаанын жүрөгүн катуу дүпөйүл кылган аркасынан сая түшүп издеп жүргөн кытай эле. Анын ким экенин Салкын айтканда эле билген. Кадыр атасы эртедир-кечтир изине түшкөндөр кыргыз жергесине келээрин, ал түгүл Шааны да таап алышы мүмкүн экенин нечен эскерткен. Кытайдын аты жөнү ким? Кайра Кытайга кеттиби же Кыргызстанда Мыкыны издеп жүрөбү? "Шаа" - деп атын өзгөрткөнүн билеби? Суроо көп, жооп жок. Жалгыз карындашыма барып учурашсам кантет? Балким кытай карындашымдын үйүн сыртынан аңдытып койгон болсочу? Алгач Салкын айткан фирмага барып астыртан иликтеп билмек болду. Фирмада иштеген котормочуга Шаа сырткы келбетин Салкындын айтуусу боюнча сүрөттөп айтып бергенде эле шап жооп берди. - Түшүндүм сиз Хун-Лини издеп жүрсөңүз керек. Ал киши сизден товар алам деди беле? Же Сиз ал кишиге карызсызбы? Себеби Хун-Ли эч убакта өзү эч кимге карыз болбойт жана жалган сүйлөбөйт. Буга мен толук ишенем - деп быдырап кирди. Шаа тигинин толук укту да. Анан "Сиз туура айтасыз, Хун-Лиге мен товар тапшырып, чогуу иштешип көрөйүн дедим эле. Анткени анын ишеничтүү адам экенине ынанган элем. Анын үстүнө жакын таанышым да эле" - деди. - Тилекке каршы Хун-Ли кайра Кытайга кеткенине жарым жылдан өтүп кетти. Эгер сизде товар бар болсо мен сизге Хун-Лидей эле чынчыл, ишеничтүү адамдарды таап бере алам - деди шыпылдай. - Рахмат. Мен жакында Кытайга барышым мүмкүн. Сиздердин Кытайдагы фирмадан Хун-Лиге жолуга аламбы? - Мен так айта албайм сөзсүз жолугасыз деп. Бизде коммерсанттар көпчүлүк учурда убактылуу алынат. Ошондой болсо сөзсүз жолуккуңуз келсе дарегин билсеңиз болот - деди да суурмасынан кытайдагы фирманын дареги жазылган визитканы суурууп Шаага берди. Шаа "рахмат" деди да шарт бурулуп чыга жөнөдү. Сайрап көп сүйлөгөндү жакшы көргөн тилмеч Шаадан "Сиз өзүңүз ким болосуз" - деп суроого үлгүрбөй калды. х х х Шаа билиминин калганын Пекинден улантууга жолдомо алган эле. Ал үчүн Пекин университетинде бир курс төмөн отурууга да макул болгон. Эптеп жүрүп көздөгөн максаты Кытайга кирүү болчу. Тааныштан тааныш салып, акчаны уучтап берип жүрүп жетти. Бишкекке Пекинге учаардын астында туулган жерин көрүп, бир тууган карындашына учурашып коюш үчүн гана кайрылган. Бекер келген эмес, минтип баасыз жаңылыктын ээси болуп отурат. Убактысы тар болгондуктан көп кармалбай жолго чыкты. Кантсе да каны бирге эмеспи карындашы байкесинин аман экенин көргөндө бир ыйлап, бир күлүп эси ооп калды. Кетээринде "кем карчыңарды толуктап кичине бутуңарга туруп алгыла" деп 5 миң доллар берди. Карындашы да күйөө баласы да акчаны көргөндө эстери ооп кала сакташты. Кандай рахмат айтаарын да билбей калышты. Карындашы "Карызга белчеден баттык эле. Кудайдын да бизге боору ооруган экен" деп ойлоп жиберди. Байкуштар нанга араң өп-чап жетип калган турмушта экен. Ошентсе да күйөө балас бир козусун союп коноктоп жан-алы калган жок. Шаа өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Атын өзгөрткөнүн да билгизбеди. Болгону Россияда коммерция кылып жүрөм. Бир шаарга туруктуу турбайбыз. Кыдырып жүрө беребиз. Кам жебегиле өзүм кабарлашып турам - деп койду. Бул жолу Москвага самолет менен учту. Андан Пекинге жөнөмөк. Бүт документтери бүтүп ал түгүл билетин да алып койгон. х х х Кемелдин колуна "Бриллиант жылан" кандайча тийди өзүнчө таржымал. "Каражылан" астын ала айткандай Кемел түрмөдөн чыгып келгенден кийин жарым жыл өтпөй областын апийим даярдоо бөлүмүндө иштеп калды. Даярдалган апийимди республикага тапшырууга келгенде чогултулган апийимге атайын даярдалган кошулмалар кошулуп салмагы көбөйтүлөт. Ашкан салмак солго кетет. "Каражылан" ишти ушунчалык тыкан уюштурган экен, лабораториядагы ишенимдүү адам салмагы текшерүүдөн комиссия аркылуу өткөн товардагы кошулманы жалпы республика боюнча түшкөн апийимдерден чыккан калдык катары кайра бөлүп салат. Кемел товарды мерчемдүү жерге жеткизет да акчасын алат. Тиешелүүсүн ай сайын "Каражыланга" жеткизет. Калганы өзүндө калат. Өзүнө жардамга көп да жигит күтпөдү. Болгону түрмөдө чогуу жүрүп ишенимине кирген Игорду алып жүрдү. Кылмышкерлер дүйнөсүнө тереңдеп аралашып Казакстан, Өзбекстанда өткөн "разборлорго" катышып жүрдү. Чоң-чоң разборлор болгондо "Каражылан" Кемелди дайыма чакыртып алып Азиядагы "авторитет" катары катыштырчу. "Каражылан" Кемелди сөзсүз тез келсин. Бардык ишти жыйыштырып коюп келсин" - деген чакыруусун алганда кезектеги "разбор" болот экен деп ойлогон. Андай болбоду тескерисинче "Каражылан" өлүм алдында жатыптыр.Балтырынын ички бетине бармактай жара чыккан экен. Катардагы жаралардын бири катары догдурга барып кестирип салса күчөп кетиптир. Көрсө рак экен. Кемелди эле күтүп жаткансып кыйналып араң айтайын дегенин айтты да көз жуумп кете берди. Кемел үчүн "Каражыландын" өлүмү жер көчөкөндөй болду. Бир тууган агасынан да жакын болуп калганын айрылгандан кийин билди. "Каражылан" Кемелге "Бриллиант жыланды" калтырганы менен анын сырын толук түшүндүрүп жеткире айтып бере албады. Ошондуктан Кемел жыланды сактоочу гана болуп келди. Анын сырын ачууга кызыккан да жок. Кичине да аракет кылбады. Жыландын сырын ачууга кызыгыш үчүн анын тарыхын билиш керек эле. Ошондой эле фанатикалык ишеним менен жыланга арбалуу керек болчу. Кемелде мындай болгон жок. "Каражыландын" Кемелден дагы бир суранычы - бирөөлөргө 600 кг апийим берет экен ошону сөзсүз берип коюуну өтүндү. 400 кг бергенде байланыш үзүлүп калды. Кийин байланыш уланганда Көл өрөөнүндө апийим айдоо токтоп калган. Ошентип 200 кг апийимин бере албай калды. "Каражылан" өлгөндөн кийин Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кавказ кылмышкерлер дүйнөсүндө чоң "разбор" жүрдү да кожоюндукту кавказдыктар алып кетти. Кемел бул "разбордо" көлөкөдө кала берип, астыга жулунбады. Ага Көл менен Бишкектин аймагын ыйгарышты. Кылмышкерлердин дүйнөсүнүн да өзүнүн жашоо мыйзамы бар. Муну Кемел барган сайын мыкты өздөштүрө баштаган эле. Сыртынан уулдап-дуулдап акча дегенди уучтап жүргөнү менен ичинде бычактын мизинде турганын эч убакта эсинен чыгарчу эмес. Бир капталыда мамлекеттик мыйзам менен бийликтин тору жайылуу турса, экинчи капталында кылмышкерлердин сотуна түшкүчө мамлекеттик мыйзамдын сотуна түшкөн жакшы. Эртедир-кечтир жаңылыштык кетирээриңди да билесиң. Кайсыл жагына болсо да жооп берүүгө дайым даярдык болот. х х х Аялзатына анчалык терең маани берип көңүл бөлбөгөн Кемел үчүн сүйүү махабатына кабылуу күтүүсүз болду. Сүйүү Кемелди кылмышкерлердин сазынан сууруп алды. Сүйүү Азиядагы атактуу баш кесерди катардагы боорукер адамга айландырды. Мындай бурулушка чыныгы жүрөктү жарып чыккан сезим гана жеткирмек. х х х Бир буту Көлдө, бир буту Бишкекте болуп иштей албасын түшүнгөн Кемел тааныш досторунун каршы чыкканына карабай борборго которулуп келди. Канча бир жылдан бери жанында жүрүп бир чети телохранители, бир чети жан досу болуп калган Игор да Кемелдин күтүүсүз өзгөргөнүн түшүнө албай жүрдү. Жумуштан келет да китеп окумуш болуп ооналактап жатат. Игорь болсо досун бул "оорудан" кантип куткарып кетсем деп өз алдынча баш катырып жүрдү. Алгач маани берген эмес. Бир аз кызыгы тарагыча жүрөт да анан баарын унутат. Унутпай көрсүн андан да сулуураак кыздардан таап койнуна салып койсом Гүлсарасынын атын да таппай калат - деп ойлочу. Бара-бара иштин андай эмес экенин сезе баштады. Бир-эки жолу кыздарды апкелип көрдү эле Кемел жолобой койду. Кирген буурадай күпүлдөгөн Кемел жок. Сопу. "Иштеген жерден отпуска алып Крымга эс алып келбейлиби" - десе да болбоду. Игорь өзүнчө "Тобо чын эле сүйүү деген да болобу" деп коет. Кайра ишенбей кетет да "Кайдан жөн эле убактылуу болуш керек. Баары өтүп кетет" деп өзүн сооротот. Кемел шаарга келгенден кийин Гүлсара менен байма-бай жолуга баштаган. Өз ичинде: "Гүлсара деле мени жактырып калды окшойт", - деп кыялданып жүрчү. Ал түгүл эртерээк үй сатып алып үйлөнүү жөнүндө сунушумду айтайын деп камдана баштаганда күтүүсүз сокку жеп отурбайбы. Жегенде да ушунча эси ооду бир жума жумушка чыкпай үйдө ичип жатып калды. Кемел үчүн жашоо бүткөндөй болуп кетти. Нечен жолу бычактын мизинде, өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда да мынчалык өзүн жоготкон эмес. Эч убакта башка түшкөн убайды арак менен жууп салууга мүмкүн эместигин да билчү. Мыначалык жумалап арак ичип жатып калганын Игорь да көргөн эмес. Ичишине бешинчи күн болгондо Игорь эки яүик арак алып келди да бүт бөтөлөкөсүн бошотуп чоң мискейге куюп туруп мискейди Кемел жаткан дивандын башына көтөрүп келип койду да чоң чөмүчтү жанына коюп "Бул эмне кылганың" деп түшүнбөй тиктеп калган Кемелге: - Мына бөтөлкөнү ачып убара болуп жүрөсүңбү. Чөмүч менен суз да ура бер. Түгөнгөндө айтып кой дагы апкелип куюп коем. Канчага чыдаар экенсиң көрөйүн. Мына ушинтип ичсең көп болсо үч күндө бооруң эзилип тиги дүйнөгө сапар тартасың - деди да жообун күтпөй чыгып кетти. Үйдүн ичи арактын жытынан жарылып кете сактагыдай болуп турду. Жүрөгү айланып көзү тунара түшкөн Кемел окшуп окшуп кусуп ийди да; - Игорь алып кет. Алыпкет дейм азыр өтүңдү тирүүлөй суурам! Алып кет! - деп кыйкырган менен Игордон жооп болбоду. Калчылдап ордунан тура калып, мискейди тамтаңдай көтөрүп эшикке чыкты да арагы менен кошо акыр-чикир салган бочкеге ыргытты. Өзү үйдүн эшигинин алдындагы отургучка отура калып ичеги боору үзүлгүдөй окушуй окшуй кусту. Анан эси ооп жыгылып калганын билген жок. Эсине келсе ооруканада экен. Ууланган канын тазалаш үчүн канына тамчылатып дары куюп жатышыптыр. Көзүн ачты да маңдайында ак халат жамынып тиктеп турган Игорго: - Игорь турарым менен өтүңдү тирүүлөй суурам. Буга ишеним кой -деди алсыз. - Менин өтүмдүн эч кимге пайдасы жок досум. Аны сага суурттуруп убара кылбай эле ошончо керек десең өзүм деле кесип берем. Меникин коюп сени ушул абалга жеткизген жанагы шуркуянын өтүн сууруп жутуп ийсең оңолот элең. - Тилиңди тарт Игорь. Ал шуркя эмес. Кантсе да сөзгө жыгылып шылкыя түштү. Аңгыча эшик тыкылдап Гүлсара кирип келди. Аны жаман көзү менен бир тиктеген Игорь экөөнү калтырып эшикке чыгып кетти. Баарын Игордон укса да билмексенге салган Гүлсара; - Эмне болду, Кемел байке?- деди жанына жакын отуруп колдорун кармалай. Кандай жооп айтарын билбей шаша түшкөн Кемел - Билбейм тамактан ууланып калсам керек. А сен кайдан уктуң менин ооруканада экенимди. - Игорь айтты. - "Звер" сөзсүз сени соет экенмин. Гүлсара түшүнбөй калды да: - Эмне дейсиз? - Аа, жөн эле. Жанагы Игорь деген шүмшүктү биз "Звер" деп коебуз. - А эмне айтпа дедиңиз беле. Мени көргүңүз келбей жатабы. - Жок... Жок... Кемел калдастаганынан өзүн унутуп ордунан тура сактады. Кантсе да медик эмеспи. Гүлсара илгиртпей кармап калбаса каруусундагы ийне чыгып кетиши да мүмкүн эле. - Жатыңыз... Жатыңыз... Сизге турууга болбойт. Кайра кыймылсыз жатып калды. Экөөнүн көз каректери чагылыша түштү. Мынчалык бири-биринен көздөрүн албай тиктеше элек болушчу. Кемелдин карегинен тамчы жаш сызылып чыгып ылдый тоголонду. Бычакты мизинен тайманбай кармай алчу баатыр сүйүү күчүнө кор болуп тизе бүгүп чөгөлөп ыйлап турду. Эх, өмүр табышмагың сансыз беле. Гүлсаранын да карегинен сызылып жаш куюлуп, улам Кемелге жакындап баратты. Кыздын үлбүрөгөн назик эриндери жигиттин борбойгон калың эрдине тийгенде Кемел үчүн дүйнө астын-үстүн болуп бараткансып, ушунун баары түшүндө болуп жаткансып көздөрүн жуумп жиберди. Жүрөгү тим эле көкүрөк сөөгүн тешип сыртка атып чыкчудай уруп тыбырап-тыбырап турду. "Мына эми өлсөм арманым жок" деди Кемел. Эрдиңе эрдим тийип жытыңды искеп койгонумдун өзү да бир жашоо" -деди жигит. - Мен сендикмин! Мен да сенсиз жашай албасымды түшүндүм. Ушуну айтайын деп атайы келдим. Кечирчи мени өткөндөгү терең ойлонулбай айтылган сөздөрүм үчүн деди кыз. Кемел уккан кулагына ишенбеди. Көздөрүн бакырайта ирмегилей Гүлсараны тиктеп алды да: - Гүлсара чын элеби? Жөн эле аяп айтып жаткан жоксуңбу? - Чын сөзүм! Кемел экөөбүз жолугушпай калган эки жума мен үчүн эки миң жылдай болуп кетти. Өз күнөөм үчүн өзүм азап чегип эки жума көз жашым кургабады. Мен сенин кучагыңда гана бактылуу боло алам, Кемел. - Гүлсара... Гүлсара... болду... Болду сүйлөбөчү. Мага аба жетпей баратат.... Өмүр тумарым менин. Ийне салынбаган колу менен имере кучактап өзүнө кысты. Кемел үчүн мындан ашык дарынын кереги жок эле. Догдур кирээри менен "мен айыктым чыгарыңыз", - деди. Чын эле кубарган өңүнө кан жүгүрүп кызарып жадырап калган. Догдур Гүлсараны бир карап алып "Кийин догдур болгонуңда да оорулууларды ушинтип бат айыктырсаң сенден дүйнөгө аты чыккан догдур чыгат го" деди тамашалай. Мединституттун студенти катары Гүлсараны жакшы таанычу эле. х х х Бүгүн бири-бирине сүйүүлөрүн айтып эзилип турган экөө эки жумача мурда башкача сүйлөшүшкөн. Кемелдин ким экендигин жашырбай так айтып берүүсүн Гүлсара сураганда, Кемел да төкпөй-чачпай бүт өткөн өмүрүн айтып берген да азыр да кылмышкерлер менен байланышы бар экенинин четин чыгарган. Кемелден мынчалык терс жооп күтпөгөн Гүлсара дендароо болуп "Кимге жолуккам, кудай?" деп бир жумача жүргөндөн кийин Кемелге ата-энеси кудалашып койгон жигити бар экенин. Өзү да аны жактыраарын. Ата-энесин капа кылбашы үчүн ага турмушка чыгаарын айткан. Ал түгүл тойлору жакын арада болоорун эскерткен. Өзүнүн ким экенин ачык айтып бергенден кийин кыздан жакшы деле жооп укпашын Кемел билген болчу. Ошентсе да үмүт деген чиркин өчкөн эмес. Бүт тилеги өчкөндөн кийин өзүн киши катары санабай күчүн арактан чыгарып отурбайбы. Кемел жумалап аракка чөксө Гүлсара эмнеге чөктү? Кыз жүрөгү жумалап эмнеге эзилди-махабаттын улуу табышмагы болуп кала берди. х х х Гүлсара Кемелден бир гана нерсени суранды "Эгер мени сүйгөнүң чын болсо бүт өткөндөрүңдү унут да кылмышкерлер менен байланышыңды үз. Сенден ушуну гана суранам. Бул суранычымды аткаралбаган күндө да мен сендикмин. Болгону өмүр боюу жүрөгүм ооруп санаа чегип өтөм го" деди. Кемел Гүлсаранын суранычын бүт аткараарын болгону бир аз убакыт керектигин, анткени "Мыйзамдагы ууру" дегенге жеткендер жөн жай эле кылмыш дүйнөсүнөн чыгып кете албасын ачык айтып түшүндүрдү. Кылмышкерлердин да өздөрүнүн эч жерде жазылбаган бирок катуу сакталган мыйзамы болорун Гүлсара биринчи Кемелден укту. х х х Азият Хэ-Чандын ордуна Кытайга жиберүүчү кишини шашылыш издей баштады. Архивин көтөрүп, жигиттерин бирден тизмектеген менен ылайыктуусу чыкпады. Ары ойлонуп, бери ойлонуп Кытайга өзү өтүп барышы керектигин түшүндү. Бир чети Хэ-Чандын кайда кандайча өлгөнүн иликтеши керек. Экинчиден, Кытайдын өзүнөн китепти издөө боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү киши табуу маселеси турду. Мындай ишти бирөөгө ишенип тапшыруу да мүмкүн эмес. х х х Кемел ооруканадан чыкканда Игорь тосуп алды. Кемелдин күлүп жайнап өңү өзгөрүп калганынан эле билди Гүлсара экөөнүн ортосунда жакшы сөз болгонун. - Кана досум өттү качан суурасың? Кемелге күлө карады. - Базар-вокзалыңды токтот Игорь. Өтүң азырынча өзүңө керек болуп калды. Экөөбүздүн астыда аткара турган иштерибиз арбын. - Жашагың келип калган го. - Жашаганда да адамча жашашым керек. - Буга чейин айбанча жашап келаттың беле? - Айбанча эмес кылмышкерлерче жашап келаткам. - Түшүнбөй калдым... - Түшүнүүгө мээң бөксөлүк кылат. - Мунуң туура сөз. Баштын анчалык деле кыйын иштеп жибербешин дайыма мойнума алам. - Ошол кемчилдигиңди билгениң үчүн мен сени дос кылып жүрбөймбү. Кемел менен Игорь бул түнү таң аткыа уктабай Кемелдин кылмыш чөйрөсүнөн такыр кетээрин талкуулап чыгышты. Кыргыз апийиминин аркасы менен Кемел кылмышкерлердин чөйрөсүндөгү жөргөмүштүн желесиндей жайылган жибинин эң орчундуу түйүнү болуп турган. Каражылан күтүүсүз өлгөндөн кийин Кемелдин баркы төмөндөп чоң-чоң "разборкаларга" чакырылбай калганы менен "сырье" даярдап берүүчү катары дайыма көңүлдө туруучу. Кемел өзү да "чоң чөйрөдөн" кадыр-барк күтүүгө жулунбады. Игорь айткандай ал табийгатында тубаса кылмышкер эмес эле. Ал эми "чоң чөйрөгө" тубаса кылмышкерлер гана жулунчу. Эң коркунучтуусу Кемел "оюндан чыктым" десе эле "Хоп, бара бер" деген сөз укпайт. Иштин көзүн билип ушунча жылдан бери жаздым кадам жасабай иштеп келаткан "карышкырды" ким эле кое бере койсун. Экинчиден Кемел өтө көптөрдү тааныйт. Бул да коркунучтуу. "Көзүн тазалап койгула" деген жыйынтык чыгып калсачы. Бир гана үмүт "чоң чөйрө" Кемелдин ордуна Игорду кабыл алса балким иш оң жолго түшүп кетиши мүмкүн. Кемел Кавказдагы Каражыландын ордун ээлегендин өзүнө барып бетме-бет сүйлөшүүнү туура тапты. Кемел "Каражыландын" ордунда калган "Алтын тишти" таанып калган эле. Чоңураак "Куш" алганды да жакшы көрөөрүн уккан. Ошондуктан барганга жараша жакшы даярданып барууну туура көрдү. Жалаң илбирстин терисинен келиштире тигилген ичик, эки волганын баасына тете келген тай туякка уютулган алтын алды да жолго чыкты. Күтүүсүздөн келип кабыл алуусун суранган "Дьяволдун" (Кемелдин) атын укканда (Кылмыш чөйрөсүндө көбүнчө кличкасынан айтылат) "Алтын тиш" алгач чоочуп кетти. - Эмне максат менен келиптир. Кимдер менен келиптир тактагыла. Көзөмөлчүлөрдүн санын арттырып кайтарууну күчөткүлө - деди. - "Зверь" экөө эле келиптир. Максаттары жакшылык. Тартуулары бар экен. Жекече сөз дейт, дегенди укканда ойлонуп калды. Ичинен эрдин тиштеп "Кезеги келип турат жайлатып салсамбы" деп нечен ойлоду. "Дьяволду" далай уккан. Кемелдин муштумунан жаны үзүлгөн "Баш кесер" жакын достордон эле. Досунун куну канын кызытканы менен артын ойлоду. "Дьяволдун" аты кайда болсо белгилүү. Эртең "разбор" жүрүп кетсе өзүнүн башы топудай учуп жүрбөсүн. Каршылашкандар көп болуп баратат. Акыркы өткөн "чоң чөйрөнүн" разборунда аз жерден жайлап кое сакташты. Эгер эми бир кезеги келсе соо чыкпайт. Эмнеси болсо да Кемел менен бетме-бет сүйлөшүп көрүүнү чечти. Кемел Игорду ээрчитип кирип келди да тайманбастан маңдайына басып келип кол суна учурашты. "Алтын тиштин" кыпкызыл көздөрүн, бычактан жырылып бир жагы үзүлгөн ээрдин эч ким батынып тиктей алчу эмес. Экөөнүн көздөрүн чагылыша түшкөндө "Алтын тиш" уулу заар жыландын көзүн көргөнсүп денеси дүр деп жалтайлап кетти. - Келгиле меймандар... Отургула отургула деп ордунан тура калды. Өмүрү ордунан козголбогон "Алтьын тиштин" кылыгына күбөлөр таң калып калышты. Кемел отурбай туруп куржундан илбирс ичикти алып чыкты да "биздин элдин салты ушундай" деп үстүнө жапты. Андан соң тай туяк алтындарды астына койгондо "Алтын тиштин" көздөрү жайнап кетти. Кемел орун алып отургандан кийин үнсүз эки жагындагыларды карап койду. Бул "Биз көзмө көз сүйлөшсөк болот эле" деген сөзү болчу. "Алтын тиш" айттырбай түшүндү да баарыңар чыгып кеткиле деген белги берди. Экөө жекеме-жеке көпкө сүйлөшүштү. Чыдамы кетип күтүп отурган Игорь Кемел чыгып келгенде анын жайдары экенин көрүп иш жайында экенин билди. Бир күн конок болушту да кайра жолго чыгышты. - Чын эле алкымы чоң экен деди - Кемел Игорь экөө өзүнчө бөлүнгөндө. "Биздин алып келгенди аз көрүп дагы 100 кг таза апийим бер дейт" - дегенде Игорь секирип кетти. - Сен эмне дедиң? - Макул дедим. Бир айдан кийин жигиттерин жиберип өзү алдырып ала турган болду. - Акылың жайындабы. Кайдан табасың? - Табылат - деди Кемел кебелбей. Эң башкысы менин ордума сен кала турган болдуң. Кийинки "чоң чөйрөнүн" "разборуна" сен келип кетесиң. "Алтын тиш" үчүн Кемелдин келип кетиши "Көктөн тилегенин жерден бергендей" болду. Катуу атаандашып бийлигине тоскоол болуп жүргөн экөөнү мамлекеттик бийликтегилер аркылуу жок кылдырып коюш үчүн каражаты тартыш болуп турганда минтип илбирс ичик менен алтын келип отурат. Булардын чып-чыргасы коробой борбордогу ак үйгө кетсе, 100 кг апийим өзүндө калат. Кыйшаңдап турган оруну кайра зыңкыйа бекемделет. "Дяьвол... Дьявол сени "Каражылан" ушундайыңдан жакшы көрчү экен го". Мейли кылмыш дүйнөсүнөн кетсең кет. Жигит экенсиң өтө кымбатка сатып кеттиң. Сендей жигитке мен да жигитче мамиле жасап чекеңе черттирбей кылмыш дүйнөсүнөн чыгарып коеюн" деп ойлоду. Кемелди чын эле кылмышкерлер дүйнөсү көптөгөн жылдар унутуп койду. Арадагы жылдарда бир да жолу сатпаган, качан болсо Кемел үчүн жанын коерго жер таппай жүрдү. Ал түгүл бир жолу бүт жыйгнан тергенин Кемелге алып келди да "Мына Кемел муну сага эмес сенин балдарың үчүн берип жатам. Албайм десең өрттөп ийем. Досум анда мени катуу тарынтасың. Өзүң билесиң менин сенден башка эч кимим жок. Мага сенин Гүлсараңдай пери да жолукпады. Менин күнүм бүтүп баратат окшойт" дегенде Кемел чындап чоочуп "Игорь койсоңчу. Балким кайрадан чогуу аракттенелиби. Чыныңды айтчы эмне болду?" дегенде Игорь жакын жуутпай "Жок. Кемел кылмыш дүйнөсүнөн сен чыгып кеттиң. Кайра кошулба. Кереги жок. Өзүм бүтүрөм. Бүтүрө албасам баштагы бир өлүм. Эртеби кечпи айырмасы да мен үчүн жок калды" деди. Көп өтпөй бычактан оор жаракат алып ооруканада үзүлдү. Кемел көрүүгө барса Кемелди эле күтүп тургансып "Кемел "Протездин" көзүн тазала. Ал сен жөнүндө бир нерсенин жытын билет экен. Мен анын кабарчысын жайладым. Өзүң, өзүң жок кыл. Уктуңбу. Сөзсүз жок кыл... Мен мынтип үлгүрбөй калдым" деди үзүлө кесиле сүйлөп. - Эмнени айтып жатасың - деди Кемел эч нерсе түшүнбөй. Кылмышкерлердин чөйрөсүнөн чыгып кеткенден кийин алардын тилин да жакшы түшүнбөй калганын сезди. - Кемел мен угушумча "Протез" жылан... жыл...а деп барып үзүлүп кетти. Кемел акыры түшүндү. Игорь Кемелдин колундагы "Бриллиант жылан" жөнүндө билчү эмес. "Протез" аны кайдан билет. "Каражылан" айтканбы. Жок, андай болушу такыр мүмкүн эмес. "Каражылан" өзү Кемелге тапшырып атып жан адамга оозунан чыгарбай сактоону, кимдир бирөөлөр көрүп атүгүл шекшип калса көзүн тазалоону какшап айтпады беле. "Протездин" кайда экенин сураштырса баягы өзү жаткан Сибирдин түрмөсүндө экен. Алгач баш кесерлерден жалдап жок кылдырайын деп ойлогон менен дити барбады. Чындап эле кылмыш дүйнөсүнөн алыстап тазаланып калган экен. "Бриллиант жыланды" болсо көрөйүн деген көзү жок эле. Аны эстеген сайын жан дүйнөсү тарый түшүчү. Каражыландын тилин алып аялыма да көрсөтпөсөм деп ойлочу. Көп жылдар чогуу жашап көчүп-конуп жүргөндө дайыма жашыра албады. Акыры ал сырды да ачты. Болгону балдарына сыр чыгарбоону Гүлсарадан суранган. Арадан жылдар өтүп "Протездин" да өлү-тирүүсү билинбей калганда эки эли кагазга жазылган кат алды. "Дайнымды бир жолу сурап койбодуң. Таарындым. Менин оозумду басып коюугу мүмкүнчүлүгүң бар эле. Антпедиң. Сен жыргаган бейпил турмушта жашадың. Мен ит да чыдагыс турмушта жашадым. А чынында Каражыланга экөөбүз бирдей эле кызмат өтөдүк эле. Калыстык болбой калды. Ар ким өз эсебин бериши керек. Сага аз күндө жылан үчүн "чабандес" барат. Сак бол. Эр элең жеңсең мөрөй сеники. Жеңилсең тагдырга айла жок. Сени урматтаган "Протез" деген. Катты Кемел окуп туруп өрттөп жиберди. Сырын эч кимге айтпай коеюн деп чыдабады. Жыланды алып кайдадыр безип жоголууну да ойлоду. Анте да албады. Бир чети жашы алтымыштан өтүп картайып калган да кайда барат. Акыры жаңы үйлөнгөн уулу менен аялы Гүлсарага айтты эле эр көкүрөк уулу: "Ата коркпо. Кайда бармак элең, ким келсе да өзүм сүйлөшөм. Автоматтын огу менен болсо ок менен. Муштум менен болсо муштум менен" деп күпүлдөп салды. Уулу кичинесинен чыгыш күрөшүнүн ыкмаларында акы төлөп жашыруун машыгуулардан өтүп "Кара курга" татыктуу болгон. Өзү да атасын тартып карылуу олбурлуу эле. Кылмыш дүйнөсүнөн такыр алыстаган Кемел бир чети ким эле ушундай алыскы айылга батынып келсин деген өзүн-өзү алдаган ойго да кетти. Экинчиден чындап өздөрүнө да ишенди. Курал кудая шүгүр. Иттери чычкан кийирбейт. Кармашса-кармашып да коем деп эрдемсиди. Өмүрү качып көрбөгөн жаны качкысы келбеди. Тыңчылардын жогорку мектебинде ондогон жылдар окуган "киши өлтүргүчтөр" үчүн иттери "борс" этип үрүүгө үлгүрөсүн. Өзү уйкудан да ойгонбой кете берээрин билбеди. Ушинтип нечен жылдар өздөрү менен өздөрү болуп бирөөгө пайдасын тийгизбесе зыяны тийбей бейпил жашаган үй-бүлөгө мүшкүл түштү. Канга тойбогон жылан соруп койду. Мына ушундай өмүр таржымал жаткан кан төгүлгөн үй-бүлөнүн артында. х х х Кытайга барууга Азият тыкан даярдана баштады. Майда-чүйдө соодага кызыккан коммерсант катары өтүүнү туура тапты. Кытайдагы иштеп жүргөн жылдарындагы архивин кайра баштан карап, ал жакта учурда байланышы бар агенттерин көңүлгө түйүп даректерин тактап, эң керектүү дегендерин чөнтөк дептерчесине өзү гана билген шрифтер менен түшүрдү. Тиешелүү документтерди, үч айга визаны даярдатыш Азият үчүн оорчулукка турбады. Жүрөгүн түпөйүл кылып ойлондурган бир гана маселе: "Бриллиант жыланды" калтырып кетип жаткандыгы. Чогуу алып жүрүү эч мүмкүн эмес. Жыландын Азиятта экенин жан адам билбейт. "Протезди" кошпогондо. (Фаризаттын жылчыктан көрүп калганын шекшиген да эмес) Экинчииден Азияттын жашыруун сейфи кайда экенин билишпейт. Эгер билишсе сейфти ачуу оңой эмес. Өтө татаал номерлер менен бекитилген. Чыныгы профессионал ачпаса катардагылар кыймылдата да албайт. Чакан сейф дубалды кармаган жоон арматура темирлерге ширетилип бекитилген. Сейфти алып чыгыш үчүн бүт дубалды, имараттын бир капталын бузуу керек. Ушундай тыкан жерге "жыланды" катканына карбай Азияттын тынчы кетип жүрөгү опкоолжуп турду. Өзү үйдөн алыс чыкса эле "жыланга" жан кирип, өзү сейфти тешип чыгып кайдадыр сойлоп кетчүдөй туюлат. "Азият" эч убакта жөнү жок тынчсызданчу эмес. Эгер тынчсызданса аркасында күтүүсүз окуя болоору өзүнүн көп жылдык тыңчылык ишинде далай жолу дилилденген. Бардык камылга бүтүп мына Кытайга жөнөп кетүүгө даяр болсо да кылчактап жолго чыкпай түйшөлүп турду. Өзүнүн эзелтен келаткан ыкмасын колдонуп "Коркунуч келтирүүчүлөр кимдер" деген тизмесин түзүүгө киришти. 1. "Протез" - табыла элек. Жок кылууга мүмкүнчүлүк түзүлө элек. Кабарды кимдерге таратат. Кайсыл тараптан, кимдер аркылуу сокку урулат белгисиз. "Азияттын" башы ысып, мээси лукулдап чыкты. Кан ичмеси кармап "Протез" үчүн кимден ачуусун чыгарарын билбей калчылдап кетти. Өз ачуусун өзү басып, чыгыш күрөшүндөгү ыкмаларды колдонуп жатып эс акылына келди. 2. Дагы ким болушу мүмкүн? Фаризатбы... Эмнеге Фаризатка кийинки күндөрү шектүү карай берет. Тымызын бир нече күн аңдытып, ар бир баскан изин териштирди. Эрмек кылып күн ара магазин кыдырып, анан кийим-кече өңдүү тряпка менен күнүмдүк моданы сөз кылгандан башкага акылдары жетпеген үч-төрт келин-кыз менен ушак айтышкандан башка иши жок. Бош жүрбөй эрмек кылсын деп атайы сатып берип койгон шаардын борборундагы чоң дүкөндүн эсеп-кысабын бир жумада бир текшерип койгону болбосо барбайт дагы экен. Өзү тандап соода ишин билгендерди коюп койгон экен. Дүкөндүн иши жакшы жүрүүдө. Жөн эле тааныш катары сүйлөшүп жакындашкан да эркеги жок болуп чыкты. "Азияттын" телохранителдери, кызматтагы адамдары менен өтө суз. Кол астындагы кызматкерлер катары текебер мамиле жасайт экен. Азият баягы улуу империя СССРдин учурунда тыңчылык кызматта жүргөндө, жүрөгү шекшиген адамды ал ага канчалык жакын болсо да изилдеп териштирип отурбай эле жок кылчу. Мындай иште "алтынчы туюм" дегенди үйрөткөн Кытайдагы окутуучусу сабак катары катуу эскертип талап кылчу. "Жүрөк менен мээнин туюму эч убакта жаңылбайт. Алар астына ала бир нече күндөн кийинки болчу окуядан баштап бир нече жылга чейинки окуяны сезип кабар берет. Болгону биз ал кабарды туура кабыл албай, кургак акылга салып калчап көрөбүз да "Кантип ошондой болсун" деп коебуз. Мына ошентип нечен кабарлар өтпөй кала берип биздин "алтынчы туюу сезимибиздин" көзү бүтөлүп калат. Так ушундай күнүмдүк кургак акылдуусунууга алданып адам баласы табийгат берген, кудай берген "алтынчы туюмун" өлтүргөн" дечү. Окутуучусунун бул насааты Азиятты нечен өлүмдөн арачалап, нечен оор кырдаалдардан жупжумшак чыгарып кеткен. Мезгилинде "туюу сезими" "Протезди" көрөрүң менен көзүн тазала дегенине көнбөй кечеңдетти эле эмне болду. Эми минтип Фаризаттан шекшинмейи башталды. Эмне кылса? Көзүн тазалатып койсобу? Эмне күнөөсү үчүн? Эки жумага чукул текшерүүсүнөн кылдай илинчек таппады. Кичине эле кылтыңы байкалса жок болмок. Анын үстүнө күндө "Бриллиант жыланга" алаксыганы болбосо Фаризатга болгон сүйүү сезими күчтүү болчу. Сыртынан көп билгизбегени менен ичинде Фаризатты көргөн сайын, аны менен болуп сүйлөшкөн сайын өзүнүн кандайдыр эс алып, көңүлү ачылып калганын сезчү. Картайып баратамбы? Же "Бриллиант жыланга" өтө арбалып психологиям чарчап калдыбы? - деп ойлой баштады. Кейпи психологиялык жактан чарчоом туура болуш керек деп чечти. Ошондуктан "Бриллиант жылан" жөнүндө көп ойлонбостон жолго чыга берүү керек. Көпкө командировкалап сыртта жүрүү бир чети мээге эс алуу да болот деп чечти акырында. Эртең жолго чыгам дегенде сейфин ачып "Бриллиант жыланды" колуна алып куйругун кармаганда дайыма тикчийип көтөрүлө калып оозун ачуучу жылан бул жолу демейдегиден башкача жорук көрсөттү. Башы шарт көтөрүлүп кыпкызыл көздөрү жана түшүп эмнегедир оозун ачпастан тескери толгонуп барып жатып калды. Оңдоп жаткырып экинчи жолу кайталаганда гана оозун ачты. Ар бир майда-чүйдөдөн бери аяр мамиле жасап көнгөн Азият "жыландын" бул жоругун да жөн кое бербей ой жоруп таңданды. Толгон санаа жанын жегенине карабай баары бир жолго чыкты. Беттегенинен кайра тартпаган өжөрлүгү жеңип кетти. х х х Фаризат "жыланды" көргөндөн баштап башка "туюу сезимине" туш болду. Ар бир баскан изине сак боло баштады. Азият андан шектенип калгандай туюла берди. "Алтынчы туюу сезими" деген болоорун өзү да окуп билчү. Азият да "туюу сезимин" уга билүүгө көп үйрөткөн эле. Ал эми аялдардын туюму эркектикинен эки эсе күчтүүлүк кылат. Анын үстүнө Фаризаттын жаштык энергиясы чарчоого учурай элек, акыр-чикирге толо элек психологиясы ар бир белгини так ажыратууга мүмкүндүк берчү. Азияттын анын аркасынан аңдытып койгонун ошол эле күнү билди. Болгону себебин түшүнө алган жок. Алгач ызалана түшкөн менен кайра өзүн сооротуп "Мейли, жакшы болот. Аңдытып көрүп, менин ак экениме ишенип көксөөсү суусун" - деп чечти. Болгону ажалдын кылычы төбөсүндө ойноп, кичине кылт этсе жарыкчылык менен кош айтышып кете берээрине ишенбеди. Фаризат үчүн өмүрүндөгү биринчи жолуккан эркеги Азият болчу. Ушул кезге чейин Азияттын көзүнө чөп салмак түгүл андай ойго да бара элек эле. Азияттын өзүнөн жыйырма жаштан да жогору улуу экенине карабай жан дилинен сүйчү. Баары кийин өзгөрүп баратат. Жан дүйнөсүндөгү буга чейинки куруп койгон кооз храмы талкаланып баратат. Күнөөкөр Азият өзү. Үчүнчү аялы эмес жөн эле адам катары да мамиле жасабай калды. Жаштыгынын суроо талабын канаттандырганды кой күнүмдүк көңүлүн да сурабай калды. Муну байкаган күнүлөштөрү ачык табалап жүрүштү. Алардын го Азияттан балдары бар. Азият аларды кыйса да балдарын кыя албайт. Фаризатты эмне кармайт. Буга чейин төрөп алса болмок экен. Кийинки жылдары аракет кылган менен эч нерсе чыкпады. Текшерүүдөн өтсө өзүнүн ден-соолугу жайында экен. Кейпи кеп Азиятта болсо керек. Баягы Азият кайда барса чогуу дүйнө кыдырып саякат куруп жүрүп өтөм деген тилектери таш капты. Азият улам алыстай баштады. Өзүнөн Фаризатты түртө баштады. Экөөнүн ортосу сууп калды. Мамилелери жасалмага айланып кетти. Эртең Азият Фаризаттан да сулуу жаш селкини убактылуу алат да Фаризатты түртүп чыгарып коет же оңой жолу баш кесерлерине көзүн тазалаттырып коет дегенге -"Жок. Андай болбойт." деп ким кепил өтө алат. Азият үчүн адам өмүрү шапалак менен чымын чапкандай эле иш экенин Фаризат билип калган. Демек бүгүн өзүнүн келечеги жөнүндө тереңирээк ойлонуп бир чечимге келбесе эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Азият Фаризатга "Узакка командировкага кетип жатам" деп гана койду. Жок дегенде кайда экенин да, канча жүрөөрүн да айткан жок. Эмне жумуш менен экенин ансыз да сурабай көнгөн. Болгону мурда кайда бараарын, канча жүрөөрүн айтчу. Чет мамлекетке чыкса сөзсүз ээрчитип алчу. Фаризаттын эң алсыз сапаты саякаттап жүрүүнү сүйгөндүгү болчу. Оюна койсо бир жерде бир жума да тургусу келчү эмес. Жолдо кыйналуудан, ач-ток болгон кыйынчылыктан да коркчу эмес. Азиятты сүйгөнүнүн башкы себеби да ушунда жатса керек. анткени Азият да бир орунга турбай кыдырып жүрчү эле. Ички сезимиңдеги кырчылдашкан эки карама каршы күрөштүн башталганы Фаризат өзүн роботтой сезип жөн эле басып туруп жашап жүргөндөй туйчу болду. Анын аялдык күчтүү туюму, астыда күтүүсүз чоң өзгөрүү турганын, ал жакында болоорунан белги берип жатты. Азият командировкага кеткенден кийин Фаризат өзүн жан дүйнөсү эркиндикке чыккандай, төрт тарабынан курчап турган темир тордун оозу ачыла түшкөндөй туйду. Азият жигиттерине "Фаризаттын баскан изинен көзүңөрдү албагыла" деп тапшырып кеткенин жакшы билгени менен чыныгы "жыландын" өзү жок болгондон кийин аңдыгандар анчалык да коркунучтуу эмес эле. Эки кабат каңгыраган ээн имараттын ичинде Фаризат келечек жашоосу үчүн түрлүү пландарды түзө баштады. Бир жумага чукул эч жакка чыкпады. Акыры бир чечимге келгенден кийин оюн ишке ашырууга шымалана киришти. Азият кийинки кездерде эң ишенимдүү деп дайыма жанында алып жүрүүчү жигити "Куюнду" үй жайын, Фаризатты тынымсыз көзөмөлгө алууга калтырды. "Куюн" Азиятка фанатикалык түрдө берилгенин жана сатып кетүү коркунучу дээрлик жокко эсе экендигин нечен ирет текшертип билген. Фаризаттын сулуулугуна, аялдык кылыгына "Куюн" кенедей да кызыгып койчу эмес. Деги эле "Куюнда" аялзатына кызыгуу жок болчу. Тыңчыларды даярдоочу жогорку мектеп кожоюну гана берген команданы так, жаңылбай аткаруучу тирүүлөй роботко айландырып койгон. Азият өзгөчө өзүнүн кабинетинин туткасын да эч ким кармабашын "Куюнга" катуу тапшырган. "Куюн" атына жараша жигит эле. Кайдан-жайдан экени белгисиз керектүү жерде шак пайда боло калуучу. Фаризат гүлдөрдү текшеримиш болуп Азияттын кабинетинин кире беришиндеги бөлмөгө эки жолу баш бакты эле экөөндө тең жүзүндө эч өзгөрүү жок мостоюп туруучу "Куюн" пайда боло калды да акыркысында: - Кечиресиз, сизди шефтин кабылдамасынан эмне кызыктырат? Гүлдөрдү өзүм да күн сайын текшерип жатам, - деди кичипейилденимиш болгону менен каардуу. - Бул үйдүн ээси мен болсом керек. Кайсыл бөлмөгө кирсем өз ишимдир - Фаризат акырая карады. - Кечиресиз, шеф кабинетинин кабылдамасына да жан киши жолобосун мага катуу тапшырган. Сиз аны угуп тургансыз. Мен "Сиздин балдарыңыз, колуктуларыңыз, туугандарыңыз эч ким жолобошу керекпи" деп сураганымда "Жан киши" деген. Сиз үн деген эмессиз. Ошондо "Менин эмне үчүн кирип чыгып турууга акым жок?" деп чечип алсаңыз болмок, - деди үнүн эч өзгөртпөгөн калыбында. Фаризатга жооп айтпастан чыгып кетиштен башка арга калбады. Фаризат жалгыз өзү ойлогон планын ишке ашыралбасын түшүндү. Сөзсүз жардамчы бирөө керек. Болгондо да мыкты эркектерден. Андай адам көзөмөлүндө бар болчу. Азиятта экономист-эксперт болуп иштеген жашы кыркты таяп калган, Сирияда, Пакистанда, Афганистанда бир нече жыл иштеген, фарс, араб, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн Саид аттуу жигит бар болчу. Фаризатты көргөндө көзү агып кете сактоочу. Деги эле өңдүү, түстүү аял десе башын жоготуп коеру көрүнүп тураар эле. Фаризаттын иликтөөсүнө караганда Азияттын Афганистан аркылуу жүргүзгөн нарко-соодасында чек арадан өткөрүүчү милдетти аткаруучу. Саид Азияттан өтө коркчу. Ошого да карабай Фаризатты көргөндө акылынан адаша жаздап Азиятты да унутуп коер эле. Өзү тараптан кичине "жумшак" белги болсо көзүн жуумп жүрөгүн чабарын Фаризат аялдык сезими менен туюп жүрчү. Бир тоскоолдук -"Куюн". Саид Азияттан кандай корксо "Куюндан" да ошондой коркот. Эгер "Куюн" кичине эле экөөнүн мамилеси жөнүндө шек билип калса Саиддин көзүн тазалап таштайт. Анда иш чатагына айланды дей бер. Азият келери менен өзү да жарык дүйнө менен кош айтышат. х х х Күндөрдүн биринде мейманканада жатып кытай элинин фольклордук чыгармаларын, легендаларын изилдеп жүргөн жаш окумуштуу жигит жөнүндө угуп калды. Өзү Москвадагы жогорку окуу жайынын чыгыш таануу бөлүмүн бүтүп, азыр Кытайда илимий иши менен алектенип жүргөнүн, айрым учурда жашоого каражаты жок калганда ар түрлүү жумуштарды котормочулуктан жүк ташыгычка чейин намыстанбай аткарып жанын багып жүргөнүн айтышты. Аты Шаа улуту монгол же алтайлыктардан болсо керек деген божомолдон бөлөктү билишпейт экен. х х х Азият Кытайга келгенден бери канчалаган убактысын жоготсо да өлгөн жигити Хэ-Чан жөнүндө жарытылуу эч нерсе биле албады. Тамактан ууланып өлгөн. Кейпи бузулуп кеткен балык жеп алса керек деген гана божомол менен чектелди. Акыркы күндөрү Хэ-Чан көз айнек тагынган орто жаштан өтүп калган кытай менен соода иштерим бар деп жүрчү экен. Бирок ал ким деген кытай, каяктан келген, кайда иштейт эч ким билбейт. Хэ-Чандын сырдуу өлүмүн изилдөөнү токтотпостон ошону менен катар эле Азият өзүнүн ишин улантуучу, Хэ-Чандын ордун алмаштыруучу кишини да тымызын издеп жүрдү. Эгер каражаттан кыйналып жүрсө менин кызматымды аткарып берүүчү чыныгы адам ошол болбосун деп ойлоду Азият. Балким чындап эле илимге берилип алган, акчаңа кызыгып да койбогон фанаттардан болуп калышы да толук мүмкүн. Андай болсо тыңчылыктын түрлүү жолдору менен коркутуп болсо да иштетип койсо болот. Себеби Москвада окуп келген болсо орус тилин жакшы билет. Балким азиядагы казак, өзбек, кыргыз тилдерин да жакшы билиши мүмкүн. Окумуштуулукка кызыккан неме кытай говорлорун, тибет тилин түшүнүп эски иероглифти окуй билет. Демек Азият издеген китептин маанисин чечмелеп окууга да жарашы мүмкүн. Эмнеси болсо да жолу ачылчуудай болуп кубанган Азият Шааны издеп жүрүп акыры тапты. Азияттын маңдайында монголго караганда казак-кыргызга көбүрөөк окшош караторусунан келген орто бойлуу, чымыр денелүү, токтоо жигит турду. Окумуштуу, окумуштуу десе кагазды тиктеп жүрүп шимилип илмийген, көз айнекчен бирөөнү элестеткен. Бир караганда адамды аңтара-теңтере баа бере алуучу Азият Шааны тиктеп туруп эч нерсе түшүнө албады. Улутуң ким дегенде жөн гана "Алтайлык Хакасмын" деп койду. А эмнеге Шаа Кыргыз аталгансың дегенге -"Хакастардын түпкү теги кыргыздар болгон, ошондуктан тетимди кыргыз аташса керек" деди. Сүйлөгөндө сөздөрү бир калыпта эч үнүндө эмоция жок, жүзүндө да эмоция жок чыгат экен. Сүйлөп жатканда сүйлөшүп жаткан адамынан көзүн албай тикчийип тиктеп турмай адаты бар экен. Көпчүлүк адамдар Азиятты тикчийип карай алчу эмес. Тиктеше түшсө жалтайлап кетишчү. Шаа тиктешмей ойногонсуп каректерин да ирмебестен бейкапар тиктеп тура берди. Тескерисинче Азият көзүн тартып алды. Ушул кара тоголок жигиттин карегинде түпсүз тереңдик жатты. Укмуштай улуу сыр жатты. Азият өзү чөгүп өлүүчү мухитти тиктеп тургансып башы катып жүрөгү опкоолжуй өзүнчө "кимге жолугуп калдым" деп ойлой кетти. Бирөөнү жем кылам деп туруп өзүм жем болчу жерге учураган жокмунбу деген ой мээсине кылт дей түштү. "Мен окумуштуу десе кагаз кучактаган арык жигитти элестетиптирмин" деди жылмая. - Окумуштуу боло элекмин. Балким келечекте чын эле кагаздан баш көтөрө албай жүрүп шимилген бирөө болормун. Азыр иликтөөчүмүн. Илимге киришүү үчүн материалдарды жыйнап жүргөн учурум - деди Шаа адатынча эч кандай Азияттын сөзүнө маани бербеген калыбында. Ал түгүл эски Союздун аймагынан келген "жердешин" көргөнгө кубанганын да билгизген жок. Кытайча сүйлөсө кытайча, орусча сүйлөсө орусча жооп берип жатты. Жолугушуунун максаты эмнеп деп да сурабады. Эмнеге издедиңиз эле да дебеди. Кандай чечимге келерин билбей калган Азият жөн гана коштошууга аргасыз болду. Чыгып бараткан Шаа эшикке жете бергенде чыныдагы алманын бирин алып аркасынан далы ортого мелжеп уруп калды эле Шаа көз ирмемде шарт бурулуп алманы шап кармап калды. Экөө дагы тиктеше түшкөндө Азият; - Чыгыш күрөшүндө кимде машыккансың? дегенде туңгуюк гана: - Көп жыл машыгууга туура келген - деп алманы айландыра карап бир тиштеп чайнаган бойдон чыгып кете берди. Азият табышмактуу Шаа менен дагы сүйлөшүү керекпи же кереги жокпу деп ыргылжың болуп туруп Москвага өтүп барып Шаанын бүтүргөн окуу жайынан ким экендигин аныктап билишим керек окшойт деп чечти. х х х "Куюн күтүүсүз өлдү" Фаризат менен Саид дайынсыз жок" деген кабарды алганда Азият башын мыкчып отура калды да: "Бүгүн кайтабыз. Бүгүнкүгө билет тапкыла!" деп бакырып жиберди. Акчаң да кадыр-баркың да суу кечпей калган учурлар болот. Бу жолу да так ушундай каргыша басты. Азият күнү-түнү уйку көрбөй чабалактаган менен үч күн самолетко билет жок отурду. КМШнын бир да мамлекетине учууга болбоду. Үчүнчү күнү Ташкентке деп самолетко отурганда да учарына жерден көтөрүлүп, булут үстүнө чыккыча ишенбеди. Каргыш тийгирдики бул жакка кайдан да шайтан сайып келе калдым эле деп өзүн-өзү тилдейт. Азиятты туура аэропорттон тосуп алган кара "Мерседес"чабалекейдей зыпылдап, эч жерге токтобой жүрүп отуруп үйүнө алып келди. Шеф келатат деп үрөйлөрү учкан жигиттери дарбазаны ачып коюп тосуп турушкан экен. Машина түз үйдүн эшигинин алдына келип токтоду. Мурун астыда отурган телохранители жүгүрүп чыгып эшик ачмайын кербезденип отура берүүчү Азият бул жолу машина токтоп-токтой электе эшикти ачып атылып чыкты да тосуп чыккандардын учурашканын алик да албастан үйгө жүгүрө кирип өз кабинетине көтөрүлдү. - Мен аларды жети катар жер түбүнө түшсө да табам деп кыйкырып жиберди кабинетине кирээри менен. Бурчтагы дубалга киргизилип орнотулган сейфинин оозу ачып турган. Аны калкалаган картина жерде жатат. Сейфтин ичи каңгырап бош. Сейфте "Бриллиант жыландан" башка да миллион доллардан ашык баалуу бриллиант алтындан жасалган шакек сөйкө кымбат буюмдар бар болчу. Эгер "Бриллиант жылан" ордунда турса ал буюмдарга Азият кейимек да эмес. Колдорун куушуруп баштарын жерге салган жигиттерине - Көзүңөр аккырлар. Мен силердин көзүңөрдү оем деп бакырды. Бул бир аргасыз чамынуу болчу. Азият муну түпкүлүгүндө өзү да түшүнүп турду. Ошентсе да оозуна эмне келсе сүйлөй берди. Жанын коерго жер таппай калганда адам дайым ошентет. х х х Фаризат бизнеске чындап киришкендей түр көрсөтө баштады. Саидге жолугуп "Эгер мен өзүм башкарган дүкөндү сатып жиберип ордуна көп тармактуу, ичинде бүт тейлөө түйүндөрү бар "Супер маркет Универсам" ачсам экорномикалык абалым кандай болот? Үч-төрт вариантта эсептеп чык" деген баш аягы жок тумандуу тапшырма берди. Ансыз да Фаризатка кантип жакындоону билбей жүргөн Саид тапшырманы жан дили менен кабыл алып. Жөн эле күнү-түнү иштеп жаткан кишиче суроо үстүнөн суроо жаадырып жаны тынбай калды. Ишти чойбостон Фаризат дүкөнүн сатыкка койду да өзү сатылат делген чоң имараттарды кыдырып баасын иликтеп кирди. "Куюндун" тапшыруусу менен аркасынан аңдыгандар Фаризат чын эле ири "Супер маркет Универсам" ачууга ниеттене баштады дешип ишенип калышты. Өзүнүн дүкөнүн аябай талашып-тартышымыш болуп баасын көтөргөн түр көрсөткөн менен чындап алам деген биринчи кардарга эле сатып жиберди. Азияттын мыкты деген эки юристине он чакты имараттын дарегин берип, эгер сатып алса кандай болот. Баасы. Юридикалык тактыгы. Келишим түзүү боюнча тапшырмаларды берип салды. Саидди ээрчитип алып өзү шаардагы чоң-чоң универсамдарды кыдырып иш стилдери, товар жүгүртүү жолдору менен таанышып чуркап жүрдү. Азият жаш колуктусу бекерчиликтен эрикпесин жок дегенде бир нерсе менен алектенсин деп дүкөн ачып берип койгон эле. Кандай ишти болсо да тыкан уюштура билген Фаризат өз ишин мыкты билген сатуучуларды тандап алып дүкөнүнө иштетип коюп өзү болсо товар жүгүртүүнүн жыйынтыгын, түшкөн пайданы гана текшерип турчу. Эми минтип коммерцияга чындап киришкенин эч ким деле көп эрөөн албады. Алгач бул эмне кылгысы келет деп аяр болушканы менен бара-бара "Эриккен катын акчасын кайда жумшаарды билбей оюна келгенди кылууда" дешип маани бербей калышты. Так ушундай болорун Фаризат да алдына ала билген. Ал болгон аңдуу азайып тажай баштаганда экинчи планын ишке ашырууга кадам таштады. Саид экөө лифте он экинчи кабатка көтөрүлүп баратканда үч жолу эмчегин анын каруусуна күтүүсүз тийгизип алгансып тийгизип-тийгизип койду. Бул күнү өзү да турпатын көрсөтө кийинген эле. Саид ансыз да аны карап алган сайын бир тердеп, бир кургап кыйналып келаткан. Сегизинчи кабаттан акыркы киши түшүп калып экөө ээн калганда "Мени өлтүрөсүңбү? Жок дегенде жылмайып карап койсоң боло?" дегенсип жалдырай тиктеди. Фаризат да көздөрүнөн нур чача Саидди бир карап алды да - Саид суранам антип карабачы. Мага ансыз да кыйын. Өзүң деле түшүнөсүң да, - деп жаш кыздарча жер карап калды. Саиддей катындардын кылыгын жакшы түшүнгөн эргулга ушул гана керек болчу. Эгер азыр мүмкүнчүлүктү колдон чыгарсам анда өмүр бою арманда өтөм деп ойлогон Саид шаша эң акыркы кабат болгон лифтеги 16 деген цифраны басты да - Жаным Фаризат! Сен үчүн өмүрүм садага! Сенин колуңдан бир өөп койсом армансыз өтө элем. Дилдирей сүйлөп каруусунан кармаганда Фаризат да ага ыктай калып, көздөрүн жума ээриндерин тосту. Чиркин Саид жүрөгү жарылып кетпей кантип аман калганына кийин өзү да түшүнбөй маң болуп жүрдү. Бул дүйнөдө мынчалык рахат алган эместир. Канча аялды өпкөн бирок ошондо Фаризаттын ээриндерине ээрди жаңы тийип искегенде. Жаңы эле тили ымдалышып келатканда оңбогон лифт шуулдап 16-кабатка жетип эшиги ачылып кетип, умсунуп арманда болгондой абал башынан өтпөгөн. Күйүп кетти го чиркин. Экөө тең чоочуй артка кетенчиктешти. Арытан лифт күтүп турган бирөө ылдам басып келип түштү. Фаризат биринчи кабатты басты да; - Кардарларга сиз өзүңүз эле барып сүйлөшүп коюңузчу. Мен кичине өзүмдү начар сезип турам деп Саидтен көзүн ала качып тескери бурулду. Ошол боюнча Саид Фаризатты үч күн көрбөдү. Кетип баратып, "Мен өзүм байланышам. Сиз издеп телефон чалбаңыз" деген. Саид үч күн уктаган жок. Жанын коерго жер таппай телефондун жанынан чыкпайт. Ал түгүл туалетке баргысы келбейт. Ордунан турса эле Фаризат издеп калчудай кыпылдайт. Үчүнчү күн болуп ал балким мени сынагандыр. Ит болуп башымдан айрыламбы. Ушунчамда куйрукту түйсөмбү" деп ойлой баштаганда Фаризат телефон чалды. - Саид аке саат ондо бир чоң соода борбордун иш стили менен таанышууга макулдашып койдум эле. Убактыңыз болобу? Сизди кошоала барып, экономикалык жагдайына караса дедим эле - деп үнүн башкача жумшак чыгарып өтүндү. Буга чейин жөн гана саат баланча жерде, баланчанын кабылдамасында мени күтүп туруңуз иш бар деп гана буйрук берип койчу. - Убакыт болот... болот... кандай кылып... Сөзүн бүтө электе - Туура саат тогуз жарымда мен сизди өзүм ала кетем. Жолго чыгып туруңуз - деди да трупканы коюп койду. Тогузда эле жолго чыкты. Күткөн убакта акыркы маркадагы капкара "Вольва" келип токтоду да астыңкы эшиги ачылды. Кара күрөң түстөгү чоң көз айнек тагынган Фраизат рулда өзү экен. Ашыкча сексуалдуу кийиниптир. Саид машинага түшө электе эле көзү кыска мини юпкадан дээрлик бүт көрүнгөн аппак балтырларына жабышты. Жүрөгү дүкүлдөп деми кыстыга түштү. Үстүндөгү жука кофтадан эмчегинин үрпү кадимкидей тирсийип тиреп бузгалтер тартынбаганы билинип турат. Саидтин башына кан тээп кайра машинадан чыга кычкысы келди. - Кандайсыз Саид аке?! - деди Фаризат жаркылдай күлүп. Кара күрөң көз айнегинен көздөрү көрүнбөдү. - Жакшы Фаризат... Жүрөбүз - деди үнүн пасыраак чыгарып. Фаризат жакты көз кыйыгы менен да караганга батынбады. Ичинен "Бул катындын максаты эмне? Менин мээме кан куюлсун дегенибиз. Же чындап эле сынап жатабы? Бүгүнкүсү ашыкча го" деп ойлоду жол боюн максатсыз карай. Зыпылдаган машина шаар четин көздөй бурулду. "Биз каякта" деп ойлогон Саид кайра "Машиналар көп жүргөн жолдордон качып айланып барайын деген го" деп койду. Магнитафондо жумшак музыка. Акырындан Саид да өзүнө келип карманып "Корксо да кой өлөт. Коркпосо да кой өлөт. Кепти кандай баштасам. анча-мынча жол ачылган соң ары же бери кылайын. Кылыктанышып, кысынышкандай бул жаш кыз эмес да. Мен жаш жигит эмесмин. Болор иш болуп калды" деген чечимге келди да. - Фаризат өткөндө мен өзүмдү өзүм кармана албай кетип Сизди жаман абалга калтырдым. Кечирип коюңуз?! - Сиз мени сынайын дедиңиз беле?.. Мага деген эч сезимиңиз жокпу?.. - Жо-о жоок... Фаризат андай түшүнбөңүз. Мен ошол сизге деген таза сезимиме ээ боло албай... Аңгыча машина бак-шактуу короого кирип барып токтоду. - Биз кайда келдик Фаризат? - Аны көрөсүз! Фариза сырдуу жылмайды да - Түшө бериңиз. Эч нерседен кам жебеңиз. Бул жерде сиз экөөбүздөн башка эч ким болбойт - деди. Бул жеке менчиктеги мейманкана болчу. Мындай жолугушууну уюштурууга Фаризат үтүр, чекитине чейин ойлонуп так иштеди. Бүгүнкү күндү тандаганы да бекер эмес. Кайда болсо куйруктай ээрчип аңдыган Куюндун көзүн жазгырууга эң оңтойлуу шарт түзүлдү. Азияттын экинчи аялы бала-бакырасы менен эс алууга санаторияга кетип жаткан. Аларды алпарып жайгаштырып, бейкуттугун, бүт камылгасын түзүп бериш Куюндун жеке милдети болчу. "Азият кетип жатып "Өзүң барып жайгшаштыр. Жолдо ар кандай болобу. Балдарга сак бол" деп тапшырган. Бүгүнкү күндү астына ала билген Фаризат. Биринчи байбичесин да так ушул күнү алыстагы төркүн төсүнө барып келүүгө көндүрүп койгон. Баалуу белек-бечкек берип. "Көптөн бери бара элексиз. Барып келбейсизби. Карагандары, карманар-тутунары эле сиз болосңуз.." деп эпилдеп, жепилдеп так ушул күнгө даярдаган. "Куюнга" болсо эки күн мурда саат онго Универсамдын жетекчилери менен жолугушайын дедим эле макулдашып кой деп тапшырма берген. "Куюн" эртең менен сегизде ондогу жолугушууга макулдашып койгонун, өзү коштоп бара албасын. Анткени санаторияга балдарды коштоп барып, эки күн кармалып каларын айтты да шашылыш жөнөп кетти. "Куюн" улуу байбиченин төркүнүнө барарын билген эмес. Арадан бир саат өтпөй ич-арага көз салып турууну "Куюн" тапшырган жигит Фаризатка чуркап келди да "Эже төркүнүнө барам дейт мен эмне кылышым керек. Куюн мындай деп айткан жок эле" - деди шаштысы кете. - Өзү бара бербейби... Такси таап берип койбойсуңбу - деди Фаризат атайлап сыр бербей. - Кантип. Андай болбойт да. - Анда базада иштегендерден ал. Базада иштеген коопсуздук кызматындагылар үйдөгү коопсуздук кызматына келип иштегенге өзгөчө абалдан бөлөк учурда акылары жок болчу. Экинчиден аларга "Куюндан" бөлөк адам команда берип башкара да алмак эмес. Үйдү сыртынан кайтаргандар да Фаризат бир жакка чыкса коштоп жүрүүгө акысы жок эле. Тигил айласы кете; - Сиз эч жакка чыкпайт белеңиз? - деди. Анткени "Куюн" Фаризатка көз сал, саат ондо жолугушусу бар. Кошо машинасын өзүң айдап бар. Эртең дагы бир жерге барат экен. Ал жакка да өзүң кошо бар деген. - Менин саат ондон жолугушуум бар. Эгер бириң да бошобосоңор машинаны өзүм деле айдап барып келем. Көп болсо эки сааттык жолугушуу. Эртең дагы бир жолугушуум бар. Бир сааттык - деди бей капар. - Эртең мен келип калмакмын. Эжени жеткизип коюп кайра качан алып кетеримди такташып алып түндөп келе берет элем. - Анда бара бер да. Тигинин башка аргасы жок болчу. Эшке чыгып кетип кайра келди. Кейпи "сотка" менен "Куюнга" телефон чалып сүйлөшсө керек. - Мен эжени алып кеттим. Кайра түндөп келип калам - деди да жөнөп кетти. Ал кетери менен Фаризат өзүнүн магазиндеги экономист болуп иштеген өңдүү, бойлуу кызына телефон чалды да саат ондо Универсамдын директорунун кабылдамасына бар да кайсыл фирмадан келгениңди гана айт. Аты-жөнүңдү айтпа. Калган ишти мурдагы сүйлөшкөндөй жүргүзө бер деп тапшырды. Кызга жанына сатуучу болуп иштеген жигиттерден бирди ээрчитип алып, барып Универсамдын иш стили, товар жүгүртүүсү, экономикалык абалы менен таанышып. Эртең даяр информацияны мага бер деген. Минткен себеби Куюн "сотка" менен кайдан болсо да кабылдамага телефон чалып иш боюнча убадалашкан фирмадан кишилер келдиби деп текшериши толук мүмкүн эле. Чындыгында ошондой болду. Саат ондон 20 минута өткөндө телефон чалды. "Ооба келип кирип кетишкен. Али чыгаша элек" дегенди укканда, тынчтанып калбай "Кандай кишилер" деп сурады. Секретарша суроого таң кала түштү да. "Кымбаттуум мен бул жерде кирген чыккан кишилерди сүрөттөп бериш үчүн отурган жокмун. Ошондо да кичипейилдикке айтып коеюн узун бойлуусунан келген өтө сулуу келин жана шыңга бойлуу сулуу жигит" - деди да телефонду коюп койду. Куюн даана тынчтанды. Фаризат менен Саид деп ойлоду. Бул маалда Фаризат менен Саид мейманканага жаңы жайгашышып али шампан ачыша элек болчу. Иштин мынчалык чукул бурулушун күтпөгөн Саид жакшылап ой жүгүртүүгө да жарабады. Мейманкананын ээси сулуусымак келин ийилип тозуп алды да, - Баары сиз айткандай. Эгер мен керек болуп калсам мына бул кнопканы басып коюңуз. Сиздердин тынчыңыздарды эч ким албайт -деди да чыгып кетти. Эки кишилик стол үстү мыктап жасалгаланыптыр. Түрлүү ичимдик. Түрлүү жемиш. Түрлүү суусундук. Түрлүү салат. Экинчи бөлмөсүндө эки кишилик аппак мокровый шейшеп салынган диван. Ваннасы, ажатканасы менен. Үй ичи аябай жасалгаланган. Түстүү телевизор, музыкальный центр. Жумшак музыка чыгып турат. Тигил аял чыгып кетери менен үйдү бир карап алып, баарын баамдаган Саид сүйлөйүн деди эле көз айнегин алып стол үстүнө койгон Фаризат колу менен анын оозун баса ыктады да - Эч нерсе сүйлөбөй эле коюңузчу - деп көздөрүн жума ээриндерин тосту. Башка башка бирок аялзатын ыраазы кылыш жашынган Саид чыныгы устат болчу. Махабат рахаты, төшөк рахаты тууралуу окубаган да китеби калган эмес. Өзүнүн керт башына да куудай бул жагынан аябай берип, сулуу өңү шыңга боюна жараша башка эркектик мүчөсүн да төп келиштирген эле. Өмүрүндө далай сулуу менен болуп махабат кумарын шимип келатып, биринен да "Сен мени ыраазы кыла албадың" деген каймана сөз да укпаган. Тескерисинче далай сулуулар Саид менен бир жолу жаткандан кийин дагы бир жатыш үчүн отко-сууга түшүүгө даяр болушчу. Түнү түшүнөн. Күнү эсинен кетпеген Фаризат үчүн чиркин Саид чапчылып кеткиче иштеди го. Көптөн бери эркек көрбөй буулугуп калган Фаризат да балыктай туйлады. Өзүн такыр жогото эси ооп көп учурда Азияттын атын атап Саидге жалынып жалбарып жатты. Өмүрүндө биринчи жолу Азияттын көзүнчө чөп салышы эле. Өмүрүндө биринчи жолу ала жипти атташы эле. "Жаратылыш кудай. Анын астында баарыбыз алсызбыз" деп тегин айтылбайт. Фаризат мынчалык эркек кумарына качан канарын жыргаганын да унутуп калыптыр. Арадан беш саат кантип жылт этип учуп кеткенин экөө тең билбей калды. Канчалык ажырашкылары келбесе да убакыт деген шаштыра баштаган. Ваннага жуунуп өзүн ирээтке келтирген Фаризат, - Жаным кетели. Убакыт ансыз да кеч болуп кетиптир. Мен көп болсо үч саат деп пландадым эле, биздин келгенибизге беш саат болуп кетиптир дегенде Саид үнсүз ваннага кирди. Саидди эртең мененки салып кеткен жерден түшүрүп жатып, - Мен өзүм кабарлашмайын сиз телефон да чалбаңыз. Издеп да барбаңыз - деди үнүн токтоо чыгарып. - Фаризат мен эми сени көрбөй кантип жашайм? .. Жалбара сүйлөдү Саид. - Саид мага эле оңой дейсиңби. Туура түшүн. Эгер биз сак болбосок экөөбүздүн башыбыз тең топудай эле ыргып кетерин билесиң го... дегенде эсине келе түштү да, - Макул. Күтөм. Күт десең кылым болсо да күтөм, - деп көздөрүн жашылданта кала берди. Фаризат шашыла баштады. Убакыт күтпөйт болчу. Саид менен эртесинде кайра мейманканадан жолугушту. Саид өлгүдөй корккон Куюндун жок экенин, деги эле Азияттын бөрүдөй жигиттеринин баары сыртта жүргөнүн укканда өзүнчө эрдемсип калган. Анын үстүнө Фаризаттын "Чыныгы эркек экенсиң. Мен Азияттан бөлөк эркек жок деп жүрсөм сендей шумкарлар да бар турбайбы. Эркиндик анан байлык гана жетишпей жүргөн экен" деген мактоолорун укканда төбөсү көккө жете толкунданды. Кечөө эле эчкимдин колу жетпестей, бул дүйнөдө жалгыз гана Азият рахатын көрүүгө буюргандай болгон сулуунун кучагында эркелөө ийгилиги башын ого бетер айлантып турганда Фаризат үрөйдү учурган сунушту айтып салды. Фаризаттын колунда бир топ байлык бар экенин билчү, бирок ал опоңой эле өзү менен кошулуп колуна өтүп кетери жөнүндө ойлогон да эмес. - Миллионго чукул накта доллар бар. Дагы орточо баада сатсак миллиондун аржак-бержагы болчудай баалуу буюмдар бар. Эң башкысы бери дегенде 15-20 миллионду чапчый турган бриллиант жылан бар. Качанка Азияттан бүрүшүп коркуп, айдаган жагына басып өзүңдүн кызыкчылыгыңды ойлобой жүрөсүң. Эгер чет өлкөгө жылт койсок экөөбүздү эч ким таппайт. Тил жагынан деги кыйналбайбыз. Акча болсо баары болот. Өзүбүздүн чакан фирмабызды ачып алабыз да чардап жата беребиз. Жыл сайын дүйнө кыдырып сайран курабыз. Ак сөөктөр эс алган жайларда эс алабыз. Башкысы экөөбүзгө тең башка улуттун өкүлдөрү деген, аты-жөндөрүбүз да башка документ табышыбыз керек. Анан эр болсо бизди бирөө таап көрсүн... Саид жооп айта албай мукактанып калды. Ал түгүл кубарып да кетти. - Эмне коркуп кеттиңби. Эгер корксоң ачыгыңды айт. Анда ушунчабызда бири-бирибизден кол үзүшөлү. Анткени Азият келсе анын көзү төртөө экенин билесиң. Кичине эле шегибизди билсе экөөбүздү тең кумурскадай гана ушалап салат. - Кеп корккондо деле эмес. Мындай ишти терең ойлонуп жасаш керек. Жаш кыз менен жаш балача азыр экөөбүз кол кармашып качалы. Азияттын шимшүүлөрү эртең 200 км жүрө электе кармашат да өзүң айткандай экөөбүздү мышык чычканды эрмектегендей эрмектешет. Беш күнкү жыргалчылык үчүн өмүрдү сатып кереги барбы? Тамекисин терең соро тартып токтоо сүйлөдү. Чыны Саид коркок жигиттерден эмес эле. Кантсе да тыңчылык жогорку мектепти бүтүп бир топ чет өлкөлөрдө иштеп калгандыктан жеңил ойго берилчүлөрдөн да эмес. Көгүш одеялдын үстүндө энеден туума жылаңач суналып кыры менен жаткан Фаризаттын сулуулугу менен тумандай көп акча акылдан адаштыра кытыгылап жатты. Фаризатга Саиддин токтоо сүйлөгөнү жага түштү. - Туура! Ойлонуш керек. Мен муну бүгүн эле чече салган жокмун. Мындай ойго келгениме ого көп болду. Керек болсо сени биринчи көргөндөн эле түрлүү жолдорду ойлой баштагам. Саид "Чын элеби. Кантип элде. Ушунуң ашып кетти го" дегенсип жалт карады. - Буга ишенсең, ишенбесең өз эркиң. Азият мени акчасынан мурда да бийлигинин күчүнө салды. Барымтага сатып алган буюмдай гана мени баш кесерлерден сатып алды. Кийин билсем мага жетиш үчүн бүт өзү уюштурган экен. Өзүңдөн 29 жаш улуу адамга, үчүнүчү аял болуп зордук менен тийсең. Сени менен тиесиңби-тийбейсиңби. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы деп да адам катары санап эсептешпесе. Жүрөктө так калат да.Туура, кудай турат аябай эле эркелетип, кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичкизип катуу сөз айтпай келет. Ошондо да түрмөдөгү адамдаймын. Өз алдымча жок дегенде аялдардан тааныш күтүп сырдаша албайм. Кайда болсо кайтаруудамын. Бассам турсам артымдан аңдуу. Мындай жашоодо качанка чыдап жашоого болот. Ошондуктан өз алдымча даярдана баштагам. Саид унчукпай угуп отурду да ичинен "Мунуку да туура" деп койду. Фаризат ордунан туруп шашпай кийине баштады. Чиркин эмне деген буттар. Эмне деген көкүрөк. Тим эле мыкты скульптор кол менен чегип жасагандай. Шилекейин жута тамшанып койду. Бир ашык жер жок. - Ойлон. Ойлон да жообуңду айт. Куюндун көзүн тазалашты өзүм алам. Сейфти ачканды кантсе да эркек эмессиңби өзүң бүтүрөөрсүң. Менин оюмча Түркия аркылуу Канадага же Австралияга чыгып кетсек деп ойлойм. Экөөбүз тең түрк тилин мыкты билебиз. Болгону мени кыйнаганы" кантип паспорт табабыз?" деген суроо. - Документ табыш татаал деле маселе эмес - деп койду Саид кайра жаңы тамеки тутантып жатып. - Эмнеси болсо да ойлонуп көр да жообун айт. Эртең жок бүрсүгүнү телефон чалам, эгер менин оюма кошулсаң, "Баары жайында ишти баштай бер" деп гана кой. Өзүң менен ашык жүк алба. Бир сыйра киймиңди кийип ал. Калганын керектүү жерден сатып алабыз. Анан түшкү саат 12де сейф ача турган жарактарыңды алып түз үйгө кел. Тыштагы дарбазаны кайтаруучуларга айтып коем. Эч бейкапар кире бер. Азыр болсо мен өзүмчө кетейин. Сен такси менен жетип ал" - деди да бир тутам акчаны стол үстүнө таштады. Саид акчаны көрүп оңтойсуздана түштү. "Өзүмдө деле бар дейин" десе акчасы жок. Балким мейманканага да төлө деп калсачы. - Акчаны тим эле койбойсуң да... - Майда чүйдөңө керек болуп калышы мүмкүн. Алыс жолго чыгууга даярданыш да керек болуп жатпайбы. Баса мейманкагага толук төлөнгөн. Убара болбо - деди да али да кийинбей шейшепке оронгон боюнча отурган Саиддин көзүнөн өөп коюп шартылдай басып чыгып кетти. х х х Куюн келери менен үй ичин, Азияттын кабинетин текшерди. Эч өзгөрүү болбоптур. Өзүнүн жашыруун койгон белгилери калыбында туруптур. Фаризат үч күндө кайда жүргөнүн иликтеди. Баары жайында. Иш менен тынбай жүргөн экен. Узак жол жүрүп машинада урунду болуп чарчаган эме уктап алууну чечти. Өзүнүн бөлмөсүнө барды да душка шашпай жуунуп чыгып, мемирей уйкуга кетти. Ушул боюнча кайра ойгонбой каларын билген жок. Убадалашкан күнү эртең менен Фаризат Саидге телефон чалды. Саид телефонду алары менен "Баары жайында. Ишти баштай бер" - деди. Фаризат башка эч нерсе сүйлөбөстөн трупканы коюп койду. Саид Фаризат кетери менен эле анын чеңгелине оңой менен чыккыс болуп түшкөнүн түшүндү. Эгер Фаризаттын тилине кирбей кыйшаңдаса "Мага көз артып сөз ыргытып жүрөт" деген сөздү Азият келгенде айтса Саидден эч ким себебин сурап чынбы-төгүнбү деп отурбайт. Жөн гана жок кылып коюшат. Балким Азият келгиче деле Куюнга "Менин жанымды койбой жүрөт тынчытчы" десе деле жарыкчылык менен кош айтышышы мүмкүн. Булар үчүн кишини дайынсыз кылып коюш, өзгөчө Саиддей аягы сай таппагандарды жоготуш жан кейитпеген көнүмүш иш. Астында эки гана жол турду. Көздү жуумп Фаризаттын тилине кирип эсепсиз байлыкка ээ болуп качып кетүү. Же жеке керт башын коргоп жалгыз кастюм шымы менен үч көйнөгүн көтөрүп качуу. Бар тобокел деди. Байлыкка да сулуу катынга да ээ болуу кызыкчылыгы азгырды. Фаризат Саиддин жообун угары менен ишке киришти. Куюн уктаганы жатканын. Эгер шашылыш иш чыкпаса тынчымды албагыла деп үй ичин жыйнап жүргөн кызматчы келиндерге айтканын угары менен "Мен да өз бөлмөмдө тынч отуруп иштешим керек. Силер калган ишти эртең жасагыла" - деди да тигилерди кетирип жиберди. Иш бөлмөсүндөгү сейфинен пистолетин алып чыкты да башына "глушитель" такты. Өзү чачын түйүп жынсы шым куртка кийди. Шкафтын ичинен газ толтурулган балонду алып чыгып Куюн жаткан бөлмөгө барды да балондун башына күн мурунтан тагылган ичке түтүктү бөлмөгө телефондун проводу киргизилген тешиктен акырын киргизди. Куюн бул провод киргизилген тешик демейдегиден чыпалак баткылдай кеңейип калганын байкаган эмес. Ичке түтүктү туура ак шакекече болгон белгиге чейин киргизди да газды кое берди. Балким Куюн ойгонуп кетип чыкса анда атышка туура келмек. Ошондуктан пистолетин дайындап бир саат сыртынан кайтарып отурду. Баары тынч өттү. Бөлмөдөн чыккан да кирген да абаа жок болчу. Астына ала фортучкасынын сыртын жаап таштаган. Чарчап келген неме аны да байкабады. Жаны жер тартып карайлай жаткыча шашты. Бир сааттан кийин барып балонду караса бошоп калыптыр. "Желмогуз Куюн эмес шайтан болсоң да жайыңды тапкандырсың деп балонду түтүгү менен кошо чыгарып алып кабинетине алпарып кайра ордуна катты. Ошентсе да сактык үчүн текшерип ички телефондон чалып көрдү эле жооп болбоду. Барып эшигин тартса ичинен бекитпептир. Ачары менен газдын жыты мурунга урду. Мурдун баса дем албастан барып, терезени чоң ачып жиберип бөлмөнү желдетти. Куюн эчак эле түбөлүккө мемиреген экен. Мойнунун күрөө тамырын кармаса какмак түгүл денеси муздайын деп калыптыр. Бөлмөнү шамалдатып газдын жытын кетирди да такыр шектүү жыт калтырбаш үчүн кагаз жагып туруп артынан арча түтөтүп койду. Куюнду болсо кымтылап жаап, "Уктай бер. Далайдын канын ичтиң эле. - деди да өзү шашылыш даярдана баштады. Бир чакан чемодан гана кийим алган. Документтер даяр. Куюн айдап жүргөн "Максимканын" документи, эки номери бар болчу. Жолго "Максимка" менен чыгууну туура көрдү. Түндө келип гараждагы машина ондогон мастерлерге бир сыйра текшерип карап чыккандан кийин айдап келип койгула деген экен. Эртең менен саат 10до бары жайында деп токтотуп кетишкен. "Максимканы" айдоого Фаризаттын эки номерге тең ишеним каты бар болчу. Акча, баалуу буюмдарды салыш үчүн атайын өзгөчө кулпусу бар өзү темир, сырты булгары колго көтөрүүчү сейф өңдүү чакан дипломатты дайындады. Туура саат 12 дегенде Саид жетип келди. Өңү бозоруп кичине корккону билинип турат. Татынакай кийинип алыптыр. Көзүндө кара көз айнек. Алактап коркконум билинбесин десе керек. Кирери менен - Куюнду... деп аржагын айта албай мукактанды. - Уктап жатат... - Эмне дейсиң.. Кантип... - Чочуба. Түбөлүккө уктап жатат, деп Саидди кыса кучактап туруп оозунан соро өөп койду. Саидге бул чоң дары эле. Саид сейф ачкандын чоң мастери экен, темирди тешкен тешкич, араасы менен ала келиптир. "Кимдир бирөөлөр келип калбас бекен" деп ууруга киргенсип чоочулады эле да Фаризат ички телефон менен "Өзүнүн жеке уруксаты болмойун үйгө эч ким кирбесин, деген катуу тапшырма берди. Сейф ачылганда Саиддин көзү таңгак-таңгак долларлардан өттү. Баалу буюмдардын баркын түшүнчү эмес. "Сен долларларды сал" деп Фаризат тиге дипломатты карматты да өзү баалуу буюмдарды, каропкадагы бриллиант жыланды өзүнчө дипломатка салды. Көзү алактаган Саид "Бриллиант жыланды" көрөйүнчү деген да жок. Саат 1.30да кочкул кызгылт "Максимка" дарбазадан чыгып кетти. Эшик тоскондор рулда Куюн отурабы же башкабы байкоого да үлгүрбөй калышты. Куюндун өлгөнүн, Фаризаттын дайынсыз жоголгондугун эртеси эртең менен келген үй кызматчылар айтышты. Ага чейин үйгө эч ким даап кире алган жок. Баарын күндүз, чаламандын чак түшүндө жасаса эч шеги жок бүтөрүн Фаризат астына ала пландаган. Чабалекейдей зыпылдаган "Максимка" шаардан чыгып, Чыгышка бет алган чоң трассага түшкөндө; - Кайсыл тарапка бет алдыңыз мырзам. Билсек болобу - деди Фаризат Саидге жодурай карап. - Биз бүгүн түндөп жүрүп отуруп эртең менен Алматыга жетишишибиз керек. - Ого... Сизди түз эле мени Америкага алып жөнөйт го дептирмин... - Америка... Америка... ал качанкы Америка. Америка карыды. Чыгышта Гонконг, Тайван, Малайзия өңдүү укмуштуу жаш өлкөлөр бар. Саид "Максимканы" рахатка батып айдап келатты. Мына ушундай машиналуу болсом деп канча эңсечү эле. Өзүнүн эски "Москвич-412син" Фаризаттын "Вольвасына" түшкөндөн кийин карагысы да келбей калган. Кенен трассада машина 160-170 менен баратса да рулга күч келип катуу жүргөнү сезилген жок. Саиддин машинаны мыкты айдарына, деги эле тыңчынын мектебин бүткөндөр кандай техника болсо да шайтандай айдарына ишенгендиктен Фаризат көп кам жебеди. - Мен да эки күн жөн жатпадым. Саид сөзүн улады. Жолдон көзүн албаган калыбында. Кичинекей башымды болушунча күн-түнү кубалап иштеттим. Азият экөөбүздүн качканыбызды угары менен бизди кантип кармоонун планын түзөт. Ишти, бизди кайдан издөө керек дегенден баштайт. Биринчи орунда Пакистан, Түркия, Араб мамлекеттери. Англия, Италия, Америка Канада турат. Анткени экөөбүз тең түрк, фарс, араб тилдерин билебиз. Сен англис, француз тилинде сайрайсың. Демек аталган мамлекеттердин бирине жашынган болобуз. Менин баамымда бизди Монголия, Кытайдан издеш Азияттын башына да келбейт. Биз алгач Монголияга өтөбүз. Андан Кытайга андан Гонконгго. Калганын бара көрөбүз. Буюрса түндөп жүрсөк эртең мененки саат 7лерде Алматыда болобуз. Саат 10дон баштап мен казак, сен казашка болосуң. Документ бир саатта даяр болот. Сүрөтүбүз бир саатта даяр болот. Бир саат тамактанабыз. Эки күндөн кийин эркин бизнесмен болуп Уланбатордо же дагы бир чакан шаарчада жүрөбүз. Фаризат барын унчукпай укту да. "Тынч сазда шайтан уялайт" дегендей мында жаткан экен го" деп ойлоду. Өзүнүн планы кандай да болсо Түркияга өтсөк андан аркысын көрөрбүз деген. Азыр таразалап көрсө Саиддики жөндүү көрүнөт. - Сенин башың иштерине ишенгем да туйгунум деп чын дилден эркелей сүйлөдү. - Абайла, алтыным! Машина 180 км менен барат, - деди Саид. Учкан куштай зымыраган "Максимка" улам бир жеңил машинаны зуу-зуу артка таштап чыныгы "Король дорога" экенин көрсөтүп баратты. х х х Азият Фаризат менен Саидди алты ай бою издетти. Атайы жалданган 20 тынчы улам бир мамлекетке өтүп шимшип жүрүштү. Дайындары жок. Сууга чөккөндөй жоголушту. Ушул жарым жылда Азият кадимкидей карып кетти. Барган сайын Фаризатты сагынчу болду. Аны сүйгөнүн, "Бриллиант жыландын" арбоосуна алдырып аны көңүлүнөн чыгарып койгонун, эми минтип колдон учкандан кийин билди. Аларды издетем деп чачыла берип жүгүртүүдөгү байлыгы өксүдү. Фабрикасы иштебей туруп калды. Өнөктөш фирмалар биринин артынан бири чыгып кете баштады. Минте берсе колдо бардын баарынан айрылып, жалгыз коколой башы каларын билсе да издөөнү токтотподу. Көзүн жумса Фаризат менен "Бриллиант жылан" түшүнө кирет. Ойгонгон сайын Азият ызаага буулугат. Какчыйып арыктап да кетти. Аялдары такыр көңүл бурбай калышты. Балдары баш болуп ар кимиси өздөрүнө тиешелүү дүйнө байлыктарын Азияттан коруй башташты. Ал түгүл улуу аялы менен балдары чогулуп келип, кайдагы бир сойкуну издетип ушунча дүйнө чачып жатканына ачык нааразы болушту эле. Азият "Силерге тиешелүү энчиге тийбейм. Калган байлыгым бүт түгөнгөнчө издетем. Анда да табылбаса өзүм жөө калсам да колума таяк алып издейм", - деп көгөрүп койду. Ушундан кийин ага кийлигишпей да калышты. "Бир жерде Фаризат Саид менен рахатка батып жатса керек" дегенди ойлогондо тирүүлөй өрттөнүп секирип-секирип кетет. Күн-түнү кабар күтүп, өзү чалып телефондун жанынан кетпейт. Тыңчылары чын дилден издеп жүрүшсө да кээде өзүнчө ишенбей кетет. Саид менен Фаризат аларды акчага сатып алып жөн эле издемиш болуп жүргөндөй арам ой пайда болуп жанын коерго жер таппайт. "Сениби Африканын токойлорун да тинттирем" дейт жер тепкилей. Дегеле эч ким мынчалык бирөөлөргө издөө салбаса керек. Бул издөө эмес эле өзүн-өзү тозокко тирүүлөй куйкалоо экенин Азиятка эч ким айткан жок. х х х Шаа Азият менен жолугушкандан кийин түпөйүл ойго түштү. "Азият дегениң ким? Эмне үчүн мага кызыкты? Эмне үчүн аны кытай легендаларын, фольклорун, кытайдын өткөн кылымдардагы сырдуу дүйнөсүн изилдегендер кызыктырат? Андай эле кызыккан экен нак кытай окумуштууларынан эмне жалдабайт? Азият жөнүндө иликтей келгенде чоң бизнесмен экенин. Кытайдын Кашкар өңдүү чоң-чоң шаарларында соода түйүндөрү бар экенин укканда ого бетер таңданды. Бизнесмен соодагердин фольклор менен кандай тиешеси бар деп. Мунун артында кандайдыр бир сыр бар экенин туюп турду. Шаа Кашкарлык Кирсан аттуу калмак жигит менен жакшы тааныш болчу. Кирсан газетада иштөөчү. Өзү криминалисттик хрониканы алып барчу. Шаага Кирсан Азият жөнүндө күтүүсүз жаңылыкты айтып берди. Азияттын Хэ Чан аттуу жигити Кытай легендаларына, фольклорго кызыгып изилдеп жүрчү экен. Кирсан менен жакын тааныш да болуптур. "Бриллиант жылан" жөнүндө жазылган укмуштуу китеп бар дейт. Кантсе да журналист эмессиңби уккан, көргөндөр болобу иликтей жүр деп суранган да экен.Тилекке каршы күтүүсүз өлүптүр. Эмнеден өлгөнүн текшергенде сол далысынын астынан бармак басым көгүш тактан бөлөк эч нерсе табышпаптыр. Чан өлөрүнөн бир жумача мурун Ли аттуу легенда, фольклорду кыйын билген, Тибет медицинасында түшүнүгү бар адамга жолукканын айткан экен. Көрсө Ли да "Бриллиант жылан" жөнүндө кызыгам, укканым бар деген имиш. Шаа Кирсан менен башка бул темада сүйлөшпөөнү туура көрдү. Эгер өзү да "Бриллиант жылан" жөнүндө кызыгарын ачыкка чыгарса ишти теңирден тескери бузуп алышы мүмкүн экенин учурунда Кадыр акеси жакшы эле үйрөткөн. - "Бриллиант жылан" жөнүндө мурда укпаптырмын. Балким чын эле мыкты легендадыр. Мен тибет медицинасындагы чөп менен, укалоо менен дарылоолорго кызыгам. Анан тибеттеги көзү ачыктык жөнүндөгү легендалар кызыктырат. Балким Лиге жолуксам ушул темада кызыктуу бир нерсе табат белем деп койду кайдыгер гана. Чандын сол далысынын алдындагы сырдуу кара так жөнүндө угары менен жүрөгү зырп дей түшкөн. Ли менен жолугушар күн алыс эмес экенин сезиминде туйду. Ал баягы өзүн Кыргызстанга издеп барган кытай экенин да билди. Кытайга келгенде быягы Кыргызстандан алган дарек боюнча Ли иштеген фирмага барса Ли иштен чыгып кеткенин кайда жашаар дарегин билишпесин айтышкан. Ошентип Лини жоготуп алган болчу. Азияттын шашылыш мекенине кеткенин укканда өкүнүп калды. Эгер көзүн тапса бул акча мешогундагы бизнесмендин байлыгын да бийлигин да өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланса болот беле. Кайра Азиятка жолугуп тамырын терең тартсамбы деп чечти. Арадан айча убакыт өткөндө Кирсан телефон чалып "Баягы Лиге жолуктум. Чын эле тибет көзү ачыктары жөнүндө, медицинасы жөнүндө укмуштарды билет экен. Өзүнчө эле жаткан энциклопедия. Сен жөнүндө айтсам кызыгып калды. Азыр ден-соолугу жакшы болбой айылда экен" деп дарегин берди. Көрсө Линин бир коммерсант баласы чоң чатакка кабылып ал жөнүндө Кирсан изилдеп жазам деп күтүүсүз жолуккан экен. Шаа менен Ли жолугушканда эле бири-биринин ким экенин түшүнүштү. Оорумун деп төшөктө жаткан Ли ыргып тура калды. Шаанын алдында териси сөөгүнө жабышкан арык чокчо сакалы бар кичинекей чал турду. Кичинеге тикирейе тиктешишти. Көздөр ирмелбеди. - Мен сенин акыры келериңди билгем - деди Ли токтоо. - Мен да сени акыры табарымды билгем - деди Шаа. Экөө дагы үнсүз тиктешип турушту. - Сен китепти мага бер? Анткени карыдың. Китеп сырын ачууга менин гана мүмкүнчүлүгүм бар. Адамзаттын тарыхындагы ал эмне деген укмуш сыр чечели. Мен сенин укум тукумуңду да бул ачылыштын себепкерлери катары кошойун. Китеп сырын чечкенден кийин "Бриллиант жыланды" издөө түйшүгү турганын билесиң да. Көп тырыша бербе. Өзүң да оорулуу болуп калыпсың. Карасам кайгы тартыпсың. Анын кесепети сөөктөшүп айыккыс дартка чалдыгыпсың. Муну өзүң да жакшы түшүнөсүң, - деди Шаа. Бул бир бири-бирине алдоого жасалган куру далалат эле. - Китеп менин укум-тукумумдан бери келаткан улуу сыр. Байлык. Сен болсо ортодо жолуккан китепке эч тиешең жок табакташсың. Ошондуктан китепти сен бер мага. Ал эми сырын ачууга мендеги ден-соолук жетиштүү. Керек десең "Бриллиант жыландын" да дарегин билем. Демек, мендеги таразанын ташы оор - деди Ли. - Китепти мен ушул жердин түбүндөгү айылга чейин издеп келген соң албай койбойм. Күчкө салсам да алам. Өзүңдү кыйнабасаңчы. Аз күн болсо да жарыкчылыкта жашаганың оң го деген сөзүн бүтө электе шуу секирген Ли Шаанын үстүнөн учуп өттү. Шаа жатакалганга араң үлгүрдү. Линин бир башкача архитектурада төбөсү бийик тоголок курулган үйүнүн ичинде кармаш башталды. Бул кармаш адамдардыкына эмес эки ок жылан бири-бирине түйүлө секирип жатканга окшогон тири укмуш кармаш болчу. Улам убакыт өткөн сайын Ли чарчай баштады. Анын үстүнө акыркы эки айдан берки муундарындагы оору да күчүн алып койгон эле. Канчалык картаңдык куулукка салайын десе да Шаа алдырбады. Кайра улам күчөп баратты. Ченемсиз мыкты машыгуудан өткөнү көрүнүп турду. Акыры максатына да жетти. Омуртканын талуу түйүнүнө урулган бармак Лини кыймыл күчүнөн ажыратып шал кылып койду. Акыл эси, тили кадимкидей, болгону буттары, колдору кыймылдабай шалак жерге кулап түштү. Маңдайына чөгөлөй отурган Шаа, - Мен омурткаңды кайра ордуна салганды да билем. Эгер жан керек десең китепти бер - деди. Көздөрү чекчейген Ли өзүн өзү өлтүрөйүн десе колдору да буттары да кыймылдабайт. Мындай мертинүүдөн омуртка ордуна келбесин эгер ордуна келген күндө да буттары өмүр бою шал болуп колдору гана кичине-кичине кыймылдарын Ли жакшы билчү. Ошондуктан үн дебеди. - Чал жок дегенде балдарыңды ая. Алардын балдарын ая. Жакшы көргөн кызың бар экен аны ая - дегенди укканда Ли чыдамы кетип баратканын туюп тилин астыга сунуп туруп болгон күчү менен тиштегенде тилинин жарымысы бычак менен кескендей кесилип түшүп калды. Башка жол жок экенин түшүнгөн Шаа кыйналбасын деп эки күрөө тамырын басып койду. Үйдү үч көтөрө издесе да эч нерсе таппады. Демек китеп балдарында болушу мүмкүн. Бул жака келерде Линин тукумун аябай изилдеген. Китеп бир да баласында эмес кызында болсо керек деген ой мээсине кайта-кайта уруп жатты. Линин кызы Америкада Гарварт университетинде окуурун. Чыгыш күрөшү боюнча мелдештерге катышып жүргөн мыкты спортсмен экенин. Эң башкысы атасы Ли кызын өзгөчө жакшы көрөөрүн билгенде эле ушул ойго келген. Үйгө өрт коюп жатып ишти Линин кызынан башташ керек деп чечти. Айылдагы атасынын жыгач үйү өрттөнүп кетип өзү да кошо күйүп өлгөнүн уккан Линин балдары бүт чогулуп айылга барып аза күтүштү. Жалгыз гана Америкадагы кызы келбеди. Шаа күткөн эле. Сөзсүз келет деп күткөн. Ойлонгон ой ишке ашпады. Демек кызды издеп табуу да оңойго турбайт окшойт. Биринчи китептин аягы Бишкек - 97 -------------------------------------------------------------------------------- -------------------------------------------------------------------------------- Чолпонбек Абыке уулу Бриллиант жылан (Чыгыш детективи) 2-китеп Азияттын иши акыркы айларда улам кыйчалыштай берди. Фаризат менен Саиддин дайны чыкпай жоголгону аз келгенсип наркосоода менен алектенген жигиттери Оштон ири өлчөмдөгү товар менен кармалып калды. Бүт товар күйүп кетти. Ички иштер министрлигине жаңы келген Министр Азияттын "ортомчуларын" жанына да жакын жолотпой "секирет". - Канчага секирээр дейсиң. "Төрт эмес, тогуз тарабынан кысымга алгыла", - деген буйругунан да эч нерсе чыкпады. Жандарынан корккон жигиттери бүт күнөөнү өз моюндарына алып кете беришти. Же товарын, же колдон суурулган шылуун жигиттерин бошотуп ала-албаганга Азияттын нерви бузулуп, ал түгүл өзүнүн жеке догдурун чакыртып көрүнүп, дары ичкенге аргасыз болду. "Цыган почтасы" кылмышкерлердин чөйрөсүндө кабарды шамалдай таратат. "Азият баягы эмес. Кадыры кете баштады. Жакында наркотовары менен кармалган жигиттерин бошотууга жараган жок" деген кабар тез эле кыргыз, казак, өзбек эмес бүт КМШга жайылып кетти. Мурда Азияттын колтугуна кирип күн көргүсү келген майда соодагерлерден баштап ирилерине чейин четтей башташты. Иштин арты ушундай болорун билген. Ошондуктан, аракетин деле аябады. Чындыгында колунан эч нерсе келбей койду. "Чын эле бүт касиетимди "Бриллиант жылан" менен Фаризат алып кеттиби? Мурда атымды укса астымдан кыя өтпөгөндөр тескери бурулчу болду. Көзүмдү тике карабоочулар кайрып сөз айтчу болду" деп капа болуп отурса, "кабар" келиптир. "Сиз менен сүйлөшө турган сөз бар. Жолугалы. Астына ала ачыгын айтайын. Сизде бир кымбат буюм бар экен. Ошол мага керек болуп калды. Баасын ойлоно келиңиз. Сизди урматтаган "Рыжый" Болот, Алмата" деген. "Кабарды" окуганда ордунан секирип кетти. Сөз "Бриллиант жылан" жөнүндө баратканын илгиртпей сезди. - Эх Протез... Протез... тирүү экенсиң да. Акыры суу үстүнө калкып чыгарыңды билгем. Сендей чириген дөңгөчтөр акыры жээкке чыкмак. Эрдин тиштеп, ойлонуп отуруп калды. Рыжый Болотту жакшы билет. Нечен уккан. Акыркы жылдарда улам күчөп баратканын да билип жүрчү. Бирок, "Азияттын дарегине чейин сөз кайрууга жетишет" деп ойлобогон. Көздөрүн жуумп көпкө үнсүз отурду. Кантсе экен. Аңгыча, кыйынчылыктан чыгуунун жолу башына өзү келди. "Кандай гана абалдан болбосун чыгуунун жолун таба билчү элем дейм да", - деп өзүнө өзү куштарлана да түштү. "Рыжый", "кабарыңды" алдым. (Атайлап Болот деген атын кошпой, "Сен ким элең эсиңе келсеңчи" деген мааниде какшык аралаштыра жазды). Эгер кулагың укканы чын болсо, ошол угузган "кабарчынын" нак көзүрүн (ортомчусун эмес) мага белекке жибер. Калган сөз анан улансын. Сени урматтаган Азият" деп өзгөчө кол коюлган "кабар" жолдоду. Бул иш ушинтип эле "кабар" алмашуу менен бүтүп калбасын Азият түшүнүп турду. Коргонууну чыңдап, жолугушууга даярдануу керек. "Буюм" жок. Колдон учуп кеткен. Андан көрө издешүүгө жардам бер" дегенде ага ким ишенет. Ишенген күндө да ансыз деле сынып турган кадыр-баркы такыр тебелендиде калбайбы? Акыркы алты айдан бери "Фаризат менен Саидди издетем" деп өзүнүн "чарбасына" такыр көңүл бурбай калганын "кабардан" улам даана билди. Болбосо, Рыжый Болотко окшогондор "кабар" жиберүүгө батынмак беле. Өткөн жарым жылда үч жолу болгон чоң разборкаларга өзүнүн кишилеринен эч ким барбай калган. Өзүнүн көздөй ишенимдүү кишиси "мыйзамдагы ууру" оор кылмышы ачыла турган болгондо, Италияга качып кеткен. Учурунда тиешелүү кабар берип, коргоого көмөктөшө албаганы үчүн ал да Азиятка нааразы экендигин Италиядан жүрүп билдирген. Төрт тарабындагы "коргонду" дайым чыңдап жүрчү Азият бүгүн улам бир тарабындагы коргону ыдырап кулай берип, ачык, коргоосуз калганын билип отурат. "Фаризат, сени акыры табып, түбүңө жетээрмин" деп кекенип алды. "Бөрү карыса бир койлук дейт. Бул Рыжый өзүн "чоң кожоюн" сезе баштаган экен. Али Азият өзүнүн ким экенин көрсөтүүгө күчү жетет" деп кекенип алды. Ушул эле күнү тиешелүү адамдарга, шашылыш, кийинки жумада жолугушууга "кабар" жолдоду. ххх Гонконгдогу шаардан четкерээк бөксө тоонун түбүнөн, деңиз жээгине жакын жерден өзү өтө байлардыкындай чоң аянт ээлеп заңкая көзгө көрүнүктүү курулбаса да чакан, оюнчуктай кооз, ошол эле маалда анчалык тегеректегилерди өзүнө көңүл бөлгүдөй деле эмес, бүт айланасы калың бак менен курчалган вилласында жатып, Фаризат бүгүн Азиятты эстеди. Арадан жарым жыл учкан куштай өтүптүр. Азият күн сайын жүрөгүнүн башында "качан табаар экен? Качан кыжыры келсе заары чыга түшчү көздөрүн тикчийте кадап, "Менден качып кутулам дедиңби?" деп маңдайымдан чыгаар экен деп эстесе, бүгүн "Ушундай жашоодон көрө Азияттын шимшүүрлөрү кармаса да мейли эле. Акыры башта бир өлүм... Балким, күнөөмдү кечет беле. Кантсе да сүйчү эле го" деп эстеди. Үйүнө келери менен муздак душка түшүп жатып, бардык эле аялзатына тиешелүү адатты карматып, буркурап ыйлап алды. Анын кудай берген сулуулугун, аялзатына тиешелүү наздыгын барктаган, сыйлаган, аяр мамиле жасап, өзүнөн башкага ыраа көрбөй, таза урунган Азият гана болгонун бүгүн дагы бир жолу билди. Буга чейин да ушул өткөн алты айда бир нече жолу билген, бирок, бүгүн өзгөчө болду. "Кайсыл кара шайтан сайган күнү эсирип, эсинен ажырап, Азияттын көзүнө чөп салып, дүйнө кыдырып даң салып эркиндик эңседим экен" деп ичтен боздоп турду. Жатса бир топко чейин термелип туруучу диванга кулап түштү да, көзүнөн чуурган жашты сүртүп да койбостон, түрлүү гүлдөрдүн сүрөтү салынып тирукмуш кооздолгон шыпты тиктеп жата берди. Анын көзүнө шыптагы гүлдөрдүн кооздугу эмес, өткөн алты ай элестеп жатты. ххх Саид экөө Алматыда көп болсо үч күн токтойбуз дешкен. Жок, туура үч жума жатышты. Дагы Фаризаттын чечкиндүүлүгү менен жолго чыгышты, болбосо, дагы канча жатышаарын бир кудай билмек. Саид айтканындай эле эки күндүн ичинде экөөнө паспорт жасаттырды. Бири, казак Кокенеев Серик, бири, казак кызы Кокенеева Анара болду да калды. Ошол эле күнү "Машинаны" капкара "Опел жипке" алмашышты. "Эрди катын эмес эки бөлөк фамилиядагы документ албайлыбы?" -дегенге Саид "Документтерибиздин ушундай болгону оң" деп болбой койду. "Иштин жакшы башталганы үчүн" деп ал күнү экөө шаардагы "эң мыкты" деген ресторанга барышып чардашты. "Көп анча көзгө көрүнбөйлү" деп жеке менчиктеги мейманканага турушкан. Саид кантсе да чалгынчынын мектебинен өткөн эмеспи, ресторанда өзүн жакшы кармаган менен мейманканага келип, өздөрүнчө калгандан кийин чектен чыга ичти. Ал түгүл туруп басууга жарабай жөргөлөп, жаткан ордунда кусуп, оонап калгыча ичти. Биринчи күнү Фаризат өзү да эсинен кеткиче ичкен менен экинчи күндөн баштап мурда мындай ичип көрбөгөн неме ичкиликти көрмөк түгүл жытына да жолой албай калыптыр. Саид болсо, туруп көзү ачылганда эле колун бөтөлкөгө сунат. Фаризаттын "Бул шаарда көп кармалганыбыз болбойт. Эртелеп башка жака жылалы" дегенине Саид "Эч коркпо, Азият тескерисинче бизди колтугунан издебейт. Алыстан издейт. Из суутуп жата туралы" дейт да, кайрадан ичкиликке өтөт. Акыры Фаризаттын Саид Азиятты жазгырып эмес, ичкиликтен кутула албай жатканына башы жетти. Буга чейин күнү-түнү өзүнө карабай сасып - ирип, ичкиликтин кулу болуп жатып калган эркекти көргөн эмес. Фаризаттын перидей сулуулугу да баш жазуудан кымбат эместигин Саид билгизип койду. Өмүр бою бирөөнүн карамагында катуу контролдун астында жүргөн неме "Өзүмө-өзүм кожоюнмун" деген эркиндик алганда өзүн-өзү башкарууга жарабай далдырап, оюна келген акмакчылыкты жасап калаарын Фаризат түшүндү. Мына ошондо Азиятты бир эстеди. Ченемсиз байлыгы турса да, бийлиги турса да, дайым өзүн-өзү катуу кармап, мына азыр барып, бирөөнүн астына отчет берчүдөй дайыма бардык ишин такыба тыкан жүргүзөөрүн, бир да жолу ишинен калбай, ал түгүл кечикпей, убада берген жолугушуусун калтырбай ашкере жоопкер экенин эстеди. Ошондо бармагын биринчи тиштеди. Мындан ары Саидге ишенбей өз камын өзү астына ала тымызын пландай жүрбөсө болбосун да түшүндү. Жүрөгүн жеген жалгыз буюм "Бриллиант жылан". Муну кантип чет өлкөгө алып өтөт? Кимге сатат? Саткан күнүнүн эртеси эле кармалып калбайбы? Миң сан суроолор. Кайдан да "Бриллиант жыланды" алды эле. Балким, бул кымбат буюмду албай акча менен эле качса болмокпу. Кайра өзүн жооткотот. Качарын качты. Эми өкүнгөндө пайда жок. Деги эле бир тыйын албай өз башын алып качкан күндө да Азият издетмек. Анын кекчил экенин, өзүнүн намысына шек келтирген ар бир майда нерседен бери өзгөчө маани берип, жөн калтырбасын Фаризат жакшы билип калган. Саид мына эсине келет, ана эсине келет менен арадан эки жума өткөндө, Фаризат чындап Саидден түңүлдү да, биринчи кезекте "Бриллиант жыландан" убактылуу кутулууну туура тапты. Эки күн ойлонуп жатып оңтойлуу бир жерге катуудан башка жол таппай, эртең менен эрте Саид корулдап уктап жатканда жолго чыкты. Түндө түшүнө, бир учурда Азият экөө кооз жерлерди кыдырып жүргөндө көргөн, Кыргызстандагы Долон деген ашуунун аркы бетиндеги чакан капчыгайдагы кол менен жасап койгондой болгон таш үңкүр кириптир. "Бриллиант жыланды" так ошол жерге катып жаткан экен. Тим эле өңүндөгүдөй көрдү. Ойгонсо таң атып келатыптыр. Ордунан ыргып турду да шаша кийинди. Күнгө чагылышып жаркылдаган капкара жип Долондон ашканда күн түштөн ооп калган. Эч жерге токтоп тамак да ичпеген Фаризат тим эле учуп- күйүп келатты. Анан калса жолу да шыр болуп, бажыканадан да эч ким тоспой, токтобой өттү. Долондон ашкандан кийин тээ канча жыл мурун көргөн жерин "Унутуп койдум го, таба албай убара болоор бекенмин" деп санаркаган. Жок, баары көз алдына картинадай тартылып, тим эле колунан бирөө жетелегендей баратты. Мындан ары машина жүрө турган жол түгөнгөн жерге жеткенде, жеңилдене дем алып, кичинеге машинадан чыкпай айланага байкоо жүргүзүп отурду. Эч ким көрүнбөйт. Машинасын бекитип, "Бриллиант жылан" салынган кутуну артынчагы бар мешокко салып дайындап алган эле, аны артына асынып, жапыз бойлуу Тянь-Шань карагайлары өскөн тик бетке чыга баштады. Көздөгөн жерине жеткенде, күн тоо баштарына таянып, кыпкызыл болуп батайын деп калган. Үңкүрдүн оозуна "акыры жеттим го" дегенсип шалак отура кетти. "Балким, кеч жетсем кереги тийээр" деп кол фонаригин алып алган эле. Көп отурбай кол фонаригин жандырып, үңкүрдүн ичине жөрмөлөй кирди. Үңкүрдүн оозу да, ичи да тар болгондуктан, жөрмөлөп гана жүрүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Фонардын жарыгына салып кымбат буюмду "кайсыл жерине катсам" деп ыңгайлуу орун издеп кирди. Акыры аны да тапты. Кудай өзү атайы "Бриллиант жыланды" катсын деп жасатып койгондой жер экен. Фаризат өзү гана так айтып бербесе, үңкүргө кирген адам үч көтөрө издесе да эч табылбачудай. "Бриллиант жыландан" кутулганда кадимкидей жеңилденип, санаасы тына түштү. Ал түгүл катып жатканда кутуну ачып "Бриллиант жыланды" кароого кудурети жетпеди. Коркконго кош көрүндүбү же чындап эле ошондой болдубу, коюп жатканда куту кадимкидей кыймылдап, ичиндеги жылан оодарылгандай туюлуп кетти. Баары жайында болгондон кийин үңкүрдөн жөрмөлөп чыгып, артында "шектүү эч кандай из калган жокпу" деп кайра да бир фонардын жарыгы менен текшере карады. Үңкүрдүн таманы каксоо болуп бирөө атайлап шыбап койгондой жылмакай, ичи таза болчу. Катуу жаандарда айрым бир жаныбарлар корголоп оозуна кирбесе түбүнө эч нерсе барбаса керек. Башка үнкүрлөрдөгүдөй нымдын жыты жок. Бул үңкүргө жапайы жан-жаныбарлар да жолобошуна Азият таңданып, босогодогу эски арчанын жаракаларынан шамал жүргөн сайын түрлүү ышкырыктар, адам үнүнө окшогон үндөр чыгып турат экен, балким ошондондур деген. Азиятты эстегенде Фаризат үшкүрүп жиберди. Так ушул үңкүрдө Фаризаттын "Койчу эми, мейманканага барганда" дегенине болбой басып алып, тим эле биринчи көргөнсүп ашыкча албууттанып кошулган. Анан Фаризаттын ышкысы ойгонуп кетип, кайра Азиятты басып алып экөө тең бул дүйнөдө экөөнөн башка эч ким жокчо бүт кийимдерин чечип ыргытып жиберишип, олпокто жатышкансып мына ушул каксоо жерде улам биринин үстүнө бири чыгып, оонап, бирине-бири канбай таң аткыча махабат жыргалына батышканы көз алдына тартыла, ысык жаш жүзүнөн чуурду. Эми эле арчалуу бетте келатып жок болуп кеткен экөөнү таппай, Азияттын телохранителдери таң аткыча суй жыгылышкан экен. Алардын издеп кыйкырган үндөрүн экөө укпаптыр. "Бул бир укмуш сырдуу үңкүр экен" деп Азият ошондо таңданып калган. Фаризат махабаттын жыргалынын туу чокусуна жетээрде дайыма ушул үнкүрдөгү каксоо жерде чабалактап жатканын элестетип жиберчү. Мына, ушул үнкүрдө отурганда кайра кайрып оңдогус катачылык кетиргенин туйду. Ошондо да, "Иш жаңы башталып жатса, кайра артка кылчактабайынчы" деп өзүнө-өзү кайрат берип, жөрмөлөй эшикке чыкканда күн эчак батып, айлана күүгүмдөй баштаган экен. Караңгы кире электе машинасына жетип алыш үчүн шашыла төмөн түшө баштады. Бутун тартууга дарманы калбай, түн ортосунан оогондо араң мейманканага келсе, Саид дагы деле ылжыган мас абалында уктап жаткан экен. Кетип жатканда мейманкананын тазалыгын тейлеген кызга "Эгер Саид сурап калса, дүкөнгө кийим алам деп кетти де" деген. Көп деле такып сурабаптыр. "Бардык катындар бирдей, эс дарттары кийимде" деп сөгүнүп койгон экен да, кайра ичип кириптир. Жыландан санаасы тынгандан кийин Фаризат мындан аркы кадамды өзү ойлоно баштады. Саиддин оюна койсо, айлап болсо да арак ичип жата берчүдөй. Азияттын айрым жигиттери атайын тапшырма менен жумалап арак ичип калганда кайра калыбына тез келтириш үчүн канына капельница менен гемодез куйдуруп бутуна тургузганын, гемодез алган жигиттер аракка уулангандардай калтырап-титиреп "баш жазмай" сурабай, деги эле ичпеген кишилерче оңолуп кетерин нечен көргөн. Мейманкананын кожоюнун чакырды да "Эртең ушул жерге келип гемодез куюп бергендей догдур тап, сураган акчасын берем", - деди. Өзү муздак душка жуунду да, "тынч эс алайын" деп өзүнчө бөлмөгө жатты. Ачыган арак жыттанган Саидди көрөйүн деген көзү жок болчу. Тырп этпей уктаптыр. Эртең менен Саид кызматчы кызга "арак, анан ысык борү алып кел" деп заказ берип жатканда ойгонуп кетти. Ич кийимчен өз бөлмөсүнөн чыга калды да: - Борү апкелсең апкел, бирок, арак апкелбе. Эч кандай арактын кереги жок - деди үнүн өкүм чыгара. Көздөрү ачылбай шишиген Саид: - И-имне. Көп мага кийлигишпесеңчи. Сен ким болуп кеттиң ошончо? -деди Фаризатты карап. - Менин ким экенимди азыр көрөсүң. Барыңыз! Буга борү, мага куурулган эт, бууланган картошкасы менен анан туздалган балык апкелиңиз! - деп кызматчыны чыгарып жиберди да кайрылып Саидди акырая тиктеди. Өмүр бою "кайсыл жерден жаңылыш басам" деп коркуп жүрүп жүрөгү жалтаң болуп калган Саид тиктешүүгө жарабады. - Болду... болду... түшүндүм. Мен көбүрөөк ичип койдум. Эми токтотом. Бирок, медициналык жактан алганда да пахмель ичпесем жүрөгүмдүн кагышы токтоп калышы толук мүмкүн. Ал эми менин жүрөгүмдүн токтобой кагып турушу мага эле эмес сага да абдан керек, сулуум - деп сөөмөйүн чычайта көтөрүп койду. - Билем. Билгеним үчүн догдур чакырдым. Азыр капельница менен гемодез аласың. Андан кийин кадимкидей тамактанасың. - И-имнээ, капельница менен гемодез? - Ооба. Гемодез!.. Саид үн дей албай калды. Ичинен "Ух-х жылан. Кантсе да Азияттын тарбиясы да. Гемодезди билгенин кара" деп ойлоду. Ошентсе да бир нече күндөн бери өзүн кожоюн сезип, өз билгенин кылып калган бийлигинен айрылгысы келбеди. - Сен мага көп чоң болбо. Мен өзүм билем пахмель ичемби, гемодез аламбы... - Эч кандай өзүң билбейсиң. Өзүң билип үч жумага жакын оңкоңдон түшүп оонаганың да жетишет. Мындан ары менин айтканымдай болот. Жок, антпейт экенсиң азыр Азиятка "Саид мени коркутуп алып чыгып, азыр туткунда кармап жатат. Куткарыңыз?!" деп телефон чалам. - Им-инээ, кана чалып көрчү,-. Саид Фаризатты көздөй басты эле, Фаризат сол колтугунан шарт пистолет сууруп чыкты. - Дагы бир кадам жасасаң атам. Саид шалдайып туруп калды. Азияттын атын укканда мээси кагыла түшкөн. Фаризат текчедеги телефондун кулагын пистолетти сунган калыбында сол колу менен бурай баштады. Саиддин жүрөгү оозуна тыгылды. Эгер звонок кетсе Фаризат сүйлөшпөгөн күндө да Азият телефон кайсыл шаардан чалынганын "сокур ит бок жалагыча" таптырып алмак. -Фаризат, эсиңе кел!? Телефонду дароо ташта, - деди үнү каргылдана. Саиддин өңү бир башкача кубарып, колдору калтырап кеткенин көргөн Фаризат телефон менен ойноого болбосун түшүндү. Ошондуктан, акыркы номерлерди тербей, трубканы ордуна кое салды. - Кана айтканды аткарасыңбы? Убакыт коротпой Саиддин макулдугун алгысы келди. - Аткарасыңбы?.. Аткарбайсыңбы, ачыгыңды айт!?. - Телефон менен ойнобой жүр. Азият сен сүйлөшпөгөн күндө да эгер звонок кетсе кайсыл шаардан экенин билип алмак. Алматыдан экенин билген соң номер аркылуу биз жаткан мейманкананы таптырмак. Жарым саатка жетпей экөөбүз Азияттын жигиттеринин астында бүрүшүп отурмакпыз. - дей чекеси менен моюндарынан аккан терди колу менен аарчый, креслого шалдырай отура кетти. "Жарым саатта кармалмакпыз" дегенди укканда, Фаризаттын жүрөгү да болк дей түштү. Ошондо да сыр бербей: - Эгер сен мен айтканды так аткарбасаң, мен Азиятка колго түшүп берүүгө даярмын. Мени Саид алдады, коркутту дейм... - Фаризат баланын сөзүн сүйлөгөнүңдү токтотчу. Сенин сөзүңө эки кулагын делдейтип "Байкушум, сени коркутуп кор кылган тура" деп ишене калчу Азиятты ким ойлойсуң? Сага окшогон катынды мендейден бешөө келип да коркута албайт. Бул биринчиден. Экинчиден, Азиятка колго түшсөк экөөбүздүн тең көрөр кордугубуз да, кыйнообуз да бирдей. Азиат өзгөчө өзүн башка эркекке алмаштырган аялды аябайт. Сендей никелүү аялы эмес көңүлдөштөрү көзүнө чөп салса жан жерине темирди кыпкызыл кылып ысыттырып туруп салдырчу. "Балким, байкуш болуп бүжүрөсөм менин күнөөмдү кечпесин" деген оюңду көчүгүңдү арчыган кагазга ороп туруп сууга агыз. Экөөбүз кааласаң да, каалабасаң да бир кайыктабыз. Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Саиддин сөзүндө чындык бар эле. Азияттын каарынан кутулуу мүмкүн эмес экенин өзү деле билип турган. Эмне кыларын билбей колундагы пистолетин кайра колтугундагы кынына салды да: - Эгер сен эс-учуңду билбей ушинтип алкаштарча оонап ичип жата берсең, бүгүн болбосо да эртең сөзсүз Азияттын колуна түшөрүбүз бышык, - деди үнүн пас чыгарып. Саид сүлгү менен терин кайра-кайра сүрүп үн деген жок. Аңгыча эшик кагылып догдур келип калды. Фаризат Саидди карады эле Саид үнсүз ордунан туруп, жатуучу бөлмөгө басты. Акыры жеңиш өзү тарапта экенине Фаризаттын көңүлү көтөрүлө түштү. Мына ушул окуядан кийин Фаризат Саидди арактан алысыраак кармоого тырыша баштады. Арак ичпесе Саид колдон суурулган эпчил, шайыр жигит болуп чыга келет. Экөө Алматыда көпкө кармалбай Иркутскиге өтүштү. Андан Улан-Удэге бир айга чукул туруп калышты. Иркутскиден өтө эле көзгө урунду боло берген "жипти" сатып жиберишти да жөнөкөй жаңы "Нива" сатып алышты. Улан-Удэден Саид экөөнө дагы эки документ тапты. Жаңы документтер боюнча Саид монгол, Фаризат хакаска болуп, аттары да өзгөрдү. Улан-Удэден Монголияга Москвадагы тери иштетүүчү эки башка фирманын өкүлдөрү катары өтүштү. Бүт документтер ойдогудай кынтыксыз толтурулгандыктан, бажыканадан кыйынчылык деле болбоду. Иш Монголияда Улан-Батордо жүргөндө татаалдашып кетти. Ири өлчөмдөгү доллар салынган чакан кутуну көп учурда Фаризат өз буюмдарына кошуп кармачу. Бир күнү Саид "экөөбүз чогуу көп болсок көзгө көп урунабыз ошондуктан, мезгил-мезгили менен жердеш катары гана жолугалы. Эки бөлөк мейманканада жаталы. Ошондуктан акчаны жана баалуу буюмдарды экиге бөлүп, ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүүнү өзүбүз алып жүрөлү" - деди. Алгач Фаризат эмне айтаарын билбей аптыга түшсө да сыр бербеди. Ага Саид аны Монголияга таштап коюп куйругун түйүп качуучудай туюлду. Кичине ойлонгондон кийин: - Акчаны гана бөлөбүз. Ал эми баалуу буюмдар жөнүндө эсиңе да алба -деди. - Эмне үчүн. Баарын ортого коюп бөлөлү да? - деди Саид кызараңдай. - Баса, эмне үчүн? Сен эмне өзүңчө качайын деп турасыңбы? Андай болсо ачыгыңды айт?! - деди Фаризат маселени кабыргасынан коюп. Саид жооп таба албай кайсаңдай түштү да: - Мейли, азырынча акчаны тең бөлөлү. Бирок, баалуу буюмдар да экөөбүзгө тең тиешелүү экенин унутушпайлы - деди Фаризатты көздөрүн жүлжүйтө тиктеп. Фаризаттын мына ушул күнү жүрөгүнө муз тоңо түштү. Буга чейин Саиддин артынан калбай киринен бери жууп, бүт иштерине кийлигишип, болгон акылын айтып, бир күн бөлүнсө санаа тартып жоктоп, кадимкидей аялдык сезими менен күйөө тутуп калган эле. Көрсө, бул оңбогон селсаяк жолбундун көөнү башкада тура. Чырды ырбатпаш үчүн үн деген жок. Тескерисинче жашы кыркты таягыча бойдок жашаган Саид акыркы айларда Фаризаттын басса-турса тескөөсүнөн тажап кеткен эле. Өзгөчө Улан-Баторго келгенден бери монголдун келишкен сулуу, жаш, арзан кыздарынан көзү өтүп өлүп жүргөн. Чөнтөгү толо акчасы туруп көлөкөдөй ээрчиген Фаризаттын кесепетинен бир чардай албай бук да болуп кеткен. Фаризат болгон акчаны алып чыкты да экиге бөлүп туруп бир бөлүгүн кайра катып койду да экинчи бөлүгүн дагы экиге бөлдү. - Эмне эле кылып жатасың?! - деди алаңдаган Саид. - Экөөбүз өмүр бою ушул моңголдордун малынын терисин жыйнап өтпөсөк керек. Эртедир-кечтир бул каргыш алган жерден кетербиз. Ошондо тигини бөлүшөбүз - деди жай гана. Саид кекечтене түштү да, чырды көбөйтпөйүн дегенсип үн дебеди. Анын үстүнө берки бөлүнгөн акча деле мындан аркы жашоосуна жетчүдөй туюлуп кетти. Саиддин астында миллионго чукул жашыл долларлар пачкасы менен жаткан эле. Чекеси чыпылдап тердеген Саид кантээрин билбей кайсактай түшкөндө, Фаризат чакан дипломатты сунду да: - Ме, ушуга салып ал. Бир эскертээрим акча суу, азыр бар да эртең жок, сак бол, - деди. - Мен сага жаш баламынбы..,- деп күңкүлдөдү Саид. Ушул эле күнү Саид Улан-Батордон көп анча алыс эмес, чакан шаарчадагы мейманканага чыгып кетти. Ансыз да жүрөгү муздап, Саидден толук түңүлгөн Фаризат ичинен "Бул аңгиден кутулуунун жолун табыш керек" деп чечти. Мына ошол күндөн арадан эки ай өткүчө Саид менен сүйлөшө албады. Же ордунан таппайт. Же мас. Фаризат өзүнө чакан жеке мейманкана таап алып, ошондо жашап жүрдү. Күндөрдүн биринде Гонконгтон келген бизнесмендер менен ресторанда отурса, ошолордун бири Фаризатты өзүнчө чакырып, Саид жөнүндө кеп куруп калды. Көрсө, Саид мас болуп алып Фаризатты "Менин конкурентим. Мунун көзүн тазалаш керек, же Монголиядан кууш керек" - дептир. Саид экөө бири-бири жөнүндө деги эле сөз кылбоо жөнүндө убадалашкан. Балким, Саид мастык менен айткандыр. Ошондо да иш жаман жагына айланып баратканын Фаризаттын аялдык жүрөгү сезип турду. "Гонконгдук бизнесменмин" деген кореец бизнесменге караганда кылмышкерге көбүрөөк окшоп турган эле. Фаризат ага жайпактап жабышып, сырын дагы тереңирээк тартууга аракеттенди. Кореец менен бир жумага чогуу жашагандан кийин Фаризат Саид жөнүндө дагы жакшыраак билди. Кейпи, Саид Фаризатты кимдир бирөөлөр аркылуу коркуттуруп, анан өзү ортого түшүп "Менсиз сени ушинтип тебелеп кетишет" деп коркутуп алгысы келсе керек. Бир билгени экөөнүн ортосундагы ири суммадагы байлык жөнүндө айтпаптыр. Ишти көпкө созбой Фаризат өзү Саидге телефон чалды да, шаардын борборундагы чакан кафеден жолугушууга чакырды. Кафеге шаардын көчөдөгү сойкуларындай кийинип барды. Саиддин көзү алгач Фаризатты көргөндө чакчайып кетти. "Чын эле сенсиңби? Ушинтип калдыңбы?" - дегенсип. - Тынчтан. Мен атайлап көзгө байкалбайын деп ушундай кийинип келдим, -деди Саидди жайгарып. Саид алгач деги эле ичпей жүргөн немече ичкиликтен баш тартты. Фаризат: - Кой. Экөөбүз канчадан бери жолугуша элекпиз. Кичине алып отур, -дегенде гана кыйналгансып макул болду. Экөө караңгыраак бурчтагы өзүнчө бөлмөдө отурушту. Арадан бир жарым саат өтпөй Фаризат жалгыз чыгып кетти. Түн ортосу оой "мас болсо ойготоюн" деген официант "Саид өлүп калыптыр" деп билдирди. Жанынан бир да документ табылбагандыктан, моргко таштап коюшту. Судмедэксперт болсо, катуу уулануудан жүрөгү токтоп калган. Кейпи, аракты көп ичсе керек" деген жыйынтык чыгарып койгондуктан, ишти кызыгып териштирген деле эч ким болгон жок. Официант "бир сойку менен отурган" дегенден башканы айта албады. Фаризат ушул эле күнү эркекче кийинип алып Саиддин мейманканадагы бөлмөсүнө барып тиешелүү документтер менен калган акчаны алып чыгып кетти. Мейманкана катардагы карапайым кирген-чыккан киши көп мейманканалардын бири болгондуктан, эркекче кийинген Фаризаттын бөлөк бөлмөгө кирип чыкканын байкашпады. Мунун баарын Фаризат астына ала аябай кылдат пландап чыгып жасады. Жанында документи жок Саид ким экени белгисиз боюнча кала берди. "Анын аты-жөнү белгилүү болгуча мен бул өлкөдөн чыгып кетем" деп ойлогон. Күтүүсүздөн өзүн капканга салып алганын билбеди. Арадан үч күн өткөндөн кийин баягы "бизнесменмин!" деген кореец келди да түз эле: - Сенин Саид досуңду уулантып өлтүрүшүптүр го, уктуңбу? - деди. Анткени, жергиликтүү кечки газетага "ууланып өлгөн белгисиз адам жөнүндө аты-жөнүн билгендер болсо кабарлашкыла" деп Саид сүрөтү менен чыккан эле. Бакыйып даана тартылган Саидди көргөндө Фаризаттын жүрөгү кабынан ыргып кете сактаган. Кантсе да аялдык кылып кореецтен да оңдуу жооп айтып кутулуп кете албады. - Жок уккан жокмун. Балким калптыр. Анын кимге кереги бар дейсиң ,-деди сөздү башкага буруп. - Жок, так өзү. Мен даана тааныдым деди да кореец чөнтөгүнөн газетаны сууруп чыкты. - Гэсэр-Хан бекен?! (Саиддин монголчо аты) Фаризаттын көзүнө такады. - Ошол. Байкуш Гэсэр-Хан. Так эле өзү, - деди Фаризат биринчи көргөнсүп. - Сен милицияга барышың керек. Барып ким экенин, эмне иш кылганын бүт айтып бер. Эгер өзүңдү жаман сезип турсаң чогуу баралы, - деди кореец. Фаризат алдастай түштү. Милицияга баруу деген өзүн кармап берүү болчу. - Менин милиция менен эмне ишим бар. Ансыз да башка ишим чачтан көп. Аларга жөн гана убактым коройт. Сен деле аларды билесиң да. Болбогон нерселерди сурап башты оорутушат, - деди кореецке жалдырай карап. - Жок. Болбойт. Барышың керек,- деди кореец көгөрүп. Фаризаттын айласы кетип турду. Нечен жолу колтугундагы оозуна глушитель тагылган пистолетин шарт сууруп чыгып оңбогон кореецти торойто аткысы келди. "Балким, бул мага кеткенин бирөөлөргө айтып койгон болсо кантем" деп ойлоду. Анын оюн окугансып кореец да: - Мен сага жолугушканы кеткенимди досторума айтып кеткем. Алар азыр күтүшпөйт деле - үч сааттан кийин жолукмакпыз. Биз ага чейин милицияга кирип чыккыча үлгүрөбүз. Менин машинам бар,- деди. Айласы кеткен Фаризат: - Эмне эле милиция... милиция деп калгансың, андан көрө кел үч саат бою пайдалуу иш кылалы, - деп чайпала басып келди да тигинин моюнуна колдорун артып балтырын буттарынын ортосуна сойлотту. - Сен эмне монголдордун милициясынан чоочуп турасыңбы? Балким, картаны ачык ойнобойлубу? - деди кореец Фаризаттын колдорун мойнунан ала. Өзүнөн четтете секин түрттү. - Монголуңдун милициясын уруп да ойнобойм. Менин артымда күчтүү фирмам бар. Болгону убакыт гана короткум келбейт. Гэсэр-Хан алкаш болчу. Кайдагы бир алкаш үчүн мен эмне үчүн убактымды коротушум керек. Фаризат акыркы ирет чабуул коюп көрдү. - Болуптур анда. Мен Гэсэр-Ханды таанычу элем. Адам катары милицияга барып анын ким экенин. Эмне иш кылганын өзүм айтайын. Балким, мага чейин деле тааныгандар барып айтышкан болуш керек. Ошондо да мен өз карызымдан кутулуп койгонум оң. Кореец бурулуп кетүүгө камынды. Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Колу колтугундагы кичинекей пистолетине жабыша түштү. Кайра бул кореецти атып салуу ишти мындан да татаалдаштырып жиберээрин туюп, аргасыз сөзгө келди. - Токто. Өзүң айткандай картаны ачык ойнойлу. Кореец шарт кайра бурулду. - Кел мындай отуруп жай сүйлөшөлү. Арыта турган диван креслону көрсөттү. Кореец үнсүз басып келип креслого отурду, да жанынан сигарет сууруп чыгып бирин Фаризатка сунду. Фаризат сигаретти тутандырып каршыдагы креслого отура кетти да, үнсүз кичинеге отуруп калды. - Балким, силердин ич ара ар кандай ишиңер болгондур. Анда менин ишим жок. Болгону менин оозумду баскыдай сумманы төлөшүң керек. Дагы бир айтаарым мага төлөөрүң менен бул жерден кетпесең мага окшогондор көбөйүп кетиши да мүмкүн - деди кореец бейкапар. Фаризат тигиге болгон жек көрүүсүн ичине сактап: - Гэсэр-Хандын өлүмүнө чынында эле менин тиешем жок. Ошондо да милиция текшере баштаса, айрым бир мен каалабаган нерселерди чукушу мүмкүн. Ошондуктан ачык сүйлөшөлү. Бул жерде сага төлөгүдөй менде ири сумма жок, бирок, Гонконгдогу банкта менин счетум бар. Сен мени Гонконгго өткөрүп кете аласыңбы? - деди. Кореец тигини тиктеп калды. - Счетуңда канча акчаң бар? Кайсыл банкта? - Ал жеке счет. Канча акча экени менин сырым болсун. - Барганда эч нерсең жок болсочу. - Гонконгдун полициясына тапшырып кой. - Э-эй. Өзүмдү кошуппу? - Анда кул кыл. Кыскасы кайда качат элем. Колуңдамын да. Кореец дагы кичинеге ойлонуп калды да: - Менин аппетитим чоң. Маселен бул жерден 20 миң доллар бермексиң. Гонконгко барганда ал үч эсе көбөйөт 60 миң болот. - Болуптур, мени Гонконгко бүт документеримди тууралап алып барсаң 100 миң берем. Келиштикпи? Кореецтин оозу ачыла түштү. - Тамаша эмеспи?.. - Кайдагы тамаша. Башынан макулдашып алалы. Баргандан кийин мен сага 100 миң берем. Болду. Колу-жолум бош. Өз жашоомду өзүм өткөрөм. Мен сени - сен мени тааныбайсың, келиштикпи? Кореец ордунан тура калды да: - Келиштик - деди кол суна. Экөө кол алышты. Кореец жөнөөгө камынып жатып - Балким секстин кызыгына батсак кантет, - деди Фаризаттын аппак балтырларын карай. - Жок. Менин ыкшоом келбей калды, башка учурда, - деди Фаризат токтоо. - Колтугуңдагы пистолетти абайлап урун, - деди да кореец чыгып кетти. Фаризат бир бозоруп, бир кызарып кала берди. Бул кореец эл аралык деңгээлдеги чоң аферисттерден экенин, Фаризатты жөн гана оюнчук кылып колго түшүрүп алганын Фаризат билбеди. Эгер Фаризат "милицияга барам, ал сени да таанычу эмес беле. Чогуу баралы" дегенде көчүгүн беш жеринен кысып, Фаризатка "мен жөнүндө айтпа" деп өзү жалдырамак. Ал түгүл чындыгы Фаризат милицияга бардыбы? Эгер барса ал жөнүндө айттыбы? Жөн гана билгени келген. Иш тескери айланды. Фаризат өзүнөн-өзү келип тузакка түшүп берди. Асмандан түшкөн мындай олжого кореец ишенер-ишенбесин билбей баратты. Фаризатты Гонконгго өткөрүп кетиш кореец үчүн кеп эмес болчу. Маселе чын эле Фаризаттын акчасы бар-жогунда. Фаризаттын күн-түнү уйку көрбөй ойлогону "кореец менен Гонконгко кетем деп туура кадам жасадымбы?" деген кыжаалатчылык болду. Саиддин арагына билгизбей уу салып жайлаганда "Менин бул кыңыр ишим эч кимге билинбейт" деп нечен таразалаган. Минтип арадан үч күн өтпөй кайдагы бир каңгып жүргөн кореецтин колуна түшөм деп ойлогон эмес. Деги эле "балким колго түшүп калуум мүмкүн" деп астына ала иштеп чыккан шектүү жагдайлардын биринде да кореецти эскербептир. Чет өлкөлүк "монголдордун ички ишине кийлигишпейт да болуш керек" деп маани бербептир да. Мына соккуну күтүүсүз жактан алып отурат. Саид мурда "Гонконгко өтүп кетели" деген Фаризаттын акылына көнбөй койгон. "Тайванга же Филиппин аралдарына кетебиз. Мен ылайыктуу документ даярдайм" деген. Саиддин көзүн тазалоодон мурун Фаризат Гонконг жөнүндө ойлогон да эмес. Саиддин өлгөнүн изилдөөчүлөр тынчыгыча эки-үч жумача кармала туруп анан кайра Улан-Удэге өтүүнү пландаган. Мурда ал шаарда жүргөндө жашы элүүлөрдөн өтүп калган бизнесмен япон менен таанышкан эле. Англисче мыкты сүйлөгөн япон экөө анча-мынча сырдаш да болуп калышкан. Ал японго Саидди "күйөөм" деп тааныштыргандыктан чектен чыга алган эмес. Фаризатка сугу түшкөн япон болсо "Эгер Азиянын сендей сулуусу менен бир эле түн бирге болсом, бул дүйнөдө армансыз жашадым деп өтмөкмүн, чиркин" деп эзиле карап, ал түгүл япондордун акындарынын ырларынан да жатка айтып жиберген болчу. Фаризат кайра бараары менен японду таап, Саидди авто кырсыктан каза тапты деп кара кийип, кайгыга баткан киши болуп көрүнгүсү, эптеп ошол япондун аркасы менен Японияга же Гонконгко өткүсү келген. Фаризаттын Гонконг... Гонконг... деп эле ак эткенден так этип калганынын да себеби бар болчу. Гонконгдо англис тилинде сүйлөгөн адам өз мекенинде жүргөндөй эркин жүрсө болот. Азият экөө жаңы баш кошкондо алгачкы саякатты Гонконгдон башташкан. Ошондо эсинен чыккыс болуп калган. Кореец эртеси телефон чалып Фаризатты түштөнүүгө ресторанга чакырды. Экөө чакан ресторанда жолугушту. Тамак ичкендер жокко эсе экен. Тейлеген официанттар чала-була орусча сүйлөшкөнү болбосо, англисче ныпым түшүнүшпөйт. Кореец экөө бейкапар англисче сүйлөшүп отурушту. Кореец Фаризаттын аржагына да чыгып, бержагына да чыгып Гонконгдун кайсыл банкында акчасы бар экенин айттыра албай кыйналды. Фаризат да эми ар бир сөзүнө сак болуп калган болчу. Эгер акча, баалуу буюмдар жанында экенин бирөө-жарым эле билип калса башы топудай ыргыырына көзү жетип калган. Кореец айласы кеткенде "Сенин ал жакта акча эмес таш балакетиң да жок болуш керек. Сойкулук кылган күнүңдө да менден кутула албайсың. Сойкулар Гонконгдо сенсиз да жетиштүү" дегенге чейин барды. Мындай басынтууга чыдамы кете түшкөн Фаризат: - Жетишет. Сөз бүттү. Мен Улан-Удэге барып кайра келем да, оозуңду басканыңа деп сага беш миң доллар берем. Жок буга макул болбосоң монголдун милициясына айтсаң айта бер. Мен бүгүн түндөп болсо да Орусияга өтөм. Ал жактан менин фирмам мени чекеме да черттирбейт. Сени менен Гонконгко кетем деп жаткан себебим чынымды айтсам Гэсэр-Хандын өлүмүндө эмес, менин айрым бир таза эмес жолдор аркылуу Гонконгдогу банкка которулган акчам бар ошону алып келүү үчүн барышым керек болчу. Сен мени кылмышкер же сойку катары көрө баштадың, -деп ордунан тура жөнөгөндө, өзүнүн ашыкча кетип калганын сезе түшкөн кореец колун көкүрөгүнө алып кайта-кайта кечирим сурап жиберди. - Кечирип кой Фаризат айым. Мен ашыкча сүйлөп койдум. Күнөөмдү мойнума алам. Бир чети ким да болбосун "чет өлкөнүн банкында акчам бар" деген куру сөзгө ишенбейт. Эгер банкыңдын атын, дарегин айтсаң бир жөн. Азыр заман өзү ушундай болуп калды. Адамдын адамга ишениши кыйын болуп калды, - деп божурап жиберди. Мына ушундай тирешүүдөн кийин гана кореец чыныгы ишке өттү. Эгер Фаризат Орусияга өтүп кетсе кореец аны колдон чыгараарын түшүндү. Фаризат кайрылып өмүрү келмек эмес. Эки кулагыңды кандай көрбөсөң Фаризатты да экинчи так ошондой көрмөк эмессиң. "Чын эле жүз миң долларлуу боломбу" деп түндөтөн берки делпилдеген таттуу кыялын аз жерден талкалап ала сактаганына өзүнө-өзү да кыжыры келе түштү. Акыры кореец да өзүнүн чыныгы бизнесинин четин чыгарууга аргасыз болду. Көрсө, Монголиянын чакан шаарларын кыдырып монголдун келишкен сулуу кыздарын таап, Гонконгко сойкулукка тымызын жөнөтүп турат экен. Монголдун өзүндө эле туристтик фирма деп каттоодон өткөн монголдор жетектеген фирма аркылуу иштешет экен. Фаризатты так ошол фирма аркылуу алып кетише турган болду. Фирма бир самолетту жеке өздөрү жалдап алгандыктан, аябай деле текшерүүгө алынбайт экен. Азыр бир группа кыздар даяр болуптур. Шашылыш Фаризатка "монгол кызы" деген документ даярдай турган болду. Ичинен сойкулар менен сойку катары барууга ынабай турса да Фаризат аргасыз макул болду. Ошондо да баштагы айткан талабын кайталады. "Гонконгко жеткенде, сен мага "Гонконгдун гражданы" деген документ алууга жардамдашасың. Мен сага айтылган акчаны берем. Андан кийин бири-бирибизди тааныбайбыз",- деген. - Так ошондой болот... Так ошондой болот, - деп кореец жыпылдап калды. Кантсе да Фаризат үндү катуу чыгарса бүжүрөп коркуп калчу катардагы катындардан эмес экенин билип, аяр мамиле жасай баштаган. Туюу сезими күчтүү, ар нерсеге сак Фаризат кийинки күнү эле өзүн, бирөөлөр баскан изине чөп салып, аңдыганын байкады. Алгач Монголиянын милициясыбы деп коркту. Санаасы санга бөлүнүп, "Балким Азияттын шимшүүрлөрү изиме түштүбү?" деген ой да жүрөгүн эзип жатты. Бир гана "бул катын жылт коюп качып кетпесин" деп кайтартууга алдырган кореец жөнүндө ойлободу. Өзүн-өзү кармай албай, акылдашаар кишиси жок, оңдуу акылга салып иштин жайын ойлоого да жарабай калды. Мына ошондо Саидди эстеди. "Бекер жайлаган экенмин. Жалгыздын иши жалгыз тура" - деди. Андан көрө "Эмне деп мен жөнүндө кеп таратып жүрөсүң? Акыл эсиң ордундабы? Арак менен жалаптарга баарын сатып жибересиңби? Ушунчаңда эсиңе келсеңчи!" деп ачык сүйлөшсө болмок экен да. Алматыдагыча коркутуп-үркүтүп болсо да эсине келтирип, чет мамлекеттердин бирине өтүп, туруктуу жашоого өткөндө деле көзүн тазалоого үлгүрөт эле го. Эми эрдин тиштеп өкүндү. Өзүн канчалык акылдуу сезип, "Бул ишти минтип, тигини тигинтип бүтүрө салам" дегени менен ойлогонундай болбой улам жаңылыш кадам жасаганына жүдөй да түштү. Мына ушундай маалда ички бугун бирөөгө айтпай кое да албайт болчу. Жаңы документтердин иши боюнча келген кореецке: - Менин аркамдан бирөөлөр эки күндөн бери баскан изиме чөп салып, аңдууга алууда. Кимдер, эмне максат менен экенин билбейм. Деги качан бул каргыш алган өлкөдөн кетебиз, - деп жиберди. Өңү купкуу болуп, муундары калчылдаган Фаризатты теше тиктеген кореец дагы оюн куруп көргүсү келди. - Аңдып дейсиңби?.. Кудай сакта... Анда мен кийинчерээк келейин... Жок туурасы телефон чалып бир жерден жолугушууну сүйлөшөлү - деп ордунан тура жөнөдү. Тим эле көздөрүн алаңдатып коркуп кеткенсиди. Фаризат бакырып жибере сактады. - Мени таштайын деп турасыңбы?.. Сен каякка?.. Мен сенден өзүмдү да аяган жокмун го. Мен сойку эмесмин. Мен билсең... билсең кол жеткис... кол жеткис аялдарданмын... Ички сезиминде бирөө "эсиңе кел" деп кыйкырып жибергенсиди. Көзүнөн он талаа болуп куюлган жашты аарчый "мен кимге сырымды айткан жатам" деп ойлоду. Сестейе түштү. Эгер кореец коркуп "кетем" десе, азыр бутун кучактап жыгылса да, бүт байлыгын астына чачса да карабай качат. Анткени, кылмышы тоодой. Адамга алгач жан керек. Анан акча, дүйнө керек. Ушуга акылы жетпей калдыбы. - Жок... жоок... таштабайм... мен өз кишилерим аркылуу иштин жайын билейинчи. Кореец эшикке бет алды. Фаризаттын аялдык долулугу кармай түштү. - Жок. Кишилериңе кайрылып убара болбой эле кой. Башка келгенди көрөм. Мага илээшип өзүң колго түшпө. Андан көрө кош бол. Жардам берүүгө аракет кылганыңа рахмат. Мен эми калган ишти өзүм бүтүрөм. Бара бер. Иштин мынчалык тез өзгөрүп кетээрин кореец күткөн эмес. Сустайа түшкөн Фаризатты бир тиктеп алып "Мен буга артист болбой эле, бул мага артист болуп башымды чагып жаткан болбосун. Балким, детектив жалдап аңдыгандар кимдер? Кимдин тапшырмасын аткарып жүрөт билип алсачы? Балким, бул катын коопсуздук комитетинде иштеген неме болуп шорумду шорподой кайнатпайбы?" деген миң сан ой башын чагып өттү. Эми эле бүжүрөп айласы куруп бырылдап ыйлаган аял кайра мисирейип "кош бол" деп турушуна ишенип-ишене албай делдейди. "Аялды түшүнүп болбойт" деген ушубу деп күбүрөнүп да алды. Же чыгып кете албай, же кала албай чайналды. Советтик системада тарбияланган аңкоо адамдарды "Сокур ит бок жалагыча" алдап жүрүп, жедеп өзүнө-өзү ишенип калган аферист Фаризатка түшүнө албай, мээси дуулдап ысып чыкты. Аргасыз кайра артка басты. - Фаризат, кечирип кой. Чын айтам. Алгач сенин кейпиңди көрүп коркуп кеттим. Азыр сен кайраттансаң мен да өзүмө келе түштүм. Кантсе да эркекмин го. Эркектик сөзүмдү бердим эле. Сени таштабай ала кетем. Бүт документ даяр. Түнкү саат 1де учабыз. 11де бөлмөңдүн жарыгын өчүрбөй эркекче кийинип чыгып кет. Мейманкананын сол жагындагы көчөдөн кызыл "Жигули" маркасындагы машина күтөт. Дасыккан шоферлор. Артыңдан куугун болсо оңой эле жазгырып коюшат. Аэропортто болсо өз кишилер. Кантип кирип самолетко отуруп калганыңды да билбейсиң. Болгону жолдон чачыңды жазып кайра өз кейпиңе кел, - деди жылмая карап. Кореецти теше тиктеген Фаризат эмне дээрин билбей туруп калды. Ичинен бирөө "Укпа! Кош де! Бул шүмшүктөн ушунчаңда кутул!" деп жатты. Сыртынан кореецтин таштап чыгып кетпей кайра кайрылганына кубана түштү. Басып келип кучактап оозунан өптү да акырын: - Рахмат. Сенин мени таштабасыңды билгем, - деди. Жеңилдене дем алды. Үстүнөн бирөө оор жүк ала койгондой болду. Эптеп Гонконгко жетип алса, калганын көрөт. Мына ушул сокур үмүт жетелеп, алтынчы туюмдагы акылды өчүрүп кореецти дагы ээрчиди. Калганы тим эле кинодогудай өттү. Айтылгандай саат 11де мейманканадан таанылгыс болуп кийинип чыгып айтылган жердеги "Жигулиге" отуруп зуу койгондо кичине өтпөй астыда отургандардын бири "Артыбызда аңдуучу бар" деп калды. Шофер караңгы көчөлөр менен зуулдатып айдап, биртоп айлампа жасагандан кийин гана аэропортко барды. Самолет качан абага көтөрүлгүчө Фаризат жанын оозуна тиштеп отурду. Кореец тигил шоферлорго атайлап тапшырма бергенин кайдан билсин. Акыркы күндөрдө ушунчалык чарчагандыктан кантип уктап кеткенин да билбеди. ххх - Рыжый, кара муну, - деп өзүнчө кыжынган Азият иш бөлмөсүнө кирип, компьютерге отуруп кандай иштей баштаганын да байкабай калды. Фаризат Саид менен качып кеткенден бери ушул бөлмө көзүнө суук көрүнүп, киргиси келчү эмес. Бүгүн болсо компьютериндеги архивин ачып "Рыжый Болоттун" досьесин издеп жатты. Тим эле колдору лыпылдап ишти сагынып калган экен. "Рыжыйды" бат эле тапты. "Ого, сен да көркоо карышкырлардан экенсиң го" деди экрандан чуурган досьени окуп жатып. Экрандагы кыска досьенин ичинде өзүнчө узун тагдыр жаткан. Азият анын негизин билген менен көбүн билчү эмес. Бул "Рыжый" 45 жаштык өмүрүнүн 20 жылга жакынын баягы СССР империясынын аймагындагы түрмөлөрдө өткөргөн белгилүү кылмышкерлерден. Биринчи, 14 жашында "сабайм" дешкен өзүнөн 2 жаш улуу 3 баланы бычактаган. Алардын экөө оор жаракат алып аман калып, бирөө мүрт өлгөн. Ошентип, алты жылга эркинен ажыраган чыканактай арык, сары, мышмыйган бала кийин жашы жеткенде чоңдордун колониясына которулат. Ошентип, алты жылын өтөп бүтүп калганда, колонияда чыр чыгып, катышуучу катары күнөөсүз жерден дагы үч жылды кошуп алат. Зектердин тили менен айтканда "Биринчи конгуроодон акыркысына чейин" так отуруп чыгып келсе, жалгыз чоң энеси эчак кайтыш болуптур. Өз энеси болсо күйөөсү согушка кеткенден кийин эле баласын кайненесине таштап кете берген экен. Ошол бойдон кайда экенин да, атын да укпады. Таалайына атасы да согуштан кайтпай калды. Канткен менен Сарыгулду чоң энеси колунан келишинче эч нерседен кем кылбай бакты. (Кийин- кийин гана Рыжый Болотко айланган. Төрөлгөндөгү асан чакырылып коюлган аты Сарыгул болгон) Өзү да тууган уругунун арасында, айылда кадыр-барктуу кемпир эле. Сарыгулду "Ата-энеси жок жетимдей кылбай өстүрөйүн. Жалтак өспөсүн. Күнкор өспөсүн" деп жүрүп ашыкча эрке да кылып койду. Мектепке жашы жеткенде жергиликтүү элге билим берүү бөлүмү кемпирди көндүрүп, баланы шаардагы жетимдердин, малчылардын, турмуш шарттары оорлордун балдары окуган интернатка жиберишти. Шаарда орусча окуп, айылга барса кыргызча сүйлөп, кичинесинен чыйрак өстү.Мектепти деле жаман окубады, жалаң беш болбосо да "ударник" деген аттан түшкөн жок. Тентектиги да биртоп болчу. Сарыгулдун жайкы каникулда айылга келишин өзү теңдүү курбулары чыдамсыздык менен күтөөр эле. Сарыгул келгенден кайра күздө окууга кеткенче кемпирдин үйүнөн опур-топур балдар кетпей, базарга айланчу. Топ эле аттуу болсо бардык оюндун түрлөрүн волейбол, баскетбол, футбол ойной берчү, айыл балдары. Бул топ футболдуку, бул баскетболдуку, бул болсо волейболдуку дегенди Сарыгулдан үйрөнүшчү. Ал түгүл Сарыгул айылга түрлүү тукумдагы иттердин күчүктөрүнүн түрлөрүн да апкелип уу-дуу кылчу. Керек болсо ал иттердин тукумдары арадан 30-35 жыл өткөн бүгүнкү күнгө чейин да айылда үзүлө элек. Бүт өмүрүн кылмышкерлердин турмушуна буруп кеткен ошол каргашалуу күнү Сарыгул райборборго барган. Айылы райборборго жакын тургандыктан жөө эле барышкан. Себеби, Сарыгул айылга келээри менен курбуларынын "Райборбордун балдары күн көрсөтпөс болду. Барсак эле кармап алып сабашат. Чөнтөгүбүздөгү болгонду тонойт. Ал түгүл түзүгүрөөк кийимибизден бери чечип алышат" деген арызды укту. Биринчи кезекте райборбордун балдарын тарбиялап, өзүнүн кадыр-баркын мурдагыдан да дүңгүрөтүп жогору көтөрүш үчүн жөнөп жүрбөйбү. Анын үстүнө республикада өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча өткөн чемпионатта чемпион болуп көкүрөгү шамалдап турган. Орто бойлуу, арык болгону менен шамдагайлыгы илбирстей ийкем болчу. Сарыгулдун "эрдигин" көрөбүз деген он чакты жүрөктүүрөк айылдашы кошо ээрчип алышты. Көбү "Сарыгулуң ким болуп кетиптир, райборбордун балдары жаман. Барыбир төпөштөп коөт" дешип барышпады. Айылдан келгендерди "секиртебиз" деген райборбордун балдарын Сарыгул бат эле тапты да баарын паркка чакырды. (Ал кезде өспүрүмдөрдүн "разборкалары" көбүнчөсүн парктын калың бактуу бурчтарында өтчү.) Мындайда балдар күттүрбөйт эмеспи бат эле чогулушту. Кантсе да жергиликтүүлүк кылып райборбордун балдары 20дан ашып кетти. Мындай үрөй учурган көрүнүштү көргөндө Сарыгулду ээрчип келген он чакты баланын көбү "пыр" коюп качып кетип өзүн кошпогондо 4 гана бала менен калың топту каршы алды. Райборбордун балдарынын көбү Сарыгул жөнүндө угуп жүрүшкөн. Ошондо да көптүгүнө салышып "койкоңдогон шаардык короозду ордуна отургузуп коелу" дешип ишенимдүү келишти. Сарыгул бир гана талапты койду. Ортого чыгып: - Балдар менин бир гана сөзүм бар. Мындан ары бири-бирибизге тийишпей тынч жашайлы. Силер менин айлымдан келген балдардын бирине да тийбегиле. Мындан ары ынтымактуу бололу. Ушуну гана айткым келет, -деди өзүн колунан келишинче токтоо кармап. Бирок, жүрөгү лакылдап, денеси чымырап бир нерсени сезип турду. Шаардагы интернатта мындай "разборкалар" көп болот. Нечен катышып жүргөндүктөн тигилердин көптүгүнөн деле жүрөксүбөдү. Катуу кыйкырып жиберсе, бири калбай "пыр" коюп качышы да мүмкүн. Эгер алсыз жагын көрсөтсө, коендун тарпындай тытып кетүүлөрү да мүмкүн. - Сен кимсиң анчалык? - деп колдурай сүйлөдү Сарыгулдай эки келген сөөк саактуусу. Муну "Кара дөө" деп коюшчу. Өгүздөй күчтүү болгондуктан ушундай атка конгон. - Эмне өзүңдү кыйын сезесиңби? Айтканыңа көнбөсөк кыларың эмне? - деп такылдады жүлжүк көз, кара шилбидей арык бала. Топураган балдардын бир даарлары себеп жок болсо деле каткыра күлүп жиберишти. - Эгер макул дебесеңер мага кимиң болсоң да бирме-бирге чыккыла. Ушу жерде тургандар бүт эркекмин десеңер бирме-бирге гана чыгышалы. Ким көптөгөнгө чакырса катын болсун. Келиштикпи. Эгер көптөйм десеңер эртең шаардан бир автобус бала алып келем да бирден кармайм. Анан да милицияга чуркамай жок, - деди үнүн өктөм чыгарып. Райборбордун балдары сестене түшүштү. Ошол мезгилде өспүрүмдөрдүн арасында бирме-бир чыгуу талабын бузбоо сакталчу. Жанагы күрсүйгөн "Кара дөө": - Ии-и макул. Талапты бузбайбыз бирме-бир чыгышабыз. Ким көптөсө, таяк жеп ата-энесине арызданып барса "катын" болсун, - деди колдурай. - Келиштик. Анда мага ким чыгат, - деп, Сарыгул ортого басты. Тигил жактан "Кара дөө" чыкты. Экөө бирин-бири айлана басып тоорушуп туруп "Баштадык" дешти да качырып сала беришти. "Кара дөө" бетке мелжеп муштум шилтеди эле шап колдон алган Сарыгул айландырып туруп дзюдонун ыкмасы менен эби жок немени ыргытканда, тигил бети менен көмөлөнүп түшүп, мурдунун үстү сыйрылып, оозунан да кан жая берди. Мындайды күтпөгөн неме ордунан бозала болуп тура калганда, карап турган балдар "Омий самбис экен" дешип дуу дей түшсө бир даарлары "Кара дөө эми өжөрлөндү. Жейт эми" дешип көкүтүп киришти. "Кара дөө" да бакыра: - Азыр мойнуңду жулам жилбик сары, - деп өкүрө качырып сала берди. Сарыгул тигинин күчү өзүнүкүнөн алда канча көп болгон менен кенедей эби жок экенин билип калган. Коркпой түз качырды да жакадан кармап туруп жата калып жөнөкөй эле ыкма менен башынан алыс ыргытты. Салмагы оор неме мешоктой чабылды. Бир колун баса жыгылган экен ордунан турбай "колум-колум" деп өкүрүп кирди. Шашпай басып барган Сарыгулдан жалтана башын катты эле: - Мен жаткандарга тийбейм. Эркек жаткандарды урбайт, - деди да колун кармалап көрүп: - Карууң чыгып кетиптир. Догдурга барсаң салып берет. Убада боюнча ата-энеге арызданмай жок - деди. "Кара дөө" колун кучактап, көзүнөн жашы чуура ордунан араң турду. - Кана дагы кимиң бирме-бир чыгасыңар, - деди Сарыгул үрөйлөрү учкан тигилерге карап. "Кара дөөнүн" кейпин көргөн немелердин эч кими чыга албады. Үнсүз кичинеге тунжурап турушту. - Анда ушундай. Мындан ары биздин айылдык балдардын бирине да тийбейсиңер. Ким тийсе өзүм сүйлөшөм, - деди да тигилер толук эстерине келгенче кетип калууну чечип - Биз кеттик деди да балдарын ээрчитип парктан чыгып кетти. Ошол жерде турган баягы тапан кара бала: - Ит болдук. Эртең бүт район угуп шылдың болобуз. Жүргүлө тез барып "Кара дөөнүн" байкесине айталы. Алар тигил Сарыны "жанчып" койсо экинчи сүйлөгүс болот, - деди да эч кимдин коштогон сөзүн укпай эле "зуу" коюп чуркап кетти. Сарыгулдар жеңиштерин майлап базар аралай кичине-кичинеден жемиш алып жешти да бир шишеден лимонад ичишти. Анан чөнтөктөрүн чемичкеге толтуруп жолго чыгышты. Өз ара сөздөрү бүтпөйт. - Оомий Сарыгул моминтип туруп ыргытты эле аюудай болуп оонап калды. Чимкириги мурдунан атып кетти, - десе. Бири: - Мен өз кулагым менен уктум. Экинчи жолу башынан алыс ыргытканда оңбой түштү. Ал түгүл "пап" дедирип осуруп ийди. Ит эле болду, - десе дуу күлүп калышат. - Колум-колум деп коет. Башын суурча катканычы дешип, -дагы дуу күлүшөт. Сарыгул жеңишке кубанып келберсип турса да "эртерээк айылга жетеличи" деп жүрөгү дикилдеп чуркап кете сактап араң баратты. Мына ошол күндөн кийин оңой жеткен жеңишке көп ишенбей артынан корко берүү өмүрлүк адатка айланды. Райборбордон узай электеринде эле арттарынан чаң чыгып калды. Көрсө, велосипед минген онго жакын чоң-чоң балдар келатышкан экен. - Качтык, кууп келатышат. Чоң балдар экен, - деп беркилердин бири чыркырап жиберди. - Качпагыла. Тигилер катындык кылышты. Биз эркекче тособуз. Даярдангыла, - деди да Сарыгул мурдатан даярдалган шымдын ички бетиндеги белге оролгон трос зымды сууруп чыкты. Мындай курал баарында бар болчу. - Бири-бириңерге аркаңардан коргоп, тегерек туруп согушкула. Кимиң качсаңар мындайда ошонуңар көп таяк жейсиңер, - деп буйрук берди. Дуулдаган тигилер бат эле жетип келишти. Астыда "Кара дөөнүн" байкеси экен. - Эй күчүктөр, азыр иним үчүн ар бириңдин шыйрагыңарды чагам, - деди ызырынып. - Токтогула, бул балдарда күнөө жок. Көптөшпөйлү. Улуу болсоңор да мени менен бирме-бир чыккыла. Иниң өзү бирме-бир чыккан. Катындык кылып арызданган тура, - деди Сарыгул. Тигилер Сарыгулдан 2-3 жаш улуу болсо да, "бирме-бир чыгабыз" дей алышпады. Кичинеге токтой калышты. Аңгыча бири: - Ушул күчүктөрдүн сөзүн угабызбы. Бирден кармап сабагыла, - деп кыйкырганда жалпы качырып сала беришти. Сарыгулдун балдары Сарыгул айткандай чогуу туруп урушпай туш тарапка "пыр" коюп кудай бутка кубат берсин деп качып жөнөштү. Сарыгул гана артын жол боюна өскөн терекке такап алып трос зым менен коргонуп, эч кимди жолотпой жатты. Көптөп тепкилеп киргенде: - Байкелер, байкелер... апаке... апаке, - деп бакырган дос балдарынын үндөрүн укканда Сарыгул өзүн жоготуп койду. Шымынын арткы чөнтөгүнөн кнопкасын басса "шарт" деп атып чыкчу узундугу карыш бычагын кандай сууруп чыкканын да билбей калды. Биринчи качырганы "Кара дөөнүн" агасы болду. Колго илинбеген шамдагай неме тигини жүрөк тушка бышып өткөндө, ал үн да чыгарууга жарабай сулк жыгылды. - Өлтүрдү, - деп бакырды бири. Экинчисине жетип шилтегенде бычак каруу этин жарып барып кабыргага сайылды. - Жинди экен качкыла, - деп бакырды бири. Үчүнчүсүн кууп жетип далыга урганда сулк жыгылды. Көрсө, коркконунан эси ооп калган экен. Кийин ооруканадан эсине келиптир. Кыйынсынып эми эле экөө-үчөлөп бирден кичине балдарды тепкилеп жаткан немелер велосипедине жеткени велосипед менен, жөөсү жөө кутурган иттен качкандай жанталаша качышты. Сарыгул кууп жетсе аямак эмес. Бирок, кууганга дарманы келбеди. Тигилер качканда эле "шалак" деп жерге отура кетти. Колунан бычагы да түшүп калды. Ар жерде сулап жаткан өлүктөрдү көргөндө, айылдаш балдары да качып жөнөштү. Сарыгул гана милиция келгиче ордунан жылбай отура берди. Таптакыр өзүн жоготуп койгон экен. Камакта жаткандан кийин бир жумада барып араң акылына келиптир. Кийин милициялар күлүп айтып жүрүштү. - Дагы бир жума дөөрүй турсаң болмок. Жиндиканага жөнөткөн жаттык эле, - дешип. Мына ушинтип күтүүсүз жерден эле өзүнүн ким экенин өзү да билгиси келбеген өзүн-өзү жек көрүп кеткенде, өчүн өзгөлөрдөн чыгарган. Кан ичээр, бирок, өмүр бою күндөрдүн бир күнүндө уктап ойгонсо эле кылмышкер эмес, таптаза, башкача адам болуп калчудай болгон таттуу үмүтү үзүлбөгөн пендеге айланды. ххх Азият "Рыжый Болоттун" досьесин окуп отуруп, "Кылмышкер Болот чынында Болот эмес бир кездеги өзүнүн мыкаачылыгы, куулугу, кара мүртөздүгү менен айырмаланган Сарыгул болушу толук мүмкүн. Мындай божомолго үч себеп бар: Биринчи: "Чолок карышкыр" аттуу өмүрүнүн 25 жылга жакынын түрмөдө өткөргөн кылмышкер чал "Мен мунун Болот экенине түк ишенбей турам. Бул кадимки "Ястреб" Сарыгулдун өзү. Мага ишенбесеңер катылып көргүлө. Бир тээп өпкөңөрдү оозуңардан чыгарат" деген. Айтканындай эле казактын жоош койчусу Болот түрмөгө түшкөнүнө жыл өтпөй "пахан" болгон. Жогоркудай сөздү "дөөрүгөнү" үчүн болуш керек, "Чолок карышкыр" асылып өлгөн. Экинчиси: Болоттун таржымалы карапайым айылда өскөн казак. Биринчи жолу түрмөгө бир кой уурдагандыгы үчүн түшкөн. Так ошондо ошол түрмөнүн "паханы" Сарыгул кылмышкерлер койгон аты "Ястреб" болгон. Сарыгул менен Болоттун окшоштугуна бүт кылмышкерлер таңданчу. Болгону бири чыйрак, бири жүдөө. Боштондукка Болот менен Сарыгул удаа чыгышкан. Андан кийин Сарыгулдун да, Болоттун да өмүрү жөнүндө 4 жыл кабар жок болуп барып, "бир "разборкада" Сарыгул өлүптүр" деген кеп чыккан. Официалдуу түрдө өлгөнүн жана так Сарыгулдун өзү экенин ал түгүл денесиндеги татуировкаларынан бери далилдеген документтер бар. Сарыгулдун өлгөнүнөн бир ай өтпөй оор кылмыш болуп, жасалган ыкма Сарыгулдукуна окшош деген органдын тергөөчүлөрү Сарыгулдун мүрзөсүн жашыруун ачтырып, Сарыгулду абдан жакшы тааныган үч кишиге көрсөткөндө, үчөө тең көрдө жаткан маркумду Сарыгулдун дал өзү дешкен. Ошентип, "Рыжый Болот" "Ястреб" Сарыгул болушун кесе айтууга далил жок. Божомол гана бар. Үчүнчү: Койчу Болот экинчи жолу кесилгенде өтө оор кылмыш, бир нече адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип банкты тоноо менен кириптер болгон. Коллонияда болгону бир кой уурдагандыгы үчүн бир жыл отурган Болоттун мынчалык дасыккан кылмышкерге айланышында да чоң күмөн бар". Досьени окуп отуруп Азият бир учурдагы өзүнүн бүткүл СССРдин аймагындагы түрмөлөр боюнча кабар топтоп турган "торуна" ыраазы болсо. Экинчи ушундай "майда-чүйдөдөн" бери чогултуп эрикпей жыйнаган баягы кытай жигити Хэ Чандын эмгекчилдигине баа берди. ххх Арадан 9 жыл өткөндө баягы "хулиган" атыккан, мышмыйган, сары, арык баланы айылдыктар дээрлик унутуп салышкан. Айрым бир жакыныраак туугандары "Байкуш аман болсо эртедир-кечтир келээр" деп коюшчу. Күндөрдүн бир күнүндө айылга орто бойлуу, быжыгыр тармал чачтуу, чымыр денелүү, адамды теше тиктеп, тикчийе караган, көздөрү ойноктоп турган, шыпылдап баскан жигит пайда болгондо, алгач көбү тааныган жок. Сарыгул өзү деле айылда аны сүйүп эч ким күтүп турбаганын билген. Энесинин эски үйүндө алысыраак туугандарынын баласы жашап жатыптыр. Өздөрү начар турмушта жашаган немелер каскактай болуп Сарыгул пайда боло калганда "Үй бош турбасын деп эле жашап жатабыз. Эгер өзүңө керек десең көчүп кетебиз. Кароосуз калтырганча деп колдон келишинче көзөмөлдөдүк" демиш болушту. Энесинин мүрзөсүнө барып токтоно албай бугу чыккыча ыйлады. Топуракты мыжып зар какшап ыйлады. Кызыл этинен адам кылып чоңойткон. Колуна тийген ырыскылуу эмне болсо бүт "Сарыгулума" деп турган. "Жалгыздан калган жалгызым" деп оозунан түшүрбөй мээримин төккөн дүйнөдөгү жалгыз адамынан, эмне кылса да кечирген, баскан изине сыйынган, тамакты чоң сугунса да кубанган адамынан, жалгыз туу туткан энем бар деп айланган, жылынаар отундай, суу ичээр булагындай, байланаар мамысындай көргөн, сүйөнөөр тоосундай, токтоор жайындай, жатаар төшөгүндөй көргөн адамынан айрылганына ыйлады. Сарыгулга тагдырдын бул экинчи оор жазмышы болчу. Баягы биринчи кылмыш кылганда, ичинен "Энеке! Энеке! Эми мен кантем. Эми мен эмне болом?" - деп ичтен боздогон. Кесилип, балдар колониясына кеткиче күн ара келип, өзү күнү-түнү азап тартып ыйлоодон көздөрү карыгып шишип, үтүрөйүп жүдөп турса да "Балам тагдырдын башка салганын көтөрүү керек. Эр жигиттин башына нелер келип не кетпейт. Күндүн жарымы караңгы, жарымы жарык. Бүгүн башыңа иш түшүп турса, эртең жолуң ачылат. Кайраттуу жигит бол. Сынба. Мүңкүрөбө. Бул да Кудайдын буйругу. Кудайдан жакшылык тиле" - деп кайрат айтып турган. "Сен жексурсуң, адам канына забын болдуң" деп өкүрүп-бакырып тилдебей кайра "Бул да шайтандын азгырыгы. Кийинкисинен Кудай сактасын" деп бооруна кысып кучактап, башынан жыттап турган адамы ушул томпойгон боз топурактын астында жатканына, өмүрүн "Сарыгул" деп өткөргөн адамга бир ууч топурак салбай калганына боздоп ыйлады. Колонияга узап атканда энеси "Балам эми кайыр кош. Аман болсоң келээрсиң. Мен болсо сени издеп бара албайм. Орус тилиңди билбейм" деп муңканып ыйлап калганын эстеп, боздоду. Кейпи эки сааттан ашык мүрзө кучактап жатты. Жалгыз болгондуктан, эч ким тоскоол болгон жок. Бир тууганы келип көрсөтүп берип, куран окушкандан кийин "Сиз бара бериңиз. Мен дагы кичинеге отурам" деп кала берген. Энесинин мүрзөсүн көргүчө кандайдыр бир күч айылына тартып, "түрмөдөн чыксам колхозго барып жаңыча жашоо баштасам" деген кыялдарга батканы энесинин өлгөнүнө көкүрөгүндөгү ишенбеген сезимден экенин билди. Өзүнө келип ордунан турганда, бүт көөдөнү бош калды. Бош калганда да бүт аалам бош калгандай туюлду. Ордунда тизелерин кучактап, кеч күүгүмдөгү айылды карап отурду. Бош калган көөдөнүн кимдир бирөөлөргө болгон кыжырдануу, жек көрүү ээлеп, толо баштады. Дүйнөгө жаралганын жек көрдү. Жараткан атасын жек көрдү. Тууп, кызыл эт боюнча таштап кеткен энесин жек көрдү. Көөдөнүндө кектөө турду. Жалгыз таянар тоосунан, энесинен ажыраткандарды кектеди. Убаданы бузуп, агасына арызданып барган баягы "Кара дөөнү" кектеди. Өздөрүнөн "2-3 жаш кичүү балдар экен" дебей, адыраңдап тепкилеген баягы балдарды кектеди. Сабап жатсаңар жан далбастап сайып салган. Силерди туура кылган дебеген мыйзамды кектеди. Так ушул күнү, так ушул мүрзөлөрдүн арасында отуруп Сарыгул адам эмес карышкырга айланганын өмүр бою билген жок. Кээ кезде гана эмне үчүн мен ушундай жаралып калгам? Эмне үчүн мен башкалардай оңоло албайм? деп ичтен боздоп-боздоп алчу. Ал бир эч ким укпаган, эч ким туйбаган муң болчу. Так ошол мүрзөлөрдүн арасында отурганда жүрөгүнө тоңуп калган муз болчу. Таксист болуп иштеп, уучтап акча таап, эсирип, анын үстүнө эки метрге чукул боюна жараша кара күчү да буканы жыккыдай болуп турган "Кара дөө" анча-мынча клиенттерине түрүн байкап туруп колунан эч нерсе келбес айылдыктар болсо күрсүлдөп, оройлук да кылып койчу. - Шаарга жеткизесиңби жигит?, - деп шып этип астынкы орунтука отурган быжыгыр тармал чач сары жигитти "Кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөй үтүрөйө карап турду да: - Шаарга дейсиңби? - Ооба шаарга... Тигил жылмайып күлүп койду. - Эгерде дагы үч клиент таап келсең жеткизем. Машина толоору менен кетебиз. Клиент чыкпаса жылмай жок тууган, - деп чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып тутантты. - Эгер мен толук төлөсөмчү?! - И-мне... төрт кишиникинби? Уккан кулагына ишене бербей дагы сарыны сындай карады. Кийген кийими кымбат баалуу. Бүт жаңы. Интеллигент эмес. "Чын эле акчасы бар немеби?" деген сыноо. Таксисттер психолог болуп калышат. Кимдин акчасы бар экенин бир карап эле билишет. - Демек, төрт кишиникин төлөйм дечи? - Шашып турам. Барсаң барам де болбосо башка такси издейм. Бул жолу сары шаштыра, өкүм сүйлөдү. Жүрөгү бир нерсе шекшип турса да акча үчүн ооп кетти. Анын үстүнө бош кетет. Машинасына жеңил. Мындай клиент кечке чыгарын да кудай билет. Чын эле башкага барса ким болбосун "кудай" деп жөнөйт. - Кеттик,- деди. Тамекисин шашканынан чала тартып ыргытып. - Кетсе кеттик. - Түз кетебизби же жолдон тияк-биякка кайрылабызбы? - Түз кетебиз. Болгону таза ысып кеттим. Чоң суунун жээгине жеткенде кичине кайрылып сууга бир чөмүп алайын. - Көпкө эмес. - Кайдагы көпкө бир эле чөмүп чыгам. Бол айдабайсыңбы. Акыйлашып тура беребизби. - Айдаса айдадык, - деди да машинасын от алдырып ордунан эле атырылта жөнөдү. Чоң жолго чыккыча экөө - дээрлик сүйлөшкөн жок. "Кара дөө" ансыз да көп сүйлөшчү эмес. Дүңкүйүп кете берчү. Аялдар түшүп калганда гана эби келсе да келбесе да ар нерсени айтып ыржактаганы болбосо, эркектер менен баарлаша албачу. Жолго чыгаары менен орунтукту чалкалатып коюп үргүлөп уйкуга кирген сарыны улам карай, "мурун кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөп коет. Кайра, "кейпи дагы бир жерде ташысам керек да деп" аңги-дүңгү. - Дос, сууга жакындадык, кайсыл жерине чумуп чыгасың? Сарыны ойгото күркүрөдү. - Аа чын эле келип калган экенбиз. Жолдон өткөндөргө көрүнбөгөн, кичине далдоорок жер болсо... - Андай жер бар. Кичине бурулуп, тээ жапан талдардын артына барабыз. Машинасын жай буруп чебер айдай өзү көрсөткөн жерге келди. Чын эле жол көрүнбөй далдоодо калат экен. - Мына чумуй бер. Бирок, өзүң айткандай бир гана жолу. Эки жолу чумусаң кошумча төлөйсүң. - Түшүнбөдүм? - Өзүң бир гана жолу чумуйм дегенсиң. Туурабы? - Туура. - Демек, эки жолу чумусаң, менин убактымды кармагандыгың үчүн төлөйсүң. - Аны табитке жараша көрөлү. Эки жолу кааласам төлөсө төлөйүн. Сары камсанабай сүйлөдү да машинадан чыкты. Машинаны айланып өтүп "Кара дөө" отурган жагына келди. - Сен сууга түшпөйсүңбү? - Жок өзүң түшө бер. - Кой түшүп кой? Эшигин ачып талтайа отурган "Кара дөө" алгач какшыкты түшүнбөй калды. - Жок, мен ысуулаган жокмун. - Азыр ысуулайсың да. - И-имне... Сарыны караса көздөрү тим эле күйүп туруптур. Үрпөйүп, жүрөгү болк дей түштү. - Менин ким экенимди тааныган жоксуңбу? - Жо-о...жок... үнү калтырай чыкты. - Мен баягы Сарыгулмун. - Сарыгул!? - Ооба. Дал өзү. Сен эркектик сөзгө турбай катындык кылып агаңа арызданып барып, агаң мага эдиреңдегенде, жайлап салган Сарыгулмун. Мас болсоң эле "түрмөдөн чыгып келээри менен канын ичем. Агамдын кунун алам" дейт экенсиң го. "Кана, кун алышалы" деп маңдайыңа келдим. "Кара дөөнүн" алласы оозунан түшүп, сүйлөөгө дарманы келбей калды. Улам көз кыйыгы менен орунтугунун астында жаткан мантировканы карап коет. - Мантировкаңды карабай эле кой. Түш машинаңдан. Эркекче бирме-бир чыгалы. Жок бирме-бир чыккандан корксоң менин айтканыма көнөсүң. Орто бойлуу болсо да Сарыгулдун чымыр денесин карап туруп "Кара дөө" жүрөк заада болду. Баягы көп жыл мурдагы шилбиктей арык бала башынан алыс мешоктой ыргытканы көз алдына кайра элестей түштү. "Түрмөдө жөн жүрдү дейсиңби дагы нечен шумдукту үйрөнгөндүр" деп ойлоду ичинен. - Балким, сөзгө келбейлиби? Шаарга бекер эле жеткизейин. - Ансыз да бекер жеткизесиң. Сенин катындыгың үчүн мен тогуз жыл "күнөстөдүм". Анан сага дагы төлөшүм керекпи? - Анда мен айткан эмесмин. Жанагы жүлжүк көз Белек айткан. Арык, жүлжүйгөн кара балачы. - Аны менен да сүйлөшөбүз. Алгач сени менен бүтүшөм. Эгер сен быркырап ыйлап "колумду сындырды" дебей, өзүм күнөөлүмүн. "Эч кимиң барбагыла" десең, иш башкача болот эле да. Туурабы? "Баарын унутпай жүргөн экен" деди "Кара дөө". - Анда талабың эмне?- Акча сурайт деп ойлоду. - Сени азыр катын кылам. Ушуга көнөсүң. Азыр артыңдан жайлайм. Катындыгыңды далилдейм. - И-мнээ... мындай кордукка "Кара дөө" чыдамак эмес. Эңкейип колун мантировкасына сунду. Ушул маалда Сарыгулдун колунун кыры кежигесине шак дей түшкөндө эсин жоготуп койду. Эсине көчүгүнө катуу бир нерсе кирип, жан чыдатпай ооруганда келди. Машинасынын арткы багажына арта салынып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Жакшы эсине келе албай; - Сенин... сенин каныңды ичем... деп булдурады эле: - Жата бер голубчик. Сен уже катынсың. Мунуң түзүк экен, - деп жамбашка чапкылап койду да, тигил ишин уланта берди. Чымырканып кыймылдайын деди эле: - Эй мен али бүтө элекмин, - деди да дагы колунун кыры менен шак дедире кулактын астына, күрөө тамырга урду эле кайра эси ооп калды. Экинчи эсине келгенде жерде талтайып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Белинен ылдый жылаңач. Баш көтөрсө, шымы менен турсасы арыта жатат. Ызадан эмне кылаарын билбей "Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу" болуп турду. - "Кыздыгымды" бердим деп эле кылыктанып жата бересиңби? Тур кетебиз, -деди Сарыгул какшык, кекээр аралаш. - Азыр сенин каныңды ичем... Ордунан обдулуп тура калды. Кыймылдоого жарай элегинде Сарыгулдун буту ээгине шак дей түштү. Тим эле чимирилип барып кайра да көмкөрөсүнөн кулады. Эсине келсе Сарыгул арыта бейкапар тамеки тартып отуруптур. Баягы кайраты бүт жоголуп сүйлөгөндөн да коркуп калды. Беркинин эсине келгенин көрүп тигил ордунан туруп басып келди да: - Кана дагы сүйлөп көрчү угайын, - деп маңдайына талтайып туруп калды. - Болду... жетет,- деди "Кара дөө" булдурай. Дагы тээп жибереби, - деп коркуп. - Жетеби... мага жетпей жатсачы сука... Эмнегедир Сарыгул жиндей түштү да шарт жанынан бычагын сууруп алып беркинин кекиртегине такады. Тим эле көздөрү кызарып канталап кетиптир. Муздак бычактын мизи кекиртекти тилип кан тамчылап кетти. - Жан соога... Саке... жан соога... Жаңы эле үйлөндүм эле. Аялымдын боюнда бар эле. Өлтүрө көрбө... "Кара дөө" кантип жалынып ийгенин да билбей калды. Бычак устарадан да курч болсо керек. Кичине тартса башын шылып түшчүдөй. - Эмне кылсаң өзүң бил . Баарына макулмун. Жанымды кыйба... - Им-м де. Сарыгул бычагынын канын тигинин көйнөгүнүн этегине арчып туруп, кайра арткы чөнтөгүнө салды. - Эмесе мындай, жанагы Белек дегениң кайда? - Шаарда турат... - Дарегин билесиңби? - Билем... билем. - Билсең Белегиңе барабыз. - Макул... Жеткизем... "Тирүү калат экемин" деген үмүт пайда болуп тим эле жыпылдап кетти. Жандын ширин экенин татты да. Кекиртегинен сызылган канды аарчып коюуга да дарманы жетпеди. - Тур да тез кийин! Жок. Алгач сууга жуунуп туруп кийин! Көчүгүңдү анан кекиртегиңди жакшылап жуу. - Макул... азыр... Калдаңдаган "Кара дөө" сууга шарпылдатып кирип, шапшына жуунду да шаша-буша кийинди. Чиркин, жарыкчылык, тирүүлүктүн даамы деген кыйын го. Жанакы кыжынып аткан лөк "сынып" бир паста "жибектей" болуп калды. "Кара дөө" ушунчалык бат "сынганына" Сарыгул кыжыры келе ичинен "Күлтүйгөнү менен ичи толтура бок экен. Ушунун эркек болгонун... Мындайга тигиниңди да булгагың келбейт" деп ойлой жийиркене карап койду. "Кара дөө" көчүгү ооруп, орунтукта кыйшалактап араң эле отуруп келатты. "Энеңди... оңдурбай шилтеген экен. Эсим ооп жатканда эки-үч жолу кирген го... Мындайдын тигиниси да оңбогондой чоң, катуу болот тура" деп ойлогондо бир тердеп, бир кургайт. Экөө шаарга жеткиче сүйлөшкөн да жок. Ар кимиси өз ою менен алек болуп жүрүп отурушту. Сарыгул айылда бир күн боло электе эле бул жерге "Батпасын" туйду. Ошондуктан, убакытты созуп отурбай чоң энесинен калган үйдү кирип отургандарга "Силерге бердим. Жаңыртып аласыңарбы? Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле" деди да өзү шаарга кетерин айтты. "Эми кайда барабыз?" деп сарсанаа болуп отурган немелердин мындай сөздү укканда, кубангандарын айтпа. Кайдан жайдан козу таап келип союп "кутулуп келгениңе түлөө кылганыбыз" - деп да жиберишти. Айылда үч күн жүрүп аты-жыты туугандарына бир сыйра кыдырып учурашты. Түрмөдөн келген дегенсип бары "суук боор" тартып калышыптыр. Сыртынан жадырай кабыл алымыш болушканы менен өздөрүн четкерээк кармашып, эч кимиси деле "Эми айылда кал. Колхозго кирип иште. Атаңдын атын өчүрбөй үйүңдү жаңыртып, үйлөнүп- жайланып турмуш кур" дегендей акылдарын чын дилден айтышпады. "Эмне кылайын дейсиң? Жаш эмессиңби. Кайда болсо иш табылат да. Балким колхозго кирсең деле алат болушу керек. Балким, шаарга барып окуп билим алаарсың. Азыр жаштар билимге жулунуп жатышпайбы" демиш болушту. Сарыгул өзү деле туугандары "кал" деп асылган күндө да айылда жашай албасын түшүндү. Жүрөгү элеп-желеп болуп айылдын жай турмушун эмес, кайнаган турмушту эңсеп турган. Минтип жөн кете албай эзелки кегин алып отурат. "Волганын" арткы орунтугунун ортосуна чалкалай отуруп алып улам көз кыйыгы менен "Кара дөөну" карап коет. Тиги болсо күржүйгөн мойнунан аккан терин кирдеген жүзаарчысы менен аарчып коюп жолду карап телмирип баратат. Эмнегедир оюна ушул кезге чейин аялзаты менен төшөк рахатына бата элеги түштү. Түрмөдө жалаң эркектерге көксөөсүн суутуп жүрдү. Башында тартынса кийин көнүп да алды. Түрмөдөн чыккандан бери эч ким менен болбой буулуга түшкөн экен "Кара дөөнү" тим эле рахаттанып жайлады. "Кара дөө" ойлогондой эле бир эмес эки жолу ишин бүтүрдү. Азыр жеңилденип, көңүлү ачылып бараткан кези. Тынчтыкты буза "Кара дөө": - Түз эле жатаканасына айдайынбы? - деди күлдүрөй. - Жатаканада турабы? - Ооба. Заводдун жатаканасында. Машина курган завод бар экен го... - Эмне болуп иштейт? - Мастермин деп калат... - Жатаканасына барабыз. Өзүң кирип чакырып чыгасың. Ресторанга барып чардайбыз деп алдайсыңбы?.. Кыскасы чакырып чык. Эгер кичине шек берип, мен жөнүндө, менин эмне кылаарым жөнүндө айтсаң жердин түбүнө түшсөң да таап туруп, кекиртегиңди тирүүлөй суурам. Уктуңбу!? - Кантип айтайын. Айтпайм. Кыздарга барабыз десем жүгүрүп чыгат. Мурда эки-үч жолу кыздарга алпаргам. - Туура, кыздарга алпарам де. Жыргалдын туу чокусуна жетесиң де,- Сарыгул кекээрлей сүйлөдү. "Кара дөө", "аны да мендей жайлайсыңбы" - деп сурап жибере сактап барып токтоду. - Чыккандан кийин түз шаардын четине айдайсың. Чоң-Арыктын үстүндөгү калың бактуу жээкке. Мени тааныштырба. Өзүм таанышам. Жөн гана "Анан таанышасыңар", - деп кой. - Макул... Такси бат эле Фучиктеги жумушчулардын жатаканасына жетип келип токтоду. "Кара дөө" улутунуп алды да чыга жөнөдү. - Эскертип коеюн. Эч кандай тамаша жок. Жарыкчылыкта жашагың келсе мен айтканды түгөл, так аткар. Жок. Кичине эле кылтыңдасаң өз убалың өзүңө. "Кара дөө" үн сөз жок жатакана жакка бет алды. Арадан жарым саат өтпөй орто бойлуу бирөө менен ээрчишип келип калышты. Караңгыда өңү- түсү көрүнбөдү. Быжылдай сүйлөп келип машинанын астына отурду. Артында киши барбы, башкалар отурабы, байкаган да жок. - Мына, жыргал жашоо эле сеники. Чөнтөгүң толо акча. Кыз десең кыз, катын десең катын даяр. Эмне болсо да жашоонун дооронун сүрүп жатасың. Бизди айтпайсыңбы. Айлыктан айлык күтүп жашамай. Кечке жумуштан баш көтөрмөй жок. Кечинде чарчап келип оңкодон түшмөй. Минтип жүрсөм катын да албай калчудаймын. Башка жумушка кетип калат элем Политехническийдин кечки курсунан окуп жатам. Окуумду бүтсөм көтөрүлгүдөймүн. Анын үстүнө үйгө да кезекке туруп койдум. "Дарак бир жерден көгөрөт" дейт эмеспи. Иштей берейин деп жатам... Айтылган жерге жеткиче бакылдап, жаагы тынбады. "Кара дөөнү" сүйлөткөн да жок. Артындагы Сарыгул акырын жылып бурчка отуруп алды эле аны да байкабады. Качан гана суу жээгиндеги калың бак жакка бурулганда: - Ой сен кайда? Катындарың ушул жактабы? Мен үйгө барат экенбиз десе, -деди чоочуй. - Азыр көрөсүң, деп койду "Кара дөө" да үнүн пас чыгара. Калың бактын арасына барып токтогондо. - Сени менен тигил жигиттин иши бар экен, - деди арттагы Сарыгулду көрсөтө. - И-мне. Кайсыл жигит? -Ошондо гана артына бурулуп Сарыгулду карады. - Сен кимсиң? - Менби... Мен Сарыгулмун. - Кайсыл Сарыгул? - Баягы сен убаданы бузуп катындык кылып, "Кара дөөнүн" агасына арызданганда, алар келип мени "сабайм" деп жулунганда, бирин тигил дүйнөгө жөнөтүп кесилген Сарыгулчу. Кичинеге ойлоно калды. - Такыр эсимде жок. Үчөө караңгы машинанын ичинде сүйлөшүп отурушту. Сарыгул билди тигинин эң сонун эстегенин, бирок, убакытты утуш үчүн анткорлонуп жатканын. - Менин байкемди өлтүрүп кесилип кеткен Сарыгулчу... "Кара дөө" тигинин калп анткорлугуна күйүп кетти. - И-и эстедим... эстедим... - Эстедиңби. Эстегениң жакшы,- Сарыгул кекерлүү сүйлөдү. - Саке ал балалык да... Башың аман чыгып келипсиң. Кут болсун. Келе колуңду. Өткөн өттү, кеткен кетти. Толук Сарыгул жакка бурула, ордунан обдулуп колун сунду. - Тигил жакта катындар менен кол кармашып учурашпайт. Сарыгул тигинин сунган колун албады. - Кой Саке, ал бир кырсык. Эми элдешели. Кектешпейли. "Кара дөө" Белектин табышкерлигине оозу ачылып үн дебей отуруп берди. "Чын эле Сарыгул азыр мунун бал тилине көнүп элдешет го" деп ойлоп кетти. Ичинен "Сарыгул мага кылган өнөрүн буга да көрсөтсө" деп каалап турган. - Элдешебиз. Элдешпей кайда барат элек. Бирок, ар кимибиз өз эсебибизди алгандан кийин. Тигил жакта (түрмөнү айтканы) ар ким оозунан чыккан сөзгө жооп берет. Сен да оозуңдан чыккан сөзгө жооп бересиң. - Кой эми Саке ал жакты "түрмө" дейт. Бул жакты "боштондук" дейт. Экөө эки башка да. Боштондукта оозго келгенди оттоп жүрө беребиз. Эч кимге деле жооп бербейбиз, - деди кайпактай. - Сенин ошол оозго келгенди оттогонуң үчүн күнөөсүз "Кара дөөнүн" агасы өмүрүнөн айрылып, жапжаш бала топурак астында калды. Менин болсо турмушум сынып, балалык өмүрүм менен коштошо электе тигил жактын тузун татып 9 жыл "күнөстөдүм". - Туура бул кудай урган тилдин пайдасынан да азабын көп тарттым Саке. Күнөөм бар. Астыңа түшөйүн. Кечир. Күнөөмдү тартайын. - Мына мунуң жүйөөлү сөз. Астыма бир туруп бересиң. Болду экөөбүз толук эсептешкен болобуз. Белек Сарыгул эмнени кыйытып жатат түшүнбөй калды. - Жана шаардан эле айтсаңар болмок экен. Түз ресторанга бармак экенбиз. - Ресторандын кереги жок ишти ушул жерден бүтүрөбүз. Белек дагы түшүнбөй калды. - Эмне акчалай берейинби? - Акчаңдын мага кереги жок. Азыр машинадан чык да, шымыңды чечип, тоңкоюп туруп бересиң. Болду. Менин аласам ушул,- Сарыгул эми тиштене сүйлөдү. - Койчу Саке тамашаңды.Ошол кантип болсун. Сураган акчаңды берейин, айт. Анча-мынча жыйнап жүрдүм эле. - Кой, көп сүйлөгөн менен пайда жок. Чык машинадан. Сарыгул буйра сүйлөдү да, өзү да машинанын эшигин ачты. Белек машинанын эшигин шарт ачып атып чыкты да, өкүрүп-бакырып качып жөнөдү. - Жардамга... Жардамга... Эл журт... милиция... өлтүрүп жатат. Баарына сак турган Сарыгул аркасынан удаа жетип, чалып жыкты. Экөө караңгыда кармаша кетишти. Белек жыгылганда тоголонуп барып чалкасынан түштү да, басып жыгылам деген Сарыгулду кош аяктай төшкө тепти. Сарыгул артка учуп кетти. Ал түгүл кичине эси да оой түштү. Тигил кайра туруп качты. - Жардам... Жардам... Кантсе да кичине жулмалашып, кармашып калганга демиге түшкөн неме жанагыдай жер-сууну буза өкүрө албады. Үнү пасыраак чыкты. Бул жолу Сарыгул кууп жетип, кежигесине секире үстүнөн басып жыгылды. Талуу жерине муштап, эсин оодарам деп караңгыда таамай муштай албай жатты. Экөө дагы тытышып, кармаша кетишти. Жанталашкан Белек беркини оозуна туш келген жерин тиштеп да жатты. Каруудан тиштегенде Сарыгул күрөө тамырга уруп калды. Ошондо башы "шылк" деп эси оой түштү. Ийинине салып көтөрүп машинага апкелди да, жерге шалак таштап отуруп калды. "Кара дөө" машинасынан чыккан да жок. "Бириң өлүп, бириң кал" дегенсип отура берди. Сарыгул башында экөөлөп киреби деп саксынып аткан. Тигил машинадан чыкпагандан кийин жүрөксүбөй калды. Кейпи, мен көргөн кордукту бул шыйпаң да көрсүн десе керек. Белектин күтүүсүз жоругуна жүрөгү дүкүлдөп чыккан Сарыгул айланага кулак төшөдү. "Балким, бирөө-жарым Белектин үнүн угуп келип калабы" -деп да чоочуп турган. Жок. Айлана тынч. Бейкам дабыш деле угулбайт. Кантсе да шашыш керек болуп турду. Балким жогорудагы тоо түбүнөн тынымсыз өткөн машиналардын бирөө жарымы үндү угуп калып, милицияга жеткирип коюшу толук мүмкүн. Кайра ордунан туруп, тигини көтөрүп машинанын арткы багажына туура "Кара дөөнү" жаткыргандай арта сала жаткырды. Кармашып атып чарчап калгангабы, өзүнүн көңүлү келбеди алигиси да баш көтөрөөр түрү жок. - "Кара дөө"!? - И-мне... - Чык машинадан! Мунун ишин сен бүтүрөсүң. Сага бердим. "Кара дөө" күрсүйүп чыга келди да жалбарыңкы үнү менен: - Саке... мен... мен мындайга... эркекке өмүрү барган эмесмин. Дитим чаппай турат. Өзүң эле бүтүрө берчи. - Дитиң чабат. Чапканда да кандай чабат. Эгер болбойт экен, анда азыр бычып салам. "Дың" дебей иштейсиң. Шарт бычагын сууруп чыкты. Жалаңдаган бычак айдын жарыгында "жарк-журк" деп көзгө жаман көрүнөт экен. "Кара дөөнүн" муундары титиреп кетти. "Өзгөчө бычып салам" дегенди укканда "бул канкор эч нерседен кайра тартпай калган экен" деген ойго кетти. Керек болсо азыр Белек экөөнү тең ушул жерге мууздап, машинага салып туруп өрттөп ийип, басып кетиши да мүмкүн. Алеки саатта башына миң сан ой келди. - Сабыр кыл. Саке. Азыр. Бул шүмшүктү ошентиш эле керек болсо... Ичиндеги коркууга кошулуп шакардай кайнаган ызалыкты Белектен чыгарып алгысы келип кетти. Так ушул шүмшүктүн тапан тили болбогондо, балким азыр үчөө тең бул жерде турушмак эмес. Дугдуңдай ишке киришти. Белек кыймылдайын деди эле, Сарыгул чыкыйга муштап койгондо кайра "шылк" дей түштү. - Ме сага... ме сага... тилиңди көчүгүңө тыккыр... "Кара дөөнүн" кылыгына жанында турган Сарыгулдун ачуусу тарап, көңүлү ачыла түштү. Болбосо, кайра-кайра бычагын мыжыгып, жанын коерго жер таппай, өзүн кармана албай бараткан эле. "Кара дөө" кантсе да акылдуулук кылды" - деп койду ичинен. Эгер дагы кежирленип кер сүйлөгөндө кекиртегин бычак шылып түшүшү толук мүмкүн эле. Жолдон бир шише арак алышты да, эсине келип кайра жоготуп шылкылдап келаткан Белектин оозуна жарымысынан көбүрөөгүн куюп туруп жатаканасына жеткирип ташташты. "Кара дөө" өзү көтөрүп кийирип, жаткырып келди. Сарыгул "Кара дөө" менен коштошуп жатып: - Болду. Толук эсептешип бүттүк. Экинчи кайчылаш жолдо, каршылаш болуп кездешпейли. Мен сени тааныбайм. Сен мени тааныбайсың. Ортодо эмне болуп өтсө унут, - деди да, караңгы түнгө сиңип кетти. Чын эле ошол бойдон "Кара дөө" Сарыгулду көрбөдү. Анын үстүнө такси айдаганды таштап, курулушка кирип кетти. Белектин да эмне болгонун билбеди. Экөө бири-бирине жолукпаганга аракеттенип, качышчу эле. ххх Азият "борбордогу" өзүнүн көздөй ишенимдүү адамына "Рыжый Болотту" катуу тарбиялап коюш керек. Өз чегинен чыга баштады. Муну тез арада жасасаңыз жакшы болот эле. Сиздин баягы "эстелигиңиз" али менде, өз калыбында сакталуу турат", деген "визитка" жиберип жатып, Рыжый Болоттун "балким бир кездеги Сарыгул да болушу мүмкүн" деген версияны жиберген жок. Аны өзүнө "көмүскөдөгү жүрүш" кылыш үчүн алып калды. ххх "Рыжый Болот " Азияттын "визиткасын" алгандан кийин чекесин бырыштыра көпкө ойлонуп отуруп калды. Мындан түзүгүрөөк жооп алам деп деле күткөн эмес. Ошондуктан, какшык жылдырган жоопко ашыкча капа да болбоду. Болгону, "Азият" дегениңдин чыныгы жүзү ким?" - деген суроо дагы мээсин жеп жатты. Анын кылмышкер шимшүүрлөрү Азият жөнүндө түзүк эч нерсе деле билип бере алган эмес. Болгону "Азият" деген атын укканда, керек болсо "мыйзамдагы уурулар" да кысчу жерлерин кысып калаарын, анын айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылаарын, далай баш кесерлер Азияттын алдында кызмат кылып жүрүп, ың-жыңсыз жок болуп кетээрин, аларды эч ким сурабаганы. Өз колу менен кумурсканын уюгун бузбаса да далай нарко, соода, нефти, газ, электр энергиясына байланышкан контрабандалык соодаларга таасири барын билген. Түрмөгө түшкөн эмес. "Ак жакачан" болуп да чоң кызматта иштебеген. Бирок, кылмышкерлердин чөйрөсүндө да, "Ак жакачандардын" чөйрөсүндө да таасири күчтүү. Бул эмне деген "Темный жан" деп башын катырчу болду. Баягы СССР бар кездеги иштеген кызматы жөнүндө да эч нерсе биле албады. Душманың канча табышмактуу болсо, ошончо коркунучтуу болорун жакшы билчү. Эгер "Ак жакачандардын" чөйрөсүнөн болсочу? Балким, алардын "королдорунандыр"? Анда иш жакшы болбойт. "Ак жакачандар" менен ойнош опурталдуу. Алардын колунда дайыма бийлик бар. А бийлик дегениң жаман, байкабай талуу жерин басып алсаң, биттей ушалап коет. Өзгөчө кылмышкерлерди жок кылыш бийликтегилер үчүн оюнчук. Азияттан "движение" болгон жок. Баарын өзү баштады. Демек, өзү бүтүрүшү керек. Каттын жообун кантсе экен. Балким бир аз убакыт аярлай турабы. Балким Азияттын суроосун канааттандырып, "Протезди" анын колуна салып берсечи? Туура, ишти "Протезден" баштоо керек. "Рыжый Болоттун" буйругу менен жулунган жигиттери "Протезди" алып, жетип келишти. Кылмышкерлердин адатын жакшы түшүнгөн Болот "Протез", "Бриллиант жылан" жөнүндө кабар берген күндөн баштап катуу кайтартып койгон болчу. "Протез" эки-үч жолу качып кетүүгө аракет жасаганын билдиришкен. Оңбогон абышканын култуңдаган кылыгы ого бетер аяр болууга түрткөн. Жаналгычтын өзүнөн да коркпогон "Протездей" өлүмтүктүн Азияттан титиреп коркушу эле эмнени билдирет? Болот сөздү түз баштады: - "Протез" Азиятка конокко барууга кандайсың? Эски досуң сени сагыныптыр. Көргүсү келип жаткан экен. Азияттын атын укканда "Протез" тим эле "жыланды көргөн чычкандай" бүрүшө түштү. Ал түгүл өңү "боп-боз" болуп жаны үзүлүп бараткан адамдын кейпин кийип калды. - Азияттын мендей шордууну көргүсү келгени "карышкырдын койду", "ажыдаардын коенду" көргүсү келгениндей эле кеп, сынок. Өмүрү шордон башы арылбаган мендей байкушту Азиятка салып берсең өзүң бил. Ансыз да өлөөрүмө жыл эмес саналуу күндөр калганда жарыкчылыкта кыбырай турсамбы дегем. Эми минтип тагдырымды сен түшүнбөсөң деги киши түшүнбөйт. Өзүң айтчы менин эмнем бар? Бир аз күндүк жашоомдон башка эч нерсем жок, сынок. Тагдырдын маңдайыма жазганыбы, өзүм улам жаза баса бердимби, өмүрүмдүн көбү "баланда" ичиш менен өттү. (Түрмөчүлөргө берген тамакты айтат). Сен да "көк жалдын көк жалысың", ырас, Азиятка мени жем катары салгың келип калыптыр, жолу ошого такалса керек. Мейлиң, өзүңдүн эркиң. Өлөрдө жок дегенде сенин керегиңе бир жарап кетейин. Бирок, эскертип коерум, Азияттын көзүн көрөөрүм менен өз жанымды өзүм кыям. Анын кислотасына бутумдан баштап ээригиче мүрт өлгөнүм жакшы. "Протездин" айткандарын угуп отуруп "Рыжый Болоттун" денеси дүркүрөп кетти. - "Протез" чындыкты айтчы? Деги Азият дегениң ким? - Болот, Кудайдан жашырбаганымды сенден жашырбайм. Бул Азият "жаналгычтын" чыныгы жүзүн бир Кудай билбесе эч ким билбейт. Балким уксаң керек, бир учурда экөөбүздөй селсаяктардын арасында атагы дүңгүрөгөн "Кара жылан" деген болгон. Так ошол "Кара жыландын" өз оозунан уккам. "Кылмышкерлер дүйнөсүн "былк" дедирбей кармаш үчүн КГБ атайын бөлүм түзүп, селсаяктардын арасына тор жайды. Саясатка аралашып баш көтөрчүсү болсо жиндиканага даярдаганга, өтө коркунучтууларын тымызын селсаяктардын колу менен жок кылдырганга "палачтар" иштей баштады. Мына ошол "палачтардын" башчысына "Азият" деген кличканы мен койдум" дегенин. "Палачтардын" жасаган кылмышынын жүзү эч убакта ачылбайт. Өздөрү жазаланбайт. Ооган согушунда ал тараптан ташылган наркотоварды бизде иштетип, кайра капиталисттик мамлекеттерге саттыруунун башында да ушул Азият турган экен. Эми бул жагы саясат. Ага менин түшүнүгүм жетпейт. СССР тирүү кезинде капиталисттер "коммунисттерди поголовно алкаш кылабыз" дешчү тура. Коммунисттер болсо "Капиталисттерди поголовно наркоман кылабыз" дешчү экен. Ооган апийими бул жакка ташылып келинип, кайра героинге айланып, капиталисттерге "подаркага" жөнөтүлүп турганын билесиң да, сынок... У-уу мына акча деген, байлык деген ошолордун колунда болгон го. СССР күтүүсүз тарады. Баары баш аламан болуп кетти. Чет өлкөлөргө өткөрүлгөн тонналаган наркотоварлардын "навары" кайда чөктү ким билет дейсиң, сынок. Нечен банктарда жеке счеттор ачылып, миллиондор "ойноп жүрчү" да. Бул жагдайда анча-мынча кабардар болгонумду өзүң билесиң, мен өмүр бою нарко- сооданын азабын тартып келдим. "Протезди" угуп отуруп "Рыжый Болот" "Азиятка" катылам деп "кыйшык кадам" таштаганын түшүнө баштады.Бир чети "Бриллиант жылан" жөнүндөгү башты айландырган кабарды айтып, ушул ишке түрткөнү үчүн "Протезге" кыжыры келген менен кайра астында бүрүшүп отурган чалды аяп да кетти. "Протез" чындыгында эле өмүр бою башы кылмыштан чыкпаган шордуу. Бул абышканын жыргал күнүнөн кууралы көп болсо керек. Эмнегедир ушул саам "Рыжый Болот" өзүнүн келечек тагдырын көрүп тургандай болуп кетти. Бул ачуу чындык Болотту жүрөккө сайды. Денеси "дүр" деп, көз кычыктары ачышып, суулана түштү. "Протезди" Азиятка бергени менен деле ал "Бриллиант жыланды" кармата койбойт. Бул оңбогон жыланды көрбөсө да дарегин укканы үчүн эле канча түйшүк башына түшкөнүнө Болот тырчып турду. Көздөрүн жума "Протез" экөөнүн өткөндөгү каргашалуу пикир алышуусун эстеди. "Протез" күнүмдүк оокатына жардам сурап келген экен. Мезгилинде "Протездин" менменсинген кылмышкерлер менен "табакташ" болуп жүргөнүн уккан жайы бар эле. Сөздөн сөз чыгып отуруп: - Алматынын жарымысы менин машинамды минип жүрөт. "Кылмышкермин" дегендин көбү мен сатып берген квартираларда жашоодо. Министрлер баш болуп, чет өлкөдөгү каткан валюталарын коргоп берүүгө мага кайрылышат. Чыныңды айтчы мурда-кийин селсаяктардан менчелик кулачы жайылганга жолуктуң беле - деп калбайбы. Ошондо "Протез" көздөрүн жүлжүйтүп туруп: - Сынок сенин чыныгы көкжал экениңде айып жок. Атың алыска угулду. Илебиңе нан бышып турган учур. Бирок, "учуру келгенде айтпаса сөз атасы өлөт" - дейт. Бул дүйнөдө "Бриллиант жылан" деген бар. Мына ошол оңбогон жыланга кожоюн болгондор жана байлыктын да, кылмыш дүйнөсүнүн да сересине жеткенин сезет - деп уккам. Ал жылан болсо "Азият" аттуу кан ичердин колунда экенин так билем. Бирок сынок, тынч жашайм десең мен айткан сөздү унут да, "Бриллиант жылан" жөнүндө эч кандай "движение" жасаба. Мен билгенден ал кан ичер жыландын өзүн эмес, дарегин кайда экенин билгендер көпкө жашабайт. Минтип тилим кычышып кетип сагызгандай сайрайм деп, мен да балким, бул жашоомо акыркы крестти койдум окшойт, - дейт. Анда анчалык деле көп терең маани бербей кызыга түшкөн Болот: "ал эмне болгон жылан", - деп лыкылдатып сурап олтуруп "Протездин" жылан жөнүндөгү билген таржымалын бүт уккан. Анан "Азиятка" "визитка" жиберип ийип жатпайбы. Этеги минтип туңгуюкка такалды. Ойлуу отурду да "Протезге": - Бара бер. Кайда барсаң анда бар. Болгону экинчи көзүмө көрүнбө, - деди. "Протез" өз уккан кулагына өзү ишенбеди. Мындай болушу эч мүмкүн эмес болчу. Астындагы койду жебей басып кеткен карышкыр да болчу беле. Эми буйрук экен. Башка салганды көрөйүн деп боюн жыйып отурган неме "бул Рыжый кандай тамаша көрсөткөн турат" - деп шалдырай түштү. Башына миң сан ойлор келди. "Азыр эшикке чыгарым менен желдеттерине жайлатат да, өлүгүмдү Азиятка жиберет" деген ой жанын жеп ордунан очорула турду. - Мунуңа да рахмат. Азияттын жылан көзүнө тирүү урунбаганым оң сынок, -деди да эшикке илкий жөнөдү. Болот ойго чөгө, анын чыгып кеткенине да маани бербеди. Көп өтпөй бир жигити жүгүрүп кирди да "Протез" эшик алдынан жүрөгүн мыкчып кулап түшүп, "тез жардам" чакыргычакты эле үзүлүп кете берди -деп кабарлады. - Оңбогон гана чал. Өлгөндө да жөн өлбөй артында түйшүк калтырганын айтпайсыңбы, - деп сөгүнүп алды да, - Жакшылап көөмп койгула. Селсаяктар аза күтсүн. "Протез" селсаяктын селсаягы болчу, - деди. "Протездин" эмне түйшүк калтырганын Болоттун өзүнөн башка эч кимиси түшүнгөн жок. Улам жыл өткөн сайын карышкырдай аяр болуп калган Болот күтүүсүз туюкка камалганына күйүп турду. "Бриллиант жыландын" түбү "ачуу" тийерин жүрөгү сезип, алгач аярласа да ышкысы жеңип кетпедиби. Анын үстүнө "Республиканын кожоюну" деген тажыны кийгизем деген "Самурай" да кийинки убакта "кыймылын" жайлатып калды. Аны "жылытыш" үчүн өзүнчө бир адам оюна келбегендей белек керек болчу. "Кандай белек тапсам" деп баш катырып жүргөндө "Бриллиант жылан" жөнүндө угуп калып отурбайбы. Ошондо оюна "Самурайга" мындай белек тартууласам, сөзсүз "жылыйт" да мага "Республиканын кожоюну" деген таажыны кийгизет деген ой мээсине "шык" деп кадалды да, шашкалактап Азиятка "визитка" жиберди. Эми бары кеч. "Визиткамды" кайра алдым" деген күндө да күнөөсү жуулбайт. "Бриллиант жыландын" дарегин билген адам жашабаш керек" -деп "Протез" бекер какшаган жок. Ар бир кадамына сак болбосо болбойт. Эң башкысы коркуп калганыңды билгизбегенге аракет кылуу керек. Душманың коркконуңду билип калса, жөн гана коенду басып жеген арстанча эки чайнап бир жутуп коет. Башын мыжыгып отурду да, "чабуул" кылып көрүүнү ойлоду. "Эң мыкты" дегендерди жибербеди. Өзүн көрсөткүсү келген "выскачкалардан" топтолгондорго бир карт бөрү кошуп туруп "жакшылап тарбиялап, астыма сүйрөп алып келгиле!" - деп жөнөтүп жиберди. Бир "Мерседес", бир "Жип" менен кеткен жигиттери эки күн өтпөй бозала болуп жетип келишти. Арасындагы баягы "карт бөрү" гана жок. Болгондо да мешок ыргыткандай Азияттын жигиттерин эшик алдына ыргытып кетиптир. Өң алеттеринен эч нерсе жок. Баягы эдиреңдеген немелердин бети-баштарына, ооздоруна учук чыгып, сүйлөөгө жарабай калган. "Башчыңар кана?" - деген суроого титиреп турушуп, үч литрлик үч банканы сумкаларынан сууруп чыгышты да "Рыжый Болоттун" астына коюшту. Үч литрлик банкадагы килкилдеген суюктукту карап туруп "Рыжый Болот" көргөн көзүнө ишенбеди. Тигилердин бири титиреп Болотко кат сунду. "Рыжый Сарыгул" мунуң көлөмдүү экен, үч банкамды коротту. Сен эки банкага кенен сыясың. Өз колум менен батырам. "Протезди" мага бербегениң үчүн эки эсе күнөөкөрсүң. Сени банка ичинен көрүүгө чексиз куштар Азият" деп жазылып туруптур. Далайды көргөн, бирок, Болот мындайды көргөн эмес. Ошондо акыркы жолу зонада жүргөндө "Ооганстандан өлгөн солдаттардын ичине толтура апийим шыкап ташыттырган бир канкор бар" деп укканын эстеди. Балким, ошол Азияттыр. Үн деп сүйлөбөдү. Ансыз да тирүү өлүк болуп отурган тигилерди "чыккыла" деди да жакын деген жигиттерин чакырып "Банкаларды ачпай туруп жай казып көрүстөнгө койгула. Үстүнө "Селсаяк болчу" деп жазып койгула" - деди. Турган үйү күтүүсүз кол салуудан өзгөчө корголгон жай болчу. Ошондо да кайтарууну эки эсе күчөттү. Коргонуу менен кутула албасын да билип турду. Азияттан кутулуунун бир гана жолу өлүп кутулуу керек. Ким билет, ошондо кутулаар бекен? "Сарыгул" деп сайрап турбайбы. Божомолубу же чын билеби. Башканы кой өзү да Сарыгулдун ким экенин унутуп калган. Ал түгүл кыргыз тилин таптакыр унутуп, жалаң казакча сүйлөп жүрчү. "Жасаган кыңыр ишимди жан билбейт" - деп ойлочу. Тобоо. "Бриллиант жыландын" дарегин билгендердин тукуму үзүлбөгөн сыяктуу эле кыңыр ишиңдин кылы үзүлбөй, бир жерде болбосо, бир жерде кала берет экен го" деген ой башын жеп, эриндери титиреп өзүн коөрго жер таппай турду. "Протез, Протез сен мени тирүүлөй өрттөгөн экенсиң", - деп дагы сөгүнүп-сөгүнүп алды. ххх Азият "Борбордон": "Заман баягы эмес. Өзгөрө баштады. Аны өзүң да байкап жаткандырсың. Менин "белегимди" көзүңдүн карегиндей сакта. Ал азырынча керек эмес. Аа өзүңө болсо сак бол. Ашык кыймыл жасаба. Сенин сурооң болсо толук аткарылат. Андай күчүктөрдүн кулагын толгоп коюш иш деле эмес" деген "визитка" алганда көңүлү жайлана түштү. Чындыгында эле заман баягы болбой өзгөрүп баратты. СССР империясы тарагандагы баш-аламандык бүтүп, өзүнчө бөлүнүп чыккан эркин мамлекеттер өздөрүнүн мамлекеттик башкаруу системаларын жолго коюп, тиешелүү мыйзамдарын кабыл алууга өтүштү. Мамлекеттер аралык мамилелер да жолго коюлуп, мыйзамдуу талаптар ишке кире баштады. "Эркиндиктин оорусу" менен ооруган доор "өлүп" бараткан сайын, кылмышкерлердин да даң салган заманы бүтүп баратканын Азият билбей калыптырбы? Билип турду. Ошондуктан, мурдагыдай уу-дуу менен өлкөнүн Президентинен бетер астында бир машина, артында бир машина кылып коштотуп жүргөнүн токтотуп үлүлчө тегерегин бекемдей баштаган. Улам барган сайын ишканаларына, соода түйүндөрүнө мамлекеттик салыкты мыйзамдагыдай төлөгүлө, "кыйшык кадам" таштабагыла" деген талапты койду. Өзү "көлөкөгө" өтүп, түз жоопкерчиликти башкаларга тапшыра баштады. Азияттын мындай "тынчышын" көптөрү "Кантсе да карылык башына келди. Анын үстүнө Фаризаттан айрылгандан кийин көтөрүлө албай калды" деп түшүнүштү. Чындыгында Фаризаттан айрылуу Азияттын жүрөгүнө сайылган ийне болду. Эң башкысы өзү гана билген сыр "Бриллиант жыландан" айрылып отурат. "Бриллиант жылан" жөнүндө билгендерден "Протез" өлдү. Жөн өлбөй кайдагы бир "Рыжый Болот" деген күчүккө дөөрүп кетти. Дагы кимдерге айтты. Дагы кимдер "Протездин" жомогуна ишенди. Мына Азиятка тынчтык бербеген ойлор. Анткен менен да "Рыжыйдын" Азиятка катылышы аны бир топ тирилтип койду. Азият Болоттун баскан изинен бери аңдытып койгон болчу. Болоттун "боевик" сөрөйлөрү жолдон эле кармалышты. Паяльникти күйгүзө электе эле тилдери буудай кууруп сайрап беришти. Ошентсе да бир жылга оңдуу отура албагыдай кылып, көчүк жүндөрүн куйкалаттырып койду. Өзгөчө кислотага килкилдеп ээритилип, банкаларга куюлган шериктешин көргөндө тил ооздон айрылышып, айрымдарынын "крышалары" кыйшая түштү. "Рыжый" экинчи "Азият" деген атты укканда, түшүнөн чоочуп ойгонсун" деп ошентти. Көптөн бери чыгара албай жүргөн ачуусун чыгарып алды. "Рыжый" менен тирешүү Азиятты бир чети алаксытып да койду. Кайда кеткени дайынсыз Фаризаттын азабын тарткыча, колунда турган "Рыжыйдын" артынан түшүү оң болчу. Кандай да болбосун "Рыжыйды" карматып келип, чычкандай эрмектегиси келген ыкшоосу күчөп баратты. ххх Шаанын Ли менен болгон жолугушуусу ойдогудай бүтпөгөн менен шаабайы суубады. Эң негизгиси "жиптин учугу" табылды. Эми чеберлеп түрсө, түбүнө да жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Линин кызын издеп Америкага барбаган себеби, "кыз китепти өзү менен алып жүргөн жок. Ал Ли өмүр бою мекендеген калың токой курчаган бөксө тоолуу айлында. Кыз эртедир-кечтир сөзсүз келет. Кызды так ушул жактан күтүш керек" деп чечти. Бул күтүү канчага созулаарын да билбеди. Бекер жүрмөк эмес. Астына экинчи максат кылып койгон Кытайдын, Тибеттин байыркы фольклорун, чыгыш күрөшүнүн учу кыйырсыз сырларын изилдөөнү уланта бермек. Тоодогу үңкүрдө жашаган дербиш жөнүндө угуп калды. Жергиликтүү эл ал дербиш лама жөнүндө сөз да кылбайт экен. Көрсө, лама өзү жөнүндө айылдыктардан ар кимдерге эле айта бербешин суранат экен. Чалдын айтканын аткарбай ээн ооздук кылгандардын түшүнө кирип, кадимкидей кыйнайт имиш. Ошондон коркуп калган жергиликтүүлөр сөз кыла бербейт. Шаа бул сырдын аныгын бүжүрөгөн оорулуу кемпирден укту. Түнт токойлуу бөксө тоонун этегине жайгашкан элүү түтүнчө эл жашаган айылга, ушул "оорулуу кемпирге жардамдашам" деп келип калды. Экөө базардан таанышышты. Кемпир ого эле биртоп жүк жүктөлгөн кол арабасын жакшы сүйрөй албай тырталаңдап баратыптыр. Боору ооруган Шаа кемпирге жардамдаша кетти эле, кемпир жыртайган көздөрү менен тиктеп: - Уулум жардамдашам дегениңе рахмат. Бирок, сага төлөгүдөй менде тыйын жок, - деди. - Энеке бекер эле жардамдашам. Кемпир Шааны дагы сынай карады да: - Башка элденсиң го? - деди. - Ооба энеке. Биздин элде карыларга жардамдашып коюуга үйрөтөт. - Демек, саныңар аз эл окшойсуңар? Анан да айылда өссөң керек. Шаа кемпирдин акылмандыгына делдейе түштү. - Кантип билдиңиз энеке?.. - Карыларга жардам берип коюну кайсыл элде болбосун үйрөтөт уулум. Бирок, ал саны көп кытайдай элде унут болуп, ишке ашпай калат. Тегерегиңди карачы? Мендей өлөсөлү карылар миң, миллион, кайсыл бирине жардамдашууга шайың жетет. Аз элдин карысы аз. Жаштары көп. Анткени, аз эл көп балалуу болот. Ошондуктан, карылар дээрлик темтеңдеп көчөгө чыкпайт. Анда-санда көрүнө калган карыга жаштар жардам бере коюууга куштар. Эми түшүндүңбү? - деп шыпшынып койду. Экөө жанаша басып, кол арабаны Шаа сүйрөп, кемпир болсо божурап сүйлөп баратты. Кемпир картайса да акыл-эси таза экен. Сүйлөгөндү да жакшы көрөт окшойт. Шаанын илимпоз экенин укканда: - Түбү жок кудукка кулапсың уулум, - деди. - Кандайча энеке?.. - Уулум кемпирдин башын ооруткуң келет ээ. Аны өзүң деле түшүнүп турбайсыңбы, - дегенде Шаа дагы бир жолу делдейди. Кытайда, өзгөчө Тибетте адамдын оюн оозунан сөз чыкпаса да окуй алган ламалар болот деп окуган. Бирок, ушул кезге чейин андайларды жолуктура элек болчу. Сүйлөөгө сөз таппай калды эле кемпир өзү улап кетти: - Адам кызыкчылыгы чексиз, уулум. Илимий иш жүргүзгөндүн жаманы жок. Кеп маңдай тер төгүп эмгектене билүүдө. Ал эми эмгектин үзүрү сөзсүз болот, - деп аягын тунгуюктап койду. Көрсө, кемпир айылына автобус жөнөөчү чакан автобекетке келатыптыр. Азыр көпчүлүгү кары-картаңдар эле калган кемпирдин жашаган айылы жөнүндө укканда кызыгуусу артып, ээрчип, ушул дүйнөнүн унутулуп бараткан бир бурчуна барууну чечип, жөнөп кете берди. Айылга келгенде да кемпирдин үйүндө туруп калды. Жөн турбай короо-жайын ирээтке келтирип, кичине жамгыр жааса эле тамчы куюлган тоокканасын, малканасын оңдоп кемпирди жыргатып салды. Кемпирдин өзүнө жеткидей чарбасы бар экен. Беш эчкиси, элүүдөн ашык тоогу бар. Эчкилеринин сүтүнөн түрлүү быштак жасап, май жасап сатып, тоокторунун жумурткаларын сатып жан сактайт экен. Анан ушул айылда тамекиси оозунан түшпөгөн, өзү дайыма кызуу жүргөн дагы бир чал боло турган. Ошол чал бир күнү Шааны чакырып калды да: - Уулум сен менин сообума калып арак алып берчи? Мен сага эч ким билбеген бир сырды айтып берейин, - деди. Шаа алгач чалга ишене бербеди. "Жөн эле башы ооруган чал мени алдагысы келип жатат го" - деп ичинен ойлой кетти. - Жок мен сени алдабайм. Ушул жашка келгиче мен эч кимди алдаган эмесмин, - деди чал. Шаа бул чакан айылдагылардын көбү адамдын оюн оозунан сөз чыга электе окуй алаарына көп деле таң калбай калган. - Болуптур, - деди да дүкөнгө жөнөдү. "Мен тетиги карагайдын түбүндө болом," - деди чал. Шаа келсе чал дөңгөчтө чыдамсыздана отурган экен. Чөнтөгүнөн пластмасса идишин сууруп чыкты да: - Куйчу алдыгындан, - деди. Шаа үнсүз бир литрлик шишедеги арактын оозун ачты да, тигиге куюп берди. Колундагы аракты тартып жиберди да көздөрүн жуумп далайга отурду. Анан шишенин калганын Шаадан алып оозун бурап бекитип туруп койнуна катты да, туруп баратып эстей коюп: - А-а жанагы сыр жөнүндө, мына бул жолду көрдүңбү? Так ушул жол менен жүрүп отурсаң тоого көтөрүлөсүң, чытырман токойдон өтөсүң, анан шаркыратмадан өтөсүң. Анан үңкүргө барып бир тиесиң. Так ушул тасмадай ичке бирок, күн сайын мал чубап өткөнсүп таманына чөп өспөй, кашкайган жол так ошол үңкүргө жеткенде түгөнөт. Ал үңкүрдө сакалы да, чачы да куудай, бирок, бетинин кызылы өчпөгөн, терисин бырыш басса да карылардыкындай, каны кетпеген дербиш лама жашайт. Ал мен жаш кезимде деле ошондой болчу. Азыр деле ошондой. А-а мен болсо минтип көргө жакындап баратам. Менин атам айткан, ал жаш кезинде деле ошондой болгон экен. Атам жүздөн ашып өлдү. Мен да жүздөн аштым. Атама атамдын атасы айтыптыр. Кыскасы, анын канча жашаганын эч ким билбейт. Ошол дербиш ламага жолуксаң сен адам билбегенди билесиң. Бул айылдагы карылардын баары дөөпүрөстөр. Сага болбогон нерселерди дөөрүп айтып берип жүрүшөт. Дагы деле ишенбей турасың. Мейлиң, ишениш-коюш өз эркиң. Бирок, мен убадамды аткардым, - деди да басып кетти. Шаа бул "жомокко" ишенерин да, ишенбесин да билбеди. Айылда өзү жакшы тааныш болуп калган эки-үчөөнө барып чечмелеп сурап көрсө, ийиндерин куушуруп "укпаптырбыз" деп коюшту. Эртең менен түшкө жеткичекти эле айылдагылардын жумурткаларын, сүт, майын чогултуп коюп, алып кетүүгө кечки машина келгиче эригип күтүп отурчу дүкөнчү болсо Шаага "Ой ал алкаш чал дөөрүй берет. Эч кандай лама жок. Мен да алгач укканда ишенип барып жүрбөйүмбү. Жол бийик шаркыратмага барганда бүтөт. Андан ары бийик зоолор. Эч нерсе жок. Тим эле башы ооруганда ар кимге айтып арак алдырып иче берет", дегенде такыр үмүтү үзүлүп, "Чал алдаптыр" деп ойлой баштаган. Үйгө келсе, Шааны кемпир үңүрөйө карап турду да: - Оңбогон алкаш дагы дөөрүгөн экен ээ, - деди. Шаа үндөгөн жок. Иштеген орунтугуна отуруп, акыркы жазгандарын ирээттей баштады. Бул айылга келгени бир айга чукулдап калган. Эми "кайра кетсемби?" деп ойлой баштады. Айылда өткөргөн убактысынын жыйынтыгы өкүнгүдөй деле эмес болчу. Бир топ легендаларды жазды. Өзгөчө бүжүрөгөн кара кемпир табылгыс байлык болуп чыкты. Шаа билбеген, унутулуп бараткан биртоп иероглифтерди үйрөттү. Башында кемпирди билимдүү деп ойлогон да эмес. Турмушка да чыккан эмес экен. Көрсө, бүт өмүрүн ушул айылда мугалимдикке арнаптыр. Кемпир болсо адатынча, трубкасына махоркадан шыкап алып үн сөзсүз рахаттана тартып отурган. Ойлуу отурган кемпир күтүүсүз сүйлөп кирди. Шаа жакты да караган жок. Эч кимге эмес өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай: - Кантсе да алкаш чал чындыкты айтыптыр. Ушул биз турган тоо суулардын ээси, кудайдын жердеги өкүлү, улукмандардын улукманы, ыйыктын, ыйыгы ламанын бар экени чындык. Кеп ага бардык эле каалагандар жолуга бере албасында. Тасма жол чын эле тоодогу үңкүргө алпарат. Бирок, бир сыр бар, шаркыратмага жеткенде коркпой шаркыратманын астына кирүү керек. Суунун илеби күчтүү. Карылуу, күчтүү, мыктылар, чыдамдуулар гана кире алат. Анын үстүнө тоодон түшкөн суунун муздактыгы сөөктү какшатат. Буркан-шаркан түшүп, үрөй учура ак көбүктөнгөн шаркыратманын астынан өткөндө анын асты көңдөй. Киши бою бийик өткөөл бар. Ар жагынан жарык көрүнүп турат. Аркы бетине чыкканда, тасма жол кайра башталат. Бирок, тик, жалама аскаларды аралап жөнөйт. Шамдагай, токтоо, ар бир кадамыңды так кое билген чебер болбосоң кайра артка тарткан оң. Жалама асканын бетинен өткөн жолдон учсаң сөөгүң сөпөт болот. Кургуйга кулайсың. Ал жаракага жору, кузгун да түшө албайт. Ошентип, сенин кайда кулаганыңды бир кудайдан башка эч ким билбейт. Канчалардын сөөгү ошол жаракада жатса керек. Мына ошол жалама асканын бетинен өткөндөн кийин көпүрөгө туш болосуң. Асма көпүрө чайкалып турат. Так эле жараканын үстүндө. Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр да ошондой болсо керек. Көпүрөдөн өткөндө ажайып дүйнө бар. Жашыл шибер чөп, жылуу булактар. Бет маңдайыңдагы чоң аска таштын түбүндө үңкүр. Үңкүргө киргениңде төрүндө улуктун-улугу, ыйыктын-ыйыгы лама отурат. Атын эч ким билбейт. Канча жашта экенин эч ким билбейт. Буддадай болуп отурат. Тизең өзүнөн өзү бүгүлүп, астына кулап түшөсүң. Тилиң байланып калат. Канча болгонуңду билбейсиң. Тилсиз сүйлөшөсүң. Ал сүйлөбөйт, бирок, сөзү мээңе кирет. Сен сүйлөбөйсүң, бирок, бүт ойлогонуңду ал билип турат. Анан бир кезде кайра кетип бараткан болосуң. Баягы татаал жолдордон жепжеңил өтөсүң. Шаркыратманын суусунан үшүгөндү билбей өтөсүң. Бирок, ага бир гана жолу барганга уруксаат. Ушундай түшүнүк берилет. Экинчи жолу кайра кайрылып келүүнү каалабасаң гана уруксаат. Бирок, кайрылып келүүнү каалабаган адамдар барып, кайда кеткенин эч ким билбейт. Жооп болбойт. Барып келгендердин көбүнүн көзү ачылып узак жашайт. Айрымдары бир жумага жетпей өлөт. Сен азыр ага бара албайсың. Анткени, эртең тескери жакка жолго чыгышың керек. Сен көптөн бери күтүп жүргөн адам келип, өтүп кеткен атасынын арбагына сыйынып жатат. Сен эки күндөн кийин жолго чык. Анткени, окутуучуңа катуу сыйынышың керек. Астыдагы жолугушууң өтө катуу. Окутуучуң экөөңдүн араңар алыстай түшүптүр. Сыйынышыңа мен жардам берем. Окутуучуң түшүңө кирет да эмне кылыш керектигин айтат. Ошондо жолго чыгууга даяр болосуң. Болбосо, мертинип каласың. Ийгилик сен тарапта эмес. Каршылашың тарапта экен. Мына ушунун баарын кемпир бир дем менен улам тамекисин соруп, ойлуу отуруп айтты. Шаа үн чыгарбай дымырап отуруп укту. Кемпир этегинде: - Эми менин өлөрүм калды. Сага сыр ачканым үчүн Теңир кечирсин. Ансыз да бүт өмүр бою жүрөгүм өрттөнсө да, ушунча сырды эч кимге чыгарбай ичке сактадым. Жалаң ушул сырды чыдабай айтып коөм го деп турмушка чыкпадым. Кечил өттүм. Бир да адамга пейлимди салбадым. Көр оозунда турганымда пейилим сага түштү. Бала деген эмне экенин билбесем да сен мага баламдай болуп калдың. Эч бир арам ою жок, эч акы доолабай, жөн гана ыймандуулук менен карыга жардам бергениң мени жибитти. Энеңдей мамиле кылганың мени жибитти. Азыр өмүрдүн бир рахаты, эне болуу рахатын көрбөй калганыма өкүнүп "кайра" жок аз күн болсо да сага эне болуп, аз болсо да энелик рахатты көрдүм деп кайра топук кыла өкүнбөй, денем балкып отурам, уулум. Мага сенчилеп "энекелеп" эч ким кайрылган эмес. Бу да мага Кудайдын берген белеги болсо керек. Менин жарык дүйнөдө жашашыма жети эле күндүк мөөнөт калды. Эгер астыдагы жолугушуудан аман калып кайрылып келсең, мени тирүү көрбөйсүң. Ал эми жолугушууң кандай болот көрө билүүгө менин күчүм жетпейт экен. Ал жактан күчтүү жарык чачып, эч нерсе көрсөтпөй жатат. Сенде өтө улуу сыр катылган, аны көрүүгө да болбойт экен, күчтүү жарык көздү куйкалайт, - деген сөздөрдү укканда Шаанын жүрөгү дүкүлдөп, денеси бир "дирт" деп кетти. - Чоочуба, мен сага жакшылык гана каалайм, - деди кемпир "шак" туюп. Шаа далай көзү ачык, төлгөчүлөрдү көргөн, мындайды жолуктурбаган. Өзгөчө бүжүрөгөн араң жан кемпирден муну күтпөгөн. Кароосуз калган алсыз оорулуу кемпирди эмнегедир энесиндей көрүп, ак пейилден жардам бергени чындык. Ал түгүл кетеринде "Бул жерде жалгыз кыйын болот го, энеке. Карылар үйүнө алпарайынбы десемби", - деп да ойлоп жүргөн. Көрсө, сырдын баары бул жакта жаткан тура. Кемпир "Күткөн кишиң келип, атасынын арбагына сыйынып жүрөт" деп ким жөнүндө кеп кылып жатканын Шаа илгиртпей туйду. Тоодогу дербиш лама жөнүндөгү легенда канчалык кызыктуу болгон күндө да Шаанын барар жагы, "күткөн кишиси" болчу. Кемпир муну туура айтты. "Чын эле Линин кызы келди бекен? Аны кемпир кантип билип алды?" деген суроо башына келди. - Күткөн кишиң келгени чындык. Андан кам жебе. А көрөкчө азыр жакшылап тамактаналы да, эрте жатып жакшы эс алалы, - деп тамак даярдаганы чыгып кетти. Шаанын санаасы-санга бөлүнүп, "Линин кызы келсе дагы канча жүрөөр экен. Балким кайра тез эле кетип калаар. Эртең мененки автобус менен эле кете берсемби?" деген ойлор мээсин жеп жатты. "Бул түнү тынч уктаарымды да кудай билет" деп ойлогон. Кечки тамакты ичкенден кийин эле уйкусу келе баштады. Төшөккө башы тиери менен кантип көзү илинип кеткенин да билбей калды. - Шаа, ойгон. Биз жасай турган иштер али көп, - деген кемпирдин үнүнөн ойгонду. Көзүн ачса күн нурлары терезеден төгүлүп туруптур. - О-уу, аябай уктаптырмын го - деди өзүнө өзү таң кала. Мээси сергип, денеси бир башкача жеңил тартып, аябай жакшы эс алыптыр. Кемпир ашкана тарапта эртең мененки тамакты даярдап жүргөн экен. Минтип тырп этпей уктай алчу эмес. Кейпи, кемпир кечки тамак менен бир нерсе берген шекилдүү. Канткен менен да шаша бербей кемпирдин айткандарын так аткаруу керектигин ички туюму менен сезди. Экөө тамактангандан кийин ээрчишип, кемпирдин анда-санда эле киришчү конок бөлмөсүнө өтүштү. Кемпир бөлмөнүн ичин таптаза кылып жыйнап, төрдөгү Будданын келбетинин астына жаңы жибек жоолук салып, терезелерди караңгылап туруп шам жагып коюптур. Өзү бөлмөсүнө барып, бир башкача жасалгаланып кийинип келди. Кындуу эки кылыч анан жазылыгы бир карышча келген кызыл тасма бел боо ала чыкты. Алгач Шаанын белине белбоону үч ороп байлады да, анан кылычтарды кынынын куру менен кайчылаштыра далысына байлады. Кылычтан саптарынын учу ийиндеринен укумча чыгып турду. Анан: - Кана кылычтарды сууруп көрчү, - деди. Шаа эки кылычты көз ирмемде сууруп чыкты. - Теңир өзү колдосун, кылыч суурушуң жаман эмес. Бир топ өнөр билээриңди туйдум эле, - деп күңкүлдөп койду. Кылычтар анча деле узун эмес экен, 65 сантиметрче бар. Бирок, таза болоттон жасалганы, албарстай курч экени билинип турат. Шаа кызыгып көпкө карап калды эле: - Кынына салып кой. Жайында тынч жаткырларды, - деди кемпир. Экөө чөк түшүп жанаша отурушту. Кемпир ичинен бир нерселерди тынымсыз сүйлөп сыйына баштады. Шаага болсо көздөрүн жуумп үн чыгарбай отуруусун буюрду. Арадан канча убакыт өттү ким билсин, Шаа бир кезде өзүн караңгы үңкүрдө учуп жүргөндөй сезе баштады. Үңкүрдүн сыртка чыкчу оозун таппай учуп жүрдү. "Уктап калып түш көрүп атамбы?" деп ойлоп коет. Бир кезде аба жетпей кыйнала баштады. Аңгыча кичинекей жарык шоола көрүндү. "Кейпи, үңкүрдүн оозу ошол жакта болсо керек" деп жанталашып шоола тарапты көздөй учту. Аңгыча өздөрү жарганат сыяктуу, бирок, чоңдугу ителгиче бар жандыктар кайдан жайдан учуп келип тепкилеп, жолун тосуп киришти. Колунан келишинче коргонуп жатты. Эсине аркасындагы кылычтары түшүп, экөөнү тең сууруп алды да, эми кылычтар менен коргонууга өттү. Тигил жырткычтар өтө шамдагай болушат экен. Чаптырбай буйтап жатышты. "Жок дегенде биринин канатын үзө чапсам башкасы коркуп качышат беле" деп канчалык билген ыкмаларына салып, шамдагайлык менен шилтесе да буйтап кетишет. Дарманы кетип, шайы оой баштады. Эми тигилерди өлтүрө чапканды кой, өзүн араң коргоого жарап жатты. - Балам чыда, мен сага жардамга баратам, - деген Кадыр атасынын үнү угулду. Жанагы жарык шоола чыккан жактан Кадыр атасы учуп келатыптыр. - Ата... Атаке менин дарманым калбай баратат, - деди демиге. Кадыр атасы учуп келди да, Шаанын колунан кылычтарды ала коюп тигил жырткычтардын биринен сала биринин башын үзө чаба баштады. - Карап тур, кылычты кантип шилтеш керек үйрөнүп кал, - деди болот кылычтарды чагылгандын огундай чарт-чурт дедире шилтеп жатып. Жырткычтар азая түштү. - Кана эми өзүң шилтеп көрчү, деп кылычтарды кайра Шаага берди. Бул жолу Шаа жаземдебей так шилтеп калыптыр. Күчү да толуп эс ала түшкөн экен. Жырткычтар бүт кырылды. - Кадыр ата сиз көптөн бери келбедиңиз го? Мен сиз тапшырган иш менен алпурушуп жүрөм. Акыры изине түштүм, - деди Шаа ыйламсырай. - Туура уулум. Сага жардамга келе албай жүрдүм. Себеби, күнөө өзүңдө. Атыңды өзгөртүп жибердиң. Акылдашып макулдук албай өзгөрттүң. Ошентип, мен сенден бөлүнө түштүм. Эми мындан ары дайым жаныңда болууга мүмкүнчүлүк ачылды. Сен эми өз жолуң менен тигил жакка кет, мен бул жакка барам, - деди да жанагы ак шоола түшкөн жакка учуп кетти. Шаа артына бурулса, үңкүрдүн оозу көрүнүп туруптур. Сыртка чыгып таза абадан дем алганда эси оой түштү. Шаа көзүн ачканда кемпир башында отуруптур. Өзү болсо бая эртең мененки бөлмөдө сулап жаткан экен. - Энеке мен кайдамын? - деди түшүнө бербей. - Баары жайында уулум. Азаматсың, баарына чыдадың. Сенин ички энергияңдын күчтүү экенине ишенгем. Эми башыңды көтөрүп бул сүттү шыпкай ич да, ордуңа барып жатып эс ал. Калган ишти эртең улантабыз, -деди да, чоң чыныга куюлган сүттү сунду. Курсагы аябай ачкан экен шак эле тартып жиберди. Кандайдыр бир чөптүн даамы бар сүт экен. Жатууга кам уруп атып саатын карап, түн ортосунан эчак оогонун билгенде таңдана түштү. Бирок, көп ойлонууга дарманы келбей уйкуга кетти. Эртеси окуу кечөөгүдөй башталды. Кайрадан экөө жанаша чөк түшүп отурушту да, кемпир күбүрөнүп сыйынып кирди. Шаа дагы уктап кеткенсиди. "Кайрадан баягы үңкүргө барат экенмин" деп жүрөгү дүкүлдөй баштады. Жок. Бул жолу үңкүргө барбады. Кадыр атасы "жарк" деп маңдайында пайда боло калды. Баягысындай эле экен. - Ата... Кадыр атасы колун көтөрүп, "сүйлөбө" дегендей белги берди. Баягы кичине кезинде машыктырып жүргөндө "сүйлөбө" деп ушинтип белги берчү. - Уулум. Теңирим жардам берип, сен ыйык энеге туш болупсуң. Сенден сураарым энеңдин айткандарын толук, так аткар. Ошондо жолуң оң болот. Астыда оор беттешүү күтүп турат. Өзүңдү токтоо кармап, коркпо. Алдастап шашканда чечим чыгарба. Баарын ойлонуп иште! - деди да кайра жок болуп кетти. Шаа ойгонсо, кемпир экөө эртең мененки калыптарында эле чөк түшүп отурушкан экен. Күн түштөн ооп калыптыр. Кемпир Шааны жылмая карады да: - Уулум кудай буюрса иш оңунда, мынчалык тез транска түшүрө алам деп ойлогон жок элем. Карысам да "бир койлук" алым бар экен. Бүгүн бүттү, эми эс ал. Эртең жолго чыгасың. Мен билген өнөрүмдү сенден аяган жокмун. Бүт үйрөндүң. Калганын эртең жолго чыгып жатканда сүйлөшөбүз. Мен эми сага жакшылап туруп кечки тамак жасайын, - деп бүкчүңдөй ордунан туруп кетти. Шаа чөк түшкөн калыбында кемпир чыгып кеткиче отурду да, анан ордунан туруп, кылычтарды сууруп алып бир нече кыймылдарды жасады. Өзүнө буга чейин тааныш эмес кыймылдарды кыйналбай жасап жатты. Кечөө кадимки Кадыр атасы кылыч шилтеген ыкмалар. Бир нече бийлерди бийлеп кыймылын текшерди. Кантсе да күн ара убакыт таап, денесинин ийилчектигин үзбөй машыктырып жүргөндүктөн кыйналган деле жок. Машыгууларын бүткөндөн кийин токой аралап бир топко басып жүрдү. Тоолордон, токойдон өзүнө энергия сиңирди. Кечки тамакты кемпир экөө ашыкча сөз деле сүйлөшпөй ичишти. - Туура ойлойсуң. Мен сени тынч уктап, денең жакшы эс алсын деп айрым бир чөптөрдүн маңызынан тамакка кошуп коюп жатам, мындан эч кандай зыян жок. Тескерисинче пайда. Эртең жолго чыгаарыңда бир чөптүн маңызын ичирем, ал сага толук бир айга чейин ченемсиз күчтү, шамдагайлыкты, күйүкпөөнү тартуулайт, - деди кемпир, Шаа сурабаса деле. Демейдегидей эле төшөккө башы тиери менен тырп этпей уктады. Эртең менен эрте ойгонду. Турса, кемпир эчак эртең мененки тамакка даярданып жүргөн экен. - Уулум кандай эс алдың? - деди Шааны жылмая карап. - Ойдогудай энеке. - Жарым сааттан кийин тамак даяр болот. Азыр болсо өзөнгө жүгүрүп бар да, муздак сууга жуунуп кел, - деди. Экөө тамактанып бүткөндөн кийин; - Отур уулум, эми жолго чыгаардагы сөздү сүйлөшөлү - деди да, өзү чөгөлөй, Шаанын бет маңдайына отурду. Бир топко чейин ичинен күбүрөп сыйынып жатты. Шаа алгач "дагы уктап кетем го" - деген. Жок, уктабады. Анан сөздү кемпир баштады. - Уулум, сенин каршылашыңдын астында бир күчтүү артыкчылыгың бар экен. Бул эркектигиң. Каршылашың аял киши экен. Кантсе да эркек деген эркек. Кармашса күчү да, акылынын тунуктугу да, туура чечим кабыл алышы да аялзатына караганда күчтүүлүк кылат. Бир оор кемчилигиң бар экен. Бул да эркектигиң. Эркек аялга бат азгырылат. Аял эркекке караганда амалкөй келет. Миң түрлөп кубула алат. Байкуш болуудан, бүжүрөп калуудан, тим эле бул дүйнөдө сенден башка эркек көрбөгөнсүп, элжиреп эзилип сүйө кароодон намыстанбайт. Өз максатына жетиш үчүн аялдар өтө кара мүртөз келип, болгон айла-амалды бүт колдонот. Аялдар эркектерге караганда күнүмдүк жашоого чыдамдуу жана жөндөмдүү келгендиктен, дүйнөдө эркекке караганда сан жагынан көптүк кылышат. Мына ушул айтылгандардан туура жыйынтык чыгар. Каршылашыңдын жүрөгүндө капкара уюган коргошун турат. Ал сенин каның төгүлсө гана ээрийт. Ушуну эсиңден чыгарба. Чечимди өзүң чыгарасың. Жүрөгүңдү ук. Бирок, акылдан шашпа. Анан ордунан турду да өз бөлмөсүнөн куржун көтөрүп чыкты. Ичинен эки кылычты алып чыгып Шаанын астына койду. Үстүнө баягы кызыл тасма бел боону бүктөлгөн калыбында койду. - Бул кылычтар ыйык кылычтар. Көзүңдүн карегиндей сакта. Жаныңа медер болот. Бул бел боону да көз карегиңдей сакта. Бөтөн көзгө көрсөтпө. Ыйык бел боо. Душманыңа жолугаарда күрмөңдүн ичинен ороп ал. Кармаш башталганда күрмөңдү чечип ыргытып жибер. Бул душманыңдын көзүн уялтат. Эми эң негизгисин берейин - деди да, койнунан ичке өрүлгөн кызыл, ак, сары, кара түстөгү алтын акак жибек жипке тагылган бармактай, тегерек тыйынга окшош, кызгылт алтындан жасалган медалөнду алып чыкты да: - Кел мойнуңду тос. Бул талисман жаныңды коргойт. Мойнуңдан түшүрбө. Каршылашың оңой эмес. Мага келген белгилерге караганда, биртоп сырларды билет. Ал көзүңө беш, тогуз, он үч кыз болуп көрүнүп, баары жабылып качырышы мүмкүн. Ошондо ушул медалөнду кийимиңдин сыртына чыгарсаң нур чыгып, кайсынысы чыныгы душманың болсо ошонун жүрөк тушуна түшүп турат. Калгандарына күч коротпо. Ошол нур түшкөнү менен гана кармаш. Калгандары сөлөкөт, көлөкөлөр гана. Алар сага зыян кыла албайт. Эң негизгиси каршылашың өзүнө түшкөн нурду көрбөйт. Ушундан куулук кылып, мүмкүнчүлүгүңдү пайдалансаң болот. Кемпир "дагы эмнени айтпай калдым" дегенсип көздөрүн жума ойлуу отуруп калды да: - Кейпи, барын айтып бүттүм окшойт, - деди. - Энеке мен издеген буюм бирөө эле эмес, экөө. Экинчиси жөнүндө бир нерсе айта аласызбы? Жок дегенде кайда экендиги тууралуу. - Уулум, сен издеген буюмдар ушунчалык улуу касиетке ээ экен. Алар жөнүндө сөз болгондо эле жарык нур чыгып, эч нерсе көрүнбөй калат экен. Мен мындайга өмүрүмдө биринчи туш болушум. Эгер ушундай күчтүү касиети болбогондо, далай көзү ачыктар эчак эле тагдырын чечип, бириктирип коймок го. Билгеним ушул, - деди. Анан ордунан туруп Шаанын маңдайынан өптү. Шаа кемпирдин көзүнөн жаш тегерене түшкөнүн байкады. Автобуска отуруп жатканда кемпир экөө коштошушту. Шаа кемпирдин сөөгү эле калган, бырышкан терилер баскан колунан өптү да: - Кош энеке, балким иш бүтсө кайрылам, - деди үнүн пас чыгарып. - Кош уулум, - деди да кемпир башка сөз сүйлөбөдү. Ошол бүкчүйгөн калыбында, автобус бурулуштан көрүнбөй калгыча бир ордунда карап турду. ххх Шаа түз Хун Линин айлына жөнөгөн. Айылдагы Линин анча-мынча чарбачылыгын карамжылап жүргөн уйгур чал Хун Линин кызы келип, эки күн жүрүп кеткенин, "кайра" дагы бир жолу келип кетем" деп айтканынан башка эч нерсе дебеди. Шаа кайра шаарга барып иликтөөнү туура көрдү. Шаардагы мейманканага келип орун алып жатып, аркасынан бирөөнүн теше тиктеп турганын сезди. Акырын, жердеги жүгүн көтөрүмүш болуп караса, европалыктарча чыкыя кийинген узун бойлуу (Бою Шааныкынча бар) чымыр денелүү, көздөрү бакыракай кыз тикчийе карап туруптур. Жүрөгү "издегениң так ушул" деп шыбырады. Жатуучу бөлмөсүнүн ачкычын чөнтөгүнө салып жатып, "Бул мени аңдып жүрөбү?" деген ойго кетти. "Кандай кылсам, балким, ал кыз эместир. Жөн гана мени бирөөнө окшоштурган же жактырып калган кыздардан болсочу?" деген ойлор да келди. Ошентсе да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болбойт эле. Ийиндегичи бар жол сумкасын колуна көтөрүп түз эле кызды көздөй бет алды. Кыз мындайды күтпөсө керек. Кичине буйдала түштү да Шааны такыр байкамаксан болуп тетири карап туруп калды. Качып жөнөөгө болмок эмес. Шаа басып келди да: - Саламатсызбы, Америкадан качан келдиңиз? - деди. Кыз көздөрүн бакырайта, таптакыр таң калган адамча Шааны тиктеп турду да; - Сиз мени кимдир бирөөгө окшоштуруп жатасыз го? - деди. Шаа кыздын анткорсуп калганын даана туйгандыктан, өзүнө-өзү бекемирээк ишенип калган. - Мен сизди жакшы тааныйм. Сиздин сүрөттөрүңүздү көргөм. Ал түгүл агаларыңыздан видеофильмдериңизди да көргөм, - деди кебелбей. Чынында ойдон чыгарып видеофильм тууралуу ашыгыраак айтып койду. Сүрөттөрүн көргөнү чын. - Анан да сиздин мойнуңуздагы меңдей, сулуу меңдер бардык эле кыздарда боло бербейт, - деп кошумчалады. Меңди да азыр көрүп айтып жатканы, кыздын кулагынын астында кара меңи бар экен. Кыздын өңүнө кичине кызыл жүгүрө түштү. Кейпи "танган менен пайда жок" -деди окшойт. - Болуптур, мен Фай Лимин. Эмне демекчисиз?, - деди кайра Шааны сынай тиктеп. - Сиз экөөбүз сүйлөшө турган сөздөр көп. Аны сиз да билесиз. Ошондуктан мени аңдып, вокзалдан бери мейманканага чейин узатып келдиңиз, - деди Шаа кебелбей. Чындыгында эле ошондой болгон. Кыз айылдагы уйгур чалга "ким мени издеп келсе токтоосуз мага билдиресиң," - деп телефон калтырган. Бүгүн чал телефон кагып, Шааны кийминен бери сүрөттөп, кайсыл автобуска түшкөнүнөн бери айтып берген. Кыз жооп айта албай буйдала түштү. - Жүрүңүз, тигиндей барып кичине отуруп сүйлөшөлү, - деди да Шаа арыта турган мейманкананын фойесиндеги диван креслолор жакка басты. Кыз да үнсүз, Шааны жандай жөнөдү. Экөө бет маңдай отурушкандан кийин бири-бирин сынай, тиктеше түшүштү. Экөө тең сөздү эмнеден баштоону билбей турушту. Экөөнүн тең жүрөктөрү бир башкача лакылдап чыкты. Кекиртектерине бирдеме тыгылгансып араң дем ала, денелери ысый баштады. Муну ар кимиси өзүнчө түшүнүп, ичтеринен "Бул менин көзүмдү байлап, гипноздук таасир берип жатат" деп ойлоп жатышты. Экөө тең бирдей деңгээлде кыйналып жатышканын түшүнбөй, кыжырлануу сезимдери пайда боло баштады. Өзүн-өзү араң кармаган Шаа; - Билесиңби, Фай Ли экөөбүздүкүндөй жай жолугушуу балким акыркы миң жылдыкта биринчи жолу болуп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, колдон келишинче акылга салып сүйлөшөлү, - деди. Кыз демигип, кыйнала баштаганын канчалык билгизбейин деген менен да дем алышы оорлоп бараткан. - Экөөбүз бул жерден сүйлөшө албайт окшойбуз. Сен эки күндөн кийин, биздин айылдын үстүндөгү эски, кулаган монастырга кел. Ошол жерден жай сүйлөшөлү, - деди кыз. "Азыр кетип калбасам бул мени өзүнө баш ийдирип, таптакыр эс-учуман айрып коюшу мүмкүн" деп ойлой баштаган. Жооп күтпөстөн эле ордунан шарт турду да, эшикке бет алды. "Жыгылып түшпөйүн" деп чымыркана кадам шилтеп баратты. Эшикке чыкканда, суудан чыккан балыкча таза абадан кере-кере жутту. Айлана бозоруп, тумандай түшкөн көзү ачылып, үстүнөн баскан оор жүк түшкөндөй жеңилдей түштү. "Жөн эле сүйлөшүп отургандагы гипноздук таасири ушунча болду, кармашсак кандай болот?" деп кыздын жүрөгү болкулдап баратты. Ордунда отурган калыбында кала берген Шаа да, кыз кеткенден кийин кичине убакыт өткөрүп араң эс алды. "Бул кыз укмуш го. Кейпи, мага "гипноздук таасир бере албай койдум" деп кетип калды окшойт. Дагы он-он беш мүнөт отурганда менде сүйлөөгө дарман калбайт эле" - деп ойлоду. Экөөнө тең бирдей күчтүү таасир берген касиет, сырдуу күч, чындыгында кайдан келгенин экөө тең билишпеди. "Улуу сырдын" кылымдан кылым аттап, биригип ачылбай келатканынын түйүнү балким ушундадыр. Биле да алышмак эмес. Анткени, экөөнүн тең жүрөгүндө бири-биринен шек сактоо, карама-каршылык, тирешүү турган. Так ушул урук балким китеп экиге бөлүнгөндө ташталып, адамдагы адамдык "улуу дүйнөнү" экиге ажыраткандыр. Экиге ажыраганда да так ушундай жан чыдагыс кыйналуу болгондур. Эми бул бир адамзаттын өмүрүндөгү кылымдан-кылым артып келаткан табышмак го. Кызга жолукса эле "Бас бул жакка" деп астына салып айдап алып, каалаганына жетчүдөй болгон Шаа "Токто, сөздү бүгүн эле бүтүрөбүз. Эч жакка кетпейсиң. Сени табам деп бекер жер кезип жүрүмтүрмүнбү. Ушул бойдон куйругуңду түйсөң, дагы кайдан тапмак элем" дегенге жарабады. Үн чыгарууга алы келбей ордунда кала берди. Ушунун баарын ой учугунан сыдырып өткөн сайын астындагы жолугушуудан заарканып турду. Эки ойдо жанчылды. Ал түгүл, "жолугушууга барбай, качып жөнөсөм кантет?" деген азгырыкка да алдырып, кайра өзүн токтотот, "Улуу сырдын" бир учугу менде турганда өлтүрүшпөйт. Бирок, колго түшүрүп алып, адам чыдагыс кыйноого салуулары толук мүмкүн. "Эгер колго түшүп кала турган болсом, коө бербесеңер өзүмдү өзүм өлтүрөм деймби?.." Түрлүү ой учугуна жетеленет. Күн сайын отуруп алып Теңирге сыйына баштады. "Эртең жолго чыгам" деген күнү Кадыр атасы түшүнө кирди. Тим эле өңүндөгүдөй маңдайына келип чөгөлөй отурду да "Уулум, эртең сен үчүн оор күн. Ошондо да чыда. Жеңүүгө аракет кыл. Өзүңдү карма.Акылыңдан шашпа, ар бир кадамыңа аяр бол. Айыл үстүндөгү бузулган монастырга барбай, жолугушууга башка жерди белгилесең болмок. Эми кеч болуп калды. Кыз сени ошол гана жерден күтөт. Дагы бир эскертейин, кыз монастырдын урандыларын аралай качып сени ортосуна азгырат. Колдон келишинче четкерээк жагында болууга аракеттен. Кыз сени ал жакка чакырганынын себеби, өткөн ата-бабаларынын арбактары бүт ошол жерде. Алардын колдоосуна таянмакчы. Мен колумдан келишинче жаныңда болуп көмөктөшөм" - деди да жок болуп кетти. Шаа ойгонуп кетип Кадыр атасы менен "өңүмдө сүйлөштүмбү же түшүмдө сүйлөштүмбү?" деп айрып биле албай дендароо болуп жатты. Анан кытай кемпир эсине түштү. "Аз күн чогуу жашасак да тууган энемдей болуп калды. Мынчалык эч ким жүрөгүмө жакын болгон жок эле. Эртең кыз менен жумушум бүтсө кайра бир барып, кабарын алышым керек" деп койду. ххх Күн нурлары тоо баштарынан жаңы чачыраганда Шаа кыз айткан эски монастырга келди. Ийиндегичи менен асынган жол сумкасынан баягы кытай кемпир берген буюмдарды алып чыгып беттешүүгө даярдана баштады. Күрмөсүн чечип салды да, бел боону үч каттап белине ороду. Артына кылычтарды тагынды. Баары даяр болду дегенден кийин түрлүү кыймылдарды жасап, керилип чоюлду да кызды күтө баштады. Шаа "кыз али келелек болсо керек" деп ойлогон. Чындыгында кыз түндө так ушул монастырдын урандыларынын арасында түнөгөн. Таң сөгүлө ойгонуп, ал да беттешүүгө даярданып, бир башкача кийинген. Үстүндө таза кытай жибегинен тигилген мала сары шым, көйнөк кийип, артына эки кылыч байланып, анын үстүнөн жука жибектен тигилген мала кызыл халат кийген. Халаты "элп" эткен желге да "желп" этип жайылып, толкуп үлбүрөйт. Монастырдын так ортосунда жерге орнотулган кара мрамор ташка чегилип жасалган Будданын келбети бар болчу. Кыз ошонун астында күн көтөрүлгүчө чөгөлөп отурду. Чачын эки мүйүздөй кылып түйүп туруп, ар бир жагына кынга кийгизилген, болоттон жасалган ичке, жебеге окшогон, узундугу карышча бычактарды үчтөн сайып койгон. Билегиндеги чыканака чейинки билек каптарда да түрлүү ыргытуучу куралдар лезвиядай курч жылдызчалар, ийнелер тагылган. Мунун баары тээ байыртадан кытай элиндеги чыгыш-мушташында колдонулуучу куралдар. Бутунда жеңил териден чыкыйта тигилген операнын балериналарыныкына окшоп кеткен өтүк. Кыз күн аркан бою көтөрүлгүчө чөгөлөгөн калыбында отурду. Анан бир кезде кимдир бирөө ордунан алаканга салып көтөргөнсүп каалгый көтөрүлүп турду да учуп бараткансып, ортодогу чакан аятчаны каалгый тегеренип чыкты да, кайрадан ортосуна келип каккан казыктай түптүз болуп буттарынын учунда туруп калды. Чимирилип-чимирилип кетип "шпагат" отура кайра Буддага жүгүндү. Урандыларды аралап алаксый түшкөн Шаа күтүүсүз бирөө түртүп ийгенсип ордунан чимирик ата үч кадамча артка секиргенде, эки бычак көз ирмемче мурда турган ордуна шуу-шуу сайылды. Кылак деген кыздын жеңил кызыл халаты урандылардын арасынан бир көрүнүп жок болду. Кыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп убакыт коротпой түз эрегишке чыкканын түшүнгөн Шаа илбирстей сак болуп калды. Кадыр атасынын "монастырдын ортосуна барба, чет жагындагы аянтчаларда беттеш" дегени эске түшүп, чимириле секирип четтеги түз, кенен аянтчага өттү. Эми ураган монастырлар бет маңдайында, арты ачык. Коргонууга жеңил болуп калды. Кызгылт халаты желбиреп, үзүктөй жайылган кыз урандылардын кырынан көз ирмем пайда боло калды да кулакты жара ачуу чаңырып учуп келип, Шаанын астында беш кадамча жер менен жер боло, бүрүшүп отуруп калды. Экөө бир мезгилде кылычтарын сууруп алышты да, бири-бирине шилтеп калышты. Көзгө илээшпей шилтенген кылычтардын миздери бири-бирине тийгенде чартылдаган учкундар туш тарапка чачырап жатты. Кыздын жибек халаты жөн халат эмес экенин Шаа бат эле билди. Кыз болсо улам халатын Шаага орой ыргытып айланат. Шаа халатты кылычтары менен "барча-барча үзүп, чаап салайын" десе, халат кылыч тийгенде булуттай гана кылычтын мизинде айланып, кесилбей чыгып кетет. Кыз улам артка секирип, Шааны монастырдын ортосу жакка алып баратты. Шаа буга чейин мындай сулуу кызды көрбөгөндүр, бетинин жамалындагы нур албыра жанып, көздөрү жайнайт. Жука, жибектен чыпыйта тигилген кийим, бар мүчөсүн келиштирип, көкүрөгү кош алмадай тикчийип, үрптөрү жибекти тирейт. Өзүнүн да өңүндө душманы менен урушуп жаткандай жек көрүү, кыжырдануу жок. Сүйгөнү менен тамашалашып, эркелеп ойноп жаткансып, ууртунда күлкү төгүлүп, элжирей карайт. Чабуул койгондо гана ачуу чаңыра, кичине кабагы түйүлө түшөт. Шаа өзүнүн чын урушуп жатканына деле көп ишенбей, негизинен коргонуп жатты. Оюнда "сүйлөшүп сөзгө келсек" деген менен тынымсыз чабуул койгон кыз сөз айтууга мүмкүндүк бербеди. Барган сайын Шаа кыздын өлтүрүүгө эмес, колу-бутун үзө чабууга аракет кылып жатканын туя баштады. Алгачкы кызуу беттешүүлөр өтүп, экөө тең терге чөмүлө демиге башташты. Эми ар бир кыймылдарын эсептеп, бекер күч коротпошко өтүштү. Кыздын шамдагайлыгы, чыгыш күрөшүн укмуштай чебер билгени Шааны сак болууга түрттү. Бир нече жолу аз жерден кыздын кылычына илинип кала жаздады. Москвада окуп жүргөнүндө, чыгыш күрөшүнүн чеберинен машыгып жүргөндө, беш жыл бою жалаң кылыч, бычак, таяк, шалк этмелер менен чабышуу ыктарын өздөштүргөн эле. Кылыч чабышууну Кадыр атасы да үйрөткөн. Бирок, жыгачтан жасалган кылычтарга кейип, "чыныгы болот темирдин сүрү башкача болот. Жыгач кылыч менен үйрөнгөнүң иш эмес" деп калчу. Эмнеси болсо да Кадыр атасынын, Москвадагы чыныгы самурай машыктыруучусунун эмгектери текке кетпептир, барган сайын чарчап, алы кетиштин ордуна айрым унуткарган ыкмалар эске түшүп, кылычы чагылгандай чыртылдай аба тилет. Кейпи, болот ысып чыкты окшойт, алакандын ысыганы күчөп баратты. Шаага кылычынын учтары ал түгүл чоктой кызаргансып көрүнө баштады. Баягы кемпир уктатканда жарганаттардан коргонуп Кадыр атасы шилтегендей ыкма, менен жыланча ышкыра шилтеп өткөндө, кыздын колундагы эки кылыч тең ортолорунан чырпыктай чырт-чырт кесилип түштү. Халатын орой ыргыткан кыз качып, урандылардын үстүнө чыга качты. Шаа халатты кылычы менен тиле-тиле чаап бошонгуча кыз кутулду. Эгер халат болбогондо, кыз азыр мойнуна кылыч такалып, чөгөлөп отурмак эле. Шаа кыздын артынан секирди. Кармаштын кызуусу менен улам монастырдын ортосундагы аянтчага жакындап баратканын элес албады. Кадыр атасынын "Уулум" деген добушу алыстан угулгансыды. "И-и колдоп жанымда жүргөн экен" деп койду. Шаа кылычтарды шарт кынына сала, кызды издеп, аяр алдыга басты. Кыз кайра да ачуу чаңыра секирип чыгып, эми жылдызчаларды шуулдатып биринин артынан бирин ыргытып кирди. Шаа ордунан чимириле белиндеги белбоосун чечип алды да, жылдызчалардан белбоо менен коргоно баштады. Кыз ыргыткан жылдызчалар менен ийнелер белбоого шыгырап сайылды. Бири да тилип өтө алган жок. Силкип түшүрүп алды да, белбоосун кайра белине шарт ороп байлады. Колдорун эки жакка каркыранын канатындай жайган кыз кайра чабулга өттү. Көзгө илээшпей чимирилген кыз таштан чегилген Будданын астына барып туруп калды. Эмнегедир кулактары дүңгүрөй түшкөнсүдү. "Гипноздук аракетин баштады окшойт", - деп ойлоду Шаа. Мойнундагы тумар медалөнун кийиминин сыртына чыгарды эле, кичине кулагынын дүңгүрөгөнү басаңдай түштү. Кыз көз көрүнөө көбөйө баштады. Анын артынан кызга куюп койгондой окшош төрт кыз чыкты. Эми Шааны беш кыз айланып, тегерене басышты. Өмүр менен өлүмдүн айкашкан чегине жеткенин жүрөгү туйган Шаа жаалдана баштады. Буттарын бириктире калып, жерге опера бийчилериндей буттарынын учу менен гана таканчыктай, денесин созо ийреңдей колдорун көтөргөндө, "кобра" жыланга окшой түштү. Жыландын ышкырыгындай добуш карышкан тиштеринен сыбызгый чыгып, өзү ордунда куюндай чимирилип барып, сыбызгыган тири укмуш үн чыгара, шак секире аянтчанын ортосунан четине чыгып кетти. Кыздар кайра биригип бирөө болуп калды. Шаа монастырдын ортосундагы аянтка Кадыр атасы "барба" деген жерге түшкөнүн билди. "Кайра артка качып четке чыксамбы?" деген ой турса да, жигиттин намысы жар бербеди. "Кантип кыздан качам?" деп тартынды. Анын үстүнө кыздын үстүнөн болгон бир жеңиш эрдемсинтип да койду. Кыз да жигитке көздөрүн жайната карап, каркырача керилип колдорун жая, бутунун учтары менен айлана басты. Көпкө созуп отурбай кыздын бел омурткасын мертинте муштап колго түшүрүүнү көздөгөн Шаа качырып сала берди. Шилтеген соккуларынын бири да кызга тийбеди. Экөө абада каалгый түшүп да, жерде томолонуп кетип да, колдор менен да, буттар менен да бирин-бири мерчемдүү жерге урууга аракеттенип жатышты. Ачуу чаңыра чимириле секирген кыз кайрадан Будданын астына туруп калды. Кайта көбөйүп кетти. Эми беш кыз беш жактан чабуул койду. Шаа алгач баарынан коргонуп жатты, анан кытай кемпирдин айтканы эсине түшө калды. Кайсыл кыздын көкүрөгүндө медалендун нуру бар экенин издей баштады. Улам арт жагына өткөн кыздын көкүрөгүндө гана чын эле медалөнго окшогон кызгылт сары нур жаркылдап жүрдү. Кыз кызгылт сары түстө кийинип алгандыктан муну араң-араң байкады. Айлана чимирилген кыздардан анын артка өтүүсүнө атайлап эле шарт түзүп, астындагыларга алаксымыш болуп куулана баштаган менен бир секунд да аны байкоосунан чыгарган жок. Кыздар дагы ачуу чаңыра чабуулга өтүштү. Шаа "шак" далысы менен жерге жата калды да артынан секирип келаткан кызды бутунун томугуна тээп калууга үлгүрдү. Кыз бутуна оңдуу тура албай, үч-төрт аласалып кетти. Соккунун даана тийгенине толук ишенбесе да, Шаа кызды биртоп жабыркатканына көзү жетти. Тегеректегендер жок болуп кетип, бир бутуна оңдуу тура албай, аягын сүйрөгөн кыз көздөрүн жашылданта туруп калды. Шаа "эми жакшы сүйлөшөбүз го", - деп ойлоду. Кыз будданын келбетине сүйөнө айлана качты. Эмнегедир Шаанын кулактары кайрадан дүңгүрөй баштады. Жер айлангөчөк атып башы жарылып барат. Кандай болуп кетти. Эки кулагын алакандары менен баса калды. Көздөрү тумандай түштү. Будданын келбетинин артынан чокчо ак сакалы бар, чачы аппак чал чыгып келди да, узун кылыч менен качырып сала берди. Шаа эки кылычын араң сууруп алууга үлгүрдү. Шуу-шуу шилтенген кылычтан араң коргонуп жатып "Ата... Кадыр ата... атаке" деп чырылдап жиберди. Чагылган чартылдагандай добуш чыгып нур түштү да, Кадыр атасы пайда болду. Жыландын ышкырыгындай добуш чыгара, тигил чал экөө кармаша башташты. Дендароо болуп өзүнө келе албаган Шаа "Кыз кача электе кармайын" деп ойлой, Будданын келбетинин артына айланды. Кыз жок экен. Арытадагы урандыларды аралай чуркады, кыз эч жерде жок. Монастырга келчү жол тарапка жүгүрдү. Монастырдын урандысынын арасынан чыккандан кийин кулагынын дүңгүрөгөнү басыла түшүп, жерге шалак отура кетти. Кыз эч жерден көрүнбөдү. Көпкө отура албады. Кайра артка бурулуп, эмелеки ортоңку аянт жакка жүгүрдү. Айлана мемиреген тынчтык. Жанагы ак чач кытай чал да, Кадыр атасы да көрүнбөйт. "Өңүмбү, түшүмбү, менин акыл эсим ордундабы?" - деп башын мыжый жерге отура калды. Акыл-эси ордунда эле өңдөнөт. Кайра бүт урандыларды аралай чуркап кызды издеди. Жер жутуп кеткенсип дайынсыз. Күн батып күүгүм киргиче, монастырдын урандыларынын кычык жерин калтырбай тинтип чыкты. Кыз булут болуп абага сиңип кеткенсип эч жерде жок. Акыры, үмүтү үзүлгөндө айылга жүгүрдү. Кызды айылдан да эч ким көрбөптүр. Ошентип, кыз жиги билинбей жоголду. Чындыгында кыз ураган монастырда кала берген. Будданын келбетинин артында оозу таш капкак менен жылдырылып жабылган, жер алдына түшкөн жол бар болчу. Кыз тизесинин томугу чыгып кеткенде эле, эптеп ошол жерге жетүүнү көздөдү. Шаанын көзүн жазгырып, көрүнбөй кире качуу керек болчу. Болбосо, бир буту менен Шаага туруштук бере алмак эмес. Шаа экинчи бутунун томугун да чыгара тепмек да, жөрмөлөтүп коймок. Андан соң каалашынча кыйнай бермек. Кыз өзү да күтпөгөндөй окуя болду. Мезгилинде "чыгыш күрөшүнүн атактуу чебери болгон" деп сүрөтүн көрүп жүрчү чоң атасы пайда болду. Кулактары дүңгүрөп, жер айлан-көчөк атып, эси ооп баратканда "Кызым жашын" деген сөз кулагына угулду. Эптеп жер астына түшчү жолго жетти да, өзү кирген соң ташты жылдырып оозун жапты. Анан өзүн жоготуп, эси ооп калыптыр. Түшүндө өз атасы, чоң атасы, энеси болуп "Ай кызым, ай кызым" дешип бутун дарылап жатышкан экен. Канча жатканы белгисиз ойгонсо, бутунун ооруганы басаңдап калыптыр. Чоң атасынын "кызым, томугуңду момундай кармап туруп бармагың менен сүйөй, экинчи колуң менен катуу урсаң ордуна келет", - дегени эсине түштү да, так чоң атасы айткандай жасады. Тим эле денесин ток ургандай катуу ооруду да, кайра жаны жай ала түштү. Чыккан томугу ордуна келгенин билди. Бул жай өзүнчө эле жер астындагы бир бөлмө үй болчу. Түндө кыз ушул жерге түнөгөн. Китеп да ушул бөлмөнүн таш дубалына катылган. Жыгач үкөктө түрлүү, жанды жай алдырчу дарылар, мумиөлор бар болчу. Сылтый баскан кыз керектүү дарылардан ичти да, сереге барып чарчаган денесин жая талыкшый үргүлөдү. Бул жайды азыр кыз гана билет. Башка жан билбейт. Сыртынан оозун ачуу мүмкүн эмес. Таш эшиктин сырын билген кишилер гана ача алат. Болбосо, он киши биригип да, түртүп же оодарып ачуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бейкам уйкуга кетти. ххх Көз алдындагы кызды күтүүсүз жоготуп жибергенге, акыркы күндөрдө түшүнө арбактар көп кирип, ал түгүл эски монастырдан көзүнө кадимкидей көрүнгөнгө Шаа мурдакыдай болбой, бул китепте кандайдыр бир сырлуу күчтөрдүн да байланышы бар экенине, андай тышкы сырдуу күчтөрдү жеңүүнүн жолдорун да үйрөнүшү керек экенине ишенип калды. Чындыгында Шаа кудайга ичинен ишенген сезими болгону менен динчил эмес болчу. "Арбак, адам акылы жетпеген сырдуу күчтөр" дегенге көп деле ишене берчү эмес. Монастырдагы жолугушуу таптакыр шаабайын суутту. Эгер кыздын көз алдында бир нечеге көбөйүп кеткен, кайра такыр жок боло алган касиеттери бар болсо, кармап калууга такыр мүмкүн эмес го. Мейманканада уйкусу качып көз ирмей албай жаткан түндөрдө мына ушуларды ойлоп башы катты. "Эмне үчүн Хун Лиге жолукканда мындай сыйкырдуу таасирлерге жолуккан жокмун?" деген суроо да жоопсуз турду. Хун Ли ден-соолугу начарлап ооруй баштаганда кызын чакырып, китептеги болгон касиеттерди, сырларды бүт түшүндүрүп айтып тапшырганда, сыйкырдуу касиеттер кызга өтүп кеткен. Муну Шаа түшүнө албайт болчу. Кызды таба албасына көзү жетти. Эми кандай кылат? Акыл сураар киши таппады. Ошондо баягы кытай кемпир эсине түштү. "Кой, ошол энеге барып акыл сурайын. Кыздын кайда, кантип жоголгонун балким билсе ошол кемпир билет" деп чечти. ххх Кыз бир жума монастырдагы бөлмөдөн чыккан жок. Күн сайын көнүгүүлөрдү жасап өзүнүн ден-соолугун тазалап, калыбына келтирүү менен алектенди. Бир жумада барып буту кадимкидей калыбына келди. "Шааны кайра издеп чыксамбы?" деп нечен тап койгон менен батынбады. Анын үстүнө түшүнө чоң атасы кирип "Али сен аны менен беттешүүгө даяр эмес экенсиң. Дагы даярдан. Учуруңду күт" деп айтып жатыптыр. Шаанын эң сейрек кездешчү чыгыш күрөшүнүн сырларын билгенине таңданды. Анын кытай эмес экенин, башка улуттун өкүлү экенин билип турду. Атасы китептин изи "кыргыз" деген элге барып жоголгонун айткан. Америкада жүргөндө кыргыздар жөнүндө изилдеп чыккан эле. Аларда чыгыш күрөшүнүн спорттук түрү менен машыккандар акыркы жалдарда болгону менен, атадан балага мураска өтүүчү, сейрек кездешүүчү сырлары такыр жогун окуган. Шааны көргөндө эле билди, мыкты спорттук даярдыгы бар экенин. Чымыр денеси, карапайым адамдарча таманын жерге толук таштап балпактап баспай, бутунун учу менен жеңил кадам шилтеши. Аярлыгы. Бирөө аркасынан карап турганынан бери биле алган сезимталдыгы көп нерсени туюнткан. Анын үстүнө атасынын үйүнүн да жөн өрттөнбөгөнүн билген. Атасы оорулуу болгон күндө да, анча-мынчаларга оңой менен моюн суна калбай турган чеберлерден болчу. Мына ушунун баары сак болууга түрткөн менен мынчалык каршылыкка учурайм деген эмес. Дагы жакшы, аялдык сезимталдыгы менен эмнегедир астыдагы кармаштан жүрөксүп, жер астына кирчү жолду өзү баткыдай кылып астына ала кичине ачып коюптур. Түрлүү амалдарды ойлоп жатты. Балким жолугуп, "Жеңилдим, баатыр экенсиң. Сени сүйүп калдым, баш кошолу да китепти бириктирели" деп жароокерленип ишенимине кирип, анан китеп колго тийгенде жайлап таштаса кантет. Мынчалык тыкан даярдыгы бар Шаа ошондой жөнөкөй алдоого эле түшө калабы? Жок. Китеп колуна тиери менен гипноздук таасир менен болсо да башын айлантып, жарым эс кылып таштасачы. "Эмнеси болсо да кайра кездешкенге чейин миң түркүн амал ойлоп, даярданышым керек" деп чечти. Кыз кийинки жумада окуусун улантыш үчүн Америкага учуп кетти. Шаа менен кайрылып качан жолугаары белгисиз бойдон калды. ххх Шаа айылга келсе, кемпир өлүп калыптыр. Үйүн анча-мынча жандыгы, мүлкү менен кошуп, баягы аракты жакшы көргөн чалга калтырыптыр. Ал аракечтин өз үйү кароосуздан урап, киши жашоого мүмкүн болбой калган экен. Кемпирдин өлгөнүнө Шаа эң жакын адамынан айрылгандай кейиди. Мүрзөсүнө барып "Кош энеке, энемдей болуп калдың эле" деп көзүнөн жаш мончоктоп ыйлады. Коюлган жерин көрсөткөнү аракеч чал кошо келген. Кайра кетүүгө камынышканда: - Энең сенин кайрылып келээриңди билген эле. Менден бир ооз суранган. "Мынабул жол сырлуу үңкүргө алып бараарын айтып кой деп" деди да ордунан туруп башка сөз айтпай, бөкчөңдөй басып кете берди. Энесине кайгырып ою чачкын болуп жатып, баягы укмуштуу үңкүр, андагы касиеттүүлөрдүн касиеттүүсү, улуктун улугу болгон лама жөнүндөгү легенда эсинен чыгып кеткен экен. Азыр кайра эсине түштү. "Кантсем, барып көрсөмбү?" деген кызыгуусу жеңип кетти да, кармашка даярдангансып жол сумкасынан баягы кемпир берген белбоону үч имере белине байлап аркасына кылычтарын асынып, күрмөсү менен жол сумкасын энесинин мүрзөсүнүн жанына калтырып, жолдун таманына отурду да, Кудайга, арбактарга сыйынды. Кулагына дүңгүрөгөн калың кол келаткансыган добуштар угулуп барып токтоду. Энесинин "Ак жол уулум. Теңирим өзү колдосун. Тартынбай ыйыктардын ыйыгына барып көр. Калганын тагдырыңдан көрөөрсүң" деген үнү кулагына угулгансыды. "Эмнеси болсо да көрөйүн" деп тасма жолго кадам таштады. ххх "Рыжый Болоттун" иши Азият менен тирешип калгандан бери кыйшаңдай баштады. Кичине эле жаза баскан жигиттери биринин артынан бири колго түшүп, органдын шимшүүрлөрү артынан сая кууп алды. Бир нече жолу эмгеги өтүп чет өлкөдөгү банктардан акча "жуушка" жардамдашкандарга телефон чалып, жолугууга аракеттенгенинен майнап чыкпай, баары сүйлөшүп алышкасып сыртын салып калыптыр. Туура, заман өзгөрө баштады. Муну "Рыжый" деле көрүп турат. Көзү анчалык сокурлардан эмес. Баягыдай отко-сууга салсаң да кайра тартпаган жаш жигиттерди "азаматсың" деп далыга таптап түртүп коюп, рэкеттик менен чөнтөк толтурчу мезгил өттү. Өзгөчө тоодой жөлөк болуп туруучу Америкадагы "Самурай" кармалып, кесилип кеткенден бери ого бетер кадыры түшүп калды. - Ак жакачандардын короосуна таш ыргытпаш керек эле. Алардын аймагынан алыс жүрүш керек эле. Эх, эми кеч болуп калды, - деп үнүн чыгара сөгүнүп-сөгүнүп алды да, адатынча ордунан ыргып туруп, бөлмөнүн ичинде ары-бери баса баштады. Кечөө негизги күчү болгон чоң базарды кармап "взнос" алып турган жигиттери бүт группасы менен кармалып, камалды. Эки-үч жерге телефон чалып ишти жеңилдетип башчыларын куткарып алып, майда-чүйдө "шестеркаларды" калтырганга аракеттенди эле болбоду. Кармалгандардын арасында көп кандуу иштерге чалынгандары да бар. Менттер ар бирин өзүнчө "эзип иштеп чыкканда" эле ачыла баштайт. Жиптин учугу болсо чубалып отуруп "Рыжыйга" такалат. "Рыжыйды" ала коюш кыйын. Ошондо да сак болгону оң. Тигине, кол жеткис болду, - деп Америкада жүргөн "Самурайга" деле "татынакай ишти" тагып туруп кармап коюшпадыбы. Азыр ар бир баскан изине сак болбосо, негизи чет өлкөгө куйрукту түйүп жылт койбосо болбой калды окшойт. Ары-бери бөлмө ичинде басып жатып "Рыжый" ушуларды ойлоду. Азиятты кантсе. Чет өлкөгө кете берүүгө мүмкүнчүлүктү эчак түзүп койгон. Бир кезде "баланданы" нечен чогуу ичишкен досу Италияда чиренип турган кези. Четтеги үч банкта жетишээрлик акчасы жатат. Жөн эле качып кетеби. "Рыжый" бирөөгө өчүгүп калса, "таза сүйлөшмөйүн" өмүрү качып көргөн эмес. Кайра креслосуна келип отурду да "Сөзсүз сүйлөшүүм керек!" деп алакандарын чаап туруп, ушалап-ушалап койду. ххх Азият кызуу уйкуда жатса да кимдир бирөөнүн тикирейип тиктеп турганын туйду. Али толук ойгоно элек жатып "кандай аракет жасасам" деп ойлоно баштады. Дайыма жаздыгынын астына коюп жүргөн пистолетине кантип жетсе экен. Уйкусурамыш болуп оодарылып көрөбү. Эч нерсенин жигин билгизбегенге аракеттенип, бир калыпта дем алуусун улантып, уктап жатып оодарылгансып оодарыла кетти да, жаздык астына кол сунду. - Издебей эле кой, ал жакта эч нерсе жок. Сага окшогон жылан жөн жай жатпасын кантип эле билбей калайын, - деген киркирегирээк, кекерлүү үн чыкты. Эчак ойгоо жаткан адамча башын көтөрүп жаздыктарды кабаттай аркасына жөлөй койду да: - Келипсиң мейман. Эмне кеп-сөзүң бар, сүйлөй бер. Кулак сенде, - деди да дивандын этегиндеги жумшак креслодо чалкалай отурган капкара кийимчен, чакан бойлуу адамды жакшылап кароого аракеттенди. Бөлмө ичи күңүрт жарык болуп, стол лампасынын жарыгы Азият тарапка багытталып тургандыктан тигинин жүзү жакшы көрүнгөн жок. - Келдик. Сүйлөшөлү деген жай сөзгө көнбөй тескери кыймыл жасайсың. Анан күтүүсүз мейман болуп келишке туура келди. - И-им. "Рыжый Болотмун" де. Эх, "Рыжый... Рыжый..." Акыры ушундай ишке да бармак экенсиң да. Кол созуп дивандын баш жагындагы жанына коюлган тумбанын үстүндө жаткан сигаретти ширенкеси менен алды да тутантып, эки-үч жолу кере-кере соруп үйлөдү. - Баралбайт, - деп ойлодуң беле? - Ким билет. Балким сени баалай билген эместирмин. Мен туруп кийинейин. Экөөбүз тигил коңшу бөлмөгө чыгып эркектерче шашпай сүйлөшпөйлүбү? - Азият мени жаш бала ойлоп турасыңбы? Эркектерче эби келсе көрдө деле сүйлөшө берсе болот. Анан калса экөөбүздүн сүйлөшөөр сөзүбүз деле жок. Аны өзүң деле жакшы билесиң. - И-им, түшүндүм "Рыжый". А сен ушул жерден тирүү чыгаарыңа ишенесиңби? - Азият мен сени башкача баалачу элем. Көрсө, катардагы эле бир байкуш окшойсуң. Эгер мен тирүү кирип, сенин маңдайыңда отурсам демек, кайра тирүү да чыга алам да. - Аның туура. Бирок, сен мени менен учурашып койгонго эле келген жоксуң да. Туурабы? - Туура. - Демек, сенин сурооңду канааттандырыш үчүн мен ордумдан туруп коңшу бөлмөгө өтүшүм керек. Анан аны ачышым керек. Ал жерде сейф деген бар, аны да ачууга туура келет. Бөлмө ачылганда да, сейф ачылганда да "сигнализация" деген иштейт. Төмөндөгү кайтаруучулар эле эмес, коңшу үйдө эс алып жаткан кайтаруучулар да ойгонот. Жашыруун телекамералар иштеп, экөөбүздү көрүшөт. Анан кантип кутулам дейсиң? - Да-а... оңой жылан эмессиң. "Рыжый" чындап ойлонуп калды. - Кинолордогудай менин кежигеме пистолет такап "жетелеп алып чыгып кетем" деп ойлобой эле кой. Снайперлер артыңда да астыңда да болот. - Демек, "Бриллиант жыланды" алууга такыр жол жок дечи. Анда кур кетпей, жок дегенде бир душмандын, болгондо да эң чоң душмандын көзүн тазалап кетишке туура келет. "Рыжый" башына глушитель тагылган пистолетти көтөргөндө Азияттын денеси дүр дей түштү. Өмүрүндө биринчи жолу ажал менен бетме-бет турушу. Пистолеттин үңкүрөйгөн оозун тиктей албай, муундары калчылдап, ал түгүл сүйлөөгө сөз да таппай калды. Ажал мурда да нечен тооруган, бирок, мынчалык бетме-бет келген эмес. - "Бриллиант жылан...", "Бриллиант жылан" мага чейин да нечендердин башын жуткан экен, эми мени да жута турган болуп калды көрүнөт. Эмне дейбиз, тагдырга көнөбүз да, - оор үшкүрүп алды, - эң кызыгы азыр "Бриллиант жылан" менин колумда эместигинде. Буга ишенсең койсоң өзүң бил. Баары бир менин күнүм бүтүп, ичээр суум чегине жетип турат. Сен менден ал оңбогон жыланды алганда да өлтүрмөксүң, албай кетсең да өлтүрөсүң. Башка жолуң жок. Болгону өлөөр астымда чындыкты айтайын деп жатам. Мен сенден жан соога сурап бүжүрөп бутуңду да кучактабайм. Ичээримди ичтим, жээримди жедим. Бул жашоодо арманы жок чардадым. Ошол "Бриллиант жыланга" жолукканга чейин пенде катары күнүмдүк жашоонун гана рахатын көрүп жүрөөр элем. Жылан колума тийген күндөн баштап баарынан айрылдым. Ага сен түшүнө албайсың. Эч ким түшүнө албайт. Бир түшүнсө "Бриллиант жыланды" кармап көрүп, өзүн "ээсимин" дегендер гана түшүнүшү мүмкүн,-"Рыжый" үнсүз угуп отурганы менен тикчийген көгүш көздөрү Азиятты теше текшерип, үнүнүн басымынан, сөзүнөн, көздөрүнүн кыймылынан бери таразалап, чын сүйлөп жатабы же баш айландырган жомок айтуудабы, так туйгусу келип жатты. "Рыжый" "Бриллиант жылан" тууралуу укканы менен көрбөгөндөн кийин аябай деле кызыкдар эмес болчу. Болгону, жашоосуна тынчтык бербей дүрбөлөңгө салып, чет өлкөгө качууга аргасыз кылганы үчүн бүгүн Азият менен акыркы эсебин эсептешүүгө өзү келген. Буга жетиш оңойго турбады. Ар бир баскан изинен бери Азият аңдытып койгонун шекшип калган. "Тумоолоп ооруп калыптыр. Үйдөн чыкпай жатат" - деп ишенимдүү жигитине эшигин кайтартып коюп, өзү абышканын кейпин кийип жашыруун эшик менен чыгып кетти. Бул жакка болсо эл катары автобус менен келди. Дубалынын эле бийиктиги төрт метрге чукул короосунун айланасынан бөтөлкө чогултуп жүргөн бүкүрөйгөн чалга Азияттын кайтаруучу жигиттери көңүл да бурушпады. Болбосо, үй өзүнчө буйтка көчөдө жайгашкандыктан бей-чеки каттаган машина болобу, киши болобу кайтаруучулардын көзүнө сөзсүз илинчү. Дубалды айланта казылган арыктын ичине толгон күзгү, сары жалбырактарды таягы менен оодарып, бөтөлкө издеген чал короо ичине суу кирүүчү жерге келгенде кичинеге аярлай калып, жерден бирдеме алымыш болуп эңкейип, өткөөлдү жакшылап карады. Өткөөлдүн ички бетине темир тор коюлган экен. "И-им кирчү жол табылды" деп койду да бөкчөңдөй басып кете берди. Болбосо, дубалдын үстүнөн өтүү кыйынга турмак. Дубалдын кыры менен тартылган тикен зымга ток жүргүзүлүп, белги берүүчү коюлган болчу. "Рыжый" түн ортосу оой баягы күндүзгү көргөн өткөөлүнө келди да темир кескич менен опоңой торду кесип, ичкериге кирди. Кенен трубадан "Рыжыйдын" чакан бою "шып" этип өтүп кетти. Үйдүн артындагы жертөлөгө кирген эшикти көргөндө кубанып кетти. Кулпу ачуу "Рыжый" үчүн бала күнүнөн эле татаал маселелерге кирчү эмес. Кандай гана кулпу болбосун колу тийгенде ачылчу. Жертөлөнүн сөзсүз үйдүн ичинен да чыкчу жолу бар экенин астына ала болжогон. Ойлогонундай эле үй ичинен чыкчуу эшик бар түгүл, ачык да экен. Кейпи, жертөлөнүн сырткы темир эшиги кош кабат кулпу менен кулпуланып тургандыктан, анчалык сактанышпаса да керек. Анын үстүнө туура жер төлөнүн эшигинен чыга бериштеги диванда үйдүн ичинен кайтарган жигит коңурук тартып уктап жатыптыр. Арыта телевизор иштеген бойдон өчүрүлбөй турат. Бутунун учу менен баскан "Рыжый" жигитке нечен ирээт бычагын таптап барып кайра тийбей, үстүңкү кабатка дабышсыз чыгып кетти. Ошентип, азыр Азияттын маңдайында отурганы. Азият болсо "Бриллиант жылан" жөнүндө берилип айтып жатты. Угуп отуруп "Рыжый" Азияттын чындыкты айтып жатканына ишенди. Фаризат жөнүндөгү айткандарына да ишенди. Анын үстүнө өзүнүн да Фаризат тууралуу чала-моңол уккан жайы бар болчу. Көпкө жомок угуп отурууга убактысы тар эле. Сыртта жылдыз суюла баштаган. "Тук" деген туюк үн чыкты да, Азияттын так чекесинде бармак басым кызыл так пайда боло түштү. Азият: "Ошентип, Фаризат өзү эле кетпей менден эң кымбат, укмуштуу буюмду да алып кеткен" деп булдуруктап сүйлөп барып башы сол капталына "шылк" дей түштү. "Рыжый" ордунан "шып" туруп, Азиятты аяр узатасынан жаткызып, уктап жаткандай кылып, шейшеп менен жаап койду да, эч дабышсыз чыгып кетти. Эшикти кайтарган жигит уктаган калыбында кала берди. ххх Ошентип, Азиядагы да эң сырдуу чыныгы таржымалы, ким экени эч кимге белгисиз, түшүнүксүз, "кылмышкер" дейин десең өмүрү тергөөчүнүн астына отуруп, буту түрмө аттабаган, кайсыл кызматта иштээри да эч кимге белгисиз бир учурдагы СССР деген империя бар кезде КГБнын ири тапшырмаларын аткарган тыңчы болгону гана айрымдарга белгилүү болгон адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Көрсө, "Бүгүн көрсө эртең жок" деген, "Өлбөчүдөй болуп" деген кыргыздын сөздөрүнүн калети жок тура. "Рыжый", "Азиятты ким өлтүрдү?" деген иликтөө жүрө электе чет өлкөгө "жылт" коюну астына ала пландап, бардык даярдыкты түзүп койгон. Эң ишенимдүү деген, чет тилдеринин бир канчасында сүйлөй алган эки жигити менен бир күндө дайынсыз болду. Кайда кеткен дарегин эч ким билбеди. Бир жума өтпөй, турган үйү жардырылып, өз ордуна "иш жүргүзөсүң" деп таштап кеткен жигиттери биринин артынан бири атылды. Булар Азияттын өчүн куугандар болчу. Чамынып-чамынып "Рыжыйдын" дайынын табышпагандан кийин акыры тынчышкансыды. Бирок, Азият өлгөн менен артында калган "сыр" өлмөк эмес. Азияттын "Бриллиант жыланды" катып жүргөнү саналуу адамдар билген сыр сыяктуу эле ири өлчөмдөгү Ооган апийими катылган "казынаны" да Азият билчү. "Казынанын" кожоюну Азиятча бир чөлкөмдүн эмес, дүйнөлүк оюндарда ойноп жүргөндөрдөн болгондуктан, Азият анын "казына кайтаргычы" катары гана кызмат өтөөчү. Ошол эле маалда ири өлчөмдөгү байлыкты кайтарып, ишенимдүү адам катары дайыма ченемсиз колдоо көрүп жүрдү. Так ушуну "Рыжый" билген эмес. "Бриллиант жыландын" таржымалына кызыгып кеткен Азият да "Мени өлтүргөнүң менен сен жер бетинде тирүү жашай албайсың. Ит көрбөгөн азапты көрөсүң. Сени көккө чыксаң бутуңдан тартып түшүрүп, жерге кирсең чачыңдан сүйрөп чыгуучулар бар. Себеби, "казына" кайсыл жерге катылганын жалгыз мен билем. Дагы бирөө бар эле ал күтүүсүз оорудан өлүп калды. Кожоюн дагы бир ишенимдүү адам табууга үлгүрө элек. Кожоюн бул "казынасына" тийбей "на черный день" деп сактап жүрөт окшойт" дегенди айтууга үлгүрбөдү. Анын үстүнө "Рыжый Болот" да көп сүйлөгүсү келбей, күтүүсүз курокту басып жиберди. Ошентип, ошондо өз өмүрүнө да мүшкүл түшүрүүчү күндүн курогун басканын кийин-кийин гана билип жүрбөйбү. Болбосо, өз ишине өзү курсант болуп "Мына Азият... Азият" дешип титирей беришчү эле... көрдүк го..." деп катардагы кылмышкерлик мүнөзү менен түкүрүнүп басып кеткен. Үйү жардырылып, ордуна калтырып иш жүргүзүүчү жигиттери бүт атылганын четте жүрүп укканда эле үрпөйдү. Таптакыр башка улуттун өкүлү катары башка аттагы, документтер менен жүрсө да, жүрөгү кооптонуп жаманчылыкты сезип турду. ххх Шаа таман жолдун башталышында чөгөлөй, Кытай энесинин арбагына ичтен сыйына башын төмөн салып олтурганда кулагына "Коркпо, мен жаныңда болом. Барып көр, барбай калсаң өмүр бою арманда өтөсүң. Мен берген тумарды, бел боону, куралдарды бүт шаркыратмага жеткенде калтыр. Болбосо, алар күйүп калып, өз күчтөрүн жоготуп коюшат" деген үн кулагына даана угулду. Кийинки учурда арбактар менен байланышка көп чыгып жүрүп көнүп калгандыктан, кытай энесинин үнү кулагына угулуп, туйганына таң калган деле жок. Тескерисинче кытай энеси менен жолугушкандан кийин жүрөгүндөгү олку-солку ой жоголуп, жолго чыгууга ишеними артты. Жол кытай энеси айткандай эле токойлуу тоону аралап отуруп шаркыратмага жетип токтоду. Мына сага, шаркыратма доошу алдагайда күркүрөп угулган, асман тиреген аскадан аккан сүттөй болуп, апаппак көбүктөнүп түшкөн албуут тоо суусунун шаркыратмасы экен. Жакын келгенде кадимкидей суунун илеби уруп, көбүктөнгөн бул суу кандай күч менен түшүп жатканынан кабар берип турду. Шаркыратманы тиктеп туруп Шаанын ишеними өчө түштү. "Бул суу мени четине жеткенде эле жалпыйта урат го" деп ойлоду. Арытан узундугу кулачтай бактын бутагын алып, шаркыратмага ыргытты эле кайда кеткенин да билбей калды. Куюлуп түшкөн жериндеги боркулдап кайнаган суудай уюлгуп айланган тереңдиги канча экени да белгисиз куймадан таяк чыккан жок. Кантсе экен, ушунча келип, коркуп кайра артка кетеби? Эгер шаркыратманын күчү ыргыта уруп тигил куймага түшсө сүзүп чыга алабы? Жээктеги ташка көчүк коө, демин жыйып олтуруп ушуларды ойлоду. "Балким, шаркыратмага кирүүчү кандайдыр бир жол бардыр?" деген ой башына "кылт" дей түштү. Ордунан туруп жээкти аярлап карай баштады. Туура жанагы тасма жол келип жээкте бүткөн жерде окшош үстү жагы жалпак тоголок таштар бири-биринен бир кадамга алыстыкта жол сымал уланып жатканы, жакшы байкаган адамга көрүнөт экен. Демек, бул таштардын сыры болсо керек. Кытай кемпир "калтыр" деген бүт буюмдарды жээктеги карагайдын бутагына илди да өзү сууга кирди. Улам бир тоголок таштын үстүнө секирип, суу белчесине чейин чыкканда, таштар уюлгуган көк ирим куйманын ортосу жакка бурулду. Суу канча көбүктөнгөн менен улам бир таш даана көрүнүп суу белчеден жогору чыккан жок. Көк иримдин ортосуна жеткенде, таш жол түз шаркыратманын куймасы жакка бурулду. Эми илеби жүрөк үшүн алган шаркыратмага түз кирип баратты. Суунун муздактыгы сөөктөрүн какшатып чыкты. Ойлонууга убакыт да жок эле. Суу жиреп тездеп жөнөдү. Астынан тоголок таштар гана көрүнөт. Таштан бутуң тайыса же жаза бассаң белгисиз тереңдикке кетчүдөйсүң. Улам шаркыратмага жакындаган сайын чындыгында шаркыратма экиге бөлүнүп агаары, ортосунда жарым метрче айрылыш бар экени ,ал жер көгүлжүм тартып, башка жагынан айырмаланып тураары байкала баштады. Туура шардын үстүнө келгенде да таштар кадимкидей көрүнүп турду. Шардан эки эле секирип өтүп кетти. Суу артта калып астында тээ арытан ак шоола төгүлгөн оозу бар үңкүр турду. Үңкүр барган сайын ичкерип отуруп оозуна жакындаганда жөрмөлөп калды. Суунун кулак жарган добушу күңүрт угулуп, алыста калгандай. Акыры оозуна жетип, сыртка чыкканда, көргөн көзүнө ишене бербей делдейе отуруп калды. Астында, түбү капкара болуп көрүнбөгөн эки бети тең жалама зоокадан турган жаракага туш болду. Жарака тараптан муздак шамалга кошулуп кандайдыр бир бүкшүгөн жаман жыт да уруп турду. Айлана өлүү тынчтык. Как эткен карга, кук эткен кузгун көрүнбөйт. Ал түгүл "дың" деп учкан чымын да жок. Үнкүрдүн оозунан уланган жол типтик асканын бети менен кетип, бурулуштан ар жагы көрүнгөн жок. Зооканын бетинен капталың менен гана баспасаң батчудай эмессиң. Жолдун ар жерлери кетилип, ичкерип калган. Шаанын эсине Кытай энесинин айткандары түштү. "Коркпой турган болсоң гана жолуңду ула. Корксоң, жакшысы артыңа кайра тартканың оң" деген. Анан жолго чыгаарындагы айтканы да эсине түштү. "Тобокел" деди. Аска зоонун боору менен жолун улады. Жанагы үшүгөнү унут болуп тескерисинче муздак жел урганына карабай тердеп чыкты. Ар бир кадамын аярлап басып баратты. Таманы жумшак резина ботос кийген эле. Таштан тайгаланбай, бул да чоң жардам болду, ошондо да эки жолу жаза басып алып кылтылдай түшкөндөн кийин ар бир кадамын аярлап калды. Бурулуштан өткөндөн кийин жол кеңейе түштү. Эми түз жөнөдү. Дагы бир бурулуштан өткөндө, астында жараканын аркы бетине өткөн асма көпүрө турду. Баары кемпир айткандай экен. Өз көзү менен көргөндө жүрөгү үшүй түштү. Көпүрө жоондугу билектей болгон аркандарга керилип жасалыптыр да, таманына арчанын жоон-жоон бутактары жарым метрдей кесилип байланыптыр. Аркандардын ар жерлери сүзүлүп, түгү чыгып, чириген экен. Арчанын бутактары деле чирисе керек. Арканды сынап көрүш үчүн башындагы асканы тешип орнотулган жоон устунга байланган жипти учунан тартып көрдү эле оңой эле үзүлүп, үбөлөнүп түшүп калды. Бул көпүрөдөн кулоону элестеткиң да келбейт. Төмөндү караган да жок. "Кантсем?" деди өзүнө- өзү. Дагы көкүрөк баса кичинеге эс алып отурду. "Ушунча келип кайра артка кетемби?" деген ой менен "жиптер эчак чириптир. Көпүрө эчак эч нерсеге жарабай калган экен. Мындан өтөм деш, түз өлүмгө бет алуу" деген эки ой көкүрөктө тирешип турушту.Асма көпүрөнү карап отуруп, кытай энесинин айткандары эсине түштү. "Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр деле ошондой болсо керек" деген. "Балким, мунун бир сыры бардыр" деп ойлой, ордунан туруп биринчи жипке байланган арча таякка бутун койду эле кычырап сынчудай ийилип барып сынбай, токтоп калды. Экинчиси да ошентти. Үчүнчү-төртүнчүлөрү кычыраганы менен ийилген да жок. Көпүрө чайпалып турду. Улам бир таякка бутун аярлай коюп алаксый, астыга аттай берип, ортосуна кантип жетип калганын да билбей калды. Артын кылчайып караганга дарманы жетпеди. Көзүң жаманчылыкты көрбөсүн, көпүрөнүн чайпалганы күчөп, асма жиптердин түгү чыгып, сүзүлгөн жерлеринин өрүмү жанып, ичкерип бараткандай туюлду. Көпүрөнүн башы али узак, артка кетүү да кеч болуп калды. Астын карай албады. Астынан муздак жел менен жүрөктү айлантып, башты ооруткан бүкшүгөн жыт уруп турду. Колдору эки керме арканга жабышып, астыга жыла берди. Көпүрөнүн чайпалганы жайлап калат да, кайра күчөйт. Кадыр атасын да, кытай энесин да жардамга чакырып, ичинен жалынып жатты. Бул жолу эч кимиси келбеди. Көзүнө жиптер жанып, ичкерип отуруп мына-мына үзүлчүдөй болуп көрүндү. "Кейпи, ажалым ушул жерден окшойт. Күнүм бүткөн экен. Сөөгүм ушул жаракада калмак тура" деген ой бекемделе баштады. "Акыры башта бир өлүм. Тирүү калсам тирүү калдым. Өлсөм өлдүм да" дегенден эмнегедир жанатан берки денесин титиреткен коркунуч жок болуп кетти. Коркпой "куласам кайда түшөм" деп жараканын түбүн көрүүгө аракеттенди. Түбү көрүнбөйт. Түшсө, кайра чыкчудай эмес. Эки бети тең жалама зоока экен. Өткөн өмүрү көзүнө тартыла баштады. Бала кезинен беркиси тим эле кино тасмадай көз алдынан чуурат. "Адам өлүм менен бетме-бет беттешкенде, өткөн өмүрүн эстейт" деген оюна түштү. Өзүнө өзү түрлүү суроолорду бере баштады. Деги мен эмне үчүн жашап келатам? Кыска жооп таба албай турду. Узун жоопко убактысы да жок эле. Кызык, эмне үчүн качандыр бир кылымдарда экиге бөлүнгөн китепти "кайра бириктирели" деп дүйнө кезип, тентип жүрүп ушинтип, кайсыл жер экени да белгисиз жаракага учуп өлүшүм керек? Кызык, эң башкысы эмнеге Шаага чейинки өткөн нечен муундар көрбөгөн азап-тозокторду көрсө да "китепти бириктиребиз" деген тилекти жыйыштырып койбой өжөрлөнүп, жашоодогу башка кызыкчылыкты бүт жыйыштырып таштап, өмүрлөрүн арнашууда? Бул жерде акыл-эстен айрыган кандайдыр бир магиялык күч таасир берип жаткан жокпу? Учугу башталган сырды ачыш кызыкчылыгы эмнеге адамдарды арбап өзүнө сиңирип кетет? Буга чейин оюна келбеген. Оюна келсе да жооп издөөнү каалабаган суроолор биринин артынан бири келип, асма көпүрөнүн мына үзүлөт-үзүлөт деген жибин да саамга унутуп койду. Акыркы таякты басып, зооканын четине жеткенде "чын жеттимби же түшүмбү?" деп дендароо боло түштү. Артына кылчайса, көпүрө кадимкисиндей эле туруптур. Бир да таягы сынбаптыр. Ал түгүл жана өрүмү жанып үзүлчүдөй болуп бараткан жиптеринин деле өрүмү жанбаптыр. Ал түгүл эч ким өтпөгөнсүп жанагы чайпалуусу да токтоп калган. "Жүздөгөн жылдар мурда да ушундай экенсиң. Эми деле калыбыңдан өзгөргөн жоксуң" деп өзүнчө сүйлөнүп койду. Көпүрөдөн өткөндө кайра башталган тасмадай жол менен аска таштарды аралай имерилиштен өткөндөн кийин, чокусу асман тиреген эки зооканын кычыгына туш келди. Үстүнөн түшүп кетчүдөй болуп салаңдаган таштары бар кычыктан өткөндө, буга чейин эч бир жерден көрбөгөн, ал түгүл китептен окубаган, кинодон көрбөгөн, ажайып дүйнөгө туш болду. Чакан капчыгайдын ортосунда анчалык чоң эмес мөлтүр кашка суу шылдырап жай агууда. Беттери тике эмес, жайык капчыгайдын ичи толо түрлүү жемиш бактар. Бирөө айдап койгонсуган гүлдөр. Гүл жыты менен жемиш жытынан Шаанын көңүлү көтөрүлө түштү. Ар түрлүү куштар сайрап, көпөлөктөр учуп, аарылар ызылдайт. Жол жапан талдарга оролуп өскөн жүзүм зарды аралап кетиптир. Астыдагы боло турган жолугушуудан апкаарый, денесин майда калтырак баскан Шаа эми тим эле буту жерге тийбей учуп бараткансыйт. Жарым саатка чукул жүргөндөн кийин жайыкка чыкты. Астыдагы кызыл асканын астындагы үңкүрдүн оозу биринчи эле көзгө урунду. "Үңкүр" деп айтаарлык эмес, кадимки үйдүн эшигине окшоп, үстү ай тегерек келип, эки капталы түптүз түшкөн. Бийиктиги үч метрче. Туурасы эки метрче. Оозго жакындаган сайын Шаа өзүнө- өзү ээ боло албай, өзүн-өзү башкара албай калганын, аны кандайдыр бир белгисиз күч башкара баштаганын туйду. Үнкүрдүн оозуна кире бергенде, түп жагынан үстүнөн ак шоола нур чачырап, төгүлүп, үңкүр ичи бир башкача жарык экен. Астына токулган камыш төшөлгөн кадимки кендир көлдөлөң, эшик алдынан төргө чейин салыныптыр. Аңгыча үңкүрдүн төрүнөн чыккан нур күчөп, көздү уялтып жиберди. Шаа чөк түшө отуруп, башын жерге сала көздөрүн баса калды. Кайра көздөрүн ачканда төрдө чачы да, сакалы да, кирпик-каштары да апаппак, өзү да ак жүздүү, бирок, эки бетинин оту кызгылтым, ак матадан тигилген кийим кийген адам малдаш токунуп отурган экен. Колдорун эки тизесинин үстүнө таштап коюптур. Бою ортодон жогорураак болсо керек. Кең далылуу, нур жүздүү, сулуу адам экен, коюу ак каштары ийиле ортосу кошулуп, узун ак кирпиктеринин арасынан көздөрүнүн түсү кандай экени байкалбады. Шаа өмүрүндө мындай сулуу абышканы көрбөсө керек. Эсин жыя албай тиктеп турду. - Татаал жолдордон тайманбай өткөн азамат экенсиң. Эгер орто жолдон коркуп артка кайтам десең ишиң жаман болот эле. Мына, акыры көздөгөн жериңе жеттиң. Экөөбүз маңдай-тескей отурабыз. Мага келгендеги максатың эмне эле? Шаага ушундай түшүнүк берилди. Кулагы менен уктубу. Мээсине түз берилдиби айрый албай турду. Анан калса кыргыз тилинде берилди. Кытайга келгени жалаң кытайча сүйлөп жүрүп көнө түшкөндүктөн, эне тилиндеги түшүнүктү алганга ого бетер таңданды. Шаанын байкоосунда абышканын ооздору кыймылдаган жок. - Сиз кимсиз, ушуну билейин дегем? - деди Шаа шашкалактай. - Катардагы карапайым пендемин. Силерден болгон айырмам Кудай жолундамын. - Буга чейин далай Кудай жолундагыларды көргөм, бирок, сиздейди биринчи жолуктурушум. - Ал бир өзүнчө татаал маселе. Аны бүт талкууга алганга адамдын жердеги бир өмүрү аздык кылат. Сенин менден мен жөнүндө билээриң ушул гана. Сенин мага үч суроо бергенге убактың бар болчу. Экөөнү бердиң. Бирөө калды. Ойлонуп туруп сура. - Мендеги сырдуу китеп жөнүндө... - Ушуну сураарыңды билгем. Биринчи суроону эле ушундан баштайт го деп да күттүм эле. Пенделик кызыкчылыгың жеңип кетти да, убактыңдын далайын уттуруп жибердиң. Эмесе, мындай китеп эки нускадан турат. Бири мына. Арт жагына бурулуп, кадимки Шаа катып жүргөн китептей бирок, мукабадагы жыландын сүрөтү экиге бөлүнбөй, бүтүн түшүрүлгөн китепти алып Шаага көрсөттү. Шаа өзүн жогото сактап барып оңолду. Таң калуусунда чек жок болчу. - Экинчиси экиге бөлүнүп адамзаттын колунда канча жүздөгөн жылдардан бери укумдан-тукумга өтүп келатат.Бул теңирдин табышмагы. Балким сен өзүңдү бириктиргенди издегениң оңдур. Ар бир пенде алгач өзүнүн канча бөлүнүп кеткенин туюп, кайра Теңир астында башын ийип күнөөсүн мойнуна алып, бир адамдыкка уюшу керектир. Анан барып китепти бириктиргенди, китептин ичиндеги сырга жеткенди көксөсө туура болоор. Теңир астында барыбыз бирдейбиз. Китеп сырын мөөнөтүнөн мурда сага ачууга мага укук берилген эмес. Бүгүн бул жерден өзүңө сиңирген улуу күч балким сенин экиге бөлүнгөн китепти бириктиришиңе жана сырын өзүң ачышыңа көмөк болоор, бул да Теңирдин жазмышы. Андан аркылары Шаанын эсинде көп жок. Улам өзүн жоготуп баратканын бир билет. Анан экинчи жолу бул жакка келүүгө сага болбойт деген түшүнүк, анан да бул жолдун сырын бекем ичте сактоо керектиги тууралуу түшүнүк алганын билет. Эсине келгенде шаркыратмага кире бериште өзүнүн буюмдарын калтырган бактын түбүндө отуруптур. Тим эле жумалап тамак ичпегенсип курсагы ачып, вагондоп көмүр түшүргөнсүп чарчап калыптыр. Ал түгүл кадимкидей шалпайып арыктай да түшкөнүн байкады. "Эмне болуп кеттим? Түшүмбү же өңүмбү? Балким транска кирип кеттимби?" - деп дендароо болуп турду. ххх Фаризат түшүнөн чоочуп ойгонду. Кадимкидей кыйналып, тердеп, ал түгүл суусап да калыптыр. Туруп жемиштин ширесинен ичип кайра келип ордуна жатты. Таң жаңы атып келаткан маал экен. "Шүмшүк бары бир көргө киргенимче жанымды тынч койбойт окшойт" деп тилденип алды. Уктай албай биртопко ооналактап жатты. Түшүнө Азият кирип жатыптыр. Маңдайында турат. Баягы көздөрү оттой күйүп кербезденип турчу Азият жок. Жүдөп калган. Кийген кийими да жупуну. "Мен сени жанымдан артык сүйдүм эле го. "Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" алып жүрчү эмес белем. Эмнеден кем кылдым эле. Айтканыңды бүт аткарып, каалаганыңды жасачу эмес белем. Сени керек болсо баткактан сууруп алдым эле го. Ар кимдин тепсендисинде "тряпка" болуп каларыңда мен таза калыбыңда сактап калбадым беле. Ушунча эмгегимди унутуп, кайдагы бир аягы сай таппаган тентимиш менен качтың. Аны да жөн койбой уулантып өлтүрүп салыпсың. Тигинтип кепинин сүйрөп жерге батпай боздоп жүрөт" дейт. Чын эле караса арыта үстүнө шалбыраган таштанды чүпүрөктөрдү оронуп Саид жүрөт. Сүйлөйүн десе сүйлөй албайт. "Кечир мени Азият. Кандай шайтан сайды билбейм, азгырылдым. Эмнеге азгырылдым өзүмдүн да акылым жетпейт" деп боздоп ыйлайын дейт, ыйлай албайт. Азиятты караса маңдайында кара так турат. Ичинен "Эмне болгон так. Маңдайында мындай калы жок эле го?" деп ойлоп, өзүнөн "Маңдайыңдагы эмне так?" деп сурайын десе, тактан кызыл кан жая берди. Азияттын бүт денеси канга чыланды. Кан чачырап өзүнүн боюна да жаба берди. Караса колу бүт кан. Көйнөгү бүт кан. Жуунайын деп чуркап барып күзгүдөн өзүн караса бети бүт кан. Жуунса такыр кетпейт. Аңгыча Саид пайда боло калды. Ыржайып күлөт. "Ырас болду. Ушуну көрмөксүң" дегенсип күлөт. "Саид сен өлбөдүң беле? Кайдан жүрөсүң бул жерде?" десе жооп бербей ырсаңдап күлөт. Кайра ичинен "Өзү ишке токтоо мамиле кылалбаган неме болчу" деп ойлой кайра бурулса, Азиятты бирөөлөр ак кепинге ороп көтөрүп баратышыптыр. "Ой токтогула. Азият өлдүбү?" деп аркасынан чуркаса да эч ким көңүл бөлбөйт. Эч ким жооп да бербейт. Анан эле уранды тамдардын арасында отуруп калды. Астында "Бриллиант жылан" жатыптыр башын көтөрүп көздөрүн тири укмуштай балбылдатып тиктеп турат да оозун ача чакчуудай болуп жакындайт. Тура качайын деп кача албайт. Жыланды ыргытып жиберейин деп ыргыта албайт. Аңгыча жылан көз көрүнө узарып кетти да бутунан баштап белине чейин оролуп алды. Оозу улам чоңоюп соргону келатты. Канчалык жанталашып жыландан кутулайын десе да кыймылдоого чамасы жок. Ал түгүл кыйкырууга үнү да чыкпай, кыйналып баратканда ойгонду. Бул эмне деген түш? Кийинки кездерде баш аламан жаман түштөрдү көрүп, кыйналып уктоочу болгон. Бирок, бүгүнкүдөйдү көрө элек болчу. Тим эле баары өңүндө болгонсуп азыр эстегенде кайрадан жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Аялдык сезими менен Азиятты чоң кырсык басканын туйду. Балким соо болбой калды бекен. Кантип билсе. Телефон чалса кайда экени билинип калат. Эгер Азият тирүү болсо эки күнгө жеткирбей кармайт. "Ээ койчу ошону. Эми кичине жаным тынч алып келатканда кайра да өзүмдү-өзүм кыйноого түртпөйүнчү" - деп күбүрөнгөнү менен жүрөгү алеп-желеп болуп тынчый албай турду. Кичине виски куюп ичти эле ичимдик денесин магдыратып тынч ала түшкөнү менен тээ түпкүрдө сайылган тикенек кала бергенсип жүрөгү тызылдайт. Гонконгко келгенден кийин кореецке берген бүт убадасын так аткарып эсептешкени менен ал тынч калтырбай артынан түшүп алды. Бирөөлөрдү тукуруп коет да, кайра өзү арачы түшүмүш болуп канын соро баштады. Каражатым калбай калды деп көрдү эле ага да болбоду. Өзүнүн сыйлуу деген конокторуна салып бере баштады. Маданияттуу түрдө гана "Бул мырзанын көңүлүн алып койбосок болбойт. Сен жагып калыпсың. Экөөбүзгө тең керектүү адам" дейт. Алардын биринен да Фаризат өзүнө керектүүсүн таппады. Ал түгүл айрымдары Фаризатка катардагы сойкулардай мамиле жасап, түрлүү талаптарды коюп, баш тартса кол көтөргөнгө чейин барган учурлар болду. Минте берсе тебелендиде калып эртең эле кадимки сойкулардын катарында турарын билген Фаризат Гонконгдон жылт коюну ойлоно баштаганда күтүүсүз полициянын шефи менен таанышып калды. Шаардагы чакан, бирок, эң мыкты ресторанда жалгыз тамактанып отурган. Кореец бүгүн кечинде дагы бирөөлөр менен жолугушууну сунуш кылган. Бул жолу жөн гана "делевой" жолугушуу дегени менен аягы эмне менен бүтөрү Фаризатка белгилүү болчу. Барбай койсо тымызын полицияга билдирип койсо иши бүттү. Полиция жер жеберине жетип изилдей башташы мүмкүн. Ошондон коркот. Аңгыча маңдайындагы орунтукта бакылдашып шайыр отурган жаштар мушташа кетишти. Бири келип Фаризат отурган столду жөөлөп өткөндө үстүндөгү тамак, жемиш ширеси Фаризаттын үстүнө төгүлүп, бүт кийими булганды. Ресторандын кожоюндары тигилерди тынчтандыргыча полиция да жетип келди. Фаризатты да күбөө жана жапа чегүүчү катары бөлүмгө алпарып түшүнүк жаздырышты. Фаризаттын сулуулугуна сугу түшкөн полициянын шефи "сизди мен өзүм жеткизип коеюн. Үстүңүз да булганып калыптыр" - деп чыкканда, байкуш боло "мейлиңиз" - деди. Үйгө келгенде "Сиздин кичипейилдигиңизге рахмат. Мен полициялардын баары "орой, кара мүртөз болушат" - деп ойлочумун. Сиз андай эмес экенсиз. Үйгө түшүп кофе ичип чыгыңыз" - деп суранып калды эле тигил да жым деп макул болду. Ошентип, ал күнү шеф полиция Фаризаттын үйүндө кала берди. Өзү жашы өтүп калса да келишкен мыкты эркек экен. Фаризат да бар мүмкүнчүлүгүн аябай ырахат тартуулаганга аракеттенди. Кийинки күнү келгенде өзүнүн ишине бирөөлөр бут тосо баштаганын айтып, кореец жөнүндө билдирип койду эле, эртеси "Ал көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер болчу. Сенин жардамың менен кармадык" дегенди угуп жаны жай алып калды. Ошентип, жаңы эле "эми өзүмдүн жашоомду оюмдагыдай өткөрүүгө шарт түзөт окшоймун" деп ойлой баштаганда, укмуштуу түш көрүп жатпайбы. Анын үстүнө ички туюму да Азият соо эмес экенин айтып жатты. Канткен менен экөө ондон ашык жыл чогуу жашап жан дүйнөлөрү сиңишип калган эмеспи. Азият оңой эле эсинен чыкмак эмес. Бүгүн минтип полициянын шефин ойнош кылганга төбөсү көккө жетип отурат. Аттиң адам өз мезгилинде бактысын билбейт тура. Кечээ эле Азияттын колтугунда жүргөндө нечендерди теңсинбей, эркек катары санабай, көздөрү жалдырап бир жолу кыйыгынан карап коер бекен дегендерге мурдун көтөрүп турчу эмес беле. Жыл айланган убакыттын ичинде эмнелерди көрбөдү. Кимдердин гана тепсендисинде калбады. Бир учурда Азият "менден башка жан адамдын колун тийгизбейм" дечү аппак денесин бок курсактар да, ишке жарытылуу жарабаган абышкалар да, аракка тойгон зөөкүрлөр да, эс учунан айрылган наркомандар да ушалады. "Өзүм каалап катуу сүйгөн адамыма гана этегимди ачпасам, жан адамга жеңимди да карматпайм" деген тилеги таш-талканы чыгып кетти. Ким күнөөлүү. Чындай келсе өзү гана. Улам убакыт өткөн сайын өзүн гана күнөөлөй баштаган. "Эсирип көпкөн экенмин" - дей баштаган. Азияттын босогосунан аттап чыкса эле эркин, жыргал дүйнөгө туш болом деп ойлободу беле. Чөнтөгүндө акча толтура болсо, каалаганыңды жасап жүрө берсең болчудай туюлчу. Көрсө "эркиндик" дегендин өзү да алдамчы түшүнүк окшобойбу.Азияттын түшүндө "Сени өлүмдөн аман алып калбадым беле" дегени да чындык. Ал күндөрдү эстегиси да келбейт. Таптакыр эсинен чыгарып таштаганга аракеттенчү. Азият өзү ошентип үйрөткөн. Кандайдыр бир Фаризатка түшүнүксүз психологиялык тесттерди жүргүзүп, сеанстарды өткөзгөндөн кийин чын эле өткөн өмүрүндөгү "кара күндөрдү" унтуп таштаган болчу. Мына бүгүн ушунча жылдан бери таасир берип келаткан ошол сеанстардын күчү кеткенсип баягы кыз кезиндегиси эсине түшө баштады. Душанбедеги университетте биринчи курста окуп жүргөнүндө согуш чыгып кетти. Чыкканда да ата-энеси иштеген райондон башталды. Атасы райондун керек-жарак коомун башкарчу. Райондогу мен баймын дегендерден эле. Бардык байланыштар үзүлүп калды. "Ата-энебиз эмне болду", - деп экинчиден али согуш эмне экенин толук түшүнбөгөн жаштар чогулуп алып жөнөп кетишти. Кимди- ким көрдү. Жолду карата качкындар. Ээлиргендер эки күнгө жетпей эстерине келишип, көбү кайра артка кайтышты. Фаризат жаман кийинип алып акыры эптеп ата-энеси жашаган райондун борборундагы шаарчага жетти. Жеткени курусун. Бала кезинен ойноп өскөн баягы үйү жок. Урандыга айланыптыр. Өрттөп жиберишиптир. Шаарча каңгырап ээн. Жолбун иттер жортуп калган. Үч үй арыта жашаган кемпир бар эле. Анда-санда ата-энесиникине келип майда жумуштарын жасап берип, тамак-аш, эски кийим-кече алып турчу. Ошол кемпир гана калыптыр, тегеректегилерден. "Кепинимди сүйрөп кайда кетмек элем. Өлсөм ушул жерде өлөйүн" - деп кала берген экен. Өзү да кичине акылынан айныгансып калыптыр. Фаризатты араңдан зорго тааныды. Таанып алып, кемшеңдеп ыйлап кирди: - А-а кызым. Биз көргөндү Кудай эч кимге көрсөтпөсүн. Бул адамдар көз көрүнө кутуруп кетишти. Кудайдын каарына калсак керек. Тимеле адам жасабаган жоруктарды жасашты. Сенин атаңды көз көрүнө көчөгө сүйрөп чыгып атып салышты. Энеңди топ эркек үй ичинде эмне кылды билбейм. Куурагырга кордукту аябай эле көрсөтүштү болуш керек. Сиңдиңди да ошентишти. Тим эле он, жыйырмасы жабылып зордошту. Анан үйгө жардырган немени ыргытышты. Ал аз келгенсип өрттөштү. Иниң кайдадыр качып кетип жоголду. Шордуу тирүү барбы? Же дагы бир жерде тырайта аттыбы, эч ким билбейт. Эми өзүң издеп таап албасаң. Атаңды "капырсың, капырдан катын алгансың, чочконун этин жейсиң" - деп күнөөлөшпөдүбү. Ошентишти. У-у кайран Ира кандай сулуу катын эле. Андай сулууну ким болсо да алмак го. Кемпир боздоп, боздоп ыйлап алды. Фаризат ушунун баарын жинди немече, өзүнө эч тиешеси жок немече угуп турду. Кантип эле ошондой болсун. Ишенгиси келбеди. Анан эси ооп жыгылып калыптыр. Эсине келсе, кемпир бетине суу чачып маңдайында отурган экен. - Шоркелдейим. Тагдырың тайкы бейбак окшойсуң. Эсиң оогон ообогондо эмне, болоору болду, боесу канды. Эми акылың болсо өз жашооңду ойло. Бул жерге калбай кач. Борборуңа кайра кет. Бул жерде калсаң жанагы жаналгыч шүмшүктөр эки-күндүн биринде шимшип келет да, кармап алып чатыңды айрат. Арам өлгүрлөр ону деле, отузу деле, бир катынга секире беришет экен. Энеңди тартып чырайың башкача. Акыры булардын жазасын берчүлөр да чыгаар. Тынчыйт чыгаар. Ошондо иниңди изде, - деди. Дендароо болуп өзүнө жакшы келе албаган Фаризат ал күнү кемпирдикине жатып калды. Эртеси эрте ойготкон кемпир өлбүрөгөн-шөлбүрөгөн көйнөк кийгизди. Көөгө май аралаштырып бетине, колуна сүйкөп салды. Чачын саксайтып туруп арасына жыгачтын таарынды апилкасын чачып жиберди. "Биз илгери-илгери, басмачылардан ушинтип коргончубуз" - деди. Аны менен эле бүтүп калбай кайдан жайдан бүкшүгөн эт апкелип колтугуна, төшүнө, мойнуна, чатына сүрттү эле өз жытына өзү чыдабай кусуп жиберсе, урушуп кирди. - Жалап, кусканды сага ким коюптур. Минтпесең эртең желдеттердин колуна түшсөң отузу биригип эңкилдетсе жатының түшүп өлөсүң. Бул сасык жыт жуусаң кетет. Жыгачтын тарындысынан башың биттебейт. Топурак, май, баткак, шыбасаң биттеп кетет. Мендей неченди көргөн мастендин сөзүн уксаң. Желдеттер кармаса келесоо-чалыш болуп кал. Алар жытыңдан жийиркенип деле жолошпойт. Ошондо да колго түшпөгөнгө аракеттен, - деп, болгон акылын айтып жолго чыгарды. Фаризаттын энеси орус болчу. Ошондуктан, ата-энеси экстремисттерден өзгөчө кордук көргөнүн түшүндү. Ар кайсы айылдардан самсыган качкындарга кошулуп кайра Душанбеге жөнөдү. Кемпир "жасалгалап" жатканда, "ашыкча кооздоп жиберген жокпу" деп ойлоду эле, көрсө карт кемпир билген экен. Түш жарым жүрүшө элегинде кайдан-жайдан аскер машиналарын минген боевиктер чаң ызгытып чыгып кууп келишти да, элүүгө жакын качкынды тегеректеп алышып, тинтип киришти. Качкындардан баалуу эч нерсе деле чыккан жок. Ошондо да "залог кылганга керек" деп эки жаш баланы беш кызды салып кетишти. Фаризатка жакындаган бирөө ээгинен көтөрдү да: "Ф-уу чирип кеткен неме го" деп жерге түкүрүп басып кетти. Кейпи ээгин көтөргөндө" терге аралашып келаткан сасык жыт мурдуна "бур" деди окшойт. Эч ким "үн" деп сүйлөй албады. "Дың" дегендерин атып ташташаарын баары түшүнүп калышкан экен. Бир күндө эле дагы ушундай эки текшерүүгө туш болушту. Жолдогу кичинекей айылга түнөп алып, эртеси кайра жолго чыгышты. Күн бүркөлүп, жамгыр жаап кирди. Жааганда да тим эле чака менен куйгандай жаады. Ошондо да качкындар жөө жалаңдап жол улап кете беришти. Кечке жааган жамгыр Фаризаттын "жасалгасынын" эч нерсесин калтырбай жууп кетти. Муну алгач өзү байкаган эмес. Тегерегиндегилер башкача көз караш менен карай башташканынан сезди. Буга чейин Фризаттан баары алысыраак болуп качып, эч кимиси сүйлөшпөй да жаткан. Баягы сасык жыты да калбады. Кейпи жашыруун сыры түшүнүктүү боло баштады көрүнөт, айрымдар ууртунан жылмайып караганга өттү. Иш жаман жагына айланып баратканын сезген Фаризат "эми кантип сактануу керек" деп ойлоно баштады. Акыры анын да жолун тапты. Жолдон тамактанууга токтошкондо, бадалдын арасына кирди да сумкасындагы кызыл ооз боөгуч менен эмчегинин астын, курсагын, табарсыгын, балтырларын кызыл точка кылып боеп туруп, үстүн зеленка менен сүртүп салды эле тим эле жаранын үстүнө зеленка сүйкөп койгондой болуп калды. Өз табышкерлигине өзү кубанып кетти. Кичине чактарында пионер лагерде жүргөндө ушинтип тарбиячыларды коркутушчу. "Мына сасыштын да кереги жок. Көөнүн да кереги жок. Эр болсо мага жолоп көрүшсүн" деп койду. Бирок, бул табышкерлиги кемпирдин жасалгасынын астында суу кечпей калаары биринчи эле боевиктерге жолукканда белгилүү болду. Фаризатты көрүшкөндө эле "Ого бул чүрөк кайдан адашып жүрөт" дешип жетелеп жөнөштү. "Мен оорулумун" деди эле "Аны текшеребиз сулуум" деп коюшту. Дегдеңдетип барып үстү чүмкөмө машинага түшүрдү. Анын түп жагында өзү теңдүү дагы беш-алты кыз бүрүшүп ыйлап отурушуптур. Терезеси жок машинада кайда баратышканын да билишпеди. Дүкүлдөгөн боевиктер машинанын арткы эшиги жакка отуруп алып өздөрүнчө күжү-күжү. Ушул өткөн күндөрдө Фаризат ким-кимдер менен согушуп жатат, эмнеге согушуп жатат, талаштары эмне түшүнбөдү. Түш көрүп аткансып эле эңги-деңги. "Кээде ойгонсом түшүм болуп калса" деп коет да кайра "Балким чын эле түшүмдүр" деп кетет. Кеминде төрт сааттан ашык жүрүшкөндөн кийин бир жерге токтошту. Боевиктер кайдадыр түшүп кетишти. Туткундардын бири да орундарынан кыймылдап, жок дегенде машинанын арткы ооз жагына барып "Кайда келдик экен", - деп сыртты карап койгонго да жарабай бүрүшүп отура беришти. Кичине ашык кыймыл болсо, боевиктер өлөөрчө тепкилешет же ит аткандай атып салышат. Аз күндүн ичинде мындайдын далайын көрүп калган немелердин эч кимиси эрдемсүүгө жарабай калган. Ал түгүл ич ара сүйлөшүүгө да жарабады. Арадан жарым саатча өткөндө экөө келди да "түшкүлө" деди. Сыртка чыгышса, электр жарыгы күйбөгөн чакан айылда экен. Ай сүттөй жарык, жылдыз толуп калган кез. Тигилерди чогуусу менен айдап барышып бир караңгы бөлмөгө камашты да сыртынан бекитишти. Бекитип жатып "Кимиң качууга аракет кылсаңар, ал түгүл терезеге жакын эле барсаңар суроо-сопкуту жок атып салабыз!", - дешти да кетип калышты. Жаш кыздардын бири бышактап ыйлап киргенде, улуурак бирөө урушуп сооротуп койду. "Ыйлаба, ыйыңды укса азыр келип эшикке сүйрөп чыгат да атып салат" - деди эле беркиси басылып калды. Арадан дагы бир саатча өткөндө баягы экөө бир мискей тамак көтөрүп келди. Жакшы басылган аш экен. Кейпи боевиктерден ашып калса керек. Анан бир чака суу бир чөмүч беришти. Ашты баары жанталаша колу менен жеп киришти. Эч кимиси "биринчи колубузду жууп албайлыбы", - дегенге жараган жок. Фаризат да кечөкү кечтен бери ачка болчу. Өзөгү үзө тартып турган. Чоң мискей ашты алтоо бат эле ныпым калтырбай жалмашты. Кейпи берки кыздар деле ачка окшойт. Чакадагы суудан кангыча ичишти. Өзөктөрүнө тамак барганга жан кирип бири-бирин сурай баштады. Экөө эже-сиңди экен. Калгандары Фаризаттай ар жерден кошулгандар. Түн ортосу оой боевиктердин ырдаган, кажылдаган добуштары чыга баштады. Кейпи наша чегип же арак ичип атышса керек. Көп өтпөй кажы-кужу үндөр угулуп 7-8 боевик шатырап кирип келишти. Баары кызуу. Кыздар бүрүшүп бурчка тыгылышты. - Аа сулуулар, кандайсыңар? Силердин кызмат кылчу мезгилиңер келди, -деди бири жалаңдап. Баарынын колдорунда фонариктер. - Кана, кана катарга тургулачы, - деди эле кыздар бири-бирине жабышып бүрүшкөндө, күрсүйгөн бирөө: - Силерди, "катарга тургула?" - деп жатпайбы жалаптар! Тургула! Боюңарга карап катарга!, - деп кыйкырганда, титиреген кыздар шашыла тизилишти. Эң бойлуусу Фаризат экен. Ээктерин көтөрүп, баарын сындай баштады баягы шыпылдагы. Аңгыча бири: - Буларды командирлерге алпарганда бизге эч нерсе артпайт. Давай ушул жерден бирден моокум кандырып алалы - деди тамшанып. - Туура айтат, давай, - деди да, жанагы бакырган күрсүгүй четтеги бир кызды чыңыртып басып жыгылды. Тапыр-тупур боло түшүштү да баары бирден басып жыгылып, зордуктап киришти. Шыпылдак Фаризатты баса калды. - Мен оорулумун, венерикалык оорулумун, сифилисмин. Өз убалың өзүңө. Кийин, "айтпай койдуң" дебе, - деди жанталашкан Фаризат. Тигил Фаризаттын көйнөгүн түрүп ийип денесиндеги зеленка сүйкөлгөн жараларды көргөндө эси чыгып кетти. - Канчык! Чын эле бүт денеси жара го. Фу-у, ванючка, - деп ордунан тура качты. Кейпи чатында баягы кемпир сүйкөгөн сасык жыт сакталып калса керек. - Чын элеби? Арыта кыз жетпей калган бири фонарик менен бир карап алды да: - Ту-уу ата. Чирик тура, - деп жийиркене кайра ары кетти. Айрылган көйнөгүн кайра үстүнө кийген Фаризат ордунан турганда, бири автомат кезеп: - Атып таштайынбы? - деп жанагы шыпылдактан сурады. Фаризаттын жүрөгү оозуна тыгылды. "Соп-соомун, жөн эле алдап жатам. Атпагыла!", - деп бакырып жибере сактады. - Жок. Атпа. Мунун өлүгүн эртең ким сүйрөп жүрмөк эле. Тим кой. Тирүү жүрө берсин. Балким "кызылдарга" алмашып жиберебиз, - деди кайдыгер. Фаризат өзүнө келе түштү. "Шалак" деп жерге отуруп калды. Автомат кезеп турган неме: - Өңү бирок чоткий экен. Резине кап жокпу. Тонкойтуп туруп шилтейин, -деди эле кезек күтүп турган экөө каткырып жиберди. - Кайдагы резина кап. Табышкерин кара... - Оозуна бер, - деди бири. - Жо-ок, ооздон даана жугат, - деп уккам деди берки. - Ай чын эле. Эмне карап турабыз. Булардын ооздору бош да. Ту-у ата, -деди да бири чөгөөлөп берки кыздарга ишке киришти. Беш кызды сегизи ойлоруна келгендей чарчагыча уйпалашты. Фаризат баарын "ужас" кино көргөнсүп карап отурду. Анан баарын кайра кийинтишти да кайдадыр алып кетишти. Уктап кеткен экен дүпө-дүптөн ойгонуп кетти. Көрсө, кыздарды апкелишиптир. Тим эле чала жан. Көйнөктөрү айрылган. Эмчектеринен, денелеринен тамтык жок көк-ала. Фаризат тура калып ар бирине суу жуткуруп чыкты. Ыйлаганга да жарабай калышыптыр. Эже-сиңдинин улуурагы: - Ушундан көрө сенчилеп сифилис менен ооруп калганым жакшы болчу. Ооруңдан мага жугузчу, - деди кимгедир кыжыры келе тиштенип. Фаризат үн деген жок. Тигил уктап кетти. Бешөө тең уктап калышты. Жалаң полдо сунала жатышты. Ошол бойдон кечке уктап жатышты. Түштө дагы аш апкелди эле жалгыз жеди. Тигилер турушкан жок. Фаризат дүйнөдөгү эркек аттуунун баарын жек көрүп жатты. "Акмак эркектер болбосо согуш да болмок эмес. Эмне үчүн Кудай буларды аялдардан күчтүү жаратып койду экен. Эгер булар аялдардай алсыз, аялдар тескерисинче күчтүү болгондо баары сонун болмок" деп коет. Кечинде чоң мискей шорпо алып келишти. Үч табак, үч кашык беришти. Кыздар туруп алмак-салмак көңүлсүз шорпо ичип киришти. Эч кимиси сүйлөгөн жок. Бөлмөнүн ичи коңурсуп жаман жыттанып чыкты. Күн кечтеген сайын ар кимисинин жүрөгүндө "эми кечөөкү кайра башталат" деген турду. Эшик ачылып эки боевик кирип келди. - Кандайсыңар, сулууларым. Кечки шоуга даярданып жатасыңарбы? Ничего, бүгүн кечөкүдөн да мыкты ойнойбуз, - деп каткырып койду да: - Эй сифилис, жүрү биз менен, - деди. Фаризат ордунан очорула араң турду. "Атканы алпаратышат. Эмне кылсам. Кордук көргүчө атылып деле кетейинчи. Баары бир буларды деле кордоп атып өлтүрүшөт окшойт", - деп чечти да эшикке чыга жөнөдү. - Ванючка. Ылдам бас чоюлбай - деди кежигеге автоматтын учу менен түртүп. Талаага айдайт го деген. Жок. Аскер машиналары токтоп турган эки кабат чоң үй жакка айдашты. Биринчи кабаттагы бир бөлмөгө кийирди да: - Тигил кийимдердин ичинен каалаганыңды тандап мыктап кийин, - деди баягы шыпылдак. - Бол тез кыймылда - зекий сүйлөдү. Фаризат чечингенде; - Ф-уу... канчык. Курттап кетиптир го, - деп тескери карады. Фаризаттын оюна кечөкү "Алмашып жиберебиз" деген сөз түштү. "Кийин" дегенинде жакшылыктын үмүтү турду. "Алмашканы келгендер балким жактырбай койбосун", - деп көңүлдөнө кийимдерди тандап кирди. Түрлүү кийимдер бар экен. Алгач ич кийимдерди тандап кийди. Анан келишкен узун, көгүш көйнөк кийип, чачын төбөсүнө жыя өрүп туруп түйдү. Фаризатты жалдырай караган тигил: - Сыртыңдан караса тим эле чүрөксүң. Ичиңди кудай көргүлүк кылбасын. Кечөкү келесоо "резина кап болсо бир шилтеп алайынчы" деп тамшангыча эле барсың. Между прочим ушул өңүңдүн азабынан сифилис болсоң керек да, - деп улутунуп койду. Фаризат үн да деген жок. Чоң күзгүдөн көздөрү алайып жүдөгөн өзүн карап турду. - Баса, сени чоң жерге өздөрү менен ала кетебиз дегендер наркосоодагерлер. Аларга ооруң жөнүндө үн дебейсиң. Жерине жеткенден кийин каалаганыңды сайрай бер. Алар сени "төрт тарабың кыбыла" деп кое берет. Атып таштабайт. Биздей согушчандар эмес. Бизге сенин керегиң жок. Ашка жүк башка жүксүң. Ошондуктан, үн дебей тилиңди тигил чириген жериңе кат. Тескерисинче, аларга жагууга аракеттен, - деген көрсөтмө берди. Анан экөө ээрчише экинчи кабатка көтөрүлүштү да чоң, жарык, жалаң килем төшөлгөн бөлмөгө киришти. Бөлмөдө бешөө бар экен, эки аскер формасындагы адамдарды карап "мени алып кетүүчүлөр ушулар го", - деген ойго кетти. Алардын бири чымыр денелүү, узун бойлуу, жаш жигит Фаризатты көздөрүн ойноктото бир жолу кайдыгер карап койду да башка карабады. Бет маңдайында отургандардан көзүн алган жок. Экинчиси жашы кырктан өтүп калгандай көрүнгөн чачын артка тараган сулуу адам Фаризатты көпкө сонуркай сынап карады. "Эмнеси болсо да ушул башчысы окшойт. Ушуга жагайын" деген ойго кеткен Фаризат "Мени бул желмогуздардан куткара көр" дегенсип жалооруй тиктеди. - Ты наверняка метиска, - деди орусчалап сулуу адам. - Да я-а метиска. У меня мама была русская, - деди Фаризат мукактана. - Поэтому ты такая красивая, - деп койду да, пойдет, мы еө с собой заберем, - деди тигилерди карап. - Тогда за такую красавицу те три яүика оставишь, - деди беркилердин бири. - Все десять яүиков оставлю, - деди берки сулуу адам. - О-го Вы очень разүедрились. Если вы насчет женшин всегда такой, тогда приежайте почаүе. Мы каждый раз будем находить таких красавиц, -деди эле - Н-еет красивее ее вряд ли найдете. Она просто находка. А на самом деле ее никто еүе не трогал? Берки тараптагылар алаңдай түшүштү. - Да-а... да. Еө еүе никто пальцем не тронул. Тигил эми Фаризатка кайрылды. - Дейстивительно тебя еүе не трогали, скажи честно? Бул жолу сүрдүү тикчие тиктеди. - Да меня еүе никто не трогал. Я чиста, - деди Фаризат ишенимдүү үн менен. - Ну что ж, это мы еүе успеем проверить - деди да жанагы Фаризатты коштоп келген жигитке: - Ее посадите пожалуйста, в вертолет, - деди. Тигил Фаризаттын жеңинен тартып, "жүрү" деген ишарат кылып чыга жөнөдү. Экөө ээрчишип эшикке чыкканда; - Даана азамат экенсиң. "Ажалдан кутулдум" деп эсептей бер. Өкүртө алдадың. Тигил жакка барганда, көп болсо бир сөгүнүшөт да, сени кое беришет, - деп кудуңдап койду. "Ким кимди алдады бир Кудай билет" деп жибере сактап, кайра оозун басты. Али да чындап кетерине ишене элек болчу. Чоң үйдүн артындагы аянтчада аскер вертолету конуп турган экен, экөө ээрчишип барды да беркил узатуучу: - Командириңер бул кызды вертолетко отургузуп кой, - деди деп аскер формасындагы вертолетту кайтарып турган чымыр денелүү жигитке кайрылды. Арадан жарым саат өткөндөн кийин вертолет абага көтөрүлүп, тоолордун үстүнө чыкканда гана Фаризат чындап "тозоктуу жерден кутулдум окшойт" деп үшкүрүп жиберди. Жанаша отурган сулууча адам: - И-и чоң кыз туткундан бошонгонуңа эми араң ишендиң го, - деп жылмая карады Фаризаттын оюн билгенсип. Фаризат туруп-туруп эле буркурап ыйлап жиберди. Фаризат болоктоп, деги көпкө ыйлады. Жанаша отуруп бараткан сулууча адам соороткондун ордуна кайра: - Ыйлап ал. Бугуң чыккыча ыйла. Буктун ичте калып, жүрөгүңдү эзип жүргөнүнө караганда, ый менен чыгып кеткени жакшы, - деп койду да, кайдыгер, көңүл да бөлбөй отуруп алды. Вертолетто кошо учуп келаткан башка беш эркектин бири да Фаризатка жакындан сөз айтмак түгүл, жакшылап көңүл буруп да коюшпады. Көрсө, жанында отурган Азият экен. Калгандары анын жигиттери болуп чыкты. Азияттын темирдей тартибине көнгөн жигиттердин бири да ашыкча кадам жасабасын кийин билди го. Фаризат ыйын токтотуп эсине келгенден кийин да эч нерсе сүйлөгөн жок. Үч сааттан ашык учкан вертолет бир жерге келип конгондо, түн ортолоп калса керек. Сыртка чыгышканда үч жеңил машина күтүп турган экен. Азият бир жигитине, чакырып бир нерселерди айтты да, өзү ортоңку машинага дайыма жанынан чыкпаган жигити менен отурду. Фаризатты арткы машинага отургузушту. Машиналар шаарды аралап, зыпылдап жүрүп отуруп, светтери жаркыраган жер астындагы гаражга келип токтоду. Көп сүйлөбөй кыска-кыска буйрук бере сүйлөгөн жигит Фаризатты шыпылдаган жаш келинге ээрчитип келип тапшырды. Ал келин да кадимки аялдарча, какшанып сүйлөй бербейт экен. Фаризатты үнсүз ээрчитип алып, чакан саунага алып келди да: - Шашпай аябай таза жуунуңуз. Анан мен сизге эс алуучу бөлмөңүздү көрсөтүп коем. Тигил кнопканы бассаңыз мен келем. Сүлгү, самын, шампунь баары бар. Бүт кийимдериңизди тигил коробкага таштаңыз. Ич кийимдериңизден бери жаңысын беришет, - дегенде: - Өзүмдүкү деле жаңы. Бүгүн эле кийгем, - деди эле... - Бизде тартип ошондой. Шефтин буйругун так аткарабыз. Кам жебеңиз. Сизге өзүңүз кийгенден да артык, мыкты кийимдерди беришет, - деди жылмая күлүп туруп. Фаризат дайрага аккан чамындыча баарына кайыл болуп калгандыктан, талашкан деле жок. Жөн салды гана айта салган. Ошентсе да, тири укмуш кооз саунада аябай рахаттана жуунду. Жуунуп бүтүп чыкса, ич кийимдер анан жаңы халат туруптур. Тандап, өзүнө чагын кийди да, жеңил халатты кийип, баягы кнопканы басты. Арадан минута өтпөй жанагы келин пайда болду. - Жүрүңүз, - деди да, дагы ээрчитип жөнөдү. Татынакай жасалгаланган жатуучу бөлмөгө алып келди да: - Сиз кичине күтө туруңуз. Азыр ысык тамак апкелет. Азырынча суусундук иче турсаңыз болот, - деп үстү тасмал менен жабылган столду ачканда Фаризаттын көзү жайнай түштү. Ошондо курсагынын оңбогондой ачканын эстеди. Түрлүү жемиш. Өмүрү көрбөгөн жемиштин ширелери, икралар, балыктын эки-үч түрү, колбасалар туруптур. Ой ошондогу тамактанганын эстеген сайын күлөт. Тим эле жуттан чыккансып ичи ооруп, ордунан араң туруп басканга жарагыча ичип-жей бериптир. Тамактангандан кийин тим эле магдырап уктаган экен. Эртеси ойгонсо, күн көтөрүлүп калыптыр. Тозоктон бейишке кантип түшкөнүнө түшүнбөй, бир топко төшөктөн турбай жатты. Ордунан турары менен кечээки келин күтүп тургансып пайда боло калды. Жуунуп, өзүн ирээтке келтиргенден кийин, кайрадан кечиндегиден да ашкан, түрлүү тамактар менен тамактанды. Анан баягы келин ээрчитип алып, бир бөлмөгө алып барды эле, ал жер врач-гинекологдун бөлмөсү экен. Фаризатты тыкан текшерип чыкты. Канын алды. Ден-соолугу жөнүндө суроолорду берип көпкө тактады. Бул жерде эч ким зордуктабасына көзү жетип калган Фаризат, чындыкты гана айтып берди. Анан кайра жатуучу бөлмөсүнө жеткирип коюшту. - Мен кайдамын? Мени коө беришеби?, - деген өңдүү суроолоруна эч кимден жооп ала албады. - Аны учурунда көрөсүз. Эң башкысы эч тынчсызданбаңыз. Сизге эч ким кысым көрсөтпөйт. Бир тал чачыңызга да тийбейт. Кичине күтө туруңуз. Шеф бошогондо, өзү сизди кабыл алат, - деген гана жоопторду алат. - Шефиңер ким? - дегенге: - Аны өзүңүз билип аласыз, - дешип жылмайып коюшат. Түштөн кийин баягы келин бир жигитке, эки чемодан тирлүү кийимдерди көтөртүп келип, Фаризатка улам бирин кийгизип, өзү аябай тандады. - Сиздер мени сулуулардын конкурсуна катыштырганы жатасыздарбы?, -деген өңдүү суроолоруна жооп ала албады. -Эч кам жебеңиз, баары жакшы болот. Эс алыңыз. Өзүңүздү кармай билиңиз. Баары жайында. Сиз ойлогондой болот, - деген өңдүү каймана жоопторду кайрадан укту. Кантсе да жапайы боевиктердин колунан кутулганга санаасы тынып кубанганы менен, бул сырдуу жер, сырдуу мамиле да жүрөгүн дүпөйүл кыла баштады. Терезеден сыртты караса, гүлзарлар тигилген калың жемиш багынан башка эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнүн кайда келип калганын да билбейт. Кечки тамактан кийин баягы келин кайра келди да, күндүзгү экөөлөп тандаган бир сыйра кийимди кийгизди. Чоң күзгүнүн астына отургузуп алып, оо көпкө чачын жасалгалап чыкты. Колдорун, көздөрүнөн бери өзү боөду. Иштеген ишинен өз ишин мыкты билгени көрүнүп турду. "Бардык даярдыктар бүттү" дегенден кийин "Сиз кичине күтө туруңуз", - деди да, беш минутага бир жакка барып келди. Фаризат өзүн-өзү күзгүдөн көрүп тааныбай турду. Тим эле, жомоктогу периштедей сулуу кыз күзгүдөн карап турган эле. - Жүрүңүз, - деп жылмайып карай, баш ийкеп койду да, дагы ээрчитип жөнөдү. Экинчи кабатка көтөрүлүшүп, бир бөлмөгө кирсе, вертолет менен чогуу учуп келген сулуу адам жалгыз олтуруптур. Азыр гражданча жеңил кийинип алыптыр. Жарашыктуу кийингенден улам болсо керек, Фаризатка баягыдан да жылдыздуу көрүндү. - Кириңиздер, - деп күлүмсүрөй тосо чыкты. - Мага рахым этиңиз, - деп берки келин ийилип койду да Фаризатты тигил адам менен жалгыз таштап, "шып" чыгып кетти. Фаризат карышкырдын астында калган козуча бүрүшө түштү. - Өтүңүз. Кандай эс алдыңыз. Биздикилер сизди капа кылышкан жокпу? -деди тигил адам жумшак сүйлөп. Бул табышмактуу адам кечээ эле боевиктер менен базардагыдай соодалашып өзүн сатып келгенин, эми каалагандай урунууга укуктуу экенин, "Жок, мен деген адаммын. Мен силерге буюм эмесмин соодалашкыдай, бириңер сатып, бириңер сатып алгыдай" деп айта турган укугу да жок экенин, азыр мындан аркы жашоо-турмушу ушул адамдын көңүлүнө, каалосуна жараша болоорун. Эгер жакпай калса ар кимдин тепсендисинде калган тряпкага айланышы да мүмкүн экенин, эгер бул адамга жакса анда жок эле дегенде катардагы сойкулардын кейпин кийбей сыйлуу жүрөрүн түшүнбөгүдөй Фаризат анчалык деле акыл-эси алабармандардан эмес болчу. Анын үстүнө каны аралаш болгону менен төрөлгөндөн чыгыштын тарбиясын көрүп өскөндүктөн чыгыш аялдарына тиешелүү эркектин астында ийменүү, тагдырдын ыгына көнүү менталитети да бар эле. Табышмактуу кожоюну канчалык жумшак сүйлөсө да муундарын калтырак басып өзүн жакшы кармай албай турду. Анткени ушул жерге келгенден берки бир гана "Кимдин төшөгүнө алпарып мени жаткырууга даярдап жатышат" деген ой турган. Чынында ал түгүл минтип "кабинеттен жолугам" деп да ойлогон эмес. "Түз эле жатуучу бөлмөгө алпарышат го. Мынча жасалгалап калды дагы бирөөлөргө сатабы?" деген да санааларга баткан. Сырдуу адамдын суроосуна шак жооп бере албай мукактана түштү. - Жакшы... Жакшы эле эс алдым. Эч ким капа кылган жок, - деди үзүк-үзүк сүйлөй. Тигил адам тим эле жутуп жиберчүдөй болуп суктана тиктеп турган экен. Көздөрүн тартып алды да жер карап сүрдөй: - Сизге рахмат - деп койду. Тигил адам басып келди да Фаризаттын оң колунан кармап: - Кел мындай отур. Сүрдөбө. Өзүңдү өз үйүңдөгүдөй кенен сез, - деди да жетелеп келип жумшак креслого отургузду. Эки фушерге жемиштин маңызын куюп келди да бирин Фаризатка берип экинчисин өзү ууртап койду да, бет маңдайдагы креслого буттарын кайчылаштыра отура кетти. Фаризат ичинен "Жашы өтүп калганы гана болбосо жакшы адам көрүнөт. Кейпи мени бирөөгө белекке бергенге же сатканга деле ниети жок көрүнөт. Өзү менен алып калчудай го", - деп ойлогонго үлгүрдү. - Фаризат эми мага өзүң жөнүндө шашпай кең-кесири айтып бер. Төрөлгөнүңдөн баштап, - дегеним. Эч тартынба. Тартына турган, уяла турган эч нерсең жок экен. Мага врачтардын билдиргенине караганда ден-соолугуң чың, абийириң таза экен. Чынымды айтайын сени кыз экен дегенде уккан кулагыма ишенбедим. Жанагы жапайы боевиктердин арасында жүрүп кантип аман калдың экен мага табышмак. Ошондуктан сени менен чын дилден сырдашкым келип турат. Байкасам өзүң да түшүнүктүү кыздардан көрүнөсүң, - деп жылмая карап койду. Ошентип Фаризат Азиятка башынан өткөнүн бүт айтып берди. Өзгөчө акыркы окуяларды айтканда токтоно албай буркурап ыйлап жиберди. Ата-энеси бир туугандары эсине түшкөндө жанын коерго жер таппай ичи өрттөнүп кетти. Азият дагы үнсүз сөзүн бөлбөй укту. Ыйласа сооротподу. Ыйлап-ыйлап алып, кемпир менен өзүнүн жоруктарын, боевиктердин жүрөгү түшкөнүн айтса Азиат боорун тыта күлдү. - Кудайга шүгүр эгер сенин денеңди ошол жерден көргөндө мен да жаныңа жоломок эмес экенмин. "Аялдын акылы кырк эшекке жүк" - деген чын деп күлө берип көзүнөн аккан жашын жанынан жүз аарчысын алып сүрдү да, -Азамат экенсиң, өзгөчө жанагы кемпир азамат экен. Сасык жытты ойлоп тапканын - деп койду. Экөө дагы бир топко сүйлөшүп отурушту. Фаризаттын тилинин учунда биртоп суроолор турса да бере албады. Анткени: - Мен жөнүндө өзүң аста-аста билип аларсың. Аябай көптү билүүгө деле кызыкпа. Сага анын кереги жок - деп койду. Анан түз эле: - Мага чын дилиңден мамиле жасап сыйлашыңды, ийменип акылымды, сөзүмдү угушуңду каалайм. Бизде тартип катуу, ашык кадам жасабаганга аракет кыл. Эгер өзүң күнөө кетирбесең бейиштегидей жашайсың. Күнөө кетирсең кечирим болбойт. Оюмдагыдай жүрө алсаң мен сенден эч нерсе аябайм. Мендеги бир адат көп учурда адамды биринчи көргөндө эле жактырып калмайым бар. Сен да биринчи көргөндө эле жактың. Анан сенин жанагы тагдыры белгисиз иниңди болгон мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп издетем. Эгер тирүү болсо сөзсүз таптырам, - дегенде башка сөзү бир тең "Ушул иниң тирүү болсо сөзсүз таптырам" деген сөзү бир тең боло кубанып кетти. Улам уртап ичип отурган жемиштин маңызга анча зыянсыз өлчөмдө таза апийимден кошулгандыктан бара-бара Фаризаттын дене бою балкып жанагы карышкыр көргөн козудай жыйрылуусу жоголо баштады. - Кана келип бул жерге отурчу,- деп Азият жанын көрсөткөндө тартынбай эле барып отура кетти. Эртеси ойгонсо Азияттын кучагында жаткан экен. Алгач селт чоочуй түшкөнү менен түндөгү махабат жыргалын эстей кайра Азияттын колуна башын коюп үргүлөй ыктады. Азият убадасына туруп инисин бүт Тажикстанды тинттирип издетти. Көп жерлерге экөө да барышты. Бара-бара Азиятты жөн гана кожоюнундай эмес чындап аялдык аруу сезими менен сүйүп калды. Эх арман, көрсө Азият аял сүйдүрө турган эркек тура. Кайсы кара шайтан сайган күнү азгырылып Саидге жакындады десең. "Өзүмдүн ким экенимди көрсөтөм" деп ойлогон. "Кимге көрсөтөм?" деп ойлобоптур. Азияткабы? Азият ансыз да баалачу. Анда кимге? Алкаш Саидгеби? "Өз ордумду табам", - деген. Көрсө өз ордун таппай эле кайра ордунан алыстап качкан экен. Кылмыштуу жол менен, акча менен, өз ордуңду табалбайт экенсиң. Полицейский ойношу канча эркелетип көңүлүндөгүдөй болгону менен жалгызсырачу болду. Баягы ата-энесинен, биртуугандарынан айрылганда жалгызсыраган. Бул дүйнөдө таптакыр жалгыз ээндикте калгандай жалгызсыраган. Анан Азиятка жолугуп ага көнүп кеткенден кийин таянары, карманары барча жалгызсырабай калган эле. Эми көптөн бери кайра жалгызсырап жүрөт. Чөлдө калгандай жалгызсырап жүрөт. Көзүнөн мончок жаштар куюлуп кетти. Ордунан тура калды да сотка телефонун алып, Москвадагы тааныш кызына чала кетти. Өзүн жоготуп койду. "Азият кайдан телефон чалынганын билип коөт" деген коркунучту да унутту. Кудай жалгап кыз үйүндө экен. Өзүнүн ким экенин айтканда: - Фаризат. Фаризат... сен тирүүсүңбү? Уккан кулагыма ишенбейм. Чын эле сенсиңби? - деди тааныш үн апкарый. - Ооба. Менмин. Фаризатмын. Тип-тирүү элемин - деди берки ишенимдүү. - Кудай турат го Фаризат. Сени бул дүйнөдө тирүү жок, - деп ойлочумун. Азият өзү жок кылып көзүңдү тазалап коюп "качып кетти", - деп койду го дечүмүн. Ал колунан баары келген адам эмес беле, - дегенде Фаризат "селт" - дей түштү. - Эмне үчүн өткөн чак менен эмне Азият... сүйлөй албай калды. - Сен уга элексиңби? Азиятты өлтүрүп кетишкенин уга элексиңби? У-уу жарым өмүрүңдү жоготупсуң мындай чоң сенсацияны укпай калып. Болгондо да үйүнөн чекеге атып кетишпедиби. Азиятың сенден айрылгандан кийин такыр башкача болуп калды, - деп уккам... Фаризат өзүнүн болкулдап ыйлап жатканын биртопто барып билди. Тигил дагы көп нерселерди айтты окшойт. Түшүнбөй калды. - Болуптур мен жакында сага Москвага учуп барам, - деп телефонду өчүрдү. Өзү төшөгүнө күп жыгылып тыбырап-тыбырап Азият... Азият мен акмакмын мени кечир!? Мендей сойкуну кечир!? Мендей шүмшүктү кечир!? деп боздоп ыйлады. Ыйын эч ким уккан жок. Үстүнө эч ким кирген жок. Жалгыз болчу. Мына өчөшүп "сага көрсөтөйүн" - деген адамынан да айрылыптыр. "И-и, мени колунан эч нерсе келбеген катардагы катындардай көрдүң беле. Керек болсо мен деген минтип да коө алам" - деп кекээрлөөчү адамынан да айрылыптыр. Эми кайда барат. Кимге кереги бар. ххх Пекин-Москва рейсиндеги самолет менен учуучу жүрүнчүлөр регистрациядан өтүп бүтүшүп, самолетко жеткирүүчү автобусту күтүп турушканда Шаанын көзү элге көп кошулбай өзүнчө турган сулуу кызга урунду. Кимгедир жолугарын. Жолукканда да жөнөкөй адамга эмес сырдуу адамга жолугарын аэропортко келатканда эле билген. Баягы тоодогу үңкүрдөгү ламага барып келгенден кийин ушундай баарын астына ала билип, сезип турган туюм пайда болгон. Мындай туюму күн сайын күчөп бараткан. Адамдарды бир карап туруп аурасын көрүп калган. Адамдын курчаган аурасына жараша кандай адам экенин, энергиясынын күчү канча экенин биле баштаган. Илимде "үчүнчү көз" деп айтылып жүргөн түшүнүктүн өзүндө пайда болгонуна алгач түшүнбөй таңданса бара-бара көнүп аяр урунууга аракеттене баштаган эле. Ошентсе да өзүнө берилген белгилерди толук чечмелөөгө үйрөнө элек кези. Сулуу жаш кыздын аурасы түбүндө таза болгону менен кийин турмушта аябай кирдеп бузулганын, кыздын азыр ошол кирдеген аурасынан жапа чегип кыйналып турганын, андан башка да башында оор кайгы барын, ичи бышып баратканын билди. Ошону менен катар эле кызды Москвада жеңил жол эмес оор жолугушуулар күтүп турганын билди. Кыз мүмкүн Москвага учпай деле койсо болмок. Кызык эмне үчүн өзү кызга тартылып жатат. Мына ушуга түшүнбөдү. Кыздын сулуулугуна эмес. Муну так билет. Аурасы мынчалык кирдеген кызга тартылмак эмес. Сырткы сулуулук алдамчы болоорун, ички сулуулук гана чыныгы сулуулук экенин апачык көрүп туруп кыздын сырткы сулуулугуна кызыкмак эмес. Кызда Шааны кызыктырган бир сыр турду муну көрүүгө Шаанын күчү жетпей жатты. Кыздын аурасын аралап анда-санда пайда боло калган күчтүү ак шоола чагылгандын огундай жарк дей түшөт да жоголот. Жакыныраак басып келди да өзү энергия жиберип кыздын башында айланган кир энергиянын толкундарын билгизбей тазалады эле кыз кадимкидей эс алып, көңүлү ачылып, тегерегиндегилерге көңүл бура баштады. Ал түгүл Шааны да бир жолу жоодурай карап койду. Кызды митиска экенин Шаа билген. Өзбечка же тажичка деп ойлогон. Бул сырдуу сулуу Фаризат болчу. Гонконгдон Москвага чукул рейс жок болгондуктан Пекин аркылуу учуп жаткан. Жүрөгү алеп-желеп болуп Азиятты эстесе кайгырып, дос кызына жолугарын эстесе кубанып өзүнө келе албай турган. Шааны карап алып "Казак же кыргыз болсо керек" деп ичинен ойлоп койду да "Жылдыздуу жигит экен. Жашы деле менден көп болсо 2-3 жаш улуу болбосо тең курбал окшойт" деген тыянак чыгарып койду. Көзүнө Москвага учуп жаткандардын баары жакшы көрүнүп турду. Эл-жерин сагынганын туйду. Көп күтүшпөй жүргүнчүлөр самолеттон орун алышты да аба лайнери Москвага бет алды. Эки катар астыдагы орунтукта отуруп бараткан кызда кандай сыр бар. Эмне үчүн алтынчы туюму "Кыз менен тааныш. Колдон чыгарба" деп жатат. Кызды анда-санда жарк деп курчап өтүп кайра жок болгон эмне жарык түшүнө албай Шаа бушайман. "Бриллиант жыландын" сырын, кайда экенин билген дүйнөдөгү жалгыз адам кыз экенин Шаа ойлогон да жок. Кызды кытайда челнокчулук соодада, же сойкулук кылып жүргөн неме го деп ойлоюн десе өзүнө келген белгилер башкача. Кандайдыр бир улуу күчтүн таасири уруп турганы түшүнүксүз. Ичинен "балким кыз тукуму жакшы ак сөөктөн чыккан немедир, ошонун касиетидир" деп ойлоп койгону менен "кантип сүйлөшүп кепке тартсам" деп жолун издей баштады. Шаадагы кудурет "Бриллиант жылан" менен кызды байланыштырууга жетпеди. Самолет тибеттин сырлуу тоолорунун үстүнөн зымырап учуп баратты. Дүйнөдөгү эң күчтүү сырлар, адам баласына али белгисиз укмуштуу энергиянын топтому жаткан аймактын үстү менен баратканын сезген Шаа колунан келишинче өзүнө энергия топтоп алуу үчүн орунтугун чалкалатып көздөрүн жума транска түшүп кетти. Шаа транстан самолет казактын талаасына келгенде гана чыкты. Өзүн бир башкача күчтүү, жеңил сезип калган экен. Көзүнө биринчи урунганы кыз болду. Белгилер азыр биртоп ачык келе баштады. Кызды астыда коркунучтуу жолугушуу күтүп турат. Андан бир сактаса Шаа гана сактап кала алмак. Кыздын өмүр жолу татаал жана оор болгон экен. Киши канына сабын болгонун да көрдү. Сыртынан татынакай көрүнгөн ушундай кыздын мынчалык оор окуяларга криптер болгонуна ким ишене алат. Самолетто бараткандардын дээрлик бардыгы көрпенделик күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну болгондор. Кыз деле күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну. Бирок андагы кандайдыр бир сырттан берилген касиет аны сактап өзгөчөлөнтүп турат экен. Кыздын башына өтө көп жаман ойлор толуп алган экен, өзүн-өзү кыйнап баратат. Фаризатка жанаша отурган улгайган адам тамеки чегүүгө чыкканда артынан кошо чыккан Шаа "Эгер туура көрсөңүз орун алмашып отурбайлыбы? Мен тигил кыз менен өң-тааныш элем сүйлөшүп барайын" - деди эле тигил адам "Мейлиң. Мага айырмасы жок" деп койду. Бейтааныш адамдардан боюн качырып оңой менен мамиле жасабаган Фаризат Шааны эски таанышын көргөндөй жылуу кабыл алды. Бул Шаанын гипноздук таасиринен экенин билген жок. - Саламатсыз! - Саламатчылык! - Эгер жаңылбасам тажик кызы болсоңуз керек? - О-оба. Тажик кызымын. - Өзүңүз казак же кыргызсыз го? - Кыргызмын. - Студент же илимге аралашкан адам болсоңуз керек? Шаа кыздын баамчылдыгына баа берди. - О-оба. Илимий иштер менен жүргөнүм чын. Тим эле чекемде жазылып тургандай таамай айттыңыз го. Фаризат өзүнүн болжоосу туура чыкканына курсант боло жылмайып койду да: - Соодада жүргөнүңүз байкалбайт. Ошондон улам айттым,- деп койду. Жөн салды гана. Экөө кытай жөнүндө, келип-кеткендер, соода жөнүндө көпкө сүйлөшүштү. Шаа канчалык сөздүн оңтоюн келтирсе да Фаризат өзүн жөнүндө эч нерсе айтпады. "Кытайга жөн-жай соода кылсам кандай болот" деп билгени келдим эле,- деп жооткотуп койду. Убакыт болсо билинбей өтүп самолет конууга жакындап калды. Шаа шашпаса болбойт эле. Ошондуктан түз чабуулга өттү. - Сизди жолдош кызыңыз күтүп турат. Сизди башка да бирөөлөр күтүшүүдө. Эмнеге экенин билбейм ниеттери жаман немелер. Кыскасы жакшылык менен эмес, - деди эле Фаризат "селт" этип өңү бозоро түштү да Шааны алая карады. - Кайдан билесиң? дейсизби. Чочубаңыз. Мен сизди биринчи жолу аэропорттон көрдүм. Буга чейин сиз жөнүндө эч нерсе билчүү эмесмин. Кудай турат бул чындык. Болгону менде башкалардын келечегин, ойлогон ойлорун билип койгон касиет бар. Ишенбей атасыз. Жөн гана ишенип коюңуз. Менин сизге кылдай арам оюм жок. Сиздин башыңыздан өткөн чоң коркунучтуу иш бар. Ал аяктаптыр. Бирок сиз катуу коркуп калгансыз. Сырдуу күтүүчүлөр да ошол ишке байланыштуу болушу мүмкүн. Фаризаттын муундары калчылдап эмне ойлорун билбей калды. "Азияттын жигиттери күтүп турган го" - деп ойлоду. - Сиз ойлогон кишинин жибергендери эмес тап-такыр башка тараптан. Аларды балким сиз билбейт да болушуңуз мүмкүн, - деди Шаа Фаризатты кыйгач карай. "Бул чын эле менин ойлогонумду бүт билип жатабы же психологиялык оюн кылган Азияттын жигиттеринин бириби" - деп мелтирей тескери карап ойлоду, Фаризат. Жанагы жайдарылыктын бири да калбады. Шаа дагы үнүн пас чыгара: - Мен эч кимдин жигити эмесмин. Дагы кайталайын буга ишениңиз. Эч кандай оюн да койгон жокмун, - дегенде Фаризаттын айласы даана кетти. - Мен эмне кылышым керек - деди Шаага жалооруй карап. - Сиз күткөн кызыңызга жолугуп кичине сүйлөшүп алаксый туруңуз. Аңгыча мен такси кармап келе калам. Анан сизди аңдуучулардан кутулууга аракеттенебиз. - Макул! - деди Фаризат ойлонбой туруп. Самолет Шереметового конуп жаткан эле. Шаа шашыла элден биринчи түшүүгө аракеттенди. Кетип баратып - Мен кармап келген таксиге кармалбай шак отургула - деди. Шаа узагандан кийин Фаризаттын башына бир ой келди. "Балким Шаа алдап ойнотуп жатсачы. Оңой колго түшүрөйүн деген амалыдыр. Коөтур, буларга көргөзөйүн" - деди да, жанындагы сумкадан чоң кара жоолук алып чыгып араптарча чүмкөнө салынды да узун плашын кийип таанылгыс боло түштү. Бажыканадан өтөөрү менен ар бир аялды жалдырай тиктеп турган дос кызынын жанынан тескери карап өтүп кетти да көп кармалбай жалгыз таксиге отуруп зуу койду. Чын эле дос кызын алысыраактан акмалап турган эки жигитти байкады. Азият менен жашап жүрүп андай жигиттерди жаземдебей таанып калган. Дос кызы Фаризатты ары-чуркап, бери-чуркап издеп таппай калды. Ушул рейс менен учуп баратам деп чалганы чын болчу. Эмне болуп кеткенине түшүнгөн жок. Шаа такси менен келип Фаризатты таппай калды. Артыбыздан куугунтук болушу мүмкүн деп атайы жаңы "Мерседес" айдаган жаш жигитке сүйлөшкөн болчу. Фаризатты издеп алактаган кызды оңой эле тааныды. Фаризат Шаага ишенбей жалгыз качып кеткенин түшүндү. - Сиз Фаризатты күтүп жаткан жоксузбу? - деди жакын келип. - О-оба. Ага эмне болду. Келбей калдыбы? - деди кыз шаша. - Баары жайында. Жүрүңүз. Калганын жолдон айтып берем, - деди эле, кыз көп тартышпай эле келип машинага отурду. Гипноздук таасир берип кызды көп сүйлөтпөй алып кетпесе тигил аңдыгандардан кутулуу кыйын болоорун түшүнгөн Шаа ушул жолго барды. Жай сүйлөшүп бараткан кишиче басып баратып шак машинага отурушту да зуу коюшту. Машинага отураары менен шоферго "Катуу айда" деди Шаа акырын. Аңдыгандар шашып калышты. Ал түгүл номерин көргөнгө да үлгүрүшпөдү. "Мерседес" түнкү караңгылыкка сиңип кетти. Фаризатты күткөндөр чынында эле Азияттын жигиттери эмес болчу. Азият катып жүргөн жана жалгыз өзү билген "казынанын" ээсинин жигиттери эле. Азият күтүүсүз өлгөндөн кийин, таза Ооган апийими катылган "казына" кайда экенин биле алышпай отко-сууга түшүп жатышкан. Азияттын жакындарынан эч ким билбейт экен. "Казынанын" шегин бир билсе Фаризат билиши мүмкүн болчу. Ошондуктан Фаризатты издетүү кайра күчөп башталган. Фаризат мамилеси дос кыздары аз болчу. Бири ушул Москвадагы кыз. Фаризат менен бир учурда окуган. Бул кыздын ата-энеси да согушта жок болушкан. Эки агасы менен Фаризаттын Москвадагы дүкөнүн иштетип Фаризат сатып берген үйдө турушчу. Телефон дайыма тыңшоодо болгондуктан Фаризат чалары менен аңдуу күчөтүлгөн. Шаа жолду карата кызга кыскача түшүндүрмө берди. - Менин билишимче силердин телефонду кимдир бирөөлөр тыңшоого алып Фаризат менен сиздин сөздү уккан да Фаризаттын келишин күткөн. Телефонду угуу дагы улантылат. Сиз эгер Фаризат телефон чалса түз эле "Телефонду тыңшап угушууда" деңиз да сүйлөшпөй коюп коюңуз. Сизди Фаризатка мен башка жерден жолуктурууга аракеттенем, - деди. Гипноздук таасирден жакшы чыга албаган кыз оңдуу сүйлөй да албады. Өзүнө да жакшы келген жок. Шаа кызды биринчи көргөндө эле Фаризатка кылдай арам ою жогун билген. Кызды үйүнүн жанына ташташты да түнгө сиңип кете беришти. Машина жүрүп кетээри менен эсине келген кыз "Өңүмбү, түшүмбү. Мен кайдамын?" деп эки жагын карап үйүнүн жанында экенин көргөндө эмнелер болгонуна көп башы жетпей үйүнө бет алды. Шаа "Оңой куу эмес экен. Кара мага ишенбей кандай жолго барган. Демек, чын эле мында чоң сыр бар", - деп Фаризат жөнүндө ойлоп баратты. Эми аны Москванын кайсыл булуңунан табаар экен. Эпилог ордуна Автордон: Урматтуу окурмандар! "Бриллиант жылан" чыгармасындагы окуялардын уланышы 1-2 жылга (балким андан да узактыр) токтоп калчудай болуп турат. Себеби китептеги окуялардын негизин түзгөн каармандардын көбү бүгүнкү күндөгү биз менен аралаш жүргөн эле адамдар экендигин өзүңүздөр деле сезип жатсаңыздар керек. Ал түгүл алардын айрымдарын боолголоп билип жаткандырсыздар. Кудай аман койсо китепти улантып жазуучу мезгил да "бышып" жетилээр. Азырынча кайрадан көрүшкөнчө, - дей туралы. -------------------------------------------------------------------------------- -------------------------------------------------------------------------------- Чолпонбек Абыке уулу Бриллиант жылан (Чыгыш детективи) 2-китеп Азияттын иши акыркы айларда улам кыйчалыштай берди. Фаризат менен Саиддин дайны чыкпай жоголгону аз келгенсип наркосоода менен алектенген жигиттери Оштон ири өлчөмдөгү товар менен кармалып калды. Бүт товар күйүп кетти. Ички иштер министрлигине жаңы келген Министр Азияттын "ортомчуларын" жанына да жакын жолотпой "секирет". - Канчага секирээр дейсиң. "Төрт эмес, тогуз тарабынан кысымга алгыла", - деген буйругунан да эч нерсе чыкпады. Жандарынан корккон жигиттери бүт күнөөнү өз моюндарына алып кете беришти. Же товарын, же колдон суурулган шылуун жигиттерин бошотуп ала-албаганга Азияттын нерви бузулуп, ал түгүл өзүнүн жеке догдурун чакыртып көрүнүп, дары ичкенге аргасыз болду. "Цыган почтасы" кылмышкерлердин чөйрөсүндө кабарды шамалдай таратат. "Азият баягы эмес. Кадыры кете баштады. Жакында наркотовары менен кармалган жигиттерин бошотууга жараган жок" деген кабар тез эле кыргыз, казак, өзбек эмес бүт КМШга жайылып кетти. Мурда Азияттын колтугуна кирип күн көргүсү келген майда соодагерлерден баштап ирилерине чейин четтей башташты. Иштин арты ушундай болорун билген. Ошондуктан, аракетин деле аябады. Чындыгында колунан эч нерсе келбей койду. "Чын эле бүт касиетимди "Бриллиант жылан" менен Фаризат алып кеттиби? Мурда атымды укса астымдан кыя өтпөгөндөр тескери бурулчу болду. Көзүмдү тике карабоочулар кайрып сөз айтчу болду" деп капа болуп отурса, "кабар" келиптир. "Сиз менен сүйлөшө турган сөз бар. Жолугалы. Астына ала ачыгын айтайын. Сизде бир кымбат буюм бар экен. Ошол мага керек болуп калды. Баасын ойлоно келиңиз. Сизди урматтаган "Рыжый" Болот, Алмата" деген. "Кабарды" окуганда ордунан секирип кетти. Сөз "Бриллиант жылан" жөнүндө баратканын илгиртпей сезди. - Эх Протез... Протез... тирүү экенсиң да. Акыры суу үстүнө калкып чыгарыңды билгем. Сендей чириген дөңгөчтөр акыры жээкке чыкмак. Эрдин тиштеп, ойлонуп отуруп калды. Рыжый Болотту жакшы билет. Нечен уккан. Акыркы жылдарда улам күчөп баратканын да билип жүрчү. Бирок, "Азияттын дарегине чейин сөз кайрууга жетишет" деп ойлобогон. Көздөрүн жуумп көпкө үнсүз отурду. Кантсе экен. Аңгыча, кыйынчылыктан чыгуунун жолу башына өзү келди. "Кандай гана абалдан болбосун чыгуунун жолун таба билчү элем дейм да", - деп өзүнө өзү куштарлана да түштү. "Рыжый", "кабарыңды" алдым. (Атайлап Болот деген атын кошпой, "Сен ким элең эсиңе келсеңчи" деген мааниде какшык аралаштыра жазды). Эгер кулагың укканы чын болсо, ошол угузган "кабарчынын" нак көзүрүн (ортомчусун эмес) мага белекке жибер. Калган сөз анан улансын. Сени урматтаган Азият" деп өзгөчө кол коюлган "кабар" жолдоду. Бул иш ушинтип эле "кабар" алмашуу менен бүтүп калбасын Азият түшүнүп турду. Коргонууну чыңдап, жолугушууга даярдануу керек. "Буюм" жок. Колдон учуп кеткен. Андан көрө издешүүгө жардам бер" дегенде ага ким ишенет. Ишенген күндө да ансыз деле сынып турган кадыр-баркы такыр тебелендиде калбайбы? Акыркы алты айдан бери "Фаризат менен Саидди издетем" деп өзүнүн "чарбасына" такыр көңүл бурбай калганын "кабардан" улам даана билди. Болбосо, Рыжый Болотко окшогондор "кабар" жиберүүгө батынмак беле. Өткөн жарым жылда үч жолу болгон чоң разборкаларга өзүнүн кишилеринен эч ким барбай калган. Өзүнүн көздөй ишенимдүү кишиси "мыйзамдагы ууру" оор кылмышы ачыла турган болгондо, Италияга качып кеткен. Учурунда тиешелүү кабар берип, коргоого көмөктөшө албаганы үчүн ал да Азиятка нааразы экендигин Италиядан жүрүп билдирген. Төрт тарабындагы "коргонду" дайым чыңдап жүрчү Азият бүгүн улам бир тарабындагы коргону ыдырап кулай берип, ачык, коргоосуз калганын билип отурат. "Фаризат, сени акыры табып, түбүңө жетээрмин" деп кекенип алды. "Бөрү карыса бир койлук дейт. Бул Рыжый өзүн "чоң кожоюн" сезе баштаган экен. Али Азият өзүнүн ким экенин көрсөтүүгө күчү жетет" деп кекенип алды. Ушул эле күнү тиешелүү адамдарга, шашылыш, кийинки жумада жолугушууга "кабар" жолдоду. ххх Гонконгдогу шаардан четкерээк бөксө тоонун түбүнөн, деңиз жээгине жакын жерден өзү өтө байлардыкындай чоң аянт ээлеп заңкая көзгө көрүнүктүү курулбаса да чакан, оюнчуктай кооз, ошол эле маалда анчалык тегеректегилерди өзүнө көңүл бөлгүдөй деле эмес, бүт айланасы калың бак менен курчалган вилласында жатып, Фаризат бүгүн Азиятты эстеди. Арадан жарым жыл учкан куштай өтүптүр. Азият күн сайын жүрөгүнүн башында "качан табаар экен? Качан кыжыры келсе заары чыга түшчү көздөрүн тикчийте кадап, "Менден качып кутулам дедиңби?" деп маңдайымдан чыгаар экен деп эстесе, бүгүн "Ушундай жашоодон көрө Азияттын шимшүүрлөрү кармаса да мейли эле. Акыры башта бир өлүм... Балким, күнөөмдү кечет беле. Кантсе да сүйчү эле го" деп эстеди. Үйүнө келери менен муздак душка түшүп жатып, бардык эле аялзатына тиешелүү адатты карматып, буркурап ыйлап алды. Анын кудай берген сулуулугун, аялзатына тиешелүү наздыгын барктаган, сыйлаган, аяр мамиле жасап, өзүнөн башкага ыраа көрбөй, таза урунган Азият гана болгонун бүгүн дагы бир жолу билди. Буга чейин да ушул өткөн алты айда бир нече жолу билген, бирок, бүгүн өзгөчө болду. "Кайсыл кара шайтан сайган күнү эсирип, эсинен ажырап, Азияттын көзүнө чөп салып, дүйнө кыдырып даң салып эркиндик эңседим экен" деп ичтен боздоп турду. Жатса бир топко чейин термелип туруучу диванга кулап түштү да, көзүнөн чуурган жашты сүртүп да койбостон, түрлүү гүлдөрдүн сүрөтү салынып тирукмуш кооздолгон шыпты тиктеп жата берди. Анын көзүнө шыптагы гүлдөрдүн кооздугу эмес, өткөн алты ай элестеп жатты. ххх Саид экөө Алматыда көп болсо үч күн токтойбуз дешкен. Жок, туура үч жума жатышты. Дагы Фаризаттын чечкиндүүлүгү менен жолго чыгышты, болбосо, дагы канча жатышаарын бир кудай билмек. Саид айтканындай эле эки күндүн ичинде экөөнө паспорт жасаттырды. Бири, казак Кокенеев Серик, бири, казак кызы Кокенеева Анара болду да калды. Ошол эле күнү "Машинаны" капкара "Опел жипке" алмашышты. "Эрди катын эмес эки бөлөк фамилиядагы документ албайлыбы?" -дегенге Саид "Документтерибиздин ушундай болгону оң" деп болбой койду. "Иштин жакшы башталганы үчүн" деп ал күнү экөө шаардагы "эң мыкты" деген ресторанга барышып чардашты. "Көп анча көзгө көрүнбөйлү" деп жеке менчиктеги мейманканага турушкан. Саид кантсе да чалгынчынын мектебинен өткөн эмеспи, ресторанда өзүн жакшы кармаган менен мейманканага келип, өздөрүнчө калгандан кийин чектен чыга ичти. Ал түгүл туруп басууга жарабай жөргөлөп, жаткан ордунда кусуп, оонап калгыча ичти. Биринчи күнү Фаризат өзү да эсинен кеткиче ичкен менен экинчи күндөн баштап мурда мындай ичип көрбөгөн неме ичкиликти көрмөк түгүл жытына да жолой албай калыптыр. Саид болсо, туруп көзү ачылганда эле колун бөтөлкөгө сунат. Фаризаттын "Бул шаарда көп кармалганыбыз болбойт. Эртелеп башка жака жылалы" дегенине Саид "Эч коркпо, Азият тескерисинче бизди колтугунан издебейт. Алыстан издейт. Из суутуп жата туралы" дейт да, кайрадан ичкиликке өтөт. Акыры Фаризаттын Саид Азиятты жазгырып эмес, ичкиликтен кутула албай жатканына башы жетти. Буга чейин күнү-түнү өзүнө карабай сасып - ирип, ичкиликтин кулу болуп жатып калган эркекти көргөн эмес. Фаризаттын перидей сулуулугу да баш жазуудан кымбат эместигин Саид билгизип койду. Өмүр бою бирөөнүн карамагында катуу контролдун астында жүргөн неме "Өзүмө-өзүм кожоюнмун" деген эркиндик алганда өзүн-өзү башкарууга жарабай далдырап, оюна келген акмакчылыкты жасап калаарын Фаризат түшүндү. Мына ошондо Азиятты бир эстеди. Ченемсиз байлыгы турса да, бийлиги турса да, дайым өзүн-өзү катуу кармап, мына азыр барып, бирөөнүн астына отчет берчүдөй дайыма бардык ишин такыба тыкан жүргүзөөрүн, бир да жолу ишинен калбай, ал түгүл кечикпей, убада берген жолугушуусун калтырбай ашкере жоопкер экенин эстеди. Ошондо бармагын биринчи тиштеди. Мындан ары Саидге ишенбей өз камын өзү астына ала тымызын пландай жүрбөсө болбосун да түшүндү. Жүрөгүн жеген жалгыз буюм "Бриллиант жылан". Муну кантип чет өлкөгө алып өтөт? Кимге сатат? Саткан күнүнүн эртеси эле кармалып калбайбы? Миң сан суроолор. Кайдан да "Бриллиант жыланды" алды эле. Балким, бул кымбат буюмду албай акча менен эле качса болмокпу. Кайра өзүн жооткотот. Качарын качты. Эми өкүнгөндө пайда жок. Деги эле бир тыйын албай өз башын алып качкан күндө да Азият издетмек. Анын кекчил экенин, өзүнүн намысына шек келтирген ар бир майда нерседен бери өзгөчө маани берип, жөн калтырбасын Фаризат жакшы билип калган. Саид мына эсине келет, ана эсине келет менен арадан эки жума өткөндө, Фаризат чындап Саидден түңүлдү да, биринчи кезекте "Бриллиант жыландан" убактылуу кутулууну туура тапты. Эки күн ойлонуп жатып оңтойлуу бир жерге катуудан башка жол таппай, эртең менен эрте Саид корулдап уктап жатканда жолго чыкты. Түндө түшүнө, бир учурда Азият экөө кооз жерлерди кыдырып жүргөндө көргөн, Кыргызстандагы Долон деген ашуунун аркы бетиндеги чакан капчыгайдагы кол менен жасап койгондой болгон таш үңкүр кириптир. "Бриллиант жыланды" так ошол жерге катып жаткан экен. Тим эле өңүндөгүдөй көрдү. Ойгонсо таң атып келатыптыр. Ордунан ыргып турду да шаша кийинди. Күнгө чагылышып жаркылдаган капкара жип Долондон ашканда күн түштөн ооп калган. Эч жерге токтоп тамак да ичпеген Фаризат тим эле учуп- күйүп келатты. Анан калса жолу да шыр болуп, бажыканадан да эч ким тоспой, токтобой өттү. Долондон ашкандан кийин тээ канча жыл мурун көргөн жерин "Унутуп койдум го, таба албай убара болоор бекенмин" деп санаркаган. Жок, баары көз алдына картинадай тартылып, тим эле колунан бирөө жетелегендей баратты. Мындан ары машина жүрө турган жол түгөнгөн жерге жеткенде, жеңилдене дем алып, кичинеге машинадан чыкпай айланага байкоо жүргүзүп отурду. Эч ким көрүнбөйт. Машинасын бекитип, "Бриллиант жылан" салынган кутуну артынчагы бар мешокко салып дайындап алган эле, аны артына асынып, жапыз бойлуу Тянь-Шань карагайлары өскөн тик бетке чыга баштады. Көздөгөн жерине жеткенде, күн тоо баштарына таянып, кыпкызыл болуп батайын деп калган. Үңкүрдүн оозуна "акыры жеттим го" дегенсип шалак отура кетти. "Балким, кеч жетсем кереги тийээр" деп кол фонаригин алып алган эле. Көп отурбай кол фонаригин жандырып, үңкүрдүн ичине жөрмөлөй кирди. Үңкүрдүн оозу да, ичи да тар болгондуктан, жөрмөлөп гана жүрүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Фонардын жарыгына салып кымбат буюмду "кайсыл жерине катсам" деп ыңгайлуу орун издеп кирди. Акыры аны да тапты. Кудай өзү атайы "Бриллиант жыланды" катсын деп жасатып койгондой жер экен. Фаризат өзү гана так айтып бербесе, үңкүргө кирген адам үч көтөрө издесе да эч табылбачудай. "Бриллиант жыландан" кутулганда кадимкидей жеңилденип, санаасы тына түштү. Ал түгүл катып жатканда кутуну ачып "Бриллиант жыланды" кароого кудурети жетпеди. Коркконго кош көрүндүбү же чындап эле ошондой болдубу, коюп жатканда куту кадимкидей кыймылдап, ичиндеги жылан оодарылгандай туюлуп кетти. Баары жайында болгондон кийин үңкүрдөн жөрмөлөп чыгып, артында "шектүү эч кандай из калган жокпу" деп кайра да бир фонардын жарыгы менен текшере карады. Үңкүрдүн таманы каксоо болуп бирөө атайлап шыбап койгондой жылмакай, ичи таза болчу. Катуу жаандарда айрым бир жаныбарлар корголоп оозуна кирбесе түбүнө эч нерсе барбаса керек. Башка үнкүрлөрдөгүдөй нымдын жыты жок. Бул үңкүргө жапайы жан-жаныбарлар да жолобошуна Азият таңданып, босогодогу эски арчанын жаракаларынан шамал жүргөн сайын түрлүү ышкырыктар, адам үнүнө окшогон үндөр чыгып турат экен, балким ошондондур деген. Азиятты эстегенде Фаризат үшкүрүп жиберди. Так ушул үңкүрдө Фаризаттын "Койчу эми, мейманканага барганда" дегенине болбой басып алып, тим эле биринчи көргөнсүп ашыкча албууттанып кошулган. Анан Фаризаттын ышкысы ойгонуп кетип, кайра Азиятты басып алып экөө тең бул дүйнөдө экөөнөн башка эч ким жокчо бүт кийимдерин чечип ыргытып жиберишип, олпокто жатышкансып мына ушул каксоо жерде улам биринин үстүнө бири чыгып, оонап, бирине-бири канбай таң аткыча махабат жыргалына батышканы көз алдына тартыла, ысык жаш жүзүнөн чуурду. Эми эле арчалуу бетте келатып жок болуп кеткен экөөнү таппай, Азияттын телохранителдери таң аткыча суй жыгылышкан экен. Алардын издеп кыйкырган үндөрүн экөө укпаптыр. "Бул бир укмуш сырдуу үңкүр экен" деп Азият ошондо таңданып калган. Фаризат махабаттын жыргалынын туу чокусуна жетээрде дайыма ушул үнкүрдөгү каксоо жерде чабалактап жатканын элестетип жиберчү. Мына, ушул үнкүрдө отурганда кайра кайрып оңдогус катачылык кетиргенин туйду. Ошондо да, "Иш жаңы башталып жатса, кайра артка кылчактабайынчы" деп өзүнө-өзү кайрат берип, жөрмөлөй эшикке чыкканда күн эчак батып, айлана күүгүмдөй баштаган экен. Караңгы кире электе машинасына жетип алыш үчүн шашыла төмөн түшө баштады. Бутун тартууга дарманы калбай, түн ортосунан оогондо араң мейманканага келсе, Саид дагы деле ылжыган мас абалында уктап жаткан экен. Кетип жатканда мейманкананын тазалыгын тейлеген кызга "Эгер Саид сурап калса, дүкөнгө кийим алам деп кетти де" деген. Көп деле такып сурабаптыр. "Бардык катындар бирдей, эс дарттары кийимде" деп сөгүнүп койгон экен да, кайра ичип кириптир. Жыландан санаасы тынгандан кийин Фаризат мындан аркы кадамды өзү ойлоно баштады. Саиддин оюна койсо, айлап болсо да арак ичип жата берчүдөй. Азияттын айрым жигиттери атайын тапшырма менен жумалап арак ичип калганда кайра калыбына тез келтириш үчүн канына капельница менен гемодез куйдуруп бутуна тургузганын, гемодез алган жигиттер аракка уулангандардай калтырап-титиреп "баш жазмай" сурабай, деги эле ичпеген кишилерче оңолуп кетерин нечен көргөн. Мейманкананын кожоюнун чакырды да "Эртең ушул жерге келип гемодез куюп бергендей догдур тап, сураган акчасын берем", - деди. Өзү муздак душка жуунду да, "тынч эс алайын" деп өзүнчө бөлмөгө жатты. Ачыган арак жыттанган Саидди көрөйүн деген көзү жок болчу. Тырп этпей уктаптыр. Эртең менен Саид кызматчы кызга "арак, анан ысык борү алып кел" деп заказ берип жатканда ойгонуп кетти. Ич кийимчен өз бөлмөсүнөн чыга калды да: - Борү апкелсең апкел, бирок, арак апкелбе. Эч кандай арактын кереги жок - деди үнүн өкүм чыгара. Көздөрү ачылбай шишиген Саид: - И-имне. Көп мага кийлигишпесеңчи. Сен ким болуп кеттиң ошончо? -деди Фаризатты карап. - Менин ким экенимди азыр көрөсүң. Барыңыз! Буга борү, мага куурулган эт, бууланган картошкасы менен анан туздалган балык апкелиңиз! - деп кызматчыны чыгарып жиберди да кайрылып Саидди акырая тиктеди. Өмүр бою "кайсыл жерден жаңылыш басам" деп коркуп жүрүп жүрөгү жалтаң болуп калган Саид тиктешүүгө жарабады. - Болду... болду... түшүндүм. Мен көбүрөөк ичип койдум. Эми токтотом. Бирок, медициналык жактан алганда да пахмель ичпесем жүрөгүмдүн кагышы токтоп калышы толук мүмкүн. Ал эми менин жүрөгүмдүн токтобой кагып турушу мага эле эмес сага да абдан керек, сулуум - деп сөөмөйүн чычайта көтөрүп койду. - Билем. Билгеним үчүн догдур чакырдым. Азыр капельница менен гемодез аласың. Андан кийин кадимкидей тамактанасың. - И-имнээ, капельница менен гемодез? - Ооба. Гемодез!.. Саид үн дей албай калды. Ичинен "Ух-х жылан. Кантсе да Азияттын тарбиясы да. Гемодезди билгенин кара" деп ойлоду. Ошентсе да бир нече күндөн бери өзүн кожоюн сезип, өз билгенин кылып калган бийлигинен айрылгысы келбеди. - Сен мага көп чоң болбо. Мен өзүм билем пахмель ичемби, гемодез аламбы... - Эч кандай өзүң билбейсиң. Өзүң билип үч жумага жакын оңкоңдон түшүп оонаганың да жетишет. Мындан ары менин айтканымдай болот. Жок, антпейт экенсиң азыр Азиятка "Саид мени коркутуп алып чыгып, азыр туткунда кармап жатат. Куткарыңыз?!" деп телефон чалам. - Им-инээ, кана чалып көрчү,-. Саид Фаризатты көздөй басты эле, Фаризат сол колтугунан шарт пистолет сууруп чыкты. - Дагы бир кадам жасасаң атам. Саид шалдайып туруп калды. Азияттын атын укканда мээси кагыла түшкөн. Фаризат текчедеги телефондун кулагын пистолетти сунган калыбында сол колу менен бурай баштады. Саиддин жүрөгү оозуна тыгылды. Эгер звонок кетсе Фаризат сүйлөшпөгөн күндө да Азият телефон кайсыл шаардан чалынганын "сокур ит бок жалагыча" таптырып алмак. -Фаризат, эсиңе кел!? Телефонду дароо ташта, - деди үнү каргылдана. Саиддин өңү бир башкача кубарып, колдору калтырап кеткенин көргөн Фаризат телефон менен ойноого болбосун түшүндү. Ошондуктан, акыркы номерлерди тербей, трубканы ордуна кое салды. - Кана айтканды аткарасыңбы? Убакыт коротпой Саиддин макулдугун алгысы келди. - Аткарасыңбы?.. Аткарбайсыңбы, ачыгыңды айт!?. - Телефон менен ойнобой жүр. Азият сен сүйлөшпөгөн күндө да эгер звонок кетсе кайсыл шаардан экенин билип алмак. Алматыдан экенин билген соң номер аркылуу биз жаткан мейманкананы таптырмак. Жарым саатка жетпей экөөбүз Азияттын жигиттеринин астында бүрүшүп отурмакпыз. - дей чекеси менен моюндарынан аккан терди колу менен аарчый, креслого шалдырай отура кетти. "Жарым саатта кармалмакпыз" дегенди укканда, Фаризаттын жүрөгү да болк дей түштү. Ошондо да сыр бербей: - Эгер сен мен айтканды так аткарбасаң, мен Азиятка колго түшүп берүүгө даярмын. Мени Саид алдады, коркутту дейм... - Фаризат баланын сөзүн сүйлөгөнүңдү токтотчу. Сенин сөзүңө эки кулагын делдейтип "Байкушум, сени коркутуп кор кылган тура" деп ишене калчу Азиятты ким ойлойсуң? Сага окшогон катынды мендейден бешөө келип да коркута албайт. Бул биринчиден. Экинчиден, Азиятка колго түшсөк экөөбүздүн тең көрөр кордугубуз да, кыйнообуз да бирдей. Азиат өзгөчө өзүн башка эркекке алмаштырган аялды аябайт. Сендей никелүү аялы эмес көңүлдөштөрү көзүнө чөп салса жан жерине темирди кыпкызыл кылып ысыттырып туруп салдырчу. "Балким, байкуш болуп бүжүрөсөм менин күнөөмдү кечпесин" деген оюңду көчүгүңдү арчыган кагазга ороп туруп сууга агыз. Экөөбүз кааласаң да, каалабасаң да бир кайыктабыз. Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Саиддин сөзүндө чындык бар эле. Азияттын каарынан кутулуу мүмкүн эмес экенин өзү деле билип турган. Эмне кыларын билбей колундагы пистолетин кайра колтугундагы кынына салды да: - Эгер сен эс-учуңду билбей ушинтип алкаштарча оонап ичип жата берсең, бүгүн болбосо да эртең сөзсүз Азияттын колуна түшөрүбүз бышык, - деди үнүн пас чыгарып. Саид сүлгү менен терин кайра-кайра сүрүп үн деген жок. Аңгыча эшик кагылып догдур келип калды. Фаризат Саидди карады эле Саид үнсүз ордунан туруп, жатуучу бөлмөгө басты. Акыры жеңиш өзү тарапта экенине Фаризаттын көңүлү көтөрүлө түштү. Мына ушул окуядан кийин Фаризат Саидди арактан алысыраак кармоого тырыша баштады. Арак ичпесе Саид колдон суурулган эпчил, шайыр жигит болуп чыга келет. Экөө Алматыда көпкө кармалбай Иркутскиге өтүштү. Андан Улан-Удэге бир айга чукул туруп калышты. Иркутскиден өтө эле көзгө урунду боло берген "жипти" сатып жиберишти да жөнөкөй жаңы "Нива" сатып алышты. Улан-Удэден Саид экөөнө дагы эки документ тапты. Жаңы документтер боюнча Саид монгол, Фаризат хакаска болуп, аттары да өзгөрдү. Улан-Удэден Монголияга Москвадагы тери иштетүүчү эки башка фирманын өкүлдөрү катары өтүштү. Бүт документтер ойдогудай кынтыксыз толтурулгандыктан, бажыканадан кыйынчылык деле болбоду. Иш Монголияда Улан-Батордо жүргөндө татаалдашып кетти. Ири өлчөмдөгү доллар салынган чакан кутуну көп учурда Фаризат өз буюмдарына кошуп кармачу. Бир күнү Саид "экөөбүз чогуу көп болсок көзгө көп урунабыз ошондуктан, мезгил-мезгили менен жердеш катары гана жолугалы. Эки бөлөк мейманканада жаталы. Ошондуктан акчаны жана баалуу буюмдарды экиге бөлүп, ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүүнү өзүбүз алып жүрөлү" - деди. Алгач Фаризат эмне айтаарын билбей аптыга түшсө да сыр бербеди. Ага Саид аны Монголияга таштап коюп куйругун түйүп качуучудай туюлду. Кичине ойлонгондон кийин: - Акчаны гана бөлөбүз. Ал эми баалуу буюмдар жөнүндө эсиңе да алба -деди. - Эмне үчүн. Баарын ортого коюп бөлөлү да? - деди Саид кызараңдай. - Баса, эмне үчүн? Сен эмне өзүңчө качайын деп турасыңбы? Андай болсо ачыгыңды айт?! - деди Фаризат маселени кабыргасынан коюп. Саид жооп таба албай кайсаңдай түштү да: - Мейли, азырынча акчаны тең бөлөлү. Бирок, баалуу буюмдар да экөөбүзгө тең тиешелүү экенин унутушпайлы - деди Фаризатты көздөрүн жүлжүйтө тиктеп. Фаризаттын мына ушул күнү жүрөгүнө муз тоңо түштү. Буга чейин Саиддин артынан калбай киринен бери жууп, бүт иштерине кийлигишип, болгон акылын айтып, бир күн бөлүнсө санаа тартып жоктоп, кадимкидей аялдык сезими менен күйөө тутуп калган эле. Көрсө, бул оңбогон селсаяк жолбундун көөнү башкада тура. Чырды ырбатпаш үчүн үн деген жок. Тескерисинче жашы кыркты таягыча бойдок жашаган Саид акыркы айларда Фаризаттын басса-турса тескөөсүнөн тажап кеткен эле. Өзгөчө Улан-Баторго келгенден бери монголдун келишкен сулуу, жаш, арзан кыздарынан көзү өтүп өлүп жүргөн. Чөнтөгү толо акчасы туруп көлөкөдөй ээрчиген Фаризаттын кесепетинен бир чардай албай бук да болуп кеткен. Фаризат болгон акчаны алып чыкты да экиге бөлүп туруп бир бөлүгүн кайра катып койду да экинчи бөлүгүн дагы экиге бөлдү. - Эмне эле кылып жатасың?! - деди алаңдаган Саид. - Экөөбүз өмүр бою ушул моңголдордун малынын терисин жыйнап өтпөсөк керек. Эртедир-кечтир бул каргыш алган жерден кетербиз. Ошондо тигини бөлүшөбүз - деди жай гана. Саид кекечтене түштү да, чырды көбөйтпөйүн дегенсип үн дебеди. Анын үстүнө берки бөлүнгөн акча деле мындан аркы жашоосуна жетчүдөй туюлуп кетти. Саиддин астында миллионго чукул жашыл долларлар пачкасы менен жаткан эле. Чекеси чыпылдап тердеген Саид кантээрин билбей кайсактай түшкөндө, Фаризат чакан дипломатты сунду да: - Ме, ушуга салып ал. Бир эскертээрим акча суу, азыр бар да эртең жок, сак бол, - деди. - Мен сага жаш баламынбы..,- деп күңкүлдөдү Саид. Ушул эле күнү Саид Улан-Батордон көп анча алыс эмес, чакан шаарчадагы мейманканага чыгып кетти. Ансыз да жүрөгү муздап, Саидден толук түңүлгөн Фаризат ичинен "Бул аңгиден кутулуунун жолун табыш керек" деп чечти. Мына ошол күндөн арадан эки ай өткүчө Саид менен сүйлөшө албады. Же ордунан таппайт. Же мас. Фаризат өзүнө чакан жеке мейманкана таап алып, ошондо жашап жүрдү. Күндөрдүн биринде Гонконгтон келген бизнесмендер менен ресторанда отурса, ошолордун бири Фаризатты өзүнчө чакырып, Саид жөнүндө кеп куруп калды. Көрсө, Саид мас болуп алып Фаризатты "Менин конкурентим. Мунун көзүн тазалаш керек, же Монголиядан кууш керек" - дептир. Саид экөө бири-бири жөнүндө деги эле сөз кылбоо жөнүндө убадалашкан. Балким, Саид мастык менен айткандыр. Ошондо да иш жаман жагына айланып баратканын Фаризаттын аялдык жүрөгү сезип турду. "Гонконгдук бизнесменмин" деген кореец бизнесменге караганда кылмышкерге көбүрөөк окшоп турган эле. Фаризат ага жайпактап жабышып, сырын дагы тереңирээк тартууга аракеттенди. Кореец менен бир жумага чогуу жашагандан кийин Фаризат Саид жөнүндө дагы жакшыраак билди. Кейпи, Саид Фаризатты кимдир бирөөлөр аркылуу коркуттуруп, анан өзү ортого түшүп "Менсиз сени ушинтип тебелеп кетишет" деп коркутуп алгысы келсе керек. Бир билгени экөөнүн ортосундагы ири суммадагы байлык жөнүндө айтпаптыр. Ишти көпкө созбой Фаризат өзү Саидге телефон чалды да, шаардын борборундагы чакан кафеден жолугушууга чакырды. Кафеге шаардын көчөдөгү сойкуларындай кийинип барды. Саиддин көзү алгач Фаризатты көргөндө чакчайып кетти. "Чын эле сенсиңби? Ушинтип калдыңбы?" - дегенсип. - Тынчтан. Мен атайлап көзгө байкалбайын деп ушундай кийинип келдим, -деди Саидди жайгарып. Саид алгач деги эле ичпей жүргөн немече ичкиликтен баш тартты. Фаризат: - Кой. Экөөбүз канчадан бери жолугуша элекпиз. Кичине алып отур, -дегенде гана кыйналгансып макул болду. Экөө караңгыраак бурчтагы өзүнчө бөлмөдө отурушту. Арадан бир жарым саат өтпөй Фаризат жалгыз чыгып кетти. Түн ортосу оой "мас болсо ойготоюн" деген официант "Саид өлүп калыптыр" деп билдирди. Жанынан бир да документ табылбагандыктан, моргко таштап коюшту. Судмедэксперт болсо, катуу уулануудан жүрөгү токтоп калган. Кейпи, аракты көп ичсе керек" деген жыйынтык чыгарып койгондуктан, ишти кызыгып териштирген деле эч ким болгон жок. Официант "бир сойку менен отурган" дегенден башканы айта албады. Фаризат ушул эле күнү эркекче кийинип алып Саиддин мейманканадагы бөлмөсүнө барып тиешелүү документтер менен калган акчаны алып чыгып кетти. Мейманкана катардагы карапайым кирген-чыккан киши көп мейманканалардын бири болгондуктан, эркекче кийинген Фаризаттын бөлөк бөлмөгө кирип чыкканын байкашпады. Мунун баарын Фаризат астына ала аябай кылдат пландап чыгып жасады. Жанында документи жок Саид ким экени белгисиз боюнча кала берди. "Анын аты-жөнү белгилүү болгуча мен бул өлкөдөн чыгып кетем" деп ойлогон. Күтүүсүздөн өзүн капканга салып алганын билбеди. Арадан үч күн өткөндөн кийин баягы "бизнесменмин!" деген кореец келди да түз эле: - Сенин Саид досуңду уулантып өлтүрүшүптүр го, уктуңбу? - деди. Анткени, жергиликтүү кечки газетага "ууланып өлгөн белгисиз адам жөнүндө аты-жөнүн билгендер болсо кабарлашкыла" деп Саид сүрөтү менен чыккан эле. Бакыйып даана тартылган Саидди көргөндө Фаризаттын жүрөгү кабынан ыргып кете сактаган. Кантсе да аялдык кылып кореецтен да оңдуу жооп айтып кутулуп кете албады. - Жок уккан жокмун. Балким калптыр. Анын кимге кереги бар дейсиң ,-деди сөздү башкага буруп. - Жок, так өзү. Мен даана тааныдым деди да кореец чөнтөгүнөн газетаны сууруп чыкты. - Гэсэр-Хан бекен?! (Саиддин монголчо аты) Фаризаттын көзүнө такады. - Ошол. Байкуш Гэсэр-Хан. Так эле өзү, - деди Фаризат биринчи көргөнсүп. - Сен милицияга барышың керек. Барып ким экенин, эмне иш кылганын бүт айтып бер. Эгер өзүңдү жаман сезип турсаң чогуу баралы, - деди кореец. Фаризат алдастай түштү. Милицияга баруу деген өзүн кармап берүү болчу. - Менин милиция менен эмне ишим бар. Ансыз да башка ишим чачтан көп. Аларга жөн гана убактым коройт. Сен деле аларды билесиң да. Болбогон нерселерди сурап башты оорутушат, - деди кореецке жалдырай карап. - Жок. Болбойт. Барышың керек,- деди кореец көгөрүп. Фаризаттын айласы кетип турду. Нечен жолу колтугундагы оозуна глушитель тагылган пистолетин шарт сууруп чыгып оңбогон кореецти торойто аткысы келди. "Балким, бул мага кеткенин бирөөлөргө айтып койгон болсо кантем" деп ойлоду. Анын оюн окугансып кореец да: - Мен сага жолугушканы кеткенимди досторума айтып кеткем. Алар азыр күтүшпөйт деле - үч сааттан кийин жолукмакпыз. Биз ага чейин милицияга кирип чыккыча үлгүрөбүз. Менин машинам бар,- деди. Айласы кеткен Фаризат: - Эмне эле милиция... милиция деп калгансың, андан көрө кел үч саат бою пайдалуу иш кылалы, - деп чайпала басып келди да тигинин моюнуна колдорун артып балтырын буттарынын ортосуна сойлотту. - Сен эмне монголдордун милициясынан чоочуп турасыңбы? Балким, картаны ачык ойнобойлубу? - деди кореец Фаризаттын колдорун мойнунан ала. Өзүнөн четтете секин түрттү. - Монголуңдун милициясын уруп да ойнобойм. Менин артымда күчтүү фирмам бар. Болгону убакыт гана короткум келбейт. Гэсэр-Хан алкаш болчу. Кайдагы бир алкаш үчүн мен эмне үчүн убактымды коротушум керек. Фаризат акыркы ирет чабуул коюп көрдү. - Болуптур анда. Мен Гэсэр-Ханды таанычу элем. Адам катары милицияга барып анын ким экенин. Эмне иш кылганын өзүм айтайын. Балким, мага чейин деле тааныгандар барып айтышкан болуш керек. Ошондо да мен өз карызымдан кутулуп койгонум оң. Кореец бурулуп кетүүгө камынды. Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Колу колтугундагы кичинекей пистолетине жабыша түштү. Кайра бул кореецти атып салуу ишти мындан да татаалдаштырып жиберээрин туюп, аргасыз сөзгө келди. - Токто. Өзүң айткандай картаны ачык ойнойлу. Кореец шарт кайра бурулду. - Кел мындай отуруп жай сүйлөшөлү. Арыта турган диван креслону көрсөттү. Кореец үнсүз басып келип креслого отурду, да жанынан сигарет сууруп чыгып бирин Фаризатка сунду. Фаризат сигаретти тутандырып каршыдагы креслого отура кетти да, үнсүз кичинеге отуруп калды. - Балким, силердин ич ара ар кандай ишиңер болгондур. Анда менин ишим жок. Болгону менин оозумду баскыдай сумманы төлөшүң керек. Дагы бир айтаарым мага төлөөрүң менен бул жерден кетпесең мага окшогондор көбөйүп кетиши да мүмкүн - деди кореец бейкапар. Фаризат тигиге болгон жек көрүүсүн ичине сактап: - Гэсэр-Хандын өлүмүнө чынында эле менин тиешем жок. Ошондо да милиция текшере баштаса, айрым бир мен каалабаган нерселерди чукушу мүмкүн. Ошондуктан ачык сүйлөшөлү. Бул жерде сага төлөгүдөй менде ири сумма жок, бирок, Гонконгдогу банкта менин счетум бар. Сен мени Гонконгго өткөрүп кете аласыңбы? - деди. Кореец тигини тиктеп калды. - Счетуңда канча акчаң бар? Кайсыл банкта? - Ал жеке счет. Канча акча экени менин сырым болсун. - Барганда эч нерсең жок болсочу. - Гонконгдун полициясына тапшырып кой. - Э-эй. Өзүмдү кошуппу? - Анда кул кыл. Кыскасы кайда качат элем. Колуңдамын да. Кореец дагы кичинеге ойлонуп калды да: - Менин аппетитим чоң. Маселен бул жерден 20 миң доллар бермексиң. Гонконгко барганда ал үч эсе көбөйөт 60 миң болот. - Болуптур, мени Гонконгко бүт документеримди тууралап алып барсаң 100 миң берем. Келиштикпи? Кореецтин оозу ачыла түштү. - Тамаша эмеспи?.. - Кайдагы тамаша. Башынан макулдашып алалы. Баргандан кийин мен сага 100 миң берем. Болду. Колу-жолум бош. Өз жашоомду өзүм өткөрөм. Мен сени - сен мени тааныбайсың, келиштикпи? Кореец ордунан тура калды да: - Келиштик - деди кол суна. Экөө кол алышты. Кореец жөнөөгө камынып жатып - Балким секстин кызыгына батсак кантет, - деди Фаризаттын аппак балтырларын карай. - Жок. Менин ыкшоом келбей калды, башка учурда, - деди Фаризат токтоо. - Колтугуңдагы пистолетти абайлап урун, - деди да кореец чыгып кетти. Фаризат бир бозоруп, бир кызарып кала берди. Бул кореец эл аралык деңгээлдеги чоң аферисттерден экенин, Фаризатты жөн гана оюнчук кылып колго түшүрүп алганын Фаризат билбеди. Эгер Фаризат "милицияга барам, ал сени да таанычу эмес беле. Чогуу баралы" дегенде көчүгүн беш жеринен кысып, Фаризатка "мен жөнүндө айтпа" деп өзү жалдырамак. Ал түгүл чындыгы Фаризат милицияга бардыбы? Эгер барса ал жөнүндө айттыбы? Жөн гана билгени келген. Иш тескери айланды. Фаризат өзүнөн-өзү келип тузакка түшүп берди. Асмандан түшкөн мындай олжого кореец ишенер-ишенбесин билбей баратты. Фаризатты Гонконгго өткөрүп кетиш кореец үчүн кеп эмес болчу. Маселе чын эле Фаризаттын акчасы бар-жогунда. Фаризаттын күн-түнү уйку көрбөй ойлогону "кореец менен Гонконгко кетем деп туура кадам жасадымбы?" деген кыжаалатчылык болду. Саиддин арагына билгизбей уу салып жайлаганда "Менин бул кыңыр ишим эч кимге билинбейт" деп нечен таразалаган. Минтип арадан үч күн өтпөй кайдагы бир каңгып жүргөн кореецтин колуна түшөм деп ойлогон эмес. Деги эле "балким колго түшүп калуум мүмкүн" деп астына ала иштеп чыккан шектүү жагдайлардын биринде да кореецти эскербептир. Чет өлкөлүк "монголдордун ички ишине кийлигишпейт да болуш керек" деп маани бербептир да. Мына соккуну күтүүсүз жактан алып отурат. Саид мурда "Гонконгко өтүп кетели" деген Фаризаттын акылына көнбөй койгон. "Тайванга же Филиппин аралдарына кетебиз. Мен ылайыктуу документ даярдайм" деген. Саиддин көзүн тазалоодон мурун Фаризат Гонконг жөнүндө ойлогон да эмес. Саиддин өлгөнүн изилдөөчүлөр тынчыгыча эки-үч жумача кармала туруп анан кайра Улан-Удэге өтүүнү пландаган. Мурда ал шаарда жүргөндө жашы элүүлөрдөн өтүп калган бизнесмен япон менен таанышкан эле. Англисче мыкты сүйлөгөн япон экөө анча-мынча сырдаш да болуп калышкан. Ал японго Саидди "күйөөм" деп тааныштыргандыктан чектен чыга алган эмес. Фаризатка сугу түшкөн япон болсо "Эгер Азиянын сендей сулуусу менен бир эле түн бирге болсом, бул дүйнөдө армансыз жашадым деп өтмөкмүн, чиркин" деп эзиле карап, ал түгүл япондордун акындарынын ырларынан да жатка айтып жиберген болчу. Фаризат кайра бараары менен японду таап, Саидди авто кырсыктан каза тапты деп кара кийип, кайгыга баткан киши болуп көрүнгүсү, эптеп ошол япондун аркасы менен Японияга же Гонконгко өткүсү келген. Фаризаттын Гонконг... Гонконг... деп эле ак эткенден так этип калганынын да себеби бар болчу. Гонконгдо англис тилинде сүйлөгөн адам өз мекенинде жүргөндөй эркин жүрсө болот. Азият экөө жаңы баш кошкондо алгачкы саякатты Гонконгдон башташкан. Ошондо эсинен чыккыс болуп калган. Кореец эртеси телефон чалып Фаризатты түштөнүүгө ресторанга чакырды. Экөө чакан ресторанда жолугушту. Тамак ичкендер жокко эсе экен. Тейлеген официанттар чала-була орусча сүйлөшкөнү болбосо, англисче ныпым түшүнүшпөйт. Кореец экөө бейкапар англисче сүйлөшүп отурушту. Кореец Фаризаттын аржагына да чыгып, бержагына да чыгып Гонконгдун кайсыл банкында акчасы бар экенин айттыра албай кыйналды. Фаризат да эми ар бир сөзүнө сак болуп калган болчу. Эгер акча, баалуу буюмдар жанында экенин бирөө-жарым эле билип калса башы топудай ыргыырына көзү жетип калган. Кореец айласы кеткенде "Сенин ал жакта акча эмес таш балакетиң да жок болуш керек. Сойкулук кылган күнүңдө да менден кутула албайсың. Сойкулар Гонконгдо сенсиз да жетиштүү" дегенге чейин барды. Мындай басынтууга чыдамы кете түшкөн Фаризат: - Жетишет. Сөз бүттү. Мен Улан-Удэге барып кайра келем да, оозуңду басканыңа деп сага беш миң доллар берем. Жок буга макул болбосоң монголдун милициясына айтсаң айта бер. Мен бүгүн түндөп болсо да Орусияга өтөм. Ал жактан менин фирмам мени чекеме да черттирбейт. Сени менен Гонконгко кетем деп жаткан себебим чынымды айтсам Гэсэр-Хандын өлүмүндө эмес, менин айрым бир таза эмес жолдор аркылуу Гонконгдогу банкка которулган акчам бар ошону алып келүү үчүн барышым керек болчу. Сен мени кылмышкер же сойку катары көрө баштадың, -деп ордунан тура жөнөгөндө, өзүнүн ашыкча кетип калганын сезе түшкөн кореец колун көкүрөгүнө алып кайта-кайта кечирим сурап жиберди. - Кечирип кой Фаризат айым. Мен ашыкча сүйлөп койдум. Күнөөмдү мойнума алам. Бир чети ким да болбосун "чет өлкөнүн банкында акчам бар" деген куру сөзгө ишенбейт. Эгер банкыңдын атын, дарегин айтсаң бир жөн. Азыр заман өзү ушундай болуп калды. Адамдын адамга ишениши кыйын болуп калды, - деп божурап жиберди. Мына ушундай тирешүүдөн кийин гана кореец чыныгы ишке өттү. Эгер Фаризат Орусияга өтүп кетсе кореец аны колдон чыгараарын түшүндү. Фаризат кайрылып өмүрү келмек эмес. Эки кулагыңды кандай көрбөсөң Фаризатты да экинчи так ошондой көрмөк эмессиң. "Чын эле жүз миң долларлуу боломбу" деп түндөтөн берки делпилдеген таттуу кыялын аз жерден талкалап ала сактаганына өзүнө-өзү да кыжыры келе түштү. Акыры кореец да өзүнүн чыныгы бизнесинин четин чыгарууга аргасыз болду. Көрсө, Монголиянын чакан шаарларын кыдырып монголдун келишкен сулуу кыздарын таап, Гонконгко сойкулукка тымызын жөнөтүп турат экен. Монголдун өзүндө эле туристтик фирма деп каттоодон өткөн монголдор жетектеген фирма аркылуу иштешет экен. Фаризатты так ошол фирма аркылуу алып кетише турган болду. Фирма бир самолетту жеке өздөрү жалдап алгандыктан, аябай деле текшерүүгө алынбайт экен. Азыр бир группа кыздар даяр болуптур. Шашылыш Фаризатка "монгол кызы" деген документ даярдай турган болду. Ичинен сойкулар менен сойку катары барууга ынабай турса да Фаризат аргасыз макул болду. Ошондо да баштагы айткан талабын кайталады. "Гонконгко жеткенде, сен мага "Гонконгдун гражданы" деген документ алууга жардамдашасың. Мен сага айтылган акчаны берем. Андан кийин бири-бирибизди тааныбайбыз",- деген. - Так ошондой болот... Так ошондой болот, - деп кореец жыпылдап калды. Кантсе да Фаризат үндү катуу чыгарса бүжүрөп коркуп калчу катардагы катындардан эмес экенин билип, аяр мамиле жасай баштаган. Туюу сезими күчтүү, ар нерсеге сак Фаризат кийинки күнү эле өзүн, бирөөлөр баскан изине чөп салып, аңдыганын байкады. Алгач Монголиянын милициясыбы деп коркту. Санаасы санга бөлүнүп, "Балким Азияттын шимшүүрлөрү изиме түштүбү?" деген ой да жүрөгүн эзип жатты. Бир гана "бул катын жылт коюп качып кетпесин" деп кайтартууга алдырган кореец жөнүндө ойлободу. Өзүн-өзү кармай албай, акылдашаар кишиси жок, оңдуу акылга салып иштин жайын ойлоого да жарабай калды. Мына ошондо Саидди эстеди. "Бекер жайлаган экенмин. Жалгыздын иши жалгыз тура" - деди. Андан көрө "Эмне деп мен жөнүндө кеп таратып жүрөсүң? Акыл эсиң ордундабы? Арак менен жалаптарга баарын сатып жибересиңби? Ушунчаңда эсиңе келсеңчи!" деп ачык сүйлөшсө болмок экен да. Алматыдагыча коркутуп-үркүтүп болсо да эсине келтирип, чет мамлекеттердин бирине өтүп, туруктуу жашоого өткөндө деле көзүн тазалоого үлгүрөт эле го. Эми эрдин тиштеп өкүндү. Өзүн канчалык акылдуу сезип, "Бул ишти минтип, тигини тигинтип бүтүрө салам" дегени менен ойлогонундай болбой улам жаңылыш кадам жасаганына жүдөй да түштү. Мына ушундай маалда ички бугун бирөөгө айтпай кое да албайт болчу. Жаңы документтердин иши боюнча келген кореецке: - Менин аркамдан бирөөлөр эки күндөн бери баскан изиме чөп салып, аңдууга алууда. Кимдер, эмне максат менен экенин билбейм. Деги качан бул каргыш алган өлкөдөн кетебиз, - деп жиберди. Өңү купкуу болуп, муундары калчылдаган Фаризатты теше тиктеген кореец дагы оюн куруп көргүсү келди. - Аңдып дейсиңби?.. Кудай сакта... Анда мен кийинчерээк келейин... Жок туурасы телефон чалып бир жерден жолугушууну сүйлөшөлү - деп ордунан тура жөнөдү. Тим эле көздөрүн алаңдатып коркуп кеткенсиди. Фаризат бакырып жибере сактады. - Мени таштайын деп турасыңбы?.. Сен каякка?.. Мен сенден өзүмдү да аяган жокмун го. Мен сойку эмесмин. Мен билсең... билсең кол жеткис... кол жеткис аялдарданмын... Ички сезиминде бирөө "эсиңе кел" деп кыйкырып жибергенсиди. Көзүнөн он талаа болуп куюлган жашты аарчый "мен кимге сырымды айткан жатам" деп ойлоду. Сестейе түштү. Эгер кореец коркуп "кетем" десе, азыр бутун кучактап жыгылса да, бүт байлыгын астына чачса да карабай качат. Анткени, кылмышы тоодой. Адамга алгач жан керек. Анан акча, дүйнө керек. Ушуга акылы жетпей калдыбы. - Жок... жоок... таштабайм... мен өз кишилерим аркылуу иштин жайын билейинчи. Кореец эшикке бет алды. Фаризаттын аялдык долулугу кармай түштү. - Жок. Кишилериңе кайрылып убара болбой эле кой. Башка келгенди көрөм. Мага илээшип өзүң колго түшпө. Андан көрө кош бол. Жардам берүүгө аракет кылганыңа рахмат. Мен эми калган ишти өзүм бүтүрөм. Бара бер. Иштин мынчалык тез өзгөрүп кетээрин кореец күткөн эмес. Сустайа түшкөн Фаризатты бир тиктеп алып "Мен буга артист болбой эле, бул мага артист болуп башымды чагып жаткан болбосун. Балким, детектив жалдап аңдыгандар кимдер? Кимдин тапшырмасын аткарып жүрөт билип алсачы? Балким, бул катын коопсуздук комитетинде иштеген неме болуп шорумду шорподой кайнатпайбы?" деген миң сан ой башын чагып өттү. Эми эле бүжүрөп айласы куруп бырылдап ыйлаган аял кайра мисирейип "кош бол" деп турушуна ишенип-ишене албай делдейди. "Аялды түшүнүп болбойт" деген ушубу деп күбүрөнүп да алды. Же чыгып кете албай, же кала албай чайналды. Советтик системада тарбияланган аңкоо адамдарды "Сокур ит бок жалагыча" алдап жүрүп, жедеп өзүнө-өзү ишенип калган аферист Фаризатка түшүнө албай, мээси дуулдап ысып чыкты. Аргасыз кайра артка басты. - Фаризат, кечирип кой. Чын айтам. Алгач сенин кейпиңди көрүп коркуп кеттим. Азыр сен кайраттансаң мен да өзүмө келе түштүм. Кантсе да эркекмин го. Эркектик сөзүмдү бердим эле. Сени таштабай ала кетем. Бүт документ даяр. Түнкү саат 1де учабыз. 11де бөлмөңдүн жарыгын өчүрбөй эркекче кийинип чыгып кет. Мейманкананын сол жагындагы көчөдөн кызыл "Жигули" маркасындагы машина күтөт. Дасыккан шоферлор. Артыңдан куугун болсо оңой эле жазгырып коюшат. Аэропортто болсо өз кишилер. Кантип кирип самолетко отуруп калганыңды да билбейсиң. Болгону жолдон чачыңды жазып кайра өз кейпиңе кел, - деди жылмая карап. Кореецти теше тиктеген Фаризат эмне дээрин билбей туруп калды. Ичинен бирөө "Укпа! Кош де! Бул шүмшүктөн ушунчаңда кутул!" деп жатты. Сыртынан кореецтин таштап чыгып кетпей кайра кайрылганына кубана түштү. Басып келип кучактап оозунан өптү да акырын: - Рахмат. Сенин мени таштабасыңды билгем, - деди. Жеңилдене дем алды. Үстүнөн бирөө оор жүк ала койгондой болду. Эптеп Гонконгко жетип алса, калганын көрөт. Мына ушул сокур үмүт жетелеп, алтынчы туюмдагы акылды өчүрүп кореецти дагы ээрчиди. Калганы тим эле кинодогудай өттү. Айтылгандай саат 11де мейманканадан таанылгыс болуп кийинип чыгып айтылган жердеги "Жигулиге" отуруп зуу койгондо кичине өтпөй астыда отургандардын бири "Артыбызда аңдуучу бар" деп калды. Шофер караңгы көчөлөр менен зуулдатып айдап, биртоп айлампа жасагандан кийин гана аэропортко барды. Самолет качан абага көтөрүлгүчө Фаризат жанын оозуна тиштеп отурду. Кореец тигил шоферлорго атайлап тапшырма бергенин кайдан билсин. Акыркы күндөрдө ушунчалык чарчагандыктан кантип уктап кеткенин да билбеди. ххх - Рыжый, кара муну, - деп өзүнчө кыжынган Азият иш бөлмөсүнө кирип, компьютерге отуруп кандай иштей баштаганын да байкабай калды. Фаризат Саид менен качып кеткенден бери ушул бөлмө көзүнө суук көрүнүп, киргиси келчү эмес. Бүгүн болсо компьютериндеги архивин ачып "Рыжый Болоттун" досьесин издеп жатты. Тим эле колдору лыпылдап ишти сагынып калган экен. "Рыжыйды" бат эле тапты. "Ого, сен да көркоо карышкырлардан экенсиң го" деди экрандан чуурган досьени окуп жатып. Экрандагы кыска досьенин ичинде өзүнчө узун тагдыр жаткан. Азият анын негизин билген менен көбүн билчү эмес. Бул "Рыжый" 45 жаштык өмүрүнүн 20 жылга жакынын баягы СССР империясынын аймагындагы түрмөлөрдө өткөргөн белгилүү кылмышкерлерден. Биринчи, 14 жашында "сабайм" дешкен өзүнөн 2 жаш улуу 3 баланы бычактаган. Алардын экөө оор жаракат алып аман калып, бирөө мүрт өлгөн. Ошентип, алты жылга эркинен ажыраган чыканактай арык, сары, мышмыйган бала кийин жашы жеткенде чоңдордун колониясына которулат. Ошентип, алты жылын өтөп бүтүп калганда, колонияда чыр чыгып, катышуучу катары күнөөсүз жерден дагы үч жылды кошуп алат. Зектердин тили менен айтканда "Биринчи конгуроодон акыркысына чейин" так отуруп чыгып келсе, жалгыз чоң энеси эчак кайтыш болуптур. Өз энеси болсо күйөөсү согушка кеткенден кийин эле баласын кайненесине таштап кете берген экен. Ошол бойдон кайда экенин да, атын да укпады. Таалайына атасы да согуштан кайтпай калды. Канткен менен Сарыгулду чоң энеси колунан келишинче эч нерседен кем кылбай бакты. (Кийин- кийин гана Рыжый Болотко айланган. Төрөлгөндөгү асан чакырылып коюлган аты Сарыгул болгон) Өзү да тууган уругунун арасында, айылда кадыр-барктуу кемпир эле. Сарыгулду "Ата-энеси жок жетимдей кылбай өстүрөйүн. Жалтак өспөсүн. Күнкор өспөсүн" деп жүрүп ашыкча эрке да кылып койду. Мектепке жашы жеткенде жергиликтүү элге билим берүү бөлүмү кемпирди көндүрүп, баланы шаардагы жетимдердин, малчылардын, турмуш шарттары оорлордун балдары окуган интернатка жиберишти. Шаарда орусча окуп, айылга барса кыргызча сүйлөп, кичинесинен чыйрак өстү.Мектепти деле жаман окубады, жалаң беш болбосо да "ударник" деген аттан түшкөн жок. Тентектиги да биртоп болчу. Сарыгулдун жайкы каникулда айылга келишин өзү теңдүү курбулары чыдамсыздык менен күтөөр эле. Сарыгул келгенден кайра күздө окууга кеткенче кемпирдин үйүнөн опур-топур балдар кетпей, базарга айланчу. Топ эле аттуу болсо бардык оюндун түрлөрүн волейбол, баскетбол, футбол ойной берчү, айыл балдары. Бул топ футболдуку, бул баскетболдуку, бул болсо волейболдуку дегенди Сарыгулдан үйрөнүшчү. Ал түгүл Сарыгул айылга түрлүү тукумдагы иттердин күчүктөрүнүн түрлөрүн да апкелип уу-дуу кылчу. Керек болсо ал иттердин тукумдары арадан 30-35 жыл өткөн бүгүнкү күнгө чейин да айылда үзүлө элек. Бүт өмүрүн кылмышкерлердин турмушуна буруп кеткен ошол каргашалуу күнү Сарыгул райборборго барган. Айылы райборборго жакын тургандыктан жөө эле барышкан. Себеби, Сарыгул айылга келээри менен курбуларынын "Райборбордун балдары күн көрсөтпөс болду. Барсак эле кармап алып сабашат. Чөнтөгүбүздөгү болгонду тонойт. Ал түгүл түзүгүрөөк кийимибизден бери чечип алышат" деген арызды укту. Биринчи кезекте райборбордун балдарын тарбиялап, өзүнүн кадыр-баркын мурдагыдан да дүңгүрөтүп жогору көтөрүш үчүн жөнөп жүрбөйбү. Анын үстүнө республикада өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча өткөн чемпионатта чемпион болуп көкүрөгү шамалдап турган. Орто бойлуу, арык болгону менен шамдагайлыгы илбирстей ийкем болчу. Сарыгулдун "эрдигин" көрөбүз деген он чакты жүрөктүүрөк айылдашы кошо ээрчип алышты. Көбү "Сарыгулуң ким болуп кетиптир, райборбордун балдары жаман. Барыбир төпөштөп коөт" дешип барышпады. Айылдан келгендерди "секиртебиз" деген райборбордун балдарын Сарыгул бат эле тапты да баарын паркка чакырды. (Ал кезде өспүрүмдөрдүн "разборкалары" көбүнчөсүн парктын калың бактуу бурчтарында өтчү.) Мындайда балдар күттүрбөйт эмеспи бат эле чогулушту. Кантсе да жергиликтүүлүк кылып райборбордун балдары 20дан ашып кетти. Мындай үрөй учурган көрүнүштү көргөндө Сарыгулду ээрчип келген он чакты баланын көбү "пыр" коюп качып кетип өзүн кошпогондо 4 гана бала менен калың топту каршы алды. Райборбордун балдарынын көбү Сарыгул жөнүндө угуп жүрүшкөн. Ошондо да көптүгүнө салышып "койкоңдогон шаардык короозду ордуна отургузуп коелу" дешип ишенимдүү келишти. Сарыгул бир гана талапты койду. Ортого чыгып: - Балдар менин бир гана сөзүм бар. Мындан ары бири-бирибизге тийишпей тынч жашайлы. Силер менин айлымдан келген балдардын бирине да тийбегиле. Мындан ары ынтымактуу бололу. Ушуну гана айткым келет, -деди өзүн колунан келишинче токтоо кармап. Бирок, жүрөгү лакылдап, денеси чымырап бир нерсени сезип турду. Шаардагы интернатта мындай "разборкалар" көп болот. Нечен катышып жүргөндүктөн тигилердин көптүгүнөн деле жүрөксүбөдү. Катуу кыйкырып жиберсе, бири калбай "пыр" коюп качышы да мүмкүн. Эгер алсыз жагын көрсөтсө, коендун тарпындай тытып кетүүлөрү да мүмкүн. - Сен кимсиң анчалык? - деп колдурай сүйлөдү Сарыгулдай эки келген сөөк саактуусу. Муну "Кара дөө" деп коюшчу. Өгүздөй күчтүү болгондуктан ушундай атка конгон. - Эмне өзүңдү кыйын сезесиңби? Айтканыңа көнбөсөк кыларың эмне? - деп такылдады жүлжүк көз, кара шилбидей арык бала. Топураган балдардын бир даарлары себеп жок болсо деле каткыра күлүп жиберишти. - Эгер макул дебесеңер мага кимиң болсоң да бирме-бирге чыккыла. Ушу жерде тургандар бүт эркекмин десеңер бирме-бирге гана чыгышалы. Ким көптөгөнгө чакырса катын болсун. Келиштикпи. Эгер көптөйм десеңер эртең шаардан бир автобус бала алып келем да бирден кармайм. Анан да милицияга чуркамай жок, - деди үнүн өктөм чыгарып. Райборбордун балдары сестене түшүштү. Ошол мезгилде өспүрүмдөрдүн арасында бирме-бир чыгуу талабын бузбоо сакталчу. Жанагы күрсүйгөн "Кара дөө": - Ии-и макул. Талапты бузбайбыз бирме-бир чыгышабыз. Ким көптөсө, таяк жеп ата-энесине арызданып барса "катын" болсун, - деди колдурай. - Келиштик. Анда мага ким чыгат, - деп, Сарыгул ортого басты. Тигил жактан "Кара дөө" чыкты. Экөө бирин-бири айлана басып тоорушуп туруп "Баштадык" дешти да качырып сала беришти. "Кара дөө" бетке мелжеп муштум шилтеди эле шап колдон алган Сарыгул айландырып туруп дзюдонун ыкмасы менен эби жок немени ыргытканда, тигил бети менен көмөлөнүп түшүп, мурдунун үстү сыйрылып, оозунан да кан жая берди. Мындайды күтпөгөн неме ордунан бозала болуп тура калганда, карап турган балдар "Омий самбис экен" дешип дуу дей түшсө бир даарлары "Кара дөө эми өжөрлөндү. Жейт эми" дешип көкүтүп киришти. "Кара дөө" да бакыра: - Азыр мойнуңду жулам жилбик сары, - деп өкүрө качырып сала берди. Сарыгул тигинин күчү өзүнүкүнөн алда канча көп болгон менен кенедей эби жок экенин билип калган. Коркпой түз качырды да жакадан кармап туруп жата калып жөнөкөй эле ыкма менен башынан алыс ыргытты. Салмагы оор неме мешоктой чабылды. Бир колун баса жыгылган экен ордунан турбай "колум-колум" деп өкүрүп кирди. Шашпай басып барган Сарыгулдан жалтана башын катты эле: - Мен жаткандарга тийбейм. Эркек жаткандарды урбайт, - деди да колун кармалап көрүп: - Карууң чыгып кетиптир. Догдурга барсаң салып берет. Убада боюнча ата-энеге арызданмай жок - деди. "Кара дөө" колун кучактап, көзүнөн жашы чуура ордунан араң турду. - Кана дагы кимиң бирме-бир чыгасыңар, - деди Сарыгул үрөйлөрү учкан тигилерге карап. "Кара дөөнүн" кейпин көргөн немелердин эч кими чыга албады. Үнсүз кичинеге тунжурап турушту. - Анда ушундай. Мындан ары биздин айылдык балдардын бирине да тийбейсиңер. Ким тийсе өзүм сүйлөшөм, - деди да тигилер толук эстерине келгенче кетип калууну чечип - Биз кеттик деди да балдарын ээрчитип парктан чыгып кетти. Ошол жерде турган баягы тапан кара бала: - Ит болдук. Эртең бүт район угуп шылдың болобуз. Жүргүлө тез барып "Кара дөөнүн" байкесине айталы. Алар тигил Сарыны "жанчып" койсо экинчи сүйлөгүс болот, - деди да эч кимдин коштогон сөзүн укпай эле "зуу" коюп чуркап кетти. Сарыгулдар жеңиштерин майлап базар аралай кичине-кичинеден жемиш алып жешти да бир шишеден лимонад ичишти. Анан чөнтөктөрүн чемичкеге толтуруп жолго чыгышты. Өз ара сөздөрү бүтпөйт. - Оомий Сарыгул моминтип туруп ыргытты эле аюудай болуп оонап калды. Чимкириги мурдунан атып кетти, - десе. Бири: - Мен өз кулагым менен уктум. Экинчи жолу башынан алыс ыргытканда оңбой түштү. Ал түгүл "пап" дедирип осуруп ийди. Ит эле болду, - десе дуу күлүп калышат. - Колум-колум деп коет. Башын суурча катканычы дешип, -дагы дуу күлүшөт. Сарыгул жеңишке кубанып келберсип турса да "эртерээк айылга жетеличи" деп жүрөгү дикилдеп чуркап кете сактап араң баратты. Мына ошол күндөн кийин оңой жеткен жеңишке көп ишенбей артынан корко берүү өмүрлүк адатка айланды. Райборбордон узай электеринде эле арттарынан чаң чыгып калды. Көрсө, велосипед минген онго жакын чоң-чоң балдар келатышкан экен. - Качтык, кууп келатышат. Чоң балдар экен, - деп беркилердин бири чыркырап жиберди. - Качпагыла. Тигилер катындык кылышты. Биз эркекче тособуз. Даярдангыла, - деди да Сарыгул мурдатан даярдалган шымдын ички бетиндеги белге оролгон трос зымды сууруп чыкты. Мындай курал баарында бар болчу. - Бири-бириңерге аркаңардан коргоп, тегерек туруп согушкула. Кимиң качсаңар мындайда ошонуңар көп таяк жейсиңер, - деп буйрук берди. Дуулдаган тигилер бат эле жетип келишти. Астыда "Кара дөөнүн" байкеси экен. - Эй күчүктөр, азыр иним үчүн ар бириңдин шыйрагыңарды чагам, - деди ызырынып. - Токтогула, бул балдарда күнөө жок. Көптөшпөйлү. Улуу болсоңор да мени менен бирме-бир чыккыла. Иниң өзү бирме-бир чыккан. Катындык кылып арызданган тура, - деди Сарыгул. Тигилер Сарыгулдан 2-3 жаш улуу болсо да, "бирме-бир чыгабыз" дей алышпады. Кичинеге токтой калышты. Аңгыча бири: - Ушул күчүктөрдүн сөзүн угабызбы. Бирден кармап сабагыла, - деп кыйкырганда жалпы качырып сала беришти. Сарыгулдун балдары Сарыгул айткандай чогуу туруп урушпай туш тарапка "пыр" коюп кудай бутка кубат берсин деп качып жөнөштү. Сарыгул гана артын жол боюна өскөн терекке такап алып трос зым менен коргонуп, эч кимди жолотпой жатты. Көптөп тепкилеп киргенде: - Байкелер, байкелер... апаке... апаке, - деп бакырган дос балдарынын үндөрүн укканда Сарыгул өзүн жоготуп койду. Шымынын арткы чөнтөгүнөн кнопкасын басса "шарт" деп атып чыкчу узундугу карыш бычагын кандай сууруп чыкканын да билбей калды. Биринчи качырганы "Кара дөөнүн" агасы болду. Колго илинбеген шамдагай неме тигини жүрөк тушка бышып өткөндө, ал үн да чыгарууга жарабай сулк жыгылды. - Өлтүрдү, - деп бакырды бири. Экинчисине жетип шилтегенде бычак каруу этин жарып барып кабыргага сайылды. - Жинди экен качкыла, - деп бакырды бири. Үчүнчүсүн кууп жетип далыга урганда сулк жыгылды. Көрсө, коркконунан эси ооп калган экен. Кийин ооруканадан эсине келиптир. Кыйынсынып эми эле экөө-үчөлөп бирден кичине балдарды тепкилеп жаткан немелер велосипедине жеткени велосипед менен, жөөсү жөө кутурган иттен качкандай жанталаша качышты. Сарыгул кууп жетсе аямак эмес. Бирок, кууганга дарманы келбеди. Тигилер качканда эле "шалак" деп жерге отура кетти. Колунан бычагы да түшүп калды. Ар жерде сулап жаткан өлүктөрдү көргөндө, айылдаш балдары да качып жөнөштү. Сарыгул гана милиция келгиче ордунан жылбай отура берди. Таптакыр өзүн жоготуп койгон экен. Камакта жаткандан кийин бир жумада барып араң акылына келиптир. Кийин милициялар күлүп айтып жүрүштү. - Дагы бир жума дөөрүй турсаң болмок. Жиндиканага жөнөткөн жаттык эле, - дешип. Мына ушинтип күтүүсүз жерден эле өзүнүн ким экенин өзү да билгиси келбеген өзүн-өзү жек көрүп кеткенде, өчүн өзгөлөрдөн чыгарган. Кан ичээр, бирок, өмүр бою күндөрдүн бир күнүндө уктап ойгонсо эле кылмышкер эмес, таптаза, башкача адам болуп калчудай болгон таттуу үмүтү үзүлбөгөн пендеге айланды. ххх Азият "Рыжый Болоттун" досьесин окуп отуруп, "Кылмышкер Болот чынында Болот эмес бир кездеги өзүнүн мыкаачылыгы, куулугу, кара мүртөздүгү менен айырмаланган Сарыгул болушу толук мүмкүн. Мындай божомолго үч себеп бар: Биринчи: "Чолок карышкыр" аттуу өмүрүнүн 25 жылга жакынын түрмөдө өткөргөн кылмышкер чал "Мен мунун Болот экенине түк ишенбей турам. Бул кадимки "Ястреб" Сарыгулдун өзү. Мага ишенбесеңер катылып көргүлө. Бир тээп өпкөңөрдү оозуңардан чыгарат" деген. Айтканындай эле казактын жоош койчусу Болот түрмөгө түшкөнүнө жыл өтпөй "пахан" болгон. Жогоркудай сөздү "дөөрүгөнү" үчүн болуш керек, "Чолок карышкыр" асылып өлгөн. Экинчиси: Болоттун таржымалы карапайым айылда өскөн казак. Биринчи жолу түрмөгө бир кой уурдагандыгы үчүн түшкөн. Так ошондо ошол түрмөнүн "паханы" Сарыгул кылмышкерлер койгон аты "Ястреб" болгон. Сарыгул менен Болоттун окшоштугуна бүт кылмышкерлер таңданчу. Болгону бири чыйрак, бири жүдөө. Боштондукка Болот менен Сарыгул удаа чыгышкан. Андан кийин Сарыгулдун да, Болоттун да өмүрү жөнүндө 4 жыл кабар жок болуп барып, "бир "разборкада" Сарыгул өлүптүр" деген кеп чыккан. Официалдуу түрдө өлгөнүн жана так Сарыгулдун өзү экенин ал түгүл денесиндеги татуировкаларынан бери далилдеген документтер бар. Сарыгулдун өлгөнүнөн бир ай өтпөй оор кылмыш болуп, жасалган ыкма Сарыгулдукуна окшош деген органдын тергөөчүлөрү Сарыгулдун мүрзөсүн жашыруун ачтырып, Сарыгулду абдан жакшы тааныган үч кишиге көрсөткөндө, үчөө тең көрдө жаткан маркумду Сарыгулдун дал өзү дешкен. Ошентип, "Рыжый Болот" "Ястреб" Сарыгул болушун кесе айтууга далил жок. Божомол гана бар. Үчүнчү: Койчу Болот экинчи жолу кесилгенде өтө оор кылмыш, бир нече адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип банкты тоноо менен кириптер болгон. Коллонияда болгону бир кой уурдагандыгы үчүн бир жыл отурган Болоттун мынчалык дасыккан кылмышкерге айланышында да чоң күмөн бар". Досьени окуп отуруп Азият бир учурдагы өзүнүн бүткүл СССРдин аймагындагы түрмөлөр боюнча кабар топтоп турган "торуна" ыраазы болсо. Экинчи ушундай "майда-чүйдөдөн" бери чогултуп эрикпей жыйнаган баягы кытай жигити Хэ Чандын эмгекчилдигине баа берди. ххх Арадан 9 жыл өткөндө баягы "хулиган" атыккан, мышмыйган, сары, арык баланы айылдыктар дээрлик унутуп салышкан. Айрым бир жакыныраак туугандары "Байкуш аман болсо эртедир-кечтир келээр" деп коюшчу. Күндөрдүн бир күнүндө айылга орто бойлуу, быжыгыр тармал чачтуу, чымыр денелүү, адамды теше тиктеп, тикчийе караган, көздөрү ойноктоп турган, шыпылдап баскан жигит пайда болгондо, алгач көбү тааныган жок. Сарыгул өзү деле айылда аны сүйүп эч ким күтүп турбаганын билген. Энесинин эски үйүндө алысыраак туугандарынын баласы жашап жатыптыр. Өздөрү начар турмушта жашаган немелер каскактай болуп Сарыгул пайда боло калганда "Үй бош турбасын деп эле жашап жатабыз. Эгер өзүңө керек десең көчүп кетебиз. Кароосуз калтырганча деп колдон келишинче көзөмөлдөдүк" демиш болушту. Энесинин мүрзөсүнө барып токтоно албай бугу чыккыча ыйлады. Топуракты мыжып зар какшап ыйлады. Кызыл этинен адам кылып чоңойткон. Колуна тийген ырыскылуу эмне болсо бүт "Сарыгулума" деп турган. "Жалгыздан калган жалгызым" деп оозунан түшүрбөй мээримин төккөн дүйнөдөгү жалгыз адамынан, эмне кылса да кечирген, баскан изине сыйынган, тамакты чоң сугунса да кубанган адамынан, жалгыз туу туткан энем бар деп айланган, жылынаар отундай, суу ичээр булагындай, байланаар мамысындай көргөн, сүйөнөөр тоосундай, токтоор жайындай, жатаар төшөгүндөй көргөн адамынан айрылганына ыйлады. Сарыгулга тагдырдын бул экинчи оор жазмышы болчу. Баягы биринчи кылмыш кылганда, ичинен "Энеке! Энеке! Эми мен кантем. Эми мен эмне болом?" - деп ичтен боздогон. Кесилип, балдар колониясына кеткиче күн ара келип, өзү күнү-түнү азап тартып ыйлоодон көздөрү карыгып шишип, үтүрөйүп жүдөп турса да "Балам тагдырдын башка салганын көтөрүү керек. Эр жигиттин башына нелер келип не кетпейт. Күндүн жарымы караңгы, жарымы жарык. Бүгүн башыңа иш түшүп турса, эртең жолуң ачылат. Кайраттуу жигит бол. Сынба. Мүңкүрөбө. Бул да Кудайдын буйругу. Кудайдан жакшылык тиле" - деп кайрат айтып турган. "Сен жексурсуң, адам канына забын болдуң" деп өкүрүп-бакырып тилдебей кайра "Бул да шайтандын азгырыгы. Кийинкисинен Кудай сактасын" деп бооруна кысып кучактап, башынан жыттап турган адамы ушул томпойгон боз топурактын астында жатканына, өмүрүн "Сарыгул" деп өткөргөн адамга бир ууч топурак салбай калганына боздоп ыйлады. Колонияга узап атканда энеси "Балам эми кайыр кош. Аман болсоң келээрсиң. Мен болсо сени издеп бара албайм. Орус тилиңди билбейм" деп муңканып ыйлап калганын эстеп, боздоду. Кейпи эки сааттан ашык мүрзө кучактап жатты. Жалгыз болгондуктан, эч ким тоскоол болгон жок. Бир тууганы келип көрсөтүп берип, куран окушкандан кийин "Сиз бара бериңиз. Мен дагы кичинеге отурам" деп кала берген. Энесинин мүрзөсүн көргүчө кандайдыр бир күч айылына тартып, "түрмөдөн чыксам колхозго барып жаңыча жашоо баштасам" деген кыялдарга батканы энесинин өлгөнүнө көкүрөгүндөгү ишенбеген сезимден экенин билди. Өзүнө келип ордунан турганда, бүт көөдөнү бош калды. Бош калганда да бүт аалам бош калгандай туюлду. Ордунда тизелерин кучактап, кеч күүгүмдөгү айылды карап отурду. Бош калган көөдөнүн кимдир бирөөлөргө болгон кыжырдануу, жек көрүү ээлеп, толо баштады. Дүйнөгө жаралганын жек көрдү. Жараткан атасын жек көрдү. Тууп, кызыл эт боюнча таштап кеткен энесин жек көрдү. Көөдөнүндө кектөө турду. Жалгыз таянар тоосунан, энесинен ажыраткандарды кектеди. Убаданы бузуп, агасына арызданып барган баягы "Кара дөөнү" кектеди. Өздөрүнөн "2-3 жаш кичүү балдар экен" дебей, адыраңдап тепкилеген баягы балдарды кектеди. Сабап жатсаңар жан далбастап сайып салган. Силерди туура кылган дебеген мыйзамды кектеди. Так ушул күнү, так ушул мүрзөлөрдүн арасында отуруп Сарыгул адам эмес карышкырга айланганын өмүр бою билген жок. Кээ кезде гана эмне үчүн мен ушундай жаралып калгам? Эмне үчүн мен башкалардай оңоло албайм? деп ичтен боздоп-боздоп алчу. Ал бир эч ким укпаган, эч ким туйбаган муң болчу. Так ошол мүрзөлөрдүн арасында отурганда жүрөгүнө тоңуп калган муз болчу. Таксист болуп иштеп, уучтап акча таап, эсирип, анын үстүнө эки метрге чукул боюна жараша кара күчү да буканы жыккыдай болуп турган "Кара дөө" анча-мынча клиенттерине түрүн байкап туруп колунан эч нерсе келбес айылдыктар болсо күрсүлдөп, оройлук да кылып койчу. - Шаарга жеткизесиңби жигит?, - деп шып этип астынкы орунтука отурган быжыгыр тармал чач сары жигитти "Кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөй үтүрөйө карап турду да: - Шаарга дейсиңби? - Ооба шаарга... Тигил жылмайып күлүп койду. - Эгерде дагы үч клиент таап келсең жеткизем. Машина толоору менен кетебиз. Клиент чыкпаса жылмай жок тууган, - деп чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып тутантты. - Эгер мен толук төлөсөмчү?! - И-мне... төрт кишиникинби? Уккан кулагына ишене бербей дагы сарыны сындай карады. Кийген кийими кымбат баалуу. Бүт жаңы. Интеллигент эмес. "Чын эле акчасы бар немеби?" деген сыноо. Таксисттер психолог болуп калышат. Кимдин акчасы бар экенин бир карап эле билишет. - Демек, төрт кишиникин төлөйм дечи? - Шашып турам. Барсаң барам де болбосо башка такси издейм. Бул жолу сары шаштыра, өкүм сүйлөдү. Жүрөгү бир нерсе шекшип турса да акча үчүн ооп кетти. Анын үстүнө бош кетет. Машинасына жеңил. Мындай клиент кечке чыгарын да кудай билет. Чын эле башкага барса ким болбосун "кудай" деп жөнөйт. - Кеттик,- деди. Тамекисин шашканынан чала тартып ыргытып. - Кетсе кеттик. - Түз кетебизби же жолдон тияк-биякка кайрылабызбы? - Түз кетебиз. Болгону таза ысып кеттим. Чоң суунун жээгине жеткенде кичине кайрылып сууга бир чөмүп алайын. - Көпкө эмес. - Кайдагы көпкө бир эле чөмүп чыгам. Бол айдабайсыңбы. Акыйлашып тура беребизби. - Айдаса айдадык, - деди да машинасын от алдырып ордунан эле атырылта жөнөдү. Чоң жолго чыккыча экөө - дээрлик сүйлөшкөн жок. "Кара дөө" ансыз да көп сүйлөшчү эмес. Дүңкүйүп кете берчү. Аялдар түшүп калганда гана эби келсе да келбесе да ар нерсени айтып ыржактаганы болбосо, эркектер менен баарлаша албачу. Жолго чыгаары менен орунтукту чалкалатып коюп үргүлөп уйкуга кирген сарыны улам карай, "мурун кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөп коет. Кайра, "кейпи дагы бир жерде ташысам керек да деп" аңги-дүңгү. - Дос, сууга жакындадык, кайсыл жерине чумуп чыгасың? Сарыны ойгото күркүрөдү. - Аа чын эле келип калган экенбиз. Жолдон өткөндөргө көрүнбөгөн, кичине далдоорок жер болсо... - Андай жер бар. Кичине бурулуп, тээ жапан талдардын артына барабыз. Машинасын жай буруп чебер айдай өзү көрсөткөн жерге келди. Чын эле жол көрүнбөй далдоодо калат экен. - Мына чумуй бер. Бирок, өзүң айткандай бир гана жолу. Эки жолу чумусаң кошумча төлөйсүң. - Түшүнбөдүм? - Өзүң бир гана жолу чумуйм дегенсиң. Туурабы? - Туура. - Демек, эки жолу чумусаң, менин убактымды кармагандыгың үчүн төлөйсүң. - Аны табитке жараша көрөлү. Эки жолу кааласам төлөсө төлөйүн. Сары камсанабай сүйлөдү да машинадан чыкты. Машинаны айланып өтүп "Кара дөө" отурган жагына келди. - Сен сууга түшпөйсүңбү? - Жок өзүң түшө бер. - Кой түшүп кой? Эшигин ачып талтайа отурган "Кара дөө" алгач какшыкты түшүнбөй калды. - Жок, мен ысуулаган жокмун. - Азыр ысуулайсың да. - И-имне... Сарыны караса көздөрү тим эле күйүп туруптур. Үрпөйүп, жүрөгү болк дей түштү. - Менин ким экенимди тааныган жоксуңбу? - Жо-о...жок... үнү калтырай чыкты. - Мен баягы Сарыгулмун. - Сарыгул!? - Ооба. Дал өзү. Сен эркектик сөзгө турбай катындык кылып агаңа арызданып барып, агаң мага эдиреңдегенде, жайлап салган Сарыгулмун. Мас болсоң эле "түрмөдөн чыгып келээри менен канын ичем. Агамдын кунун алам" дейт экенсиң го. "Кана, кун алышалы" деп маңдайыңа келдим. "Кара дөөнүн" алласы оозунан түшүп, сүйлөөгө дарманы келбей калды. Улам көз кыйыгы менен орунтугунун астында жаткан мантировканы карап коет. - Мантировкаңды карабай эле кой. Түш машинаңдан. Эркекче бирме-бир чыгалы. Жок бирме-бир чыккандан корксоң менин айтканыма көнөсүң. Орто бойлуу болсо да Сарыгулдун чымыр денесин карап туруп "Кара дөө" жүрөк заада болду. Баягы көп жыл мурдагы шилбиктей арык бала башынан алыс мешоктой ыргытканы көз алдына кайра элестей түштү. "Түрмөдө жөн жүрдү дейсиңби дагы нечен шумдукту үйрөнгөндүр" деп ойлоду ичинен. - Балким, сөзгө келбейлиби? Шаарга бекер эле жеткизейин. - Ансыз да бекер жеткизесиң. Сенин катындыгың үчүн мен тогуз жыл "күнөстөдүм". Анан сага дагы төлөшүм керекпи? - Анда мен айткан эмесмин. Жанагы жүлжүк көз Белек айткан. Арык, жүлжүйгөн кара балачы. - Аны менен да сүйлөшөбүз. Алгач сени менен бүтүшөм. Эгер сен быркырап ыйлап "колумду сындырды" дебей, өзүм күнөөлүмүн. "Эч кимиң барбагыла" десең, иш башкача болот эле да. Туурабы? "Баарын унутпай жүргөн экен" деди "Кара дөө". - Анда талабың эмне?- Акча сурайт деп ойлоду. - Сени азыр катын кылам. Ушуга көнөсүң. Азыр артыңдан жайлайм. Катындыгыңды далилдейм. - И-мнээ... мындай кордукка "Кара дөө" чыдамак эмес. Эңкейип колун мантировкасына сунду. Ушул маалда Сарыгулдун колунун кыры кежигесине шак дей түшкөндө эсин жоготуп койду. Эсине көчүгүнө катуу бир нерсе кирип, жан чыдатпай ооруганда келди. Машинасынын арткы багажына арта салынып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Жакшы эсине келе албай; - Сенин... сенин каныңды ичем... деп булдурады эле: - Жата бер голубчик. Сен уже катынсың. Мунуң түзүк экен, - деп жамбашка чапкылап койду да, тигил ишин уланта берди. Чымырканып кыймылдайын деди эле: - Эй мен али бүтө элекмин, - деди да дагы колунун кыры менен шак дедире кулактын астына, күрөө тамырга урду эле кайра эси ооп калды. Экинчи эсине келгенде жерде талтайып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Белинен ылдый жылаңач. Баш көтөрсө, шымы менен турсасы арыта жатат. Ызадан эмне кылаарын билбей "Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу" болуп турду. - "Кыздыгымды" бердим деп эле кылыктанып жата бересиңби? Тур кетебиз, -деди Сарыгул какшык, кекээр аралаш. - Азыр сенин каныңды ичем... Ордунан обдулуп тура калды. Кыймылдоого жарай элегинде Сарыгулдун буту ээгине шак дей түштү. Тим эле чимирилип барып кайра да көмкөрөсүнөн кулады. Эсине келсе Сарыгул арыта бейкапар тамеки тартып отуруптур. Баягы кайраты бүт жоголуп сүйлөгөндөн да коркуп калды. Беркинин эсине келгенин көрүп тигил ордунан туруп басып келди да: - Кана дагы сүйлөп көрчү угайын, - деп маңдайына талтайып туруп калды. - Болду... жетет,- деди "Кара дөө" булдурай. Дагы тээп жибереби, - деп коркуп. - Жетеби... мага жетпей жатсачы сука... Эмнегедир Сарыгул жиндей түштү да шарт жанынан бычагын сууруп алып беркинин кекиртегине такады. Тим эле көздөрү кызарып канталап кетиптир. Муздак бычактын мизи кекиртекти тилип кан тамчылап кетти. - Жан соога... Саке... жан соога... Жаңы эле үйлөндүм эле. Аялымдын боюнда бар эле. Өлтүрө көрбө... "Кара дөө" кантип жалынып ийгенин да билбей калды. Бычак устарадан да курч болсо керек. Кичине тартса башын шылып түшчүдөй. - Эмне кылсаң өзүң бил . Баарына макулмун. Жанымды кыйба... - Им-м де. Сарыгул бычагынын канын тигинин көйнөгүнүн этегине арчып туруп, кайра арткы чөнтөгүнө салды. - Эмесе мындай, жанагы Белек дегениң кайда? - Шаарда турат... - Дарегин билесиңби? - Билем... билем. - Билсең Белегиңе барабыз. - Макул... Жеткизем... "Тирүү калат экемин" деген үмүт пайда болуп тим эле жыпылдап кетти. Жандын ширин экенин татты да. Кекиртегинен сызылган канды аарчып коюуга да дарманы жетпеди. - Тур да тез кийин! Жок. Алгач сууга жуунуп туруп кийин! Көчүгүңдү анан кекиртегиңди жакшылап жуу. - Макул... азыр... Калдаңдаган "Кара дөө" сууга шарпылдатып кирип, шапшына жуунду да шаша-буша кийинди. Чиркин, жарыкчылык, тирүүлүктүн даамы деген кыйын го. Жанакы кыжынып аткан лөк "сынып" бир паста "жибектей" болуп калды. "Кара дөө" ушунчалык бат "сынганына" Сарыгул кыжыры келе ичинен "Күлтүйгөнү менен ичи толтура бок экен. Ушунун эркек болгонун... Мындайга тигиниңди да булгагың келбейт" деп ойлой жийиркене карап койду. "Кара дөө" көчүгү ооруп, орунтукта кыйшалактап араң эле отуруп келатты. "Энеңди... оңдурбай шилтеген экен. Эсим ооп жатканда эки-үч жолу кирген го... Мындайдын тигиниси да оңбогондой чоң, катуу болот тура" деп ойлогондо бир тердеп, бир кургайт. Экөө шаарга жеткиче сүйлөшкөн да жок. Ар кимиси өз ою менен алек болуп жүрүп отурушту. Сарыгул айылда бир күн боло электе эле бул жерге "Батпасын" туйду. Ошондуктан, убакытты созуп отурбай чоң энесинен калган үйдү кирип отургандарга "Силерге бердим. Жаңыртып аласыңарбы? Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле" деди да өзү шаарга кетерин айтты. "Эми кайда барабыз?" деп сарсанаа болуп отурган немелердин мындай сөздү укканда, кубангандарын айтпа. Кайдан жайдан козу таап келип союп "кутулуп келгениңе түлөө кылганыбыз" - деп да жиберишти. Айылда үч күн жүрүп аты-жыты туугандарына бир сыйра кыдырып учурашты. Түрмөдөн келген дегенсип бары "суук боор" тартып калышыптыр. Сыртынан жадырай кабыл алымыш болушканы менен өздөрүн четкерээк кармашып, эч кимиси деле "Эми айылда кал. Колхозго кирип иште. Атаңдын атын өчүрбөй үйүңдү жаңыртып, үйлөнүп- жайланып турмуш кур" дегендей акылдарын чын дилден айтышпады. "Эмне кылайын дейсиң? Жаш эмессиңби. Кайда болсо иш табылат да. Балким колхозго кирсең деле алат болушу керек. Балким, шаарга барып окуп билим алаарсың. Азыр жаштар билимге жулунуп жатышпайбы" демиш болушту. Сарыгул өзү деле туугандары "кал" деп асылган күндө да айылда жашай албасын түшүндү. Жүрөгү элеп-желеп болуп айылдын жай турмушун эмес, кайнаган турмушту эңсеп турган. Минтип жөн кете албай эзелки кегин алып отурат. "Волганын" арткы орунтугунун ортосуна чалкалай отуруп алып улам көз кыйыгы менен "Кара дөөну" карап коет. Тиги болсо күржүйгөн мойнунан аккан терин кирдеген жүзаарчысы менен аарчып коюп жолду карап телмирип баратат. Эмнегедир оюна ушул кезге чейин аялзаты менен төшөк рахатына бата элеги түштү. Түрмөдө жалаң эркектерге көксөөсүн суутуп жүрдү. Башында тартынса кийин көнүп да алды. Түрмөдөн чыккандан бери эч ким менен болбой буулуга түшкөн экен "Кара дөөнү" тим эле рахаттанып жайлады. "Кара дөө" ойлогондой эле бир эмес эки жолу ишин бүтүрдү. Азыр жеңилденип, көңүлү ачылып бараткан кези. Тынчтыкты буза "Кара дөө": - Түз эле жатаканасына айдайынбы? - деди күлдүрөй. - Жатаканада турабы? - Ооба. Заводдун жатаканасында. Машина курган завод бар экен го... - Эмне болуп иштейт? - Мастермин деп калат... - Жатаканасына барабыз. Өзүң кирип чакырып чыгасың. Ресторанга барып чардайбыз деп алдайсыңбы?.. Кыскасы чакырып чык. Эгер кичине шек берип, мен жөнүндө, менин эмне кылаарым жөнүндө айтсаң жердин түбүнө түшсөң да таап туруп, кекиртегиңди тирүүлөй суурам. Уктуңбу!? - Кантип айтайын. Айтпайм. Кыздарга барабыз десем жүгүрүп чыгат. Мурда эки-үч жолу кыздарга алпаргам. - Туура, кыздарга алпарам де. Жыргалдын туу чокусуна жетесиң де,- Сарыгул кекээрлей сүйлөдү. "Кара дөө", "аны да мендей жайлайсыңбы" - деп сурап жибере сактап барып токтоду. - Чыккандан кийин түз шаардын четине айдайсың. Чоң-Арыктын үстүндөгү калың бактуу жээкке. Мени тааныштырба. Өзүм таанышам. Жөн гана "Анан таанышасыңар", - деп кой. - Макул... Такси бат эле Фучиктеги жумушчулардын жатаканасына жетип келип токтоду. "Кара дөө" улутунуп алды да чыга жөнөдү. - Эскертип коеюн. Эч кандай тамаша жок. Жарыкчылыкта жашагың келсе мен айтканды түгөл, так аткар. Жок. Кичине эле кылтыңдасаң өз убалың өзүңө. "Кара дөө" үн сөз жок жатакана жакка бет алды. Арадан жарым саат өтпөй орто бойлуу бирөө менен ээрчишип келип калышты. Караңгыда өңү- түсү көрүнбөдү. Быжылдай сүйлөп келип машинанын астына отурду. Артында киши барбы, башкалар отурабы, байкаган да жок. - Мына, жыргал жашоо эле сеники. Чөнтөгүң толо акча. Кыз десең кыз, катын десең катын даяр. Эмне болсо да жашоонун дооронун сүрүп жатасың. Бизди айтпайсыңбы. Айлыктан айлык күтүп жашамай. Кечке жумуштан баш көтөрмөй жок. Кечинде чарчап келип оңкодон түшмөй. Минтип жүрсөм катын да албай калчудаймын. Башка жумушка кетип калат элем Политехническийдин кечки курсунан окуп жатам. Окуумду бүтсөм көтөрүлгүдөймүн. Анын үстүнө үйгө да кезекке туруп койдум. "Дарак бир жерден көгөрөт" дейт эмеспи. Иштей берейин деп жатам... Айтылган жерге жеткиче бакылдап, жаагы тынбады. "Кара дөөнү" сүйлөткөн да жок. Артындагы Сарыгул акырын жылып бурчка отуруп алды эле аны да байкабады. Качан гана суу жээгиндеги калың бак жакка бурулганда: - Ой сен кайда? Катындарың ушул жактабы? Мен үйгө барат экенбиз десе, -деди чоочуй. - Азыр көрөсүң, деп койду "Кара дөө" да үнүн пас чыгара. Калың бактын арасына барып токтогондо. - Сени менен тигил жигиттин иши бар экен, - деди арттагы Сарыгулду көрсөтө. - И-мне. Кайсыл жигит? -Ошондо гана артына бурулуп Сарыгулду карады. - Сен кимсиң? - Менби... Мен Сарыгулмун. - Кайсыл Сарыгул? - Баягы сен убаданы бузуп катындык кылып, "Кара дөөнүн" агасына арызданганда, алар келип мени "сабайм" деп жулунганда, бирин тигил дүйнөгө жөнөтүп кесилген Сарыгулчу. Кичинеге ойлоно калды. - Такыр эсимде жок. Үчөө караңгы машинанын ичинде сүйлөшүп отурушту. Сарыгул билди тигинин эң сонун эстегенин, бирок, убакытты утуш үчүн анткорлонуп жатканын. - Менин байкемди өлтүрүп кесилип кеткен Сарыгулчу... "Кара дөө" тигинин калп анткорлугуна күйүп кетти. - И-и эстедим... эстедим... - Эстедиңби. Эстегениң жакшы,- Сарыгул кекерлүү сүйлөдү. - Саке ал балалык да... Башың аман чыгып келипсиң. Кут болсун. Келе колуңду. Өткөн өттү, кеткен кетти. Толук Сарыгул жакка бурула, ордунан обдулуп колун сунду. - Тигил жакта катындар менен кол кармашып учурашпайт. Сарыгул тигинин сунган колун албады. - Кой Саке, ал бир кырсык. Эми элдешели. Кектешпейли. "Кара дөө" Белектин табышкерлигине оозу ачылып үн дебей отуруп берди. "Чын эле Сарыгул азыр мунун бал тилине көнүп элдешет го" деп ойлоп кетти. Ичинен "Сарыгул мага кылган өнөрүн буга да көрсөтсө" деп каалап турган. - Элдешебиз. Элдешпей кайда барат элек. Бирок, ар кимибиз өз эсебибизди алгандан кийин. Тигил жакта (түрмөнү айтканы) ар ким оозунан чыккан сөзгө жооп берет. Сен да оозуңдан чыккан сөзгө жооп бересиң. - Кой эми Саке ал жакты "түрмө" дейт. Бул жакты "боштондук" дейт. Экөө эки башка да. Боштондукта оозго келгенди оттоп жүрө беребиз. Эч кимге деле жооп бербейбиз, - деди кайпактай. - Сенин ошол оозго келгенди оттогонуң үчүн күнөөсүз "Кара дөөнүн" агасы өмүрүнөн айрылып, жапжаш бала топурак астында калды. Менин болсо турмушум сынып, балалык өмүрүм менен коштошо электе тигил жактын тузун татып 9 жыл "күнөстөдүм". - Туура бул кудай урган тилдин пайдасынан да азабын көп тарттым Саке. Күнөөм бар. Астыңа түшөйүн. Кечир. Күнөөмдү тартайын. - Мына мунуң жүйөөлү сөз. Астыма бир туруп бересиң. Болду экөөбүз толук эсептешкен болобуз. Белек Сарыгул эмнени кыйытып жатат түшүнбөй калды. - Жана шаардан эле айтсаңар болмок экен. Түз ресторанга бармак экенбиз. - Ресторандын кереги жок ишти ушул жерден бүтүрөбүз. Белек дагы түшүнбөй калды. - Эмне акчалай берейинби? - Акчаңдын мага кереги жок. Азыр машинадан чык да, шымыңды чечип, тоңкоюп туруп бересиң. Болду. Менин аласам ушул,- Сарыгул эми тиштене сүйлөдү. - Койчу Саке тамашаңды.Ошол кантип болсун. Сураган акчаңды берейин, айт. Анча-мынча жыйнап жүрдүм эле. - Кой, көп сүйлөгөн менен пайда жок. Чык машинадан. Сарыгул буйра сүйлөдү да, өзү да машинанын эшигин ачты. Белек машинанын эшигин шарт ачып атып чыкты да, өкүрүп-бакырып качып жөнөдү. - Жардамга... Жардамга... Эл журт... милиция... өлтүрүп жатат. Баарына сак турган Сарыгул аркасынан удаа жетип, чалып жыкты. Экөө караңгыда кармаша кетишти. Белек жыгылганда тоголонуп барып чалкасынан түштү да, басып жыгылам деген Сарыгулду кош аяктай төшкө тепти. Сарыгул артка учуп кетти. Ал түгүл кичине эси да оой түштү. Тигил кайра туруп качты. - Жардам... Жардам... Кантсе да кичине жулмалашып, кармашып калганга демиге түшкөн неме жанагыдай жер-сууну буза өкүрө албады. Үнү пасыраак чыкты. Бул жолу Сарыгул кууп жетип, кежигесине секире үстүнөн басып жыгылды. Талуу жерине муштап, эсин оодарам деп караңгыда таамай муштай албай жатты. Экөө дагы тытышып, кармаша кетишти. Жанталашкан Белек беркини оозуна туш келген жерин тиштеп да жатты. Каруудан тиштегенде Сарыгул күрөө тамырга уруп калды. Ошондо башы "шылк" деп эси оой түштү. Ийинине салып көтөрүп машинага апкелди да, жерге шалак таштап отуруп калды. "Кара дөө" машинасынан чыккан да жок. "Бириң өлүп, бириң кал" дегенсип отура берди. Сарыгул башында экөөлөп киреби деп саксынып аткан. Тигил машинадан чыкпагандан кийин жүрөксүбөй калды. Кейпи, мен көргөн кордукту бул шыйпаң да көрсүн десе керек. Белектин күтүүсүз жоругуна жүрөгү дүкүлдөп чыккан Сарыгул айланага кулак төшөдү. "Балким, бирөө-жарым Белектин үнүн угуп келип калабы" -деп да чоочуп турган. Жок. Айлана тынч. Бейкам дабыш деле угулбайт. Кантсе да шашыш керек болуп турду. Балким жогорудагы тоо түбүнөн тынымсыз өткөн машиналардын бирөө жарымы үндү угуп калып, милицияга жеткирип коюшу толук мүмкүн. Кайра ордунан туруп, тигини көтөрүп машинанын арткы багажына туура "Кара дөөнү" жаткыргандай арта сала жаткырды. Кармашып атып чарчап калгангабы, өзүнүн көңүлү келбеди алигиси да баш көтөрөөр түрү жок. - "Кара дөө"!? - И-мне... - Чык машинадан! Мунун ишин сен бүтүрөсүң. Сага бердим. "Кара дөө" күрсүйүп чыга келди да жалбарыңкы үнү менен: - Саке... мен... мен мындайга... эркекке өмүрү барган эмесмин. Дитим чаппай турат. Өзүң эле бүтүрө берчи. - Дитиң чабат. Чапканда да кандай чабат. Эгер болбойт экен, анда азыр бычып салам. "Дың" дебей иштейсиң. Шарт бычагын сууруп чыкты. Жалаңдаган бычак айдын жарыгында "жарк-журк" деп көзгө жаман көрүнөт экен. "Кара дөөнүн" муундары титиреп кетти. "Өзгөчө бычып салам" дегенди укканда "бул канкор эч нерседен кайра тартпай калган экен" деген ойго кетти. Керек болсо азыр Белек экөөнү тең ушул жерге мууздап, машинага салып туруп өрттөп ийип, басып кетиши да мүмкүн. Алеки саатта башына миң сан ой келди. - Сабыр кыл. Саке. Азыр. Бул шүмшүктү ошентиш эле керек болсо... Ичиндеги коркууга кошулуп шакардай кайнаган ызалыкты Белектен чыгарып алгысы келип кетти. Так ушул шүмшүктүн тапан тили болбогондо, балким азыр үчөө тең бул жерде турушмак эмес. Дугдуңдай ишке киришти. Белек кыймылдайын деди эле, Сарыгул чыкыйга муштап койгондо кайра "шылк" дей түштү. - Ме сага... ме сага... тилиңди көчүгүңө тыккыр... "Кара дөөнүн" кылыгына жанында турган Сарыгулдун ачуусу тарап, көңүлү ачыла түштү. Болбосо, кайра-кайра бычагын мыжыгып, жанын коерго жер таппай, өзүн кармана албай бараткан эле. "Кара дөө" кантсе да акылдуулук кылды" - деп койду ичинен. Эгер дагы кежирленип кер сүйлөгөндө кекиртегин бычак шылып түшүшү толук мүмкүн эле. Жолдон бир шише арак алышты да, эсине келип кайра жоготуп шылкылдап келаткан Белектин оозуна жарымысынан көбүрөөгүн куюп туруп жатаканасына жеткирип ташташты. "Кара дөө" өзү көтөрүп кийирип, жаткырып келди. Сарыгул "Кара дөө" менен коштошуп жатып: - Болду. Толук эсептешип бүттүк. Экинчи кайчылаш жолдо, каршылаш болуп кездешпейли. Мен сени тааныбайм. Сен мени тааныбайсың. Ортодо эмне болуп өтсө унут, - деди да, караңгы түнгө сиңип кетти. Чын эле ошол бойдон "Кара дөө" Сарыгулду көрбөдү. Анын үстүнө такси айдаганды таштап, курулушка кирип кетти. Белектин да эмне болгонун билбеди. Экөө бири-бирине жолукпаганга аракеттенип, качышчу эле. ххх Азият "борбордогу" өзүнүн көздөй ишенимдүү адамына "Рыжый Болотту" катуу тарбиялап коюш керек. Өз чегинен чыга баштады. Муну тез арада жасасаңыз жакшы болот эле. Сиздин баягы "эстелигиңиз" али менде, өз калыбында сакталуу турат", деген "визитка" жиберип жатып, Рыжый Болоттун "балким бир кездеги Сарыгул да болушу мүмкүн" деген версияны жиберген жок. Аны өзүнө "көмүскөдөгү жүрүш" кылыш үчүн алып калды. ххх "Рыжый Болот " Азияттын "визиткасын" алгандан кийин чекесин бырыштыра көпкө ойлонуп отуруп калды. Мындан түзүгүрөөк жооп алам деп деле күткөн эмес. Ошондуктан, какшык жылдырган жоопко ашыкча капа да болбоду. Болгону, "Азият" дегениңдин чыныгы жүзү ким?" - деген суроо дагы мээсин жеп жатты. Анын кылмышкер шимшүүрлөрү Азият жөнүндө түзүк эч нерсе деле билип бере алган эмес. Болгону "Азият" деген атын укканда, керек болсо "мыйзамдагы уурулар" да кысчу жерлерин кысып калаарын, анын айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылаарын, далай баш кесерлер Азияттын алдында кызмат кылып жүрүп, ың-жыңсыз жок болуп кетээрин, аларды эч ким сурабаганы. Өз колу менен кумурсканын уюгун бузбаса да далай нарко, соода, нефти, газ, электр энергиясына байланышкан контрабандалык соодаларга таасири барын билген. Түрмөгө түшкөн эмес. "Ак жакачан" болуп да чоң кызматта иштебеген. Бирок, кылмышкерлердин чөйрөсүндө да, "Ак жакачандардын" чөйрөсүндө да таасири күчтүү. Бул эмне деген "Темный жан" деп башын катырчу болду. Баягы СССР бар кездеги иштеген кызматы жөнүндө да эч нерсе биле албады. Душманың канча табышмактуу болсо, ошончо коркунучтуу болорун жакшы билчү. Эгер "Ак жакачандардын" чөйрөсүнөн болсочу? Балким, алардын "королдорунандыр"? Анда иш жакшы болбойт. "Ак жакачандар" менен ойнош опурталдуу. Алардын колунда дайыма бийлик бар. А бийлик дегениң жаман, байкабай талуу жерин басып алсаң, биттей ушалап коет. Өзгөчө кылмышкерлерди жок кылыш бийликтегилер үчүн оюнчук. Азияттан "движение" болгон жок. Баарын өзү баштады. Демек, өзү бүтүрүшү керек. Каттын жообун кантсе экен. Балким бир аз убакыт аярлай турабы. Балким Азияттын суроосун канааттандырып, "Протезди" анын колуна салып берсечи? Туура, ишти "Протезден" баштоо керек. "Рыжый Болоттун" буйругу менен жулунган жигиттери "Протезди" алып, жетип келишти. Кылмышкерлердин адатын жакшы түшүнгөн Болот "Протез", "Бриллиант жылан" жөнүндө кабар берген күндөн баштап катуу кайтартып койгон болчу. "Протез" эки-үч жолу качып кетүүгө аракет жасаганын билдиришкен. Оңбогон абышканын култуңдаган кылыгы ого бетер аяр болууга түрткөн. Жаналгычтын өзүнөн да коркпогон "Протездей" өлүмтүктүн Азияттан титиреп коркушу эле эмнени билдирет? Болот сөздү түз баштады: - "Протез" Азиятка конокко барууга кандайсың? Эски досуң сени сагыныптыр. Көргүсү келип жаткан экен. Азияттын атын укканда "Протез" тим эле "жыланды көргөн чычкандай" бүрүшө түштү. Ал түгүл өңү "боп-боз" болуп жаны үзүлүп бараткан адамдын кейпин кийип калды. - Азияттын мендей шордууну көргүсү келгени "карышкырдын койду", "ажыдаардын коенду" көргүсү келгениндей эле кеп, сынок. Өмүрү шордон башы арылбаган мендей байкушту Азиятка салып берсең өзүң бил. Ансыз да өлөөрүмө жыл эмес саналуу күндөр калганда жарыкчылыкта кыбырай турсамбы дегем. Эми минтип тагдырымды сен түшүнбөсөң деги киши түшүнбөйт. Өзүң айтчы менин эмнем бар? Бир аз күндүк жашоомдон башка эч нерсем жок, сынок. Тагдырдын маңдайыма жазганыбы, өзүм улам жаза баса бердимби, өмүрүмдүн көбү "баланда" ичиш менен өттү. (Түрмөчүлөргө берген тамакты айтат). Сен да "көк жалдын көк жалысың", ырас, Азиятка мени жем катары салгың келип калыптыр, жолу ошого такалса керек. Мейлиң, өзүңдүн эркиң. Өлөрдө жок дегенде сенин керегиңе бир жарап кетейин. Бирок, эскертип коерум, Азияттын көзүн көрөөрүм менен өз жанымды өзүм кыям. Анын кислотасына бутумдан баштап ээригиче мүрт өлгөнүм жакшы. "Протездин" айткандарын угуп отуруп "Рыжый Болоттун" денеси дүркүрөп кетти. - "Протез" чындыкты айтчы? Деги Азият дегениң ким? - Болот, Кудайдан жашырбаганымды сенден жашырбайм. Бул Азият "жаналгычтын" чыныгы жүзүн бир Кудай билбесе эч ким билбейт. Балким уксаң керек, бир учурда экөөбүздөй селсаяктардын арасында атагы дүңгүрөгөн "Кара жылан" деген болгон. Так ошол "Кара жыландын" өз оозунан уккам. "Кылмышкерлер дүйнөсүн "былк" дедирбей кармаш үчүн КГБ атайын бөлүм түзүп, селсаяктардын арасына тор жайды. Саясатка аралашып баш көтөрчүсү болсо жиндиканага даярдаганга, өтө коркунучтууларын тымызын селсаяктардын колу менен жок кылдырганга "палачтар" иштей баштады. Мына ошол "палачтардын" башчысына "Азият" деген кличканы мен койдум" дегенин. "Палачтардын" жасаган кылмышынын жүзү эч убакта ачылбайт. Өздөрү жазаланбайт. Ооган согушунда ал тараптан ташылган наркотоварды бизде иштетип, кайра капиталисттик мамлекеттерге саттыруунун башында да ушул Азият турган экен. Эми бул жагы саясат. Ага менин түшүнүгүм жетпейт. СССР тирүү кезинде капиталисттер "коммунисттерди поголовно алкаш кылабыз" дешчү тура. Коммунисттер болсо "Капиталисттерди поголовно наркоман кылабыз" дешчү экен. Ооган апийими бул жакка ташылып келинип, кайра героинге айланып, капиталисттерге "подаркага" жөнөтүлүп турганын билесиң да, сынок... У-уу мына акча деген, байлык деген ошолордун колунда болгон го. СССР күтүүсүз тарады. Баары баш аламан болуп кетти. Чет өлкөлөргө өткөрүлгөн тонналаган наркотоварлардын "навары" кайда чөктү ким билет дейсиң, сынок. Нечен банктарда жеке счеттор ачылып, миллиондор "ойноп жүрчү" да. Бул жагдайда анча-мынча кабардар болгонумду өзүң билесиң, мен өмүр бою нарко- сооданын азабын тартып келдим. "Протезди" угуп отуруп "Рыжый Болот" "Азиятка" катылам деп "кыйшык кадам" таштаганын түшүнө баштады.Бир чети "Бриллиант жылан" жөнүндөгү башты айландырган кабарды айтып, ушул ишке түрткөнү үчүн "Протезге" кыжыры келген менен кайра астында бүрүшүп отурган чалды аяп да кетти. "Протез" чындыгында эле өмүр бою башы кылмыштан чыкпаган шордуу. Бул абышканын жыргал күнүнөн кууралы көп болсо керек. Эмнегедир ушул саам "Рыжый Болот" өзүнүн келечек тагдырын көрүп тургандай болуп кетти. Бул ачуу чындык Болотту жүрөккө сайды. Денеси "дүр" деп, көз кычыктары ачышып, суулана түштү. "Протезди" Азиятка бергени менен деле ал "Бриллиант жыланды" кармата койбойт. Бул оңбогон жыланды көрбөсө да дарегин укканы үчүн эле канча түйшүк башына түшкөнүнө Болот тырчып турду. Көздөрүн жума "Протез" экөөнүн өткөндөгү каргашалуу пикир алышуусун эстеди. "Протез" күнүмдүк оокатына жардам сурап келген экен. Мезгилинде "Протездин" менменсинген кылмышкерлер менен "табакташ" болуп жүргөнүн уккан жайы бар эле. Сөздөн сөз чыгып отуруп: - Алматынын жарымысы менин машинамды минип жүрөт. "Кылмышкермин" дегендин көбү мен сатып берген квартираларда жашоодо. Министрлер баш болуп, чет өлкөдөгү каткан валюталарын коргоп берүүгө мага кайрылышат. Чыныңды айтчы мурда-кийин селсаяктардан менчелик кулачы жайылганга жолуктуң беле - деп калбайбы. Ошондо "Протез" көздөрүн жүлжүйтүп туруп: - Сынок сенин чыныгы көкжал экениңде айып жок. Атың алыска угулду. Илебиңе нан бышып турган учур. Бирок, "учуру келгенде айтпаса сөз атасы өлөт" - дейт. Бул дүйнөдө "Бриллиант жылан" деген бар. Мына ошол оңбогон жыланга кожоюн болгондор жана байлыктын да, кылмыш дүйнөсүнүн да сересине жеткенин сезет - деп уккам. Ал жылан болсо "Азият" аттуу кан ичердин колунда экенин так билем. Бирок сынок, тынч жашайм десең мен айткан сөздү унут да, "Бриллиант жылан" жөнүндө эч кандай "движение" жасаба. Мен билгенден ал кан ичер жыландын өзүн эмес, дарегин кайда экенин билгендер көпкө жашабайт. Минтип тилим кычышып кетип сагызгандай сайрайм деп, мен да балким, бул жашоомо акыркы крестти койдум окшойт, - дейт. Анда анчалык деле көп терең маани бербей кызыга түшкөн Болот: "ал эмне болгон жылан", - деп лыкылдатып сурап олтуруп "Протездин" жылан жөнүндөгү билген таржымалын бүт уккан. Анан "Азиятка" "визитка" жиберип ийип жатпайбы. Этеги минтип туңгуюкка такалды. Ойлуу отурду да "Протезге": - Бара бер. Кайда барсаң анда бар. Болгону экинчи көзүмө көрүнбө, - деди. "Протез" өз уккан кулагына өзү ишенбеди. Мындай болушу эч мүмкүн эмес болчу. Астындагы койду жебей басып кеткен карышкыр да болчу беле. Эми буйрук экен. Башка салганды көрөйүн деп боюн жыйып отурган неме "бул Рыжый кандай тамаша көрсөткөн турат" - деп шалдырай түштү. Башына миң сан ойлор келди. "Азыр эшикке чыгарым менен желдеттерине жайлатат да, өлүгүмдү Азиятка жиберет" деген ой жанын жеп ордунан очорула турду. - Мунуңа да рахмат. Азияттын жылан көзүнө тирүү урунбаганым оң сынок, -деди да эшикке илкий жөнөдү. Болот ойго чөгө, анын чыгып кеткенине да маани бербеди. Көп өтпөй бир жигити жүгүрүп кирди да "Протез" эшик алдынан жүрөгүн мыкчып кулап түшүп, "тез жардам" чакыргычакты эле үзүлүп кете берди -деп кабарлады. - Оңбогон гана чал. Өлгөндө да жөн өлбөй артында түйшүк калтырганын айтпайсыңбы, - деп сөгүнүп алды да, - Жакшылап көөмп койгула. Селсаяктар аза күтсүн. "Протез" селсаяктын селсаягы болчу, - деди. "Протездин" эмне түйшүк калтырганын Болоттун өзүнөн башка эч кимиси түшүнгөн жок. Улам жыл өткөн сайын карышкырдай аяр болуп калган Болот күтүүсүз туюкка камалганына күйүп турду. "Бриллиант жыландын" түбү "ачуу" тийерин жүрөгү сезип, алгач аярласа да ышкысы жеңип кетпедиби. Анын үстүнө "Республиканын кожоюну" деген тажыны кийгизем деген "Самурай" да кийинки убакта "кыймылын" жайлатып калды. Аны "жылытыш" үчүн өзүнчө бир адам оюна келбегендей белек керек болчу. "Кандай белек тапсам" деп баш катырып жүргөндө "Бриллиант жылан" жөнүндө угуп калып отурбайбы. Ошондо оюна "Самурайга" мындай белек тартууласам, сөзсүз "жылыйт" да мага "Республиканын кожоюну" деген таажыны кийгизет деген ой мээсине "шык" деп кадалды да, шашкалактап Азиятка "визитка" жиберди. Эми бары кеч. "Визиткамды" кайра алдым" деген күндө да күнөөсү жуулбайт. "Бриллиант жыландын" дарегин билген адам жашабаш керек" -деп "Протез" бекер какшаган жок. Ар бир кадамына сак болбосо болбойт. Эң башкысы коркуп калганыңды билгизбегенге аракет кылуу керек. Душманың коркконуңду билип калса, жөн гана коенду басып жеген арстанча эки чайнап бир жутуп коет. Башын мыжыгып отурду да, "чабуул" кылып көрүүнү ойлоду. "Эң мыкты" дегендерди жибербеди. Өзүн көрсөткүсү келген "выскачкалардан" топтолгондорго бир карт бөрү кошуп туруп "жакшылап тарбиялап, астыма сүйрөп алып келгиле!" - деп жөнөтүп жиберди. Бир "Мерседес", бир "Жип" менен кеткен жигиттери эки күн өтпөй бозала болуп жетип келишти. Арасындагы баягы "карт бөрү" гана жок. Болгондо да мешок ыргыткандай Азияттын жигиттерин эшик алдына ыргытып кетиптир. Өң алеттеринен эч нерсе жок. Баягы эдиреңдеген немелердин бети-баштарына, ооздоруна учук чыгып, сүйлөөгө жарабай калган. "Башчыңар кана?" - деген суроого титиреп турушуп, үч литрлик үч банканы сумкаларынан сууруп чыгышты да "Рыжый Болоттун" астына коюшту. Үч литрлик банкадагы килкилдеген суюктукту карап туруп "Рыжый Болот" көргөн көзүнө ишенбеди. Тигилердин бири титиреп Болотко кат сунду. "Рыжый Сарыгул" мунуң көлөмдүү экен, үч банкамды коротту. Сен эки банкага кенен сыясың. Өз колум менен батырам. "Протезди" мага бербегениң үчүн эки эсе күнөөкөрсүң. Сени банка ичинен көрүүгө чексиз куштар Азият" деп жазылып туруптур. Далайды көргөн, бирок, Болот мындайды көргөн эмес. Ошондо акыркы жолу зонада жүргөндө "Ооганстандан өлгөн солдаттардын ичине толтура апийим шыкап ташыттырган бир канкор бар" деп укканын эстеди. Балким, ошол Азияттыр. Үн деп сүйлөбөдү. Ансыз да тирүү өлүк болуп отурган тигилерди "чыккыла" деди да жакын деген жигиттерин чакырып "Банкаларды ачпай туруп жай казып көрүстөнгө койгула. Үстүнө "Селсаяк болчу" деп жазып койгула" - деди. Турган үйү күтүүсүз кол салуудан өзгөчө корголгон жай болчу. Ошондо да кайтарууну эки эсе күчөттү. Коргонуу менен кутула албасын да билип турду. Азияттан кутулуунун бир гана жолу өлүп кутулуу керек. Ким билет, ошондо кутулаар бекен? "Сарыгул" деп сайрап турбайбы. Божомолубу же чын билеби. Башканы кой өзү да Сарыгулдун ким экенин унутуп калган. Ал түгүл кыргыз тилин таптакыр унутуп, жалаң казакча сүйлөп жүрчү. "Жасаган кыңыр ишимди жан билбейт" - деп ойлочу. Тобоо. "Бриллиант жыландын" дарегин билгендердин тукуму үзүлбөгөн сыяктуу эле кыңыр ишиңдин кылы үзүлбөй, бир жерде болбосо, бир жерде кала берет экен го" деген ой башын жеп, эриндери титиреп өзүн коөрго жер таппай турду. "Протез, Протез сен мени тирүүлөй өрттөгөн экенсиң", - деп дагы сөгүнүп-сөгүнүп алды. ххх Азият "Борбордон": "Заман баягы эмес. Өзгөрө баштады. Аны өзүң да байкап жаткандырсың. Менин "белегимди" көзүңдүн карегиндей сакта. Ал азырынча керек эмес. Аа өзүңө болсо сак бол. Ашык кыймыл жасаба. Сенин сурооң болсо толук аткарылат. Андай күчүктөрдүн кулагын толгоп коюш иш деле эмес" деген "визитка" алганда көңүлү жайлана түштү. Чындыгында эле заман баягы болбой өзгөрүп баратты. СССР империясы тарагандагы баш-аламандык бүтүп, өзүнчө бөлүнүп чыккан эркин мамлекеттер өздөрүнүн мамлекеттик башкаруу системаларын жолго коюп, тиешелүү мыйзамдарын кабыл алууга өтүштү. Мамлекеттер аралык мамилелер да жолго коюлуп, мыйзамдуу талаптар ишке кире баштады. "Эркиндиктин оорусу" менен ооруган доор "өлүп" бараткан сайын, кылмышкерлердин да даң салган заманы бүтүп баратканын Азият билбей калыптырбы? Билип турду. Ошондуктан, мурдагыдай уу-дуу менен өлкөнүн Президентинен бетер астында бир машина, артында бир машина кылып коштотуп жүргөнүн токтотуп үлүлчө тегерегин бекемдей баштаган. Улам барган сайын ишканаларына, соода түйүндөрүнө мамлекеттик салыкты мыйзамдагыдай төлөгүлө, "кыйшык кадам" таштабагыла" деген талапты койду. Өзү "көлөкөгө" өтүп, түз жоопкерчиликти башкаларга тапшыра баштады. Азияттын мындай "тынчышын" көптөрү "Кантсе да карылык башына келди. Анын үстүнө Фаризаттан айрылгандан кийин көтөрүлө албай калды" деп түшүнүштү. Чындыгында Фаризаттан айрылуу Азияттын жүрөгүнө сайылган ийне болду. Эң башкысы өзү гана билген сыр "Бриллиант жыландан" айрылып отурат. "Бриллиант жылан" жөнүндө билгендерден "Протез" өлдү. Жөн өлбөй кайдагы бир "Рыжый Болот" деген күчүккө дөөрүп кетти. Дагы кимдерге айтты. Дагы кимдер "Протездин" жомогуна ишенди. Мына Азиятка тынчтык бербеген ойлор. Анткен менен да "Рыжыйдын" Азиятка катылышы аны бир топ тирилтип койду. Азият Болоттун баскан изинен бери аңдытып койгон болчу. Болоттун "боевик" сөрөйлөрү жолдон эле кармалышты. Паяльникти күйгүзө электе эле тилдери буудай кууруп сайрап беришти. Ошентсе да бир жылга оңдуу отура албагыдай кылып, көчүк жүндөрүн куйкалаттырып койду. Өзгөчө кислотага килкилдеп ээритилип, банкаларга куюлган шериктешин көргөндө тил ооздон айрылышып, айрымдарынын "крышалары" кыйшая түштү. "Рыжый" экинчи "Азият" деген атты укканда, түшүнөн чоочуп ойгонсун" деп ошентти. Көптөн бери чыгара албай жүргөн ачуусун чыгарып алды. "Рыжый" менен тирешүү Азиятты бир чети алаксытып да койду. Кайда кеткени дайынсыз Фаризаттын азабын тарткыча, колунда турган "Рыжыйдын" артынан түшүү оң болчу. Кандай да болбосун "Рыжыйды" карматып келип, чычкандай эрмектегиси келген ыкшоосу күчөп баратты. ххх Шаанын Ли менен болгон жолугушуусу ойдогудай бүтпөгөн менен шаабайы суубады. Эң негизгиси "жиптин учугу" табылды. Эми чеберлеп түрсө, түбүнө да жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Линин кызын издеп Америкага барбаган себеби, "кыз китепти өзү менен алып жүргөн жок. Ал Ли өмүр бою мекендеген калың токой курчаган бөксө тоолуу айлында. Кыз эртедир-кечтир сөзсүз келет. Кызды так ушул жактан күтүш керек" деп чечти. Бул күтүү канчага созулаарын да билбеди. Бекер жүрмөк эмес. Астына экинчи максат кылып койгон Кытайдын, Тибеттин байыркы фольклорун, чыгыш күрөшүнүн учу кыйырсыз сырларын изилдөөнү уланта бермек. Тоодогу үңкүрдө жашаган дербиш жөнүндө угуп калды. Жергиликтүү эл ал дербиш лама жөнүндө сөз да кылбайт экен. Көрсө, лама өзү жөнүндө айылдыктардан ар кимдерге эле айта бербешин суранат экен. Чалдын айтканын аткарбай ээн ооздук кылгандардын түшүнө кирип, кадимкидей кыйнайт имиш. Ошондон коркуп калган жергиликтүүлөр сөз кыла бербейт. Шаа бул сырдын аныгын бүжүрөгөн оорулуу кемпирден укту. Түнт токойлуу бөксө тоонун этегине жайгашкан элүү түтүнчө эл жашаган айылга, ушул "оорулуу кемпирге жардамдашам" деп келип калды. Экөө базардан таанышышты. Кемпир ого эле биртоп жүк жүктөлгөн кол арабасын жакшы сүйрөй албай тырталаңдап баратыптыр. Боору ооруган Шаа кемпирге жардамдаша кетти эле, кемпир жыртайган көздөрү менен тиктеп: - Уулум жардамдашам дегениңе рахмат. Бирок, сага төлөгүдөй менде тыйын жок, - деди. - Энеке бекер эле жардамдашам. Кемпир Шааны дагы сынай карады да: - Башка элденсиң го? - деди. - Ооба энеке. Биздин элде карыларга жардамдашып коюуга үйрөтөт. - Демек, саныңар аз эл окшойсуңар? Анан да айылда өссөң керек. Шаа кемпирдин акылмандыгына делдейе түштү. - Кантип билдиңиз энеке?.. - Карыларга жардам берип коюну кайсыл элде болбосун үйрөтөт уулум. Бирок, ал саны көп кытайдай элде унут болуп, ишке ашпай калат. Тегерегиңди карачы? Мендей өлөсөлү карылар миң, миллион, кайсыл бирине жардамдашууга шайың жетет. Аз элдин карысы аз. Жаштары көп. Анткени, аз эл көп балалуу болот. Ошондуктан, карылар дээрлик темтеңдеп көчөгө чыкпайт. Анда-санда көрүнө калган карыга жаштар жардам бере коюууга куштар. Эми түшүндүңбү? - деп шыпшынып койду. Экөө жанаша басып, кол арабаны Шаа сүйрөп, кемпир болсо божурап сүйлөп баратты. Кемпир картайса да акыл-эси таза экен. Сүйлөгөндү да жакшы көрөт окшойт. Шаанын илимпоз экенин укканда: - Түбү жок кудукка кулапсың уулум, - деди. - Кандайча энеке?.. - Уулум кемпирдин башын ооруткуң келет ээ. Аны өзүң деле түшүнүп турбайсыңбы, - дегенде Шаа дагы бир жолу делдейди. Кытайда, өзгөчө Тибетте адамдын оюн оозунан сөз чыкпаса да окуй алган ламалар болот деп окуган. Бирок, ушул кезге чейин андайларды жолуктура элек болчу. Сүйлөөгө сөз таппай калды эле кемпир өзү улап кетти: - Адам кызыкчылыгы чексиз, уулум. Илимий иш жүргүзгөндүн жаманы жок. Кеп маңдай тер төгүп эмгектене билүүдө. Ал эми эмгектин үзүрү сөзсүз болот, - деп аягын тунгуюктап койду. Көрсө, кемпир айылына автобус жөнөөчү чакан автобекетке келатыптыр. Азыр көпчүлүгү кары-картаңдар эле калган кемпирдин жашаган айылы жөнүндө укканда кызыгуусу артып, ээрчип, ушул дүйнөнүн унутулуп бараткан бир бурчуна барууну чечип, жөнөп кете берди. Айылга келгенде да кемпирдин үйүндө туруп калды. Жөн турбай короо-жайын ирээтке келтирип, кичине жамгыр жааса эле тамчы куюлган тоокканасын, малканасын оңдоп кемпирди жыргатып салды. Кемпирдин өзүнө жеткидей чарбасы бар экен. Беш эчкиси, элүүдөн ашык тоогу бар. Эчкилеринин сүтүнөн түрлүү быштак жасап, май жасап сатып, тоокторунун жумурткаларын сатып жан сактайт экен. Анан ушул айылда тамекиси оозунан түшпөгөн, өзү дайыма кызуу жүргөн дагы бир чал боло турган. Ошол чал бир күнү Шааны чакырып калды да: - Уулум сен менин сообума калып арак алып берчи? Мен сага эч ким билбеген бир сырды айтып берейин, - деди. Шаа алгач чалга ишене бербеди. "Жөн эле башы ооруган чал мени алдагысы келип жатат го" - деп ичинен ойлой кетти. - Жок мен сени алдабайм. Ушул жашка келгиче мен эч кимди алдаган эмесмин, - деди чал. Шаа бул чакан айылдагылардын көбү адамдын оюн оозунан сөз чыга электе окуй алаарына көп деле таң калбай калган. - Болуптур, - деди да дүкөнгө жөнөдү. "Мен тетиги карагайдын түбүндө болом," - деди чал. Шаа келсе чал дөңгөчтө чыдамсыздана отурган экен. Чөнтөгүнөн пластмасса идишин сууруп чыкты да: - Куйчу алдыгындан, - деди. Шаа үнсүз бир литрлик шишедеги арактын оозун ачты да, тигиге куюп берди. Колундагы аракты тартып жиберди да көздөрүн жуумп далайга отурду. Анан шишенин калганын Шаадан алып оозун бурап бекитип туруп койнуна катты да, туруп баратып эстей коюп: - А-а жанагы сыр жөнүндө, мына бул жолду көрдүңбү? Так ушул жол менен жүрүп отурсаң тоого көтөрүлөсүң, чытырман токойдон өтөсүң, анан шаркыратмадан өтөсүң. Анан үңкүргө барып бир тиесиң. Так ушул тасмадай ичке бирок, күн сайын мал чубап өткөнсүп таманына чөп өспөй, кашкайган жол так ошол үңкүргө жеткенде түгөнөт. Ал үңкүрдө сакалы да, чачы да куудай, бирок, бетинин кызылы өчпөгөн, терисин бырыш басса да карылардыкындай, каны кетпеген дербиш лама жашайт. Ал мен жаш кезимде деле ошондой болчу. Азыр деле ошондой. А-а мен болсо минтип көргө жакындап баратам. Менин атам айткан, ал жаш кезинде деле ошондой болгон экен. Атам жүздөн ашып өлдү. Мен да жүздөн аштым. Атама атамдын атасы айтыптыр. Кыскасы, анын канча жашаганын эч ким билбейт. Ошол дербиш ламага жолуксаң сен адам билбегенди билесиң. Бул айылдагы карылардын баары дөөпүрөстөр. Сага болбогон нерселерди дөөрүп айтып берип жүрүшөт. Дагы деле ишенбей турасың. Мейлиң, ишениш-коюш өз эркиң. Бирок, мен убадамды аткардым, - деди да басып кетти. Шаа бул "жомокко" ишенерин да, ишенбесин да билбеди. Айылда өзү жакшы тааныш болуп калган эки-үчөөнө барып чечмелеп сурап көрсө, ийиндерин куушуруп "укпаптырбыз" деп коюшту. Эртең менен түшкө жеткичекти эле айылдагылардын жумурткаларын, сүт, майын чогултуп коюп, алып кетүүгө кечки машина келгиче эригип күтүп отурчу дүкөнчү болсо Шаага "Ой ал алкаш чал дөөрүй берет. Эч кандай лама жок. Мен да алгач укканда ишенип барып жүрбөйүмбү. Жол бийик шаркыратмага барганда бүтөт. Андан ары бийик зоолор. Эч нерсе жок. Тим эле башы ооруганда ар кимге айтып арак алдырып иче берет", дегенде такыр үмүтү үзүлүп, "Чал алдаптыр" деп ойлой баштаган. Үйгө келсе, Шааны кемпир үңүрөйө карап турду да: - Оңбогон алкаш дагы дөөрүгөн экен ээ, - деди. Шаа үндөгөн жок. Иштеген орунтугуна отуруп, акыркы жазгандарын ирээттей баштады. Бул айылга келгени бир айга чукулдап калган. Эми "кайра кетсемби?" деп ойлой баштады. Айылда өткөргөн убактысынын жыйынтыгы өкүнгүдөй деле эмес болчу. Бир топ легендаларды жазды. Өзгөчө бүжүрөгөн кара кемпир табылгыс байлык болуп чыкты. Шаа билбеген, унутулуп бараткан биртоп иероглифтерди үйрөттү. Башында кемпирди билимдүү деп ойлогон да эмес. Турмушка да чыккан эмес экен. Көрсө, бүт өмүрүн ушул айылда мугалимдикке арнаптыр. Кемпир болсо адатынча, трубкасына махоркадан шыкап алып үн сөзсүз рахаттана тартып отурган. Ойлуу отурган кемпир күтүүсүз сүйлөп кирди. Шаа жакты да караган жок. Эч кимге эмес өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай: - Кантсе да алкаш чал чындыкты айтыптыр. Ушул биз турган тоо суулардын ээси, кудайдын жердеги өкүлү, улукмандардын улукманы, ыйыктын, ыйыгы ламанын бар экени чындык. Кеп ага бардык эле каалагандар жолуга бере албасында. Тасма жол чын эле тоодогу үңкүргө алпарат. Бирок, бир сыр бар, шаркыратмага жеткенде коркпой шаркыратманын астына кирүү керек. Суунун илеби күчтүү. Карылуу, күчтүү, мыктылар, чыдамдуулар гана кире алат. Анын үстүнө тоодон түшкөн суунун муздактыгы сөөктү какшатат. Буркан-шаркан түшүп, үрөй учура ак көбүктөнгөн шаркыратманын астынан өткөндө анын асты көңдөй. Киши бою бийик өткөөл бар. Ар жагынан жарык көрүнүп турат. Аркы бетине чыкканда, тасма жол кайра башталат. Бирок, тик, жалама аскаларды аралап жөнөйт. Шамдагай, токтоо, ар бир кадамыңды так кое билген чебер болбосоң кайра артка тарткан оң. Жалама асканын бетинен өткөн жолдон учсаң сөөгүң сөпөт болот. Кургуйга кулайсың. Ал жаракага жору, кузгун да түшө албайт. Ошентип, сенин кайда кулаганыңды бир кудайдан башка эч ким билбейт. Канчалардын сөөгү ошол жаракада жатса керек. Мына ошол жалама асканын бетинен өткөндөн кийин көпүрөгө туш болосуң. Асма көпүрө чайкалып турат. Так эле жараканын үстүндө. Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр да ошондой болсо керек. Көпүрөдөн өткөндө ажайып дүйнө бар. Жашыл шибер чөп, жылуу булактар. Бет маңдайыңдагы чоң аска таштын түбүндө үңкүр. Үңкүргө киргениңде төрүндө улуктун-улугу, ыйыктын-ыйыгы лама отурат. Атын эч ким билбейт. Канча жашта экенин эч ким билбейт. Буддадай болуп отурат. Тизең өзүнөн өзү бүгүлүп, астына кулап түшөсүң. Тилиң байланып калат. Канча болгонуңду билбейсиң. Тилсиз сүйлөшөсүң. Ал сүйлөбөйт, бирок, сөзү мээңе кирет. Сен сүйлөбөйсүң, бирок, бүт ойлогонуңду ал билип турат. Анан бир кезде кайра кетип бараткан болосуң. Баягы татаал жолдордон жепжеңил өтөсүң. Шаркыратманын суусунан үшүгөндү билбей өтөсүң. Бирок, ага бир гана жолу барганга уруксаат. Ушундай түшүнүк берилет. Экинчи жолу кайра кайрылып келүүнү каалабасаң гана уруксаат. Бирок, кайрылып келүүнү каалабаган адамдар барып, кайда кеткенин эч ким билбейт. Жооп болбойт. Барып келгендердин көбүнүн көзү ачылып узак жашайт. Айрымдары бир жумага жетпей өлөт. Сен азыр ага бара албайсың. Анткени, эртең тескери жакка жолго чыгышың керек. Сен көптөн бери күтүп жүргөн адам келип, өтүп кеткен атасынын арбагына сыйынып жатат. Сен эки күндөн кийин жолго чык. Анткени, окутуучуңа катуу сыйынышың керек. Астыдагы жолугушууң өтө катуу. Окутуучуң экөөңдүн араңар алыстай түшүптүр. Сыйынышыңа мен жардам берем. Окутуучуң түшүңө кирет да эмне кылыш керектигин айтат. Ошондо жолго чыгууга даяр болосуң. Болбосо, мертинип каласың. Ийгилик сен тарапта эмес. Каршылашың тарапта экен. Мына ушунун баарын кемпир бир дем менен улам тамекисин соруп, ойлуу отуруп айтты. Шаа үн чыгарбай дымырап отуруп укту. Кемпир этегинде: - Эми менин өлөрүм калды. Сага сыр ачканым үчүн Теңир кечирсин. Ансыз да бүт өмүр бою жүрөгүм өрттөнсө да, ушунча сырды эч кимге чыгарбай ичке сактадым. Жалаң ушул сырды чыдабай айтып коөм го деп турмушка чыкпадым. Кечил өттүм. Бир да адамга пейлимди салбадым. Көр оозунда турганымда пейилим сага түштү. Бала деген эмне экенин билбесем да сен мага баламдай болуп калдың. Эч бир арам ою жок, эч акы доолабай, жөн гана ыймандуулук менен карыга жардам бергениң мени жибитти. Энеңдей мамиле кылганың мени жибитти. Азыр өмүрдүн бир рахаты, эне болуу рахатын көрбөй калганыма өкүнүп "кайра" жок аз күн болсо да сага эне болуп, аз болсо да энелик рахатты көрдүм деп кайра топук кыла өкүнбөй, денем балкып отурам, уулум. Мага сенчилеп "энекелеп" эч ким кайрылган эмес. Бу да мага Кудайдын берген белеги болсо керек. Менин жарык дүйнөдө жашашыма жети эле күндүк мөөнөт калды. Эгер астыдагы жолугушуудан аман калып кайрылып келсең, мени тирүү көрбөйсүң. Ал эми жолугушууң кандай болот көрө билүүгө менин күчүм жетпейт экен. Ал жактан күчтүү жарык чачып, эч нерсе көрсөтпөй жатат. Сенде өтө улуу сыр катылган, аны көрүүгө да болбойт экен, күчтүү жарык көздү куйкалайт, - деген сөздөрдү укканда Шаанын жүрөгү дүкүлдөп, денеси бир "дирт" деп кетти. - Чоочуба, мен сага жакшылык гана каалайм, - деди кемпир "шак" туюп. Шаа далай көзү ачык, төлгөчүлөрдү көргөн, мындайды жолуктурбаган. Өзгөчө бүжүрөгөн араң жан кемпирден муну күтпөгөн. Кароосуз калган алсыз оорулуу кемпирди эмнегедир энесиндей көрүп, ак пейилден жардам бергени чындык. Ал түгүл кетеринде "Бул жерде жалгыз кыйын болот го, энеке. Карылар үйүнө алпарайынбы десемби", - деп да ойлоп жүргөн. Көрсө, сырдын баары бул жакта жаткан тура. Кемпир "Күткөн кишиң келип, атасынын арбагына сыйынып жүрөт" деп ким жөнүндө кеп кылып жатканын Шаа илгиртпей туйду. Тоодогу дербиш лама жөнүндөгү легенда канчалык кызыктуу болгон күндө да Шаанын барар жагы, "күткөн кишиси" болчу. Кемпир муну туура айтты. "Чын эле Линин кызы келди бекен? Аны кемпир кантип билип алды?" деген суроо башына келди. - Күткөн кишиң келгени чындык. Андан кам жебе. А көрөкчө азыр жакшылап тамактаналы да, эрте жатып жакшы эс алалы, - деп тамак даярдаганы чыгып кетти. Шаанын санаасы-санга бөлүнүп, "Линин кызы келсе дагы канча жүрөөр экен. Балким кайра тез эле кетип калаар. Эртең мененки автобус менен эле кете берсемби?" деген ойлор мээсин жеп жатты. "Бул түнү тынч уктаарымды да кудай билет" деп ойлогон. Кечки тамакты ичкенден кийин эле уйкусу келе баштады. Төшөккө башы тиери менен кантип көзү илинип кеткенин да билбей калды. - Шаа, ойгон. Биз жасай турган иштер али көп, - деген кемпирдин үнүнөн ойгонду. Көзүн ачса күн нурлары терезеден төгүлүп туруптур. - О-уу, аябай уктаптырмын го - деди өзүнө өзү таң кала. Мээси сергип, денеси бир башкача жеңил тартып, аябай жакшы эс алыптыр. Кемпир ашкана тарапта эртең мененки тамакты даярдап жүргөн экен. Минтип тырп этпей уктай алчу эмес. Кейпи, кемпир кечки тамак менен бир нерсе берген шекилдүү. Канткен менен да шаша бербей кемпирдин айткандарын так аткаруу керектигин ички туюму менен сезди. Экөө тамактангандан кийин ээрчишип, кемпирдин анда-санда эле киришчү конок бөлмөсүнө өтүштү. Кемпир бөлмөнүн ичин таптаза кылып жыйнап, төрдөгү Будданын келбетинин астына жаңы жибек жоолук салып, терезелерди караңгылап туруп шам жагып коюптур. Өзү бөлмөсүнө барып, бир башкача жасалгаланып кийинип келди. Кындуу эки кылыч анан жазылыгы бир карышча келген кызыл тасма бел боо ала чыкты. Алгач Шаанын белине белбоону үч ороп байлады да, анан кылычтарды кынынын куру менен кайчылаштыра далысына байлады. Кылычтан саптарынын учу ийиндеринен укумча чыгып турду. Анан: - Кана кылычтарды сууруп көрчү, - деди. Шаа эки кылычты көз ирмемде сууруп чыкты. - Теңир өзү колдосун, кылыч суурушуң жаман эмес. Бир топ өнөр билээриңди туйдум эле, - деп күңкүлдөп койду. Кылычтар анча деле узун эмес экен, 65 сантиметрче бар. Бирок, таза болоттон жасалганы, албарстай курч экени билинип турат. Шаа кызыгып көпкө карап калды эле: - Кынына салып кой. Жайында тынч жаткырларды, - деди кемпир. Экөө чөк түшүп жанаша отурушту. Кемпир ичинен бир нерселерди тынымсыз сүйлөп сыйына баштады. Шаага болсо көздөрүн жуумп үн чыгарбай отуруусун буюрду. Арадан канча убакыт өттү ким билсин, Шаа бир кезде өзүн караңгы үңкүрдө учуп жүргөндөй сезе баштады. Үңкүрдүн сыртка чыкчу оозун таппай учуп жүрдү. "Уктап калып түш көрүп атамбы?" деп ойлоп коет. Бир кезде аба жетпей кыйнала баштады. Аңгыча кичинекей жарык шоола көрүндү. "Кейпи, үңкүрдүн оозу ошол жакта болсо керек" деп жанталашып шоола тарапты көздөй учту. Аңгыча өздөрү жарганат сыяктуу, бирок, чоңдугу ителгиче бар жандыктар кайдан жайдан учуп келип тепкилеп, жолун тосуп киришти. Колунан келишинче коргонуп жатты. Эсине аркасындагы кылычтары түшүп, экөөнү тең сууруп алды да, эми кылычтар менен коргонууга өттү. Тигил жырткычтар өтө шамдагай болушат экен. Чаптырбай буйтап жатышты. "Жок дегенде биринин канатын үзө чапсам башкасы коркуп качышат беле" деп канчалык билген ыкмаларына салып, шамдагайлык менен шилтесе да буйтап кетишет. Дарманы кетип, шайы оой баштады. Эми тигилерди өлтүрө чапканды кой, өзүн араң коргоого жарап жатты. - Балам чыда, мен сага жардамга баратам, - деген Кадыр атасынын үнү угулду. Жанагы жарык шоола чыккан жактан Кадыр атасы учуп келатыптыр. - Ата... Атаке менин дарманым калбай баратат, - деди демиге. Кадыр атасы учуп келди да, Шаанын колунан кылычтарды ала коюп тигил жырткычтардын биринен сала биринин башын үзө чаба баштады. - Карап тур, кылычты кантип шилтеш керек үйрөнүп кал, - деди болот кылычтарды чагылгандын огундай чарт-чурт дедире шилтеп жатып. Жырткычтар азая түштү. - Кана эми өзүң шилтеп көрчү, деп кылычтарды кайра Шаага берди. Бул жолу Шаа жаземдебей так шилтеп калыптыр. Күчү да толуп эс ала түшкөн экен. Жырткычтар бүт кырылды. - Кадыр ата сиз көптөн бери келбедиңиз го? Мен сиз тапшырган иш менен алпурушуп жүрөм. Акыры изине түштүм, - деди Шаа ыйламсырай. - Туура уулум. Сага жардамга келе албай жүрдүм. Себеби, күнөө өзүңдө. Атыңды өзгөртүп жибердиң. Акылдашып макулдук албай өзгөрттүң. Ошентип, мен сенден бөлүнө түштүм. Эми мындан ары дайым жаныңда болууга мүмкүнчүлүк ачылды. Сен эми өз жолуң менен тигил жакка кет, мен бул жакка барам, - деди да жанагы ак шоола түшкөн жакка учуп кетти. Шаа артына бурулса, үңкүрдүн оозу көрүнүп туруптур. Сыртка чыгып таза абадан дем алганда эси оой түштү. Шаа көзүн ачканда кемпир башында отуруптур. Өзү болсо бая эртең мененки бөлмөдө сулап жаткан экен. - Энеке мен кайдамын? - деди түшүнө бербей. - Баары жайында уулум. Азаматсың, баарына чыдадың. Сенин ички энергияңдын күчтүү экенине ишенгем. Эми башыңды көтөрүп бул сүттү шыпкай ич да, ордуңа барып жатып эс ал. Калган ишти эртең улантабыз, -деди да, чоң чыныга куюлган сүттү сунду. Курсагы аябай ачкан экен шак эле тартып жиберди. Кандайдыр бир чөптүн даамы бар сүт экен. Жатууга кам уруп атып саатын карап, түн ортосунан эчак оогонун билгенде таңдана түштү. Бирок, көп ойлонууга дарманы келбей уйкуга кетти. Эртеси окуу кечөөгүдөй башталды. Кайрадан экөө жанаша чөк түшүп отурушту да, кемпир күбүрөнүп сыйынып кирди. Шаа дагы уктап кеткенсиди. "Кайрадан баягы үңкүргө барат экенмин" деп жүрөгү дүкүлдөй баштады. Жок. Бул жолу үңкүргө барбады. Кадыр атасы "жарк" деп маңдайында пайда боло калды. Баягысындай эле экен. - Ата... Кадыр атасы колун көтөрүп, "сүйлөбө" дегендей белги берди. Баягы кичине кезинде машыктырып жүргөндө "сүйлөбө" деп ушинтип белги берчү. - Уулум. Теңирим жардам берип, сен ыйык энеге туш болупсуң. Сенден сураарым энеңдин айткандарын толук, так аткар. Ошондо жолуң оң болот. Астыда оор беттешүү күтүп турат. Өзүңдү токтоо кармап, коркпо. Алдастап шашканда чечим чыгарба. Баарын ойлонуп иште! - деди да кайра жок болуп кетти. Шаа ойгонсо, кемпир экөө эртең мененки калыптарында эле чөк түшүп отурушкан экен. Күн түштөн ооп калыптыр. Кемпир Шааны жылмая карады да: - Уулум кудай буюрса иш оңунда, мынчалык тез транска түшүрө алам деп ойлогон жок элем. Карысам да "бир койлук" алым бар экен. Бүгүн бүттү, эми эс ал. Эртең жолго чыгасың. Мен билген өнөрүмдү сенден аяган жокмун. Бүт үйрөндүң. Калганын эртең жолго чыгып жатканда сүйлөшөбүз. Мен эми сага жакшылап туруп кечки тамак жасайын, - деп бүкчүңдөй ордунан туруп кетти. Шаа чөк түшкөн калыбында кемпир чыгып кеткиче отурду да, анан ордунан туруп, кылычтарды сууруп алып бир нече кыймылдарды жасады. Өзүнө буга чейин тааныш эмес кыймылдарды кыйналбай жасап жатты. Кечөө кадимки Кадыр атасы кылыч шилтеген ыкмалар. Бир нече бийлерди бийлеп кыймылын текшерди. Кантсе да күн ара убакыт таап, денесинин ийилчектигин үзбөй машыктырып жүргөндүктөн кыйналган деле жок. Машыгууларын бүткөндөн кийин токой аралап бир топко басып жүрдү. Тоолордон, токойдон өзүнө энергия сиңирди. Кечки тамакты кемпир экөө ашыкча сөз деле сүйлөшпөй ичишти. - Туура ойлойсуң. Мен сени тынч уктап, денең жакшы эс алсын деп айрым бир чөптөрдүн маңызынан тамакка кошуп коюп жатам, мындан эч кандай зыян жок. Тескерисинче пайда. Эртең жолго чыгаарыңда бир чөптүн маңызын ичирем, ал сага толук бир айга чейин ченемсиз күчтү, шамдагайлыкты, күйүкпөөнү тартуулайт, - деди кемпир, Шаа сурабаса деле. Демейдегидей эле төшөккө башы тиери менен тырп этпей уктады. Эртең менен эрте ойгонду. Турса, кемпир эчак эртең мененки тамакка даярданып жүргөн экен. - Уулум кандай эс алдың? - деди Шааны жылмая карап. - Ойдогудай энеке. - Жарым сааттан кийин тамак даяр болот. Азыр болсо өзөнгө жүгүрүп бар да, муздак сууга жуунуп кел, - деди. Экөө тамактанып бүткөндөн кийин; - Отур уулум, эми жолго чыгаардагы сөздү сүйлөшөлү - деди да, өзү чөгөлөй, Шаанын бет маңдайына отурду. Бир топко чейин ичинен күбүрөп сыйынып жатты. Шаа алгач "дагы уктап кетем го" - деген. Жок, уктабады. Анан сөздү кемпир баштады. - Уулум, сенин каршылашыңдын астында бир күчтүү артыкчылыгың бар экен. Бул эркектигиң. Каршылашың аял киши экен. Кантсе да эркек деген эркек. Кармашса күчү да, акылынын тунуктугу да, туура чечим кабыл алышы да аялзатына караганда күчтүүлүк кылат. Бир оор кемчилигиң бар экен. Бул да эркектигиң. Эркек аялга бат азгырылат. Аял эркекке караганда амалкөй келет. Миң түрлөп кубула алат. Байкуш болуудан, бүжүрөп калуудан, тим эле бул дүйнөдө сенден башка эркек көрбөгөнсүп, элжиреп эзилип сүйө кароодон намыстанбайт. Өз максатына жетиш үчүн аялдар өтө кара мүртөз келип, болгон айла-амалды бүт колдонот. Аялдар эркектерге караганда күнүмдүк жашоого чыдамдуу жана жөндөмдүү келгендиктен, дүйнөдө эркекке караганда сан жагынан көптүк кылышат. Мына ушул айтылгандардан туура жыйынтык чыгар. Каршылашыңдын жүрөгүндө капкара уюган коргошун турат. Ал сенин каның төгүлсө гана ээрийт. Ушуну эсиңден чыгарба. Чечимди өзүң чыгарасың. Жүрөгүңдү ук. Бирок, акылдан шашпа. Анан ордунан турду да өз бөлмөсүнөн куржун көтөрүп чыкты. Ичинен эки кылычты алып чыгып Шаанын астына койду. Үстүнө баягы кызыл тасма бел боону бүктөлгөн калыбында койду. - Бул кылычтар ыйык кылычтар. Көзүңдүн карегиндей сакта. Жаныңа медер болот. Бул бел боону да көз карегиңдей сакта. Бөтөн көзгө көрсөтпө. Ыйык бел боо. Душманыңа жолугаарда күрмөңдүн ичинен ороп ал. Кармаш башталганда күрмөңдү чечип ыргытып жибер. Бул душманыңдын көзүн уялтат. Эми эң негизгисин берейин - деди да, койнунан ичке өрүлгөн кызыл, ак, сары, кара түстөгү алтын акак жибек жипке тагылган бармактай, тегерек тыйынга окшош, кызгылт алтындан жасалган медалөнду алып чыкты да: - Кел мойнуңду тос. Бул талисман жаныңды коргойт. Мойнуңдан түшүрбө. Каршылашың оңой эмес. Мага келген белгилерге караганда, биртоп сырларды билет. Ал көзүңө беш, тогуз, он үч кыз болуп көрүнүп, баары жабылып качырышы мүмкүн. Ошондо ушул медалөнду кийимиңдин сыртына чыгарсаң нур чыгып, кайсынысы чыныгы душманың болсо ошонун жүрөк тушуна түшүп турат. Калгандарына күч коротпо. Ошол нур түшкөнү менен гана кармаш. Калгандары сөлөкөт, көлөкөлөр гана. Алар сага зыян кыла албайт. Эң негизгиси каршылашың өзүнө түшкөн нурду көрбөйт. Ушундан куулук кылып, мүмкүнчүлүгүңдү пайдалансаң болот. Кемпир "дагы эмнени айтпай калдым" дегенсип көздөрүн жума ойлуу отуруп калды да: - Кейпи, барын айтып бүттүм окшойт, - деди. - Энеке мен издеген буюм бирөө эле эмес, экөө. Экинчиси жөнүндө бир нерсе айта аласызбы? Жок дегенде кайда экендиги тууралуу. - Уулум, сен издеген буюмдар ушунчалык улуу касиетке ээ экен. Алар жөнүндө сөз болгондо эле жарык нур чыгып, эч нерсе көрүнбөй калат экен. Мен мындайга өмүрүмдө биринчи туш болушум. Эгер ушундай күчтүү касиети болбогондо, далай көзү ачыктар эчак эле тагдырын чечип, бириктирип коймок го. Билгеним ушул, - деди. Анан ордунан туруп Шаанын маңдайынан өптү. Шаа кемпирдин көзүнөн жаш тегерене түшкөнүн байкады. Автобуска отуруп жатканда кемпир экөө коштошушту. Шаа кемпирдин сөөгү эле калган, бырышкан терилер баскан колунан өптү да: - Кош энеке, балким иш бүтсө кайрылам, - деди үнүн пас чыгарып. - Кош уулум, - деди да кемпир башка сөз сүйлөбөдү. Ошол бүкчүйгөн калыбында, автобус бурулуштан көрүнбөй калгыча бир ордунда карап турду. ххх Шаа түз Хун Линин айлына жөнөгөн. Айылдагы Линин анча-мынча чарбачылыгын карамжылап жүргөн уйгур чал Хун Линин кызы келип, эки күн жүрүп кеткенин, "кайра" дагы бир жолу келип кетем" деп айтканынан башка эч нерсе дебеди. Шаа кайра шаарга барып иликтөөнү туура көрдү. Шаардагы мейманканага келип орун алып жатып, аркасынан бирөөнүн теше тиктеп турганын сезди. Акырын, жердеги жүгүн көтөрүмүш болуп караса, европалыктарча чыкыя кийинген узун бойлуу (Бою Шааныкынча бар) чымыр денелүү, көздөрү бакыракай кыз тикчийе карап туруптур. Жүрөгү "издегениң так ушул" деп шыбырады. Жатуучу бөлмөсүнүн ачкычын чөнтөгүнө салып жатып, "Бул мени аңдып жүрөбү?" деген ойго кетти. "Кандай кылсам, балким, ал кыз эместир. Жөн гана мени бирөөнө окшоштурган же жактырып калган кыздардан болсочу?" деген ойлор да келди. Ошентсе да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болбойт эле. Ийиндегичи бар жол сумкасын колуна көтөрүп түз эле кызды көздөй бет алды. Кыз мындайды күтпөсө керек. Кичине буйдала түштү да Шааны такыр байкамаксан болуп тетири карап туруп калды. Качып жөнөөгө болмок эмес. Шаа басып келди да: - Саламатсызбы, Америкадан качан келдиңиз? - деди. Кыз көздөрүн бакырайта, таптакыр таң калган адамча Шааны тиктеп турду да; - Сиз мени кимдир бирөөгө окшоштуруп жатасыз го? - деди. Шаа кыздын анткорсуп калганын даана туйгандыктан, өзүнө-өзү бекемирээк ишенип калган. - Мен сизди жакшы тааныйм. Сиздин сүрөттөрүңүздү көргөм. Ал түгүл агаларыңыздан видеофильмдериңизди да көргөм, - деди кебелбей. Чынында ойдон чыгарып видеофильм тууралуу ашыгыраак айтып койду. Сүрөттөрүн көргөнү чын. - Анан да сиздин мойнуңуздагы меңдей, сулуу меңдер бардык эле кыздарда боло бербейт, - деп кошумчалады. Меңди да азыр көрүп айтып жатканы, кыздын кулагынын астында кара меңи бар экен. Кыздын өңүнө кичине кызыл жүгүрө түштү. Кейпи "танган менен пайда жок" -деди окшойт. - Болуптур, мен Фай Лимин. Эмне демекчисиз?, - деди кайра Шааны сынай тиктеп. - Сиз экөөбүз сүйлөшө турган сөздөр көп. Аны сиз да билесиз. Ошондуктан мени аңдып, вокзалдан бери мейманканага чейин узатып келдиңиз, - деди Шаа кебелбей. Чындыгында эле ошондой болгон. Кыз айылдагы уйгур чалга "ким мени издеп келсе токтоосуз мага билдиресиң," - деп телефон калтырган. Бүгүн чал телефон кагып, Шааны кийминен бери сүрөттөп, кайсыл автобуска түшкөнүнөн бери айтып берген. Кыз жооп айта албай буйдала түштү. - Жүрүңүз, тигиндей барып кичине отуруп сүйлөшөлү, - деди да Шаа арыта турган мейманкананын фойесиндеги диван креслолор жакка басты. Кыз да үнсүз, Шааны жандай жөнөдү. Экөө бет маңдай отурушкандан кийин бири-бирин сынай, тиктеше түшүштү. Экөө тең сөздү эмнеден баштоону билбей турушту. Экөөнүн тең жүрөктөрү бир башкача лакылдап чыкты. Кекиртектерине бирдеме тыгылгансып араң дем ала, денелери ысый баштады. Муну ар кимиси өзүнчө түшүнүп, ичтеринен "Бул менин көзүмдү байлап, гипноздук таасир берип жатат" деп ойлоп жатышты. Экөө тең бирдей деңгээлде кыйналып жатышканын түшүнбөй, кыжырлануу сезимдери пайда боло баштады. Өзүн-өзү араң кармаган Шаа; - Билесиңби, Фай Ли экөөбүздүкүндөй жай жолугушуу балким акыркы миң жылдыкта биринчи жолу болуп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, колдон келишинче акылга салып сүйлөшөлү, - деди. Кыз демигип, кыйнала баштаганын канчалык билгизбейин деген менен да дем алышы оорлоп бараткан. - Экөөбүз бул жерден сүйлөшө албайт окшойбуз. Сен эки күндөн кийин, биздин айылдын үстүндөгү эски, кулаган монастырга кел. Ошол жерден жай сүйлөшөлү, - деди кыз. "Азыр кетип калбасам бул мени өзүнө баш ийдирип, таптакыр эс-учуман айрып коюшу мүмкүн" деп ойлой баштаган. Жооп күтпөстөн эле ордунан шарт турду да, эшикке бет алды. "Жыгылып түшпөйүн" деп чымыркана кадам шилтеп баратты. Эшикке чыкканда, суудан чыккан балыкча таза абадан кере-кере жутту. Айлана бозоруп, тумандай түшкөн көзү ачылып, үстүнөн баскан оор жүк түшкөндөй жеңилдей түштү. "Жөн эле сүйлөшүп отургандагы гипноздук таасири ушунча болду, кармашсак кандай болот?" деп кыздын жүрөгү болкулдап баратты. Ордунда отурган калыбында кала берген Шаа да, кыз кеткенден кийин кичине убакыт өткөрүп араң эс алды. "Бул кыз укмуш го. Кейпи, мага "гипноздук таасир бере албай койдум" деп кетип калды окшойт. Дагы он-он беш мүнөт отурганда менде сүйлөөгө дарман калбайт эле" - деп ойлоду. Экөөнө тең бирдей күчтүү таасир берген касиет, сырдуу күч, чындыгында кайдан келгенин экөө тең билишпеди. "Улуу сырдын" кылымдан кылым аттап, биригип ачылбай келатканынын түйүнү балким ушундадыр. Биле да алышмак эмес. Анткени, экөөнүн тең жүрөгүндө бири-биринен шек сактоо, карама-каршылык, тирешүү турган. Так ушул урук балким китеп экиге бөлүнгөндө ташталып, адамдагы адамдык "улуу дүйнөнү" экиге ажыраткандыр. Экиге ажыраганда да так ушундай жан чыдагыс кыйналуу болгондур. Эми бул бир адамзаттын өмүрүндөгү кылымдан-кылым артып келаткан табышмак го. Кызга жолукса эле "Бас бул жакка" деп астына салып айдап алып, каалаганына жетчүдөй болгон Шаа "Токто, сөздү бүгүн эле бүтүрөбүз. Эч жакка кетпейсиң. Сени табам деп бекер жер кезип жүрүмтүрмүнбү. Ушул бойдон куйругуңду түйсөң, дагы кайдан тапмак элем" дегенге жарабады. Үн чыгарууга алы келбей ордунда кала берди. Ушунун баарын ой учугунан сыдырып өткөн сайын астындагы жолугушуудан заарканып турду. Эки ойдо жанчылды. Ал түгүл, "жолугушууга барбай, качып жөнөсөм кантет?" деген азгырыкка да алдырып, кайра өзүн токтотот, "Улуу сырдын" бир учугу менде турганда өлтүрүшпөйт. Бирок, колго түшүрүп алып, адам чыдагыс кыйноого салуулары толук мүмкүн. "Эгер колго түшүп кала турган болсом, коө бербесеңер өзүмдү өзүм өлтүрөм деймби?.." Түрлүү ой учугуна жетеленет. Күн сайын отуруп алып Теңирге сыйына баштады. "Эртең жолго чыгам" деген күнү Кадыр атасы түшүнө кирди. Тим эле өңүндөгүдөй маңдайына келип чөгөлөй отурду да "Уулум, эртең сен үчүн оор күн. Ошондо да чыда. Жеңүүгө аракет кыл. Өзүңдү карма.Акылыңдан шашпа, ар бир кадамыңа аяр бол. Айыл үстүндөгү бузулган монастырга барбай, жолугушууга башка жерди белгилесең болмок. Эми кеч болуп калды. Кыз сени ошол гана жерден күтөт. Дагы бир эскертейин, кыз монастырдын урандыларын аралай качып сени ортосуна азгырат. Колдон келишинче четкерээк жагында болууга аракеттен. Кыз сени ал жакка чакырганынын себеби, өткөн ата-бабаларынын арбактары бүт ошол жерде. Алардын колдоосуна таянмакчы. Мен колумдан келишинче жаныңда болуп көмөктөшөм" - деди да жок болуп кетти. Шаа ойгонуп кетип Кадыр атасы менен "өңүмдө сүйлөштүмбү же түшүмдө сүйлөштүмбү?" деп айрып биле албай дендароо болуп жатты. Анан кытай кемпир эсине түштү. "Аз күн чогуу жашасак да тууган энемдей болуп калды. Мынчалык эч ким жүрөгүмө жакын болгон жок эле. Эртең кыз менен жумушум бүтсө кайра бир барып, кабарын алышым керек" деп койду. ххх Күн нурлары тоо баштарынан жаңы чачыраганда Шаа кыз айткан эски монастырга келди. Ийиндегичи менен асынган жол сумкасынан баягы кытай кемпир берген буюмдарды алып чыгып беттешүүгө даярдана баштады. Күрмөсүн чечип салды да, бел боону үч каттап белине ороду. Артына кылычтарды тагынды. Баары даяр болду дегенден кийин түрлүү кыймылдарды жасап, керилип чоюлду да кызды күтө баштады. Шаа "кыз али келелек болсо керек" деп ойлогон. Чындыгында кыз түндө так ушул монастырдын урандыларынын арасында түнөгөн. Таң сөгүлө ойгонуп, ал да беттешүүгө даярданып, бир башкача кийинген. Үстүндө таза кытай жибегинен тигилген мала сары шым, көйнөк кийип, артына эки кылыч байланып, анын үстүнөн жука жибектен тигилген мала кызыл халат кийген. Халаты "элп" эткен желге да "желп" этип жайылып, толкуп үлбүрөйт. Монастырдын так ортосунда жерге орнотулган кара мрамор ташка чегилип жасалган Будданын келбети бар болчу. Кыз ошонун астында күн көтөрүлгүчө чөгөлөп отурду. Чачын эки мүйүздөй кылып түйүп туруп, ар бир жагына кынга кийгизилген, болоттон жасалган ичке, жебеге окшогон, узундугу карышча бычактарды үчтөн сайып койгон. Билегиндеги чыканака чейинки билек каптарда да түрлүү ыргытуучу куралдар лезвиядай курч жылдызчалар, ийнелер тагылган. Мунун баары тээ байыртадан кытай элиндеги чыгыш-мушташында колдонулуучу куралдар. Бутунда жеңил териден чыкыйта тигилген операнын балериналарыныкына окшоп кеткен өтүк. Кыз күн аркан бою көтөрүлгүчө чөгөлөгөн калыбында отурду. Анан бир кезде кимдир бирөө ордунан алаканга салып көтөргөнсүп каалгый көтөрүлүп турду да учуп бараткансып, ортодогу чакан аятчаны каалгый тегеренип чыкты да, кайрадан ортосуна келип каккан казыктай түптүз болуп буттарынын учунда туруп калды. Чимирилип-чимирилип кетип "шпагат" отура кайра Буддага жүгүндү. Урандыларды аралап алаксый түшкөн Шаа күтүүсүз бирөө түртүп ийгенсип ордунан чимирик ата үч кадамча артка секиргенде, эки бычак көз ирмемче мурда турган ордуна шуу-шуу сайылды. Кылак деген кыздын жеңил кызыл халаты урандылардын арасынан бир көрүнүп жок болду. Кыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп убакыт коротпой түз эрегишке чыкканын түшүнгөн Шаа илбирстей сак болуп калды. Кадыр атасынын "монастырдын ортосуна барба, чет жагындагы аянтчаларда беттеш" дегени эске түшүп, чимириле секирип четтеги түз, кенен аянтчага өттү. Эми ураган монастырлар бет маңдайында, арты ачык. Коргонууга жеңил болуп калды. Кызгылт халаты желбиреп, үзүктөй жайылган кыз урандылардын кырынан көз ирмем пайда боло калды да кулакты жара ачуу чаңырып учуп келип, Шаанын астында беш кадамча жер менен жер боло, бүрүшүп отуруп калды. Экөө бир мезгилде кылычтарын сууруп алышты да, бири-бирине шилтеп калышты. Көзгө илээшпей шилтенген кылычтардын миздери бири-бирине тийгенде чартылдаган учкундар туш тарапка чачырап жатты. Кыздын жибек халаты жөн халат эмес экенин Шаа бат эле билди. Кыз болсо улам халатын Шаага орой ыргытып айланат. Шаа халатты кылычтары менен "барча-барча үзүп, чаап салайын" десе, халат кылыч тийгенде булуттай гана кылычтын мизинде айланып, кесилбей чыгып кетет. Кыз улам артка секирип, Шааны монастырдын ортосу жакка алып баратты. Шаа буга чейин мындай сулуу кызды көрбөгөндүр, бетинин жамалындагы нур албыра жанып, көздөрү жайнайт. Жука, жибектен чыпыйта тигилген кийим, бар мүчөсүн келиштирип, көкүрөгү кош алмадай тикчийип, үрптөрү жибекти тирейт. Өзүнүн да өңүндө душманы менен урушуп жаткандай жек көрүү, кыжырдануу жок. Сүйгөнү менен тамашалашып, эркелеп ойноп жаткансып, ууртунда күлкү төгүлүп, элжирей карайт. Чабуул койгондо гана ачуу чаңыра, кичине кабагы түйүлө түшөт. Шаа өзүнүн чын урушуп жатканына деле көп ишенбей, негизинен коргонуп жатты. Оюнда "сүйлөшүп сөзгө келсек" деген менен тынымсыз чабуул койгон кыз сөз айтууга мүмкүндүк бербеди. Барган сайын Шаа кыздын өлтүрүүгө эмес, колу-бутун үзө чабууга аракет кылып жатканын туя баштады. Алгачкы кызуу беттешүүлөр өтүп, экөө тең терге чөмүлө демиге башташты. Эми ар бир кыймылдарын эсептеп, бекер күч коротпошко өтүштү. Кыздын шамдагайлыгы, чыгыш күрөшүн укмуштай чебер билгени Шааны сак болууга түрттү. Бир нече жолу аз жерден кыздын кылычына илинип кала жаздады. Москвада окуп жүргөнүндө, чыгыш күрөшүнүн чеберинен машыгып жүргөндө, беш жыл бою жалаң кылыч, бычак, таяк, шалк этмелер менен чабышуу ыктарын өздөштүргөн эле. Кылыч чабышууну Кадыр атасы да үйрөткөн. Бирок, жыгачтан жасалган кылычтарга кейип, "чыныгы болот темирдин сүрү башкача болот. Жыгач кылыч менен үйрөнгөнүң иш эмес" деп калчу. Эмнеси болсо да Кадыр атасынын, Москвадагы чыныгы самурай машыктыруучусунун эмгектери текке кетпептир, барган сайын чарчап, алы кетиштин ордуна айрым унуткарган ыкмалар эске түшүп, кылычы чагылгандай чыртылдай аба тилет. Кейпи, болот ысып чыкты окшойт, алакандын ысыганы күчөп баратты. Шаага кылычынын учтары ал түгүл чоктой кызаргансып көрүнө баштады. Баягы кемпир уктатканда жарганаттардан коргонуп Кадыр атасы шилтегендей ыкма, менен жыланча ышкыра шилтеп өткөндө, кыздын колундагы эки кылыч тең ортолорунан чырпыктай чырт-чырт кесилип түштү. Халатын орой ыргыткан кыз качып, урандылардын үстүнө чыга качты. Шаа халатты кылычы менен тиле-тиле чаап бошонгуча кыз кутулду. Эгер халат болбогондо, кыз азыр мойнуна кылыч такалып, чөгөлөп отурмак эле. Шаа кыздын артынан секирди. Кармаштын кызуусу менен улам монастырдын ортосундагы аянтчага жакындап баратканын элес албады. Кадыр атасынын "Уулум" деген добушу алыстан угулгансыды. "И-и колдоп жанымда жүргөн экен" деп койду. Шаа кылычтарды шарт кынына сала, кызды издеп, аяр алдыга басты. Кыз кайра да ачуу чаңыра секирип чыгып, эми жылдызчаларды шуулдатып биринин артынан бирин ыргытып кирди. Шаа ордунан чимириле белиндеги белбоосун чечип алды да, жылдызчалардан белбоо менен коргоно баштады. Кыз ыргыткан жылдызчалар менен ийнелер белбоого шыгырап сайылды. Бири да тилип өтө алган жок. Силкип түшүрүп алды да, белбоосун кайра белине шарт ороп байлады. Колдорун эки жакка каркыранын канатындай жайган кыз кайра чабулга өттү. Көзгө илээшпей чимирилген кыз таштан чегилген Будданын астына барып туруп калды. Эмнегедир кулактары дүңгүрөй түшкөнсүдү. "Гипноздук аракетин баштады окшойт", - деп ойлоду Шаа. Мойнундагы тумар медалөнун кийиминин сыртына чыгарды эле, кичине кулагынын дүңгүрөгөнү басаңдай түштү. Кыз көз көрүнөө көбөйө баштады. Анын артынан кызга куюп койгондой окшош төрт кыз чыкты. Эми Шааны беш кыз айланып, тегерене басышты. Өмүр менен өлүмдүн айкашкан чегине жеткенин жүрөгү туйган Шаа жаалдана баштады. Буттарын бириктире калып, жерге опера бийчилериндей буттарынын учу менен гана таканчыктай, денесин созо ийреңдей колдорун көтөргөндө, "кобра" жыланга окшой түштү. Жыландын ышкырыгындай добуш карышкан тиштеринен сыбызгый чыгып, өзү ордунда куюндай чимирилип барып, сыбызгыган тири укмуш үн чыгара, шак секире аянтчанын ортосунан четине чыгып кетти. Кыздар кайра биригип бирөө болуп калды. Шаа монастырдын ортосундагы аянтка Кадыр атасы "барба" деген жерге түшкөнүн билди. "Кайра артка качып четке чыксамбы?" деген ой турса да, жигиттин намысы жар бербеди. "Кантип кыздан качам?" деп тартынды. Анын үстүнө кыздын үстүнөн болгон бир жеңиш эрдемсинтип да койду. Кыз да жигитке көздөрүн жайната карап, каркырача керилип колдорун жая, бутунун учтары менен айлана басты. Көпкө созуп отурбай кыздын бел омурткасын мертинте муштап колго түшүрүүнү көздөгөн Шаа качырып сала берди. Шилтеген соккуларынын бири да кызга тийбеди. Экөө абада каалгый түшүп да, жерде томолонуп кетип да, колдор менен да, буттар менен да бирин-бири мерчемдүү жерге урууга аракеттенип жатышты. Ачуу чаңыра чимириле секирген кыз кайрадан Будданын астына туруп калды. Кайта көбөйүп кетти. Эми беш кыз беш жактан чабуул койду. Шаа алгач баарынан коргонуп жатты, анан кытай кемпирдин айтканы эсине түшө калды. Кайсыл кыздын көкүрөгүндө медалендун нуру бар экенин издей баштады. Улам арт жагына өткөн кыздын көкүрөгүндө гана чын эле медалөнго окшогон кызгылт сары нур жаркылдап жүрдү. Кыз кызгылт сары түстө кийинип алгандыктан муну араң-араң байкады. Айлана чимирилген кыздардан анын артка өтүүсүнө атайлап эле шарт түзүп, астындагыларга алаксымыш болуп куулана баштаган менен бир секунд да аны байкоосунан чыгарган жок. Кыздар дагы ачуу чаңыра чабуулга өтүштү. Шаа "шак" далысы менен жерге жата калды да артынан секирип келаткан кызды бутунун томугуна тээп калууга үлгүрдү. Кыз бутуна оңдуу тура албай, үч-төрт аласалып кетти. Соккунун даана тийгенине толук ишенбесе да, Шаа кызды биртоп жабыркатканына көзү жетти. Тегеректегендер жок болуп кетип, бир бутуна оңдуу тура албай, аягын сүйрөгөн кыз көздөрүн жашылданта туруп калды. Шаа "эми жакшы сүйлөшөбүз го", - деп ойлоду. Кыз будданын келбетине сүйөнө айлана качты. Эмнегедир Шаанын кулактары кайрадан дүңгүрөй баштады. Жер айлангөчөк атып башы жарылып барат. Кандай болуп кетти. Эки кулагын алакандары менен баса калды. Көздөрү тумандай түштү. Будданын келбетинин артынан чокчо ак сакалы бар, чачы аппак чал чыгып келди да, узун кылыч менен качырып сала берди. Шаа эки кылычын араң сууруп алууга үлгүрдү. Шуу-шуу шилтенген кылычтан араң коргонуп жатып "Ата... Кадыр ата... атаке" деп чырылдап жиберди. Чагылган чартылдагандай добуш чыгып нур түштү да, Кадыр атасы пайда болду. Жыландын ышкырыгындай добуш чыгара, тигил чал экөө кармаша башташты. Дендароо болуп өзүнө келе албаган Шаа "Кыз кача электе кармайын" деп ойлой, Будданын келбетинин артына айланды. Кыз жок экен. Арытадагы урандыларды аралай чуркады, кыз эч жерде жок. Монастырга келчү жол тарапка жүгүрдү. Монастырдын урандысынын арасынан чыккандан кийин кулагынын дүңгүрөгөнү басыла түшүп, жерге шалак отура кетти. Кыз эч жерден көрүнбөдү. Көпкө отура албады. Кайра артка бурулуп, эмелеки ортоңку аянт жакка жүгүрдү. Айлана мемиреген тынчтык. Жанагы ак чач кытай чал да, Кадыр атасы да көрүнбөйт. "Өңүмбү, түшүмбү, менин акыл эсим ордундабы?" - деп башын мыжый жерге отура калды. Акыл-эси ордунда эле өңдөнөт. Кайра бүт урандыларды аралай чуркап кызды издеди. Жер жутуп кеткенсип дайынсыз. Күн батып күүгүм киргиче, монастырдын урандыларынын кычык жерин калтырбай тинтип чыкты. Кыз булут болуп абага сиңип кеткенсип эч жерде жок. Акыры, үмүтү үзүлгөндө айылга жүгүрдү. Кызды айылдан да эч ким көрбөптүр. Ошентип, кыз жиги билинбей жоголду. Чындыгында кыз ураган монастырда кала берген. Будданын келбетинин артында оозу таш капкак менен жылдырылып жабылган, жер алдына түшкөн жол бар болчу. Кыз тизесинин томугу чыгып кеткенде эле, эптеп ошол жерге жетүүнү көздөдү. Шаанын көзүн жазгырып, көрүнбөй кире качуу керек болчу. Болбосо, бир буту менен Шаага туруштук бере алмак эмес. Шаа экинчи бутунун томугун да чыгара тепмек да, жөрмөлөтүп коймок. Андан соң каалашынча кыйнай бермек. Кыз өзү да күтпөгөндөй окуя болду. Мезгилинде "чыгыш күрөшүнүн атактуу чебери болгон" деп сүрөтүн көрүп жүрчү чоң атасы пайда болду. Кулактары дүңгүрөп, жер айлан-көчөк атып, эси ооп баратканда "Кызым жашын" деген сөз кулагына угулду. Эптеп жер астына түшчү жолго жетти да, өзү кирген соң ташты жылдырып оозун жапты. Анан өзүн жоготуп, эси ооп калыптыр. Түшүндө өз атасы, чоң атасы, энеси болуп "Ай кызым, ай кызым" дешип бутун дарылап жатышкан экен. Канча жатканы белгисиз ойгонсо, бутунун ооруганы басаңдап калыптыр. Чоң атасынын "кызым, томугуңду момундай кармап туруп бармагың менен сүйөй, экинчи колуң менен катуу урсаң ордуна келет", - дегени эсине түштү да, так чоң атасы айткандай жасады. Тим эле денесин ток ургандай катуу ооруду да, кайра жаны жай ала түштү. Чыккан томугу ордуна келгенин билди. Бул жай өзүнчө эле жер астындагы бир бөлмө үй болчу. Түндө кыз ушул жерге түнөгөн. Китеп да ушул бөлмөнүн таш дубалына катылган. Жыгач үкөктө түрлүү, жанды жай алдырчу дарылар, мумиөлор бар болчу. Сылтый баскан кыз керектүү дарылардан ичти да, сереге барып чарчаган денесин жая талыкшый үргүлөдү. Бул жайды азыр кыз гана билет. Башка жан билбейт. Сыртынан оозун ачуу мүмкүн эмес. Таш эшиктин сырын билген кишилер гана ача алат. Болбосо, он киши биригип да, түртүп же оодарып ачуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бейкам уйкуга кетти. ххх Көз алдындагы кызды күтүүсүз жоготуп жибергенге, акыркы күндөрдө түшүнө арбактар көп кирип, ал түгүл эски монастырдан көзүнө кадимкидей көрүнгөнгө Шаа мурдакыдай болбой, бул китепте кандайдыр бир сырлуу күчтөрдүн да байланышы бар экенине, андай тышкы сырдуу күчтөрдү жеңүүнүн жолдорун да үйрөнүшү керек экенине ишенип калды. Чындыгында Шаа кудайга ичинен ишенген сезими болгону менен динчил эмес болчу. "Арбак, адам акылы жетпеген сырдуу күчтөр" дегенге көп деле ишене берчү эмес. Монастырдагы жолугушуу таптакыр шаабайын суутту. Эгер кыздын көз алдында бир нечеге көбөйүп кеткен, кайра такыр жок боло алган касиеттери бар болсо, кармап калууга такыр мүмкүн эмес го. Мейманканада уйкусу качып көз ирмей албай жаткан түндөрдө мына ушуларды ойлоп башы катты. "Эмне үчүн Хун Лиге жолукканда мындай сыйкырдуу таасирлерге жолуккан жокмун?" деген суроо да жоопсуз турду. Хун Ли ден-соолугу начарлап ооруй баштаганда кызын чакырып, китептеги болгон касиеттерди, сырларды бүт түшүндүрүп айтып тапшырганда, сыйкырдуу касиеттер кызга өтүп кеткен. Муну Шаа түшүнө албайт болчу. Кызды таба албасына көзү жетти. Эми кандай кылат? Акыл сураар киши таппады. Ошондо баягы кытай кемпир эсине түштү. "Кой, ошол энеге барып акыл сурайын. Кыздын кайда, кантип жоголгонун балким билсе ошол кемпир билет" деп чечти. ххх Кыз бир жума монастырдагы бөлмөдөн чыккан жок. Күн сайын көнүгүүлөрдү жасап өзүнүн ден-соолугун тазалап, калыбына келтирүү менен алектенди. Бир жумада барып буту кадимкидей калыбына келди. "Шааны кайра издеп чыксамбы?" деп нечен тап койгон менен батынбады. Анын үстүнө түшүнө чоң атасы кирип "Али сен аны менен беттешүүгө даяр эмес экенсиң. Дагы даярдан. Учуруңду күт" деп айтып жатыптыр. Шаанын эң сейрек кездешчү чыгыш күрөшүнүн сырларын билгенине таңданды. Анын кытай эмес экенин, башка улуттун өкүлү экенин билип турду. Атасы китептин изи "кыргыз" деген элге барып жоголгонун айткан. Америкада жүргөндө кыргыздар жөнүндө изилдеп чыккан эле. Аларда чыгыш күрөшүнүн спорттук түрү менен машыккандар акыркы жалдарда болгону менен, атадан балага мураска өтүүчү, сейрек кездешүүчү сырлары такыр жогун окуган. Шааны көргөндө эле билди, мыкты спорттук даярдыгы бар экенин. Чымыр денеси, карапайым адамдарча таманын жерге толук таштап балпактап баспай, бутунун учу менен жеңил кадам шилтеши. Аярлыгы. Бирөө аркасынан карап турганынан бери биле алган сезимталдыгы көп нерсени туюнткан. Анын үстүнө атасынын үйүнүн да жөн өрттөнбөгөнүн билген. Атасы оорулуу болгон күндө да, анча-мынчаларга оңой менен моюн суна калбай турган чеберлерден болчу. Мына ушунун баары сак болууга түрткөн менен мынчалык каршылыкка учурайм деген эмес. Дагы жакшы, аялдык сезимталдыгы менен эмнегедир астыдагы кармаштан жүрөксүп, жер астына кирчү жолду өзү баткыдай кылып астына ала кичине ачып коюптур. Түрлүү амалдарды ойлоп жатты. Балким жолугуп, "Жеңилдим, баатыр экенсиң. Сени сүйүп калдым, баш кошолу да китепти бириктирели" деп жароокерленип ишенимине кирип, анан китеп колго тийгенде жайлап таштаса кантет. Мынчалык тыкан даярдыгы бар Шаа ошондой жөнөкөй алдоого эле түшө калабы? Жок. Китеп колуна тиери менен гипноздук таасир менен болсо да башын айлантып, жарым эс кылып таштасачы. "Эмнеси болсо да кайра кездешкенге чейин миң түркүн амал ойлоп, даярданышым керек" деп чечти. Кыз кийинки жумада окуусун улантыш үчүн Америкага учуп кетти. Шаа менен кайрылып качан жолугаары белгисиз бойдон калды. ххх Шаа айылга келсе, кемпир өлүп калыптыр. Үйүн анча-мынча жандыгы, мүлкү менен кошуп, баягы аракты жакшы көргөн чалга калтырыптыр. Ал аракечтин өз үйү кароосуздан урап, киши жашоого мүмкүн болбой калган экен. Кемпирдин өлгөнүнө Шаа эң жакын адамынан айрылгандай кейиди. Мүрзөсүнө барып "Кош энеке, энемдей болуп калдың эле" деп көзүнөн жаш мончоктоп ыйлады. Коюлган жерин көрсөткөнү аракеч чал кошо келген. Кайра кетүүгө камынышканда: - Энең сенин кайрылып келээриңди билген эле. Менден бир ооз суранган. "Мынабул жол сырлуу үңкүргө алып бараарын айтып кой деп" деди да ордунан туруп башка сөз айтпай, бөкчөңдөй басып кете берди. Энесине кайгырып ою чачкын болуп жатып, баягы укмуштуу үңкүр, андагы касиеттүүлөрдүн касиеттүүсү, улуктун улугу болгон лама жөнүндөгү легенда эсинен чыгып кеткен экен. Азыр кайра эсине түштү. "Кантсем, барып көрсөмбү?" деген кызыгуусу жеңип кетти да, кармашка даярдангансып жол сумкасынан баягы кемпир берген белбоону үч имере белине байлап аркасына кылычтарын асынып, күрмөсү менен жол сумкасын энесинин мүрзөсүнүн жанына калтырып, жолдун таманына отурду да, Кудайга, арбактарга сыйынды. Кулагына дүңгүрөгөн калың кол келаткансыган добуштар угулуп барып токтоду. Энесинин "Ак жол уулум. Теңирим өзү колдосун. Тартынбай ыйыктардын ыйыгына барып көр. Калганын тагдырыңдан көрөөрсүң" деген үнү кулагына угулгансыды. "Эмнеси болсо да көрөйүн" деп тасма жолго кадам таштады. ххх "Рыжый Болоттун" иши Азият менен тирешип калгандан бери кыйшаңдай баштады. Кичине эле жаза баскан жигиттери биринин артынан бири колго түшүп, органдын шимшүүрлөрү артынан сая кууп алды. Бир нече жолу эмгеги өтүп чет өлкөдөгү банктардан акча "жуушка" жардамдашкандарга телефон чалып, жолугууга аракеттенгенинен майнап чыкпай, баары сүйлөшүп алышкасып сыртын салып калыптыр. Туура, заман өзгөрө баштады. Муну "Рыжый" деле көрүп турат. Көзү анчалык сокурлардан эмес. Баягыдай отко-сууга салсаң да кайра тартпаган жаш жигиттерди "азаматсың" деп далыга таптап түртүп коюп, рэкеттик менен чөнтөк толтурчу мезгил өттү. Өзгөчө тоодой жөлөк болуп туруучу Америкадагы "Самурай" кармалып, кесилип кеткенден бери ого бетер кадыры түшүп калды. - Ак жакачандардын короосуна таш ыргытпаш керек эле. Алардын аймагынан алыс жүрүш керек эле. Эх, эми кеч болуп калды, - деп үнүн чыгара сөгүнүп-сөгүнүп алды да, адатынча ордунан ыргып туруп, бөлмөнүн ичинде ары-бери баса баштады. Кечөө негизги күчү болгон чоң базарды кармап "взнос" алып турган жигиттери бүт группасы менен кармалып, камалды. Эки-үч жерге телефон чалып ишти жеңилдетип башчыларын куткарып алып, майда-чүйдө "шестеркаларды" калтырганга аракеттенди эле болбоду. Кармалгандардын арасында көп кандуу иштерге чалынгандары да бар. Менттер ар бирин өзүнчө "эзип иштеп чыкканда" эле ачыла баштайт. Жиптин учугу болсо чубалып отуруп "Рыжыйга" такалат. "Рыжыйды" ала коюш кыйын. Ошондо да сак болгону оң. Тигине, кол жеткис болду, - деп Америкада жүргөн "Самурайга" деле "татынакай ишти" тагып туруп кармап коюшпадыбы. Азыр ар бир баскан изине сак болбосо, негизи чет өлкөгө куйрукту түйүп жылт койбосо болбой калды окшойт. Ары-бери бөлмө ичинде басып жатып "Рыжый" ушуларды ойлоду. Азиятты кантсе. Чет өлкөгө кете берүүгө мүмкүнчүлүктү эчак түзүп койгон. Бир кезде "баланданы" нечен чогуу ичишкен досу Италияда чиренип турган кези. Четтеги үч банкта жетишээрлик акчасы жатат. Жөн эле качып кетеби. "Рыжый" бирөөгө өчүгүп калса, "таза сүйлөшмөйүн" өмүрү качып көргөн эмес. Кайра креслосуна келип отурду да "Сөзсүз сүйлөшүүм керек!" деп алакандарын чаап туруп, ушалап-ушалап койду. ххх Азият кызуу уйкуда жатса да кимдир бирөөнүн тикирейип тиктеп турганын туйду. Али толук ойгоно элек жатып "кандай аракет жасасам" деп ойлоно баштады. Дайыма жаздыгынын астына коюп жүргөн пистолетине кантип жетсе экен. Уйкусурамыш болуп оодарылып көрөбү. Эч нерсенин жигин билгизбегенге аракеттенип, бир калыпта дем алуусун улантып, уктап жатып оодарылгансып оодарыла кетти да, жаздык астына кол сунду. - Издебей эле кой, ал жакта эч нерсе жок. Сага окшогон жылан жөн жай жатпасын кантип эле билбей калайын, - деген киркирегирээк, кекерлүү үн чыкты. Эчак ойгоо жаткан адамча башын көтөрүп жаздыктарды кабаттай аркасына жөлөй койду да: - Келипсиң мейман. Эмне кеп-сөзүң бар, сүйлөй бер. Кулак сенде, - деди да дивандын этегиндеги жумшак креслодо чалкалай отурган капкара кийимчен, чакан бойлуу адамды жакшылап кароого аракеттенди. Бөлмө ичи күңүрт жарык болуп, стол лампасынын жарыгы Азият тарапка багытталып тургандыктан тигинин жүзү жакшы көрүнгөн жок. - Келдик. Сүйлөшөлү деген жай сөзгө көнбөй тескери кыймыл жасайсың. Анан күтүүсүз мейман болуп келишке туура келди. - И-им. "Рыжый Болотмун" де. Эх, "Рыжый... Рыжый..." Акыры ушундай ишке да бармак экенсиң да. Кол созуп дивандын баш жагындагы жанына коюлган тумбанын үстүндө жаткан сигаретти ширенкеси менен алды да тутантып, эки-үч жолу кере-кере соруп үйлөдү. - Баралбайт, - деп ойлодуң беле? - Ким билет. Балким сени баалай билген эместирмин. Мен туруп кийинейин. Экөөбүз тигил коңшу бөлмөгө чыгып эркектерче шашпай сүйлөшпөйлүбү? - Азият мени жаш бала ойлоп турасыңбы? Эркектерче эби келсе көрдө деле сүйлөшө берсе болот. Анан калса экөөбүздүн сүйлөшөөр сөзүбүз деле жок. Аны өзүң деле жакшы билесиң. - И-им, түшүндүм "Рыжый". А сен ушул жерден тирүү чыгаарыңа ишенесиңби? - Азият мен сени башкача баалачу элем. Көрсө, катардагы эле бир байкуш окшойсуң. Эгер мен тирүү кирип, сенин маңдайыңда отурсам демек, кайра тирүү да чыга алам да. - Аның туура. Бирок, сен мени менен учурашып койгонго эле келген жоксуң да. Туурабы? - Туура. - Демек, сенин сурооңду канааттандырыш үчүн мен ордумдан туруп коңшу бөлмөгө өтүшүм керек. Анан аны ачышым керек. Ал жерде сейф деген бар, аны да ачууга туура келет. Бөлмө ачылганда да, сейф ачылганда да "сигнализация" деген иштейт. Төмөндөгү кайтаруучулар эле эмес, коңшу үйдө эс алып жаткан кайтаруучулар да ойгонот. Жашыруун телекамералар иштеп, экөөбүздү көрүшөт. Анан кантип кутулам дейсиң? - Да-а... оңой жылан эмессиң. "Рыжый" чындап ойлонуп калды. - Кинолордогудай менин кежигеме пистолет такап "жетелеп алып чыгып кетем" деп ойлобой эле кой. Снайперлер артыңда да астыңда да болот. - Демек, "Бриллиант жыланды" алууга такыр жол жок дечи. Анда кур кетпей, жок дегенде бир душмандын, болгондо да эң чоң душмандын көзүн тазалап кетишке туура келет. "Рыжый" башына глушитель тагылган пистолетти көтөргөндө Азияттын денеси дүр дей түштү. Өмүрүндө биринчи жолу ажал менен бетме-бет турушу. Пистолеттин үңкүрөйгөн оозун тиктей албай, муундары калчылдап, ал түгүл сүйлөөгө сөз да таппай калды. Ажал мурда да нечен тооруган, бирок, мынчалык бетме-бет келген эмес. - "Бриллиант жылан...", "Бриллиант жылан" мага чейин да нечендердин башын жуткан экен, эми мени да жута турган болуп калды көрүнөт. Эмне дейбиз, тагдырга көнөбүз да, - оор үшкүрүп алды, - эң кызыгы азыр "Бриллиант жылан" менин колумда эместигинде. Буга ишенсең койсоң өзүң бил. Баары бир менин күнүм бүтүп, ичээр суум чегине жетип турат. Сен менден ал оңбогон жыланды алганда да өлтүрмөксүң, албай кетсең да өлтүрөсүң. Башка жолуң жок. Болгону өлөөр астымда чындыкты айтайын деп жатам. Мен сенден жан соога сурап бүжүрөп бутуңду да кучактабайм. Ичээримди ичтим, жээримди жедим. Бул жашоодо арманы жок чардадым. Ошол "Бриллиант жыланга" жолукканга чейин пенде катары күнүмдүк жашоонун гана рахатын көрүп жүрөөр элем. Жылан колума тийген күндөн баштап баарынан айрылдым. Ага сен түшүнө албайсың. Эч ким түшүнө албайт. Бир түшүнсө "Бриллиант жыланды" кармап көрүп, өзүн "ээсимин" дегендер гана түшүнүшү мүмкүн,-"Рыжый" үнсүз угуп отурганы менен тикчийген көгүш көздөрү Азиятты теше текшерип, үнүнүн басымынан, сөзүнөн, көздөрүнүн кыймылынан бери таразалап, чын сүйлөп жатабы же баш айландырган жомок айтуудабы, так туйгусу келип жатты. "Рыжый" "Бриллиант жылан" тууралуу укканы менен көрбөгөндөн кийин аябай деле кызыкдар эмес болчу. Болгону, жашоосуна тынчтык бербей дүрбөлөңгө салып, чет өлкөгө качууга аргасыз кылганы үчүн бүгүн Азият менен акыркы эсебин эсептешүүгө өзү келген. Буга жетиш оңойго турбады. Ар бир баскан изинен бери Азият аңдытып койгонун шекшип калган. "Тумоолоп ооруп калыптыр. Үйдөн чыкпай жатат" - деп ишенимдүү жигитине эшигин кайтартып коюп, өзү абышканын кейпин кийип жашыруун эшик менен чыгып кетти. Бул жакка болсо эл катары автобус менен келди. Дубалынын эле бийиктиги төрт метрге чукул короосунун айланасынан бөтөлкө чогултуп жүргөн бүкүрөйгөн чалга Азияттын кайтаруучу жигиттери көңүл да бурушпады. Болбосо, үй өзүнчө буйтка көчөдө жайгашкандыктан бей-чеки каттаган машина болобу, киши болобу кайтаруучулардын көзүнө сөзсүз илинчү. Дубалды айланта казылган арыктын ичине толгон күзгү, сары жалбырактарды таягы менен оодарып, бөтөлкө издеген чал короо ичине суу кирүүчү жерге келгенде кичинеге аярлай калып, жерден бирдеме алымыш болуп эңкейип, өткөөлдү жакшылап карады. Өткөөлдүн ички бетине темир тор коюлган экен. "И-им кирчү жол табылды" деп койду да бөкчөңдөй басып кете берди. Болбосо, дубалдын үстүнөн өтүү кыйынга турмак. Дубалдын кыры менен тартылган тикен зымга ток жүргүзүлүп, белги берүүчү коюлган болчу. "Рыжый" түн ортосу оой баягы күндүзгү көргөн өткөөлүнө келди да темир кескич менен опоңой торду кесип, ичкериге кирди. Кенен трубадан "Рыжыйдын" чакан бою "шып" этип өтүп кетти. Үйдүн артындагы жертөлөгө кирген эшикти көргөндө кубанып кетти. Кулпу ачуу "Рыжый" үчүн бала күнүнөн эле татаал маселелерге кирчү эмес. Кандай гана кулпу болбосун колу тийгенде ачылчу. Жертөлөнүн сөзсүз үйдүн ичинен да чыкчу жолу бар экенин астына ала болжогон. Ойлогонундай эле үй ичинен чыкчуу эшик бар түгүл, ачык да экен. Кейпи, жертөлөнүн сырткы темир эшиги кош кабат кулпу менен кулпуланып тургандыктан, анчалык сактанышпаса да керек. Анын үстүнө туура жер төлөнүн эшигинен чыга бериштеги диванда үйдүн ичинен кайтарган жигит коңурук тартып уктап жатыптыр. Арыта телевизор иштеген бойдон өчүрүлбөй турат. Бутунун учу менен баскан "Рыжый" жигитке нечен ирээт бычагын таптап барып кайра тийбей, үстүңкү кабатка дабышсыз чыгып кетти. Ошентип, азыр Азияттын маңдайында отурганы. Азият болсо "Бриллиант жылан" жөнүндө берилип айтып жатты. Угуп отуруп "Рыжый" Азияттын чындыкты айтып жатканына ишенди. Фаризат жөнүндөгү айткандарына да ишенди. Анын үстүнө өзүнүн да Фаризат тууралуу чала-моңол уккан жайы бар болчу. Көпкө жомок угуп отурууга убактысы тар эле. Сыртта жылдыз суюла баштаган. "Тук" деген туюк үн чыкты да, Азияттын так чекесинде бармак басым кызыл так пайда боло түштү. Азият: "Ошентип, Фаризат өзү эле кетпей менден эң кымбат, укмуштуу буюмду да алып кеткен" деп булдуруктап сүйлөп барып башы сол капталына "шылк" дей түштү. "Рыжый" ордунан "шып" туруп, Азиятты аяр узатасынан жаткызып, уктап жаткандай кылып, шейшеп менен жаап койду да, эч дабышсыз чыгып кетти. Эшикти кайтарган жигит уктаган калыбында кала берди. ххх Ошентип, Азиядагы да эң сырдуу чыныгы таржымалы, ким экени эч кимге белгисиз, түшүнүксүз, "кылмышкер" дейин десең өмүрү тергөөчүнүн астына отуруп, буту түрмө аттабаган, кайсыл кызматта иштээри да эч кимге белгисиз бир учурдагы СССР деген империя бар кезде КГБнын ири тапшырмаларын аткарган тыңчы болгону гана айрымдарга белгилүү болгон адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Көрсө, "Бүгүн көрсө эртең жок" деген, "Өлбөчүдөй болуп" деген кыргыздын сөздөрүнүн калети жок тура. "Рыжый", "Азиятты ким өлтүрдү?" деген иликтөө жүрө электе чет өлкөгө "жылт" коюну астына ала пландап, бардык даярдыкты түзүп койгон. Эң ишенимдүү деген, чет тилдеринин бир канчасында сүйлөй алган эки жигити менен бир күндө дайынсыз болду. Кайда кеткен дарегин эч ким билбеди. Бир жума өтпөй, турган үйү жардырылып, өз ордуна "иш жүргүзөсүң" деп таштап кеткен жигиттери биринин артынан бири атылды. Булар Азияттын өчүн куугандар болчу. Чамынып-чамынып "Рыжыйдын" дайынын табышпагандан кийин акыры тынчышкансыды. Бирок, Азият өлгөн менен артында калган "сыр" өлмөк эмес. Азияттын "Бриллиант жыланды" катып жүргөнү саналуу адамдар билген сыр сыяктуу эле ири өлчөмдөгү Ооган апийими катылган "казынаны" да Азият билчү. "Казынанын" кожоюну Азиятча бир чөлкөмдүн эмес, дүйнөлүк оюндарда ойноп жүргөндөрдөн болгондуктан, Азият анын "казына кайтаргычы" катары гана кызмат өтөөчү. Ошол эле маалда ири өлчөмдөгү байлыкты кайтарып, ишенимдүү адам катары дайыма ченемсиз колдоо көрүп жүрдү. Так ушуну "Рыжый" билген эмес. "Бриллиант жыландын" таржымалына кызыгып кеткен Азият да "Мени өлтүргөнүң менен сен жер бетинде тирүү жашай албайсың. Ит көрбөгөн азапты көрөсүң. Сени көккө чыксаң бутуңдан тартып түшүрүп, жерге кирсең чачыңдан сүйрөп чыгуучулар бар. Себеби, "казына" кайсыл жерге катылганын жалгыз мен билем. Дагы бирөө бар эле ал күтүүсүз оорудан өлүп калды. Кожоюн дагы бир ишенимдүү адам табууга үлгүрө элек. Кожоюн бул "казынасына" тийбей "на черный день" деп сактап жүрөт окшойт" дегенди айтууга үлгүрбөдү. Анын үстүнө "Рыжый Болот" да көп сүйлөгүсү келбей, күтүүсүз курокту басып жиберди. Ошентип, ошондо өз өмүрүнө да мүшкүл түшүрүүчү күндүн курогун басканын кийин-кийин гана билип жүрбөйбү. Болбосо, өз ишине өзү курсант болуп "Мына Азият... Азият" дешип титирей беришчү эле... көрдүк го..." деп катардагы кылмышкерлик мүнөзү менен түкүрүнүп басып кеткен. Үйү жардырылып, ордуна калтырып иш жүргүзүүчү жигиттери бүт атылганын четте жүрүп укканда эле үрпөйдү. Таптакыр башка улуттун өкүлү катары башка аттагы, документтер менен жүрсө да, жүрөгү кооптонуп жаманчылыкты сезип турду. ххх Шаа таман жолдун башталышында чөгөлөй, Кытай энесинин арбагына ичтен сыйына башын төмөн салып олтурганда кулагына "Коркпо, мен жаныңда болом. Барып көр, барбай калсаң өмүр бою арманда өтөсүң. Мен берген тумарды, бел боону, куралдарды бүт шаркыратмага жеткенде калтыр. Болбосо, алар күйүп калып, өз күчтөрүн жоготуп коюшат" деген үн кулагына даана угулду. Кийинки учурда арбактар менен байланышка көп чыгып жүрүп көнүп калгандыктан, кытай энесинин үнү кулагына угулуп, туйганына таң калган деле жок. Тескерисинче кытай энеси менен жолугушкандан кийин жүрөгүндөгү олку-солку ой жоголуп, жолго чыгууга ишеними артты. Жол кытай энеси айткандай эле токойлуу тоону аралап отуруп шаркыратмага жетип токтоду. Мына сага, шаркыратма доошу алдагайда күркүрөп угулган, асман тиреген аскадан аккан сүттөй болуп, апаппак көбүктөнүп түшкөн албуут тоо суусунун шаркыратмасы экен. Жакын келгенде кадимкидей суунун илеби уруп, көбүктөнгөн бул суу кандай күч менен түшүп жатканынан кабар берип турду. Шаркыратманы тиктеп туруп Шаанын ишеними өчө түштү. "Бул суу мени четине жеткенде эле жалпыйта урат го" деп ойлоду. Арытан узундугу кулачтай бактын бутагын алып, шаркыратмага ыргытты эле кайда кеткенин да билбей калды. Куюлуп түшкөн жериндеги боркулдап кайнаган суудай уюлгуп айланган тереңдиги канча экени да белгисиз куймадан таяк чыккан жок. Кантсе экен, ушунча келип, коркуп кайра артка кетеби? Эгер шаркыратманын күчү ыргыта уруп тигил куймага түшсө сүзүп чыга алабы? Жээктеги ташка көчүк коө, демин жыйып олтуруп ушуларды ойлоду. "Балким, шаркыратмага кирүүчү кандайдыр бир жол бардыр?" деген ой башына "кылт" дей түштү. Ордунан туруп жээкти аярлап карай баштады. Туура жанагы тасма жол келип жээкте бүткөн жерде окшош үстү жагы жалпак тоголок таштар бири-биринен бир кадамга алыстыкта жол сымал уланып жатканы, жакшы байкаган адамга көрүнөт экен. Демек, бул таштардын сыры болсо керек. Кытай кемпир "калтыр" деген бүт буюмдарды жээктеги карагайдын бутагына илди да өзү сууга кирди. Улам бир тоголок таштын үстүнө секирип, суу белчесине чейин чыкканда, таштар уюлгуган көк ирим куйманын ортосу жакка бурулду. Суу канча көбүктөнгөн менен улам бир таш даана көрүнүп суу белчеден жогору чыккан жок. Көк иримдин ортосуна жеткенде, таш жол түз шаркыратманын куймасы жакка бурулду. Эми илеби жүрөк үшүн алган шаркыратмага түз кирип баратты. Суунун муздактыгы сөөктөрүн какшатып чыкты. Ойлонууга убакыт да жок эле. Суу жиреп тездеп жөнөдү. Астынан тоголок таштар гана көрүнөт. Таштан бутуң тайыса же жаза бассаң белгисиз тереңдикке кетчүдөйсүң. Улам шаркыратмага жакындаган сайын чындыгында шаркыратма экиге бөлүнүп агаары, ортосунда жарым метрче айрылыш бар экени ,ал жер көгүлжүм тартып, башка жагынан айырмаланып тураары байкала баштады. Туура шардын үстүнө келгенде да таштар кадимкидей көрүнүп турду. Шардан эки эле секирип өтүп кетти. Суу артта калып астында тээ арытан ак шоола төгүлгөн оозу бар үңкүр турду. Үңкүр барган сайын ичкерип отуруп оозуна жакындаганда жөрмөлөп калды. Суунун кулак жарган добушу күңүрт угулуп, алыста калгандай. Акыры оозуна жетип, сыртка чыкканда, көргөн көзүнө ишене бербей делдейе отуруп калды. Астында, түбү капкара болуп көрүнбөгөн эки бети тең жалама зоокадан турган жаракага туш болду. Жарака тараптан муздак шамалга кошулуп кандайдыр бир бүкшүгөн жаман жыт да уруп турду. Айлана өлүү тынчтык. Как эткен карга, кук эткен кузгун көрүнбөйт. Ал түгүл "дың" деп учкан чымын да жок. Үнкүрдүн оозунан уланган жол типтик асканын бети менен кетип, бурулуштан ар жагы көрүнгөн жок. Зооканын бетинен капталың менен гана баспасаң батчудай эмессиң. Жолдун ар жерлери кетилип, ичкерип калган. Шаанын эсине Кытай энесинин айткандары түштү. "Коркпой турган болсоң гана жолуңду ула. Корксоң, жакшысы артыңа кайра тартканың оң" деген. Анан жолго чыгаарындагы айтканы да эсине түштү. "Тобокел" деди. Аска зоонун боору менен жолун улады. Жанагы үшүгөнү унут болуп тескерисинче муздак жел урганына карабай тердеп чыкты. Ар бир кадамын аярлап басып баратты. Таманы жумшак резина ботос кийген эле. Таштан тайгаланбай, бул да чоң жардам болду, ошондо да эки жолу жаза басып алып кылтылдай түшкөндөн кийин ар бир кадамын аярлап калды. Бурулуштан өткөндөн кийин жол кеңейе түштү. Эми түз жөнөдү. Дагы бир бурулуштан өткөндө, астында жараканын аркы бетине өткөн асма көпүрө турду. Баары кемпир айткандай экен. Өз көзү менен көргөндө жүрөгү үшүй түштү. Көпүрө жоондугу билектей болгон аркандарга керилип жасалыптыр да, таманына арчанын жоон-жоон бутактары жарым метрдей кесилип байланыптыр. Аркандардын ар жерлери сүзүлүп, түгү чыгып, чириген экен. Арчанын бутактары деле чирисе керек. Арканды сынап көрүш үчүн башындагы асканы тешип орнотулган жоон устунга байланган жипти учунан тартып көрдү эле оңой эле үзүлүп, үбөлөнүп түшүп калды. Бул көпүрөдөн кулоону элестеткиң да келбейт. Төмөндү караган да жок. "Кантсем?" деди өзүнө- өзү. Дагы көкүрөк баса кичинеге эс алып отурду. "Ушунча келип кайра артка кетемби?" деген ой менен "жиптер эчак чириптир. Көпүрө эчак эч нерсеге жарабай калган экен. Мындан өтөм деш, түз өлүмгө бет алуу" деген эки ой көкүрөктө тирешип турушту.Асма көпүрөнү карап отуруп, кытай энесинин айткандары эсине түштү. "Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр деле ошондой болсо керек" деген. "Балким, мунун бир сыры бардыр" деп ойлой, ордунан туруп биринчи жипке байланган арча таякка бутун койду эле кычырап сынчудай ийилип барып сынбай, токтоп калды. Экинчиси да ошентти. Үчүнчү-төртүнчүлөрү кычыраганы менен ийилген да жок. Көпүрө чайпалып турду. Улам бир таякка бутун аярлай коюп алаксый, астыга аттай берип, ортосуна кантип жетип калганын да билбей калды. Артын кылчайып караганга дарманы жетпеди. Көзүң жаманчылыкты көрбөсүн, көпүрөнүн чайпалганы күчөп, асма жиптердин түгү чыгып, сүзүлгөн жерлеринин өрүмү жанып, ичкерип бараткандай туюлду. Көпүрөнүн башы али узак, артка кетүү да кеч болуп калды. Астын карай албады. Астынан муздак жел менен жүрөктү айлантып, башты ооруткан бүкшүгөн жыт уруп турду. Колдору эки керме арканга жабышып, астыга жыла берди. Көпүрөнүн чайпалганы жайлап калат да, кайра күчөйт. Кадыр атасын да, кытай энесин да жардамга чакырып, ичинен жалынып жатты. Бул жолу эч кимиси келбеди. Көзүнө жиптер жанып, ичкерип отуруп мына-мына үзүлчүдөй болуп көрүндү. "Кейпи, ажалым ушул жерден окшойт. Күнүм бүткөн экен. Сөөгүм ушул жаракада калмак тура" деген ой бекемделе баштады. "Акыры башта бир өлүм. Тирүү калсам тирүү калдым. Өлсөм өлдүм да" дегенден эмнегедир жанатан берки денесин титиреткен коркунуч жок болуп кетти. Коркпой "куласам кайда түшөм" деп жараканын түбүн көрүүгө аракеттенди. Түбү көрүнбөйт. Түшсө, кайра чыкчудай эмес. Эки бети тең жалама зоока экен. Өткөн өмүрү көзүнө тартыла баштады. Бала кезинен беркиси тим эле кино тасмадай көз алдынан чуурат. "Адам өлүм менен бетме-бет беттешкенде, өткөн өмүрүн эстейт" деген оюна түштү. Өзүнө өзү түрлүү суроолорду бере баштады. Деги мен эмне үчүн жашап келатам? Кыска жооп таба албай турду. Узун жоопко убактысы да жок эле. Кызык, эмне үчүн качандыр бир кылымдарда экиге бөлүнгөн китепти "кайра бириктирели" деп дүйнө кезип, тентип жүрүп ушинтип, кайсыл жер экени да белгисиз жаракага учуп өлүшүм керек? Кызык, эң башкысы эмнеге Шаага чейинки өткөн нечен муундар көрбөгөн азап-тозокторду көрсө да "китепти бириктиребиз" деген тилекти жыйыштырып койбой өжөрлөнүп, жашоодогу башка кызыкчылыкты бүт жыйыштырып таштап, өмүрлөрүн арнашууда? Бул жерде акыл-эстен айрыган кандайдыр бир магиялык күч таасир берип жаткан жокпу? Учугу башталган сырды ачыш кызыкчылыгы эмнеге адамдарды арбап өзүнө сиңирип кетет? Буга чейин оюна келбеген. Оюна келсе да жооп издөөнү каалабаган суроолор биринин артынан бири келип, асма көпүрөнүн мына үзүлөт-үзүлөт деген жибин да саамга унутуп койду. Акыркы таякты басып, зооканын четине жеткенде "чын жеттимби же түшүмбү?" деп дендароо боло түштү. Артына кылчайса, көпүрө кадимкисиндей эле туруптур. Бир да таягы сынбаптыр. Ал түгүл жана өрүмү жанып үзүлчүдөй болуп бараткан жиптеринин деле өрүмү жанбаптыр. Ал түгүл эч ким өтпөгөнсүп жанагы чайпалуусу да токтоп калган. "Жүздөгөн жылдар мурда да ушундай экенсиң. Эми деле калыбыңдан өзгөргөн жоксуң" деп өзүнчө сүйлөнүп койду. Көпүрөдөн өткөндө кайра башталган тасмадай жол менен аска таштарды аралай имерилиштен өткөндөн кийин, чокусу асман тиреген эки зооканын кычыгына туш келди. Үстүнөн түшүп кетчүдөй болуп салаңдаган таштары бар кычыктан өткөндө, буга чейин эч бир жерден көрбөгөн, ал түгүл китептен окубаган, кинодон көрбөгөн, ажайып дүйнөгө туш болду. Чакан капчыгайдын ортосунда анчалык чоң эмес мөлтүр кашка суу шылдырап жай агууда. Беттери тике эмес, жайык капчыгайдын ичи толо түрлүү жемиш бактар. Бирөө айдап койгонсуган гүлдөр. Гүл жыты менен жемиш жытынан Шаанын көңүлү көтөрүлө түштү. Ар түрлүү куштар сайрап, көпөлөктөр учуп, аарылар ызылдайт. Жол жапан талдарга оролуп өскөн жүзүм зарды аралап кетиптир. Астыдагы боло турган жолугушуудан апкаарый, денесин майда калтырак баскан Шаа эми тим эле буту жерге тийбей учуп бараткансыйт. Жарым саатка чукул жүргөндөн кийин жайыкка чыкты. Астыдагы кызыл асканын астындагы үңкүрдүн оозу биринчи эле көзгө урунду. "Үңкүр" деп айтаарлык эмес, кадимки үйдүн эшигине окшоп, үстү ай тегерек келип, эки капталы түптүз түшкөн. Бийиктиги үч метрче. Туурасы эки метрче. Оозго жакындаган сайын Шаа өзүнө- өзү ээ боло албай, өзүн-өзү башкара албай калганын, аны кандайдыр бир белгисиз күч башкара баштаганын туйду. Үнкүрдүн оозуна кире бергенде, түп жагынан үстүнөн ак шоола нур чачырап, төгүлүп, үңкүр ичи бир башкача жарык экен. Астына токулган камыш төшөлгөн кадимки кендир көлдөлөң, эшик алдынан төргө чейин салыныптыр. Аңгыча үңкүрдүн төрүнөн чыккан нур күчөп, көздү уялтып жиберди. Шаа чөк түшө отуруп, башын жерге сала көздөрүн баса калды. Кайра көздөрүн ачканда төрдө чачы да, сакалы да, кирпик-каштары да апаппак, өзү да ак жүздүү, бирок, эки бетинин оту кызгылтым, ак матадан тигилген кийим кийген адам малдаш токунуп отурган экен. Колдорун эки тизесинин үстүнө таштап коюптур. Бою ортодон жогорураак болсо керек. Кең далылуу, нур жүздүү, сулуу адам экен, коюу ак каштары ийиле ортосу кошулуп, узун ак кирпиктеринин арасынан көздөрүнүн түсү кандай экени байкалбады. Шаа өмүрүндө мындай сулуу абышканы көрбөсө керек. Эсин жыя албай тиктеп турду. - Татаал жолдордон тайманбай өткөн азамат экенсиң. Эгер орто жолдон коркуп артка кайтам десең ишиң жаман болот эле. Мына, акыры көздөгөн жериңе жеттиң. Экөөбүз маңдай-тескей отурабыз. Мага келгендеги максатың эмне эле? Шаага ушундай түшүнүк берилди. Кулагы менен уктубу. Мээсине түз берилдиби айрый албай турду. Анан калса кыргыз тилинде берилди. Кытайга келгени жалаң кытайча сүйлөп жүрүп көнө түшкөндүктөн, эне тилиндеги түшүнүктү алганга ого бетер таңданды. Шаанын байкоосунда абышканын ооздору кыймылдаган жок. - Сиз кимсиз, ушуну билейин дегем? - деди Шаа шашкалактай. - Катардагы карапайым пендемин. Силерден болгон айырмам Кудай жолундамын. - Буга чейин далай Кудай жолундагыларды көргөм, бирок, сиздейди биринчи жолуктурушум. - Ал бир өзүнчө татаал маселе. Аны бүт талкууга алганга адамдын жердеги бир өмүрү аздык кылат. Сенин менден мен жөнүндө билээриң ушул гана. Сенин мага үч суроо бергенге убактың бар болчу. Экөөнү бердиң. Бирөө калды. Ойлонуп туруп сура. - Мендеги сырдуу китеп жөнүндө... - Ушуну сураарыңды билгем. Биринчи суроону эле ушундан баштайт го деп да күттүм эле. Пенделик кызыкчылыгың жеңип кетти да, убактыңдын далайын уттуруп жибердиң. Эмесе, мындай китеп эки нускадан турат. Бири мына. Арт жагына бурулуп, кадимки Шаа катып жүргөн китептей бирок, мукабадагы жыландын сүрөтү экиге бөлүнбөй, бүтүн түшүрүлгөн китепти алып Шаага көрсөттү. Шаа өзүн жогото сактап барып оңолду. Таң калуусунда чек жок болчу. - Экинчиси экиге бөлүнүп адамзаттын колунда канча жүздөгөн жылдардан бери укумдан-тукумга өтүп келатат.Бул теңирдин табышмагы. Балким сен өзүңдү бириктиргенди издегениң оңдур. Ар бир пенде алгач өзүнүн канча бөлүнүп кеткенин туюп, кайра Теңир астында башын ийип күнөөсүн мойнуна алып, бир адамдыкка уюшу керектир. Анан барып китепти бириктиргенди, китептин ичиндеги сырга жеткенди көксөсө туура болоор. Теңир астында барыбыз бирдейбиз. Китеп сырын мөөнөтүнөн мурда сага ачууга мага укук берилген эмес. Бүгүн бул жерден өзүңө сиңирген улуу күч балким сенин экиге бөлүнгөн китепти бириктиришиңе жана сырын өзүң ачышыңа көмөк болоор, бул да Теңирдин жазмышы. Андан аркылары Шаанын эсинде көп жок. Улам өзүн жоготуп баратканын бир билет. Анан экинчи жолу бул жакка келүүгө сага болбойт деген түшүнүк, анан да бул жолдун сырын бекем ичте сактоо керектиги тууралуу түшүнүк алганын билет. Эсине келгенде шаркыратмага кире бериште өзүнүн буюмдарын калтырган бактын түбүндө отуруптур. Тим эле жумалап тамак ичпегенсип курсагы ачып, вагондоп көмүр түшүргөнсүп чарчап калыптыр. Ал түгүл кадимкидей шалпайып арыктай да түшкөнүн байкады. "Эмне болуп кеттим? Түшүмбү же өңүмбү? Балким транска кирип кеттимби?" - деп дендароо болуп турду. ххх Фаризат түшүнөн чоочуп ойгонду. Кадимкидей кыйналып, тердеп, ал түгүл суусап да калыптыр. Туруп жемиштин ширесинен ичип кайра келип ордуна жатты. Таң жаңы атып келаткан маал экен. "Шүмшүк бары бир көргө киргенимче жанымды тынч койбойт окшойт" деп тилденип алды. Уктай албай биртопко ооналактап жатты. Түшүнө Азият кирип жатыптыр. Маңдайында турат. Баягы көздөрү оттой күйүп кербезденип турчу Азият жок. Жүдөп калган. Кийген кийими да жупуну. "Мен сени жанымдан артык сүйдүм эле го. "Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" алып жүрчү эмес белем. Эмнеден кем кылдым эле. Айтканыңды бүт аткарып, каалаганыңды жасачу эмес белем. Сени керек болсо баткактан сууруп алдым эле го. Ар кимдин тепсендисинде "тряпка" болуп каларыңда мен таза калыбыңда сактап калбадым беле. Ушунча эмгегимди унутуп, кайдагы бир аягы сай таппаган тентимиш менен качтың. Аны да жөн койбой уулантып өлтүрүп салыпсың. Тигинтип кепинин сүйрөп жерге батпай боздоп жүрөт" дейт. Чын эле караса арыта үстүнө шалбыраган таштанды чүпүрөктөрдү оронуп Саид жүрөт. Сүйлөйүн десе сүйлөй албайт. "Кечир мени Азият. Кандай шайтан сайды билбейм, азгырылдым. Эмнеге азгырылдым өзүмдүн да акылым жетпейт" деп боздоп ыйлайын дейт, ыйлай албайт. Азиятты караса маңдайында кара так турат. Ичинен "Эмне болгон так. Маңдайында мындай калы жок эле го?" деп ойлоп, өзүнөн "Маңдайыңдагы эмне так?" деп сурайын десе, тактан кызыл кан жая берди. Азияттын бүт денеси канга чыланды. Кан чачырап өзүнүн боюна да жаба берди. Караса колу бүт кан. Көйнөгү бүт кан. Жуунайын деп чуркап барып күзгүдөн өзүн караса бети бүт кан. Жуунса такыр кетпейт. Аңгыча Саид пайда боло калды. Ыржайып күлөт. "Ырас болду. Ушуну көрмөксүң" дегенсип күлөт. "Саид сен өлбөдүң беле? Кайдан жүрөсүң бул жерде?" десе жооп бербей ырсаңдап күлөт. Кайра ичинен "Өзү ишке токтоо мамиле кылалбаган неме болчу" деп ойлой кайра бурулса, Азиятты бирөөлөр ак кепинге ороп көтөрүп баратышыптыр. "Ой токтогула. Азият өлдүбү?" деп аркасынан чуркаса да эч ким көңүл бөлбөйт. Эч ким жооп да бербейт. Анан эле уранды тамдардын арасында отуруп калды. Астында "Бриллиант жылан" жатыптыр башын көтөрүп көздөрүн тири укмуштай балбылдатып тиктеп турат да оозун ача чакчуудай болуп жакындайт. Тура качайын деп кача албайт. Жыланды ыргытып жиберейин деп ыргыта албайт. Аңгыча жылан көз көрүнө узарып кетти да бутунан баштап белине чейин оролуп алды. Оозу улам чоңоюп соргону келатты. Канчалык жанталашып жыландан кутулайын десе да кыймылдоого чамасы жок. Ал түгүл кыйкырууга үнү да чыкпай, кыйналып баратканда ойгонду. Бул эмне деген түш? Кийинки кездерде баш аламан жаман түштөрдү көрүп, кыйналып уктоочу болгон. Бирок, бүгүнкүдөйдү көрө элек болчу. Тим эле баары өңүндө болгонсуп азыр эстегенде кайрадан жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Аялдык сезими менен Азиятты чоң кырсык басканын туйду. Балким соо болбой калды бекен. Кантип билсе. Телефон чалса кайда экени билинип калат. Эгер Азият тирүү болсо эки күнгө жеткирбей кармайт. "Ээ койчу ошону. Эми кичине жаным тынч алып келатканда кайра да өзүмдү-өзүм кыйноого түртпөйүнчү" - деп күбүрөнгөнү менен жүрөгү алеп-желеп болуп тынчый албай турду. Кичине виски куюп ичти эле ичимдик денесин магдыратып тынч ала түшкөнү менен тээ түпкүрдө сайылган тикенек кала бергенсип жүрөгү тызылдайт. Гонконгко келгенден кийин кореецке берген бүт убадасын так аткарып эсептешкени менен ал тынч калтырбай артынан түшүп алды. Бирөөлөрдү тукуруп коет да, кайра өзү арачы түшүмүш болуп канын соро баштады. Каражатым калбай калды деп көрдү эле ага да болбоду. Өзүнүн сыйлуу деген конокторуна салып бере баштады. Маданияттуу түрдө гана "Бул мырзанын көңүлүн алып койбосок болбойт. Сен жагып калыпсың. Экөөбүзгө тең керектүү адам" дейт. Алардын биринен да Фаризат өзүнө керектүүсүн таппады. Ал түгүл айрымдары Фаризатка катардагы сойкулардай мамиле жасап, түрлүү талаптарды коюп, баш тартса кол көтөргөнгө чейин барган учурлар болду. Минте берсе тебелендиде калып эртең эле кадимки сойкулардын катарында турарын билген Фаризат Гонконгдон жылт коюну ойлоно баштаганда күтүүсүз полициянын шефи менен таанышып калды. Шаардагы чакан, бирок, эң мыкты ресторанда жалгыз тамактанып отурган. Кореец бүгүн кечинде дагы бирөөлөр менен жолугушууну сунуш кылган. Бул жолу жөн гана "делевой" жолугушуу дегени менен аягы эмне менен бүтөрү Фаризатка белгилүү болчу. Барбай койсо тымызын полицияга билдирип койсо иши бүттү. Полиция жер жеберине жетип изилдей башташы мүмкүн. Ошондон коркот. Аңгыча маңдайындагы орунтукта бакылдашып шайыр отурган жаштар мушташа кетишти. Бири келип Фаризат отурган столду жөөлөп өткөндө үстүндөгү тамак, жемиш ширеси Фаризаттын үстүнө төгүлүп, бүт кийими булганды. Ресторандын кожоюндары тигилерди тынчтандыргыча полиция да жетип келди. Фаризатты да күбөө жана жапа чегүүчү катары бөлүмгө алпарып түшүнүк жаздырышты. Фаризаттын сулуулугуна сугу түшкөн полициянын шефи "сизди мен өзүм жеткизип коеюн. Үстүңүз да булганып калыптыр" - деп чыкканда, байкуш боло "мейлиңиз" - деди. Үйгө келгенде "Сиздин кичипейилдигиңизге рахмат. Мен полициялардын баары "орой, кара мүртөз болушат" - деп ойлочумун. Сиз андай эмес экенсиз. Үйгө түшүп кофе ичип чыгыңыз" - деп суранып калды эле тигил да жым деп макул болду. Ошентип, ал күнү шеф полиция Фаризаттын үйүндө кала берди. Өзү жашы өтүп калса да келишкен мыкты эркек экен. Фаризат да бар мүмкүнчүлүгүн аябай ырахат тартуулаганга аракеттенди. Кийинки күнү келгенде өзүнүн ишине бирөөлөр бут тосо баштаганын айтып, кореец жөнүндө билдирип койду эле, эртеси "Ал көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер болчу. Сенин жардамың менен кармадык" дегенди угуп жаны жай алып калды. Ошентип, жаңы эле "эми өзүмдүн жашоомду оюмдагыдай өткөрүүгө шарт түзөт окшоймун" деп ойлой баштаганда, укмуштуу түш көрүп жатпайбы. Анын үстүнө ички туюму да Азият соо эмес экенин айтып жатты. Канткен менен экөө ондон ашык жыл чогуу жашап жан дүйнөлөрү сиңишип калган эмеспи. Азият оңой эле эсинен чыкмак эмес. Бүгүн минтип полициянын шефин ойнош кылганга төбөсү көккө жетип отурат. Аттиң адам өз мезгилинде бактысын билбейт тура. Кечээ эле Азияттын колтугунда жүргөндө нечендерди теңсинбей, эркек катары санабай, көздөрү жалдырап бир жолу кыйыгынан карап коер бекен дегендерге мурдун көтөрүп турчу эмес беле. Жыл айланган убакыттын ичинде эмнелерди көрбөдү. Кимдердин гана тепсендисинде калбады. Бир учурда Азият "менден башка жан адамдын колун тийгизбейм" дечү аппак денесин бок курсактар да, ишке жарытылуу жарабаган абышкалар да, аракка тойгон зөөкүрлөр да, эс учунан айрылган наркомандар да ушалады. "Өзүм каалап катуу сүйгөн адамыма гана этегимди ачпасам, жан адамга жеңимди да карматпайм" деген тилеги таш-талканы чыгып кетти. Ким күнөөлүү. Чындай келсе өзү гана. Улам убакыт өткөн сайын өзүн гана күнөөлөй баштаган. "Эсирип көпкөн экенмин" - дей баштаган. Азияттын босогосунан аттап чыкса эле эркин, жыргал дүйнөгө туш болом деп ойлободу беле. Чөнтөгүндө акча толтура болсо, каалаганыңды жасап жүрө берсең болчудай туюлчу. Көрсө "эркиндик" дегендин өзү да алдамчы түшүнүк окшобойбу.Азияттын түшүндө "Сени өлүмдөн аман алып калбадым беле" дегени да чындык. Ал күндөрдү эстегиси да келбейт. Таптакыр эсинен чыгарып таштаганга аракеттенчү. Азият өзү ошентип үйрөткөн. Кандайдыр бир Фаризатка түшүнүксүз психологиялык тесттерди жүргүзүп, сеанстарды өткөзгөндөн кийин чын эле өткөн өмүрүндөгү "кара күндөрдү" унтуп таштаган болчу. Мына бүгүн ушунча жылдан бери таасир берип келаткан ошол сеанстардын күчү кеткенсип баягы кыз кезиндегиси эсине түшө баштады. Душанбедеги университетте биринчи курста окуп жүргөнүндө согуш чыгып кетти. Чыкканда да ата-энеси иштеген райондон башталды. Атасы райондун керек-жарак коомун башкарчу. Райондогу мен баймын дегендерден эле. Бардык байланыштар үзүлүп калды. "Ата-энебиз эмне болду", - деп экинчиден али согуш эмне экенин толук түшүнбөгөн жаштар чогулуп алып жөнөп кетишти. Кимди- ким көрдү. Жолду карата качкындар. Ээлиргендер эки күнгө жетпей эстерине келишип, көбү кайра артка кайтышты. Фаризат жаман кийинип алып акыры эптеп ата-энеси жашаган райондун борборундагы шаарчага жетти. Жеткени курусун. Бала кезинен ойноп өскөн баягы үйү жок. Урандыга айланыптыр. Өрттөп жиберишиптир. Шаарча каңгырап ээн. Жолбун иттер жортуп калган. Үч үй арыта жашаган кемпир бар эле. Анда-санда ата-энесиникине келип майда жумуштарын жасап берип, тамак-аш, эски кийим-кече алып турчу. Ошол кемпир гана калыптыр, тегеректегилерден. "Кепинимди сүйрөп кайда кетмек элем. Өлсөм ушул жерде өлөйүн" - деп кала берген экен. Өзү да кичине акылынан айныгансып калыптыр. Фаризатты араңдан зорго тааныды. Таанып алып, кемшеңдеп ыйлап кирди: - А-а кызым. Биз көргөндү Кудай эч кимге көрсөтпөсүн. Бул адамдар көз көрүнө кутуруп кетишти. Кудайдын каарына калсак керек. Тимеле адам жасабаган жоруктарды жасашты. Сенин атаңды көз көрүнө көчөгө сүйрөп чыгып атып салышты. Энеңди топ эркек үй ичинде эмне кылды билбейм. Куурагырга кордукту аябай эле көрсөтүштү болуш керек. Сиңдиңди да ошентишти. Тим эле он, жыйырмасы жабылып зордошту. Анан үйгө жардырган немени ыргытышты. Ал аз келгенсип өрттөштү. Иниң кайдадыр качып кетип жоголду. Шордуу тирүү барбы? Же дагы бир жерде тырайта аттыбы, эч ким билбейт. Эми өзүң издеп таап албасаң. Атаңды "капырсың, капырдан катын алгансың, чочконун этин жейсиң" - деп күнөөлөшпөдүбү. Ошентишти. У-у кайран Ира кандай сулуу катын эле. Андай сулууну ким болсо да алмак го. Кемпир боздоп, боздоп ыйлап алды. Фаризат ушунун баарын жинди немече, өзүнө эч тиешеси жок немече угуп турду. Кантип эле ошондой болсун. Ишенгиси келбеди. Анан эси ооп жыгылып калыптыр. Эсине келсе, кемпир бетине суу чачып маңдайында отурган экен. - Шоркелдейим. Тагдырың тайкы бейбак окшойсуң. Эсиң оогон ообогондо эмне, болоору болду, боесу канды. Эми акылың болсо өз жашооңду ойло. Бул жерге калбай кач. Борборуңа кайра кет. Бул жерде калсаң жанагы жаналгыч шүмшүктөр эки-күндүн биринде шимшип келет да, кармап алып чатыңды айрат. Арам өлгүрлөр ону деле, отузу деле, бир катынга секире беришет экен. Энеңди тартып чырайың башкача. Акыры булардын жазасын берчүлөр да чыгаар. Тынчыйт чыгаар. Ошондо иниңди изде, - деди. Дендароо болуп өзүнө жакшы келе албаган Фаризат ал күнү кемпирдикине жатып калды. Эртеси эрте ойготкон кемпир өлбүрөгөн-шөлбүрөгөн көйнөк кийгизди. Көөгө май аралаштырып бетине, колуна сүйкөп салды. Чачын саксайтып туруп арасына жыгачтын таарынды апилкасын чачып жиберди. "Биз илгери-илгери, басмачылардан ушинтип коргончубуз" - деди. Аны менен эле бүтүп калбай кайдан жайдан бүкшүгөн эт апкелип колтугуна, төшүнө, мойнуна, чатына сүрттү эле өз жытына өзү чыдабай кусуп жиберсе, урушуп кирди. - Жалап, кусканды сага ким коюптур. Минтпесең эртең желдеттердин колуна түшсөң отузу биригип эңкилдетсе жатының түшүп өлөсүң. Бул сасык жыт жуусаң кетет. Жыгачтын тарындысынан башың биттебейт. Топурак, май, баткак, шыбасаң биттеп кетет. Мендей неченди көргөн мастендин сөзүн уксаң. Желдеттер кармаса келесоо-чалыш болуп кал. Алар жытыңдан жийиркенип деле жолошпойт. Ошондо да колго түшпөгөнгө аракеттен, - деп, болгон акылын айтып жолго чыгарды. Фаризаттын энеси орус болчу. Ошондуктан, ата-энеси экстремисттерден өзгөчө кордук көргөнүн түшүндү. Ар кайсы айылдардан самсыган качкындарга кошулуп кайра Душанбеге жөнөдү. Кемпир "жасалгалап" жатканда, "ашыкча кооздоп жиберген жокпу" деп ойлоду эле, көрсө карт кемпир билген экен. Түш жарым жүрүшө элегинде кайдан-жайдан аскер машиналарын минген боевиктер чаң ызгытып чыгып кууп келишти да, элүүгө жакын качкынды тегеректеп алышып, тинтип киришти. Качкындардан баалуу эч нерсе деле чыккан жок. Ошондо да "залог кылганга керек" деп эки жаш баланы беш кызды салып кетишти. Фаризатка жакындаган бирөө ээгинен көтөрдү да: "Ф-уу чирип кеткен неме го" деп жерге түкүрүп басып кетти. Кейпи ээгин көтөргөндө" терге аралашып келаткан сасык жыт мурдуна "бур" деди окшойт. Эч ким "үн" деп сүйлөй албады. "Дың" дегендерин атып ташташаарын баары түшүнүп калышкан экен. Бир күндө эле дагы ушундай эки текшерүүгө туш болушту. Жолдогу кичинекей айылга түнөп алып, эртеси кайра жолго чыгышты. Күн бүркөлүп, жамгыр жаап кирди. Жааганда да тим эле чака менен куйгандай жаады. Ошондо да качкындар жөө жалаңдап жол улап кете беришти. Кечке жааган жамгыр Фаризаттын "жасалгасынын" эч нерсесин калтырбай жууп кетти. Муну алгач өзү байкаган эмес. Тегерегиндегилер башкача көз караш менен карай башташканынан сезди. Буга чейин Фризаттан баары алысыраак болуп качып, эч кимиси сүйлөшпөй да жаткан. Баягы сасык жыты да калбады. Кейпи жашыруун сыры түшүнүктүү боло баштады көрүнөт, айрымдар ууртунан жылмайып караганга өттү. Иш жаман жагына айланып баратканын сезген Фаризат "эми кантип сактануу керек" деп ойлоно баштады. Акыры анын да жолун тапты. Жолдон тамактанууга токтошкондо, бадалдын арасына кирди да сумкасындагы кызыл ооз боөгуч менен эмчегинин астын, курсагын, табарсыгын, балтырларын кызыл точка кылып боеп туруп, үстүн зеленка менен сүртүп салды эле тим эле жаранын үстүнө зеленка сүйкөп койгондой болуп калды. Өз табышкерлигине өзү кубанып кетти. Кичине чактарында пионер лагерде жүргөндө ушинтип тарбиячыларды коркутушчу. "Мына сасыштын да кереги жок. Көөнүн да кереги жок. Эр болсо мага жолоп көрүшсүн" деп койду. Бирок, бул табышкерлиги кемпирдин жасалгасынын астында суу кечпей калаары биринчи эле боевиктерге жолукканда белгилүү болду. Фаризатты көрүшкөндө эле "Ого бул чүрөк кайдан адашып жүрөт" дешип жетелеп жөнөштү. "Мен оорулумун" деди эле "Аны текшеребиз сулуум" деп коюшту. Дегдеңдетип барып үстү чүмкөмө машинага түшүрдү. Анын түп жагында өзү теңдүү дагы беш-алты кыз бүрүшүп ыйлап отурушуптур. Терезеси жок машинада кайда баратышканын да билишпеди. Дүкүлдөгөн боевиктер машинанын арткы эшиги жакка отуруп алып өздөрүнчө күжү-күжү. Ушул өткөн күндөрдө Фаризат ким-кимдер менен согушуп жатат, эмнеге согушуп жатат, талаштары эмне түшүнбөдү. Түш көрүп аткансып эле эңги-деңги. "Кээде ойгонсом түшүм болуп калса" деп коет да кайра "Балким чын эле түшүмдүр" деп кетет. Кеминде төрт сааттан ашык жүрүшкөндөн кийин бир жерге токтошту. Боевиктер кайдадыр түшүп кетишти. Туткундардын бири да орундарынан кыймылдап, жок дегенде машинанын арткы ооз жагына барып "Кайда келдик экен", - деп сыртты карап койгонго да жарабай бүрүшүп отура беришти. Кичине ашык кыймыл болсо, боевиктер өлөөрчө тепкилешет же ит аткандай атып салышат. Аз күндүн ичинде мындайдын далайын көрүп калган немелердин эч кимиси эрдемсүүгө жарабай калган. Ал түгүл ич ара сүйлөшүүгө да жарабады. Арадан жарым саатча өткөндө экөө келди да "түшкүлө" деди. Сыртка чыгышса, электр жарыгы күйбөгөн чакан айылда экен. Ай сүттөй жарык, жылдыз толуп калган кез. Тигилерди чогуусу менен айдап барышып бир караңгы бөлмөгө камашты да сыртынан бекитишти. Бекитип жатып "Кимиң качууга аракет кылсаңар, ал түгүл терезеге жакын эле барсаңар суроо-сопкуту жок атып салабыз!", - дешти да кетип калышты. Жаш кыздардын бири бышактап ыйлап киргенде, улуурак бирөө урушуп сооротуп койду. "Ыйлаба, ыйыңды укса азыр келип эшикке сүйрөп чыгат да атып салат" - деди эле беркиси басылып калды. Арадан дагы бир саатча өткөндө баягы экөө бир мискей тамак көтөрүп келди. Жакшы басылган аш экен. Кейпи боевиктерден ашып калса керек. Анан бир чака суу бир чөмүч беришти. Ашты баары жанталаша колу менен жеп киришти. Эч кимиси "биринчи колубузду жууп албайлыбы", - дегенге жараган жок. Фаризат да кечөкү кечтен бери ачка болчу. Өзөгү үзө тартып турган. Чоң мискей ашты алтоо бат эле ныпым калтырбай жалмашты. Кейпи берки кыздар деле ачка окшойт. Чакадагы суудан кангыча ичишти. Өзөктөрүнө тамак барганга жан кирип бири-бирин сурай баштады. Экөө эже-сиңди экен. Калгандары Фаризаттай ар жерден кошулгандар. Түн ортосу оой боевиктердин ырдаган, кажылдаган добуштары чыга баштады. Кейпи наша чегип же арак ичип атышса керек. Көп өтпөй кажы-кужу үндөр угулуп 7-8 боевик шатырап кирип келишти. Баары кызуу. Кыздар бүрүшүп бурчка тыгылышты. - Аа сулуулар, кандайсыңар? Силердин кызмат кылчу мезгилиңер келди, -деди бири жалаңдап. Баарынын колдорунда фонариктер. - Кана, кана катарга тургулачы, - деди эле кыздар бири-бирине жабышып бүрүшкөндө, күрсүйгөн бирөө: - Силерди, "катарга тургула?" - деп жатпайбы жалаптар! Тургула! Боюңарга карап катарга!, - деп кыйкырганда, титиреген кыздар шашыла тизилишти. Эң бойлуусу Фаризат экен. Ээктерин көтөрүп, баарын сындай баштады баягы шыпылдагы. Аңгыча бири: - Буларды командирлерге алпарганда бизге эч нерсе артпайт. Давай ушул жерден бирден моокум кандырып алалы - деди тамшанып. - Туура айтат, давай, - деди да, жанагы бакырган күрсүгүй четтеги бир кызды чыңыртып басып жыгылды. Тапыр-тупур боло түшүштү да баары бирден басып жыгылып, зордуктап киришти. Шыпылдак Фаризатты баса калды. - Мен оорулумун, венерикалык оорулумун, сифилисмин. Өз убалың өзүңө. Кийин, "айтпай койдуң" дебе, - деди жанталашкан Фаризат. Тигил Фаризаттын көйнөгүн түрүп ийип денесиндеги зеленка сүйкөлгөн жараларды көргөндө эси чыгып кетти. - Канчык! Чын эле бүт денеси жара го. Фу-у, ванючка, - деп ордунан тура качты. Кейпи чатында баягы кемпир сүйкөгөн сасык жыт сакталып калса керек. - Чын элеби? Арыта кыз жетпей калган бири фонарик менен бир карап алды да: - Ту-уу ата. Чирик тура, - деп жийиркене кайра ары кетти. Айрылган көйнөгүн кайра үстүнө кийген Фаризат ордунан турганда, бири автомат кезеп: - Атып таштайынбы? - деп жанагы шыпылдактан сурады. Фаризаттын жүрөгү оозуна тыгылды. "Соп-соомун, жөн эле алдап жатам. Атпагыла!", - деп бакырып жибере сактады. - Жок. Атпа. Мунун өлүгүн эртең ким сүйрөп жүрмөк эле. Тим кой. Тирүү жүрө берсин. Балким "кызылдарга" алмашып жиберебиз, - деди кайдыгер. Фаризат өзүнө келе түштү. "Шалак" деп жерге отуруп калды. Автомат кезеп турган неме: - Өңү бирок чоткий экен. Резине кап жокпу. Тонкойтуп туруп шилтейин, -деди эле кезек күтүп турган экөө каткырып жиберди. - Кайдагы резина кап. Табышкерин кара... - Оозуна бер, - деди бири. - Жо-ок, ооздон даана жугат, - деп уккам деди берки. - Ай чын эле. Эмне карап турабыз. Булардын ооздору бош да. Ту-у ата, -деди да бири чөгөөлөп берки кыздарга ишке киришти. Беш кызды сегизи ойлоруна келгендей чарчагыча уйпалашты. Фаризат баарын "ужас" кино көргөнсүп карап отурду. Анан баарын кайра кийинтишти да кайдадыр алып кетишти. Уктап кеткен экен дүпө-дүптөн ойгонуп кетти. Көрсө, кыздарды апкелишиптир. Тим эле чала жан. Көйнөктөрү айрылган. Эмчектеринен, денелеринен тамтык жок көк-ала. Фаризат тура калып ар бирине суу жуткуруп чыкты. Ыйлаганга да жарабай калышыптыр. Эже-сиңдинин улуурагы: - Ушундан көрө сенчилеп сифилис менен ооруп калганым жакшы болчу. Ооруңдан мага жугузчу, - деди кимгедир кыжыры келе тиштенип. Фаризат үн деген жок. Тигил уктап кетти. Бешөө тең уктап калышты. Жалаң полдо сунала жатышты. Ошол бойдон кечке уктап жатышты. Түштө дагы аш апкелди эле жалгыз жеди. Тигилер турушкан жок. Фаризат дүйнөдөгү эркек аттуунун баарын жек көрүп жатты. "Акмак эркектер болбосо согуш да болмок эмес. Эмне үчүн Кудай буларды аялдардан күчтүү жаратып койду экен. Эгер булар аялдардай алсыз, аялдар тескерисинче күчтүү болгондо баары сонун болмок" деп коет. Кечинде чоң мискей шорпо алып келишти. Үч табак, үч кашык беришти. Кыздар туруп алмак-салмак көңүлсүз шорпо ичип киришти. Эч кимиси сүйлөгөн жок. Бөлмөнүн ичи коңурсуп жаман жыттанып чыкты. Күн кечтеген сайын ар кимисинин жүрөгүндө "эми кечөөкү кайра башталат" деген турду. Эшик ачылып эки боевик кирип келди. - Кандайсыңар, сулууларым. Кечки шоуга даярданып жатасыңарбы? Ничего, бүгүн кечөкүдөн да мыкты ойнойбуз, - деп каткырып койду да: - Эй сифилис, жүрү биз менен, - деди. Фаризат ордунан очорула араң турду. "Атканы алпаратышат. Эмне кылсам. Кордук көргүчө атылып деле кетейинчи. Баары бир буларды деле кордоп атып өлтүрүшөт окшойт", - деп чечти да эшикке чыга жөнөдү. - Ванючка. Ылдам бас чоюлбай - деди кежигеге автоматтын учу менен түртүп. Талаага айдайт го деген. Жок. Аскер машиналары токтоп турган эки кабат чоң үй жакка айдашты. Биринчи кабаттагы бир бөлмөгө кийирди да: - Тигил кийимдердин ичинен каалаганыңды тандап мыктап кийин, - деди баягы шыпылдак. - Бол тез кыймылда - зекий сүйлөдү. Фаризат чечингенде; - Ф-уу... канчык. Курттап кетиптир го, - деп тескери карады. Фаризаттын оюна кечөкү "Алмашып жиберебиз" деген сөз түштү. "Кийин" дегенинде жакшылыктын үмүтү турду. "Алмашканы келгендер балким жактырбай койбосун", - деп көңүлдөнө кийимдерди тандап кирди. Түрлүү кийимдер бар экен. Алгач ич кийимдерди тандап кийди. Анан келишкен узун, көгүш көйнөк кийип, чачын төбөсүнө жыя өрүп туруп түйдү. Фаризатты жалдырай караган тигил: - Сыртыңдан караса тим эле чүрөксүң. Ичиңди кудай көргүлүк кылбасын. Кечөкү келесоо "резина кап болсо бир шилтеп алайынчы" деп тамшангыча эле барсың. Между прочим ушул өңүңдүн азабынан сифилис болсоң керек да, - деп улутунуп койду. Фаризат үн да деген жок. Чоң күзгүдөн көздөрү алайып жүдөгөн өзүн карап турду. - Баса, сени чоң жерге өздөрү менен ала кетебиз дегендер наркосоодагерлер. Аларга ооруң жөнүндө үн дебейсиң. Жерине жеткенден кийин каалаганыңды сайрай бер. Алар сени "төрт тарабың кыбыла" деп кое берет. Атып таштабайт. Биздей согушчандар эмес. Бизге сенин керегиң жок. Ашка жүк башка жүксүң. Ошондуктан, үн дебей тилиңди тигил чириген жериңе кат. Тескерисинче, аларга жагууга аракеттен, - деген көрсөтмө берди. Анан экөө ээрчише экинчи кабатка көтөрүлүштү да чоң, жарык, жалаң килем төшөлгөн бөлмөгө киришти. Бөлмөдө бешөө бар экен, эки аскер формасындагы адамдарды карап "мени алып кетүүчүлөр ушулар го", - деген ойго кетти. Алардын бири чымыр денелүү, узун бойлуу, жаш жигит Фаризатты көздөрүн ойноктото бир жолу кайдыгер карап койду да башка карабады. Бет маңдайында отургандардан көзүн алган жок. Экинчиси жашы кырктан өтүп калгандай көрүнгөн чачын артка тараган сулуу адам Фаризатты көпкө сонуркай сынап карады. "Эмнеси болсо да ушул башчысы окшойт. Ушуга жагайын" деген ойго кеткен Фаризат "Мени бул желмогуздардан куткара көр" дегенсип жалооруй тиктеди. - Ты наверняка метиска, - деди орусчалап сулуу адам. - Да я-а метиска. У меня мама была русская, - деди Фаризат мукактана. - Поэтому ты такая красивая, - деп койду да, пойдет, мы еө с собой заберем, - деди тигилерди карап. - Тогда за такую красавицу те три яүика оставишь, - деди беркилердин бири. - Все десять яүиков оставлю, - деди берки сулуу адам. - О-го Вы очень разүедрились. Если вы насчет женшин всегда такой, тогда приежайте почаүе. Мы каждый раз будем находить таких красавиц, -деди эле - Н-еет красивее ее вряд ли найдете. Она просто находка. А на самом деле ее никто еүе не трогал? Берки тараптагылар алаңдай түшүштү. - Да-а... да. Еө еүе никто пальцем не тронул. Тигил эми Фаризатка кайрылды. - Дейстивительно тебя еүе не трогали, скажи честно? Бул жолу сүрдүү тикчие тиктеди. - Да меня еүе никто не трогал. Я чиста, - деди Фаризат ишенимдүү үн менен. - Ну что ж, это мы еүе успеем проверить - деди да жанагы Фаризатты коштоп келген жигитке: - Ее посадите пожалуйста, в вертолет, - деди. Тигил Фаризаттын жеңинен тартып, "жүрү" деген ишарат кылып чыга жөнөдү. Экөө ээрчишип эшикке чыкканда; - Даана азамат экенсиң. "Ажалдан кутулдум" деп эсептей бер. Өкүртө алдадың. Тигил жакка барганда, көп болсо бир сөгүнүшөт да, сени кое беришет, - деп кудуңдап койду. "Ким кимди алдады бир Кудай билет" деп жибере сактап, кайра оозун басты. Али да чындап кетерине ишене элек болчу. Чоң үйдүн артындагы аянтчада аскер вертолету конуп турган экен, экөө ээрчишип барды да беркил узатуучу: - Командириңер бул кызды вертолетко отургузуп кой, - деди деп аскер формасындагы вертолетту кайтарып турган чымыр денелүү жигитке кайрылды. Арадан жарым саат өткөндөн кийин вертолет абага көтөрүлүп, тоолордун үстүнө чыкканда гана Фаризат чындап "тозоктуу жерден кутулдум окшойт" деп үшкүрүп жиберди. Жанаша отурган сулууча адам: - И-и чоң кыз туткундан бошонгонуңа эми араң ишендиң го, - деп жылмая карады Фаризаттын оюн билгенсип. Фаризат туруп-туруп эле буркурап ыйлап жиберди. Фаризат болоктоп, деги көпкө ыйлады. Жанаша отуруп бараткан сулууча адам соороткондун ордуна кайра: - Ыйлап ал. Бугуң чыккыча ыйла. Буктун ичте калып, жүрөгүңдү эзип жүргөнүнө караганда, ый менен чыгып кеткени жакшы, - деп койду да, кайдыгер, көңүл да бөлбөй отуруп алды. Вертолетто кошо учуп келаткан башка беш эркектин бири да Фаризатка жакындан сөз айтмак түгүл, жакшылап көңүл буруп да коюшпады. Көрсө, жанында отурган Азият экен. Калгандары анын жигиттери болуп чыкты. Азияттын темирдей тартибине көнгөн жигиттердин бири да ашыкча кадам жасабасын кийин билди го. Фаризат ыйын токтотуп эсине келгенден кийин да эч нерсе сүйлөгөн жок. Үч сааттан ашык учкан вертолет бир жерге келип конгондо, түн ортолоп калса керек. Сыртка чыгышканда үч жеңил машина күтүп турган экен. Азият бир жигитине, чакырып бир нерселерди айтты да, өзү ортоңку машинага дайыма жанынан чыкпаган жигити менен отурду. Фаризатты арткы машинага отургузушту. Машиналар шаарды аралап, зыпылдап жүрүп отуруп, светтери жаркыраган жер астындагы гаражга келип токтоду. Көп сүйлөбөй кыска-кыска буйрук бере сүйлөгөн жигит Фаризатты шыпылдаган жаш келинге ээрчитип келип тапшырды. Ал келин да кадимки аялдарча, какшанып сүйлөй бербейт экен. Фаризатты үнсүз ээрчитип алып, чакан саунага алып келди да: - Шашпай аябай таза жуунуңуз. Анан мен сизге эс алуучу бөлмөңүздү көрсөтүп коем. Тигил кнопканы бассаңыз мен келем. Сүлгү, самын, шампунь баары бар. Бүт кийимдериңизди тигил коробкага таштаңыз. Ич кийимдериңизден бери жаңысын беришет, - дегенде: - Өзүмдүкү деле жаңы. Бүгүн эле кийгем, - деди эле... - Бизде тартип ошондой. Шефтин буйругун так аткарабыз. Кам жебеңиз. Сизге өзүңүз кийгенден да артык, мыкты кийимдерди беришет, - деди жылмая күлүп туруп. Фаризат дайрага аккан чамындыча баарына кайыл болуп калгандыктан, талашкан деле жок. Жөн салды гана айта салган. Ошентсе да, тири укмуш кооз саунада аябай рахаттана жуунду. Жуунуп бүтүп чыкса, ич кийимдер анан жаңы халат туруптур. Тандап, өзүнө чагын кийди да, жеңил халатты кийип, баягы кнопканы басты. Арадан минута өтпөй жанагы келин пайда болду. - Жүрүңүз, - деди да, дагы ээрчитип жөнөдү. Татынакай жасалгаланган жатуучу бөлмөгө алып келди да: - Сиз кичине күтө туруңуз. Азыр ысык тамак апкелет. Азырынча суусундук иче турсаңыз болот, - деп үстү тасмал менен жабылган столду ачканда Фаризаттын көзү жайнай түштү. Ошондо курсагынын оңбогондой ачканын эстеди. Түрлүү жемиш. Өмүрү көрбөгөн жемиштин ширелери, икралар, балыктын эки-үч түрү, колбасалар туруптур. Ой ошондогу тамактанганын эстеген сайын күлөт. Тим эле жуттан чыккансып ичи ооруп, ордунан араң туруп басканга жарагыча ичип-жей бериптир. Тамактангандан кийин тим эле магдырап уктаган экен. Эртеси ойгонсо, күн көтөрүлүп калыптыр. Тозоктон бейишке кантип түшкөнүнө түшүнбөй, бир топко төшөктөн турбай жатты. Ордунан турары менен кечээки келин күтүп тургансып пайда боло калды. Жуунуп, өзүн ирээтке келтиргенден кийин, кайрадан кечиндегиден да ашкан, түрлүү тамактар менен тамактанды. Анан баягы келин ээрчитип алып, бир бөлмөгө алып барды эле, ал жер врач-гинекологдун бөлмөсү экен. Фаризатты тыкан текшерип чыкты. Канын алды. Ден-соолугу жөнүндө суроолорду берип көпкө тактады. Бул жерде эч ким зордуктабасына көзү жетип калган Фаризат, чындыкты гана айтып берди. Анан кайра жатуучу бөлмөсүнө жеткирип коюшту. - Мен кайдамын? Мени коө беришеби?, - деген өңдүү суроолоруна эч кимден жооп ала албады. - Аны учурунда көрөсүз. Эң башкысы эч тынчсызданбаңыз. Сизге эч ким кысым көрсөтпөйт. Бир тал чачыңызга да тийбейт. Кичине күтө туруңуз. Шеф бошогондо, өзү сизди кабыл алат, - деген гана жоопторду алат. - Шефиңер ким? - дегенге: - Аны өзүңүз билип аласыз, - дешип жылмайып коюшат. Түштөн кийин баягы келин бир жигитке, эки чемодан тирлүү кийимдерди көтөртүп келип, Фаризатка улам бирин кийгизип, өзү аябай тандады. - Сиздер мени сулуулардын конкурсуна катыштырганы жатасыздарбы?, -деген өңдүү суроолоруна жооп ала албады. -Эч кам жебеңиз, баары жакшы болот. Эс алыңыз. Өзүңүздү кармай билиңиз. Баары жайында. Сиз ойлогондой болот, - деген өңдүү каймана жоопторду кайрадан укту. Кантсе да жапайы боевиктердин колунан кутулганга санаасы тынып кубанганы менен, бул сырдуу жер, сырдуу мамиле да жүрөгүн дүпөйүл кыла баштады. Терезеден сыртты караса, гүлзарлар тигилген калың жемиш багынан башка эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнүн кайда келип калганын да билбейт. Кечки тамактан кийин баягы келин кайра келди да, күндүзгү экөөлөп тандаган бир сыйра кийимди кийгизди. Чоң күзгүнүн астына отургузуп алып, оо көпкө чачын жасалгалап чыкты. Колдорун, көздөрүнөн бери өзү боөду. Иштеген ишинен өз ишин мыкты билгени көрүнүп турду. "Бардык даярдыктар бүттү" дегенден кийин "Сиз кичине күтө туруңуз", - деди да, беш минутага бир жакка барып келди. Фаризат өзүн-өзү күзгүдөн көрүп тааныбай турду. Тим эле, жомоктогу периштедей сулуу кыз күзгүдөн карап турган эле. - Жүрүңүз, - деп жылмайып карай, баш ийкеп койду да, дагы ээрчитип жөнөдү. Экинчи кабатка көтөрүлүшүп, бир бөлмөгө кирсе, вертолет менен чогуу учуп келген сулуу адам жалгыз олтуруптур. Азыр гражданча жеңил кийинип алыптыр. Жарашыктуу кийингенден улам болсо керек, Фаризатка баягыдан да жылдыздуу көрүндү. - Кириңиздер, - деп күлүмсүрөй тосо чыкты. - Мага рахым этиңиз, - деп берки келин ийилип койду да Фаризатты тигил адам менен жалгыз таштап, "шып" чыгып кетти. Фаризат карышкырдын астында калган козуча бүрүшө түштү. - Өтүңүз. Кандай эс алдыңыз. Биздикилер сизди капа кылышкан жокпу? -деди тигил адам жумшак сүйлөп. Бул табышмактуу адам кечээ эле боевиктер менен базардагыдай соодалашып өзүн сатып келгенин, эми каалагандай урунууга укуктуу экенин, "Жок, мен деген адаммын. Мен силерге буюм эмесмин соодалашкыдай, бириңер сатып, бириңер сатып алгыдай" деп айта турган укугу да жок экенин, азыр мындан аркы жашоо-турмушу ушул адамдын көңүлүнө, каалосуна жараша болоорун. Эгер жакпай калса ар кимдин тепсендисинде калган тряпкага айланышы да мүмкүн экенин, эгер бул адамга жакса анда жок эле дегенде катардагы сойкулардын кейпин кийбей сыйлуу жүрөрүн түшүнбөгүдөй Фаризат анчалык деле акыл-эси алабармандардан эмес болчу. Анын үстүнө каны аралаш болгону менен төрөлгөндөн чыгыштын тарбиясын көрүп өскөндүктөн чыгыш аялдарына тиешелүү эркектин астында ийменүү, тагдырдын ыгына көнүү менталитети да бар эле. Табышмактуу кожоюну канчалык жумшак сүйлөсө да муундарын калтырак басып өзүн жакшы кармай албай турду. Анткени ушул жерге келгенден берки бир гана "Кимдин төшөгүнө алпарып мени жаткырууга даярдап жатышат" деген ой турган. Чынында ал түгүл минтип "кабинеттен жолугам" деп да ойлогон эмес. "Түз эле жатуучу бөлмөгө алпарышат го. Мынча жасалгалап калды дагы бирөөлөргө сатабы?" деген да санааларга баткан. Сырдуу адамдын суроосуна шак жооп бере албай мукактана түштү. - Жакшы... Жакшы эле эс алдым. Эч ким капа кылган жок, - деди үзүк-үзүк сүйлөй. Тигил адам тим эле жутуп жиберчүдөй болуп суктана тиктеп турган экен. Көздөрүн тартып алды да жер карап сүрдөй: - Сизге рахмат - деп койду. Тигил адам басып келди да Фаризаттын оң колунан кармап: - Кел мындай отур. Сүрдөбө. Өзүңдү өз үйүңдөгүдөй кенен сез, - деди да жетелеп келип жумшак креслого отургузду. Эки фушерге жемиштин маңызын куюп келди да бирин Фаризатка берип экинчисин өзү ууртап койду да, бет маңдайдагы креслого буттарын кайчылаштыра отура кетти. Фаризат ичинен "Жашы өтүп калганы гана болбосо жакшы адам көрүнөт. Кейпи мени бирөөгө белекке бергенге же сатканга деле ниети жок көрүнөт. Өзү менен алып калчудай го", - деп ойлогонго үлгүрдү. - Фаризат эми мага өзүң жөнүндө шашпай кең-кесири айтып бер. Төрөлгөнүңдөн баштап, - дегеним. Эч тартынба. Тартына турган, уяла турган эч нерсең жок экен. Мага врачтардын билдиргенине караганда ден-соолугуң чың, абийириң таза экен. Чынымды айтайын сени кыз экен дегенде уккан кулагыма ишенбедим. Жанагы жапайы боевиктердин арасында жүрүп кантип аман калдың экен мага табышмак. Ошондуктан сени менен чын дилден сырдашкым келип турат. Байкасам өзүң да түшүнүктүү кыздардан көрүнөсүң, - деп жылмая карап койду. Ошентип Фаризат Азиятка башынан өткөнүн бүт айтып берди. Өзгөчө акыркы окуяларды айтканда токтоно албай буркурап ыйлап жиберди. Ата-энеси бир туугандары эсине түшкөндө жанын коерго жер таппай ичи өрттөнүп кетти. Азият дагы үнсүз сөзүн бөлбөй укту. Ыйласа сооротподу. Ыйлап-ыйлап алып, кемпир менен өзүнүн жоруктарын, боевиктердин жүрөгү түшкөнүн айтса Азиат боорун тыта күлдү. - Кудайга шүгүр эгер сенин денеңди ошол жерден көргөндө мен да жаныңа жоломок эмес экенмин. "Аялдын акылы кырк эшекке жүк" - деген чын деп күлө берип көзүнөн аккан жашын жанынан жүз аарчысын алып сүрдү да, -Азамат экенсиң, өзгөчө жанагы кемпир азамат экен. Сасык жытты ойлоп тапканын - деп койду. Экөө дагы бир топко сүйлөшүп отурушту. Фаризаттын тилинин учунда биртоп суроолор турса да бере албады. Анткени: - Мен жөнүндө өзүң аста-аста билип аларсың. Аябай көптү билүүгө деле кызыкпа. Сага анын кереги жок - деп койду. Анан түз эле: - Мага чын дилиңден мамиле жасап сыйлашыңды, ийменип акылымды, сөзүмдү угушуңду каалайм. Бизде тартип катуу, ашык кадам жасабаганга аракет кыл. Эгер өзүң күнөө кетирбесең бейиштегидей жашайсың. Күнөө кетирсең кечирим болбойт. Оюмдагыдай жүрө алсаң мен сенден эч нерсе аябайм. Мендеги бир адат көп учурда адамды биринчи көргөндө эле жактырып калмайым бар. Сен да биринчи көргөндө эле жактың. Анан сенин жанагы тагдыры белгисиз иниңди болгон мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп издетем. Эгер тирүү болсо сөзсүз таптырам, - дегенде башка сөзү бир тең "Ушул иниң тирүү болсо сөзсүз таптырам" деген сөзү бир тең боло кубанып кетти. Улам уртап ичип отурган жемиштин маңызга анча зыянсыз өлчөмдө таза апийимден кошулгандыктан бара-бара Фаризаттын дене бою балкып жанагы карышкыр көргөн козудай жыйрылуусу жоголо баштады. - Кана келип бул жерге отурчу,- деп Азият жанын көрсөткөндө тартынбай эле барып отура кетти. Эртеси ойгонсо Азияттын кучагында жаткан экен. Алгач селт чоочуй түшкөнү менен түндөгү махабат жыргалын эстей кайра Азияттын колуна башын коюп үргүлөй ыктады. Азият убадасына туруп инисин бүт Тажикстанды тинттирип издетти. Көп жерлерге экөө да барышты. Бара-бара Азиятты жөн гана кожоюнундай эмес чындап аялдык аруу сезими менен сүйүп калды. Эх арман, көрсө Азият аял сүйдүрө турган эркек тура. Кайсы кара шайтан сайган күнү азгырылып Саидге жакындады десең. "Өзүмдүн ким экенимди көрсөтөм" деп ойлогон. "Кимге көрсөтөм?" деп ойлобоптур. Азияткабы? Азият ансыз да баалачу. Анда кимге? Алкаш Саидгеби? "Өз ордумду табам", - деген. Көрсө өз ордун таппай эле кайра ордунан алыстап качкан экен. Кылмыштуу жол менен, акча менен, өз ордуңду табалбайт экенсиң. Полицейский ойношу канча эркелетип көңүлүндөгүдөй болгону менен жалгызсырачу болду. Баягы ата-энесинен, биртуугандарынан айрылганда жалгызсыраган. Бул дүйнөдө таптакыр жалгыз ээндикте калгандай жалгызсыраган. Анан Азиятка жолугуп ага көнүп кеткенден кийин таянары, карманары барча жалгызсырабай калган эле. Эми көптөн бери кайра жалгызсырап жүрөт. Чөлдө калгандай жалгызсырап жүрөт. Көзүнөн мончок жаштар куюлуп кетти. Ордунан тура калды да сотка телефонун алып, Москвадагы тааныш кызына чала кетти. Өзүн жоготуп койду. "Азият кайдан телефон чалынганын билип коөт" деген коркунучту да унутту. Кудай жалгап кыз үйүндө экен. Өзүнүн ким экенин айтканда: - Фаризат. Фаризат... сен тирүүсүңбү? Уккан кулагыма ишенбейм. Чын эле сенсиңби? - деди тааныш үн апкарый. - Ооба. Менмин. Фаризатмын. Тип-тирүү элемин - деди берки ишенимдүү. - Кудай турат го Фаризат. Сени бул дүйнөдө тирүү жок, - деп ойлочумун. Азият өзү жок кылып көзүңдү тазалап коюп "качып кетти", - деп койду го дечүмүн. Ал колунан баары келген адам эмес беле, - дегенде Фаризат "селт" - дей түштү. - Эмне үчүн өткөн чак менен эмне Азият... сүйлөй албай калды. - Сен уга элексиңби? Азиятты өлтүрүп кетишкенин уга элексиңби? У-уу жарым өмүрүңдү жоготупсуң мындай чоң сенсацияны укпай калып. Болгондо да үйүнөн чекеге атып кетишпедиби. Азиятың сенден айрылгандан кийин такыр башкача болуп калды, - деп уккам... Фаризат өзүнүн болкулдап ыйлап жатканын биртопто барып билди. Тигил дагы көп нерселерди айтты окшойт. Түшүнбөй калды. - Болуптур мен жакында сага Москвага учуп барам, - деп телефонду өчүрдү. Өзү төшөгүнө күп жыгылып тыбырап-тыбырап Азият... Азият мен акмакмын мени кечир!? Мендей сойкуну кечир!? Мендей шүмшүктү кечир!? деп боздоп ыйлады. Ыйын эч ким уккан жок. Үстүнө эч ким кирген жок. Жалгыз болчу. Мына өчөшүп "сага көрсөтөйүн" - деген адамынан да айрылыптыр. "И-и, мени колунан эч нерсе келбеген катардагы катындардай көрдүң беле. Керек болсо мен деген минтип да коө алам" - деп кекээрлөөчү адамынан да айрылыптыр. Эми кайда барат. Кимге кереги бар. ххх Пекин-Москва рейсиндеги самолет менен учуучу жүрүнчүлөр регистрациядан өтүп бүтүшүп, самолетко жеткирүүчү автобусту күтүп турушканда Шаанын көзү элге көп кошулбай өзүнчө турган сулуу кызга урунду. Кимгедир жолугарын. Жолукканда да жөнөкөй адамга эмес сырдуу адамга жолугарын аэропортко келатканда эле билген. Баягы тоодогу үңкүрдөгү ламага барып келгенден кийин ушундай баарын астына ала билип, сезип турган туюм пайда болгон. Мындай туюму күн сайын күчөп бараткан. Адамдарды бир карап туруп аурасын көрүп калган. Адамдын курчаган аурасына жараша кандай адам экенин, энергиясынын күчү канча экенин биле баштаган. Илимде "үчүнчү көз" деп айтылып жүргөн түшүнүктүн өзүндө пайда болгонуна алгач түшүнбөй таңданса бара-бара көнүп аяр урунууга аракеттене баштаган эле. Ошентсе да өзүнө берилген белгилерди толук чечмелөөгө үйрөнө элек кези. Сулуу жаш кыздын аурасы түбүндө таза болгону менен кийин турмушта аябай кирдеп бузулганын, кыздын азыр ошол кирдеген аурасынан жапа чегип кыйналып турганын, андан башка да башында оор кайгы барын, ичи бышып баратканын билди. Ошону менен катар эле кызды Москвада жеңил жол эмес оор жолугушуулар күтүп турганын билди. Кыз мүмкүн Москвага учпай деле койсо болмок. Кызык эмне үчүн өзү кызга тартылып жатат. Мына ушуга түшүнбөдү. Кыздын сулуулугуна эмес. Муну так билет. Аурасы мынчалык кирдеген кызга тартылмак эмес. Сырткы сулуулук алдамчы болоорун, ички сулуулук гана чыныгы сулуулук экенин апачык көрүп туруп кыздын сырткы сулуулугуна кызыкмак эмес. Кызда Шааны кызыктырган бир сыр турду муну көрүүгө Шаанын күчү жетпей жатты. Кыздын аурасын аралап анда-санда пайда боло калган күчтүү ак шоола чагылгандын огундай жарк дей түшөт да жоголот. Жакыныраак басып келди да өзү энергия жиберип кыздын башында айланган кир энергиянын толкундарын билгизбей тазалады эле кыз кадимкидей эс алып, көңүлү ачылып, тегерегиндегилерге көңүл бура баштады. Ал түгүл Шааны да бир жолу жоодурай карап койду. Кызды митиска экенин Шаа билген. Өзбечка же тажичка деп ойлогон. Бул сырдуу сулуу Фаризат болчу. Гонконгдон Москвага чукул рейс жок болгондуктан Пекин аркылуу учуп жаткан. Жүрөгү алеп-желеп болуп Азиятты эстесе кайгырып, дос кызына жолугарын эстесе кубанып өзүнө келе албай турган. Шааны карап алып "Казак же кыргыз болсо керек" деп ичинен ойлоп койду да "Жылдыздуу жигит экен. Жашы деле менден көп болсо 2-3 жаш улуу болбосо тең курбал окшойт" деген тыянак чыгарып койду. Көзүнө Москвага учуп жаткандардын баары жакшы көрүнүп турду. Эл-жерин сагынганын туйду. Көп күтүшпөй жүргүнчүлөр самолеттон орун алышты да аба лайнери Москвага бет алды. Эки катар астыдагы орунтукта отуруп бараткан кызда кандай сыр бар. Эмне үчүн алтынчы туюму "Кыз менен тааныш. Колдон чыгарба" деп жатат. Кызды анда-санда жарк деп курчап өтүп кайра жок болгон эмне жарык түшүнө албай Шаа бушайман. "Бриллиант жыландын" сырын, кайда экенин билген дүйнөдөгү жалгыз адам кыз экенин Шаа ойлогон да жок. Кызды кытайда челнокчулук соодада, же сойкулук кылып жүргөн неме го деп ойлоюн десе өзүнө келген белгилер башкача. Кандайдыр бир улуу күчтүн таасири уруп турганы түшүнүксүз. Ичинен "балким кыз тукуму жакшы ак сөөктөн чыккан немедир, ошонун касиетидир" деп ойлоп койгону менен "кантип сүйлөшүп кепке тартсам" деп жолун издей баштады. Шаадагы кудурет "Бриллиант жылан" менен кызды байланыштырууга жетпеди. Самолет тибеттин сырлуу тоолорунун үстүнөн зымырап учуп баратты. Дүйнөдөгү эң күчтүү сырлар, адам баласына али белгисиз укмуштуу энергиянын топтому жаткан аймактын үстү менен баратканын сезген Шаа колунан келишинче өзүнө энергия топтоп алуу үчүн орунтугун чалкалатып көздөрүн жума транска түшүп кетти. Шаа транстан самолет казактын талаасына келгенде гана чыкты. Өзүн бир башкача күчтүү, жеңил сезип калган экен. Көзүнө биринчи урунганы кыз болду. Белгилер азыр биртоп ачык келе баштады. Кызды астыда коркунучтуу жолугушуу күтүп турат. Андан бир сактаса Шаа гана сактап кала алмак. Кыздын өмүр жолу татаал жана оор болгон экен. Киши канына сабын болгонун да көрдү. Сыртынан татынакай көрүнгөн ушундай кыздын мынчалык оор окуяларга криптер болгонуна ким ишене алат. Самолетто бараткандардын дээрлик бардыгы көрпенделик күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну болгондор. Кыз деле күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну. Бирок андагы кандайдыр бир сырттан берилген касиет аны сактап өзгөчөлөнтүп турат экен. Кыздын башына өтө көп жаман ойлор толуп алган экен, өзүн-өзү кыйнап баратат. Фаризатка жанаша отурган улгайган адам тамеки чегүүгө чыкканда артынан кошо чыккан Шаа "Эгер туура көрсөңүз орун алмашып отурбайлыбы? Мен тигил кыз менен өң-тааныш элем сүйлөшүп барайын" - деди эле тигил адам "Мейлиң. Мага айырмасы жок" деп койду. Бейтааныш адамдардан боюн качырып оңой менен мамиле жасабаган Фаризат Шааны эски таанышын көргөндөй жылуу кабыл алды. Бул Шаанын гипноздук таасиринен экенин билген жок. - Саламатсыз! - Саламатчылык! - Эгер жаңылбасам тажик кызы болсоңуз керек? - О-оба. Тажик кызымын. - Өзүңүз казак же кыргызсыз го? - Кыргызмын. - Студент же илимге аралашкан адам болсоңуз керек? Шаа кыздын баамчылдыгына баа берди. - О-оба. Илимий иштер менен жүргөнүм чын. Тим эле чекемде жазылып тургандай таамай айттыңыз го. Фаризат өзүнүн болжоосу туура чыкканына курсант боло жылмайып койду да: - Соодада жүргөнүңүз байкалбайт. Ошондон улам айттым,- деп койду. Жөн салды гана. Экөө кытай жөнүндө, келип-кеткендер, соода жөнүндө көпкө сүйлөшүштү. Шаа канчалык сөздүн оңтоюн келтирсе да Фаризат өзүн жөнүндө эч нерсе айтпады. "Кытайга жөн-жай соода кылсам кандай болот" деп билгени келдим эле,- деп жооткотуп койду. Убакыт болсо билинбей өтүп самолет конууга жакындап калды. Шаа шашпаса болбойт эле. Ошондуктан түз чабуулга өттү. - Сизди жолдош кызыңыз күтүп турат. Сизди башка да бирөөлөр күтүшүүдө. Эмнеге экенин билбейм ниеттери жаман немелер. Кыскасы жакшылык менен эмес, - деди эле Фаризат "селт" этип өңү бозоро түштү да Шааны алая карады. - Кайдан билесиң? дейсизби. Чочубаңыз. Мен сизди биринчи жолу аэропорттон көрдүм. Буга чейин сиз жөнүндө эч нерсе билчүү эмесмин. Кудай турат бул чындык. Болгону менде башкалардын келечегин, ойлогон ойлорун билип койгон касиет бар. Ишенбей атасыз. Жөн гана ишенип коюңуз. Менин сизге кылдай арам оюм жок. Сиздин башыңыздан өткөн чоң коркунучтуу иш бар. Ал аяктаптыр. Бирок сиз катуу коркуп калгансыз. Сырдуу күтүүчүлөр да ошол ишке байланыштуу болушу мүмкүн. Фаризаттын муундары калчылдап эмне ойлорун билбей калды. "Азияттын жигиттери күтүп турган го" - деп ойлоду. - Сиз ойлогон кишинин жибергендери эмес тап-такыр башка тараптан. Аларды балким сиз билбейт да болушуңуз мүмкүн, - деди Шаа Фаризатты кыйгач карай. "Бул чын эле менин ойлогонумду бүт билип жатабы же психологиялык оюн кылган Азияттын жигиттеринин бириби" - деп мелтирей тескери карап ойлоду, Фаризат. Жанагы жайдарылыктын бири да калбады. Шаа дагы үнүн пас чыгара: - Мен эч кимдин жигити эмесмин. Дагы кайталайын буга ишениңиз. Эч кандай оюн да койгон жокмун, - дегенде Фаризаттын айласы даана кетти. - Мен эмне кылышым керек - деди Шаага жалооруй карап. - Сиз күткөн кызыңызга жолугуп кичине сүйлөшүп алаксый туруңуз. Аңгыча мен такси кармап келе калам. Анан сизди аңдуучулардан кутулууга аракеттенебиз. - Макул! - деди Фаризат ойлонбой туруп. Самолет Шереметового конуп жаткан эле. Шаа шашыла элден биринчи түшүүгө аракеттенди. Кетип баратып - Мен кармап келген таксиге кармалбай шак отургула - деди. Шаа узагандан кийин Фаризаттын башына бир ой келди. "Балким Шаа алдап ойнотуп жатсачы. Оңой колго түшүрөйүн деген амалыдыр. Коөтур, буларга көргөзөйүн" - деди да, жанындагы сумкадан чоң кара жоолук алып чыгып араптарча чүмкөнө салынды да узун плашын кийип таанылгыс боло түштү. Бажыканадан өтөөрү менен ар бир аялды жалдырай тиктеп турган дос кызынын жанынан тескери карап өтүп кетти да көп кармалбай жалгыз таксиге отуруп зуу койду. Чын эле дос кызын алысыраактан акмалап турган эки жигитти байкады. Азият менен жашап жүрүп андай жигиттерди жаземдебей таанып калган. Дос кызы Фаризатты ары-чуркап, бери-чуркап издеп таппай калды. Ушул рейс менен учуп баратам деп чалганы чын болчу. Эмне болуп кеткенине түшүнгөн жок. Шаа такси менен келип Фаризатты таппай калды. Артыбыздан куугунтук болушу мүмкүн деп атайы жаңы "Мерседес" айдаган жаш жигитке сүйлөшкөн болчу. Фаризатты издеп алактаган кызды оңой эле тааныды. Фаризат Шаага ишенбей жалгыз качып кеткенин түшүндү. - Сиз Фаризатты күтүп жаткан жоксузбу? - деди жакын келип. - О-оба. Ага эмне болду. Келбей калдыбы? - деди кыз шаша. - Баары жайында. Жүрүңүз. Калганын жолдон айтып берем, - деди эле, кыз көп тартышпай эле келип машинага отурду. Гипноздук таасир берип кызды көп сүйлөтпөй алып кетпесе тигил аңдыгандардан кутулуу кыйын болоорун түшүнгөн Шаа ушул жолго барды. Жай сүйлөшүп бараткан кишиче басып баратып шак машинага отурушту да зуу коюшту. Машинага отураары менен шоферго "Катуу айда" деди Шаа акырын. Аңдыгандар шашып калышты. Ал түгүл номерин көргөнгө да үлгүрүшпөдү. "Мерседес" түнкү караңгылыкка сиңип кетти. Фаризатты күткөндөр чынында эле Азияттын жигиттери эмес болчу. Азият катып жүргөн жана жалгыз өзү билген "казынанын" ээсинин жигиттери эле. Азият күтүүсүз өлгөндөн кийин, таза Ооган апийими катылган "казына" кайда экенин биле алышпай отко-сууга түшүп жатышкан. Азияттын жакындарынан эч ким билбейт экен. "Казынанын" шегин бир билсе Фаризат билиши мүмкүн болчу. Ошондуктан Фаризатты издетүү кайра күчөп башталган. Фаризат мамилеси дос кыздары аз болчу. Бири ушул Москвадагы кыз. Фаризат менен бир учурда окуган. Бул кыздын ата-энеси да согушта жок болушкан. Эки агасы менен Фаризаттын Москвадагы дүкөнүн иштетип Фаризат сатып берген үйдө турушчу. Телефон дайыма тыңшоодо болгондуктан Фаризат чалары менен аңдуу күчөтүлгөн. Шаа жолду карата кызга кыскача түшүндүрмө берди. - Менин билишимче силердин телефонду кимдир бирөөлөр тыңшоого алып Фаризат менен сиздин сөздү уккан да Фаризаттын келишин күткөн. Телефонду угуу дагы улантылат. Сиз эгер Фаризат телефон чалса түз эле "Телефонду тыңшап угушууда" деңиз да сүйлөшпөй коюп коюңуз. Сизди Фаризатка мен башка жерден жолуктурууга аракеттенем, - деди. Гипноздук таасирден жакшы чыга албаган кыз оңдуу сүйлөй да албады. Өзүнө да жакшы келген жок. Шаа кызды биринчи көргөндө эле Фаризатка кылдай арам ою жогун билген. Кызды үйүнүн жанына ташташты да түнгө сиңип кете беришти. Машина жүрүп кетээри менен эсине келген кыз "Өңүмбү, түшүмбү. Мен кайдамын?" деп эки жагын карап үйүнүн жанында экенин көргөндө эмнелер болгонуна көп башы жетпей үйүнө бет алды. Шаа "Оңой куу эмес экен. Кара мага ишенбей кандай жолго барган. Демек, чын эле мында чоң сыр бар", - деп Фаризат жөнүндө ойлоп баратты. Эми аны Москванын кайсыл булуңунан табаар экен. Эпилог ордуна Автордон: Урматтуу окурмандар! "Бриллиант жылан" чыгармасындагы окуялардын уланышы 1-2 жылга (балким андан да узактыр) токтоп калчудай болуп турат. Себеби китептеги окуялардын негизин түзгөн каармандардын көбү бүгүнкү күндөгү биз менен аралаш жүргөн эле адамдар экендигин өзүңүздөр деле сезип жатсаңыздар керек. Ал түгүл алардын айрымдарын боолголоп билип жаткандырсыздар. Кудай аман койсо китепти улантып жазуучу мезгил да "бышып" жетилээр. Азырынча кайрадан көрүшкөнчө, - дей туралы. -------------------------------------------------------------------------------- --------------------------------------------------------------------------------
Hosted by uCoz